Бактериялар өсүмдүктөр менен жаныбарлардан айырмаланып, тез көбөйүүчү жана биохимиялык таасирлери жагынан жандыктар дүйнөсүнүн тең салмактуулугун камсыз кылууда өтө чоң роль ойногон бир топту түзүшөт. Дээрлик бүт тарапта жашай алышат, ошондуктан саны жагынан бүт организм түрлөрүнөн көп. Бул жандыктар дүйнөнүн эң көп сандагы мүчөлөрү. Бүт экосистема бактериялардын иш-аракеттеринен көз-каранды3 жана бактериялар адамзаттын жашоосуна да көп тарабынан таасир тийгизет.
![]() |
Bakteriler çok çeşitlidirler. Kimi bakteriler oksijeni bol ortamları tercih ederken, kimileri oksijensiz ortamlarda yaşamlarını sürdürürler. Bir kısmı fotosentez yoluyla enerji sağlarken, bir kısmı organik maddeleri ayrıştırarak besin elde ederler. Tek hücreden oluşmalarına rağmen, bazen metabolizmaları oldukça farklılık gösterebilir. |
Учурдагы технологиянын да күчү жетпей турган көп түргө ээ. Күн сайын жаңы бир формага айлана алышат жана бир канча мүнөттүн ичинде миллиарддаган санга жете алышат. Кээде кычкылтекке бай чөйрөлөрдү тандаса, кээде кычкылтексиз топурактын астында жашай алышат. Кээ бирлери азыгын фотосинтез аркылуу алса, кээ бирлери органикалык заттарды майдалоо аркылуу энергия алышат. Баары окшош деп кабыл алынган бактериялардын зат алмашуусун изилдегенде, булардын негизи түрү жагынан бири-биринен айырмаланаарын көрүүгө болот.
Бактериялар жандыктар ааламында «прокариоттор» деп аталышат. Жалгыз клеткаларынын ичинде бир ядро жана эркин абалда жүргөн маалымат базасы, б.а. ДНК болот. Бул жандыктардын клетка мембранасы менен рибосомасы өтө комплекстүү бир түзүлүшкө ээ. Жер жүзүндөгү бүт жандыктардын жашоо функцияларынын көпчүлүгү, кийинчерээк терең каралгандай, ушул прокариоттук клеткалардын иш-аракеттеринен көз-каранды.
Бактериялардын эки клетка кабыгы бар. Ички бөлүгүндө клетка мембранасы болот. Клетка мембранасынын үстүндө белок, углевод жана майлардан турган бир клетка тосмосу жайгашкан. Кээ бир бактерияларда клетка тосмосуна кошумча, кант молекулаларынан турган коргогуч бир капсула да болот. Бул клетканын айланасында атайын клетка тосмолорунун болушунун себеби – бактерияны сырткы таасирлерден коргоо максатында. Биздин терибиздин коргоо милдетин бактерияларда ушул клетка тосмосу аткарат. Бирок бул тосмонун коргоо касиети биздин терибизге караганда алда канча күчтүү. Бактериялар мындай чыдамкай түзүлүшүнөн улам өтө ысык же суук температураларга туруштук бере алат, топурактын астына кире алат, абада уча алат, химикаттардын ичинде жана океандын түбүндө жашай алышат жана, ал тургай, радиацияга да туруштук бере алышат. Бактериянын клетка тосмосу абдан сезгич бир түзүлүштөн турат. Бул тосмо көбүнчө липид + полисахарид жана кант менен бириккен аминокислоталардан турат. Бул комплекстүү полимердик материал «пептидогликан» деп аталат жана эки түрдүү канттан турат. Бул түзүлүштүн ичке, комплекстүү тордомосу түргө жараша өзгөрөт. Бул түзүлүш ушунчалык ичке болгондуктан, кээде микроскоптон да көрүүгө болбойт, себеби диаметри 1-3 нанометр (1 нанометр=0,000000001 м) болгон жипче сымал түзүлүштөрдөн токулуп жасалган.4 Бактериялардын көпчүлүк өзгөчөлүктөрү дагы эле белгисиз бойдон калууда. Себеби бул жандыктардын абдан кичинекей болушу (болжол менен 0,001 мм) ички түзүлүштөрүн толук изилдегенге мүмкүнчүлүк бербөөдө.
Бактериялар эволюционисттер каалагандай, примитивдүү (жөнөкөй) бир түзүлүшкө эмес, этаптуу бир эволюциянын болбогонун далилдеген комплекстүү түзүлүштөргө ээ.
![]() | |||
1. DNA | 3. Kamçı | 5. Kapsül | 7. Plazma zarı |
Bakteriler, meydana geldikleri tek hücre içinde bir çekirdek ve serbest şekilde dolaşan bir DNA'ya sahiptirler. Hücre zarları ve ribozomları son derece komplekstir. |
![]() |
1. Hücre zarı |
Bakterilerin sahip olduğu hücre zarının koruyucu niteliği bizim derimizle kıyaslanmayacak kadar güçlüdür. Dayanıklı hücre zarları nedeniyle çok farklı şartlara uyum sağlayabilirler. |
Жогоруда айтылган клетка мембранасына кошумча бактериялардын кыймылдоо үчүн түкчөлөрү жана камчы деп аталган органдары бар. Бул микроскопиялык түкчөлөрдү тереңирээк изилдегенде дагы бир кереметти көрөбүз. Бактериянын кабыгы менен түкчөсүн түзгөн заттан башкача бир молекулярдык түзүлүштөгү бул камчы бүт жандыктар ааламында чындап айлана алган жалгыз органелл болуп саналат. Түкчөлөр тамырдан учту көздөй бир толкунду пайда кылып кыймылдаса, бактерия камчысынын спираль формасындагы талчалары тамырындагы мотору аркылуу желдеткич (пропеллер) сымал айлана алышат.5 Бактерияны кыймылдатуучу мотор эки бөлүктөн турат. Мындан тышкары, клетканын ичинде даяр абалда турган энергиянын ордуна, бактериянын кабыкчасындагы кислота агымы энергия булагы катары колдонулат. Камчынын ичи да комплекстүү түзүлүшкө ээ. Органикалык түзүлүшү 240 белок түрүнөн турат.
Бул камчынын комплекстүү түзүлүшү бүт организмдердеги системалардын орток өзгөчөлүгү болгон «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүккө» бир мисал боло алат. Башкача айтканда, бактериянын кабыкчасы, кабыкчанын астына орнотулган химиялык мотор жана камчы бактерия кыймылдашы үчүн атайын пландалып жасалган. Бактерияны жөнөкөй бир жандыктай көргөн эволюционист илимпоздор бул комплекстүү түзүлүштү түшүндүрө алышпайт.
![]() |
Bakteriler, dayanıklı hücre yapıları nedeniyle yüksek ve düşük sıcaklıklara uyum sağlayabilmekte, toprak altına girebilmekte, havada uçabilmekte, kimyasalların içinde ve okyanus diplerinde yaşayabilmektedirler. |
Ыңгайлуу шарттарда бактериялар ар бир 10-30 мүнөттүн ичинде санын эки эсеге көбөйтө алышат. Бир бактериянын саны алгач экиге, анан төрткө, анан сегизге чыгып көбөйөт жана бул процесс ушундайча уланып отурат. Ошентип бир бактерия 10-12 сааттан соң миллиондогон санга жете алат. Бактериялардын кээ бир түрлөрүнө температуранын бат бат өзгөрүшү таасир тийгизбейт. -271°С суукта жашай алышат жана бир канча сааттын ичинде -190°С градустан +25°С градуска өткөн жерлерге адаптация боло алышат. Кээ бир түрлөр болсо адамды өлтүрө турган дозадан 2000 эсе күчтүү атом радиациясына да чыдай алышат.6 Кээ бирлери ар кандай ооруларга себеп болсо, кээ бирлери адам жана өсүмдүктөгү зат алмашуунун пайдалуу бир мүчөсү катары сөзсүз болушу керек. Кээ бирлеринин азыктарды кычкылдантуу касиети бар. Мындай кычкылдантуу ыкмасы аркылуу бактериялар башка жандыктарга азык даярдашат жана жердин астында ар кандай булак жана кендердин пайда болушуна себеп болушат. Миллиондогон кызматтарды аткарышынан төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот:
Булардын баары бактериялардын абдан татаал өзгөчөлүктөргө ээ экенин көрсөтүүдө. Эволюционист Джеймс А. Шапиро (James A. Shapiro) бактериянын бул өзгөчөлүктөрүнөн улам комплекстүү бир жандык экенин төмөнкүчө мойнуна алган:
Бактериялар абдан кичинекей болгону менен, илимий сүрөттөө кыйын болгон биохимиялык, структуралык жана кыймыл-аракеттик комплекстүүлүккө ээ. Учурдагы микроэлектроника төңкөрүшүнүн негизинде бактериялардын көлөмүн жөнөкөйлүккө эмес, комплекстүүлүккө теңөө туурараак болот... Бактериялар болбогондо, жер жүзүндөгү жашоо азыркы абалында бар боло алмак эмес.7
Австралиялык биохимия профессору Майкл Дентон (Michael Denton) болсо бир бактерия клеткасын ар кандай факторлордун таасири менен, кокустан өзүнөн-өзү пайда болгон деген эволюционисттик көз-караштардын эч чындыкка туура келбей турганын төмөнкүчө айткан:
Белгилүү болгон эң жөнөкөй клетка түрүнүн комплекстүүлүгү ушунчалык жогору болгондуктан, мындай нерсенин эч мүмкүн эмес болгон жана ажайып бир көрүнүштө бир заматта чогултулуп калганын кабыл алууга болбойт. Анын пайда болушунун кереметтен айырмасы жок.8
![]() | |||
1. Dönme Ekseni | 3. Dış zar | 5. Hücre Zarı | 7. Dönme Halkası |
Bakteri, hareket edebilmek için çeşitli donanımlara sahiptir. Bu donanımlardan bir tanesi silia adı verilen tüycüklerdir. Bir diğer donanım olan kamçı ise, canlılar aleminde gerçek dönüş hareketi yapabilen tek organeldir. |
Эволюционисттер айткандай бактериялардын кокустан пайда болушу, албетте, мүмкүн эмес. Бактериянын түзүлүшү жана өзгөчөлүктөрү, алдыда терең каралгандай, «жер жүзүндөгү жандыктар кокустан, өзүнөн-өзү пайда болгон» деген көз-караштын алдамчылык экенин толук далилдейт. Дарвинисттер «жөнөкөй» деп сыпаттаган бул жандык англиялык зоолог сэр Джеймс Грей (Sir James Gray) айткандай, бир лабораториядан алда канча татаал иш-аракеттерди жасайт:
Бир бактерия адамзат билген бүт жансыз системалардан алда канча татаал. Дүйнөдө эң кичинекей тирүү организмдин биохимиялык иш-аракеттери менен атаандаша ала турган бир лаборатория жок.9
![]() |
Bakteriler, uygun koşullarda her 10-30 dakika içinde bölünerek sayılarını iki misli artırabilirler. Tek bir bakteri, 10-12 saat sonra sayıca milyonlara ulaşabilir. |
Бактериянын эң алдыңкы лабораториядан жогору турат деп кабыл алынган түзүлүшү негизи бир ДНК молекуласы менен бир канча органеллди гана камтыйт. Аллах көзгө көрүнбөгөн бир клетканын абдан кичинекей бир бөлүгүн түзгөн бир ДНК молекуласына жогорку технологиялуу лабораторияны жана ичиндеги сансыз маалыматтарды жайгаштырып койгон. Эми бактериянын комплекстүү түзүлүшүнүн эң негизги бөлүгү болгон ДНК молекуласын карайлы.
Бир бактериянын ДНКсындагы маалымат ар бири 100 миң сөздөн турган 20 романга тең.10
Бактериянын жүздөгөн ар кандай өзгөчөлүктөрүнөн тышкары, улуу жаратууну көрсөткөн бир ДНКсы бар. Белгилүү болгон эң кичинекей бактерия theta-x-174'түн ДНКсында 5375 нуклеотид бар. (Нуклеотиддер – жандыктардагы генетикалык өзгөчөлүктөрдүн баарын көзөмөлдөөчү нуклеиндик кислоталардын курулуш материалдары.) Кадимки чоңдуктагы бир бактерияда болсо нуклеотиддердин саны 3 миллион болот.11 1900-жылдардын башынан бери ар кандай изилдөөлөр жасалып келе жаткан ичеги бактериясы «ичеги таякчасынын» (Escherichia coli) болсо бир хромосомасында 5000 ген бар. Бактериянын бүт өзгөчөлүктөрү ушул 5000 гендин ичине коддолгон. (Гендер – бул бир органга же бир белокко тиешелүү ДНКдагы белгилүү бөлүктөр.)
![]() |
Escherichia coli bakterisinin tek bir kromozomunda 5.000 gen bulunmaktadır. |
Коддолгон бул маалыматтар бактерия жашашы үчүн керек, жана алардын бир азга эле өзгөрүшү да бактериянын өлүмүнө себеп болот. Көлөмү 2-3 микрон болгон бул клетканын ичиндеги маалыматты сактаган бул спиральдын узундугу болсо 1400 микрон.12 Бул жерде 1 микрондун 0,001 миллиметрге барабар болгон өтө кичинекей бир бирдик экенин унутпаш керек. Өзгөчө бир дизайн менен бул кереметтүү маалымат чынжыры өзүнөн миңдеген эсе кичине бир организмдин ичине батырылган. Жаратылган бул кереметтин ичиндеги процесстер болсо мунун бир акыл тарабынан кемчиликсиз уюштурулганын көрсөтөт. Бул жөнүндө антрополог Лорен Айзли (Loren Eiseley) мындай дейт:
Эң жөнөкөй деп кабыл алынган клетканын ичиндеги физио-химиялык уюштуруунун майда-бараттарын түшүнүүгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз жетпейт.13
Бир нерсени кайрадан белгилей кетели: ушунчалык чоң маалыматтын баары бир клетка жашашы үчүн керек. Бактериялар дүйнөнүн бүт жагына тараган организмдер болгондуктан, мындай маалыматтын ар бир бактериянын клеткасында эч катасыз тизилип коюлганы абдан таң калтырат.
![]() | ||
1. Bakteri | 3. Düzenleyici | 5. Kodlama Bölgesi |
2-3 mikron büyüklüğündeki bir bakterinin içinde bilgi taşıyan DNA'nın uzunluğu 1400 mikrondur. Bu yaratılış harikasının içinde gerçekleşen işlemler ise mükemmel bir organizasyonun varlığını gösterir. |
Мунун баары кокустан пайда болушу мүмкүнбү? Албетте, жок. Бул системанын кокустан пайда боло албашын жакшыраак түшүнүү үчүн бул ДНК молекуласын тереңирээк карайлы. Бактериянын геномунун ичиндеги маалымат жөнүндө биофизика адиси, доктор Ли Спетнер (Lee Spetner) мындай дейт:
Геном (ДНК молекуласы) өтө көп маалыматты камтый алат. Мисалы, бир бактериянын геному бир канча миллион символдон турган бир тизмек. Бир сүт эмүүчүнүн геному болсо 2-4 миллиард символдон турат. Эгер бул символдорду кадимки бир китептин ичине жазганыңызда, бир бактериянын китеби болжол менен 1000 беттен турмак. (...) Бул маалыматтын баары ар бир клетканын кичинекей хромосомаларынын ичинде жайгашкан.14
Ал эми И. Л. Коэн (I. L. Cohen) болсо эволюция теориясындагы карама-каршылыктарды жана ыктымалсыздыктарды көрсөткөн "Darwin Was Wrong" (Дарвин жаңылган) аттуу китебинде бир бактерия ДНКсынын кокустан пайда боло албашын төмөнкүчө түшүндүргөн:
Эң кичинекей бир бактерия болсун, биз билген кандайдыр бир түрдө 100 же 1000ден бир топ көп нуклеотид болот. Чындыгында бир клеткалуу бактерияларда абдан пландуу тизилген болжол менен 3.000.000дой нуклеотид бар. Мунун мааниси мындай: белгилүү болгон кандайдыр бир түрдүн туш келди кубулуштардан, т.а. туш келди мутациялардан келип чыгуу ыктымалдыгы жок.15
![]() |
1. Genç hücre |
Hücre bölünmesi sırasında DNA kopyalanması, kopya çıkartma, dönüşüm, hücre bölünmesi ve kromozom bölünmesi gibi kompleks işlemler tam olarak koordine olmaktadır. |
Бактериялар көбөйүү үчүн ар кандай механизмдерди колдонушат. Бул процессте экиге бөлүнүп, спораларды пайда кылып же жыныстык жол менен көбөйүшү мүмкүн. Көбөйүү процесси да бактериянын канчалык комплекстүү түзүлүшкө ээ экендигинин бир далили. Бактерия клеткасы бөлүнөөрдөн мурда хроматин деп аталган түзүлүш бөлүнөт жана туунду (наристе) клеткалар 30 мүнөттүн ичинде толук чоңоюп, кайрадан бөлүнүүгө даяр болуп калышат. Бактериалдык клетка бөлүнүшү учурунда акылдуу долбоорлонгон бир система кызмат кылат. Бул процессте ДНКнын копияланышы жана клетканын бөлүнүшү «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүккө» бир мисал боло алат. Башкача айтканда, бул система иштеши үчүн аны түзгөн бүт бөлүктөр бир учурда жана толугу менен бир жерде болушу керек. Бул чындык эволюция теориясынын «тирүү организмдер этап этабы менен, кокустан эволюциялашып отуруп пайда болгон» деген негизги көз-карашы жараксыз кылып, жокко чыгарууда. Акыркы жылдардагы илимий изилдөөлөр бул комплекстүү системанын адамдар болжогондон алда канча татаал экенин көрсөтүүдө.
Мисалы, «CtrA» деп аталган бир «реакцияны жөнгө салуучу» белоктун ДНКнын копияланышын координациялап, «C. crescentus» аттуу бактериянын клеткасынын ичиндеги иш-аракеттерди жөнгө салаары аныкталган. Копия жасоочу фактор болуп эсептелген «CtrA» клетканы бөлүнтө турган көптөгөн түзүлүштөрдү башкарып, өзгөртөт. Эң кызыгы, «CtrA» өзү да фосфорлоштуруу жана протеолиз деп аталган эки элемент тарабынан ар кандай контрольдорго алынган. Башкача айтканда, мындай системада бири-биринен көз-карандысыздай көрүнгөн системалар бир жумушту аткаруу максатында координациялуу иш алып барышат. Мисалы, клетканын бөлүнүшү учурунда ДНКны копиялоо, копияны чыгаруу, айландыруу, клетканын бөлүнүшү жана хромосоманын бөлүнүшү сыяктуу комплекстүү процесстердин толук координацияланганын көрүүгө болот. Бул системалардын кандайдыр бирөөсүнүн иштебей калышы клеткада бөлүнүү процессинин токтошуна жана клетканын жок болушуна алып келет. Бактерияларда «CtrA» сыяктуу координациялоочу факторлордун болушу бактериалдык клетка бөлүнүшүндө «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүк» бар экенин далилдейт.
Ушул сыяктуу эле комплекстүү түзүлүштү «E. coli» бактериясынан көрүүгө болот. «FtsZ» аттуу түзүлүштөн көз-каранды болгон клетканын бөлүнүү системасы «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүктүн» дагы бир мисалы. «E. coli» бактериясында, бир машинадагы сыяктуу, системадан көз-каранды бир канча жардамчы тетиктер бар. Эгер кандайдыр бир тетик системадан алып салынса же концентрациясы өзгөртүлсө, клетканын бөлүнүшү токтойт же жолдон чыгат. Ошондуктан бул системанын табигый тандалуу аркылуу акырындап пайда болушу мүмкүн эмес.
