«Адам болуу» дини коомго сиңирген эң маанилүү аң-сезимдердин бири – бул адамдарга аял же эркек болушуна жараша бул дин койгон бир катар ар түрдүү жана кызыктай кулк-мүнөздө кулк-мүнөзү бар. «Адам болуу» дининде болсо адамдын кулк-мүнөзү аял же эркек болушуна жараша жасалма негизде, коомдун айтканына карап өзгөрөт.
Аялдар «адам болуу» дининин коому тарабынан чыгарылган күчтүү бир пропаганданын натыйжасында абдан алсыз, жөндөмсүз бир кулк-мүнөзгө ээ болушат. Эр жүрөктүк, акыл, чечкиндүүлүк, аракеттүүлүк, мээ, азап жана кыйынчылыктарга чыдамкайлык сыяктуу өзгөчөлүктөр - «адам болуу» дини аялга берген ролдо орду жок, болсо да дайыма аз өлчөмдө болгон өзгөчөлүктөрдөн. Бүт бул өзгөчөлүктөр эркектерде болушу керек деген түшүнүк эркектер тарабынан да, аялдар тарабынан да кабыл алынган. Кызганчаактык, эркелик, алсыздык, сезимталдык сыяктуу өзгөчөлүктөр болсо аялдыктын көрсөткүчтөрү катары кабыл алынат.
«Адам болуу» дини аял кулк-мүнөзүн аялдарга алсыздык, акылсыздык, караңгылык, жөндөмсүздүк (колунан эч нерсе келбестик) катары сездирет. Аял бул диндин туура эмес эрежелерине ылайык мындай көрүнүшкө кирүү жана бул кулк-мүнөздү жашоо мажбурдугун кааласа каалабаса кабыл алат. Ага даярдалган мындай кулк-мүнөз анын кыймыл-аракет, мамилелерине толук таасир этет. Мындай руханий жана психологиялык алсыздык, кемчиликтер анын аял болушунун бир талабы жана табигый нерсе деген туура эмес түшүнүк анын көңүлүнүн түпкүрүнө орноп калган. Коом ага аныктаган акылсыздык, караңгылык, жөндөмсүздүк ролун кабыл алган аял бара бара чындап эле акылсыз, жөндөмсүз жана сабатсыз адамга айланат.
Бул батыл дин аныктаган түшүнүк боюнча аялдын алдыга чыга турган тараптары – бул бир гана аны «аял» кылган өзгөчөлүктөрү. Акыл жана ахлак сулуулугу ордуна кебете жана дене сулуулугу, жарашыктуу болушу, жасанышы, сезимталдыгы сыяктуу... Өздөрүн коомдун эң маданияттуу, эң модерн катмарына тиешелүүмүн деп ойлогондор да бул эрежеге баш ийишет.
«Адам болуу» дининин өзүнө тиешелүү туура эмес ахлак эрежелери да ушундай начар, туура эмес түшүнүктөр үстүнө курулат.
«Адам болуу» дини аялдар үчүн койгон өзгөчөлүктөрдүн башында «ойлонбоо» турат. Ушул себептен бул батыл ишенимди кабыл алган бир аял көбүнчө акылын эч кайсы темада иштетүүгө өзүн зордобойт. Башкалардын пикирлерин колдонуу менен жашайт. Эч кайсы нерсеге чечим таппайт, ага айтылган чечимдерди ишке ашырат. Мисалы, эгер үй-бүлөсү экономикалык оор абалга түшкөн болсо аны чечүү көйгөйүн күйөөсүнө таштайт. Өзү болсо кайсы жумуштун аларга пайдалуу болоору, каражат табуу үчүн кандай жолдор бар экендиги жөнүндө эч кандай сунуш айтпайт. Күйөөсүн гана үйгө акча алып келбейсиң деп күнөөлөө менен өзүн буга тиешеси жок деп эсептейт.
«Адам болуу» дининдеги аял кулк-мүнөзүнүн дагы бир өзгөчөлүгү – бул анын «өнүгүүгө жана алдыга жылууга жабык болушу». Ушул себептен көп аялдар маданиятын, билимин, тажрыйбасын жогорулатуу үчүн аракет кылууга өзүн мажбур сезбейт. Ошондуктан көбүнчө илимий ачылыштар, технология, экономика, саясат жаатындагы жаңылыктарды көрбөйт. Кызыккан тармагы сырткы көрүнүшү же бир гана өз кесибине тиешелүү темалар менен чектелет.
Ал тургай «адам болуу» дининде ишеним да аялга даяр абалда сунулат. Турмуш кура турган кишисинин ишеними кандай болсо өзүн да ошого ылайыкташтырат. Эгер турмушка чыга турган адамы динчил бирөө болсо динди үйрөнүп баштайт, эгер ыйманы жок болсо же Аллахтын буйруктарын жакшы аткарбаса, аял да жүрөгүнөн Аллахтын бар экенин билсе да, күйөөсү сыяктуу жашап баштайт. Болочок күйөөсүнүн ой жүгүртүүсүн, жашоого көз-карашын, жактырган нерселерин, дүйнө түшүнүгүн, баалуулуктарын даяр модел катары толугу менен өзүнө сиңирет жана ушуга ылайык жашоосун улантат. Ушул себептен «адам болуу» динин жашаган көп аялдардын өзүнө тиешелүү бир «туура-туура эмес» түшүнүгү болбойт. Же күйөөсүнүкүн, же досунукун же болбосо ата-апасынын баалуулуктарын кабыл алып, өзүнө жол кылып алат.
Бул шайтандык динди жашаган аялдардын жашоолорун улантышы үчүн сөзсүз колдоого жана коргоого муктаждыгы бар. Ошондуктан көбүнчө чөйрөлөрүндөгү алсыз, чарасыз калган адамдарды, алардын акысын коргогон жана алар үчүн күрөшкөн бир кулк-мүнөздө болушпайт. Эч кимди коргобойт, бирок өзү корголот, эч кимдин проблемасын ойлонбойт, бирок анын проблемаларын бирөөлөр чечет, эч ким үчүн күрөшүп аракет кылбайт, бирок анын бейпилдиги үчүн күрөшүп аракет кылгандар болот.
Коркоктук да бул батыл диндин аял кулк-мүнөзүнүн бир бөлүгү. Көп аялдар чындыгында эч корпогон учурларда да корккон сыяктуу болушум керек деп ишенгендиктен, кыйкырып, обу жок кыймылдарды жасап бетин жабат же толкунданган сыяктуу болуп көрүнөт. Мисалы, коркунучтуу кино тасманы көрүүгө барган бир аял тасмадан эч таасирленбесе да корккон сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Чындыгында корко турган эч нерсеси жок, жаш бала да коркпой турган окуяларда кыйкырып, жасалма реакция бериши мүмкүн. Себеби караңгы коомдордо коркуу аялга жарашат же аял болуунун бир талабы деген ишеним бар. Чынында болсо Аллахтан башка коркула турган эч нерсе, эч кандай окуя жок. Бул чындыкты түшүнүү жана (дене рефлекстеринен башка) чын жүрөктөн муну ишке ашыруу бүт адамдардын милдети.
