![]() |
Англияда Виктория доорунда эки биолог «жандыктар толугу менен кокус процесстер натыйжасында бир-биринен келип чыккан жана адамга чейин созулган бир процессте өнүгүп өзгөргөн» деген көз-карашты айтып чыгышкан. Бул биологдор Чарльз Дарвин менен Альфред Рассел Уоллес эле. Табигый тандалуу аркылуу эволюция жөнүндөгү алгачкы эмгек Дарвин менен Уоллес тарабынан орток даярдалган эле. Биологдор эволюция теориясы жөнүндө бир-бири менен атаандашуунун ордуна, бул ойлоп чыгарылган теорияга бир-биринин салымын кабыл алышкан. Ал тургай, Уоллес Dar¬wi¬nizm (Дарвинизм) аттуу китеби менен Дарвиндин табигый тандалуу теориясын колдогон. Бул китепти укканда Дарвиндин берген жообу болсо «Дарвинизм деген аттан сөз кылбагыла, себеби бул теория ошол эле учурда Уоллесизм да болушу мүмкүн.» болгон.116
Бирок бул ойдон чыгарылган теория жөнүндөгү эки биологдун жолдору кыска убакыттан соң бөлүнгөн.
Эволюция теориясы боюнча, жандыктар бүт анатомиялык жана физикалык өзгөчөлүктөрү менен бүтүндөй кокус жана натыйжада аң-сезимсиз бир процесс ичинде, табигый тандалуу аркылуу, бир-биринен келип чыккан эле. Бул көз-караш боюнча, бир бактерия менен башталган жашоо ушул «бир-биринен келип чыгуу жолу» аркылуу учурдагы бүт жандык түрлөрүн пайда кылган эле (терең маалымат үчүн караңыз. Ev¬rim Al¬dat¬ma¬ca¬sı (Эволюция калпы), Ha¬run Yah¬ya, Araş¬tır¬ma Ya¬yın¬cı¬lık). Дарвин табигый тандалуу принциби манжалар же мурун сыяктуу морфологиялык өзгөчөлүктөрдүн келип чыгышын эле түшүндүрбөстөн, ошол эле учурда мээнин түзүлүшүн жана натыйжада акыл-эс жөндөмдүүлүктөрүбүздү да аныктайт деп ишенген. Б.а. Дарвиндин ою боюнча, табигый тандалуу адамдардын музыка, искусство, адабият тармактарындагы кызыгуусуна жана чечимдерине, ойлонуу жөндөмүнө жана акыл-эс күчүнө таасир берген жана аларды өзгөртүп өнүктүргөн бир күч эле. Бирок Уоллес бул пикирге кошулган эмес. Дарвиндин принциптери манжалар жана бут манжалары же андан жөнөкөйүрөөк өзгөчөлүктөрдү түшүндүрүшү мүмкүн деп ойлогон, бирок математика жана музыка жөндөмү сыяктуу жогорку адамдык жөндөмдөрдүн бир гана сокур кокустуктардын натыйжасы болушу мүмкүн эмес экенине ишенген.
Уоллестин «сокур кокустуктар Моцарттын жөндөмдөрүнүн булагы» деген пикирге каршы чыгышынын эң негизги себеби – потенциалдуу мээ деп атоо мүмкүн болгон бир жагдай эле. Уоллестин ою боюнча, мисалы учурда жашаган бир абориген коомунан дээрлик толук сабатсыз жаш бир уруу мүчөсүн алдык дейли. Андан соң бул өспүрүмдү Рио-де-Жанейро, Нью-Йорк же Токиодо заманбап бир мектепте окутайлы. Албетте, бул шаарларда чоңойгон балдардан эч айырмасы болбойт. Уоллес муну мындайча түшүндүргөн: «Абориген же кроманьон өзүнүн табигый шарттарына ыңгайлашуу үчүн муктаж болгондуктан, бир топ көп потенциалдуу мээге ээ. Мындай потенциалдуу мээни негизи расмий билим берүү аркылуу алынган кинетикалык мээге салыштырууга болот. Бул потенциалдуу мээ эмнеден эволюциялашты? Англисче билим берилген мектептерде латынча үйрөнүү үчүн чыккан эмес эле. Математика үйрөнүү үчүн да эволюциялашкан болушу мүмкүн эмес, ким болсо да жетиштүү аракет кылса бул темада адистеше алат. Андай болсо бул көрүнбөгөн жөндөмдөрдүн пайда болушун камсыз кылган түшүндүрүүчү күч каяктан келген эле?»117 Уоллес жандыктардын аң-сезимсиз процесстер ичинде бир-биринен келип чыгып эволюциялашканына ишенгени үчүн адамдардын мээсинин өрчүшүнүн бул ойлоп чыгарылган теориянын каерине кошулаарын табууга аракет кылган. Бирок андай процесс болбогондуктан, бул пикирди жактай турган бир логика да чыгара алган эмес.
