Кереметтүү Кабарчы: Азот Кычкылы

Абанын булганышы, Нобель сыйлыгы жана гормондун арасында кандай байланыш бар? Бир караганда бул суроо кызыктай сезилиши мүмкүн же булардын арасында эч кандай байланыш жоктой көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул суроо жоопсуз эмес. «Азот кычкылы» деп жооп бергендерди бул суроого туура жооп берди деп кабыл алганга болот.

Химия китептеринде азот кычкылына «азоттун кычкылданышынан алынган, түссүз уулуу бир газ» деп аныктама берилет. Химиялык формуласы NO деп жазылат; бир азот менен бир кычкылтек атомунун биригишинен келип чыккан «жөнөкөй» бир молекула. Азот да, кычкылтек да биз жакшы тааныган элементтерден. Мектепте дем алган абабыздын 78%ы азоттон, 21%ы болсо кычкылтектен турат деп окуганбыз.

 hava kirliliği

Nitric oxide is a gas that causes air pollution and acid rain; it also destroys the ozone layer and the ecological balance.

Бирок алгач маанилүү бир жагдайды эске сала кетели. Азот кычкылы химиялык кошулманын жөнөкөйлүгүн түшүндүрүү үчүн гана «жөнөкөй» деп айтылууда. Анткен менен, азот кычкылынын адамдын жашоосундагы мааниси чоң. Акыркы жыйырма жылдагы изилдөөлөр бул молекуланын клеткалардын арасындагы байланышта негизги рольду ойноорун көрсөттү. Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча, азот кычкылы адамдын денесинде табигый түрдө өндүрүлчү бир гормон, б.а. химиялык бир кабарчы, жана нерв, кан айлануу, коргонуу (иммундук), дем алуу жана көбөйүү системаларынын негизги функцияларын жөнгө салууда стратегиялык бир рольду ойнойт.

Бул теманын башында сураган сурообузга кайра кайтсак, анда азот кычкылынын абанын булганышы менен кандай байланышы бар? Адамдын денесинде өтө маанилүү роль ойногон бул молекуланын абанын булганышы менен кандай байланышы болушу мүмкүн? Мына ушул жери абдан кызыктуу. Себеби уулуу азот кычкылы – абанын булганышына жана кислота жамгырына себеп болуп, озон катмары менен экологиялык чөйрөнү буза турган бир газ. Азоттун күйүшүнөн пайда болгон бул газ машиналардан чыккан түтүндө көп болот. Жакынкы жылдарга чейин азот кычкылынын ушул тарабы гана билинчү жана адамдын ден-соолугуна кооптуулук жаратуудан тышкары башка бир функциясы жок деп кабыл алынып келди. Ал тургай, изилдөөчүлөр башында «азот кычкылы бир гормон» деп айтканда, илим чөйрөлөрү буга көп маани берген жок. Көбүнчө мындай ачылыштарга «ишенүү кыйын» деп жооп берилди.

Бирок изилдөөнүн жыйынтыктарынын кыска убакыт ичинде тастыкталышы медицина дүйнөсүн дүңгүрөттү. Белгилүү илимий журнал «Science» 1992-жылдын декабрь айындагы санында азот кычкылын «жылдын молекуласы» деп жарыялады.74 Бул багыттагы илимий изилдөөлөрдүн көбөйүшү менен азот кычкылынын «атагы» чыгып, «сыйкырлуу газ», «кереметтүү молекула», «табышмактуу кабарчы» сыяктуу сөздөр менен сыпатталып баштады.

 1998 Nobel Tıp Ödülü

Ferid Murad, Louis J. Ignarro and Robert Furchgott (above left to right) were awarded the Nobel Prize for Medicine 1998 for their discovery related to the role of nitric oxide in cellular communication.