Караңгы коомдун аялдар үчүн берген дагы бир кулк-мүнөз өзгөчөлүгү – бул жөндөмсүздүк. Көп кыздар кичинекейинен баштап «сен жөндөмсүзсүң» деген ишеним менен тарбияланат. Ушул себептен колунун жөндөмү начар болот жана өзүн өнүктүрүүгө аракет кылбайт. Мисалы, «адам болуу» дининде бир аялдын бузулган бир электрондук буюмдун кандайча оңдолоорун үйрөнө албашы же татаал бир буюмду кандайча иштетүүнү түшүнө албашы толук табигый нерседей кабыл алынат. Же болбосо үзүлгөн бир ременди алмаштыра албашы, кол жөндөмүн талап кылган көп ишти кыла албашы кадыресе кабыл алынат. Чындыгында болсо бул – толугу менен «адам болуу» дини аялдарга таккан бир өзгөчөлүк. Көп аялдар чындыгында абдан жөндөмдүү боло алганына карабастан, ушул пропагандадан улам өзүн жөндөмсүзмүн деп ишендиргендиктен мындай иштерди кыла албайт. Албетте күчү жетпеген жумуштарды кыла албашы кадыресе көрүнүш, бирок мындан тышкаркы бүт нерселер пропаганданын натыйжасы.
«Адам болуу» дини аялга карата абдан басынткан көз-карашка ээ. Себеби «адам болуу» дининде кыз кичинекейинен баштап «жакшы тамак даярдоону үйрөнө албасаң, тыкан болбосоң, окубасаң, эч ким сени албайт, күйөөсүз, үйдө калбаш үчүн келбетиңе жакшы кара» сыяктуу түшүнүктөр менен тарбияланат. Үй-бүлөлөр кыздарын атайын мектептерге жөнөткөндө, илимин жогорулатканда, китеп окушун, бир музыка инструментин ойноп үйрөнүшүн же искусство менен алектенишин кеңеш кылганда, максат кылган жалгыз нерсеси – бул анын жакшы бирөөгө турмушка чыгышы. Ушул себептен кичинекейинен баштап өзүн ушул көз менен карап көнгөн бир жаш кыз чоңойгондо да сөзсүз бардык өзгөчөлүктөрүнүн материалдык акысынын төлөнүшүн каалайт. Ошондуктан акча дайыма мындай кыздар үчүн эң маанилүү нерсе болот. Ээ болгон өзгөчөлүктөрүнүн акысын материалдык төлөй албаган бирөө менен эч турмуш кургулары келбейт. Мындай адам менен жашаганда «теңим болбогон бирөө менен жашап жатам» деп ойлошот. Ошондуктан эгер «адам болуу» динин жашаган бир аялдын күйөөсү жетиштүү айлык ала албаган болсо, бул сөзсүз урушка себеп болот. «Мени жакшы бага албадың», «кааласам башка бирөө менен турмуш курмакмын, бирок сага тийгем», «сендейге турмушка чыгып, билип туруп өмүрүмдү суу кылдым» сыяктуу сөздөр менен «кадырына» жете албаганын билдирет. Ушул себептен «адам болуу» дининде турмуш курууда «акча» сөзсүз проблема жаратат.
Куранда караңгы аял кулк-мүнөзүнүн «интрига чыгаруучу жана пландар түзүүчү» экендиги жөнүндө көп аяттарда айтылат. Аз. Юсуфту интригалары менен түрмөгө каматкан аялдын кылгандары жөнүндө түшүрүлгөн бир аятта дин ахлагынан алыс жашаган аялдардын ушундай тарабына көңүл бурулууда:
Анын көйнөгүнүн артынан тартып-айрылганын көргөндө (күйөөсү): «Чынында, бул силердин пландарыңардан (бири). Чынында, силердин план-тузактарыңар чоң» деди. (Йусуф Сүрөсү, 28)
Коом ичинде да белгилүү болгондой «аял интригасы» бир адамды алдоого жана эки жүздүүлүккө таянат. Бирок «адам болуу» дини аял интригасын кадыресе абалга алып келген бир модел түзгөн. Мисалы, эркекти жумшартуу үчүн аялдын өзүн күнөөсүз көрсөтүүгө аракет кылышы же жасаткысы келген бир иш болгондо көздөрүн жашка толтуруп ыйлап башташы... Кызганган бир аял жөнүндө тымызын тескери пропаганда жүргүзүшү, макт��ган сыяктуу көрүнүп чындыгында аны жамандашы сыяктуу... Бир адамдын анын көңүлүн карашы жана натыйжада өзүн барктуу көрсөтүү үчүн ага муздак, кошкөңүл мамиле кылуу, ага бирөөлөр чалып жаткандай же көңүл буруп жаткандай көрүнүүгө аракет кылуу, атайылап телефон чалбай койуу, учурашпай койуу, аз сүйлөп, көңүлсүз көрүнүү сыяктуу тактикалар да – «адам болуу» дининин аял интригаларынан. Бир кыздын жигитин кызгандыруу үчүн башка эркек курдаштары менен да көп жолугуп башташы, айланасындагы эркектерге жакыныраак мамиле кылып башташы, эч мамилеси болбогон бир адам менен мамилеси бардай көрүнүшү – ал кыздын жаш кезинен үйрөнгөн «аял интригаларынын» бир бөлүгү.
«Адам болуу» дининин аял кулк-мүнөзү түпкүрүндө тымызындыкка таянат. Ушул себептен бул ишенимде тарбияланган бир аял башкаларга көз жаштуу, күнөөсүз, жумшак бир адамдай көрүнүп жатканда, ичинен абдан заалым болуп турушу мүмкүн. Мисалы, материалдык оор абалда турган күйөөсүнөн эс алуу акчасын ала алуу үчүн көз жашын көлдөтүшү мүмкүн. Же кымбат кийим алуу үчүн каприз көрсөтүп, уруш чыгарышы мүмкүн. Сырттан абдан назик бир адамдай көрүнгөнү менен, чындыгында кыйын абалда турган бир адамга өз кызыкчылыгы жана бейпилдиги үчүн гана көп жүк жүктөп, абдан заалым мамиле кылат.
«Адам болуу» дининде аялдардын биригип, кызматташып күйөөлөрүн кантип башкара алабыз деп пландар курганын да көп жолуктурууга болот. Бул толугу менен шайтан тарабынан багытталган бир мамиле бузуктугу болот. Бири-биринен үйрөнгөн тактикалары менен күйөөлөрүн белгилүү темаларда башкаруу үчүн саясат жүргүзүшөт. Бул багытта бири-бирине кеңештерди беришет. Мисалы, «кечинде анын эң жактырган тамагын даярда, күлүмсүрөп тосуп ал, жактырган бир программасын көрүп отурганда ала турган кийимиңдин баасын айт», «алгач бир чай сун, тамекисин күйгүзүп бер, ар нерсе жөнүндө сөз козго, бейпил отурганда керектүү сөздү баштайсың» сыяктуу кеңештер аялдардын күйөөсүнүн артынан аныктаган тактикаларынан. Же болбосо «кызгандыргың келсе, жасанып көчөгө чык жана кеч кел», «үстүңө үйрүлүшүн кааласаң анча маани бербе», «канчалык жакын мамиле кылсаң, ошончолук бат сууйт, унутпа» сыяктуу жасалма кеп-кеңештер аялдардын бири-бирине үйрөткөн интригаларынан.
