Ар Дайым Бул Дүйнөдөн Өтүп Кетишиңиз Мүмкүн Экенин Унутпаңыз

Айткын: «Албетте, силер качкан өлүм, шексиз силерге келет. Кийин кайыпты да, аныкты (күбө болунганды) да билген (Аллах)ка кайтарыласыңар; Ал силерге жасагандарыңарды кабар берет.» (Жума Сүрөсү, 8)

Айланаңызды бир караңыз; сиз көргөн бардык адамдар, досторуңуз, туугандарыңыз, кыскача айтканда, бул дүйнөдөгү бардык адамдар, буга чейин жашаган миллиарддаган адамдар сыяктуу сөзсүз өлүшөт. Аллах бул чындыкты «Ар бир напси өлүмдү татуучу...» (Анбия Сүрөсү, 35) аяты аркылуу билдирүүдө. Бул чындыкты унутуу – адам кабылышы мүмкүн болгон эң чоң капылеттиктин бири. Чынында болсо өлүмдү алыстатууга эч күчү жетпеген адам эч билбеген бир убакта жана жерде жана кандайдыр бир себеп менен сөзсүз өлөт.

Унутпаңыз; жаш же улгайган, сулуу же сулуу эмес, бай же жакыр болушу, атак-даңкы же кызмат даражалары бүгүнкү күнгө чейин жашаган эч бир адамды өлүмдөн сактаган эмес.

Булардын баарын абдан жакшы билип турушса да, адамдардын көпчүлүгү өлүмдү көп ойлобогонго, ал тургай, мүмкүн болушунча унутууга аракет кылышып, бул чындыкты билмексен болушат. Чынында болсо бул өзүн-өзү алдоо гана. Ал адам ойлонсо да, ойлонбосо да сөзсүз боло турган окуяларды бүт баскычтары менен бирге толук башынан өткөрөт:

Ал, өлүм мастыгы бир чындык катары келип (адамга) «Мына ушул сенин алыстан качкан нерсең» (деп айтылганда). (Каф Сүрөсү, 19)

Сиз азыр бул саптарды окуп жатканыңызда өлүмдүн жакын экенин ойлонуп жаткан болушуңуз мүмкүн. Бирок сөзсүз боло турган бул чындыкты дагы бираз тереңирээк ойлонуңуз; ким билет балким бул китепти окуп бүтө электе сизге өлүм келип калат. Демек, өлүмдүн сизге да, башка бардык адамдарга да абдан жакын экенин унутпаңыз.

Өлүмгө кабылышыңыз үчүн детальдуу бир катар окуялардын биринин артынан экинчисинин болушу кажет эмес. Аллах өлүм убактысы келген адамга эч күтпөгөн бир учурда өлүм периштесин жөнөтөт жана бир заматта жанын алат. Бул азыр отурган орундугуңуздан тура электе да болушу мүмкүн. Отурган бөлмөңүздө кокустан өлүм периштесин алдыңызда көрүшүңүз мүмкүн. Жаныңызда досторуңуздун, үй-бүлөңүздүн болушу да эч нерсени өзгөртпөйт, алар сизди өлүмдөн коргой алышпайт. Демек, ар бир адамдын Аллах милдеттендирген өлүм периштеси тарабынан өлүмгө кабылаарын жана ушундайча Аллахка кайтарылаарын эч унутпаңыз.

Балким сиз бул саптарды окугандан кыска мөөнөттөн кийин өлүшүм мүмкүн деп эч ойлобостурсуз. Али кыла турган, бүтүрө турган иштерим бар деп ойлошуңуз балким өлүм сиз үчүн али эрте жана анын убактысы эмес деген сезимди бериши мүмкүн. Чынында болсо өлүмдүн убактысын Аллах аныктайт жана ажалы келген адам ал үчүн тагдырында аныкталган эң жакшы убакта, бир секунда да кечиктирилбестен, бул натыйжага кабылат:

Чынында болсо Аллах өз ажалы келип калган эч бир адамды эч качан кечиктирбейт. Аллах кылгандарыңардан кабардар. (Мүнафикун Сүрөсү, 11)

Өлгөндөн кийин денеңиздин кандай абалга келээрин ойлонгон белеңиз?

Сулуулугуңузга да, байлагыңызга да карабастан, капкатуу бир абалдагы денеңиз үйдүн бир бөлмөсүндө же бир оорукана моргунда күттүрүлөт, андан соң кепинге оролуп, тар бир табыттын ичинде жаназа унаасына коюлуп, мазарга алпарылат. Андан соң денеңиз сиз үчүн даярдалган бир чуңкурдун түбүнө ташталып, үстүңүз жакшылап топурак менен жабылат. Бир эт жана сөөк жыйындысы абалындагы денеңиз кыска мөөнөт ичинде чирип, жыттанып баштайт, сөөк жыйындысынан турган скелетиңиз гана калат. Жана унутпаңыз, бул күнгө сөзсүз кабыласыз; акыр аягында бир күнү денеңиз топурактын астында жападан жалгыз калат.

Адам денесинин өлгөндөн кийин кабыла турган абалы, албетте, сабак берет. Мындай бир көрүнүштү бир канча мүнөт, ал тургай, бир канча секунда көрүүгө да адам чыдабайт. Өмүр бою абдан жакшынакай көрүнүшүтө болгон адам денесинин өлүмдөн соң эмне үчүн мындай абалга келээрин ойлондуңуз беле? Албетте, бул ой жүгүртүшүңүз керек болгон жагдай. Себеби өз денеңиздин да, сиз барктаган бардык адамдардын денесинин да бир күнү чирип, жыттанаары жөнүндөгү чындык сизди бул дүйнөгө жабышуудан, акыретти унутуудан сөзсүз куткарат.