![]() |
Уоллес мындай деген:
Кылымыбыздын жазуучуларынын баары адамзат урпагынын абдан илгеркиге таянаарын моюнга алуу менен бирге, алардын көпчүлүгү мээ абдан кыска убакыт мурда келип чыккан деген ишенимде жана биз менен бирдей мээ деңгээлине ээ адамдар тарыхтан мурдакы доорлордо жашаган болушу мүмкүн деп ойлошпоодо.118
Учурдагы илимпоздордон Вилайанур С. Рамачандран болсо муну мындайча түшүндүрөт:
Неандертал жана кроманьон адамдарынын мээ жөндөмдүүлүктөрүнүн бизден чоң экенин билебиз, ушул себептен жашыруун калган потенциалдуу мээлери хомо сапиенс менен бирдей, ал тургай жогорураак деп ойлоо эч оор эмес.119
![]() |
Негизи Дарвин да теориясынын адам мээси менен байланыштуу бул ойлоп чыгарылган өрчүүнү түшүндүрө албаганын апачык моюнга алган, ал тургай ушул себептен теориясынын жараксыз деп табылышы мүмкүн экенин айткан:
... Адам мээ (акыл-эс) күчү жагынан бүт башка айбандардан ушунчалык айырмалуу болгондуктан, айтылган бул жыйынтыкта (төмөнкү бир формадан келип чыгуу) бир туура эместик болушу мүмкүн экени айтылышы ыктымал.120
Андай болсо, эволюция менен ишке ашышы мүмкүн болбогон бул маанилүү өрчүүнүн түшүндүрмөсү кандай? Уоллестин буга жообу мындай: Муну Аллах кылган. Уоллестин ою боюнча «адамдын көркөмдүгү «Кудайдык берешендиктин» дүйнөдөгү көрүнүшү эле».121
Мына ушул жерде Уоллес эволюциянын түртүүчү күчү табигый тандалуу деп өжөрлөнгөн жана эң сырдуу мээ өзгөчөлүктөрү да бир Улуу Зат тарабынан жаратылбастан, келип чыккан деп жактаган Дарвинден бөлүнгөн. Дарвин Уоллестин пикирлерин теориясы үчүн чоң бир коркунуч катары көргөн жана 1869-жылы Уоллеске жазган катында табигый тандалуу жөнүндө «сени менен менин баламды бүтүндөй өлтүрбөйт чыгаарсың» деген.122 Уоллес келген бул жыйынтык албетте материализмге таянган жана Аллахтын бар экенин жокко чыгара алуу үчүн чыгарылган эволюция теориясына эч туура келбейт эле. Мына ушул себептен Уоллестин пикирлери шашылыш түрдө четке түртүлдү. Материалист чөйрөлөр үчүн алдыңкы планга бүт нерсенин аң-сезимсиз процесстер менен пайда болгонун айткан түшүнүктү чыгаруу керек эле. Мунун башчысы Дарвин болгон.
![]() |
Darwin'in evrim teorisi, kaplanların, ceylanların, tavşanların, kısacası yeryüzündeki tüm canlıların hiçbir şuurlu müdahale olmadan, tesadüfen meydana geldiklerini iddia eder. Darwinizm'e göre tesadüf, evrimin mucizeler meydana getiren ilahıdır. Bilimsel olarak kesin olarak desteklenmeyen, son derece mantıksız temeller üzerine kurulu bu teori, canlıların mükemmel özellikleri karşısında yenilgiye uğramıştır. Üstün kompleks özellikler, tüm varlıkların Allah'ın mükemmel yaratışını ispat eder niteliktedir. |
19-кылымдан баштап материалисттердин эң негизги көңүл чордонунда Дарвин менен дарвинизм пропагандасы орун алды. 19-кылымдын, бүгүнкүгө салыштырмалуу артта калган, илим чөйрөсүндө табигый тандалуу аттуу бир механизмди бүт жандыктардын өрчүү себеби деп жактоо оңой эле. Фоссил (жаныбар калдыктары) орундары терең изилдене элек, генетика илими ачыла элек эле. Адамдарды ошол доордун илими, тагыраак айткан сабатсыздыгы ичинде болбогон сценарийлер менен алаксытуу Дарвин менен тараптарлары үчүн көп оор болгон эмес. Бирок ошол доордо да, теориянын куруучуларынын бири болгонуна карабастан, Уоллес көңүл бурган адам аң-сезимин эволюция менен «түшүндүрө албоо» апачык байкалган. Аң-сезимсиз иштеген бир механизм аң-сезимдин бар болушун түшүндүрө алмак эмес. Эволюционисттер эч бир аң-сезимдүү окуяга уруксат бербеген кокустан болгон окуялар кандайдыр бир жол менен аң-сезим, түшүнүү, жөндөмдү пайда кылган дешкен. Бул эч логикага туура келбейт эле.