![]() |
E-coli bakterisinin bölünmesi |
Эркин жашаган көптөгөн бактерияларды изилдөөдөн алынган илимий далилдер клетканын бөлүнүшүндө бир орток ядролуу системанын бар экенин көрсөткөн. Ядро системасы бөлүнүү шакегин ортоңку клетка бөлүгүнө багыттоочу бир белок менен клетка шакегин ортоңку клетка бөлүгүнө багыттоочу бир бөлүнүү шакек белогунан турат. Мындан тышкары, ДНК тизмектерин ажыратуучу бир белок дагы бул механизмдин бир бөлүгү болуп саналат.16
Бул мисалдардан да көрүнүп тургандай, бактериялар эволюционисттер айткандай жөнөкөй же примитивдүү жандыктар эмес. Бүт тирүү организмдер сыяктуу, бактериялардын да комплекстүү түзүлүштөрү жана механизмдери бар. Клетканын ичиндеги процесстерде жана бир клеткалуу жандыктардын аткарган кызматтарында улуу бир шайкештик бар. Башкача айтканда, бактериялар аткарган кызматына керектүү идеалдуу долбоордо жаратылган. Бул жерде көбүнчө бактерия клеткасын адамдын клеткасы сыяктуу такыр башка максатта жабдылган бир түзүлүшкө салыштыруудан улам жаңылыштык кетирилет. Мындай салыштыруу жасап, бактерия клеткасы адамдын клеткасына караганда примитивдүүрөөк деген жыйынтыкка келүүгө болбойт. Себеби эки система тең өз ичинде максимум комплекстүүлүккө ээ. Болгону аткарган кызматына жараша түзүлүштөрү ар кандай.
Бактериялар жөнүндөгү изилдөөлөрү менен белгилүү болгон Эшель Бен-Якоб (Eshel Ben-Jacob) жана Герберт Левиндин (Herbert Levine) Scientific American журналынын 1998-жылы жарыкка чыккан 1098 номерлүү санынын сырткы бетине жайгаштырылган The Artistry of Microorganisms (Микроорганизмдердин чеберчилиги) аттуу эмгеги бактериялар менен башка бир клеткалуу жандыктар жөнүндө көп билинбеген дагы бир кереметке токтолгон. Көзгө көрүнбөгөн бул жандыктардын баары өтө кооз формаларда болушат. Диатомей, бактерия, планктон сыяктуу микроорганизмдер ар кандай түстөгү, симметриялуу геометриялык формаларда болуп, микро дүйнөнү бир сүрөт музейине айландырышат. Бул кооз формалар болсо туш келди кокустуктардан эмес, ал жандыктардын ичиндеги түзүлүштөргө коюлган ар кандай эрежелерден келип чыгат. Эшель Бен-Якоб менен Герберт Левин бул жөнүндө мындай дешет:
![]() |
Çeşitli mikroorganizmalar, birçok rengin, simetrinin ve geometrik şekillerin biraraya gelmesiyle mikro dünyayı bir resim müzesine çevirmektedirler. |
Ыңгайсыз өнүгүү шарттары менен күрөшкөн «жөнөкөй» бактерия эч күтүүсүз бир комплекстүүлүктү көрсөтүүдө. Тереңирээк караганда анын мындай кыймыл-аракеттери ансайын таң калтырат. Байкашыбызча, бактерия колониясы биздин эң мыкты параллелдүү компьютерлерден да жакшыраак эсептей алышат жана мындан тышкары, ойлоно да алышат сыягы...17
Көрүнүп тургандай, бактериялар жана кийинки бөлүмдөрдө карала турган башка микроорганизмдер эволюция теориясы чыгарган жомокторду четке кагышууда. Себеби бул организмдер жандуу (тирүү) жана эволюция теориясы жандууларды түшүндүрө албайт. Бул организмдердин ДНКсы, б.а. бир маалымат базасы бар, эволюционисттер бул маалыматтын кайдан келгенин да түшүндүрө алышпайт. Бул организмдердин биргелешип иштеген комплекстүү системалары бар жана эволюционисттер бул комплекстүү системалардын кантип бир заматта пайда болуп калганын түшүндүрө алышпайт. Бул организмдердин формалары кар бүртүкчөлөрү сыяктуу кооз, эволюционисттер бул жандыктардын түзүлүшүндө искусствонун кандай максаты бар деген суроого да жооп бере алышпайт. Ушул сыяктуу канчалаган жоопсуз суроолорго карабастан, эволюционисттер догматикалык түшүнүгү менен жомокторду, сценарийлерди жана теорияларды ойлоп чыгарышкан. Бирок алардын илимий чындыктар менен эч кандай байланышы жок. Бир клеткадагы акыл жана чеберчилик, албетте, кичинекей бир жандыкка ушундай теңдешсиз өзгөчөлүктөрдү берген Аллахтын жараткан кереметтерин жана Анын чексиз илимин көрүүгө чоң бир мүмкүнчүлүк. Курандын бир аятында мындай деп айтылат:
Göklerde ve yerde zerre ağırlığınca hiçbir şey O'ndan uzak (saklı) kalmaz. Bundan daha küçük olanı da, daha büyük olanı da, istisnasız, mutlaka apaçık bir kitapta (yazılı)dır." (Sebe Suresi, 3)
![]() |
Асмандарда жана жерде салмагы кыпындай (атомдой) болгон эч нерсе Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, баары сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).» (Саба сүрөсү, 2) |
Henüz mikroorganizmaların yapısına açıklama getiremeyen evrimciler, bu canlıların yapılarında bulunan estetik görünüme hiçbir anlam veremezler. |
Бактериялардын жер жүзүнүн бүт тарабында болоорун билебиз. Үйүбүздүн бакчасында эле миллиондогон түрдөгү миллиарддаган бактериялар болушу мүмкүн. Бактериялардын болушунун ар кандай себептери жана айланасына ар кандай таасирлери бар. Бирок демейде алардын көпчүлүгүн биле бербейбиз. Себеби бул микро-ааламдын ичиндеги улуу акылды электрондук микроскоп менен гана байкай алабыз, ансыз көрүү мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок биз көрө албаган бул чоң аалам өз кызматтарын кемчиликсиз аткарган, зарыл болгондо же кандайдыр бир коркунуч туулганда керектүү чараларды көргөн, абдан татаал химиялык иш-аракеттерди жасаган аң-сезимдүү индивиддерден турат. Себеби ар бири Аллах тарабынан кемчиликсиз долбоорлонуп жаратылган. Эми бул кемчиликсиз долбоордун өзгөчөлүктөрүн бир-бирден карайлы.
![]() |
Mikro alem, kendi görevlerini kusursuzca yerine getiren, gerektiğinde veya bir tehlike baş gösterdiğinde tedbir alan, son derece karmaşık kimyasal işlemler gerçekleştiren şuurlu bireylerden oluşmaktadır. |
![]() |
İşte Rabbiniz olan Allah budur. O'ndan başka ilah yoktur. Her şeyin yaratıcısıdır, öyleyse O'na kulluk edin. O, her şeyin üstünde bir vekildir.(Enam Suresi, 102) Allah, yedi göğü ve yerden de onların benzerini yarattı. Emir, bunların arasında durmadan iner; sizin gerçekten Allah'ın her şeye güç yetirdiğini ve gerçekten Allah'ın ilmiyle her şeyi kuşattığını bilmeniz, öğrenmeniz için. (Talak Suresi, 12) |
Бактериялар өзгөчө формага ээ жана көрүнүшү жашаган чөйрөсүнө жараша өзгөрөт. Көпчүлүгүндө «спора» деп аталган чыдамкай формасы бар жана бул формага киргенде ашыкча ысыкка, суукка же кургакчылыкка чыдай алышат. Ушул себептен кээ бир бактерияларды жок кылуу оор. Споралануу деген өзү эмне?
Түрүнө жараша ар кандай шарттарда жашай алган бактериялар шарттар начарлаганда бөлүнүп башташат. Кадимки шарттарда мындай бөлүнүүнүн натыйжасында эне клеткадан тукум куучулук өзгөчөлүктөрү толугу менен бирдей болгон эки клетка пайда болот. Бирок шарттар начарлаганда же азык азайганда, мындай «бирдейликтен» баш тартылат. Башкача айтканда, бактерия шарттардын оордошконун байкап бир чечим алат жана урпагын улантуу үчүн чара көрөт. Кайра эле экиге бөлүнөт, бирок бул жолу бири-бирине тең эмес эки клетка пайда болот. Бул теңсиздиктин себеби, клеткалардын бирөөсү гана жашайт. Алардын чоңу эне клетка болот жана бир коргоочудай болуп кичүү «бир тууганын» ичинде сактайт. 10 саат бою бүт энергиясын колдонуп аны тамактандырат жана кичүү клетканын коргонуусуна көмөкчү боло турган атайын бир белок кабыгын (тонун) пайда кылат. Натыйжада экиге бөлүнгөн бөлүктөрдүн бирөөсүнүн ичинде жетилген бактерия чыдамкай жана өзүн коргой ала турган өзгөчөлүктөгү индивиддерди пайда кылат. Экинчиси болсо коргоочу өзгөчөлүктөрүн берки бир тууганына берип өлөт жана коргоочу бир кабыкка (тонго) айланат. Мына ушул процесстен келип чыккан түзүлүш «спора» деп аталат.18 Ошентип бактериялар кадимки бөлүнүүдөн тышкары, споралар аркылуу дүйнөнүн бүт тарабына оңой гана тарай алышат.
Бул жерде бир клеткалуу жандыктар урпагын улантуу үчүн колдоно турган атайын пландалган бир долбоорду көрүүдөбүз. Шарттардын жашаганга ыңгайсыз болуп калганын «сезген» бактерия экиге бөлүнүү керек деп ойлонот жана өз жанын аябаган кадамдарга барат. Спораны пайда кылган эне клетка толук чечкиндүүлүк менен урпагын улантууну «ойлоп» же бул ыкманын өз урпагын куткараарын алдын ала «билип», бир белок кабыгына айланууга макул болот. Бирок бактерия кантип мындай чечимге келет? Башка бактерияны жана натыйжада урпактарын куткарып калуу үчүн өлүшү керек болгон бактерия кантип тандалат? Ал бактерия шарттардын начарлаганын жана ошондуктан берки бактерияны күчтөндүрүү керек экенин кайдан билет? Буларды кайсы эмгекти бөлүштүрүүнүн негизинде, кайсы буйрукка ылайык, эң негизгиси, кайсы аң-сезим менен жасайт? Көзгө көрүнбөгөн бир жандыктын ушунчалык акылдуу иштерди жасап, ушундай чечкиндүүлүккө барышы, албетте, анын жаратылганын көрсөткөн бир далил. Бактерия Аллахтан келген илхамды гана жасайт.
Споралануу деп аталган бул пландуу иш-аракетти жасаганда, бактериялар ар кандай шарттарга эч кыйынчылыксыз кирип, кеңири аймактарга тарай алышат. Ошондуктан радиоактивдүү уран кендеринен да тирүү бактерияларды жолуктурууга болот. 3400 жыл мурда курулган Египеттеги Луксор ибадатканасынын сырткы кирпичтеринен тирүү бактериялар кездешкен, ошондой эле, 200 миллион жана 320 миллион жылдык, ал тургай, 720 миллион жылдык таш туз блокторунан да тирүү бактериялар табылган. 20000 метр бийиктиктен да бактериялар табылган.19 Эң таң калыштуу мисал болсо карагайдын чайырынын ичинде калып, ушул күнгө чейин сакталган 25 миллион жылдык бир аары фоссилинин (калдыгынын) ичинен чыккан бактерия споралары болгон. Лабораторияда стерилденген шарттарда чыгарылган ал споралар кароого алынган жана натыйжада бактериялар ошончо убакыттан соң кайрадан өрчүп, көбөйүп башташкан.20
![]() |
Bacillius, yavru hücrelerini protein kılıfına sararak spor oluşumunu sağlamaktadır. iç kısımları yeşil renkte görülen hücreler spora dönüşecek hücrelerdir. |
Мындай споралануу процесси микроорганизмдердин дээрлик баары тарабынан колдонулган бир коргонуу формасы болуп саналат. Бул жандыктардын кээ бирлери шарттар ыңгайсыз болуп калганда, споралануу ыкмасын колдонуп буулануу аркылуу абага көтөрүлүшөт жана булуттардын арасында коргонуу жолун тандашат. Атмосферада таралууну же коргонууну көздөгөн өтө көп сандагы майда тирүү споралар болот. Кургак жана муздак абаларда асманда турган бул организмдер булуттардын арасында жашаган кезде уйку абалында болушат. Булуттарда пайда болгон жамгырлар аркылуу жер жүзүнө түшүшөт. Жерге кайтканда эми мурдакыдан башка аймактарга барып, жаңы бир колонияны пайда кыла алышат. Булуттарда негизи канчалаган урпактан бери ал жерде жашаган, азыктанган, дем алган, жашоосун улантуу үчүн ар кандай шарттарга ыңгайлашкан тирүү майда микроорганизмдер толтура. Бактериялар ал жандыктардын арасынан эң мыкты чара көргөнү болуп саналат. Жерден кристаллдашып бууланган абанын ичинде жогору көздөй көтөрүлүп баратып, өздөрү менен чогуу метан, фосфат, көмүртек, күкүрт кычкыл газы жана башка азык кампаларын, б.а. азыктарын да ала чыгышат.21
Акыркы жылдары жүргүзүлгөн изилдөөлөр илимпоздорду таң калтырган дагы бир чындыкты көрсөттү. Австриянын Альп тоолорунда изилдөө жүргүзгөн бир илимпоздор тобу булуттарда жашаган бактерия колонияларын табышты. Бактериялардын булуттар аркылуу бир жерден башка жактарга жылаары белгилүү болчу, бирок бул жаңы изилдөө бул жандыктардын ал жерде жашап, көбөйөөрүн аныктады. Мындан тышкары, ал бактериялардын жамгырга же климаттын өзгөрүшүнө себеп болоору да аныкталды. Көп жыл мурда болсо деңизде жашаган балыр сымал микроорганизмдердин климаттын туруктуу сакталышында «негизги жөнгө салуучу» рольду ойноору белгилүү болгон эле. Бул жандыктар «диметил сульфит» (DMS) аттуу бир газ бөлүп чыгарышат. Деңиздин бетинде кычкылтек менен реакцияга кирген бул газ кичинекей, катуу бөлүкчөлөрдү пайда кылат. Бул сульфат катмары суу буусунун топтолуп булутту пайда кылышына шарт түзөт. Жыйынтыгында бул булуттар күндүн радиациясын чагылтып, дүйнөнүн салкындыгын коргошот.22
![]() | |
1- Filaman Oluşumu 8. Hücre Bölünmesi | 10. Plazma Zarı |
Bakteri, soyunun devamını sağlayabilmek için kendi kardeşini korur ve bunun için kendisini feda eder. Sporlanma adı verilen bu işlem yukarıdaki şemada gösterilmektedir. |
![]() |
3400 yıl önce yapılmış olan Mısır'daki Luksor Tapınağının dış cephe tuğlalarında ve 720 milyon yıllık kaya tuzu bloklarında sporlanmış halde canlı bakterilere rastlanmıştır. |
Innsbruck университетинен Биргит Сэттлер (Birgit Sattler) New Scientist журналына «ушул күнгө чейин мындай бийиктикте бактериялар жашай албайт деп ойлоп келгенбиз, бирок илимий ачылыштар бизди таң калтырды» деп айткан. Тоңдуруучу суук, ультра-кызгылт көк нурлардын жогорку деңгээлде болушу жана азыктын жоктугу илимпоздорду бул жерде жашаганга болбойт деген ишенимге алып барган. Бирок бактериялардын булуттарда да жашаары ошентип далилденди.
![]() |
... Rabbim, ilim bakımından her şeyi kuşatmıştır. Yine de öğüt alıp-düşünmeyecek misiniz?" (Enam Suresi, 80) |
Зальцбургга жакын жердеги метеорология бекетинен алынган булут тамчысы мисалдарынын баарынан формасы менен көлөмү ар кандай болгон 1500дөй бактерия табылган. Булуттардагы көп сандагы бактериялардын иш-аракеттери, илимпоздордун ою боюнча, спирт, органикалык кислота жана башка заттарды өндүргөнүнө же керектегенине жараша климатка таасир тийгизе алышат. Ошондой эле, кислота жамгырларына да себеп боло алышат. Бул багытта илимпоздор бактериялардын кантип булуттарда жашаарын, эмне менен тамактанаарын жана кандай кошулмаларды өндүрөөрүн изилдөөнү улантышууда.23
Бир микро жандык шарттар менен тең салмактуулуктар толугу менен башкача болгон бир чөйрөгө, атмосферанын үстүңкү кабаттарына кантип тездик менен көнүп кете алат? Ушул жерде коргонуу керек экенин кайдан билет жана булуттардын арасына көтөрүлүү сыяктуу оор жана татаал бир ыкманы эмне үчүн тандайт? Эң кызыгы, бул кантип колунан келет? Кристаллдашуу жана абанын кыймылдарын контрольдоо сыяктуу жөндөмдөрдү кайдан алган, жана булуттардын өзгөчөлүгүнүн аны коргой алаарын, бир күнү жамгыр менен бирге аман-эсен жер бетине кайтып келе алаарын кайдан билет? Жанына азык алуу керек экенин кантип ойлонот жана бул бир клеткалуу жандык кандай ыкма менен азыгын жанына алат? Түзүлүшү жана өзгөчөлүктөрү ар кандай болгонуна карабастан, кантип «бүт микроорганизмдер» буларды жасай алышат? Сиздин оюңузча, бир клеткалуу бир микроорганизм булардын баарын ойлонуп, жасап көрүп үйрөнүп, анан өзүнүн түрүнүн бүт мүчөлөрүнө муну айтып бере алабы? Албетте, андай кыла албайт. Демек, булардын баары Аллахтын кереметтүү чеберчилигин көрсөтөт. Аллах бүт бул иш-аракеттерди жасаган бактерияны да, аны кристаллдаштыруучу суу буусун да, аны жогору көтөргөн абаны да, аны ичинде сактаган булут менен атмосфераны да, аны жерге түшүргөн жамгырды да жана анын көбөйүп тарашына шарт түзгөн жер жүзүн да жараткан. Ошондуктан айланабыздагылардын баары бири-бирине кемчиликсиз шайкеш келет жана бул тең салмактуулук миллиондогон жылдан бери эч бузулбай келе жатат. Аллах Куранда мындай деп кабар берет:
Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)
![]() |
Şüphesiz, mü'minler için göklerde ve yerde ayetler vardır. (Casiye Suresi, 3) Yeryüzünde kesin bir bilgiyle inanacak olanlar için ayetler vardır.(Zariyat Suresi, 20) O, gökten su indirendir. Bununla her şeyin bitkisini bitirdik, ondan bir yeşillik çıkardık, ondan birbiri üstüne bindirilmiş taneler türetiyoruz. (Enam Suresi, 99) |
![]() |
İnsan sağlığı için kimi zaman hayati öneme sahip olan antibiyotikler de bakteriler sayesinde üretilirler. |
Бактерияларды көбүнчө айлана-чөйрөбүздө, денебизде же бузулган тамак-аштарда тездик менен көбөйгөн микробдор деп билебиз. Алардын бүт тирүү организмдердин муктаждыктарын камсыз кылган өтө маанилүү өзгөчөлүктөрү бар экенин, ичиндеги бир канча органелли менен жер жүзүнүн тең салмактуулугун сактоо үчүн абдан маанилүү иш-аракеттерди жасаарын билбейт болушубуз керек. Дем алган абабыздан жеген тамагыбызга, айланабыздагы табият көрүнүшүнөн колдонгон антибиотиктерибизге чейин сансыз жашоо кубулуштарынын ичинде бактериялардын маанилүү бир ролу бар. Негизи ар бир бактерия табиятты лаборатория катары колдонгон бир химия адиси болуп саналат. Химиядан көпчүлүгүбүз алыспыз. Химияны түшүнүксүз терминдер, татаал формулалар деп ойлойбуз. Чындап эле бул багытта билим алмайынча, химиялык формулаларды жана реакцияларды түшүнүүгө болбойт. Химияга кызыкпасак дагы, анын жашообуз менен тыгыз байланышта экенин билебиз. Бул темалар менен алектенген химиктерди урматтап, аларга ишенебиз. Бактерияларда дагы ушундай сый-урматка татыктуу, суктанаарлык өзгөчөлүктөр бар.
Биз көзүбүз менен көрүп, байкай албаганыбыз менен, эч тынымсыз иштеген жана жашообузга колдоо көрсөткөн бир химия лабораториясы бүт табиятты курчап турат. Бул лабораториянын эң негизги иш-аракети жандыктар үчүн кычкылтек жана азык өндүрүүгө, андан соң калдыктарды жана жандыктарга зыян бере турган заттарды тазалоого же аларды колдонууга боло турган жаңы жана пайдалуу продукцияларга айландырууга багытталган. Бул оор жана татаал иш-аракет учурунда бир бөлүгү алигече чечиле албаган, бир бөлүгү ачылбаган, бир бөлүгү болсо копияланып заманбап лабораторияларда колдонулган бир катар татаал химиялык реакциялар кайталанат.