«Адам болуу» дини адамдарды тышкы көрүнүшү, бири-биринен айырмачылыктарына жараша ар башка кулк-мүнөз жана психологияда болууга түртсө, Куранда сүрөттөлгөн дин, мунун тескерисинче, адамдарды жыныстык айырмаларга карабастан, жалгыз жана кемчиликсиз кулк-мүнөзгө, идеалдуу адам сыпатына, бийик ахлак түшүнүгүнө багыттайт. Аялдарга башка, эркектерге башка белгиленген ар түрдүү ахлактык жана психологиялык моделдер Аллахтын дининде жок. Куранда ыйман келтирген эркектер менен ыйман келтирген аялдардын- «адам болуу» дининин тескерисинче- жалгыз, орток жана идеалдуу момун ахлагына жана кулк-мүнөзүнө ээ экендиги билдирилет:
Шексиз, Мусулман эркектер жана Мусулман аялдар, момун эркектер жана момун аялдар, чын көңүлдөн (Аллахка) баш ийген эркектер жана чын көңүлдөн (Аллахка) баш ийген аялдар, чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар, сабыр кылган эркектер жана сабыр кылган аялдар, урмат менен (Аллахтан) корккон эркектер жана урмат менен (Аллахтан) корккон аялдар, садака берген эркектер жана садака берген аялдар, орозо кармаган эркектер жана орозо кармаган аялдар, намыстарын коргогон эркектер жана (намыстарын) коргогон аялдар, Аллахты көп зикир кылган (эстеген) эркектер жана (Аллахты көп) зикир кылган аялдар; (мына) ушулар үчүн Аллах бир кечирим жана улуу бир сыйлык даярдаган. (Ахзаб Сүрөсү, 35)
Момун эркектер жана момун аялдар бири-биринин досу (велиси). Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат, намазды туптуура кылышат, зекетти беришет жана Аллахка жана Элчисине баш ийишет. Аллах аларга рахматын төгө тургандар мына ушулар. Шексиз, Аллах – Улуу жана Күчтүү, Өкүм жана Хикмат Ээси. (Тообо Сүрөсү, 71)
Жогоруда да айтылгандай, албетте аялдар менен эркектер арасында дене түзүлүшүндөгү айырмачылыктардан келип чыккан кээ бир коомдук эмгек бөлүшүү, милдет бөлүшүү сыяктуу жөнгө салуулар жасалышы мүмкүн. Бирок мындай жөнгө салуулар дегенде бүт адамдар түшүнгөндөй-жана түпкүрүндө толугу менен «адам болуу» дининен келип чыккан- аялдын тамак бышырып, идиш, кийим жуушу сыяктуу бөлүнүүнү түшүнбөш керек. Себеби Ислам бул темаларда аялдарга атайын милдет жүктөгөн эмес. Аллах аял менен эркек арасында бир бөлүүчүлүк жок экендигине мындайча көңүл бурган:
Раббилери аларга (дубаларын кабыл алып) жооп берди: «Шексиз Мен эркек болсун, аял болсун, силерден бир (сооптуу) иш кылгандын ишин текке кетирбейм. Силер бири-бириңерденсиңер. Хижрат кылгандардын, мекендеринен сүрүлүп-чыгарылгандардын жана (Менин) жолумда кыйноого кабылгандардын, согушуп өлтүрүлгөндөрдүн сөзсүз жамандыктарын жашырам жана аларды астынан суулар аккан бейиштерге киргизем. (Бул) Аллах Кабатынан бир акы (сооп). (Ал) Аллах, акынын (сооптун) эң сонуну – Анын Кабатында.» (Али Имран Сүрөсү, 195)
Жыйынтыктасак эркек менен аялдын ар кандай ишти өз ара келишип, уюштурушу эң туура чечим болот.
Аялдардын оор иштерде, алардын күч-кубат жана мүмкүнчүлүгү жетпеген жумуш тармактарында иштеши өзгөчө бир кырдаал болмоюнча, албетте туура болбойт. Бирок муну аялдар алсыз, жардамга муктаж, кемчиликтүү жандыктар деп жоромолдоп, алардын ушундай кулк-мүнөзгө оронушун пропагандалоо Куранга эч туура келбеген көз-караштын натыйжасы. Бул «адам болуу» дининин көз-карашы жана ал өзүнө дене түзүлүшү, күч-кубаты жагынан алсызыраак жаратылган аялдын кулк-мүнөзү да алсыз болуш керек деген кыйыр жана түз көп пропаганданы камтыйт. Чындыгында болсо аял менен эркек арасында дене түзүлүшүнөн келип чыккан булчуң күчүндөгү айырмадан башка эч кандай айырма жок. Аял да, эркек да Аллах Кабатында бирдей жоопкерчиликтүү жана бирдей суракка алынат.
«Адам болуу» дини аялдарга сунган мындай «алсыздык модели» толугу менен кадыресе, ден-соолугу жайында, акылдуу жана тең салмактуу кулк-мүнөзгө ээ боло ала турган аялды байкуш абалына салат. Бул алсыздык акырын акырын кулк-мүнөзгө таасир этет.
Ушул себептен «адам болуу» дининин аялы момун аялдарга тиешелүү оригиналдуу жана акылдуу кыймыл-аракет жана көрүнүштөн абдан алыс. Бул дин калыптандырган аялдын кулк-мүнөзү Куранда момун аял жана момун эркек качынышы керек болгон, кулк-мүнөз бузуктугу жана анормалдуулук катары таанытылган дээрлик бүт кыймыл-аракет, мамилелерди өзүнө камтыйт.
Окуган китептериңизде, маектерде же мектеп-университетте «ойсоке» сөзүн сөзсүз уккан болушуңуз керек. Белгилүү бир адам моделин сүрөттөө үчүн колдонулган бул сөз түпкүрүндө «адам болуу» дининин маанилүү кулк-мүнөз түрлөрүнүн бири. Бүт өзгөчөлүктөрү дин ахлагына терс болгонуна карабастан, эл арасында көпчүлүк тарабынан кабыл алынып, ал тургай кээ бир чөйрөлөр тарабынан урмат менен кабыл алынган. Мунун себеби балким бул кулк-мүнөздүн терс тараптарынын, акылдуу жана логикага таянган жол менен, Куран ахлагы менен салыштырылып сүрөттөлүп, адамдарга көрсөтүлбөгөн болушудур. Бирок төмөндөгүлөрдү окуу менен бул кулк-мүнөздүн бардык начар тараптарына күбө болосуз жана сиз жолуккан дин ахлагынан алыс көп адамдын бул кулк-мүнөздү толук эрежелери менен жасашканын көрөсүз.
Ойсоке мүнөзүнүн эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул кулк-мүнөзгө ээ адамдын эч качан чыныгы жүзүн, кулк-мүнөзүн колдонбошунда. Бүт өмүрү жасалмалыкка таянат. Эч качан окуяларга карата чын көңүлдөн, табигый жооп көрсөтпөйт. Сүйүүсүн чын көңүлдөн көрсөтпөйт, жүрөгүнөн өткөндөрдү болгонун болгондой айтпайт, чыныгы маанайын көрсөтө турган абалда карабайт жана сүйлөбөйт.