![]() |
20. yüzyıl bilimi, paleontoloji, biyoloji ve genetik alanlarında, evrim teorisinin sonu-nu getirmiştir. Teorinin delilsizliği ve geçersizliği açıkça ortaya çıkmış, canlıların kompleks yapılarıyla yoktan yaratıldıkları kanıtlanmıştır. |
20-кылымда эволюция теориясы чоң бир күтүлбөгөн окуяга туш болду. Алгач палеонтология илими Дарвин «келечекте табылат деп ишенген» кайып ортоңку формалардын бирөөсүнүн да жер бетинде жок экенин жарыялады. Жер бети дээрлик толугу менен казылып, изилденген жана Дарвин менен тараптарлары күткөн ортоңку формалар болсо табылган эмес. Эволюция теориясы үчүн экинчи күтүүсүз окуя болсо ачылган генетика илими эле. Генетика жандуу формаларынын, Дарвин айткандай табигый тандалуу аркылуу өзгөрүүгө мүмкүн эмес даражада комплекстүү жана өзгөрүлгүс бир түзүлүшкө ээ экенин бүт дүйнөгө апачык көрсөттү. Илимий жетишкендиктер клетканын Дарвин ойлогондой ичи суу толо бир көбүкчө эмес экенин, сансыз жана бир-биринен татаал органеллден турган жана акылдуу механизмдерге ээ «төмөндөтүүгө мүмкүн эмес даражада комплекстүү» бир түзүлүштө экенин көрсөттү. Ачылган ДНК балким эволюция теориясы үчүн эң чоң соккулардын бирин түзгөн. Жандыктын бүт генетикалык маалыматы сакталган бул ири молекула кокустан пайда болбой турганчалык комплекстүү болуу менен бирге, кандайдыр бир өзгөрүүгө мүмкүндүк бербей турганчалык назик бир түзүлүштө эле. Эволюция боюнча жандыктардын бир-биринен келип чыгып өзгөрүшү, жаңы түрлөрдө башка жандыктарга тиешелүү жаңы өзгөчөлүктөр пайда болушу керек эле. Генетика илими көрсөткөн чындыктар менен мунун Дарвин айткандай болушу мүмкүн эмес экени анык көрүндү. Генетика илими көрсөткөн комплекстүүлүккө эч бир илимпоз эч нерсе дей албады.
Натыйжада дарвинисттер генетикалык түзүлүштө өзгөрүүгө жол ачышы мүмкүн болгон нерселерге көңүл бурууга мажбур болушту. Бул үчүн өз ойлорунда колдонууга боло турган жалгыз механизм – мутациялар эле. Нео-дарвинизм деген ат менен дарвинизмдин жаңы түрүн шашылыш түрдө ойлоп чыгышты жана эволюцияда генетикалык өзгөрүүнү камсыз кылган экинчи бир механизм, б.а. мутациялар бар дешти. Бирок баары илимпоз болгон бул кишилер кызыктай абалда маанилүү бир чындыкты көрмөксөн болушкан: мутациялар – бул 99% организмге зыян берүүчү, 1% таасирсиз генетикалык кийлигишүүлөр эле. Көзөмөлгө алынган лаборатория шарттарында да мутациялар аркылуу жандыкка жаңы бир генетикалык маалымат тартуулап, аны өнүккөн башка бир түргө айлантуу мүмкүн эмес эле. Тескерисинче, ар мутация жандыктын майып болушуна же өлүмүнө себеп болуп жаткан. Көзөмөлсүз табият шарттарында туш келди мутациялардын болсо бир жандыкка кандай таасир берээри белгилүү эле.
Палеонтология чыгарган жыйынтыктар жана генетика илиминин чындыктары алдында эволюционисттер тынымсыз теорияларын оңдоп отурушту. Генетика илими табигый тандалууну четке какканда мутацияларга, палеонтология фоссил калдыктарын чыгарганда болсо үзгүлтүктүү (чачыроочу) эволюция пикирине жабышышты. Илимий ачылыштар койгон эволюцияга каршы четке кагылгыс бүт далилдер эволюция теориясын бүтүндөй түшүндүрмөсүз калтырып, аны кыйраган бир теорияга айлантты. Теорияга жасалган жаңы оңдоолор болсо эволюционисттерге эч качан бир натыйжа берген жок. Себеби эволюцияны колдогон бир даана дагы далил табылган эмес.
Теория эч бир жактаган пикирин түшүндүрө албайт эле. Эволюционисттер тарабынан чыгарылган пикирлер илимий жактан кыйратылган. Бирок ушундай бир тема бар эле; эволюционисттер башынан эле бул темада эч нерсе айта албашын билишчү жана муну апачык моюнга алышчу. Бул Альфред Уоллес теорияны чыгарып жаткан кезде эле айткан «эволюциялык жол менен келип чыгышы мүмкүн эмес» деген «аң-сезим» эле.