![]() |
Bakteriler, soluduğumuz oksijenden yediğimiz yemeğe, etrafımızdaki manzaraya kadar sayısız hayati unsurun içinde var olmak zorundadırlar. Bu durum, söz konusu mikro canlıların hayatımız için ne kadar değerli olduğunu açıkça göstermektedir. |
Мына ушул ири лабораторияда кызмат кылган химиктердин башында бактериялар турат. Эң негизги иштер эволюционисттер «жөнөкөй жана примитивдүү» деп сыпаттап басмырлаган, ушул кереметтүү машиналар тарабынан жасалат. Эң акылдуу химиктер чече албаган реакциялар, эң алдыңкы технологиялар туурай албаган процесстер бактериялар үчүн жаш баланын оюнундай жеңил. Аба менен сууну колдонуп азык өндүрүү деген мааниге келген фотосинтезди ачкан илимпоздор абдан таң калышкан жана бул системаны түшүнүп, адамзаттын бүт маселелерин чечебиз деп ойлошкон. Бирок арадан ондогон жылдар өткөнүнө карабастан, системаны толук түшүнө алышкан да жок, аны туурай алышкан да жок. Анткен менен, бул кереметтүү реакция бактериялардын миллиарддаган жылдан бери, эч тынымсыз жасап келе жаткан күнүмдүк иштеринин бири.
Фотосинтез аркылуу бул жандыктар атмосферадагы көмүр кычкыл газын алып, сыртка кычкылтек беришет жана ошентип жашоонун эң негизги муктаждыгына жооп беришет. Мындан тышкары, алар атмосферадагы көмүр кычкыл газынан көмүртек молекулаларын синтездөө үчүн күндөн келген энергияны да колдоно алышат. Көмүртектин синтезделиши жер жүзүндөгү көмүртек негиздүү бир жашоо үчүн эң маанилүү фундаментти түзөт. Белгилүү болгондой, жашоонун фундаменти көмүртекке таянат. Көмүртексиз жер жүзүндө жашоо болушу мүмкүн эмес. Бүт негизги органикалык молекулалар (аминокислоталар, белоктор, нуклеин кислоталары сыяктуу) көмүртек атомунун башка кээ бир атомдор менен ар кандай формада биригишинен пайда болот. Табиятта көмүртектин ордун алмаштыра ала турган башка бир элемент жок. (Тереңирээк маалымат алуу үчүн караңыз: «Ааламдын жаратылуусу», Харун Яхья.) Ошондуктан Аллах бүт жашоону фотосинтез жасаган организмдерден көз-каранды кылып койгон. Бул процессте эң чоң үлүш болсо Аллахтын каалоосу менен бактерияларга туура келет.
Фотосинтез кубулушу болуп жандыктын күндүн энергиясын түздөн-түз колдонуп, башка жандыктар да пайдаланышы үчүн бул энергияны татаал органикалык молекулаларга айландырышы саналат. Адамдар менен жаныбарларда күндүн энергиясын түздөн-түз колдоно турган бир механизм болбогондуктан, фотосинтезге муктаж болушат. Күндүн энергиясын жашыл өсүмдүк жана микроорганизмдер жасаган фотосинтез процессинин натыйжасында синтезделген абалда гана ала алышат.
![]() |
Bakterilerin her saniye rahatlıkla yaptıkları işlemler kimi zaman en akıllı kimyacıların çözemeyeceği reaksiyonlardan oluşur, en gelişmiş teknolojiler bile bu işlemleri çözmekte zorlanır. |
Атмосферадагы кычкылтектин жарымынан көбүн фотосинтез жасаган цианобактерия аттуу бактерия түрлөрү өндүрөт.24 Бул бактериялар колдонгон механизм өсүмдүк хлоропластында колдонулган механизмге абдан окшош. Цианобактериянын көпчүлүгүндө хлорофилл гана болот. Бул жандыктар күндүн нурунан жасаган энергия жөнөкөй канттарга айландырылып топтоп коюлат. Фотосинтез аркылуу пайда болгон кант менен кычкылтектин көлөмү жылына 150-200 миллиард тоннанын арасында болот деп болжолдонууда.25 Пайда болгон бул кант тирүү организмдер жашашы жана чоңоюшу үчүн керектүү биохимиялык реакцияларга жана ошондой эле дем алууга керек.
Цианобактерия атмосферадагы кычкылтек концентрациясынын туруктуу сакталышында өтө маанилүү кызмат аткарат. Бул бактериялар абдан кичинекей болушат, бирок саны өтө көп. Бир литр сууда саны 100дөн ашат жана океандын өндүрүмдүүлүгүн 10-20%ын түзүшөт. Көрүнбөгөнү менен, жер жүзүнүн көп бөлүгүн ээлешет. Фотосинтез аркылуу жасаган энергиясы себептүү алардын мындай көп санда болушунун мааниси абдан зор.
Фотосинтез процесси – химиялык жактан өтө татаал жана механизми дагы эле толук чечмелене элек абдан кылдат бир процесс. Мындан тышкары, фотосинтез процесси «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүктүн» эң мыкты мисалдарынын бири. Башкача айтканда, бул процесс ишке ашышы үчүн бири-бирине төп келген белгилүү түзүлүштөр бир учурда биригип калышы керек жана сырттагы чөйрө бул процесске ыңгайлуу болушу зарыл. Мисалы, эволюционисттер эң алгач эволюциялашкан деген фотосистема I'де сырттан келген нурларды кармоо үчүн чогулган антенналар жана реакция борбору бар. Фотосистема I күн нурунун белгилүү бир толкун аралыгындагы фотондорун гана кармай турган кылып жөнгө салынган. Толкун узундугу 700 миллимикрон болгон фотондорду сезүүчү антенналарда Kla аттуу тузак хлорофилл молекулалары бар. Бул антенналарга көмөкчү катары каротиноид сыяктуу жардамчы пигменттер болот.
![]() | |
1. Hava (CO2) | 6. Sudaki Çözünmüş Karbondioksit |
Bakteriler sayesinde gerçekleşen yeryüzündeki karbon dönüşümü. |
Мындан тышкары, фотосистема I'дин ичинде кармалган энергияны которуу үчүн даяр турган электрон чынжыры жана андан соң бул энергияны сууну бөлүү үчүн колдонгон бир атом станциясы, суудан бөлүнгөн заттар менен абадагы көмүртекти алып азык өндүрүүчү өзүнчө бир химиялык завод биргелешип кызмат кылышат. Ушул күнгө чейин толук чечмелене албаган бул системаны түзгөн бөлүктөрдүн бирөөсү эле кем болсо система ишке жарабай калат.
Мисалы, антенналар болбосо энергия келбей калат. Электрон чынжыры болбосо суунун атомдорун бөлүүгө болбойт. Жардамчы пигменттер ашыкча көлөмдөгү энергия жүгүн бөлүшпөсө, жогорку энергиядан улам бүт система талкаланат. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн бул түзүлүштү бир заводго жана аны иштетүүчү электр станциясына салыштырууга болот. Электр энергиясы болбосо, чийки зат болбосо, жумушчулар болбосо завод өндүрүш жасай албайт. Ошол сыяктуу, жогорудагы бөлүктөрдүн бирөөсү эле кем болсо, фотосинтез деген система болбойт. Системаны түзгөн бөлүктөрдүн бир-бирден пайда болушу да эч бир ишке жарабайт. Укмуш татаал түзүлүштөгү фотосистема антеннасын кокустан пайда болгон деп элестетсек дагы, кармаган энергиясын которо албаган антеннанын заматта талкаланып кетээри анык. Бул мисал башка бөлүктөргө да тиешелүү. Эволюционист профессор Али Демирсой бул жөнүндө мындай дейт:
![]() |
Resimlerde üç tip siyanobakteri görülmektedir. (a: Nostoc, b: Oscillatoria, c: Gleocapsa) Temiz sularda yaşayan bu bakterilerin son derece kompleks bir klorofil sistemleri vardır. Neredeyse bitki kloroplastları kadar karmaşık olan bu sistem sayesinde siyanobakteriler doğada fotosentez işlemini gerçekleştirmektedirler. Nostoc siyanobakterileri, aynı zamanda nitrojen dönüşümünde de önemli rol oynarlar. |
Фотосинтез укмуш татаал бир кубулуш жана анын бир клетканын ичиндеги органеллде пайда болушу мүмкүн эместей көрүнүүдө. Себеби бүт баскычтарынын бир заматта пайда болушу мүмкүн эмес, бир-бирден пайда болушунун болсо эч бир мааниси жок.26
Жыйынтыктасак, бул система – эволюционисттер айткандай акырындап, бир-бирден пайда болбой турган бир система. Андагы кемитүүгө болбогон комплекстүү түзүлүш анын бүт бөлүктөрүнүн иштеп турган абалда бир учурда, бир жерде пайда болушун талап кылат. Бул болсо бул механизмдин бүт бөлүктөрү менен бирге, толук бойдон бир заматта жаратылганын көрсөтөт.
Фотосистема сыяктуу учурдагы технология менен да тууроого болбогон бир процесстин ишке ашышы үчүн система толугу менен жаратылган болушу зарыл. Бир эле фотосинтез жасаган система эмес, ага ыңгайлуу күн жана атмосфера шарттары дагы улуу илим жана акыл менен бир бүтүн бойдон жаратылган.
Эволюция теориясын жактагандардын бул механизм жөнүндөгү түшүндүрмөлөрү болсо укмуш логикасыз жана, ал тургай, «күлкүмүштүү». Эволюционист көз-караштар боюнча, «алгачкы» шарттардагы «алгачкы» (примитивдүү) бактерия айланасындагы азык заттарды керектеп баштаган жана ачка калбоо үчүн «кандайдыр бир жол менен» бир кезде өз азыгын өзү өндүрүүнү чечкен. Адамзат 21-кылымдын алдыңкы технологиялары менен да түшүнө албаган бул механизмди миллиарддаган жыл мурда бир «бактерия» түшүнүп, күндөн кантип азык алууга болоорун «ачкан». Бул «укмуш жөндөмдүү бактерия» фотосинтез процессинин негизин түзгөн жана андан соң «эволюциялашып» башка өсүмдүктөрдү пайда кылып, алар менен бирге жер жүзүндө кычкылтекти жана азыкты өндүрүп калышкан. Алгачкы бактериянын кокустан болгон бул ачылышынын (!) натыйжасында жер жүзүндөгү азыркы тирүү организмдер пайда болгон.
![]() | ||
1. Zar | 3. FS I | 5. Elektron Nakil Sistemi |
ATP ve NADPH2 oluşumu için güneş enerjisinin siyanobakteri tarafından nasıl kullanıldığını gösteren şema. Işığın gelişi ile, elektronlar fotosistem I ve fotosistem II'den ayrılır. Her iki fotosistem de elektronsuz kalır. Fotosistem I'den ayrılan elektronlar NAPD ve NAPDH2'nin azaltılması için kullanılır. Bu arada fotosistem II'den ayrılan elektronlar da, elektron nakil sistemi ile fotosistem I'e ulaşırlar. Elektron nakil sisteminde oluşan kuvvet, ATP ise (adenozin trifosfataz)'dan ATP sentezlenmesini sağlar. Elektronsuz kalan fotosistem II ise, eletronlarını su (H2O) moleküllerinden elde eder. Sudaki bu oksidasyon ise oksijen gazının (O2) açığa çıkmasını sağlar. |
Чындыгында болсо, бир клетканын адамдын жашоосуна керектүү тамак-аш жана кычкылтек сыяктуу негизги муктаждыктарды камсыздай турган бир системага ээ болушун, ичинде сансыз химиялык процесстердин ишке ашышын жана экологиялык тең салмактуулуктун бир бөлүгүн түзүшүн аң-сезимсиз окуялар менен, башкача айтканда, кокустуктар менен эч түшүндүрүүгө болбойт. Аллах бул жандыктарды да, өсүмдүктөр сыяктуу, атайын ушундай маанилүү бир процессти жасашы үчүн жараткан. Бактериялар аларды кемчиликсиз кылып жараткан улуу бир кудуреттин, б.а. Аллахтын бар экендигинин бир далили. Бактериялар жасаган татаал иш-аракеттерден Аллахтын улуу акылын жана чеберчилигин көрүүгө болот. Албетте, булардын баары эволюция теориясынын канчалык чоң туюкка кабылганын жана толугу менен жасалма далилдерге таянганын көрсөткөн жана Аллахтын бар экенин көз алдыга тартуулаган далилдердин бир канчасы гана.
Тирүү организмдер өмүр сүрүү үчүн кычкылтек менен көмүр кычкыл газына муктаж болсо, чоңоюу үчүн азотко (N2) муктаж болушат. Азот жандыктын денесинде өзгөчө нуклеиндик кислоталардын, белоктордун жана витаминдердин курамында 15% өлчөмүндө болот.27 Башкача айтканда, жашоонун негизги элементтеринин бирин түзөт. Атмосферанын болжол менен 78%ы азот газынан турат. Бирок жандыктар абадагы бул азотту, аларга керек болсо дагы, ошол бойдон өз денелерине ала алышпайт. Бул газ кандайдыр бир жол менен жандыктар колдоно ала турган формага алып келинип, түгөнүп калбашы үчүн айланып кайра атмосферага кайтышы керек. Бул муктаждык болсо кайра эле микроскопиялык бактериялар тарабынан камсыз кылынат.
Азотту абадан биринчи алышы керек болгон организмдер – бул өсүмдүктөр. Өсүмдүктөр азотту газ абалында колдоно алышпайт. Азот нитрит бактериялары тарабынан нитритке, нитрит болсо нитрат бактериялары тарабынан нитраттарга айландырылып, өсүмдүктөр колдоно ала турган формага алып келинет. Бул айлампа кантип башталат?
![]() | |
1. Atmosferdeki nitrojen gazı (N2) | 7. Nitrojen, bitkilerdeki organik maddelerle birleşir. |
Yukarıda, bakterilerin yardımı ile bitkilerin gerçekleştirdiği yeryüzündeki azot dönüşümü görülmektedir. |
Азот ар кандай жолдор менен жер жүзүнө жетет. Атмосферадагы азот чагылган сыяктуу кубулуштардын натыйжасында жер жүзүнө жамгырлар менен азот кислотасы абалында кайтып келет. Азот кислотасы топуракта бактериялар тарабынан нитраттарга айландырылат жана өсүмдүк ал азыкты топурактан ала алат.
Дагы бир айлануу ыкмасында болсо абадагы азот түздөн-түз топуракка кирет. Топурактагы кээ бир бактериялар менен нокот жана төө буурчак сыяктуу буурчак өсүмдүктөрүнүн тамырларында кездешчү бактериялар абадагы азот газын топурактын ичине киргизишет. Бул этапта улуу бир долбоорго күбө болобуз. Бүт организмдердин өрчүшүндө эң негизги минерал – бул азот. Белоктор, нуклеиндик кислота жана башка клетка органеллдеринин көпчүлүгү ушул затка муктаж. Чоңоюу үчүн азотко муктаж болгон өсүмдүктөр менен бул муктаждыкты камсыз кылган бактериялардын ортосунда дүйнөнүн эң пайдалуу өнөктөштүктөрүнүн бири түзүлөт. Өсүмдүктөр тамырларынан бактерияларды тартуу үчүн атайын азыктарды бөлүп чыгарып, аларды өздөрүнө жакындатышат. Андан соң бактериялар тамырларда пайда болгон атайын тешикчелерден ичкери кирип, өсүмдүктүн тамырына жайгашат жана ал жерде абдан көбөйүп, тамыр түйүндөрүн пайда кылышат. Учурда жеп жаткан жашылча-жемиштерибиздин, өсүмдүктөрдүн, дандардын көпчүлүгү үчүн жана экологиялык тең салмактуулуктун орношу үчүн зарыл болгон азот айлануусу ушул өнөктүктөн келип чыгат.
Эволюционисттер «жөнөкөй» деп атаган бактериялар азоттун айлануусун камсыз кылышат, фотосинтездеги сыяктуу жандуу бир химия лабораториясындай иштешет жана химия илиминен алыс адамдар көп түшүнбөгөн татаал химиялык реакцияларды биринчи жаратылган күндөн бери эч тынымсыз ишке ашырып келе жатышат. Төмөндө химиялык белгилер менен көрсөтүлгөн азотту турукташтыруу реакциясын түшүнө алуу дагы илимпоздор үчүн чоң ийгилик болгон.
N2 + 8H+ + 8e- + 16 ATP = 2NH3 + H2 + 16ADP + 16 Pi
Мындан тышкары, бул реакция ишке ашышы үчүн фотосинтез, дем алуу же ферментация сыяктуу экинчи бир жардамчы реакция болушу зарыл. Көп адамдардын башын айланткан бул формулалар бактериялар үчүн күнүмдүк катардагы иштерден болуп саналат. Албетте, бул химиялык иш-аракеттерди жасоо үчүн белгилүү бир химия билимин алышкан эмес. Дүйнөгө келген ар бир бактерия өзгөчө долбоорлонгон бир химия лабораториясындагыдай жабдыктар жана атайын билим алган бир химиктин илиминдей илим менен жабдылган болот. Болгондо да, бул иш-аракеттер өсүмдүк тамырлары менен эле чектелбейт. Бул жерде да көптөгөн альтернативдүү түзүлүштөр бар. Азотобактерия, бейеринкия, клебсиелла, цианобактерия, клостридия, десульфовибрио, кара кочкул күкүрт бактерия, кара кочкул күкүрт эмес бактерия, жашыл күкүрт бактерия, ризобиум, франкиа, азоспириллдер жана дагы көптөгөн түрлөр ар кайсы жерде жана ар кандай түзүлүштө болгонуна карабастан, баары бирдей реакцияны, бирдей маалымат жана программа менен эч кемчиликсиз жасашат. Ошондой эле, бул бактериялар өз ичиндеги ар түрдүү система жана реакциялары менен да, бир топ татаал болуп саналышат.
![]() |
Resimlerde görülen sülfür bakterileri ve ortada görülen bezelye bitkisi bakterisi Rhizobium, azot döngüsünü gerçekleştirmek için adeta oldukça kapsamlı bir laboratuvara sahiptirler. |
Мисалы, бактериялар бул реакция учурунда колдонгон нитрогеназа фермент комплекси кычкылтекке карата өтө сезгич болот. Кычкылтекке жолукканда активдүүлүгү токтойт, ошондуктан белоктордун темир кошулмалары менен реакцияга кирет. Негизи кычкылтексиз жашай алган (анаэробдук) бактериялар үчүн эч бир маселе жок, бирок ошол эле учурда фотосинтез жасап, кычкылтек чыгарган цианобактерия сыяктуу бактериялар менен топуракта эркин жашаган азотобактерия сымал бактериялар үчүн бул чоң маселе жаратат. Анткен менен, бул бактериялар бул маселеге карата ар кандай механизмдер менен жабдылган. Мисалы, азотобактерия түрлөрү, бүт организмдердин арасында эң жогору көлөмдө дем алган зат алмашуусу менен, клеткаларында кычкылтектин көлөмүн өтө төмөн кармоо аркылуу ферментти коргошот. Ошондой эле, азотобактерия түрлөрү клетка сыртында өтө көп өлчөмдө полисахарид (татаал канттардан турган жана көбүнчө крахмал сыяктуу кошулмаларды жана клетка дубалын жасоодо колдонулган химиялык бир кошулма) өндүрүшөт. Бул кошулмалардан түзүлгөн жабышчаак суюктуктун ичинде суу сактаган бактериялар клетканын ичинде кычкылтектин жайылуу көлөмүн чектешет. Өсүмдүктөрдүн тамырларында азотту турукташтырган ризобиум сыяктуу бактериялардын болсо тамыр түйүндөрүндө леггемоглобин сыяктуу кычкылтек керектөөчү молекулалары болот. Леггемоглобин сүт эмүүчүлөрдөгү гемоглобин менен бирдей функцияны аткарат жана түйүн тканьдарынын кычкылтек камсыздоосун жөнгө салат. Кызыгы, леггемоглобин бир гана тамыр түйүндөрүндө болот жана өсүмдүк-бактерия кызматташтыгы түзүлгөндө гана өндүрүлөт. Өз алдынча жашаган бактериялар же бактериясыз жашаган өсүмдүктөр бул затты өндүрүшпөйт.28
![]() |
Bitki köklerinde azot sabitleyen Rhizobium gibi bakteriler, kök düğümlerinde leghaemoglobin gibi oksijen tüketen moleküllere sahiptirler. Leghaemoglobin, memelilerdeki hemoglobin ile aynı görevi görmektedir. |
Азоттун айлануусун камсыз кылуучу нитрогеназа ферменти кычкылтекке тийгенде талкаланып кетет. Ошондуктан кычкылтектин бул ферментке барышына бөгөт коюучу системалар менен аларды өндүргөн организмдердин бул фермент менен бирдей пайда болушу зарыл. Антпесе, нитрогеназа ферменти пайда болоор замат кычкылтек аны талкалап салат. Эволюция теориясы болсо муну кабыл ала албайт, себеби эволюция боюнча организмдер баскыч баскычтуу мутациялардын натыйжасында гана пайда боло алат. Башкача айтканда, бул теория боюнча же нитрогеназа ферменти же кычкылтек керектөөчү системалар биринчи пайда болгон. Мындай кезекке коюу болсо эч бир системанын пайда болушуна жол бербей турган бир логикасыздыкка алып келет. Нитрогеназа ферменти жок кезде кычкылтекти контрольдоочу система эч максатсыз болуп калат.