Азот кычкылынын клеткалык байланыштагы ролун ачкан Роберт Ферчготт, Луис Игнарро жана Ферид Мурад 1998-жылы медицина тармагында Нобель сыйлыгын алышты. Нобель фонду басма сөз баянында сыйлыктын бул профессорлорго азот кычкылынын кабарчы молекула экенин тапканы себептүү берилгенин айтып, бул ачылыш дүйнөнүн көптөгөн лабораторияларында изилдөөлөрдүн башталышына себеп болду дешкен.75 Клеткалык байланыш тармагындагы «жаңыча изилдөөлөрү» бул изилдөөчүлөргө Нобель сыйлыгынан башка дагы көптөгөн сыйлыкты алып келди.

Чындап эле өткөн он жыл ичинде «азот кычкылы боюнча изилдөөлөрдө бум» болуп, «Азот кычкылы» аттуу бирикмелер түзүлүп, журналдар жарыяланды. Азот кычкылы бирикмесинин маалыматтары боюнча, бул кереметтүү молекула жөнүндө жазылган илимий макалалар 32 миң беттен ашат.76

Азот кычкылы жөнүндөгү изилдөөлөрү менен белгилүү болгон илимдин доктору Сальвадор Монкада (Dr. Salvador Moncada) азот кычкылынын клеткалар арасындагы байланыш жөнүндөгү көз-караштарды өзгөрткөндүгүн, ал тургай, бул темадагы кээ бир түшүнүктөрдү астын-үстүн кылганын айтат.77 Стэнфорд университетинен доктор Джон Кук (Dr. John Cooke) бул изилдөөнү «чоң бир ачылыш жана дүйнөнүн бүт тарабындагы медицина изилдөөлөрүндө укмуш өнүгүүлөргө себеп боло турган окуя» дейт.78

Албетте, бул жерде эң негизгиси бул окуялардын эволюционисттерди канчалык кыйын абалга салганына токтолуу керек. Бүт илимий ачылыштар сыяктуу, азот кычкылы жөнүндө алынган жаңы маалыматтар дагы эволюция теориясын жактагандардын азезилине айланууда. Себеби көлөмү 0,000000001 метр (метрдин миллиарддан бири) болгон, аң-сезими жана акылы жок бул молекуланын адамдын денесинде аткарган татаал жана кереметтүү жумуштарын кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Эч күмөнсүз, азот кычкылы Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун көрсөткөн сансыз белгилердин бири.

Эволюционист чөйрөлөр болсо Аллахты жана атомдордон галактикаларга чейин бүт тараптагы кереметтүү жаратылган далилдерди четке кагуу үчүн болгон аракетин жумшоодо. Бул аракети көбүнчө аларды күлкүмүштүү абалда калтырууда. Мисалы, бул чөйрөлөрдүн басылмаларынын азот кычкылы жөнүндөгү түшүндүрмөлөрүн карайлы: илимий деп аталган бул макалаларда азот кычкылы абдан макталып, бир баатырдай, ал тургай, бир «супермендей» көрсөтүлүүдө. Негизи мында таң кала турган нерсе жок. Себеби чындап эле азот кычкылы клеткадай кемчиликсиз бир системанын ичинде ар дайым ийгиликтүү иштеген, алигече көптөгөн функциялары ачыла элек бир молекула, жана бул молекула абдан кичинекей болгонуна карабастан, өтө чоң жумуштарды аткарууда. Бирок эволюционисттер азот кычкылдын Жаратуучусун жокко чыгарганы үчүн, бул молекуланын өзүн «кудайга теңеп», аны бүт кереметтүү иш-аракеттерди өз эрки жана акылы менен жасап жаткандай көрсөтүшөт.