![]() | |
150 milyon yıllık Coelacanth fosili |
Физикалык мааниде адамдын эволюциясы жөнүндөгү кандайдыр бир теория күчтүү жаактары жана чоң курч тиштери бар жана бизден төрт эсе ылдам чуркаган маймылга окшогон бир атанын кантип акырындап эки буттуу бир айбанга айланганын түшүндүрүшү керек. Бул күчтөргө акылды, сүйлөөнү жана ахлакты кошуңуз, булардын баары эволюция теориясына баш көтөрүүдө.123 (Эволюционист илимпоз Роджер Левин)
Эволюция тараптарлары Дарвин убагында түшүндүрүү мүмкүн болбогон аң-сезим темасына Дарвинден кийин ар кандай түшүндүрмө чыгарууга аракет кылышкан. «Алгачкы адамдар» бир-бири менен байланыш куруп, ууга чыгып, курал жасап баштап мээнин эволюциясын камсыз кылган дешкен. Мээнин өрчүшү менен бирге тил эволюциялашкан, сүйлөө жөндөмү менен бирге аң-сезим пайда болгон жана ушундайча адамды башка айбандардан айырмалаган эң негизги айырма пайда болгон дешкен. Бул пикирлердин эч бири илимий бир таяныч таба алган жок. Фоссил калдыктары булардын кандайдыр бирөөсүнө далил боло турган бир дагы табылга берген жок. Тил жана аң-сезимге жасалган илимий изилдөөлөр менен эксперименттер мындай бир өрчүүнүн ишке ашышы жөнүндөгү бүт ыктымалдыктарды жок кылды. Дарвинисттердин колунда сөздөр гана бар эле. Бул сөздөр бүт эволюционист китептерде аздыр-көптүр окшош абалда, укмуштуу бир сценарий менен баяндалып, бирок эч бир эволюционист булак буга илимий бир далил сунбай жаткан эле. Себеби мындай эволюция болгон эмес эле.
Атактуу Na¬tu¬re журналынын редактору Генри Джи, бир эволюционист болгонуна карабастан, мындай эволюционист пикирдин логикасыздыгы жөнүндө мындай дейт:
Мисалы адам эволюциясынын дененин турушу, мээ көлөмү менен от, курал колдонуу сыяктуу технологиялык ийгиликтер жана тилдин пайда болушун камсыз кылган кол-көз координациясындагы өнүгүүлөргө жараша өрчүгөн деп айтылат. Бирок мындай сценарийлер субъективдүү. Эксперименттер менен текшерүү мүмкүн эмес, демек илимий эмес. Көбүнчө колдонулушу илимий тесттерге эмес, аны чыгаргандардын пикир жана абройуна таянат.124
![]() |
Бул пикир илимге сыйбагандан тышкары, логикалык жактан да маанисиз. Эволюционисттер «эволюция» менен пайда болгон акыл урматында курал колдонуу келип чыккан; курал колдонуу урматында болсо акыл өнүккөн дешет. Жумуртка-тоок аңгемесинде 1,5 кылымдан бери уланып келген парадокско бул жерде да кабылышууда. Эволюционисттер бул жердеги логикасыздыкты түшүндүрүшү керек. Бул абал эволюция теориясын чыгарып жатканда, Уоллес кабылган парадокстун эволюция теориясы жагынан дагы эле уланып жатканын көрсөтүүдө.
Дарвинизмдин эң таасирдүү сындоочуларынан Филипп Джонсон бул жөнүндө мындай дейт:
Акылдын жемиши болгон бир теория теорияны чыгарган акылды ылайыктуу абалда эч түшүндүрө албайт. Абсолюттук туураны тапкан жогорку илимий акылдын аңгемеси акылды берилген бир жөндөм катары кабыл алганыңызда гана канааттандырарлык болот. Акылды өз ачылыштарынын бир натыйжасы катары түшүндүрүүгө аракет кылганыбызда, туюк бир күзгүлүү коридорго кирген болобуз.125
Джордж Маршалл институтунун башчысы Роберт Джастроудун жоромолдору болсо мындай:
Адам көзүнүн кокустан пайда болгонун кабыл алуу кыйын. Бирок адам мээсин аталарыбыздын мээ клеткаларында пайда болгон туш келди бузулуулардын натыйжасы деп кабыл алуу андан да кыйын.126
Дарвинисттер адам аң-сезиминин эволюциясын жоромолдорго гана таянган сөздөр менен түшүндүрүүнүн жетишсиз калганын түшүнүшүп, аны «илимий сүйлөмдөр» менен кооздоо муктаждыгын сезишкен. Ал үчүн «пайда болуу кубулушу» деген бир фактордун таасирдүү экенин жакташты. Дарвинисттердин ою боюнча, бир кокустук эч күтүлбөгөн башка бир нерсенин пайда болушуна жол ачышы мүмкүн эле. Буга эң жакшы илимий мисал «суу» дешти. Бул мисалда, кычкылтек менен суутек өз башынча сууга окшош бир өзгөчөлүккө ээ эмес, бирок белгилүү бир катышта кошулганда пайда болгон суу молекулалары алдын ала божомолдоо мүмкүн болбогон ар кандай өзгөчөлүктөрдү пайда кылууда. Эволюционисттер муну адамдын аң-сезимине колдонушту жана адам аң-сезиминин түбүндө мээ химиясында пайда болгон кокус бир өзгөрүү бар деп чыгышты. Эч качан текшерүү (тест кылуу) мүмкүн болбогон, эч кандай илимий далили жок мындай бир пикирди чече албаган аң-сезимге колдонуу алардын чарасыз калганынын апачык бир көрсөткүчү эле.
