Киришүү

Кандай бир дүйнөдө жашап жатасыз?

Катуу бир жердин үстүндө, ичинде адамдар, дарактар, деңиздер же имараттар бар, үстүнөн булуттар сүзүп жүргөн, андан жогоруда ири бир космос боштугу жайылган бир дүйнөбү бул жер?

Сиз болсо бул дүйнөнүн ичиндеги миллиарддаган адамдын бирөөсүсүзбү?

Эгер бул суроолорго «ооба» деп жооп берсеңиз, жаңылышасыз.

Эгер бул суроолорго «ооба» деп жооп берип жатсаңыз, анда сиз абдан маанилүү бир чындыкты өмүр бою билмексен болуп келе жатсаңыз керек.

Себеби сиз жогоруда сүрөттөлгөндөй бир дүйнөдө жашап жаткан жоксуз. Чынында дүйнөңүз бир топ кичине. Бул дүйнөнүн ичинде миллиарддаган километрдик аралыктар жер жарык жылы алыстыгындагы галактикалар мындай турсун, бир канча метрдик бир алыстык да жок. Сиз негизи абдан кичинекей жана жабык бир жерде жашап жатасыз: ири бир мунаранын чокусундагы кичинекей, эшиги кулптанган бир бөлмөдө. Бул бөлмөдөн өмүр бою эч чыккан эмессиз. Бул бөлмөнү таштап эч жерге бара алган эмессиз. Болгону бөлмөнүн дубалдарына чагылтылган ар кандай сүрөттөрдү, адамдарды, жерлерди көрдүңүз. Бөлмөнүн ичиндеги жашыруун колонкалардан чыккан үндөрдү уктуңуз. Чынында мунаранын төбөсүндөгү бул кичинекей бөлмөдө сизден башка эч ким жок. Жападан жалгызсыз!

Бул мунара сиздин денеңиз, бул мунаранын чокусундагы кичинекей бөлмө (б.а. сиздин дүйнөңүз) болсо мээңиз.

Мээңиз сиз ичинен эч качан чыга албай турган жабык бир бөлмө; себеби сиз өзүн көрүп жатам дегендериңиздин баары чынында мээңиздин көрүү, угуу же тийүү борборлорунда сезген кабылдоолоруңуз гана. Эч качан кабылдоолоруңуздан ары өтүп, «чыныгы затка», сырттагы заттын өзүнө эч жете албайсыз. Мээңиздин көрүү борборуна келген электрдик сигналдарды көрүп, эч качан бул сигналдардын чыныгы булагын көрө албайсыз. Жабык бөлмөңүздүн дубалындагы кино пардасын көрүп, бирок эч качан пардадагы сүрөттөлүштөрдүн өзүнө жете албайсыз.

Бул китепте сизге ушул чындыкты айтып беребиз. Бул жерде айтылгандар ушул күнгө чейин сиз көнүп калган көп пикир менен түшүнүккө карама-каршы келет болуш керек. Бирок бул жерде айтылгандар философиялык бир көз-караш же башкача бир жоромол эмес, илим ачкан далилдерге таянган анык бир чындык. Ушул себептен, көнүмүш пикирлерге таянбастан, акыл жана логика менен ойлонгондо, бул чындыкты жокко чыгаруу мүмкүн эмес.

Жана унутпаңыз: чындыкты билмексен болуу, ойлонбоо адамдарга эч пайда алып келбейт. Эгер адам «жок мен жабык бир бөлмөдө эмес, ири бир ааламдын ичиндеги бир планетанын үстүндө жашап жатам» десе, муну далилдеши керек. Далилдей албай туруп, мындай пикирге сокурдук менен ишенүү адамды жаңылыштыктарга гана түртөт.