Мына ушул жерде эволюционисттер өздөрү курган тузакка өздөрү түшүшүүдө. Себеби бул туура эмес көз-караштын бал бергени үчүн аарыны, мөмө бергени үчүн даракты же дүйнөдөгү жарыктын булагы болгону үчүн күндү «кудай тутуудан» эч бир айырмасы жок. Же болбосо, бул көрүнүш сүрөтчүсүнөн эч сөз кылбастан же сүрөтчүсүн мактабастан, мыкты тартылган бир сүрөттү мактап куттуктай берүү сыяктуу эле болуп калат. Ар бир адам эки жолдун бирөөсүн тандашы керек: же Курандын «Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу...» (Энъам Сүрөсү, 102) аятына карап Аллахка ыйман кылат же болбосо атомдорду, молекулаларды, клеткаларды, жандуу-жансыз сансыз нерселерди кудай кылып алат.

Эч күмөнсүз, кабарчы азот кычкылы молекуласы – чексиз мээримдүү Аллахтын жаратып, бизге кызмат кылдырган сансыз сый-жакшылыктарынын бирөөсү гана. Үстүбүздөгү кылымда ачылган микро ааламдагы көптөгөн кереметтердин бири. Бул бөлүмдө денебиздеги 100 триллион (100.000.000.000.000) клетканын көп бөлүгүндө биздин атыбыздан кызмат кылган бул молекуладагы теңдешсиз долбоорду карайбыз.

Кан тамырларыбыздагы долбоор

 Damar Sistemi

The system of blood vessels in our bodies is more complex than the highway network in a developed country like Japan.

Азот кычкылы жөнүндөгү изилдөөбүздү ал биринчи жолу табылган жерден, б.а. тамырлардан баштайлы. Белгилүү болгондой, тамырлар жүрөк жана кан менен бирге кан айлануу системасын түзөт. Жалпысынан 100 миң километрден ашкан узундугу менен денебиздин бүт тарабына жайылган тамырларыбызды ири бир автожол тармагына салыштырууга болот. Жөнөкөй бир эсептөө аркылуу бул сандын чоңдугун жакшыраак түшүнө алабыз: бир адамдын тамырларынын баарын бири-бирине уласак, жердин айланасын эки жарым жолу орой турганчалык узундукка жетет.79

 Kan damarlarının büzülüp gevşemesi

The fact that blood vessels determine that they will need an increasing supply of blood during exercise is the result of the flawless design of the body.

Дагы бир эске салчу жагдай, денебиздеги тамыр системасы өнүккөн бир өлкөнүн, мисалы Американын автожол тармагына салыштырылгыс даражада татаал. Автожолдордун туурасы белгилүү бир чоңдукта болот жана күндүн ар кайсы саатындагы жол кыймылынын тыгыздыгына жараша жол тилкелеринин саны көбөйүп, азайбайт. Ал эми тамырларыбыздын ички туурасы болсо туруктуу эмес, б.а. тамырларыбыз биздин кыймыл-аракеттерибизге жараша ичкерип же кеңейип турат. Ошентип кан басымынын жөнгө салынышында маанилүү роль ойнойт. Бул кемчиликсиз система аркылуу дененин чөйрөгө жараша өзгөрүп турган муктаждыктары автоматтык түрдө камсыз кылынат. Кан тамырларынын спорт менен машыгуу учурунда кеңейип кан муктаждыгын камсыз кылышы же жаракат алганда ичкерип, жарааттын канашын азайтышы ушул кемчиликсиз системанын натыйжасы.

Тамырлар качан кеңейүү же качан ичкерүү керек экенин кантип билишет? Бул суроонун жообунун адам өмүрү үчүн абдан маанилүү экени талашсыз. 100 миң километрлик кан тамыр тармагынын кандайдыр бир бөлүгүндөгү болор-болбос бир катачылык орду толгус зыяндарды алып келет.

Илимпоздор жакынкы жылдарга чейин тамырдын ичинде өтө татаал бир катар процесстер бар деп болжоп келгени менен, жогорудагы суроонун жообун бере алышкан эмес. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары бир кабарчынын бар экенин көрсөттү. Ал азот кычкылы молекуласы эле. Тамырларга мына ушул эки атомдуу молекуланын кеңейгиле деп «буйрук берээри» аныкталды.