Аягында, бул бактериялар өлүп, талкаланганда андан аммиак келип чыгат. Ошондой эле, жаныбар жана өсүмдүк калдыктарындагы белоктор дагы сапрофит бактериялар тарабынан майдаланып, аммиакка айландырылат. Топурактын ичинде ушундай жолдор менен пайда болгон аммиак нитрит бактериялары тарабынан нитритке, нитрит болсо нитрат бактериялары тарабынан нитратка айландырылат. Бул процесс «нитрификация» деп аталат, жана ошентип азоттун айлануусу аягына чыгарылат.29 Нитрат азоттун өсүмдүктөр ала алчу формасы болуп саналат. Өсүмдүктөргө өткөн бул азот өсүмдүктөрдү тамак-аш катары колдонгон адамдар менен жаныбарларга да өтөт. Бүт тирүү организмдердин муктаждыгы ушундай жол менен камсыз кылынат.
Азотту колдонуп жасалма жол менен жер семирткич алуу эң чоң өнөр-жай тармактарынын бирин пайда кылды. Бул кооптуу жана татаал процессте күйүүчү зат суутек абдан жогорку басым менен ысытылат. Химия заводдору бул чыгымдуу жана кооптуу ишке канчалаган эмгек коротсо, бактериялар бул жумушту бөлмөнүн температурасында жана кадимки бир басымда эч чыгымсыз жасай алышат. Акыркы жылдары кээ бир изилдөөчүлөр бактериялардын бул жогорку жөндөмүнүн сырынын бир бөлүгүн түшүнө алдык деп ойлошууда.
Экинчи бир илимпоздор тобу болсо келечектин таза жана арзан күйүүчү заты боло турган суутекти өндүрүүдө бактерияларды өрнөк алышууда. 2001-жылдын 8-октябрында «Nature» журналында чыккан бир макалада айтылышынча, илимпоздор арзан кислоталарды суутекке айландыруучу бактерия ферменттерин туурап эбегейсиз булак алууга болот деп ойлошууда. Башка күйүүчү заттардан айырмаланып суутек айлана-чөйрөгө зыян тийгизбейт. Иллинойс университетине караштуу изилдөөчүлөр тобунан Томас Раухфус (Thomas Rauchfuss) менен курдаштары бактериялардын бул жашыруун формулаларын копиялап колдонууга болот деп ойлошот.30
![]() | ![]() |
Bakterilerin azot döngüsünü gerçekleştirmeleri için gerekli olan nitrojenaz enzimi. | Hidrojenaz enzimi |
Бул бактерияларда кислоталардан суутек өндүрө алуучу гидрогеназа аттуу ферменттер бар. Илимпоздор бул теңдешсиз механизмди туурай ала турган системаларды ойлоп табуу үчүн болгон аракетин жумшашууда. Ошондой эле, бактериялардын фотосинтез иш-аракетин тууроо үчүн канчалаган жылдан бери аракет кылып жаткан илимпоздор дагы алигече ийгиликке жете алышкан жок. Эволюционисттер примитивдүү, жөнөкөй деп ойлогон бактериялар, адамзат учурдагы технологиянын бүт мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып дагы туурай албаган комплекстүү системалары менен, дүйнөдөгү жашоонун келечегин кепилдикке ала турган сырларды миллиарддаган жылдан бери жашырып келе жатышат. Себеби алар – улуу акылдын ээси Аллахтын кемчиликсиз жараткан чыгармалары. Аллах биз көрүп, ойлонушубуз үчүн Өзүнүн көз жоосун алган чеберчилигин бизге ушинтип көрсөтүүдө.
![]() |
Bakteriler sayesinde bitkilere ulaşan azot, bitkileri besin olarak kullanan insanlara ve hayvanlara da ulaşmaktadır. Dolayısıyla, canlılığın bu en temel ihtiyaçlarından biri, bakterilerin bu önemli işlevi sayesinde sağlanmaktadır. |
Бактериялар жасаган бул азот айлануусунун түбүндө төмөнкү чындык жатат: өсүмдүктөр жана натыйжада жер жүзүндө жашаган башка жандыктар жашай алышы үчүн бул химиялык айланууну жасай турган бактериялардын болушу шарт. Эгер топурактан алынган азоттун орду кайрадан толукталып турбаса, көп узабай жашоо токтойт. Бактериялардын иш-аракетинин натыйжасында жыл сайын топуракка 50 тонна азот кошулуп турат.31 Бүт организмдер энергия алуу үчүн түз же кыйыр түрдө фотосинтезден көз-каранды болгондуктан, фотосинтез ишке ашышы үчүн талап кылынган эң негизги элементтен, башкача айтканда, азоттон да көз-каранды.
Бул мисалдар бизге бир нерсени кабар берет. Адамдар менен башка жандыктар азыктана алышы үчүн азот белгилүү бир формага айланышы керек. Бул айлануу бүт дүйнөнү каптай турган масштабда жана система рискке кирбеши үчүн абдан көп түрдүү жол менен болушу керек. Мындай көп түрдүүлүк үчүн бир эле системада иштеген ар түркүн долбоорлор болушу зарыл. Бул муктаждыктарды табияттагы системага салыштырганыбызда, сокур кокустуктардан пайда болгон, ката, кемчиликтери бар бир түзүлүштү эмес, эң майда-чүйдөсүнө чейин долбоорлонуп жаратылган, максаттуу бир системаны көрөбүз. Бул системада негизги рольду ойногон бактериялар болсо туш келди бир эволюциянын натыйжасында пайда болгон примитивдүү, жөнөкөй формалар эмес, бул жумушка эң ылайыктуу кылып жаратылган тирүү машиналар.
Ошондуктан эволюционисттер чириген идеологиялардын таасири астында ар кандай сценарийлерди ойлоп чыгаруунун ордуна, мындай комплекстүү долбоорлордун жана мындай көп түрдүүлүктүн бир заматта, абдан алдыңкы маалымат жабдуусу менен кантип пайда болгонун түшүндүрө турган илимий жоопторду бериши зарыл. Бирок эч качан андай бир жоопту бере алышкан жок. Ошого карабастан, эволюция теориясын жактап келе жатышы абдан таң калтырат. Аллах мындай адамдарды Куранда төмөнкүчө кабар берет:
![]() |
Hidrojenle çalışan arabalar |
Эми алардан сурачы: аларды жаратуу кыйыныраакпы, же Биздин жараткандарыбыздыбы? Чынында Биз аларды жабышчаак бир ылайдан жараттык. Жок, сен (бул кереметтүү жаратууга жана алардын каапырдыгына) таң калып калдың; алар болсо шылдыңдаганын улантышууда. (Саффат Сүрөсү, 11-12)
![]() |
Oksijensiz solunum yapan bakteriler, bulundukları ortamdaki organik bileşikleri parçalayarak enerji elde ederler. Fermantasyon adını verdiğimiz bu işlem sayesinde birbirinden çeşitli ve lezzetli besinler meydana gelmektedir. |
Ичкен айраныңыздын же жеген сырыңыздын бактериялар тарабынан жасалаарын билчү белеңиз? Дасторконуңуздагы көп тамак-аштар бактериялар тарабынан сизге даярдалып берилет. Сиз бактериялардын сиз үчүн мынчалык эмгектенээрин билбешиңиз мүмкүн, бирок бул чындык. Күн сайын эрте мененки тамагыңызда бактериялар сиз үчүн даярдаган сырды жеп, тамагыңызга кошуп жеген туздалган бадыраңды (рассол) да бактериялар аркылуу аласыз.
Бактериялардын ар кандай чөйрөдө жана ар кандай шартта жашай алган көптөгөн түрлөрү бар деп айткан элек. Сырдын ичиндеги бактериялар да, айранды пайда кылган бактериялар да негизи өздөрүнүн жашоосун улантууну жана ал үчүн энергия алууну гана көздөшөт. Бул бактериялар үчүн жабык чөйрө керек, себеби бактериялардын бул түрлөрү кычкылтексиз дем алышат. Башкача айтканда, башка бактериялар дем алуу аркылуу алган энергияны бул бактериялар айланасындагы органикалык кошулмаларды майдалоо аркылуу алышат. Бул майдалоонун натыйжасында бактерия көптөгөн заттарды пайда кылат. Пайда болгон бул заттар себептүү бактерия ичинде турган азык кычкылданат же спирттелет же болбосо азыктын ичинде көмүр кычкыл газы көбүкчөлөрү пайда болот. Ошентип азыктын сыпаты өзгөрүлөт. Башкача айтканда, бадыраң туздалган бадыраңга (рассолго) айланат. Бактерия жасаган бул процесс ферментация деп аталат.32
Ферментация процессинин бизге даамдуу тамак-аштардан башка дагы көптөгөн пайдалары бар.
![]() |
Bakterilerin faaliyetleri sayesinde besin nitelik değiştirir. Yani salatalık, fermantasyon yoluyla artık turşu olmuştur. |
Бактериялар дагы бир жолу адамдар үчүн абдан маанилүү жана керектүү бир жумушту аткарып, ферментация аркылуу тамак-аштардын пайдалуулугун өстүрүшөт. Ферментацияланган тамак-аштарды дене оңоюраак сиңирет. Ошондой эле, ферментация учурунда бактериялар дене үчүн абдан пайдалуу бир катар витамин жана минералдарды да синтездешет. Сыр же айрандын дене үчүн пайдалуу болушунун негизги себеби ушунда. Бул тамак-аштардын денеде ичеги сыяктуу ар кандай органдарды жаңылашына да бактериялар себепкер болушат. Бул жагынан караганда бактериялардын көптөгөн тамак сиңирүү менен байланыштуу ооруларды айыктыруу касиети бар. Бул жандыктар дененин тең салмактуулугун коргоо милдетин да аркалашат. Мисалы, холестерин маселесинде көбүнчө ферментацияланган азыктар сунушталат. Себеби микро жандыктар денебиздеги холестериндин деңгээлин жөнгө сала алышат.33
Бактериялар биз үчүн эмгектенип жаткандай эле сезилет. Бирок негизи алар колдорундагы мүмкүнчүлүгү менен жашоосун улантууну гана көздөшөт. Аллах жараткан кереметтүү тең салмактуулуктун натыйжасында бул микроскопиялык жандыктар өз урпактарын улантып жатып биздин өмүрүбүздү да «көп жагынан» куткарышат. Бир бактериянын азык жасашы, болгондо да ал азыкты адамдарга пайдалуу кылып жасашы бул тең салмактуулуктун канчалык керектүү жана кемчиликсиз экенин көрсөтөт. Албетте, бир бактерия биздин тамак-аштарыбызда жашап, энергиясын андан алып, бирок бизге эч пайдасы да, зыяны да тийбеши мүмкүн эле. Өмүрүбүздүн бир бөлүгү болгон бул бактерияларды өмүр бою билбешибиз да мүмкүн эле. Негизи көп тамак-аштар аркылуу денебизге эч байкабастан бактерияларды киргизебиз. Бирок ферментация процессинде бактериялар тамак-аштарыбызга кирип өз муктаждыгын камсыздап жатып, биз башка жол менен эч жасай албай турган жапжаңы жана, ошондой эле, пайдалуу азыктарды «биз үчүн гана» жасашат. Мунун себеби белгилүү: Аллах улуу жана теңдешсиз бир акылдын далилдерин көрүшүбүз үчүн бири-биринен кемчиликсиз, бири-биринен татаал системаларды жараткан. Бактериялардын бизге пайда алып келишинин максаты мына ушунда.
![]() | ||
a. Glikoliz | c. 2 Purivat | e. 2 Etanol |
Alkol fermantasyonunda pirüvik asitten karbondioksit ayrılır ve iki karbonlu etanol (etil alkol) son ürün olarak oluşur. Laktik asit fermantasyonunda ise NADH, hidrojeni pirüvik asite transfer eder ve son ürün olarak laktat oluşur. Her iki fermantasyon işleminde de iki ATP kazancı olmaktadır. |
![]() |
Suyun içinde erimiş olan demiri bakteriler sudan ayırır ve yoğunlaştırırlar. Bu demir, daha sonra okyanus tabanında demir yatakları haline gelir ve milyonlarca yıllık bir zaman dilimi içinde dağlardaki demir yataklarını oluşturur. |
Фотосинтез жасап дүйнөдөгү жашоого чоң салым кошкон, денебизди коргогон, жер жүзүнүн эң негизги жашоо айлампасын жасаган, бирок ошончо иш-аракетине карабастан, көзгө көрүнбөгөн бул жандыктардын улуу акыл жана чеберчилик менен жаратылганын көрсөткөн башка маанилүү өзгөчөлүктөрү да бар. Мисалы, жер жүзүндөгү темир кендеринин, ал тургай, денебиздеги темирдин булагы да бактериялар.
Кээ бир бактерияларда суунун ичиндеги ээриген абалдагы темирди суудан бөлүп алуу жөндөмү бар. Бул жандыктар океандарда ээриген темир молекулаларын керектеп, аларды өз денелерине топтошот. Бактериялардын денесине топтолгон темир кийинчерээк океандын түбүндө темир кендерине айланат. Алар жүз миллиондогон жылдар бою тоолорду көздөй түртүлүп отуруп, ал жерлерде чоң темир кендерин пайда кылышат. Ал темир кендери казылганда көп өлчөмдө темир молекулалары абага аралашат. Биз болсо эч байкабастан бул темир чаңдарын жутабыз. Денебизге кирген бул молекулалар денебиз үчүн абдан маанилүү. Денебизге кичинекей темир молекулалары киргени үчүн кызыл кан клеткаларыбыздын ичинде темири бар гемоглобин ядросу чучугубузду, б.а. денебизде айланган кандын булагын түзөт.34
Бактериялардын мындай химиялык таасиринен пайда болгон кен байлык бир эле темир эмес. Жер жүзүнүн эң негизги муктаждыктарынын бири болгон мунайзат дагы негизинен бактериялардын продукциясы болуп саналат. Жогоруда айтылгандай, ферментация иш-аракетинде кычкылтексиз дем алган бактериялар энергиясын айланадагы органикалык кошулмаларды майдалоодон алышат. Бактериялардын бул өзгөчөлүгү топурактын астында миллиондогон жыл мурда топтолгон органикалык заттардын мунайзатка айланышына себеп болгон.35 Бул жандыктар мунайзат жасай алышы үчүн алар турган жерде кычкылтек түгөнүп, температура 150 градустан төмөн түшүшү жана басым бир канча миллион жыл уланышы керек.36 «Бактериянын мунайзат жасашы» таң калыштуу угулушу мүмкүн. Чындап эле таң калыштуу, себеби бул акылдуу микро жандыктардын канчалаган жылдар бою эч тынымсыз эмгектениши негизи адамдардын пайдасына иштөө үчүн гана жаратылганын далилдейт. Бул микроорганизмдердин пайдалуу кызматтары болбогондо, жашообуз абдан оор болмок.
![]() | ![]() |
Yeri de Biz döşeyip-yaydık; ne güzel döşeyici(yiz).(Zariyat Suresi, 48) | |
Bakterilerin uzun yıllar boyunca gerçekleştirdikleri faaliyetler sonucunda oluşan demir, insanlık için oldukça büyük bir önem taşımaktadır. Bakterilerin söz konusu faaliyetleri olmadan, yaşamımızda büyük önemi olan bu madeni elde etmek imkansızdır. Göllerde kış boyunca neredeyse ölü olan bitki ve hayvanların tekrar canlanırken ihtiyaç duyacakları tüm besin ve mineraller, kışın sürekli faaliyet yapan bakteriler tarafından hazırlanmış durumdadır. Kış boyu bakteriler, suyun dibine çöken organik atıkları ayrıştırarak minerallere dönüştürür ve yazın doğanın yeniden canlanması için besin hazırlarlar. |
Акыркы жылдары океандардын түбүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөр бактериялар жөнүндөгү дагы бир белгисиз чындыкты аныктады. Белгилүү болгондой, бактериялар фотосинтез, азотту турукташтыруу жана ферментация аркылуу азыктык чынжырдын (тизмектин) негизги шакегин түзүшөт. Океандын 300 метр түбүндөгү изилдөөлөр бактериялардын аткарган кызматтарынын булар менен эле чектелбей турганын көрсөттү. Жаңы ачылган жана океандын жүздөгөн метр астында, түп жагында жашаган жана ал жердеги таштарды жеген бактериялардын ал жердеги жандыктарды азык менен камсыздоо функциясын аткараары аныкталды...
![]() |
Bakteriler, sahip oldukları üstün mekanizmalar sayesinde, insanların başaramadıkları hatta sırrını bile çözemedikleri pek çok mucizeyi gerçekleştirirler. Petrolün oluşumunda oynadıkları önemli rol, bu gerçeği açıkça gösterir. |
Калифорния университетинин Скриппс океан изилдөө институтуна караштуу изилдөө тобунун мүчөсү Хьюберт Стаудигел (Hubert Staudigel) бул жандыктардын океандын түбүн каптап тураарын жана аларсыз эч бир жер жок экенин айткан.
Таштарды жеп талкалаган бул жандыктар керектүү химиялык заттарды ажыратып, океандын суусуна, ал жерден болсо азык чынжырына кошушат, ошентип океандын түбүндөгү жашоонун уланышында негизги рольду ойношот.37
Бактериялар, ошондой эле, жай бою көлдөрдүн ичиндеги жандыктарга керектүү минерал жана азыктарды даярдоо милдетин да аткарышат. Көлдөрдө кыш бою дээрлик өлүү абалда турган өсүмдүк жана жаныбарлар жайында кайра жанданганда талап кылган бүт азык жана минералдарды бактериялардын кышындагы иш-аракеттери камсыз кылат. Кыш бою бактериялар суунун түбүнө чөккөн органикалык калдыктарды, б.а. жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өлүктөрүн жана калдыктарын ажыратып минералдарга айландырышат. Ошентип бактериялар жашаган көлдөр тазаланат. Бул ажыратуу процессинде көлдүн түбүндө ар кандай минералдар да чогулат.38 Ошентип жандыктар жазында ойгонгондо азыктары да даяр болуп калат. Бактериялар аркылуу бир жагынан айлана-чөйрө «жазгы тазалыктан» өткөрүлсө, экинчи жагынан жайында кайрадан жанданган табият үчүн жетиштүү көлөмдө азык даярдалган болот. Жараткан бүт жандыктарына эсепсиз ырыскы берген Аллах көлдө жашаган өзгөчөлүктөрү жана түрлөрү жагынан ар кандай болгон сансыз жандыктарга бактерияларды себепчи кылган. Бактериялардын башка жандыктарга пайдасы тийип жатканын билбегени сыяктуу эле, жайында активдешкен суу жандыктары да азыктардын аларга кайдан келип жатканын изилдешпейт. Алар болгону жараткан Аллахка моюн сунушкан.
Кен байлыктарда адистешкен бактериялардын салымы менен пайда болгон эң маанилүү жана балким эң баалуу бир кен болсо – бул алтын. Жер бетинин 2 миля (3,5 км) астында жайгашкан бул бактериялар алтын кендеринде жашашат жана жашыруун алтын өндүргөн алхимиктердей иштешет. Таштардан азыктанган сайын микроскопиялык алтын күкүмдөрүнүн чөгүшүн ылдамдатып, жердин астында алтындын пайда болушуна себеп болушат.39 Бул, албетте, өтө жай жүрүүчү бир процесс. Ошондуктан жердин астындагы бактериялардын жашоо темпи жер бетиндеги бактерияларга салыштырмалуу абдан жай.
