Христиандар Аз. Исаны Угушсун
Harun Yahya
161 бет.
Бул китепти окуган Христиан бир туугандарыбыз түшүнүшү зарыл болгон өтө маанилүү бир чындык бар: китептин жазылуу максаты – эч Христиан бир туугандарыбызды сындоо, аларды жамандоо, Инжилди толугу менен жокко чыгаруу же Христиандык динин жок кылуу эмес.
Мусулмандар Бакара Сүрөсүнүн 136-аятында айтылгандай: «Биз Аллахка, бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахим, Исмаил, Исхак, Йакуб жана урпактарына түшүрүлгөнгө, Муса жана Исага берилген менен пайгамбарларга Раббиңден берилгенге ыйман келтирдик. Алардын эч бирин башкасынан бөлбөйбүз жана биз Ага өзүбүздү тапшырганбыз» дешет. Ошондуктан Мусулмандар да дал Христиандар сыяктуу Инжилдеги акыйкат өкүмдөргө моюн сунууга, терең маанилүү баяндарды бийик тутууга милдеттүү.
Китептин мазмуну
Китептин аталыштары жана бөлүмдөрү
Баш Сөз: Христиандар Иса Месихти Угушсун
Киришүү: Христиандык Негизи Бир Тавхид Дини
1-Бөлүм: Тарыхый Булактар Боюнча Инжил Кийинчерээк Бурмаланып Кеткен
2-Бөлүм: Үч Кудай Жаңылыштыгы
3-Бөлүм: Аз. Иса (aс) Крестке Асылган Деген Жаңылыштык
4-Бөлүм: Христиандардын Аллах Коркуусу Жана Аллах Сүйүүсү Боюнча Жаңылыштыктары
5-Бөлүм: Аз. Иса (Ас)Дын Кудай Экенине Ишенгендер Бейишке Кирет Деген Жаңылыштык
6-Бөлүм: Кээ Бир Христиандардын Армагеддон Жаңылыштыгы
7-Бөлүм: Кээ Бир Христиандардын Мусулмандар Жөнүндө Жаңылыш Көз-Караштары
8-Бөлүм: Аз. Иса (aс) Жерге Түштү
9-Бөлүм: Кээ Бир Евангелисттердин Антихрист (Дажжал) Көз-Карашынын Кооптуулугу