Заттын Чыныгы Жүзү Жөнүндөгү Илимий Жетишкендиктер

Голограммалык Бир Дүйнөдө Жашап Жатабызбы?

maddenin aslı

Дүйнөнүн эң атактуу илимий журналдарынын бири New Scientist аттуу журнал 2002-жылдын 27-июньдагы санынын сырткы бетинин чоң темасында окурмандарына маанилүү бир илимий өнүгүүнү кабарлаган. J. R. Minkel тарабынан жазылган макала «Жасалма аалам» деген тема менен жана «Эмне үчүн баарыбыз бир голограмманын ичинде жашап жатабыз?» деген сырткы беттеги тема менен жарык көргөн. Бул макалада айтылган илимий жыйынтык кыскача мындай: дүйнөнү бир нурлар катары кабылдайбыз, ошондуктан бул кабылдоолорго карап, затты абсолюттук чындык деп ойлоо чоң жаңылыштык болот. New Scientist илимпоз Минкельдин (J. R. Minkel) бул маанилүү тема жөнүндөгү төмөнкү сөзүнө орун берген:

Азыр бир журнал кармап турасыз, муну катуу бир зат катары кабылдайсыз жана сиз мунун ааламда өз алдынча (өзүнчө көз-карандысыз) турганын көрүп жатасыз. Айланаңыздагы буюмдар да ушул сыяктуу, балким бир кружка кофе же бир компьютер, баары сыртта чындап бар сыяктуу көрүнүүдө. Бирок алардын баары болгону элестер гана.

Минкель макаласында кээ бир илимпоздордун бул көз-карашты «бүт нерсенин теориясы» деп аташканын айтат. Ошондой эле, Минкель илимпоздор тарабынан «бүт нерсенин теориясынын» ааламдын түзүлүшүн түшүндүрүүдө алгачкы баскыч катары кабыл алынганын билдирген.

Аталган журналда жарык көргөн бул макала – ааламды мээбизде бир элес катары кабылдашыбызды, ошондуктан биздин заттын оригиналын көрүп-сезбешибизди түшүндүргөн илимий бир булак.

Илимпоздор Жасалма Сигналдар Аркылуу Иштебей Калган Сезүү Органдарын Иштетишүүдө

The New Scientist's April 27, 2002 issue with its cover story, "Hollow Universe" and headline, "Why we all live in a hologram."

Американын атактуу актуалдуу журналы Time'дын 2002-жылдын 11-мартындагы санында «Дененин электрдик тогу» темасы менен жарык көргөн макалада маанилүү бир илимий өнүгүү орун алган. Бул макалада илимпоздордун компьютер чиптерин адамдын нерв системасы менен бириктирүү аркылуу сезүү органдарын айыктырууда колдонушканы айтылган.

Европа, Америка жана Япониядан изилдөөчүлөр иштеп чыккан жаңы ыкма менен сокур адамга көрүү сезимин, шал оорулуусуна кайрадан кыймылдоо жөндөмүн берүүнү максат кылышкан. Оорулуулардын денелерине электроддор жайгаштырылып, жандуу кыртыштар менен силикон чиптер бириктирилген протез бөлүктөрүн колдонуу менен бул максаттарына белгилүү деңгээлде жете алышкан.

Мисалы, бир кырсыктын натыйжасында мойуну сынган Holgersen аттуу бир Даниялыктын далылары, сол колун жана сол билеги бир аз гана кыймылдап, мойундан ылдый жагы толугу менен шал эле. Белгилүү болгондой, шал мойун менен жүлүндүн жабыркашынан болот, себеби мээ менен булчуңдар арасында кыймылдаган нерв жолу зыян көргөн же тосулуп калган болот. Денеден мээге баруучу сигналдарды жеткирүүчү нервдер менен мээден дене булчуңдарына буйруктарды ташуучу нервдер арасындагы маалымат агымы токтоп калат. Бул оорулууга нервдик бир протезди жайгаштыруу менен мээден келген сигналдарды жүлүндүн жабыркаган жерлеринен аттатып өткөрүү жана натыйжада кол менен буттарды бираз кыймылга келтирүү максатталган.

Time Dergisi

"The Body Electric," an article in Time magazine's March 11, 2002 issue, contained evidence proving that we cannot reach the actual matter existing outside our mind and that the external world is a copied image in our mind.

Оорулуунун сол колуна негизги функцияларды кайтаруу үчүн буюмдарды кармоого жана койо берүүгө жараган бир система колдонулган. Операция менен сол колунун үстүңкү жагына, колунун баш жагына жана көкүрөгүнө ар бири тыйындай чоңдуктагы сегиз ийкемдүү электрод кармоону башкарган булчуңдарга операция менен туташтырылган. Бул электроддор андан соң абдан ичке кабельдер менен көкүрөккө жайгаштырылган жана нерв системасына таасир берген бир сигнал берүүчүгө туташтырылган. Бул сигнал берүүчү болсо оорулуу бир аз кыймылдата алган оң далысына жайгаштырылган бир калыпты-аныктоо элементине туташтырылган.