![]() |
Altın yataklarında yaşayan bakteriler, kayalarla beslendikçe mikroskobik altın parçalarının çökelmesini hızlandırır ve yer altında altın oluşmasına sebep olurlar. Hayatımızı güzelleştiren altının oluşumuna, Allah, bakterileri vesile etmiştir. |
Катардагы бир бактерия бир саатта 3-4 жолу бөлүнсө, жердин астындагы бул бактериялар 100 жылда бир бөлүнүшөт. Бул организмдер миллиондогон жыл үстүңкү бетти көрбөстөн жашай алышат.40 Бул болсо ал бактериялардын атайын алтын өндүрүү үчүн долбоорлонуп жаратылганын далилдейт.
Бир микроорганизмдин керектүү жерде, керектүү жол менен жана керектүү санда бөлүнүшү бизге Аллахтын бүт нерсени кемчиликсиз жаратаарын көрсөтөт. Бир тамак-аштын бетинде жашаган бактерия дагы, адамдардын ичегилерине жайгашкан бактерия дагы, жердин астында кендерди ажыраткан бактерия дагы өзгөчөлүктөрү ар кандай болгону менен, бир эле бактериялар. Бирок жашаган жерине жараша бөлүнүү ылдамдыгын өзгөртүү касиетине ээ. Болгондо да, мында эч жаңылыштык кетирилбейт; бактериялар кайсы жерде, канча керек болсо, ошончого көбөйүшөт. Мындай пландуу иш-аракетти бир клеткалуу жандык өзү жасайт деп айта албайбыз, албетте. Бактериялардын пландуу түрдө эсеп жүргүзүшүн аларга бүт илимдердин үстүндөгү илим ээси, бүт акылдардын үстүндөгү акылдын ээси Аллах илхам кылууда.
Бактериялар, адам да кошо, көптөгөн жандыктардын зат алмашуусуна кирип түздөн-түз ага же кыйыр түрдө тирүү организмдерге пайда алып келишет. Бактериялардын көптөгөн түрдөн турган чоң ааламында эки тараптуу пайдага таянган жашоо мисалдары ушунчалык көп. Ал тургай, бактериялар жер жүзүнүн көзгө көрүнгөн эң кичинекей жандыктары болгон термиттердин тамак сиңирүүсүндө да кызмат кылышат. Целлюлозаны өз алдынча сиңире албагандыктан, бул үчүн бактерияларга муктаж болгон термиттердин бир даанасынын ичегисинде эле 2,7 миллион бактерия болот.41 Ошол сыяктуу эле, зат алмашуусу целлюлозаны сиңирүүгө ыңгайсыз болгон кепшөөчү жаныбарларда да тамак сиңирүүнү бактериялар камсыз кылышат.
Бактериялар ден-соолугу жайында болгон бир адам денесинин бүт тарабында жашашат. Болжолдуу эсептер боюнча, адам терисинин бир сантиметр квадратына 10 миллион бактерия туура келет. Мисалы, бир эле тилдин үстүндө 80 бактерия түрүнүн жашай турганы жана сыртка чыгарылган бактериялардын санынын болсо 100 миллиард менен 100 триллиондун арасында өзгөрөөрү белгилүү. Адам ичегисинин бир сантиметр квадратында болсо болжол менен 10 миллиард организм жашайт.42
![]() |
Metabolizması selülozu sindirmeye uygun olmayan geviş getiren hayvanlarda, sindirimi bakteriler sağlar. |
Белфаст «Queen» университетинен микробиология профессору Марк Паллен (Mark Pallen) ден-соолугу чың бир адам денесиндеги бактериялар жөнүндө мындай дейт:
Бир эле ооздун ичинде 80 башка түр бар. Францияда «Jouy-en-Josas» экология жана физиология лабораториясында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө ичегилерде 80 түрдүү микробдун болоору аныкталды. Денеде жашаган микробдордун саны жөнүндө так бир нерсе айтуу кыйын, бирок денебизди дайыма ден-соолукта кармаган 200дүн тегерегинде микроорганизм түрү бар экенин айтууга болот.43
Марк Паллен айткан бул 200 саны денедеги микроорганизмдердин «түрлөрүнүн» саны. Бул 200 түрдүн ар биринин миллиондогон мүчөсү бар. Ар бири дененин ичинде ар түрдүү кызматтарды аткарышат. Биз болсо денебизде ушунчалык көп сандуу бир «коомдун» жашап жатканын да көбүнчө биле бербейбиз. Анткен менен, алар мүнөт сайын, секунда сайын биз жашашыбыз үчүн иштеп жатышат. Бактериялар менен ушундай симбиоздук жашоо өткөргөн көптөгөн жандыктар бар. Алардан бир канча мисал келтирели.
![]() |
Simbiyotik bakteri, bezelye köklerinde oluşan kabarcıklar içinde kendisine bir sığınak elde etmiş olur. Bunun karşılığında ise bitki, hiç tükenmeyecek bir nitrojen deposuna sahip olur. |
Бактериялар өсүмдүктөр менен да эки тарапка тең пайдалуу бир мамиледе болушат. Мисалы, буурчакта жана буурчактын тамырларында азотту туташтыруучу бактериялар жашашат. Азоттун тирүү организм үчүн канчалык маанилүү экенин жогоруда айттык. Азот ала албай калса, бул өсүмдүк эртеби-кечпи өлөт. Ошондуктан тамырларында жашаган бактериялар алар үчүн абдан маанилүү. Бактериялардын буурчакты тандашына болсо бул өсүмдүк менен бактериялардын арасындагы химиялык байланыш себеп болот. Симбиоздук бактерия өсүмдүктөрдөгү кээ бир гендерди стимулдап, тамырларда майда көбүкчөлөрдү пайда кылдырат. Бактерия бул көбүкчөлөрдү өзүнө башпаанек кылат. Анын акысына өсүмдүк эч түгөнгүс бир азот кампасына ээ болот.44
Дагы бир симбиоздук байланышты тоголок балык менен ичеги бактерияларынан көрүүгө болот. Тоголок балыктардын өзгөчө бир коргонуу системасы бар жана алар абдан уулуу. Бул уу тетродотоксин деп аталат жана тоголок балыктын ичегисинде жашаган бактериялар тарабынан өндүрүлөт. Бактериялар өндүргөн бул уулуу токсиндин көп бөлүгү балыктын боорунда, ичегисинде жана башка ички органдарында болгону менен, уу жандыктын денесинин бүт жагына тарайт. Ал тургай, уунун бир бөлүгү балыктын булчуңдарынын ич тараптарына чейин кирет. Ошондуктан тоголок балыкты жана бул балыктын личинкаларын жеген жандыктар абдан чоң коркунучка кабылышат. Бул коркунучту билген душмандар тоголок балыкка жакындаганга да аракет кылышпайт.45 Бактериялардын бул жардамы балыктын башка балыктарга жем болушуна бөгөт койот. Албетте, бул жерде эң таң калыштуусу, башка балыктарга чоң коркунуч туудурган уу тоголок балыктын бүт денесине тараганына карабастан, ага зыян тийгизбейт. Бул тоголок балыкты коргошу үчүн Аллах тарабынан атайын жаратылган кемчиликсиз бир долбоорду көрсөтөт. Бул биргелешип жашоо мисалында башка кереметтер да бар. Айланадагы башка балыктардын тоголок балыктагы коркунучту байкап ага жакындабаганга аракет кылышы, бактериялардын көп аракет менен ушундай коргоо ыкмасын иштеп чыгышы Аллахтын жандыктарды бири-бирине шайкеш кылып жаратканын көрсөтөт. Буларды пландуу бир долбоор менен, кудуреттүү Жаратуучу жараткан.
![]() |
Kirpi balığının bağırsağında yaşayan bakteriler, balığın kaslarının içine kadar yayılan bir zehir üretirler. Bu zehir, balığın kendisine zarar vermezken, düşmanlarından korunmasını sağlar. |
Бактериялар түтүктүү сөөлжандар менен да кызыктуу бир байланышта болушат. Бул жандыктын түтүктөрүн ар бир граммына 100 миллиард бактерия бата ала турган бир ткань каптап турат. Түтүктүү сөөлжандардын кызыл түкчөлөрү кычкылтектин ордуна бактериялардын азыгы болгон гидросульфатты ташуучу канга толо. Ал эми бактериялар болсо гидросульфатты кычкылдандырып, бул кычкылдандыруудан келип чыккан көмүр кычкыл газын сөөлжанга азык боло турган көмүртек кошулмаларына айландырышат.46 Башкача айтканда, булардын ортосундагы мамиле бири-бирине азык берүүгө таянган. Сөөлжан бактерияны бакса, бактерия сөөлжанга азык өндүрөт.
Деңиздерде жашоочу дагы бир сөөлжан түрү «Riftia Pachyptila» болсо тамак сиңирүүдө бактерияларга муктаж. Бул сөөлжан түрүнүн тамак сиңирүү системасы жок. Алгач, тамак сиңирүү системасы болбогон бул жандык тери аркылуу деңиз сууларында ээриген органикалык заттарды сиңирип азыктанат деп болжолдонгон. Бирок терисинин аянты анын көлөмүнө салыштырмалуу абдан кичинекей болгондуктан, бул жандыктын териси аркылуу азыктана албашы бат эле белгилүү болгон. 1981-жылы бул сөөлжандын органикалык молекулаларды сиңирүү аркылуу эмес, кадимкидей эле азыктанаары, тамак сиңирүү процессинин болсо бактериялар тарабынан жүргүзүлөөрү аныкталып, баарын таң калтырды. Бактерия менен сөөлжандын ортосунда чындыгында абдан акылдуу кызматташтык түзүлгөн. Сөөлжан бакалоору аркылуу ичкен суюктук күкүрт менен кычкылтекке бай. Бул заттар кан аркылуу бактериялар турган жерге барып, ал жерде бактериялардын органикалык кошулмаларды жасашына шарт түзөт. Сөөлжан ал заттарды азык катары колдонот жана, ошондой эле, сөөлжандын көмүр кычкыл газы, азоттуу заттар сыяктуу зат алмашуудан чыккан калдыктарын да кайра бактериялар алып азыкка айландырышат. Кадимки шарттарда бүт бул химиялык процесстерден пайда болгон күкүрттүү гемоглобин кычкылтекти ташый албашы жана дем алуу ферменттери үчүн уулуу болушу керек эле. Бирок бул маселе да белгилүү бир план менен чечилген. Сөөлжандын курсагында көп санда күкүрттү кармап, гемоглобинди коргогон бир белок бар.47
![]() |
Riftia Pachyptila cinsi solucan, |
Сөөлжандын денесиндеги боштук бактериянын ал жерге жайгашышына, бактерия чыгарган тамак-аш сөөлжандын азыктанышына, сөөлжандын калдыктары бактериянын жашашына себеп болот жана иштеп чыгарылган фермент болсо бүт бул процесстерден сөөлжандын ууланып калышына бөгөт койот. Бул кичинекей мисалдагы сансыз себеп-натыйжа байланыштары бир гана чындыкты көрсөтөт. Аллах бул чындыкты бир аятта төмөнкүчө кабар берет:
Асмандардагы жана жердегилер Аллахка тиешелүү. Эч күмөнсүз, Аллах Ганий (эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес), Хамид (мактоолор да бир гана Ага тиешелүү). Эгер жер жүзүндөгү дарактардын баары калем жана деңиз, ага дагы жети деңиз кошулуп, (сыя) болсо, Аллахтын сөздөрү (жазып) түгөнбөйт. Күмөнсүз, Аллах улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Локман Сүрөсү, 26-27)
![]() |
Kısa kuyruklu mürekkepbalığı (Euprymna scolopes) ile ışık saçan bakteri (Vibrio fischeri) arasında da karşılıklı faydaya dayalı bir ilişki vardır. |
Кыска куйруктуу сыя балыгы (Euprymna scolopes) менен жарык чыгаруучу бактериянын (Vibrio fischeri) ортосунда да эки тарапка тең пайдалуу бир мамиле бар. Бул бактерия сыя балыгынын «тонунун» астындагы оюкта жашайт. Бул аймак сыя балыгынын жарык чыгаруучу органы деп айтылат.
Сыя балыгы күндөрүн тайыз сууларда кумдардын астына жашынуу менен өткөрөт. Түн кирип аңчылыкка чыкканда жарык чыгаруучу органындагы бактерия жарык чыгарып баштайт. Бул жарык балыктын түнкү нурлардын арасында байкалбай калышына шарт түзүп, аны душмандарынан коргойт. Бул кереметтүү көмөктөшүүдө эки тараптуу байланыштан тышкары, албетте, башка кереметтер да бар. Бактериянын жарык чыгаруучу органдагы тканьдардын пайда болушуна кандай таасир тийгизээрин изилдеген илимпоздор жарык чыгаруучу органга «V. Fischeri» бактериясы жайгашышы үчүн сыя балыгында атайын бир тканьдын болоорун аныкташкан. Балык бактерия анын денесине жайгашышы үчүн өзүнүн формасын өзгөртүп, бактериянын жашашына ыңгайлуу шарттарды түзөт.48
Түнкүсүн аңчылык кылган «деңиз шайтаны» балыгы үчүн да айланадагы жарыктар абдан коркунучтуу болуп саналат. Жарык бул балыктын душмандарына байкалып калышына жана олжолорунун көрүп калып, качып кетишине себеп болот. Ошондуктан «деңиз шайтаны» айдын нуру өтө жарык болгон түндөрү же кандайдыр бир жасалма жарык пайда болгондо, айланасына көрүнбөгөнгө аракет кылат. Балык айланасынын караңгы экенин көргөндө болсо олжосун издөө үчүн жолго чыгат. Караңгыда планктондор менен майда рак түрүндөгүлөрдөн турган олжосун кармоодо өзүнүн жарыгы эң чоң көмөкчүсү болот. Бул балыктын жарыгынын булагы болуп көздөрүнүн астындагы органдары эсептелет. Ал органдардын ичинде болсо балыктын канындагы кычкылтек жана кант менен азыктанган жарык чыгаруучу бактериялар жашашат.
Балык жарыгын күйгүзүп, өчүрө алат жана тамак издеп жатканда каалаган тарапка бура алат. Бактериялар чыгарган бул жарык ушунчалык күчтүү болгондуктан, аны отуз метрлик аралыктан да көрүүгө болот. Бир балыктан чыккан жарык кичинекей бир бөлмөнү жарытууга жетет. Бул бактериялар чыгарган жарык өтө натыйжалуу болгондуктан, балык кармалып өлтүрүлгөн соң бир канча саат бою жарык органы күйүп тура алат.49
![]() | ![]() |
Ananas balığının bedenine yerleşen bakteriler, kendileri için hem bir barınak bulmuş olur hem de balığın sağladığı olanaklarla besin maddeleri elde ederler. Bunun karşılığında ise balığa, geceleri avlanmasına ve yolunu bulmasına yardımcı olan ışığı sağlarlar. | Düşmanlarından korunmak için karanlıkta avlanmak zorunda kalan fener balığının, avını yakalamak için en büyük yardımcısı kendi ışığıdır. Bu parlak ışığın kaynağı ise, balığın gözlerinin altında yerleşmiş olan bakterilerdir. |
Ушундай эле жөндөмү бар дагы бир бактерия болсо ананас балыгына жарык берет. Ананас балыгы денесин каптаган, соотко окшош кабат кабат кабырчыктарынан улам ушинтип аталат. Бактериялар бул жандыктын денесинен да өздөрүнө ыңгайлуу бир орун табышат. Балык берген мүмкүнчүлүктөр аркылуу өздөрүнө бир башпаанек жана азык табышып, балыкка болсо түнкүсүн жарык чыгарып, аңчылык кылышына жана жолун табышына жардам беришет. Бактериялар менен Лесвос балыгынын ортосунда да ушундай эле кызматташтык бар. Лесвос балыгынын тамагынын арт жагында ичинде бактериялар жашаган эки жарык бези болот. Балык бактериялардын көмөгү менен жарыкты керектүү учурларда күйгүзүп өчүрө алат же толугу менен жаркырап көрүнө алат.
Бул бир канча мисалдагы кээ бир нерселерге тереңирээк токтолуу туура болот. Бактериялар бир жандык менен чогуу жашоонун аларга пайдалуу болоорун «ойлонуп», ал үчүн өздөрүнө ылайыктуу бир жандыкты «тандашат» жана керек учурда алардын «түзүлүшүн өзгөртүп» алардын денесине жайгашышат. Ошол эле учурда ал жандыктарды коргоп, аларга ар кандай пайдаларды алып келишет. Бир сыя балыгы үчүн өзүндөгү жарык аркылуу коркунучтардан коргонуу, албетте, чоң пайда. Муну «эске алган» бактериялар бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аны өздөрүнө үй кылып алышат. Мындай акылдуу иш-аракеттери үчүн негизи бул жандыкты «өз алдынча ойлоно алат» деп кабыл алышыбыз керек болот. Бирок бул жандык болгону бир бактерия. Эгер бул акылдын булагын бул микроскопиялык жандыктан издесек, албетте, жаңылабыз. Бир «чыгарма» дайыма аны жасагандын «акылын» чагылдырат. Бул кичинекей, бирок аң-сезимдүү жандык дагы аны жараткан Аллахтын улуу акылын жана кудуретин чагылдырат.
![]() |
İnsan bağırsağında sindirim ve vitamin emilimi gibi hayati işlemleri gerçekleştiren bağırsak bakterisi Escherichia coli. |
Ичегилерибизде көптөгөн бактерия түрүнөн турган кичинекей бир экосистема бар. Ал бактериялардын ар бир түрүнүн өзүнүн кызматтары бар жана тамак-аштардын, витаминдердин сиңирилиши сыяктуу көптөгөн иштерди аткарышат. Ичегилерде жашаган бул бактериялар жалпысынан «ичеги таякчалары» (Escherichia coli) деп аталат. Ичеги таякчасынын, жогоруда айтылгандай, бир хромосома спиралында болжол менен 5000 ген болот. Бул болсо болжол менен 3 тамгадан турган 1 миллион кодонго барабар.50 (Кодон – бул, ATCG тамгаларынан турган ДНК кодунда болгону 3 тамгадан түзүлүп, кандайдыр бир маанини билдирген сөздөр. Кодондор биригип кандайдыр бир маанини билдирген сүйлөмдөрдү, б.а. гендерди түзүшөт.) Башкача айтканда, атайын бир максат менен жазылган бир миллион код бактериянын бүт өзгөчөлүктөрүн жана кыла турган бүт иштерин аныктайт. Бул бактериянын ДНКсындагы бул кереметтүү маалыматтын көлөмү жана мүнөзү эволюционист бир булакта төмөнкүчө айтылган.
ДНК коду – клеткага маалыматты жеткирүүчү генетикалык бир тил. Клетка ар бир функциясын көзөмөлдөөдө ДНКдагы маалыматтарды колдонгон өтө татаал бир түзүлүш. Бир клеткалуу бир бактерия болуп эсептелген ичеги таякчасынын ДНКсындагы маалыматтын көлөмү чындыгында абдан көп. Дүйнөнүн эң чоң китепканаларынын кандайдыр бирөөсүндөгү бүт китептердин ичиндеги маалыматтан алда канча көп...