 Damar Sistemi

As you can see in this picture, blood vessels can be stimulated to dilate and constrict.

Эми тамырларыбыздын ичиндеги азот кычкылын өндүрүүчү укмуштуу заводдорду тереңирээк карайлы.

Электрондук микроскоп менен анализдегенде, тамырлардын кичинекей болгону менен, укмуш татаал түзүлүштөр экенин көрөбүз. Мисалы, жанаша тизилген 10 капиллярдын жоондугу адамдын бир чачындай гана болот. Ушунчалык ичке тамырларыбыздын ички капталдары жылмакай булчуң клеткаларынан турган бир ткань менен капталган; тамырлар ушул тканьдын иш-аракеттеринин натыйжасында ичкерип, кеңейет. Булчуң клеткалары кан менен түздөн-түз тийишпейт, себеби эндотелий клеткалары булчуң клеткалары менен кандын ортосунда кабыкча сыяктуу бир катмарды пайда кылат.

Эндотелий клеткалары бир чынжырдын шакектери сыяктуу тизилип, эндотелий катмарын түзөт. 1980-жылдарга чейин бул клеткалардын кандын тамырдагы агымын жеңилдетүүдөн тышкары маанилүү бир кызматы жок деп кабыл алынып келген. Бирок кийинчерээк андай эмес экени аныкталды. Эндотелий клеткаларынын NO (азот кычкылы) кабарчысын өндүрүү кызматын да аткараары белгилүү болду.

Эндотелий клеткасын бир завод деп элестетсек, азот кычкылы молекулаларын ал заводдун өндүргөн продукциясына салыштырууга болот. Албетте, завод дегенде оюбузга биринчи эле чоң өнөр-жай объекттери келет. Бирок бул жерде тамырдын ичинде жайгашкан, көлөмү бир метрдин миллиондон бириндей болгон кичинекей бир завод жөнүндө сөз болуп жатат. Бул микроскопиялык заводдун химиялык продукциялары болсо бир метрдин миллиарддан бириндей болгон кабарчы азот кычкылы молекулалары. Булардын көлөмүн жакшыраак элестете алуу үчүн төмөнкүдөй мисал келтирүүгө болот: NO молекуласын бир жүзүмчөлүк көлөмгө алып келүү үчүн бир теннис тобун жер шарындай көлөмгө чоңойтуу керек болмок.80

 Damar Duvarları

The walls of the blood vessels are covered by smooth muscles that can contract and relax. When plaque forms in an artery of the heart, the blood flow diminishes. A clogged artery of the heart suddenly goes into spasm, the amount of blood going to the heart is reduced and chest pain occurs. In this situation, the level of nitric oxide rises causing dilation in the arteries that nourish the heart muscles

Азот кычкылын өндүрүүчү завод: эндотелий клеткасы

L-аргинин аттуу аминокислота, азот кычкылы синтаза ферменти, никотинамид-адениндинуклеотидфосфат, кальмодулин, кычкылтек, флавинмононуклеотид, флавин-адениндинуклеотид, тетрагидробиоптерин...

Бул сөздөрдүн көпчүлүгүн өмүрүңүздө биринчи жолу угуп жаткан болушуңуз мүмкүн. Бирок эндотелий клеткасы бул микроскопиялык заттарды абдан жакшы тааныйт жана буларды азот кычкылы молекуласын өндүрүү үчүн колдонот.

 Elektronik posta sistemi

The speed at which the nitric oxide molecule delivers its message can be compared to an electronic postal system.