Бул албетте абдан логикасыз жана илимий жактан мүмкүн эмес бир калп. Себеби бүт адамдар адам аң-сезиминин суу мисалындагы сыяктуу физика эрежелеринен көз-каранды бир кубулуш эмес экенин абдан жакшы билет. Бир адамдын бир кулпунайды көрүнүшү, жыты жана даамы менен бирге элестете алышы, туугандарынын көрүнүшүн жана үндөрүн жанында тургандай кабылдай алышы – мээсиндеги атомдордун мурда белгисиз болгон бир нерсени пайда кылуу үчүн кыймылдашынын бир натыйжасы эмес, албетте. Булардын баарын чындыктай кабылдашы (элестетиши) – адамдын каалоосу, тилеги жана ошол кезде ойлогон нерселери. Физикалык сыпаты бар атомдордун ар кандай формада кошулуп метафизикалык бир түшүнүк болгон «аң-сезимди» пайда кылышы мүмкүн эмес. Философ жана жазуучу Кристиан де Квинси (Chris¬ti¬an de Qu¬in¬cey) айткандай, «илимпоздор али аң-сезимди түшүндүрө албай жатканда, өз аң-сезимдеринин анык бар экенин күн сайын көрүү сыяктуу кызыктай бир абал ичинде жүрүшөт».127
Эволюционист илимпоз Дж. Хоукс (J. Haw¬kes) New York Ti¬mes Ma¬ga¬zi¬ne'де чыккан бир макаласында мындай дейт:
Куштарды, балыктарды, гүлдөрдү ж.б. көз уялткан сулуулукту табигый тандалууга гана карызбыз дегенге ишенүүдө кыйналам. Андан да, адам аң-сезими ошондой бир механизмдин натыйжасы болушу мүмкүнбү? Кандайча болуп бүт цивилизация жыргалдарынын жаратуучусу болгон адам мээси; Сократ, Леонардо да Винчи, Шекспир, Ньютон жана Эйнштейн сыяктуулардын атын калтырган жаратуучулук «жашоо күрөшү» деген жунгли мыйзамынын бизге бир тартуусу болсун?128
Бул дарвинисттердин бир кыялы, туура болушун абдан каалаган бир тилеги гана. Аң-сезимди эволюциянын тантык жана далилсиз пикирлери менен эч түшүндүрүүгө болбойт.
![]() |
Бир музыканы угуп жатканда анын ритминин ырахат алган, бир тамакты даамдап аны жактырган же жактырбаган, жанындагы бир адамды сүйгөн, ага боорукердик кылган, өз эгосун изилдеген, өз мээсин лабораторияда анализ кылган, ачылыштар жасаган, маселелерди чечкен, ийгиликтерине кубанган, чечим алган, обон чыгарган, китеп жазган жандык аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасында пайда болушу мүмкүнбү? Кайсы туш келди химиялык окуя бир адамга жакшылык кылууну, башкаларды ойлоону, башкалар үчүн өз мал-жанын аябоону үйрөтө алат? Кайсы туш келди окуя натыйжасында адам бир нерселерди үйрөнүү, эсинде тутуу, башкаларга үйрөтүү, мамлекеттерди башкаруу жөндөмдөрүнө ээ болгон? Кайсы аң-сезимсиз окуя бир адамды аң-сезимдүү, логикалуу, кыйын шарттарда шашылыш чечимдерди ала алган, кубанган, кайгырган, сезимталданган, таң калган, тынчсызданган, пландар жасаган бир жандыкка айланта алат? Мээнин ичиндеги аң-сезимсиз, акылсыз атомдор кантип бир айбанды бийик имараттарды курган, учактарды жасаган, компьютерлерди чыгарган, сансыз математикалык формулаларды чыгарып өнүктүрүп космоско чыккан, өзүнө окшогон роботторду долбоорлогон аң-сезимдүү бир адамга айланта алган? Бир бактерия кантип бүт дүйнөдө кереметтүү бир маданият курган, кереметтүү бир технология өндүргөн бир адамга айланган?
Эволюция теоретиктери бүт бул суроолорго жооп бериши керек. Кокустуктардын, туш келди жана аң-сезимсиз таасирлердин кантип аң-сезимди пайда кылганын түшүндүрүшү керек. Аң-сезимсиз окуялардын кантип аң-сезимден жогору болгонун, кантип аң-сезимдүү бир жандыктан да жогору бир аң-сезимди көрсөткөнүн түшүндүрүшү зарыл. Эгер алар айткан эволюция туура болгон болсо, алгач илимий далилдерди алып келип, анан бүт мындай логикасыздыктарды түшүндүрүшү керек. Эволюционисттер муну илимий түшүндүрө алышканбы? Аң-сезимсиз окуялар аң-сезимди пайда кылган деген парадокско бир жообу барбы? Бул темада жазылган сансыз эволюционист китепте, сансыз эволюционист макалада, сансыз конференцияда буга жооп берилгенби?