Жасалмалык – ойсоке мүнөздөгү адамдардын негизги өзгөчөлүктөрүнөн. Мындай жасалмалык себеп болгон алдамчы бир маанай ичинде болушат. Мисалы, ойсоке мүнөзүн көрсөткөн бир адам эч таасирленбеген бир окуядан абдан кайгыргандай көрүнүшкө кириши мүмкүн. Ичинен эчтеке сезбесе да караңгылык эрежелерине ылайык «пай, пай», «ай-ий, кийин эмне болду», «кара ээ, эмне болуптур» сыяктуу сөздөр менен угуп жаткан окуянын ал үчүн канчалык өкүнүчтүү экенин көрсөтүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок мындай жооп көрсөтүп жатканда, сүйлөгөн сөздөрү эле эмес, үнүнүн тону, көз-карашы, мимикасы, колунун кыймылдары, ал тургай отуруу калыбы да жасалма болот. 40 жыл бою чогуу жүргөн жана бүт өмүрүн чогуу өткөргөн эң жакын досуна да өмүр бою бир жолу да чыныгы жүзүн көрсөтпөгөн, чыныгы үнү менен сүйлөбөгөн же чыныгы кулк-мүнөзүн көрсөтпөгөн болушу мүмкүн.
Ойсоке мүнөзүнө ээ адам эч качан эч бир адамга карата чыныгы сүйүү сезбейт жана көрсөтпөйт. Себеби бул кулк-мүнөздө жасалмалык менен бирге өзүмчүлдүк да өкүмчүлүк кылат. Бул кулк-мүнөзгө ээ бир адамдын жашоодо эң жакшы көргөн адамы – бул өзү. Бүт адамдардан көбүрөөк өзүн жактырат. Бүт баарынан акылдуу жана маданияттуу өзүммүн деп ойлойт. Жашоодо эч кимди өзүнөн көбүрөөк барктабайт. Балдарын, күйөөсүн же ата-апасын да... Ушул себептен эч кимди чын жүрөктөн, ичинен жана чыныгы бир сүйүү менен сүйө албайт. Ошондуктан сүйүү көрсөтмөлөрү да абдан жасалма. Мисалы, эч качан бир адамды чын көңүлдөн кучактай албайт, мактай албайт, анын жакшы тараптарын көрүп айта албайт. Мактоолору дайыма эл көзүнө жана жасалма болот. Бул кулк-мүнөздөгү адамдар көбүнчө бир адамдын жакшы кийимин гана мактап, аны каяктан же канчага алганын сурайт. Же чач жасалгасын жактырып, каерде жасатканын билүүгө аракет кылат. Бир алтын-күмүш көңүлүн бурат, ошону мактайт. Бирок эч качан бир адамдын ахлагы же көрүнүшүнүн жакшы тараптарын мактабайт. Мисалы, жөнөкөйлүк, мээрим, сабыр, абийир, Аллах коркуусу, эр жүрөктүк, жоомарттыкты айтпайт. Адамдардын дене өзгөчөлүктөрүн да мактагысы келбейт. Ушул себептен башкаларга сүйүү көрсөтүүнү жана башкалардын көңүлүн алууну билбейт.
Бул кулк-мүнөздү жашаган адамдын дайыма эки жүзү, эки үнү, эки кулк-мүнөзү бар. Булардын бири өзүнүкү, экинчиси болсо сыртка көрсөткөнү. Мисалы эч качан жүрөгүндөгү нерсесин бир адамга ошол замат айта ала турганчалык чынчылдыкка ээ эмес. Бир адамды сүйбөсө да ага карата жасалма сүйүү көрсөтүшү мүмкүн. Караңгы адамдай көргөн бир адамды алдамчылык менен маданияттуусуң деп айтышы мүмкүн, эч жактырбаган бир кийимди аябай макташы мүмкүн. Ушул себептен ойсоке мүнөз көрсөткөн адамдардын сөзүнө көбүнчө ишенүүгө болбойт. Алардан кеңеш суралбайт, себеби сөзсүз чыныгы пикирин жашыраары жана чөйрөгө эң ылайыктуу деп ойлогон сөздү айтаары белгилүү. Мындай адамдын сүйүнгөнү, күлгөнү да табигый жана чын жүрөктөн болбойт. Чындап кубанган, ырахат алган үчүн эмес, күлүшүм керек деп ойлогон үчүн күлөт. Жүрөгүнөн кыйналып, азап чегип турганда жүзү жылмайат. Эч көңүлүнө жакпаган адамдардын жанында, абдан сыгылган чөйрөлөрдө да- эгер кызыкчылыгы муну талап кылып жатса- кубанычтуу болуп көрүнөт. Намысына тийген бир абалда, басмырланганын сезген бир учурда же адамдар аны баалабаган чөйрөлөрдө да жасалма каткырыктар жасашы мүмкүн.
АДНАН ОКТАР: Акыр заманда көчөлөрдөн да көрүп жатасыздар, ушундай ойсоңдогон, динсиз, урушчаак, чириген эттүү аялдар пайда болду. Оозунан жек көрүү чачыраган, көздөрүнөн жек көрүү чачыраган, урушчаак, кычкыл, бүт нерседе бир жамандык издеген, фитна, бузукулук издеген, ичиндеги сүйүү куурап калган, махабат куурап калган, жок болгон адамдар. Ушундай кир, кислотадай сары адамдар. Ошол аят ошол эле учурда ушулар жөнүндө. Динсиз, атеист болушу, сабатсыз, караңгы болгонуна карабастан динге, Исламга, Куранга карата жек көрүү жана кек менен мамиле кылышы – булардын жалпы өзгөчөлүгү. Өз ара бири-бирине да душман болушат. Ушакка абдан жакын, кектүү жана «кир» болушат. Бул адамдар Куранда кир, начар деп сөз кылынган аялдар тобу. Ушундай ичи кекке толгон, эл арасында ойсоке, ажаан деп айтылган, урушчаак картайган короздорго окшогон, ачуулуу эти, кир тырмактары менен бир жезкемпирди элестеткен адамдар бар. Алар күнү-түнү бузукулук чыгаруу менен алек болушат. Каерде бир жакшылык бар болсо, аны бузганга аракет кылышат жана жиндидей энергиялуу болушат бул адамдар. Эң оор ооруга чалдыкса да, күнү-түнү Исламга, Мусулмандарга кол салышат. Каерде жакшы бир нерсе бар болсо келип аны бузганга аракет кылышат. Б.а. жезкемпирге окшогон, бузукулук чыгарган аял мүнөзү. Мына ушулардан Аллахка корголонуу керек. Булардын түйүндөргө дем салышы ошол, б.а. булар кылган сыйкыр деген нерсе, ошол эле учурда, жаман сөздүн кайра кайра кайталанышын билдирет. Жаман сөздөрдү көп кайталашат булар. Жамандыктын артынан чуркашат жана жамандыктын жайылышы үчүн аракет кылышат. Булар – акыр замандын сыйкырчылары.