![]() |
E. coli bakterisinin DNA'sındaki bilgi miktarı, dünyanın en büyük kütüphanelerinin herhangi birindeki tüm kitapların içerdiği bilgiden çok daha fazladır. |
>(…) Ичеги таякчасынын клеткаларындагы ДНК тамгалары абдан пландуу тизилген. Ушундай пландуу тизмектен улам гана биологиялык функциясын аткара алышат.51
Бул жандыктын бул иштерди кантип аткараары жана бул симбиоздук жашоодон кандайдыр бир пайда алып-албашы болсо азырынча белгисиз бойдон калууда. Бактериялардын алган пайдасы жөнүндө бир гана нерсе белгилүү: бул жандыктардын кээ бирлери ичеги клеткаларына өз муктаждыгын билдирип, аларды кант бөлүп чыгартышат жана ал кантты азык катары колдонушат. Бактериялардын алган пайдасы жөнүндө ушуларды гана билебиз, бирок бул биргелешкен жашоонун адамга өтө маанилүү пайдалары бар. Бактериялар адамдын ичегисинде тамак-аштарды жана витаминдерди сиңирүү сыяктуу бир катар иштерден тышкары, зыяндуу бактериялардын ооруга алып келишине да бөгөт коюшат. Бактериялардын көмөгү менен ичегилер өз функциясын аткарат жана иммундук система да күчтөнөт. Бул бактериялар адамда жана кээ бир сүт эмүүчүлөрдө K витаминин иштеп чыгышат. K витамини адамдар жана кээ бир кепшөөчү жандыктар үчүн абдан чоң мааниге ээ. Себеби бул жандыктар K витаминин тамак-аштардан ала алышпайт. Бирок денеге бул витамин керек. Бул муктаждыкты бактериялар камсыз кылышат. Бактериялар адам жеген жашылча-жемиштердеги целлюлозаны майдалап сиңирип, глюкозага айлантат жана денеге K витаминин беришет.52
Бул иш-аракеттер, албетте, абдан татаал жана өтө маанилүү химиялык процесстерден турат. Бул процесстер жер жүзүндөгү бүт адамдарда бактериялар тарабынан эч катасыз жана кемчиликсиз жасалат. Бирок бул процесстер ушунчалык татаал болгондуктан, сырлары дагы эле белгисиз. Дүйнөгө таанымал эволюционист журналдардан «New Scientist» журналында бактериялардын пландуу иш-аракеттеринин «белгисиз» тараптары төмөнкүчө айтылган:
Акыркы 10 жылда микробдор менен дененин ортосундагы «эки мүнөздүү» мамилени изилдеген микробиологдор комменсал (бир дасторкондо тамак жеген) бактериялардын табышмагын алигече чече алышкан жок. Бул бактериялардын бир бөлүгүнүн ичегилердин ички капталдарында, экинчи бөлүгүнүн болсо ар кандай жарыктарда жайгашаары белгилүү. Бирок бул жөнүндө билбегендерибиз билгендерибизден көп. Илимпоздор азырынча жооп бере албаган көптөгөн суроолор бар. Бул дүйнөгө жаңы келген бир канча сааттык бир жандыктын ичегилерин көздөгөн бул микробдор кайсы жерге жайгашуу керек экенин кантип билишет? Жана жайгаша турган жерди ээлеген соң чабуулга келген башка бактериялардан мекендерин кантип коргошот? Ошондой эле, көп жылдар бою биз менен бирге тынчтыкта жашаган бул микроорганизмдердин бир кезде эле бизге душманга айланып, өлүмгө алып келе турган ооруларга жол ачышынын себеби эмнеде? Эң негизгиси, иммундук система ичегилердин бул микроскопиялык тургундарына каршы эмне үчүн согуш ачпайт?53
![]() |
Bakteriler, canlının vücuduna aldığı sebzelerdeki selülozu parçalayarak sindirilebilir, glikoz haline getirir ve vücuda K vitamini sağlarlar. Söz konusu canlıların K vitaminini bir başka şekilde elde etmeleri olanaksızdır. Bu, Allah'ın kusursuz ve üstün yaratışının bir örneğidir. |
Бул маанилүү суроолордон тышкары, көңүл буруу керек болгон дагы бир маанилүү жагдай бар. Белгилүү болгондой, бактериялар өтө тез көбөйө алчу жандыктар, жана эгер айланадагы шарттар ыңгайлуу болсо, бир канча сааттын ичинде саны миллиондорго жетип барат. Бул мүнөз адамдын денесиндеги бактерияларга да тиешелүү болушу керек. Себеби адамдын денесиндеги шарттар бактериялардын көбөйүшүнө ыңгайлуу. Алар да башка бактерия түрлөрү сыяктуу кыска убакыттын ичинде ашыкча көбөйүп, ичегилерди дээрлик толугу менен басып алышы керек. Бирок иш жүзүндө мындай көйгөй барбы? Ичегилерибизге жайгашкан ичеги таякчасы бактериясында мындай маселе жок. Бул бактерия 20 мүнөттө бир экиге бөлүнөт жана бул көбөйүүдөн соң пайда болгон бактериялардын көпчүлүгү өлүп турат. Эгер мындай болбогондо, ичеги таякчасы клеткалары 20 мүнөттө бир эч тынымсыз бөлүнгөндө, 43 саатта бүт дүйнөнү каптай турган көлөмгө жетишмек. Бирок эч качан мындай көйгөй пайда болбойт, себеби ал жерде жашаган бактериялардын ортосунда тамак-аш үчүн күчтүү бир атаандаштык бар. Атаандаштыкты жеңе албагандар өлгөнгө мажбур. Мындан тышкары, бактериялар денедеги антибиотиктерге да туруштук бере алышпайт.54
Ичегилердеги бактерия тең салмактуулугу мына ушинтип түзүлөт. Тирүү калгандар болсо адамдын тамак сиңирүүсүнө керектүү санды түзүшөт. Бул сан миллиарддаган жылдан бери бүт адамдарда жөнгө салынып келген бир сан. Эч бир адамдын денесинде ичегидеги бул бактериялардын баары өлүп калган эмес же чектен чыгып көбөйүп кеткен эмес, себеби бул жандыктар атайын адамга пайдалуу болсун деп жаратылган. Кылган иштеринен санына чейин бүт баары аларды жараткан Аллах тарабынан белгиленген. Аларды башкарган, кайсы жерде, качан жана канча санда болушу керек экенин билген жана пландаган – Аллах.
![]() |
Yanda resmi görülen bu bakteriler, acaba nasıl nitratın vücuda zararlı olduğunu düşünmüş ve bunu ortadan kaldırabilmek için dilimizi karargah edinmişlerdir? Kuşkusuz evrimciler bu soruyu asla cevaplayamazlar. Oysa cevap açıktır: Bu bakteriler, Allah'ın kendilerine bildirdiği bir emri yerine getirmektedirler. |
Ар түркүн тамак-аштар аркылуу денебизге нитрат алып турабыз. Нитрат денеге киргенде, курамындагы бир кычкылтек молекуласын жоготуп, нитритке айланат. Нитраттын нитритке оңой айланышы адам денеси үчүн кооптуу болуп саналат. Нитрит химиялык реакцияларга оңой кирет жана тамак-аштар аркылуу денеге кирген аминдер менен биригип, «нитрозамин» деп аталган бир затка айланат. (Аминдер деп бир валенттүү көмүрсуутектер (углеводороддор) аталат.) Денеге ушундай жолдор аркылуу эч кыйынчылыксыз кире алган нитрозаминдер адамдар үчүн өтө маанилүү болгондуктан, бул химиялык маалыматтарды берүүдөбүз. Нитрозаминдер ашказан рагы сыяктуу олуттуу оорулардын негизги себептеринин бири.
Бирок кээде денеге түздөн-түз кирген, кээде болсо денеде пайда болгон нитрозаминдер денеге зыяны тийбестен жок кылынышат. Буга адамдын денесин коргоо милдетин аткарган бактериялар себеп болушат.
Изилдөөчүлөр бир канча жыл мурда тамак-аштар аркылуу денеге кирген нитраттын 25%ынын нитритке айлануу үчүн шилекейге аралашып ооздогу клеткаларга кайра кайтаарын аныкташты. Башында мунун себебин түшүнө алышкан жок, себеби нитрит потенциалдуу зыяндуу бир зат эле жана зыяндуу бир заттын денеде иштеп чыгарылышы туура эмес болмок. Бирок мунун себеби кийинчерээк белгилүү болду. Көрсө, нитрит шилекейдеги кислота менен бириккенде, денеде нитрозаминдин пайда болушуна бөгөт койот экен. Бул кошулма, ошондой эле, денеге зыяндуу кээ бир бактерияларга да абдан уулуу болуп саналат. Ошондуктан нитрит жеген тамак-аштарыбызга аралашышы үчүн оозубузда атайын жасалат. Ошентип оозго келген тамак-аштар бизге зыяндуу болбой калат жана, ошондой эле, ичиндеги бүт зыяндуу микробдор денеге кирээр замат ушундайча өлтүрүлөт.
![]() |
Bakterilerin vücutta nitratı nitrite dönüştürme işlemleri pek çok yönden bizim için faydalıdır. Nitritin tükürükteki asit ile birleşmesi sonucunda vücuda zararlı bakteriler de devreden çıkarılmış olmaktadır. Yani bu üstün üretim vücutta adeta bir antibiyotik etkisi göstermektedir. |
Нитрит денеде кайсы жерде жасалат жана кайсы жерде сакталат? Нитрит бактериялар тарабынан тилде жасалат. Нитрат тилдин эң арт жагында, бактериялар өтө тыгыз жайгашкан аймакта нитритке айландырылат. Нитратты айландыруучу бактериялар тилдин арт жагында, даам сезүүчү бүртүкчөлөрдүн арасындагы кычкылтек жетпеген оюктарда жашашат. Алар – кычкылтексиз чөйрөдө да, кычкылтектүү чөйрөдө да жашай алган, факультативдик анаэробдор деп аталган бактериялар.
Бактериялар бул иш-аракеттерди тиш эттеринин айланасында да жасашат. Алардын бул иш-аракеттери, ошол эле учурда, тиштердин чиришине да бөгөт болот.55
Бул айтылгандардын баары химиялык процесстер жана адам денесинде бактериялар тарабынан жасалат. Бул жерде мындай суроо узаталы: нитрат эт жана салат сыяктуу эң негизги тамак-аштар аркылуу денебизге тынымсыз кирип турат. Бактериялар бул заттын денеге зыян алып келиши мүмкүн экенин кантип ойлонушкан жана анын алдын алуу үчүн оозду мекендеп алышкан? Дарвинисттердин ою боюнча, мунун себеби эволюция же, башкача айтканда, кокустуктар.
![]() |
Bakteriler, et ve salata ile vücuda sürekli aldığımız nitratın potansiyel zararlı bir madde olduğunu nereden bilir ve buna karşı nasıl tedbir alabilirler? Bu durum canlıların yaratılmış olduklarının açık delillerindenir. |
Ойдон чыгарылган «эволюция процессинде» адамдын тамак-аштардан ооруга чалдыгып өлүп калышына бөгөт боло турган бул бактериялар да кокустан ал жерге жайгашып калышкан. Кээ бири денедеги жайгашкан ордунан улам дем албастан жашай алышы керек болот. Бул маселе да кокустан чечилген! Денедеги иммундук системанын бул бактерияларды коркунуч катары көрүп, алар менен согушушуна да бөгөт коюу керек. Кандайдыр бир жол менен, иммундук система бул жандыктарды кокустан чоочун катары көрбөй баштаган! Эволюция теориясы боюнча, булардын баары кокустан болгон.
Эволюционисттер бир бактериянын максаттуу иштерди жасап, адамды коргошун улуу бир тартип деп атоонун ордуна, эволюция деп аташат. Бирок, бир бактериянын бүт кереметтүү өзгөчөлүктөрү менен бирге адамдын тилиндеги даам бүртүкчөлөрүнө жайгашышына жана денени уулуу заттардан коргошуна кокустуктар себеп болгон деп айтууга болбойт. Адамдын өзү дагы, анын денесиндеги бул пландуу система дагы жер жүзүндөгү акылын колдоно алган бүт жандыктарга бир чындыкты көрсөтүү үчүн жаратылган: Аллах жалгыз жана Андан башка Жаратуучу жок. Бул чындык Куранда бизге төмөнкүчө кабар берилген:
Ал – Авваль, Ахир, Захир, Батын. Ал – бүт нерсени билүүчү. Ал асмандарды жана жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду (Аршка истива кылды). Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшкөн жана ага көтөрүлүп жаткандын баарын билет. Силер кайда болсоңор да, Ал силер менен бирге, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Хадид Сүрөсү, 3-4)
![]() |
Sadece 1 mikrometre çapındaki bir bakteri, bir insanı hasta edip onda hasar bırakabilecek kadar etkili olabilmektedir. |
Бактериялардын көпчүлүгү жандыктарга пайдалуу, бирок кээ бирлери ооруларга себеп болушат. Бул жерде алардын зыяндуу таасирлерине токтолуу керек. Бир бактерия түрүнүн башка бир денеге кирип, өзүнөн миллиарддаган эсе чоң бир жандыкты алсыз кылып коюшу, ал тургай, анын өлүмүнө себеп болушу көптөгөн пландуу этаптардан турат. Чындыгында көп оорулардын себеби бактериялар. Бактерия болгону 1 микрометр диаметрлүү, көзгө көрүнбөгөн бир жандык болуп туруп, кантип мынчалык күчтүү таасир тийгизе алат?
Зыяндуу бактериялар көбүнчө адамдарга жана жаныбарларга тамак-аштар аркылуу кирет. Ыңгайлуу шарт болгондо бактериялардын канчалык ылдам көбөйө алаарын билебиз. Тамак-аштардагы белок сыяктуу азык заттар жана нымдуулук сыяктуу факторлор алардын көбөйүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзөт. Кээ бир бактериялар болсо өз алдынча зыянсыз. Бирок рисктүү тамак-аштарда көбөйүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондо, «токсин» аттуу уулуу заттарды бөлүп чыгарышат жана ал токсиндер тамак-аштар аркылуу адамдарга өтүп, тамактан ууланууга себеп болушат.
Бактериялар аралашкан тамак-аштарды жегенде, бул жандыктар ичегилерде көбөйүп башташат. Клеткалар өлгөндө клетканын ичинде пайда болгон токсин сыртка чыгып, тамак сиңирүү системасына тарайт. Натыйжада ичегилерде бир инфекция башталат. Бактериялар кээде жандыктын денесине кирбестен, тамак-аштын бетинде да токсин заттарын калтырышы мүмкүн. Тамак менен чогуу бул токсин зат денеге кирип, олуттуу ууланууга себеп болушу мүмкүн.56
Бактериялар себеп болгон оорулардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
Адамдар бактериялар себебинен жеген тамак-аштарынан ууланышы мүмкүн. Бирок бактериялардын мындан кооптуураак зыяндуу таасирлери да бар. Мындай бактериялардын бирөөсү «коккобацилл» аттуу бактерия. Анын эң негизги өзгөчөлүгү болсо, бул бактерия 14-кылымда Европа калкынын дээрлик үчтөн бирин жок кылган чума оорусунун бирден-бир себеби болгон.
Адамдардын массалык түрдө өлүмүнө себеп болгон бул микро жандык кандай жол менен бул ооруну пайда кылып, бүт денени басып алат? Балким бул адамдардын жана Аллахтын жаратуучу кудуретин кабыл албаган дарвинисттердин Аллах жараткан кичинекей бир жандыктын алдындагы өздөрүнүн алсыздыгын жакшыраак түшүнүшүнө шарт түзөт болушу керек.
![]() |
Kitlelerin veba hastalığı ile ölümüne sebep olan kokobasil bakterisi. |
Чума бактериясы чычкан, келемиш жана тыйын чычкан сыяктуу кемирүүчүлөрдө паразит катары жашаган бүргөлөр аркылуу адамдарга жугат. Адамдын иммундук системасын курчоого алган бактерия стимулдоочу жана клетка көбөйтүүчү бир таасир тийгизет. Чума бактериясы адамдын денесине тери, көз, ооз, тамак сиңирүү каналы, дем алуу каналы, кан жана лимфа каналдары аркылуу кирет. Бактерия кирген териде алгач ар кайсы жерде ыйлаакчалар (баштыкчалар) пайда болот. Ал ыйлаакчалар дененин бактерияга болгон биринчи реакциясын көрсөтөт, бирок дене бул бактериянын таасирине көп туруштук бере албайт. Бактериянын көбөйүшүнөн пайда болгон токсин лимфа каналдары аркылуу лимфа (алкым) бездерине барат. Лимфа бездеринин бактерия орношкон жери шишип баштайт. Бактериялар лимфа бездеринин айланасында шишиктерди пайда кылышат. Бактериянын токсинине толгон лимфа безинин ичинде гангрена пайда болот. Бул бир органдын же жандуу тканьдын белгилүү бир бөлүгүнүн чирип өлүшү деген мааниге келет. Ал ортодо белгилүү көлөмдөгү чума бактериясы канга аралашып, көк боор, боор жана башка ички лимфа бездерине жетиши мүмкүн. Анда көк боор менен боор чоңойуп баштайт. Аягында, акырындап дене органдары менен лимфалар иштен чыгып, өлүмгө себеп болушат.57
Булардын баары микроскоптон араң көрүнгөн бир даана клетканын көбөйүшүнөн келип чыгат. Бул микро жандык акырындан курчап отуруп дененин чиришине себеп болушу мүмкүн. Чумага каршы бир канча вакцина сыноосунан тышкары, аны толук жеңе турган бир чара дагы эле табылган жок. Сыналып жаткан бул вакциналардын адамдын ичеги, тамак сиңирүү жана дем алуу системаларына тийгизген терс таасирлерин алдын алууга да азырынча мүмкүнчүлүк жок болууда.
Мындан тышкары, бул оору менен байланыштуу 5 түрдүү антибиотиктерге туруктуу (резистенттүү) гени бар бактериялардын бар экени аныкталды.58 Бул, ооруга канчалык чара табылбасын, бактерия ага чыдамкайлык көрсөтүүнү улантат деген мааниге келет. Башкача айтканда, бул микро жандыктардын жөндөмдөрү барган сайын өсүп, чоңураак маселелерди жаратууга даярданууда жана адамдардан акылдуулук кылышууда.
Аллахтын кудуретин кабыл албаган, өздөрүн бүт нерсенин борборуна коюп чоң бир күч катары көрсөткөн жана «бүт баары кокустан пайда болгон» деген калп менен адамдарды алдоого аракет кылган дарвинисттер үчүн бул айтылгандар чоң бир маселе болуп саналат. Бир бактериянын адамдын өмүрүн кыйып, медицина илиминин күчү жетпей турганчалык кемчиликсиз, акылдуу жана системалуу иштеши аны чексиз акылдуу бир Жаратуучунун жаратканын көрсөтөт. Эч бир илимий изилдөө буга башка бир жооп таба алган жок. Келечектеги аракеттерден да эч майнап чыкпайт жана ар бир жаңы ачылыш бүт нерсенин кемчиликсиз жаратылганын далилдей берет. Бул бактерия дагы, бүт башка нерселер сыяктуу, Аллахтын илхамы менен кыймыл-аракет жасайт жана Ага моюн сунат.
Ашказан атайын тамак-аштарды сиңирүү жана бөлүштүрүү үчүн долбоорлонгон. Ашказандан бөлүп чыгарылган ашказан кислотасы бир устараны (мизди) да ээрите ала турган күчкө ээ. Ошондуктан ашказанга барган тамак-аштардын баары ал жердеги кислоталар аркылуу майдаланып, ээритилет.
Ашказан жарасынын себеби изилденгенде, ага Хеликобактер пилори (Helicobacter pylori) аттуу бир бактериянын себеп болоору аныкталган. Бирок эң кызыгы, бул бактерия ушунчалык күчтүү кислоталуу бир чөйрөдө кантип тирүү калат? Бул орчундуу бир маселе, бирок бактерия бул маселени өтө акылдуу бир система аркылуу чечкен. Бактерия ага коркунуч туудурган бул кислоталуу чөйрөдө өзүнчө план түзүп, өзүнө бир башпаанек таап алган. Ашказандын өз кислотасынан өзүн коргоочу бир былжыр чели бар. Бактериялар чоң коркунучка кабылганын түшүнгөндөй болуп, ушул былжыр челдин ичине «жашынууну» чечишет. Ал үчүн, албетте, эң биринчиден ашказанда өзүн коргой турган бир коргоочу чел болоорун билиши жана эгер ал жерге жайгашса, аман калаарын эсептеп чыгышы керек болот.
Бактерия айлана-чөйрөсүн жашоого ыңгайлуу абалга алып келүү үчүн бир фермент бөлүп чыгарат. Ал фермент уреаза деп аталат. Бул фермент заараны (мочевина) аммиакка айландырат. Пайда болгон аммиак бактерия жашаган аймактагы кислотанын деңгээлин төмөндөтөт. Башкача айтканда, мындан ары ал чөйрө бактерияны өлтүрбөй калат. Андан соң бактерия уулуу заттарды бөлүп чыгара баштайт. Анын максаты ал аймактагы иммундук системаны жок кылуу болуп саналат. Эми шарттар бактериянын жашашына жана жайгашышына ыңгайлуу болуп калат. Бул ыңгайлуу шарттарда бактерия көбөйүп, б.а. ооруну жайып баштайт.