Жок!
Эволюционисттердин кылганы – ойлорун айтуу, ал ойлорун сөздөр менен кооздоо, далилдер берүүдөн качынуу, бош жана узун сөздөр менен «адам негизи айбан» деген пикирди мүмкүн болушунча адамдардын ойуна сиңирүү гана. Илимий далили болбогон сыяктуу, мындай логикасыздыкка да бир түшүндүрмө айта алышпоодо. Аң-сезим эволюция теориясын олуттуу мааниде жок кылган, дарвинисттердин башын оорутуп, чарасыздыкка салган эң так жана эң жашырылгыс чындыктардан. Дарвинисттердин затка таяндырган калптарын аң-сезимге эч колдонууга болбойт. Затка гана таянып чыгарылган бул теория заттан тышкары болгон бул керемет алдында укмуштуу бир шокко кабылды. Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу үчүн чыгарылган бул калп Аллахтын кереметтүү чыгармасы болгон «аң-сезим» тарабынан жер менен жексен болду. Аллах бир аятында мындайча буюрат:
Чынында алар тузак курушту. Бирок алардын тузагы тоолорду ордунан кыймылдата турган болсо да, Аллах Кабатында аларга даярдалган тузак (жаза) бар. (Ибрахим Сүрөсү, 46)
![]() |
Ki O, yarattığı her şeyi en güzel yapan ve insanı yaratmaya bir çamurdan başlayandır. |
Заманбап илим адам акылынын материалисттер айткандай мээ клеткалары арасындагы алмашуудан келип чыкпашын тастыктады. Б.а. адам денесинде дененин өз функцияларына тиешесиз жана физикалык бир сыпаты жок бир нерсе бар. Материалисттик философиянын бир натыйжасы болгон жана заттан башка эч бир түшүндүрмөнү кабыл албаган эволюция теориясы заттык негизи жок адам рухун эч түшүндүрө албайт.
Бул жерде бир чындыкты кайра эске салуу пайдалуу: эволюция теориясынын жандыктардын өнүгүшү менен байланыштуу далилденген бир дагы пикири, далилденген бир дагы мисалы жок. Эволюция теориясы жандыктардын тарыхы жөнүндө спекуляцияларды гана колдонуп, жасалма далилдерди чыгарган жана жандыктардын эволюциялашканын далилдеген илимий жана палеонтологиялык чындыктарды жаап-жашырууга аракет кылган. Ушундайча жараксыз фоссил мисалдарын пропаганда катары колдонуп, аларды ортоңку форма мисалдары катары көрсөтүп, адамдарды алдоого аракет кылган жана ал тургай бул үчүн жасалма, жалгандарды токушкан (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Ara Ge¬çiş Aç¬ma¬zı (Ортоңку форма туюгу), Ha-run Yah¬ya. Araş¬tır¬ma Ya¬yın¬cı¬lık). Эволюционисттердин жандыктардын «эволюциясы» жөнүндө сансыз сценарийи, сансыз жомогу бар. Бирок булардын бир даанасы да илимий далилдене алган эмес. Ал тургай, илим менен технология мындай бир эволюциянын мүмкүн эместигин апачык жарыялады.
Эволюциянын бул туюктары арасында аң-сезим темасынын өзгөчө болушунун себеби физикалык эч бир далил менен пайда болушун түшүндүрүү мүмкүн болбогон бул тема жөнүндө эволюционисттер бир сценарий да чыгара алышкан эмес. Заманбап технология продукту, өнүккөн сканер аппараттары материалисттердин мээде акылды түзгөн бир аймак же процессти табабыз деген күтүүсүн жоопсуз калтырды. Адам акылын материалдык түшүндүрүү мүмкүн болбоодо.
Материалисттик көз-карашка ээ адамдардын мындай изденүүлөрүнүн себеби – аң-сезимди чындап түшүнө албашы. Өздөрүнүн руху бар экенин, аң-сезими бар экенин түшүнө алышпоодо. Дарвинизмди жакташынын жалгыз себеби ушул. Эгер аң-сезим сыяктуу кереметтүү бир нерсени байкашса, өздөрүнүн руху бар экенин түшүнүшсө, эч качан дарвинист боло алышпайт. Бул бүтүндөй метафизикалык бир чындык.