АДНАН ОКТАР: Көбүнчө ошондой билинет, бирок кээ бир адамдар чындап эле ошондой. Мисалы тырмагы төрт кабат лак болот, чачын жасатат, бир жума он күн чачы ошол бойдон жүрөт. Мисалы, бир канча жума бою ич кийимин алмаштырбайт, бирок абдан жарашыктуу кийиндим деп ойлойт, аябай эле сонун кийинем деп ойлойт. Мисалы сөйкөлөрүн дат баскан, кулагында инфекция пайда кылып баштаган, алары менен мактанып, бой көтөргөн абалда жүрүшөт, менимче ошолор аталат болуш керек «ойсоке» деп.
АДНАН ОКТАР: Мисалы, аялдарда да мен көрөм, демейде 50 жаштагы, 60 жаштагы аялдар абдан жагымдуу, жакшынакай болушат, ыймандуу аялдар. Бирок ойсоке мүнөздүү аялдар пайда болду акыркы убактарда. Жийиркеничтүү, урушчаак. Игуанага (сойлоочу жандык түрү) окшошот. Адамды үркүтөт. Көз-караштары үркүтөт, жек көрүүгө толо. Сүйлөгөн сөзү же ушак, же бузукулук же доомат же уруш. Тууганым, рухуңда сүйүүдөн эч нур жокпу? Бир гүлдү сүй, адамга карата бир сүйүү сез. Бир мышыкка карата, бир адамга карата боорукердик сез. Досуң, сырдашың болсун. Бүт баарын жек көрөт. Баласы менен урушат, күйөөсү менен урушат, апа-атасына сүйлөнөт. Кошуналары менен урушат. Ушундай адамдар пайда болду, бул албетте абдан жаман.
Бул адамдар сырттан караганда абдан өздөрүн карангандай көрүнүшөт. Себеби ойсоке мүнөзүндө өзүн көрсөтүүнүн мааниси чоң. Бирок башка нерселерде болгон сыяктуу тазалыкта да эл көзүнө деген түшүнүк болгондуктан, бул адамдар эч ким көрбөгөн учурда абдан начар жашоодо жашашат. Бул кулк-мүнөзгө ээ бир адам үчүн тазалык бир гана башка адамдарды суктандыруу үчүн кылынган машакаттуу иш болуп саналат. Ошондуктан мындай көз-караш боюнча, эч ким жок кезде таза болуу зарылчылыгы да жоголгон болот.
Мисалы, ойсоке мүнөздүү адамдардын үйлөрүндө көбүнчө бир гана коноктор бөлмөсүнүн тазалыгына көңүл бурулат. Бирок бул бөлмөнүн да бир гана көрүнгөн жерлерин тазалашат. Креслолор бир караганда абдан таза көрүнөт, бирок көбүнчө креслолордун арка тараптарынын же ылдый жактарынын айлар бою сүртүлбөгөнүн, бүт жерди чаң басканын көрө аласыз. Жылыткычтардын жапкычтары тазаланган, бирок жапкычын ачып караганыңыздагы көрүнүш абдан начар болот. Бул мүнөздөгү адамдардын үйлөрүндө балким жылдар бою адам колу тийбеген жерлер болушу мүмкүн. Эски буюмдар турган эмеректер, килемдердин асты, мончонун дубалдары сыяктуу жерлер көбүнчө микропко толо жерлер болот.
Бирок эң негизгиси бул адамдардын жеке тазалыкка болгон көңүлкош мамилеси. Ойсоке мүнөздөгү адамдын эң негизги тараптарынын бири – бул кир, канча күндөн бери жуулбаган денесине көп атыр сээп, кирин жашырууга аракет кылышы. Сырттан караганда сонун жана кымбат баалуу атыр жыттары менен жүргөн бул адамдар көбүнчө канча күндөп жуунбаган болушат. Чачтарачка баргандан кийин кайра акча төлөбөш үчүн жана чачтары бузулбашы үчүн көп күн бою башын жуубай жүрүшөт. Бир жерге жөнөп жатканда көрүнгөн жерлерин гана тазалашат, бирок кийиминин астында калган жерлерин карашпайт. Ушул себептен көбүнчө тынымсыз бактерия жана микроптор себеп болгон инфекцияларга кабылышат, бирок муну да байкабастан жылдар бою бул оорулары менен бирге жашашат. Сунган тамагынын тазалыгына маани беришпейт, кылган тамактарын көбүнчө жакшы жуулбаган жашылчалар, эски майлар, эскилери менен жаңылары аралаштырылган буюмдар менен арзан кылууга аракет кылып даярдашат. Өз кызыкчылыгы үчүн башка адамдын ден-соолугуна зыян келтирүүдөн тартынбайт. Ал тургай тазалыкка маани бербестен даярдаган бул тамактарынын адамдардын ден-соолугуна зыян бериши мүмкүн экенин ойлоп да коюшпайт. Себеби ойсоке мүнөздүү адам белгилүү мөөнөттөн кийин кир жашоого көнүшөт жана муну кадыресе жашоо катары кабыл алат.
Булардын баары ойсоке мүнөздүн динсиздик системасынын үстүнө курулганынын натыйжасы. Ушул себептен алар абийирин колдонушпайт жана мажбур болмоюнча, Аллах буйрук кылгандай таза, башкалар үчүн өз мал-жанын аябаган, башкалардын көңүлүн караган адамдардан болушпайт.
Ойсоке мүнөзүндө дин Куранда сүрөттөлгөн абалынан такыр башкача кабылданат. Бул мүнөздөгү көп адамдардын туура эмес көз-карашы боюнча диний ишеним адамдын Аллахка болгон жакындыгынан эмес, коом тарабынан кабыл алынуу каалоосунан келип чыгат. Б.а. бул туура эмес логикадагы адамдар үчүн белгилүү бир деңгээлде динчил болуу – бул коомдун жалпы каада-салты катары орундатылышы керек болгон бир жашоо эрежеси. Ушул себептен, ойсоке мүнөздүү адам динчил адам болууну да өзүнүн төмөн акылында бир адамдарга көрүнүү жолу катары колдонот. Кээде Аллахты эстейт, Аллахка ишенем, Куранды кабыл алам деп айтат, бирок дин талап кылган сонун ахлакты жана жашоо калыбын кабыл алып, аткарбайт. Аллах мындай адамдардын бар экенин, Куранда Маун Сүрөсүндө билдирген. Аяттарда Аллах мындай буюрат:
Динди жалганга чыгарганды көрдүңбү? Жетимди түртүп-урушкан; Кедейди тойгузууга (башкаларды) чакырбаган мына ошол. Мына (ушул) намаз кылгандардын абалы кандай жаман. Алар намаздарында жаңылыштыкта. Алар эл көзүнө (намаз) кылышууда. Жана кичинекей бир жардамга (же зекетке) да тоскоол болушууда. (Маун Сүрөсү, 1-7)
Бул мүнөздүн өзүнө тиешелүү, Курандан толугу менен алыс, туура эмес бир дин түшүнүгү бар. Бул мүнөздөгү адамдар динчилбиз деп айтышса да, арам жана адалдарга дээрлик эч маани беришпейт. Аллахтан зарыл деңгээлде, ичи титиреп коркушпайт. Ушул себептен, диндин өз ойлорунда оңой өкүмдөрүн аткарышып, өздөрүнө оор келген же кызыкчылыктарына туура келбеген өкүмдөрүн билмексен болушат. Мисалы, намаздын бирөөсүн кылат, бирок күндүн башка бөлүгүндө эгер кечеге чакырылган болсо же уйкусу келсе же болбосо базарга, дүкөнгө барыш керек болсо оңой гана бир өкүм чыгарып, «баарын кылыштын кажети жок, бир убак кылуу жетиштүү» деп койо алышат. Албетте бул такыр туура эмес, Куранга да сүннөткө да туура келбеген бир көз-караш. Же болбосо «менин ниетим маанилүү, эмне кылганым эмес» деген сыяктуу туура эмес чечим чыгарышы мүмкүн. Чындыгында болсо Аллах Куранда мунун туура эмес экенин бизге билдирген.