![]() |
Midede gelişen ülserin sebebi araştırıldığında buna Helicobacter pylori adı verilen bir bakterinin neden olduğu anlaşılmıştır. |
Негизи бактериянын эмне үчүн дененин ушунчалык кооптуу бир аймагын басып алууга аракет кылаары жөнүндө өзүнчө сөз кылуу керек. Кадимки шарттарда бактерия мындай кислоталуу чөйрөнүн ордуна, былжырдын астындагы кандайдыр бир коопсуз жерди инфекция кылса да болот эле. Бул бактерия үчүн оңойураак болмок жана кооптуу чөйрөгө да эч кирмек эмес. Бирок бактерия мындай кылбайт, себеби азыктанышы керек. Бул бактерия өзүнө кантип азык табат?
Былжыр челде инфекция пайда болгондо, дене ал жерге көп санда иммундук клетка жана азык жөнөтөт. Инфекция айыкмайынча азык да келе берет. Жардамдын тынымсыз келиши ал жердеги бактериялардын бүт азык муктаждыгын үзгүлтүксүз камсыз кылат. Канчалык коркунучтуу болгонуна карабастан, бактериянын дененин дал ушул аймагын тандашынын себеби мына ушунда. Бул жерде мунун баарын бактериянын алдын ала эсептеп чыгаары апачык көрүнүп турат. Бактерия эң башынан кантип азык табууга болоорун ойлонот жана инфекцияга туш болгон жерге дененин көп азык жиберээрин билет. Аларга бул маалыматты ким берген? Адам денесинде ушундай бир механизм бар экенин кайдан билишет? Бул маалыматты кандайдыр бир жол менен билип калышкан десек, анда «аны өздөрүнүн пайдасына колдонуу жөндөмүн кайдан алышкан?» деген суроо туулат. Аллахтын кудуретин билбеген адамдар бул суроолорго башка жооп табууга аракет кылышат, бирок бул аракеттеринен эч майнап чыкпайт. Себеби Аллахтын жаратууда эч бир шериги жок, Ал чексиз кудуреттүү жана бүт баарын өрнөксүз жараткан. Аллахтын бул теңдешсиз чеберчилигинин сырларын түшүнүү үчүн айланабыздагы бүт Анын чыгармаларынан Анын кудуретин көрүп, байкоо керек.
Айткын: «Жер жүзүн кыдырып, жаратууну кантип баштаганын бир карагыла, анан Аллах акыретти (же акыркы жаратууну) да куруп жаратат. Күмөнсүз, Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. (Анкебут Сүрөсү, 20)
Бактериялар бул жерде тереңирээк каралган оорулардан тышкары, дагы көптөгөн орчундуу жана өлүмгө алып бара турган ооруларга себеп болушат. Алардын арасында ала оорусу (проказа), менингит, кургак учук, холера жана тиф оорулары бар. Бүт бул ооруларда бактериялар өзгөчө ДНК түзүлүшү жана пландуу иш-аракеттери аркылуу денени басып алышат. Ушул жана ушуга окшогон көптөгөн оорулар болгону бир клеткалуу бир жандыктан келип чыккан, бирок ошого карабастан дабасы дагы эле табыла элек же кыйынчылык менен араң дарылана турган оорулардан болуп саналат.
Денебизге кирген бактериялардын кээ бирлеринин пайдалуу экенин, кээ бирлеринин болсо ооруларга себеп болоорун билебиз. Ооруларга себеп болчу бактерияларды жок кылууда колдонулган бир гана ыкма бар: антибиотиктер. Денеге берилген антибиотиктердин кээ бирлери бактерияларды «өлтүрсө», кээ бирлери алардын өрчүп көбөйүшүнө бөгөт койот. Жумушу бүткөн антибиотик тазалоо ишин иммундук клеткаларга калтырат. Мисалы, кээ бир антибиотиктер бактериянын мембранасына чабуул койушат. Ал антибиотиктер бактериянын өзүнө бир кабыкча жасап сырткы таасирлерден коргошуна бөгөт койушат. Натыйжада бактериянын ичине суюктук кирет жана клетка жарылып өлөт.
![]() | |
1. Antibiyotik | 5. Ölü bakteri |
Resimde, bazı bakteriler antibiyotikler tarafından ortadan kaldırılırken, bazılarının direnç kazandıkları ve çoğalmaya devam ettikleri gösterilmektedir. |
Кээ бир антибиотиктер болсо клеткага кирип чыккан керектүү заттардын клетканын ичиндеги деңгээлдерин өзгөртүшөт. Белгилүү болгондой, клетканын мембранасы клеткага пайдалуу нерселерди бөлүп клетканын ичине киргизет жана зыяндууларды бөлүп, калдыктарды сыртка чыгарат, б.а. «тандап өткөрүү» өзгөчөлүгүнө ээ. Антибиотик бактериянын клетка мембранасынын ушул өзгөчөлүгүн өзгөртүп салат. Натыйжада мембрана «тандап өткөрүү» касиетинен ажырайт. Ичине азык заттарды киргизе албай, зыяндуу заттарды болсо тосо албай калган бактерия көп өтпөй өлөт.
![]() | |
1. Antibiyotik Durduruyor | 4. Dayanıksız Bakteri |
Antibiyotik tedavisi sona erdiğinde, dayanıklı bakteri bir süre daha direnç gösterir. Eğer antibiyotiğe karşı koyamayan bakteriler yakınlardaysa, dayanıklı olanı da aralarına alarak güçsüzleştirirler. |
Кээ бир антибиотиктер болсо клеткага кирип чыккан керектүү заттардын клетканын ичиндеги деңгээлдерин өзгөртүшөт. Белгилүү болгондой, клетканын мембранасы клеткага пайдалуу нерселерди бөлүп клетканын ичине киргизет жана зыяндууларды бөлүп, калдыктарды сыртка чыгарат, б.а. «тандап өткөрүү» өзгөчөлүгүнө ээ. Антибиотик бактериянын клетка мембранасынын ушул өзгөчөлүгүн өзгөртүп салат. Натыйжада мембрана «тандап өткөрүү» касиетинен ажырайт. Ичине азык заттарды киргизе албай, зыяндуу заттарды болсо тосо албай калган бактерия көп өтпөй өлөт.
Кээ бир антибиотиктер бактериялардын белокторуна чабуул жасайт. Белоктор клеткалардын негизги жашоо функцияларын аткарышат. Ошондуктан эгер белоктор болбосо, негизги жашоо функциялары үзгүлтүккө учурайт. Бул аягында бактериянын өлүмүнө себеп болот. Клеткада белокторду бир гана рибосома өндүрөт. Антибиотиктердин милдети рибосоманын системасын бузуп, белок өндүрүшүнүн ылдамдыгын азайтуу, ал тургай, туура эмес белокторду синтездетүү болуп саналат. Дагы бир антибиотик болсо белокторду өндүрүү үчүн керек болгон нуклеиндик кислоталардын өндүрүшүн токтотот.59 Нуклеиндик кислоталар өндүрүлбөй калганда да бактерия кайра эле белок жетишсиздигинен өлөт.
Ошентип антибиотиктер бизди зыяндуу бактериялардан коргойт. Бул максатка жетүү үчүн бактериянын түзүлүшүн билүү жана ага ылайыктуу бир антибиотик ойлоп чыгаруу керек болот. Бирок бул эч биз ойлогондой оңой эмес. Бактериялардын антибиотиктерге карата иштеп чыккан ар кандай тактикалары, өздөрүн коргонуу ыкмалары бар. Бактериялар, б.а. көлөмү бир канча микрон болгон бир клеткалуу жандыктар, канчалаган адамдар тарабынан жогорку технологиялуу лаборатория шарттарында өндүрүлгөн, антибиотиктерге каршы акылдуулук менен өздөрүнүн гендерин өзгөртүп, бир канча секунда ичинде туруштук берип баштай алышат.
![]() |
Bakteriler, antibiyotiklere direnç gösterebilmek için kendi genetik yapılarını değiştirirler. Sonra tüm topluluğun hayatta kalabilmesi için ilgili genleri bir köprü vasıtasıyla diğer bireylere iletirler. |
Болгону бир клетка мембранасы, ДНК жана рибосома сыяктуу бир канча органеллден гана турган бир жандык антибиотикке каршы кантип күрөш жүргүзө алат? Коркунучтун кайдан келгенин кантип биле алат жана ага зыян тийгизе турган нерселерди кантип байкай алат? Андан «коргонуу ыкмасын» кантип иштеп чыга алат? Кантип чечим чыгарат? Алган чечимин кантип ишке ашырат? Аны кантип уюштурат? Ушундай бир жандыкта аң-сезим, жөндөм же ой жүгүртүү сыяктуу нерселер болушу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес. Анда бул жандыктын ага эң чоң коркунуч туудурган антибиотиктер менен болгон согушу учурундагы пландуу иш-аракеттеринин канааттандырарлык жана акылга сыярлык бир жообу болушу керек. Бактериялардагы бул акылдын булагын көрүп, баалай алуу үчүн алгач алардын антибиотиктер менен кантип күрөшөөрүн карайлы.
Кээ бир бактерия түрлөрү үчүн антибиотик денеге киргенде, эң туура жол мүмкүн болушунча көбөйүү болуп саналат. Антибиотиктерге туруштук бере албагандар жеңилип, өлүшөт. Антибиотикке туруштук бере алгандар болсо чогуу бир чечимге келгендей болуп, тездик менен көбөйүп башташат жана чыдамкай жаңы урпактарды пайда кылышат. Ошондуктан денеге киргизилген антибиотик алардын баарын жок кылганга жарабайт жана жаңы чыдамкай түрдү жок кылууга күчү жетпейт. Натыйжада денедеги оору адам антибиотик ичсе дагы улана берет.
![]() |
Streptokok bakterisinin 900 defa büyültülmüş hali. |
Бактериялар колдонгон экинчи ыкма болсо – бул бактериянын өзүн-өзү өзгөртүшү. Мында бактерия өзүнүн генетикалык түзүлүшүн өзгөртөт. Бактерия антибиотик менен мурда жолугушкан болот жана антибиотиктин ага кайсы тараптан келээрин «билет». Мындан улам антибиотиктер таасир тийгизе турган жерлерде генетикалык өзгөртүүлөрдү жасайт. Мисалы, клетка тосмосуна таасир тийгизе турган антибиотиктер үчүн сюрприз молекулаларды иштеп чыгара баштайт. Ошентип кийинки кездешүүдө антибиотиктер ошол жаңы өндүрүлгөн молекулалардын тирешүүсүнө кабылып, клетка тосмосуна таасир тийгизе албай калат.
Бактериянын дагы бир акылдуу иш-аракети болсо – бул дарынын максатына жетишине бөгөт койуу. Мында дарыны сыртка үйлөп чыгарып салат же такыр киргизбей койот. Албетте, бул ыкманы турмушка ашыра турган механизмдер үчүн дагы генетикалык өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болот. Бактериялар муну дагы оңой эле жасай алышат.
Бактерия дагы бир коргонуу ыкмасы катары, антибиотик келип жабыша турган жерди өзгөртүп койот. Антибиотик кадимки шарттарда таасир тийгизе турган жерине жете албаганы үчүн бактерияны өлтүрө албайт. Бактериянын мындай өзгөртүү жасай турган гендерди кайдан алаары болсо дагы эле белгисиз.
![]() | |
1. Plazmid | 4. Bakteri Kromozomu |
İki bakterinin, hayatta kalmalarını sağlayacak genleri birbirlerine aktarmak için oluşturdukları köprü ve gen aktarımı. |
Бактерия, мындан тышкары, антибиотик чабуул жасай турган тарапты бекемдеп койо алат. Мисалы, стрептококк бактерияларынын кээ бирлери «тимидин» аттуу бир молекула болсо гана жашай алышат. Эгер бир антибиотик стрептококктун тимидин өндүрүшүнө бөгөт койсо, бактерия антибиотик «билбеген» жолдор аркылуу тимидин өндүрүп, өзүн коргойт. Натыйжада антибиотик ал билбеген ыкма менен өндүрүлгөн бул заттын булагын жок кыла албайт жана ошондуктан бактерияны өлтүрө албайт.
![]() |
1. Bakteri Hücresi |
Yeni oluşan hücreler yeni hücreleri taşıyor. Bazen bakteriler antibiyotiğe karşı koyabilmek için genlerinde değişiklik yapar ve sonra kendi DNA'larını ortama bırakırlar. Çevredeki diğer bakteriler bu DNA parçalarını kendi genlerine dahil eder ve direnç kazanırlar. |
Бактериялардын акылдуулугун көрсөткөн дагы бир далил болсо – бул «билгендердин билбегендерге үйрөтүшү». Генетикалык түзүлүшүн өзгөртүп чыдамкай болуп калган бактерия ал гендерди өзүнүн түрүнө же башка түрлөргө тиешелүү башка бактерияларга өткөрүп бере алат. Ал үчүн эки бактериянын ортосунда бир көпүрө пайда болуп, тиешелүү ген биринен экинчисине өткөрүлөт. Экинчи ыкмада болсо, бактерия шакек формасындагы ДНКсын сыртка чыгарат, анан башкалар аны алып өздөрүнүн генетикалык коддоруна кошуп койушат. Шакек формасындагы бул ДНК бөлүктөрү «плазмид» деп аталат. Мындайда бир плазмид аркылуу бактерия бирден көп антибиотикке чыдамкайлык алышы мүмкүн.60 Бактериялар колдонгон бул ыкма медицина тармагы эң корккон ыкма болуп эсептелет, жана бул ооруларды айыктырууга дайыма тоскоол болот. Иштелип чыккан бир антибиотик менен бир оору айыгат деп күтүлүп жатканда, бактерия өз түзүлүшүн өзгөртүп башкача болуп алганы үчүн айыкпай калууда.
Эч күмөнсүз, Аллах көзгө көрүнбөгөн бул улуу чыгармасына адамдан алда канча жогору бир аң-сезим жана ийкемдүү бир мээ берген. Бир бактерия Аллахтын илхамы менен адамдар алдын ала биле албаган, ал тургай, элестете да албаган өзгөрүүлөрдү байкап, адамдардан шамдагайыраак болууда. Адамдар өздөрү да буга күбө болушууда. Канчалаган жылдарга созулган изилдөөлөр, абдан чоң лабораториялар бир бактериянын ийкемдүү мээси менен күрөшүүгө жана аны жеңүүнүн жолдорун табууга арналууда.
Бактериялардын бул өзгөчөлүгүн эволюционисттер теориянын «далили» катары көрсөтүшүүдө. Алардын ою боюнча, кээ бир бактериялардын антибиотиктерге жана кээ бир курт-кумурскаларына чыдамкайлык көрсөтүшү жана кээ бир курт-кумурскаларда «DDT» деп аталган дарыларга карата иммунитет пайда болушу эволюциянын далили болуп эсептелет. Негизи бул – эволюциялык бир далил эмес, кээ бир чындыктар менен эксперименттердин жыйынтыктарынын эволюция идеологиясынын жактоочулары тарабынан бурмаланышы.
Белгилүү болгондой, эволюция теориясы чыгарган негизги өзгөрүү механизмдеринин арасында мутациянын өтө маанилүү бир орду бар. Бул көз-караш боюнча, кээ бир сырткы жана ички факторлордун себебинен ДНК тизмегинде келип чыккан туш келди өзгөрүүлөр узун мөөнөттө жаңы түрлөрдүн пайда болушуна алып келет. Чындап эле ДНК тизмегинде ар кандай таасирлерден улам мутациялар болуп турат. Ал мутациялардын бир бөлүгү зыяндуу, б.а. организмге зыян алып келет; калган бөлүгү болсо организмге эч кандай таасир тийгизбейт. Бирок байкоо жүргүзүлгөн, белгилүү болгон мутациялардын баарынын зыяндуу же эч таасирсиз болгонуна карабастан, эволюционисттер «кээде пайдалуу мутациялар болот жана анын натыйжасында жаңы түрлөр келип чыккан» деп ишенишет (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья, Жашоонун чыныгы булагы). Бактериялардын антибиотиктерге чыдамкайлык көрсөтүп тирүү калышы, эволюционисттердин ою боюнча, бактериялардын пайдалуу мутацияга туш болгондугун көрсөтөт жана ошондуктан эволюциянын эң негизги далилдеринин бири болуп эсептелет. Бирок эволюционисттер идеологиялык себептерден улам гана ушундай жыйынтыкка барышууда. Тереңирээк караганда, бактериялардын антибиотиктерге чыдамкай болуп калышынын эволюцияга далил боло албай турганын толук түшүнүүгө болот. Бир бирден карай турган болсок, алар төмөнкүлөрдөн турат:
![]() |
Günümüzde, bakterilerin "ustaca istila" yöntemlerini engelleyecek çeşitli antibiyotikler üretilmektedir. Ancak üstün teknolojiye rağmen, antibiyotiklerin tedavi yöntemleri, bakterilerin kendilerini koruma yöntemlerine yetişememektedir. |
1. Антибиотик деп аталган заттардын баары ансыз да мурда табиятта бар болгон микроорганизмдерден алынган. Бул жандыктар ар кандай бактерияларды талкалап өлтүрө алчу заттарды иштеп чыгышат. Бирок кээ бир микроорганизмдердин мындай антибиотиктерден денени коргой турган гендери болот. Башкача айтканда, ал жандыктын иммундук системасы антибиотиктин ичиндеги өлтүргүч затка даяр болот. Мындай коргонуу механизминин маалыматы сакталган ген пакетин бактериялар атайын бир ыкма аркылуу бири-бири менен бөлүшө алышат. Мисалы, бир бактериянын сасык тумоонун (грипп) вакцинасынан коргоно турган бир куралы бар. Ал бактерия ал куралга тиешелүү маалыматты «плазмид» аттуу, маалымат сактоочу дискке окшогон, маалымат пакеттерине айландырып, сыртка чыгарат. Башка бактериялар ал маалыматты алып өздөрүнүн маалымат банкына, б.а. ДНКсына кошуп (улап) алышат. Ошентип көптөгөн бактериялар сасык тумоонун вакцинасына каршы бирдей курал менен жабдылган болот. Бул процессте эволюцияга далил боло турган бир дагы этап жок. Мында бактериянын ДНКсы туш келди мутациялардан өтүп, жаңы бир өзгөчөлүккө ээ болбойт. Антибиотикке туруштук бере турган маалымат биринчи жаратылган күндөн бери ансыз деле бар. Генетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жүз миллиондогон жыл мурда жашаган бактериялар менен бүгүнкү күндө жашагандарынын ортосунда эч бир айырманын табылбашы муну ачык айгинелеп турат. Бирок бул маалымат керек учурда колдонулат. Бул маалыматтын башка бактерияларга өткөрүлүп берилиши болсо башка бактериялардын туш келди эволюциялашканына эмес, бул маалыматтын колдонулушу үчүн жаратылган механизмдеги кемчиликсиз долбоорго далил болот.
![]() |
Büyüklüğü mikronlarla ifade edilen tek bir bakteri, insanların yıllarını verip ürettikleri her türlü tedbire karşı, anında ve son derece ustaca çözümler geliştirebilmektedir. Bu gerçek, tesadüflere inanan evrimcileri çok zor bir durumda bırakmaktadır. |
2. Антибиотикке туруштук берген бактериялар тирүү калып, туруштук берүүчү гени жоктор өлүшөт. Мында жаңы бир түр пайда болбойт. Болгону туруштук бере албаган бактериялар өлгөнү үчүн, туруштук берген бактериялар көбөйүшөт. Бул болсо эволюционисттер айткан жаңы бир түр эмес, бир эле бактериянын башкача көрүнүшү. Эволюция теориясын жактагандар мындай өзгөрүүнү «микроэволюция» деп аташат жана бул кичинекей өзгөрүүнү «макроэволюция» деп аталган кеңири масштабдуу түрлөрдүн пайда болушуна далил дешет. Бирок жогорудагы маалыматтардан көрүнүп тургандай, бактерияларда антибиотиктерге туруштук бере турган гендердин болушу жана аларды башка бактерияларга өткөрүп бериши эволюциялык бир механизм эмес. Ошондуктан бул эволюцияга далил боло албайт. Муну эволюция деп атоо үчүн бул өзгөрүү ал жандыктын ДНКсына жаңы маалыматтарды кошушу керек эле. Бул жерде болсо бактерия бир өзгөрүүнүн натыйжасында антибиотикке туруштук берип калбайт. Бул өзгөчөлүк анда башынан эле бар болот.