Учурдагы жогорку технологияны колдонуп химиялык продукцияларды өндүргөн заводдор эндотелий клеткаларынан триллион көбөйтүү триллион эсе чоң. Ошого карабастан, эндотелий аттуу микроскопиялык заводдун технологиясы биз көргөн ири өнөр-жай заводдорунун технологиясынан алда канча жогору турат. NO өндүрүлгөн жерди, б.а. эндотелий клеткасын изилдеген сайын бул айырмаларды жакшыраак байкайбыз. 20-кылымдын акыркы он жылында гана чечмелене алган татаал иш-аракеттерди биринчи инсан жаратылган күндөн бери эч кыйналбай жасап келе жаткан эндотелий клеткасынын кандай бийик сыпаттары бар?

Эндотелий клеткасы NO молекуласын өндүрүү үчүн кайсы химиялык заттан канчалык колдонуу керек экенин эң мыкты билет. Туура эмес кылып, жаңылыштык кетирбейт. Мисалы, азот кычкылынын (NO) ордуна күлдүргүч газ деп айтылган диазот кычкылын (N2O) өндүрбөйт. Эндотелий клеткасындагы өндүрүштө эч бир кокустукка орун жок. Өндүрүштө абдан так тең салмактуулуктар бар. Бул жерде кайрадан эске салалы: эндотелий клеткалары талап кылынгандан аз кабарчы өндүргөндө, тамырларыбыз ичкерип, кан басымыбыз кыска убакытта көтөрүлүп кетмек, бул болсо жүрөк кризисине (инфаркт) себеп болмок. Ашыкча өндүрүш жасаса, тамырларыбыз ашыкча кеңейип, кан басымыбыз төмөндөп кетмек, бул болсо шок абалына себеп болмок. Бирок эндотелий клеткалары өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон мындай катачылыкты эч качан кетиришпейт.

Бул клеткалар өмүрүбүздүн ар бир көз ирмеминде өндүрүшкө даяр турушат; муктаждык болоор замат өндүрүштү башташат. Бул кичинекей заводдун өндүрүмдүүлүгү да абдан жогору. Өндүргөн NO кабарчы молекулаларын сактабайт. Ошондуктан продукцияны сактоо менен байланыштуу маселелер да болбойт.

Тамырларыбыздын ичиндеги бул кереметтүү заводдордон керексиз, зыяндуу калдыктар да чыкпайт. Глобалдык жылуу (ысуу), кислота жамгырлары, айлана-чөйрөнүн булганышы сыяктуу дүйнөдөгү актуалдуу көптөгөн маселелерге химиялык калдыктардын себеп болуп жатканын эстесек, эндотелий клеткаларынын канчалык ийгиликтүү экенин жакшыраак түшүнөбүз. Себеби азот кычкылы молекулалары 10 секундага созулган кыска убакыттын ичинде өз жумушун бүтүрүп «талкаланып кетишет». Ошондуктан денеде чогулуп, кошумча зыяндуу таасирлерге себеп болушпайт. Булардын баары эндотелий клеткалары продукция өндүрүүдө эң идеалдуу ыкманы колдонот деген мааниге келет.

Бир өнөр-жай заводун инженерлер менен жумушчулар курушат. Ал заводдогу системалар анын долбоорун түзгөндөрдүн канчалык өнүккөн технологияга ээ экенин көрсөтөт. Эч ким мындан күмөн санабайт. Эндотелий аттуу завод дагы улуу бир Жаратуучунун чыгармасы; бул микроскопиялык завод, денебиздеги башка 100 триллион завод менен бирге, Аллахтын чексиз илимин көрсөтөт.

Спермадагы кабарчы

 Nitrit Oksit Sentaz

The nitric oxide synthase (NOS) enzyme in the sperm begins to produce NO a few seconds before fertilization. When union occurs, the NO messenger molecules in the sperm disperse within the egg. Thirty seconds later, the calcium in the egg is activated and the first cells divide and the multiplying mechanism goes into action.