Мунун натыйжасында мындай болду: оорулуу бир чыныны көтөргүсү келгенде, оң далысын жогору көтөрөт. Бул кыймыл калып-аныктоочудан көкүрөктөгү сигнал берүүчүгө электрдик сигнал жөнөтөт. Бул сигнал берүүчү болсо сигналды колундагы жана бутундагы булчуңдарды көздөй өткөрөт. Мунун натыйжасында булчуңдар жыйрылып, сол кол жумулат. Чыныны койо бергиси келгенде болсо оң далысын төмөн кылат, натыйжада сол колу ачылат. Ушундай протездер урматында шал органдардан келген тийүү жөнүндөгү маалыматтар дененин башка бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт жана натыйжада сезүү органдарынын кайрадан кабылдашы мүмкүн болот.

vücut elektiriği

According to the same issue of Time magazine, experiments in artificial visual systems revealed that blind people can regain partial sight with artificially generated signals without the need for their eyes—or any external object to see.

Мындай иш-аракеттердин дагы бири болсо Брюссельдеги Louvain университетинде көрүү сезими менен байланыштуу ишке ашырылууда. Чыбыкча жана конус клеткалары өлгөндө торчосу жарыкты сезбей калган, натыйжада сокур болгон Бельгиялык бир оорулуунун оң оптикалык нервинин айланасына коюлган бир электроддун урматында бир катар сүрөттөлүштөрдү кайрадан көрүшү мүмкүн болгон.

Бул оорулуу учурунда электрод башынын ичинде жасалган кичинекей бир оюктун ичине коюлган жана бул электрод бир сигнал берүүчүгө туташкан. Бир каска менен кийилген видео камера сүрөттөлүштөрдү радио сигналдар абалында сигнал берүүчүгө жиберет. Бул сигнал берүүчү жабыркаган чыбыкча жана конус клеткаларын аттап өтүп, түздөн-түз оптикалык нервге электрдик сигналды жиберет. Оптикалык нерв сигналдары оорулуунун көрүү борборуна жеткирилген соң, булар бир сүрөттөлүш катары кайрадан калыптандырылат. Оорулуу көргөн сүрөттөлүштүн сапаты стадиондордогу чоң экрандардын миниатюрасы сыяктуу болсо да, бул системаны ишке ашыруу мүмкүн экенин көрсөтүү үчүн жетиштүү бир мисал.

New Scientist

Discoveries of modern physics show that we merely know the physical universe as it appears in our minds is the sum total of our perceptions. The renowned English journal New Scientist, investigated this subject in its January 30, 1999 cover story, "Beyond Reality."

Бул оорулууга колдонулган жасалма көрүү системасы "Microsystem-based Visual Prosthesis" (MIVIP – Микросистемага таянган визуалдык протез) деп аталат. Бул каражаттар оорулуунун башына узун мөөнөткө жайгаштырылат, бирок буларды колдонуу үчүн Louvain университетинде кичинекей бир бөлмөгө барышы жана сүзгүчтөрдүн баш кийими сыяктуу бир баш кийим кийиши зарыл. Бул баш кийим пластиктен жасалган жана алды жагында туруктуу стандарттык бир видео бар. Экрандагы сүрөттөлүштү түзгөн чекиттер (пиксельдер) канчалык көп болсо, электрдик сигналдардын саны да ошончолук көп болот. Бул болсо сүрөттөлүштүн сапатын жогорулатат.

Ушул эле кабарда кызыктуу бир демонстация жөнүндө мындай деп айтылган:

New Scientist

The July 27, 2002 issue of New Scientist suggested the possibility of us living in an artificially created world in an article titled: "Life's a sim and then you're deleted."

Дүйнөгө таанымал илимий журнал New Scientist'тин 2002-жылдын 27-июльдагы санында болсо «Жашоо – бир программа, демек өчүрүлдүңүз» темасы менен жарык көргөн бир макаласында Micheal Brooks Матрица тасмасындагы сыяктуу симуляция бир дүйнө ичинде жашап жаткан болушубуз мүмкүн экендигин төмөндөгү сөздөрү менен айткан:

Матрица 2ни күтүүнүн кажети жок. Ансыз деле ири бир компьютер симуляциясы ичинде жашап жаткан болушуңуз ыктымал... Албетте, Матрица киносу чындык эмес деп ойлодуңуз. Себеби ошондой ойлошуңуз кааланды.

Макаланын автору Майкл Брукс Yale университетинен Nick Bostrom аттуу бир философтун жоромолдоруна да орун берип, пикирлерин бышыктаган. Nick Bostrom Голливудда тартылган кинолор көп адамдар ойлогондон көбүрөөк чындыкка жакын деп ойлойт. Ошондой эле, эсептөөлөрү натыйжасында биз да кинолордогу сыяктуу бир симуляция дүйнөсү ичинде жашап жатышыбыз ыктымал деп ойлойт.

Өзгөчө акыркы жылдары заттын оригиналын көрүп-сезе албашыбызды түшүнүү менен бирге бул илимий чындык адамдарды тереңирээк ойлонууга багыттап жатат. Тасмаларга да бат бат тема болуп турган бул жагдай заттык реалдуулугу жок чөйрөлөрдү абдан реалдуу кылып жасоо мүмкүн экенине; ал тургай, адамдар бул элестүү (иллюзиялык) сүрөттөлүштөргө алданышы мүмкүн экенине басым жасоодо.

What! Are they in doubt about the meeting with their Lord?What! Does He not encompass all things?
(Surah Fussilat: 54)

beynin içindeki dünya