Бул туура эмес көз-карашта дин белгилүү күндөрү, белгилүү адамдардын жанында же белгилүү окуялар убагында гана эстелет. Мисалы, жаназа же диний майрамдар ойсоке мүнөздүү адамдар динди эстеген жер жана окуялар болот. Себеби мындай абалдар алар үчүн жасалма динчилдиктерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет. Өлгөн бир адамдын артынан дуба кылуу же анын акырети менен байланыштуу сөз козгоо - чөйрөлөрүнө динге маани бергенин көрсөтүү үчүн маанилүү. Албетте булардын баары чын жүрөктөн жасалса жакшы иш-аракеттер болот, бирок ойсоке кыялдуу адамдардын айырмачылыгы – бул алардын өлгөн кишинин акырети менен байланыштуу сөз кылып жатканда же анын артынан дуба кылып жатканда, Аллахты унутуп, өлүмдү жана акыретти өздөрүнөн алыс көрүп, бир гана чөйрөдөгү адамдарга көрүнүү максатында кылышы.
Ойсоке кыялдын философиясын жашагандардын көпчүлүгү мындай абалдарда башына ичке бир жоолук байлап, көбүрөөк жери кара болгон жарашыктуу жана кымбат кийимдерди кийип жаназага барышат. Жаназа ээлерин көргөн жерде кайгылуу жана айоолуу жүз көрсөтүп «арты кайырдуу болсун» дешет. Өлгөн адамдын ажалынын жеткендиги, артта калгандардын ден-соолукта болушу айтылат. Бирок буларды кылып жатканда, ичинде Аллахтын алдындагы алсыздыгын сезген, өлүмдүн ага да абдан жакын болушу мүмкүн экенин билген жана эсеп берүүдөн корккон бир адамдын маанайы болбойт. Тескерисинче ошол учурда жаназа аземи абалы жана эрежелери башкача бир конок чакыруу сыяктуу кабылданат. Жакшы кийинүү жарышы, ушактар ал жерде да улантылат. Алардын ойлорун ким келиптир, ким эмне кийиптир, ким кандай маркадагы жоолук байлаптыр, кимдин көз айнеги кандай маркада экен деген сыяктуу нерселер ээлейт.
Ойсоке мүнөздүн маанайы менен дин алып келген маанай бири-бирине толугу менен карама-каршы. Ойсокелер Аллахты көп эстеген сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Өзгөчө кырсык, оору же өздөрү үчүн маанилүү көргөн окуялар учурунда. Бирок Аллахтын бүт жерди, бүт тарапты ороп курчаганын, аларды дайыма башкарып турганын, тагдырга баш ийишкенин, сурак беришээрин, диндин аларга жоопкерчилик жүктөгөнүн, Аллахтын азабын, адилеттүүлүгүн, күч-кудуретин көбүнчө эч ойлонушпайт. Балким жашоолору боюнча бул темаларды терең терең эч ойлонушкан эмес болуш керек. Көбүнчө Куранда буйурулган ахлакты билишпейт, билишсе да эч жасашпайт.
Ойсоке мүнөздүүнүн мындай адашкан тарабын аныктоо чынында абдан оңой. Алардан бир гана Аллах ыраазычылыгы үчүн мал-жанынан коротуусун сурансаңыз, алардын туура эмес көз-карашы көбүнчө толугу менен ачыкка чыгып калат. Себеби ойсокелер Аллахты ыраазы кылуу үчүн бираз кыйынчылыкка да түшкүлөрү келбейт. Жашоо калыптары, көнгөн люкс жашоосу, чөйрөсүнөн бөлүнүп калууну элестете да алышпайт. Мисалы эгер диндин бир өкүмүн аткарганда чөйрөсүнөн терс бир мамилеге кабылам деп ойлосо, Аллахтын ыраазычылыгы ордуна адамдардын ыраазычылыгын тандашат. Өзгөчө дин үчүн байлыктарынан, оюн-күлкүлөрүнөн, саякаттарынан, кийим калыптарынан же көнүмүш адаттарынан эч качан баш тарта алышпайт. Чындыгында болсо, мындай мамилелери, эгер өздөрүн өзгөртүп тообо кылышпаса, бир гана дүйнөдө эмес, акыретте да аларга чоң бир жоготуу алып келет. Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн дүйнө жашоосунда кичинекей кыйынчылыктан да качынган бир адам акыретте чоң бир бушаймандыкка кабылат.
Чыныгы дин ахлагы адамдын бүт жашоосуна жана ахлагына таасир этиши керек. Аллахка ишенген бир адам бүт өмүрүн Аллахтын ыраазычылыгына ылайык Анын динине баш ийип жана Куран ахлагы менен өткөрөт. Эч качан Аллахтын динин дүнүйөлүк кызыкчылыктарына туура келип келбешине карап баалабайт. Антип баалаган болсо анда бул чыныгы динчилдик эмес. Ошондуктан ойсоке мүнөздүн динге болгон туура эмес көз-карашы Исламдын рухунан жана логикасынан абдан алыс. Аллах болсо аяттарында диндин бир гана Аллахка калыстык менен баш ийилиши керек экенин мындайча билдирет:
Шексиз, сага бул Китепти акыйкат менен түшүрдүк; демек сен да динди бир гана Ага калыс кылып Аллахка ибадат кыл. Кабарың болсун; калыс (кошумчасыз) болгон дин бир гана Аллахтыкы. Андан башкаларды өзүнө дос туткандар (мындай дешет:) «Биз буларга бизди Аллахка көбүрөөк жакындаштырсын деп ибадат кылып жатабыз.» Албетте, Аллах өз ара (Ал) жөнүндө талашкан нерселеринин өкүмүн берет. Чындыгында Аллах жалганчы, каапыр адамды туура жолго баштабайт. (Зүмер Сүрөсү, 2-3)
Айткын: «Мен динимди бир гана Ага калыс кылып Аллахка ибадат кыламын. Силер Андан башка каалаганыңарга ибадат кылгыла.» Айткын: «Чындыгында кыйроого кабылгандар – бул кыямат күнү өздөрүн да, жакындарын да кыйроого жолуктургандар. Кабарыңар болсун, бул апачык кыйроонун дал өзү.» (Зүмер Сүрөсү, 14-15)
Демек, каапырлар жактырбаса да, динди бир гана Ага калыс кылгандардан болуп Аллахка дуба (кулчулук) кылгыла. (Момун Сүрөсү, 14)
Ойсоке мүнөзүнүн дагы бир өзгөчөлүгү – бул мындай мүнөздүн адамдын бүт жашоосун ээлеши. Мындай өкүмчүлүк ушунчалык күчтүү болгондуктан, ойсокелер эң оор абалдарда да өз эрежелеринен кайтышпайт. Жогоруда сөз кылынган жаназа темасы бул абалга бир мисал болот. Себеби мындай адамдар эң жакын курдаштары өлгөндө, ал тургай өз түгөйлөрү же балдары өлгөндө да Куран ахлагына толугу менен карама-каршы мүнөздөрүн ташташпайт.