Жогоруда азот кычкылынын кан тамырларыбыздагы стратегиялык милдетин карадык. Эми болсо бул молекуланын өмүрүбүздүн эң башында биз үчүн аткарган абдан маанилүү бир кызматы жөнүндө сөз кылалы. Эң биринчиден айта кетчү нерсе, «өмүрүбүздүн эң башы» дегенде төрөлгөн же бул дүйнөгө келген кезибизди айтып жаткан жокпуз. Өмүрүбүздүн эң башы деп бизди пайда кылган алгачкы клетканын, б.а. сперма менен энелик клетканын биригишинен пайда болгон алгачкы клетканын биринчи көз ирмемин айтып жатабыз.

Сперма менен энелик клетка жолугушканда, бир катар укмуш татаал химиялык процесстердин башталаары, ал процесстердин натыйжасында эмбриондун пайда болоору белгилүү болчу. Бирок билинбеген көптөгөн майда-бараттардын арасында абдан маанилүү бир нерсе да бар эле. Бул нерсени кыскача биология профессору Дэвид Эпелдин (David Epel) «кылымдын башынан бери адамдар сперма менен энелик клетканын биригишинен өрчүү кантип башталат деп кызыгып келишти» деген сүйлөмү менен жыйынтыктоого болот.81

Бул суроонун жообун издеген илимий изилдөөлөр эне курсагындагы өрчүүнү азот кычкылындагы (NO) билдирүүлөрдүн баштаарын көрсөттү. Сперманын ичинде азот кычкылы синтазасы (NOS) аттуу бир фермент бар. Бул фермент убакытты эң мыкты пландап, уруктануудан бир канча секунда мурда азот кычкылын өндүрүп баштайт. Биригүүдөн соң спермадагы кабарчы азот кычкылы молекулалары энелик клетканын ичине жайылат, андан 30 секундадан соң энелик клеткадагы кальций активдешип, алгачкы клетканын бөлүнүп көбөйүү механизми ишке кирет. Бул алгачкы клетканын ичиндеги кемчиликсиз тартип алигече толук чечмелене элек. Биздин темабызга байланыштуу жери болсо, эгер азот кычкылы молекуласы болбогондо сперма менен энелик клетка байланыш кура алмак эмес. Адамзат 2000-жылы гана араң түшүнгөн бул чындык бүт нерселер сыяктуу азот кычкылынын да Аллах тарабынан жаратылганын жана ага бул милдеттин тапшырылганын көрсөтүүдө.

Бактерия жана вирустар менен бетме бет

Азот кычкылы өтө маанилүү бир кабарчы болуу менен бирге, бир жагынан уулуу дагы. Бул уулуу өзгөчөлүгүнөн улам иммундук системабызда да кызмат кылат. Бул молекула дененин иммундук системасынын негизги күчтөрүнүн бири болгон макрофагдар тарабынан бөлүп чыгарылат. Кыскача эске сала кетсек, макрофагдар – бул 0,01 миллиметрлик микроорганизмдер; фагоцитоз (жутуу) ыкмасын колдонуу аркылуу бактерияларды жана денебизге зыяндуу молекулаларды жок кылышат. Бир макрофаг ооруга себеп болчу бактерия же микробдорго жолукканда, аларды оройт. Андан соң макрофаг бүт тарабынан курчалган бактерияларды азот кычкылы менен күчтүү бомбалоого алат. Азот кычкылы молекулалары бактерияларды жок кыла турган реакцияларды баштайт. Албетте, азот кычкылы менен макрофагдын ортосундагы кызматташтык бүт нерсенин бири-бирине шайкеш кылып жаратылганын көрсөткөн сансыз далилдердин бири.

NO молекулаларынын иммундук системада дагы бир маанилүү кызматы бар. Изилдөөлөр азот кычкылынын кээ бир вирустардагы «протеаза» аттуу ферментти таасирсиз кылаарын көрсөткөн. Бул фермент чоң белокторду жаңы вирустарды жасоодо колдонула турган майда бөлүктөргө бөлөт. Азот кычкылы бул ферментти нейтралдаштыруу аркылуу вирустун көбөйүшүнө бөгөт койот.