Бардык мындай чындыктарга карабастан, адамдардын көбү дүнүйө менен байланыштуу ар кандай жагдайда өз кызыкчылыктарын абдан толук эсептеп жатып, өздөрү менен байланыштуу эң чоң чындык болгон өлүмдү эстен чыгарышат. Бирок бул чоң жаңылыштык; мындай жаңылыштык себебинен өлүмдөн кийини үчүн даярдык көрбөшү алар үчүн түбөлүк бир азапка себеп болот. Демек, адамдын милдети – бул өлөөрүн эч унутпоо жана бул дүйнөдө Аллахты ыраазы кыла турган иштерди кылуу. Чексиз адилеттүү жана боорукер Раббибиз бүт баарыбызга сабак алууга жете турганчалык убакыт берген. Бирок бул мөөнөт бул дүйнө жашоосу менен чектелген. Т.а. каталарды оңдоо чын ыклас менен болгондо бул дүйнөдө гана мүмкүн. Өлүмдөн соң оңдоо мүмкүнчүлүгү бүтүп, түбөлүк бир бушаймандык башталат:

Ичинде алар (мындайча) жалбарышат: «Раббибиз, бизди чыгар, кылганыбыздан башка салих (ыкластуу) бир амал кылалы.» Силерге ал жерде (дүйнөдө) сабак ала турган адам сабак алганчалык (узун) өмүр бербедикпи? Силерге эскертүүчү да келген болчу. Андай болсо (азапты) таткыла; эми заалымдар үчүн бир жардамчы жок. (Фатыр Сүрөсү, 37)

Унутпаңыз, өлүм эч жок болуу эмес, өлүм менен бирге көп адамдар ойлогондой бүт нерсе бүтпөйт. Сабатсыз адамдардын көпчүлүгү ойлогондой, түбөлүк улана турган таттуу бир уйку болсо эч андай эмес. Өлүм менен бирге чыныгы жана түбөлүк жашоо башталат, жана ал бул дүйнөдөгү жашоосун кандай өткөргөнүнө жараша калыптанат жана эч өзгөрбөй турган бир жашоо. Өлүм бул өмүрүн Аллахтын ыраазычылыгына ылайык өткөргөндөр үчүн бакыт жана кутулууга эшик ачат. Аллахтан жүз бургандар үчүн болсо толук бир кыйроо жана балээнин башталышы.

Аллах адамды бул дүйнөдө өлүмдү жана акыретти ойлондура турган көптөгөн окуяларга жолуктурат. Сабак ала турган бир адам үчүн бул эскертүүлөр жашоосун, айланасындагы окуяларды терең ойлонушуна, көз-карашын кайра кайра карап чыгышына себеп болот. Бирок Аллахтын мындай эскертүүлөрүн көрмөксөн болгондор чоң зыян ичинде. Унутпаш керек; андан мурда өлгөндөр да, азыркы бардык адамдар сыяктуу, балким бираздан соң жей турган тамагын же эртеси күнү бара турган жерин пландап жатканда, эч күтпөгөн бир учурда өлүмгө кабылышкан.

Демек, сиз бул дүйнөдө жалгыз бир жакшы ишти да кылуу мүмкүнчүлүгүңүз калбай турган өлүмгө кезигээрден мурда болгон күчүңүз менен акыретиңиз үчүн аракет кылууну унутпаңыз.

Аллах Куранда өлүмдүн кечиктирилбешин жана өлүм убактысы келген бир адам кабылган бушаймандыкты бизге мындайча билдирет:

Силерден бирөөңөргө өлүм келип калып: «Раббим, мени жакын бир мөөнөткө чейин кечиктирсең, мен да ушундайча садака берсем жана ыкластуулардан болсом» деп калуудан мурда, силерге ырыскы кылып бергендерибизден садака кылгыла. Чынында болсо Аллах өз ажалы келип калган эч бир адамды эч качан кечиктирбейт. Аллах кылгандарыңардан кабардар. (Мүнафикун Сүрөсү, 10-11)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Эч Унутпаңыз!
  • Аллахтын Жалгыздыгын Унутпаңыз
  • Жол Көрсөтүүчүнүн Куран Экендигин Унутпаңыз
  • Ар Бир Болуп Жаткан Окуянын Тагдыр Экендигин Унутпаңыз
  • Сизди Жолдон Чыгаруу Үчүн Бардык Аракетин Жумшаган Шайтандын Бар Экендигин Унутпаңыз
  • Бул Жашоонун Убактылуу Сыноо Экендигин Унутпаңыз
  • Ар Дайым Бул Дүйнөдөн Өтүп Кетишиңиз Мүмкүн Экенин Унутпаңыз
  • Кыяматтын Жана Эсеп-Кысап Күнүнүн Сөзсүз Болоорун Унутпаңыз
  • Динсиздердин Азап Мекени Тозокко Кетээрин Унутпаңыз
  • Бейишке Чыныгы Ыймандуулардын Гана Кирээрин Унутпаңыз
  • Аллахка Дуба Кылууну Унутпаңыз
  • Аллах Алдында Дайыма Чын Ниеттүү Жана Ак Жүрөктүү Болууну Унутпаңыз
  • Ката Кылганыңызда Эртерээк Тообо Кылып, Аллахтан Кечирим Суроону Унутпаңыз
  • Жыйынтык: Эскертүү Аллахтан Корккондорго Гана Жардам Берет
  • Бардык Жандуу- Жансызды, Ааламды Аллахтын Жараткандыгын Эч Унутпаңыз