Дарвинисттер татаал комплекстүүлүктөгү бир адам көзү кокустан эволюциялашкан жана жарыкты кабылдоо, б.а. «көрүү» жөндөмүнө кокустан ээ болгон дешет. Түстөрдү көргөн, айланасындагыларды кабылдай алган, алар жөнүндө жоромол жасай алган адамды ушул кокустуктардын, клеткалардын өз ара таасирлеринин натыйжасы катары көрүшүүдө. Көздөгү клеткалар сырттагы жарыкты кармайт жана бизге түстүү дүйнө сунулушу үчүн ушул механизмдин жана мээнин болушу жетиштүү дешүүдө. Бирок бул клетка бир көрүнүштү байкап аны кабылдоо үчүн ачылып жабылышы, бир аң-сезим менен чечим алышы, кыскасы рухтун буйругуна моюн сунуп кыймыл-аракет жасашы сыяктуу бир кереметти түшүнө алышпайт. Эч бир дарвинист өзүндөгү аң-сезимди сезбейт. Муну сезип туруп дарвинизмди жакташы мүмкүн эмес. Өзүндөгү аң-сезимди сезип туруп «бир клетка жыйындысынан гана турам, бактериядан чыгып ушул абалга чейин келдим, колумдагы жана көргөн нерселеримдин баары аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасы» деп жакташы мүмкүн эмес. Кадимки аң-сезим жана абийир менен муну айтышы мүмкүн эмес. Дарвинисттер ичтеринде көргөн, ойлонгон, акыл жүгүрткөн, жоромол жасаган, сүйгөн, сүйүнгөн, кайгырган бир жандык экенин байкай алышпоодо. Байкаар замат затты кудайлаштыруу пикиринен баш тартышат.
Бир адамдын жашыл түстү көрүшү, келе жаткан досун таанышы, аны көргөнү үчүн кубанышы эми илимдин курамына кирүүчү бир тема эмес. Физикадан ары, тышкаркы бир чындык. Муну физикалык же заттык эч бир себеп жана түшүнүк менен түшүндүрүүгө болбойт. Өзүндөгү аң-сезимди байкаган бир адам үчүн болсо бүт нерсе абсолюттук заттан гана турат деп айтып, аны жакташы мүмкүн эмес. Мына ушул себептен дарвинисттер ээ болгон нерсе такыр башка бир көз-караш, такыр башка бир кабылдоо формасы. Албетте эң туурасын Аллах билет.
Аллах Куранда мындай адамдардын керемет көрсө да ишенбешин мындайча кабар берген:
Чынында, Биз аларга периштелер түшүрсөк, алар менен өлүктөр сүйлөшсө жана бүт нерсени алдыларына чогултсак, -Аллах кааламайынча- баары бир алар ишенмек эмес. Бирок алардын көпчүлүгү караңгылык (аңкоолук) кылышууда. (Энъам Сүрөсү, 111)
Кадимки бир адам үчүн өз ичиндеги аң-сезимди кабылдап байкаган «менди» көрө алуу, мээсинен тышкары бир аң-сезимге ээ экенин түшүнүү абдан оңой. Бирок дарвинисттер башкача бир көз-караш түзүлүшүндө болгондуктан, заттан тышкары бир аң-сезимдин бар экенин да, өздөрүнө тиешелүү аң-сезимди да көрө алышпоодо. Кайсы бир дарвинистте муну оңой гана көрүп, байкоого болот.
Башкача бир өзгөчө көз-караш системасы дарвинисттерди мына ушул себептен затка ушунчалык көз-каранды кылып, андан тышкаркы түшүндүрмөлөрдү жокко чыгаруусуна себеп болууда. Бирок кадимки бир аң-сезимге ээ, акылы жайында бир адам дүйнөнүн бир кабылдоолор (элестер) жыйындысы экенин жана муну кабылдаган «мендин» сырттагы жарыктан, мээден, кулактан, көздөн, электрдик сигналдардан башка бир нерсе экенин оңой гана көрө алат. Сырттагы жарык биз көргөн кызыл түстүн себеби болушу мүмкүн, бирок анын кызыл экенин байкаган, аны тааныган, кызылдын эмне экенин билген «мендин» бир түшүндүрмөсү болуш керек. Кадыресе ойлоно алган бир адам бүт бул кабылдоолор рухка тиешелүү деген жыйынтыкты ылдам чыгара алат. Себеби мындай адам өзү ээ болгон аң-сезимди, «мен» деген аң-сезимди билет. Мындай адам бүт материалисттик түшүндүрмөлөрдүн логикасыздыгын жана жараксыздыгын оңой гана көрө алат. Дарвинизмдин канчалык чоң жаңылыштык экенин бат эле байкай алат.
Дарвинисттик пропагандага алданбоо, алардын сөздөрүнө эч качан көңүл бурбоо керек. Себеби бул сөздөрдү айткан кишилер башкача бир түшүнүк, башка бир чен-өлчөмдө жашашууда. Мунун эң чоң далилдеринин бири – бул заттын маңызы темасы кванттык физиканын табылышынан, б.а. 20-кылымдын баштарынан бери илимий жактан белгилүү болгонуна карабастан, ошол эле материалисттик пропаганданын үзгүлтүксүз уланып келе жатышы. Теорияларын жана философияларын таяган зат жок болду. Бирок бул дарвинист жана материалист чөйрөлөр үчүн көп деле эч нерсе өзгөртпөгөн сыяктуу.