Бул жөн гана окуп өтүп кете турган бир маалымат эмес. Кичинекей молекулалар эч тааныбаган башка молекулаларды дененин ичинен табышат жана аларды кантип таасирсиз кылууга болоорун да эң мыкты билишет. Натыйжада адам, өзү эч нерсени сезбестен, канчалаган чоң коркунучтардан коргоно алат. Булардын баарынын, молекулалардын арасындагы байланыштардын кокустан пайда болуп калышы эч мүмкүн эмес. Азот кычкылы молекулаларына бул милдеттерди берген жана аларды бул касиеттери менен жараткан ааламдардын Рабби Аллах.

Дагы бир айта кетчү жагдай, бул багыттагы изилдөөлөр уланууда. Илимпоздор жакынкы келечекте азот кычкылы рак жана шишиктер менен күрөшүүдө колдонулушу мүмкүн дешүүдө. Ал үчүн алгач бул молекула жөнүндө билбегендерибиз белгилүү болгонго чейин күтүшүбүз керек. Албетте, табылган ар бир маалымат бул молекуланын өтө жогорку долбоор менен жаратылганын дагы бир жолу көрсөтөт.

Азот кычкылы молекуласы жөнүндө күн сайын жаңы изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул изилдөөлөрдөн алынган жыйынтыктар илимпоздорду да таң калтырууда. Колдогу маалыматтар боюнча, бул кабарчы молекула башыбыздан буттарыбызга чейин денебиздин бардык клеткаларында өндүрүлөт жана көптөгөн татаал процесстерде маанилүү кызматтарды аткарат. Бул молекуланын жасаган иштеринин канчалык таң калаарлык экенин төмөнкүдөй мисал менен түшүндүрүүгө болот: бир саамга өзүңүздү азот кычкылынын ордуна коюп, «анын аткарган жумуштары мага тапшырылды» деп элестетип көрүңүз.

1. Алгач өзүңүздүн бул кабарчы молекуланын кан тамырларындагы жөнгө салуучу ролун алганыңызды элестетиңиз. Бул ишти ийгиликтүү алып баруу үчүн алгач жүрөк, кан жана тамырлардан турган кан айлануу системасын эң мыкты билишиңиз керек.

2. Күнүмдүк уктоо, тамактануу, спорт менен машыгуу сыяктуу ар түрдүү иш-аракеттер учурунда кан басымын жөнгө салуучу кабарларды тиешелүү органдарга жеткиришиңиз керек. Бул жумушту жасап жатканда эч камырабастык же жаңылыштык кылбашыңыз керек; антпесе кан басымыңыз кадимки деңгээлинен төмөн түшүп же жогору көтөрүлүп кетиши ыктымал, бул болсо шал (паралич), шок, инфаркт сыяктуу өлүмгө алып бара турган терс натыйжаларга себеп болушу мүмкүн. Мындан тышкары, денебиздеги артерия, вена жана капиллярлардын жалпы узундугунун 100 миң километрден ашаарын эске салалы. Ошондуктан бул жумуштун колуңуздан келбей турганын оңой эле түшүнө аласыз.

3. Учурда азот кычкылынын бир нерсени үйрөнүү учурунда мээде кабарчы катары колдонулаары белгилүү болду. Бул процесстер да ушунчалык татаал болгондуктан, азырынча көп бөлүгү белгисиз бойдон калууда. Ошондуктан сиз эмес, дүйнөдөгү бүт илимпоздор бириксе да, бул кабарчылык милдетин аткара алышпайт.

4. Азот кычкылынын иммундук системабыздын вирус жана бактерияларга каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзүүсүнө кошкон салымын унутпаңыз.