Мындай начар мүнөздүү адамдар ой жүгүртүү мүмкүнчүлүктөрүн эч колдонбогондуктан, Аллахтын улуулугун жана кудуретин толугу менен түшүнө алышпайт, жана ушул себептен Аллахтан коркушпайт. Ошондуктан эч кайсы окуя аларга терең таасир бербейт, аларды чын жүрөктөн, чын көңүлдөн мамиле кылып баштоого жана жөнөкөйлүккө багыттабайт. Жакын бир курдашынын абдан коркунучтуу бир ооруга чалдыгышы, балдарынын майып болушу, жолдошунун өлүмдөн аман калышы жана ушул сыяктуу окуялар аларга терең таасир бербейт. Бул адамдардын абалынан эч сабак алышпайт. «Мен да бир күнү ушундай бир окуяга кабылышым мүмкүн» деп ойлонуп, ахлактарын, каталарын оңдоого аракет кылышпайт.
Ойсоке мүнөз эч кача албаган жана түбүнөн кыйраган бир гана окуя бар: өз өлүмү. Ойсокелердин жашоодо эң корккон нерсеси – бул өлүм. Өлүмдүн аларга чындап жакындаганын сезишкенде олуттуу коркууга кабылышат. Мындай начар мүнөзүн ошондо гана ташташып, чыныгы жүзүн көрсөтүшөт. Мисалы бир жер титирөө убагындагы дүрбөлөң ойсоке мүнөздү ташташына себеп болушу мүмкүн. Мындай учурда бул мүнөзгө ээ адамдын мимикасы, үнү, мамилеси жана Аллахты эстөө калыбы кокустан өзгөрөт. Алсыздыгын билген, жөнөкөй, абдан корккон, чын жүрөктөн мамиле кылган бир абалга келет. Бирок жер титирөө бүтөөрү менен мындай таасир бир заматта жоголот жана ойсоке мүнөзү мурдакысындай кайтып келет. Себеби бул жерде мүнөзүнүн бир көз ирмемге болсо да өзгөрүлүшүнө себеп болгон күч – Аллахтан болгон коркуу эмес, өлүм коркунучу. Өлүм коркунучу өтүп кетээри менен бул начар мүнөз толугу менен кайра уланат.
Ойсокелер көбүнчө эч нерсеге колунун эби келбеген, жөндөмсүз, сабатсыз адамдар болушат. Себеби бул мүнөз адамга сунган дүйнө абдан кичинекей. Жашоонун белгилүү чөйрөлөрүнө гана кызыгат, мындан башка эч кайсы темада маалыматтары болбойт.
Ойсокелердин кызыккан чөйрөлөрү – кийимдер, макияж буюмдары, парфюм маркалары, чөйрөлөрүндөгү адамдардын жеке жашоолору, жасалгалоо моделдери, саякат программалары, чачтарачтардын даректери сыяктуу темалар. Булардан башка аларды терең кызыктырган көп тема жок. Мисалы Чыгыш Түркстанда Мусулмандарга көрсөтүлгөн кыйноолор, Палестинадагы зулумдук, Иракта күн сайын өлтүрүлгөн күнөөсүз адамдар, Африкада ачкадан өлгөн адамдар, дүйнөдө динсиздиктин жайылышы, адамдардын Куран ахлагын ташташы же жаштар арасындагы ахлактык бузулуу – ойсокелерди эч кызыктырбаган темалар. Себеби алар бир гана өз көйгөйлөрүн ойлогон адамдар. Башкалардын көйгөйлөрү, эң жакын курдаштары болсо да, аларды эч кызыктырбайт. Бирок анын кызыкчылыктарына да таасир эткен бир тарабы болсо гана көңүл бурушу мүмкүн.
Мисалы өздөрү же үй-бүлөсүнөн бирөө ооруп калмайынча оорулуу адамдарга жакындык сезишпейт. Өздөрү жакыр болуп калмайынча жакыр адамдардын абалын эч ойлонушпайт. Өздөрү ачка калмайынча ач адамдардын абалын түшүнүшпөйт. Ойсокелердин бир темада көңүл буруп ойлонушу үчүн алгач ал окуяны өз баштарынан өткөрүшү керек. Аларга тийбеген жана аларды тынчсыздандырбаган эч кайсы көйгөй алар үчүн маанилүү эмес. Алардын бир көйгөйгө чечүү жолун издеши, бул көйгөйгө кабылган бир адамдын кутулушу үчүн аракет кылышы жана колдорундагы мүмкүнчүлүктөрдү бул көйгөйдү чечүү үчүн колдонушу бул абалдын аларга да зыян берип-бербешинен көз-каранды. Эгер согуш же ачарчылык болгон бир өлкөдө жашап жатышса жана мындай абал аларга да таасир берип жатса, анда ал жердеги көйгөйдөн чыгуу жолун издеши мүмкүн. Бирок ошол эле мүнөзүн улантышкан болсо, акылдуу жана логикалуу бир чечүү жолун чыгарышы мүмкүн болбойт. Эгер мурдараак сөз кылынган өлкөлөрдөн алыс бир жерде бардарчылык ичинде жашап жатышкан болсо, ал жерлердеги адамдардын абалы аларды эч кызыктарбайт. Бул жагынан караганда ойсоке мүнөзү – абдан таш боор жана заалым бир кулк-мүнөз.
Мындан тышкары, ойсоке мүнөзү адамга сунган маданият да бир гана элдерге көрүнүүгө таянгандыктан, мындай адамдар абдан караңгы жана сабатсыз болушат. Китеп окууга, акылын иштетүүгө, ой жүгүртүүгө эч убакыт бөлүшпөйт. Бүт убактысын жана мээсин адамдарга кантип көрүнүү темасына арнашат. Ушул себептен акыл талап кылган темаларда сунуш, пикир чыгара албоо, чөйрөлөрүнө пайда бере албоо жана өз чөйрөлөрүнө бир кооздук кошо албоо – ойсокелердин эң белгилүү өзгөчөлүктөрүнөн.
Ал тургай ойсоке мүнөздүү адамдар көбүнчө шашылыш учурларда акылы ордундагы адамдарга тоскоол болуп, жумуш чыгарышат. Кооптуу бир учурда чара алыш керек болгондо, эч пайдасы болбогону аз келгенсип, акылсыз жана жөндөмсүз болушкандыктан, аларды да коргоп-колдоо үчүн убакыт бөлүш керек болот. Мисалы бир кырсык учурунда ылдам доктор чакырып, айланада топтолгон адамдарды таратуунун ордуна ыйлап, кыйкырып, ар кандай кыймылдарды жасап окуяны андан да татаалдаштырышат. Ушул сыяктуу шашылыш окуяларда акылын колдонуп, чечүү жолун чыгара алышпайт. Ал жердеги адамдардын жумушун көбөйткөнгө гана жарашат. Ушул себептен ойсоке мүнөзү адамдын өзүнө гана зыян бербестен, ал адамды чөйрөгө да зыянын тийгизген бир адамга айлантат.