Бул Аллахты жокко чыгарганы үчүн Раббибиз аларга берген бир жаза болушу мүмкүн. Алар өздүгүн, өз рухтарын жокко чыгарган сайын, Аллах аларды руху бар бир жандык өзгөчөлүгүнөн алыстаткан болушу мүмкүн. Албетте, эң туурасын Аллах билет. Аллах бир аятында мындайча буюрат:
Алар Аллахты унутуп, натыйжада Ал (Аллах) да аларга өз напсилерин унуттурган адамдар сыяктуу болбогула. Мына ошолор бузукунун (фасыктын) дал өзү. (Хашр Сүрөсү, 19)
Мына ушул себептен, дарвинисттик калптарга алдануу, материалисттердин бош сөздөрүнө ишенүү акылдуу, логикалуу жана заттын өзүн түшүнө алган, бир «менди» байкай алган адам үчүн чоң бир жаңылыштык болот. Эгер бир адам өзүндөгү рухтун алааматтарын көрө алып жатса, бүт нерсенин Жаратуучусу Улуу жана күчтүү бир Жаратуучунун, б.а. Аллахтын бар экенин байкай алып жатса, анда жогорку жөндөмдөргө жана акылга ээ бир жандык абалына келет. Бул жогорку акыл дарвинизм калпына алданбай тургандай асыл жана баалуу. Аллахтын улуу кудуретин сезе ала турганчалык күчтүү. Бул жогорку акыл менен адам жоктон жаратылганын жана түбөлүктүү бир рухка ээ экенин билет. Бул түбөлүктүү рухка кабылдатылган түркүн түстүү, теңдешсиз дүйнөгө суктанат, булардын баарын элес абалында жараткан Аллахтын чеберчилигин суктануу менен карайт. Бул түбөлүктүү рухтун чыныгы мекенинин дүйнө эмес экенин жана ага убада кылынган чыныгы мекенге жетүү үчүн аракет кылышы керек экенин да билет. Рух тиешелүү болгон чыныгы мекен – бул акырет. Акырет бүт рухтар, б.а. жашап өткөн бүт адамдар үчүн жаратылган. Чексиз жыргалчылык же азап акыретте адамдарды тосуп алат. Сүрөттөлүштөн гана турган дүйнө жашоосу ал түбөлүктүү жашоо үчүн сыноо мекени. Адамдын түбөлүк жыргал ичинде жашап жашабашы, азап тартып тартпашы жөнүндөгү чечим бул дүйнөдө көрсөткөн кулк-мүнөзү жана кылган иштерине жараша аныкталат. Жакшы мүнөз жана чын ыкластуу иштер болсо Аллахка чын көңүлдөн ыйман келтирип Куранга моюн сунуу менен гана мүмкүн болот.
![]() |
Силердин баарыңар Ага кайтасыңар. Аллахтын убадасы бир чындык. Ыйман келтирип чын ыкластуу иштерди кылгандарга адилеттүүлүк менен сыйлык берүү үчүн жаратууну баштаган, анан аны кайтара турган Ал. Каапырлар болсо, каапырчылыгы үчүн аларга кайнак суудан бир ичимдик жана кыйноочу бир азап бар. |
116- V.S. Ramachandran, M.D., Ph.D. ve Sandra Blakeslee, Phantoms in the Brain, William Morrow and Company, Inc., New York, 1998, s. 189
117- V.S. Ramachandran, M.D., Ph.D. ve Sandra Blakeslee, Phantoms in the Brain, William Morrow and Company, Inc., New York, 1998, s. 190
118- V.S. Ramachandran, M.D., Ph.D. ve Sandra Blakeslee, Phantoms in the Brain, William Morrow and Company, Inc., New York, 1998, s. 190
119- V.S. Ramachandran, M.D., Ph.D. ve Sandra Blakeslee, Phantoms in the Brain, William Morrow and Company, Inc., New York, 1998, s. 191
120- Charles Darwin, İnsann Türeyişi, Onur Yaynlar, Nisan 1995, s. 85
121- V.S. Ramachandran, M.D., Ph.D. ve Sandra Blakeslee, Phantoms in the Brain, William Morrow and Company, Inc., New York, 1998, s. 191
122- Gerald M. Edelman ve Giulio Tontoni, A Universe of Consciousness "How Matter Becomes Imagination", Basic Books, 2000, s. 81
123- John Peet, The True History of Mankind, www, pages.org/uk/org/bcs
124- Henry Gee, In Search Of Deep Time: Beyond The Fossil Record To A New Hstory Of Life, The Free Press, A Division of Simon & Schuster, Inc., 1999, s. 5
125- Phillip E. Johnson, Reason in the Balance: The Case Against Naturalism in Science, Law & Education, Downers Grove, Illinois: InterVarsity Press, 1995, s. 62
126- Robert Jastrow, "Evolution: Selection for Perfection," Science Digest, Aralık 1981, s. 87
127- Peter Russell, From Science to God "A physicist's Journey into the Mystery of Consciousness", New World Library, 2002, s. 26
128- J. Hawkes, Nine Tantalizing Mysteries of Nature, New York Times Magazine, 1957, s. 33