5. Мындан тышкары, бул бөлүмдө бул кабарчынын өпкө, боор, бөйрөк, ашказан жана жыныстык органдардын бир калыптуу иштөөсүндө аткарган ролу каралган жок. Сиз адам денесинде азот кычкылынын ордуна «кызматка келсеңиз», бүт бул органдардын тилин түшүнүшүңүз, башкача айтканда, бул органдардын адиси болушуңуз керек. Албетте, бул дагы жетиштүү болбойт. Себеби адамдын денеси – бүт органдары бири-бирине шайкеш иштеген жана триллиондогон клеткасы укмуш татаал иш-аракеттерди жасаган теңдешсиз бир система.

6. Аягында, бул кабарчы идеалдуу бир көлөмдө, өз убагында жана өз ордунда колдонулбаса, зыяндуу жана кыйратуучу өзгөчөлүктөргө ээ экенин да унутпашыңыз керек. Муну 60-70 жыл бою эч тынымсыз динамит же ошол сыяктуу жарылуучу бир затты колдонуп, укмуш татаал иш-аракеттерди жасаган бир адамдын бир секунда дагы ката кетирбешине окшотсок болот.

Канчалык күчтүү адис болбоңуз, эң өнүккөн компьютер жана лабораториялардын жардамы менен дагы бул молекуланын кылгандарын кыла албашыңызды моюнга алууга мажбурсуз.

Эч күмөнсүз, кабарчы азот кычкылын «бүт нерсени жаратып, аны тартипке салып, белгилүү бир чен-өлчөм койгон» (Фуркан Сүрөсү, 2) Аллах жараткан. Бул молекуланын сезүү органдары, акылы, аң-сезими, билими же техникалык жабдыктары жок туруп, триллиондогон клетканын иш-аракеттерин жөнгө салышы, өз демилгеси менен денеге керектүү өтө кылдат чечимдерди алып, турмушка ашырышы Аллахтын улуу жана теңдешсиз долбоорунан келип чыгууда.

Бул жерде айта кетчү дагы бир жагдай бар: бул маалыматтардын баары 20-кылымдын акыркы он жылында өз тармагынын эң абройлуу илимпоздорунун көптөгөн изилдөөлөрүнүн натыйжасында алынды. Албетте, азот кычкылы жөнүндөгү ачылыштарды изилдөөчүлөрдүн аракетине эле байланыштырууга болбойт; мындан башка дагы көптөгөн факторлор бар. Мамлекеттер жана эл аралык уюмдар бул тармактагы илимий изилдөөлөргө чоң финансылык каражаттарды жана алдыңкы технологиялуу аппараттар менен жабдылган лабораторияларды бөлүп беришкен.

Албетте, бул кабарчы молекуладагы жаратылган кереметтердин канчалаган аракеттерден соң гана ачылып башташы Аллахтын илиминин канчалык улуу экенин көрсөткөн дагы бир далил.

Булактар

74. D.E. Koshland, "The Molecule of the Year", Science, sayı:258, 18 Aralık 1992, s:1861-1865.

75. The Nobel Assembly at Karolinska Institute, "Press Release: The 1998 Nobel Prize in Physiology or Medicine", 12 Ekim 1998, http://www.nobel.se/medicine/laureates/1998/press.html.

76. The Nitric Oxide Society, "The Nitric Oxide Home Page", 2000, http://www.apnet.com/no/.

77. R.H. Epstein, "Puff the Magic Gas", Physician’s Weekly, sayı:XIII, No:31, 19 Ağustos 1996.

78. J. Cooke, "Magic Molecule", 12 Ekim 1998, http://www.pbs.org/newshour/bb/science/july-dec98/nobel_10-12.html.

79. M. Encarta Encyclopedia 2000, "Circulatory System".

80. "What is Nanotechnology?", Nano Technology Magazine, 2001, http://nanozine.com/WHATNANO.HTM.

81. D. Epel, "Scientists discover key ingredient in sexual reproduction", Stanford University News Service, 2000, http://www.stanford.edu/dept/news/report/news/august9/sperm-89.html.