Ойсокелердин жашоодо бир мүдөөсү, идеалдары, сонун максаттары болбогондуктан ошол эле учурда камырабас да болушат. Көбүнчө кечеге, чачтарачка, спортко, дүкөнгө же бир конокко үлгүрүүдөн башка эч кандай шашылыш иштери жок. Өзү менен байланыштуу темаларда гана ашыгышат. Башкалардын бейпилдиги, ден-соолугу, коопсуздугу үчүн ашыгышпайт. Убакыт алар үчүн кымбат эмес, убакытты шашпай колдонушат. Күндөрдү, айларды, ал тургай жылдарды эч пайдалуу бир иш кылбастан, бир гана өздөрү жана өз чөйрөлөрү менен алектенип өткөрө алышат. Ушул себептен абдан камырабай кыймылдашып, көпкө сүйлөшүшөт, кичинекей бир маселени да сааттар бою чече алышпайт. Мисалы, үйүндөгү кандайдыр бир жасалганы өзгөртүү маселесин жумалап, ал тургай айлап чече алышпайт. Кайсы кийим кийээри, чачтарын кандай кылып жасатаары, кайсы билерикти тагаары, кайсы бут кийимди алаары жана ушул сыяктуу темаларга көптөгөн күндөрүн, айларын коротушат.
Ойсоке мүнөздүн мындай камырабастыгы бул адамдардын мээсинин иштешине да ушундай таасир берет. Акылдары абдан жай иштеп калат. Туура менен туура эмести оңой айырмалай алышпайт, терең маанилүү сүйлөй алышпайт жана акылын колдонуп, эч бир адамдын ахлагынын, кулк-мүнөзүнүн, жашоо калыбынын жакшы тарапка өзгөрүшүнө салым кошо алышпайт.
Мындай мүнөздүү адамдардын эң жактаган нерселеринин бири – бул «интеллектуалдуулук, кадырдуулук». Кадырдуулук тышкы көрүнүш, мамиле жана бир катар жүрүм-турум эрежелерин жасоодон гана турат деп ойлогон мындай адамдар өздөрүн чөйрөлөрүнө карата абдан кадырдуу адамдар катары көрсөтүшөт. Байлык адамдарга табигый бир кадырдуулук берет, жана жок дегенде тамактануу, отуруп туруу же кийинүү менен байланыштуу кээ бир эл аралык эрежелерди үйрөнүп мындай кадырдуулукка жетүүгө болот деп ойлошот.
Чындыгында болсо ойсокелердин назик көрүнүшүнүн түбүндө көбүнчө абдан заалым, төмөн жана кадырдуулуктан алыс бир мүнөз бар. Кызыкчылыктарына туура келбеген бир окуя болгондо кылган мамилеси же баалабаган адамдарга болгон мамилеси муну апачык көрсөтөт. Мисалы, чөйрөсү тарабынан абдан назик адам катары таанылган бир ойсоке бир дүкөндө сумкасын жоготкондо абдан начар мамиле кылып баштайт. Сатуучуларга кыйкырып, алыс-жакын адамдарга уурулук айыбын тагышат. «Ылдам сумкамды тапкыла, болбосо бул жердеги баарыңарды сотко берем» дейт. Абдан начар сөздөрү жана үнү менен сөз түшүнбөй, тиешеси жок адамдарга кыйкырат. Ал учурда кадырдуулук жана этика толугу менен жоголот. «Кызыкчылыгыма зыян келет» деп ойлогондуктан чыныгы жүзү ошол замат ачыкка чыгат.
Мээрим, кадырдуулук, этика сыяктуу өзгөчөлүктөрдүн ойсоке мүнөзүндө туурамчылыкка таянганын түшүнүү үчүн көп мисалдарды берүүгө болот. Мисалы, бир ойсоке өзүнө конокко келген жакын бир курдашынын баласын абдан жакшы көрүп мамиле кылат. Аны кучактап, сүйөт, мээрим көрсөтөт, ал баланын жыгылбашы же зыян көрбөшү үчүн абдан аяр мамиле кылат. Бирок үйүнө кедей бир үй-бүлөнүн баласы келгенде мамилеси такыр башкача болот. Анын бөлмөдөгү креслолорго отурушун, жакшы идиштерден тамак жешин, үйдүн ичин кыдырышын каалабайт. Бул баланы кармап, сүйгүсү келбейт. Мээрим көрсөтпөйт, ал тургай терс, катуу мамиле кылат.
Мындай мүнөздөгү адамдар жашоо калыптарында кандайдыр бир өзгөрүү болушуна эч чыдашпайт, ошондуктан оңой ачууланышат. Мисалы, абдан жарашыктуу кийинген жана чакырылган кечеге үлгүрүүгө аракет кылып жаткан бир ойсокени элестетели. Чөйрөсүндөгүлөр менен абдан назик сүйлөшкөн жана аларга назик мамиле кылган бул адам эгер чакырылган жердин унаа токтотуучу жайынан орун таба албаса бир заматта мамилеси өзгөрөт. Унаасын алыс бир жерге токтотуп басыш керек экенин түшүнөөрү менен унаа токтотуучу жайдын кызматкерин күнөөлөп баштайт. Бул адамды басынтып максатына жетүүгө аракет кылат. Каалаганы орундалбаса, ылдам катуу мүнөз болуп баштайт, үнү, сөздөрү өзгөрөт. Кичинекей бир кызыкчылык үчүн бүт ушундай төмөндүктөргө барат. Себеби ойсокенин кадырдуулугу бир гана тышкы көрүнүшкө таянган.
Чыныгы кадырдуулук ыймандан келип чыгат жана рухта жашалат. Аллахка ыйман келтирген, бүт нерсенин сообун Аллахтын күткөн, Куран ахлагы талап кылган рух кооздугун жашай алган бир адам гана чыныгы кадырдуулукка ээ боло алат. Мындай адам шарттарга жана адамдарга жараша өзгөрбөгөн, кызыкчылык артынан чуркабаган, намыстуу, жөнөкөй, барктуу жана кадырлуу бир мамилеге ээ болот. Аллах Куранда чыныгы кадыр-барктын Аллахка жана Аллахтын тараптарларына тиешелүү экендигин билдирет:
«Ант болсун, Мадинага кайтсак, күчү жана кадыр-баркы көп болгон, кедей жана алсызды, албетте, ал жерден сүрүп-чыгарат.» дешет. Чындыгында болсо иззет (күч, кадыр-барк жана улуулук) Аллах, Анын Элчиси жана момундарга тиешелүү. Бирок мунафыктар билишпейт. (Мүнафикун Сүрөсү, 8)
Алар момундарды таштап, каапырларды дос (вели) кылышат. «Кубат жана кадыр-баркты (иззетти)» алардын жанынан издеп жатышабы? Шексиз, «күч-кубаттын жана кадыр-барктын баары» Аллахка тиешелүү. (Ниса Сүрөсү, 139)