3. Эволюционисттер пайдалуу мутация деп көрсөткөн мисалдардын баарында мутация ал организмдин маалымат жоготушуна, башкача айтканда, жабыркашына себеп болгон. Ошондуктан эволюционисттер ДНК аттуу маалымат базасына пайдалуу маалымат кошо турган туш келди мутациялар темасында чоң бир туюкка туш болушкан.
Бактериялардагы бул өзгөчөлүк илимпоздорду абдан тынчсыздандырууда. Акыркы убактарда Стивен Хокинг сыяктуу илимпоздор тарабынан чыгарылган кыямат сценарийлеринде бактерияларга өзгөчө орун берилүүдө. Айрыкча ооруларга себеп болгон бактериялардын гендерди бири-бирине өткөрүү аркылуу ар түрдүү антибиотиктерге туруштук берип башташы «супер бактериялардын» пайда болуу ыктымалдыгын өстүрүүдө. Болжол менен отуз жылдан бери жаңы бир антибиотик ойлоп чыгарыла алган жок. Учурдагы бактериялардын кээ бирлери бул дарыларга туруштук бере алышат. Ошондуктан жыл сайын 5 миллион адам натыйжасыз болуп калган антибиотиктер себебинен каза табууда. Дары-дармек компаниялары алдыдагы он жыл бою жаңы бир антибиотик ойлоп табыла албайт дешүүдө. Башкача айтканда, жакынкы келечекте антибиотиктерге туруштук бере турган бир «супер микроорганизмдин» пайда болушу чоң балээлерге алып келиши мүмкүн.
Дарвинисттердин ою боюнча, жашоо туш келди пайда болгон, ойдон чыгарылган бир «алгачкы бактерия» аркылуу башталган. Ал «алгачкы бактерияны» эч бир жашоонун белгиси жок кезде, толугу менен башаламан бир чөйрөдө кокустан жашап баштаган деп айта алуу үчүн аны «жөнөкөй» (примитивдүү) деп айтканга мажбур болушкан. Ал «жөнөкөй жандык» ар кандай шарттардын туш келди таасири менен ар түркүн өзгөрүүлөргө дуушар болуп, өз азыгын иштеп чыгуу, мейоз бөлүнүп жатып бир кезде митоз көбөйүп баштоо сыяктуу кээ бир кереметтүү жөндөмдөрдү үйрөнүшү керек эле жана аягында азыркы бүт организм түрлөрүн пайда кылышы керек болчу. Кыскасы, эволюция теориясы боюнча, жашоо башталышы үчүн жашоону баштай турган «жөнөкөй» бир бактерия болушу керек. Жана бул негизсиз ишеним боюнча, бүт организмдер жөнөкөйүрөөк формалардан эволюциялашып, барган сайын татаалыраак түрлөргө айланган. Жандыктарды классификациялоодо (таксономия) бул түшүнүк кеңири тараган. Бирок бүгүнкү күндө илим дүйнөсүндөгү чоң ачылыштар бул түшүнүктү өзгөртүп, эволюция теориясынын өз ичинде катуу сын-пикирлерге кабылышына себеп болду. Белгилүү эволюционист Стивен Джей Гулд бул түшүнүктү сындап, анын түпкүрүндөгү расизмге да көңүл бурган. Бул түшүнүк боюнча, бүт жандыктардын эң үстүндө адам, адамдардын эң үстүндө болсо белгилүү бир раса турат:
Адам-центризм жалпы таксономияны бизге жакын макулуктарды кылдат; алысыраак жана «жөнөкөй» организмдерди болсо өтө орой түрлөргө бөлүштүрүүгө багыттады. Табылган ар бир жаңы тиш жаңы бир сүт эмүүчү түрү катары каралып, бир клеткалуу макулуктар болсо баары жалпылай «примитивдүү» жандыктар деп аталууда.61
![]() |
Evrimcilere göre yaşam, ilkel atmosfer ortamlarında "basit" bir ilk bakterinin ortaya çıkışı ile şekillenmiştir. Bakterilerin "basit" tanımlamasından çok uzak olduğunun ortaya çıkması ise, evrimcilerin bu iddialarını tümüyle geçersiz kılmıştır. |
Жашоо «жөнөкөй бир алгачкы бактериядан» башталган деген көз-караш, албетте, чоң бир алдамчылык. Бул көз-карашты айтып чыккандар алгач тирүү организмдин кантип пайда болгонун түшүндүрүшү зарыл. Бирок эволюционист булактардан жашоонун кантип башталганы жөнүндө бир дагы илимий ачылышты кездештирүүгө болбойт. Илимий далилдердин жок болушу ар кандай божомол жана жомоктордун кабыл алынышына себеп болгон. Эволюция теориясынын пайдубалын түзгөн материалисттик түшүнүк бул жомоктордун калыптанышында чоң роль ойногон.
![]() |
Erken Archaean döneme ait olan ve siyanobakterilerin faaliyetleriyle oluşan bu katman, milyonlarca yıl önce bakterilerin fotosentez gibi karmaşık bir işlemi gerçekleştirdiklerini göstermektedir. |
Фоссил калдыктарына (организмдердин сакталып калган калдыктарына) таянсак, алгачкы жандык мындан 3,5 миллиард жыл мурда жашаган бир цианобактерия фоссили болгон. 3,5 миллиард жыл мурда жашаган бул бактерия азыркы күндө да жашап жатат жана эч бир өзгөрүүгө дуушар болгон эмес. Бирок эволюционисттердин үмүтүн үзгөн эң негизги нерсе – бул цианобактериянын эң комплекстүү бактериялардын бири болушу. Фотосинтез сыяктуу өтө комплекстүү иш-аракетти жасай алган бул бактерияны бүгүнкү күндө илимпоздор эч «жөнөкөй бир жандык» деп эсептешпейт. Эволюционисттик көз-караш мына ушул жерде да чоң бир жеңилүүгө дуушар болууда. Фоссил калдыктары 3,85 миллиард жыл мурда бактериялардын азыркыдай өзгөчөлүктөрү менен жашап өткөнүн көрсөтүүдө. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча, дүйнөнүн тирүү организмдер жашай ала турган абалга келиши да дал ушул жылдарга туура келет.62 Башкача айтканда, бактериялардын комплекстүү түзүлүшү, эволюция теориясы айткандай, туш келди кокустуктар менен, акырын акырын, көпкө созулган бир «сыноо жана ката кетирүү» процессинин натыйжасында эмес, улуу бир пландын белгилүү бир бөлүгү катары бир заматта пайда болгон.
Болгондо да, бир жансыз нерсе, канчалык «жөнөкөй» болбосун, эч качан кокустан жан кирип, бир жандууга айлана албайт. Башкача айтканда, эч бир табигый механизм жансыз заттан жандуу затты жасай албайт. Суу, топурак жана аба миллиарддаган жыл бою бир жерде турса, тирүү организмдерди жана ал организмдердеги теңдешсиз долбоорду пландап жарата албайт, себеби алардын мындай акылы жана аң-сезими жок. Бул жагынан караганда, «жөнөкөй» деп эсептелген бактериялардын эч эволюционисттер айткандай жөнөкөй жандыктар эмес экенин көрөбүз. Бул чындыкты эволюционисттердин бир бактериянын өзүнөн-өзү пайда болушу жөнүндөгү ыктымалдык эсептеринен да көрүүгө болот:
Хойл жана Викрамасинг жандуу бир бактериянын өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгын 1040.000ден (10дун 40 миңинчи даражасынан) 1 деп эсептеп чыгышкан... Шапиро реалдуураак шарттарга таянып эсептөө жасаган Моровитц жөнүндө мындай дейт: «Гарольд Моровитц тарабынан реалдуураак эсептөө жасалган... Моровитцтин тапкан жыйынтыгы Хойлдун ыктымалдыктарын толугу менен маанисиз кылып койот: 10100.000.000.000'дан (10дун 100 миллиардынчы даражасынан) 1 ыктымалдык.63
Бул жердеги математикалык эсептөөнү тереңирээк кароо зарыл. Алгач 10 санынын жанына жүз миллиард даана нөл жазып, бул акылга сыйбас сандын ичинен бир гана ыктымалдыкты кабыл алышыбыз керек. Анткен менен, математикада 1050дөн (10дун 50үнчү даражасынан) 1ден кичине ыктымалдыктар «нөл ыктымалдуулук» деп кабыл алынат. Кыскасы, мындай ыктымалдуулук эч качан ишке ашпайт.
![]() |
Bakteriler sadece insanda değil, yeraltındaki bir termitten bir bitkinin kök tüylerine kadar tüm canlılıkta etkisini gösterir. Yaptıkları sayısız faaliyet ile bu mikro canlılar, canlılığın en temel öğelerindendir. Yeryüzündeki yaşamın vazgeçilmez öğelerini oluşturmaları, Allah'ın mükemmel yaratmasının göstergelerindendir. |
Мындан тышкары, микро ааламдын эң негизги мүчөлөрүнүн бири болгон бактерия түзүлүшү жана функциялары жагынан да жөнөкөй бир жандык эмес экенин далилдөөдө. Эволюционисттер өздөрү ишенген идеологиядан улам гана бактерия сыяктуу бир клеткалуу жандыктарды «жөнөкөй» деп эсептешүүдө. Эң биринчиден, «жөнөкөй» болуу мындай турсун, бул жандыктардын ар бири өз-өзүнчө кереметтүү долбоорлонгон. Ар бири аткарган кызматына жараша кемчиликсиз түзүлүштө жаратылган. Бул жандыктардын түзүлүшү белгилүү бир кызматты аткарууга адистешкен. Мисалы, фотосинтез жасаган бактерияларды карап көрөлү. Жер жүзүндө жашоонун уланышы үчүн талап кылынган кычкылтектин 70%ын ушул жандыктар иштеп чыгарат. Ошондой эле, бул жандыктар көмүр кычкыл газын колдонуп, башка жол менен пайда болбой турган азык заттарын иштеп чыгышат. Башкача айтканда, эволюционисттер «жөнөкөй» деген бул теңдешсиз долбоордун урматында, бир жагынан, кычкылтек өндүрүлүп, дүйнөдөгү бүт азык чынжырынын негизи пайда болсо, экинчи жагынан, атмосферадагы уулуу көмүр кычкыл газы тең салмакка салынат; ошондой эле, бул жандыктардын өтө ылдам көбөйө алышы аларды көптөгөн жандыктын негизги азыгына айландырат. Мындан тышкары, балыр, планктон же диатомейлер сыяктуу бир клеткалуулардын технология керемети болуп эсептелген компьютер «чиптерине» окшогон түзүлүшү «бул жандыктар примитивдүү» деген көз-карашты толугу менен четке кагат.
Бактериялар бир гана адамдарга эмес, жердин астындагы бир термиттен бир өсүмдүктүн тамыр түкчөлөрүнө чейин бүт организмдерге өз таасирин тийгизет. Бул жандыктар жер жүзүнүн бүт тарабына тараган жана миллиарддаган жылдан бери бүт организмдерде өз функцияларын эч кемчиликсиз орундатып келе жатышат. Булардын баары, албетте, бир гана чындыкты көрсөтөт: жаратылуу, б.а. бүт баарын бир Жаратуучу жараткан.
Эволюция теориясын жактагандар негизи бул жандыктардын түзүлүшүнүн жөнөкөй эмес экенин эң жакшы билишет. Ошондуктан бул жандыктардын өзгөчөлүктөрүн жана алардагы механизмдерди түшүндүрүүдө дайыма бир туюкка кабылып, тартынып турушат. Микроскопиялык бир жандыктын кантип пайда болгонун түшүндүрө албаган эволюция теориясынын эң корккон нерселеринин бири мына ушул. 20-кылымдын өнүккөн илим жана технологиясы, электрондук микроскоп аркылуу, адамзатты эволюция теориясынын калп экенин дагы бир жолу далилдеген жаңы бир аалам менен тааныштырды. Ошентип дарвинисттердин барган сайын көбөйгөн суроо тизмесине дагы бирөө кошулду. Эволюционисттер бул суроолорго жооп издей беришсин; ыймандуулар болсо бул организмдердин ар бир өзгөчөлүгүнөн Аллахтын көзгө көрүнбөгөн бир жандыкта канчалык кемчиликсиз бир чеберчилик жаратканын көрүп, аны баалашат. Аллахтын кемчиликсиз чеберчилиги менен илими Куранда төмөнкүчө айтылган:
Мактоолор асмандар менен жердегилердин баары өзүнүкү болгон Аллахка тиешелүү; акыретте да мактоолор Ага тиешелүү. Ал өкүмдар жана даанышман, кабар алуучу. Жердин ичине киргенди, андан чыкканды; асмандан түшкөндү жана ал жакка чыкканды билет. Ал боорукер, кечиримдүү. (Саба Сүрөсү, 1-2)
3- L.M.Prescott- J.P.Harley- D.A.Klein, Microbiology, McGrawHill, International, 1999, sf. 13
4- http://www2.ntu.ac.uk/life/sh/modules/hlx202/Lectures/Lecture1.htm
5- Michael Denton, Evolution a Theory in Crisis, Burnett Bokks, USA, 1985, sf. 224-225
6- Büyük Larousse Sözlük ve Ansiklopedisi, Cilt 3, Milliyet, İstanbul, 1986, sf. 1237-1238
7- James A. Shapiro, Bacteria as Multicellular Organisms, Scientific American, Vol. 258, Haziran 1998, sf. 82
8- Michael Denton, Evolution a Theory in Crisis, Burnett Books, USA, 1985, sf. 264
9- Sir James Gray, The Science of Life, chapter in Science Today, 1961, sf. 21
10- Mahlon B. Hoagland, Hayatın Kökleri, Tübitak, Ankara, 1998, sf. 25
11- http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/08dna02.htm
12- http://www.bact.wisc.edu/microtextbook/bacterialstructure/DNA.html
13- Loren Eiseley, The Immense Journey, 1957, sf. 206 (Alman Biyolog Von Bertalanffy'dan alıntı) - http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/08dna05.htm
14- Dr. Lee Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press, New York, 1998, sf. 30
15- L. Cohen, Darwin Was Wrong, 1984, sf. 205
http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/08dna04.htm
16- Joseph W. Francis, Peering into Darwin's box: The Cell Division Processes Required for Bacterial Life, Origin & Design 20:1, issue 38,
http://www.arn.org/docs/odesign/od201/peeringdbb201.htm
17- Eshel Ben-Jacob, Herbert, The Artistry of Microorganisms, Scientific American, Ekim 1998
18- Zuhal Özer, Yeryüzünün Başarılı Kimyacıları Bakteriler, Bilim ve Teknik, Ocak 1997, sf. 65
19- Büyük Larousse Sözlük ve Ansiklopedisi, Cilt 3, Milliyet, İstanbul, 1986, sf. 1237-1238
20- Zuhal Özer, Yeryüzünün Başarılı Kimyacıları Bakteriler, Bilim ve Teknik, Ocak 1997, sf. 65
21- Guy Murchie, The Seven Mysteries of Life, Houghton Mifflin Company, Boston, 1978, sf. 84
22- Lynn Hunt, Send in the Clouds, New Scientist, vol 158, 30 Mayıs 1998, sf. 28
23- Joanna Marchant, Life in the Clouds, New Scientist, vol 167, 26 Ağustos 2000, sf. 4
24- Zuhal Özer, Yeryüzünün Başarılı Kimyacıları Bakteriler, Bilim ve Teknik, Ocak 1997, sf. 63
25- http://www.selby.org/research/canopy/whatisphotosynthesis.html
26- Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Meteksan Yayınları, Ankara, 1984, sf. 80
27- Selçuk Alsan, Dünyada Ne Kadar Mikrop Var?, Bilim ve Teknik, Temmuz 1999, sf. 90
28- http://helios.bto.ed.ac.uk/bto/microbes/nitrogen.htm,
http://www.ultranet.com/~jkimball/BiologyPages/N/NitrogenFixation.html
29- M.J. Pelczar, E.C.S.Chan, N.R.Krieg, Microbiology Concepts and Applications, McGraw-Hill, ABD, 1993, sf.790
30- Philip Bal, Bugs Offer Power Tips, Nature, 8 Ekim 2001
31- H.Curtis, N.S.Barnes, Invitation to Biology, Worth Publishers, New York, 1985, sf. 354
32- Zuhal Özer, Yeryüzünün Başarılı Kimyacıları Bakteriler, Bilim ve Teknik, Ocak 1997, sf. 62
33- Prof. Dr. Tümer Uraz, AÜ Ziraat,
http://members.fortunecity.com/bilgistan/bilim/p_biyotik2.html
34- Guy Murchie, The Seven Mysteries of Life, Houghton Mifflin Company, Boston, 1978, sf. 362
35- Michel Magot, Petrol Yatağı Bakterileri, Bilim ve Teknik, Temmuz 1995, sf. 69
36- http://nrg.ncl.ac.uk/research/publications/2001/2001abs10.html
37- http://scrippsnews.ucsd.edu/releases2001/staudigel_rockeaters.html
38- M.J. Pelczar, E.C.S.Chan, N.R.Krieg, Microbiology Concepts and Applications, McGraw-Hill, ABD, 1993, sf. 814
39- John Downer, Supernature, The Unseen Powers of Animals, Sterling Publishing Company, New York, 1999, sf. 136
40- John Downer, Supernature, The Unseen Powers of Animals, Sterling Publishing Company, New York, 1999, sf. 137
41- Selçuk Alsan, Dünyada Ne Kadar Mikrop Var?, Bilim ve Teknik, Temmuz 1999, sf. 90
42- İnsan Vücudunun Davetsiz Konukları, Cumhuriyet Bilim ve Teknik, 28 Ekim 2000, sf. 23
43- İnsan Vücudunun Davetsiz Konukları, Cumhuriyet Bilim ve Teknik, 28 Ekim 2000, sf. 23
44- Garry Hamilton, Insider Trading, New Scientist, Vol. 162, 26 Haziran 1999, sf. 44-45
45- http: //www. chm.bris.ac.uk /motm/ttx/ttxv.htm
46- John Downer, Supernature, The Unseen Powers of Animals, Sterling Publishing Company, New York, 1999, sf. 132
47- http://wy.essortment.com/whatisatubew_rkxn.htm, http://www.remineralize-the-earth.org/magazine/CompostRecycling/Vermiculture.html
48- Garry Hamilton, Insider Trading, New Scientist, Vol. 162, 26 Haziran 1999, sf. 44
49- Anitia Ganeri, Creatures That, Victor Gollancz Press, London, 1995, sf. 12
50- http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/08dna03.htm
51- http://www.origins.org/offices/thaxton/docs/thaxton_dna.html – DNA, Design and The Origin of Life / Charles B. Thaxton, Ph. D.
52- Garry Hamilton, Insider Trading, New Scientist, Vol. 162, 26 Haziran 1999, sf. 43
53- Garry Hamilton, Insider Trading, New Scientist, Vol. 162, 26 Haziran 1999, sf. 43
54- Zuhal Özer, Yeryüzünün Başarılı Kimyacıları Bakteriler, Bilim ve Teknik, Ocak 1997, sf. 64
55- Sarah Richardson, Dildeki Bakteriler, Bilim ve Teknik, Mart 1996, sf. 49
56- Gülgün Akbaba, Dikkat! Sağlığımızda ve Cebimizde Gözü Olanlar Var, Bilim ve Teknik, Mart 1994, sf. 35
57- Gülgün Akbaba, Bir Salgının Öyküsü, Bilim ve Teknik, Nisan 1999, sf. 100-101
58- Gülgün Akbaba, Bir Salgının Öyküsü, Bilim ve Teknik, Nisan 1999, sf. 101
59- Didem Sanyel, Zaferi Biz mi, Süper Mikroplar mı Kazanacak? Antibiyotik Direnci, Bilim ve Teknik, Mart 1999, sf. 36
60- Didem Sanyel, Zaferi Biz mi, Süper Mikroplar mı Kazanacak? Antibiyotik Direnci, Bilim ve Teknik, Mart 1999, sf. 37
61- Stephen Jay Gould, Darwin ve Sonrası Doğa Tarihi Üzerine Düşünceler, Tübitak, Ankara, 2000, s.113
62- John Horgan, Life, Life Everywere, Scientific American, Kasım 1996
63- Stephen Jones, Crichton, evolution and Chaos, http://asa.calvin.edu/archive/evolution/199505-10/1515.html