Башка тилдер
Караңгы Коркунуч: Фанатизм
168 бет.

«Менин диниме кир! Же өл!» Бул фанатизмдин урааны. Фанатизмде демократия, сөз эркиндиги, сүйүү, урмат, боорукердик, достук, башкалар үчүн жан аябастык кылуу деген сыяктуу түшүнүктөр жок. Кээ бир адамдар фанатизм жана андан келип чыккан радикализм бир чыныгы диндин ичине кирип кетиши мүмкүн деп ойлошот. Бирок, негизи фанатизмдин өзү бир дин. Ар кандай көз-караштын ичинде фанатизм дининин өкүлдөрү бар. Исламда, иудейликте, христиандыкта жана, ошондой эле, марксизмде, фашизмде, атеизмде да фанаттар көп. Баары бир эле жалган динди жакташат: «сенин оюңа чыдай албайм! Же меникин кабыл ал, же болбосо, жок бол!»

Өзгөчө акыркы убактарда бул башка пикирлерге чыдамсыз, туура эмес дин көбүнчө Ислам дини катары айтыла баштады. Бир катар чөйрөлөр фанатизм динин Ислам деп аташты. Фанатизмден болгон коркууларын Исламга багытташты. Натыйжада бир Ибрахимий дин «коркуу» сөзү менен бирге айтыла баштады. Исламофобия бүт дүйнөдө айтыла баштады. Адамдар Исламдан эмес, фанатизм дининен коркуп жатышканын түшүнүшкөн да жок. Жомокчулар ойлоп чыгарган фанаттык диндин Ислам атын жамынып чыкканын байкай алышкан жок. Себеби эч ким аларга Исламдын бул эмес экенин айтып берген жок. Ислам атын жамынып чыккан радикалдар да, ал радикалдардан корккон исламофобиктер да чыныгы Исламдын бул фанат, үрөй учурарлык, башкаларды жек көргөн дин менен эч байланышы жок экенин көрсөтө алган жок. Ислам дининин радикалдары бүт дүйнөгө, бирок, эң көп мусулмандарга зыян тийгизе башташты.

«Мелүүн (ашыра эмес, умеренный) Ислам» сөзү да ушул себептен чыгарылды. Бир жапайы, анан бир мелүүн Ислам модели бардай болуп, радикалдардын жапайылыгына каршы чыккан мусулмандар «мелүүн мусулман» деп атала башташты. Исламга каршы чыккандар мелүүн Исламдын жактоочуларын колдошту, бирок радикалдарга каршы аларды алсыз көрүштү. Бир зомбулукчу, жапайы дин тынчтыкчыл бир катар адамдар тарабынан жумшартылууга аракет кылынып жатат деп ойлошту (Исламды аруулайбыз). Ал тургай, муну Исламда реформа, мелүүн Ислам жактоочуларын болсо реформисттер дешти. Бирок мунун бир реформа эмес, чыныгы Ислам экенин эч ким көрсөтө алган жок. Исламга каршы чыккандар «реформисттерди» колдогону менен, радикалдардын зомбулуктан келип чыккан жасалма күчү жана алар Ислам дининин өкүлдөрү деген ишеним басымдуулук кылды.

Караңгы Коркунуч: Фанатизм
logo
logo
logo
logo
Караңгы Коркунуч: Фанатизм
Китептин мазмуну
Китептин аталыштары жана бөлүмдөрү