Жаратуу Чындыгы Жана Эволюциянын Бүтүшү

Аллахтын бар экени жана бүт жандыктардын Ал тарабынан жаратылганы 19-кылымга чейин адамзаттын басымдуу бөлүгү тарабынан кабыл алынып келген. Бирок 19-кылымдын жарымында чыгарылган эволюция теориясы такыр башка бир пикирди айтып чыкты. Чарльз Дарвин аттуу үйрөнчүк бир биолог тарабынан чыгарылган бул теория боюнча жашоо бир даана клетканын кокустан пайда болушу менен башталып, бул клетканын акырындап, кокустуктар натыйжасында өнүгүшү менен учурдагы жандыктар ааламы пайда болгон. Бул теория чыгаар замат кээ бир идеологиялык чөйрөлөрдү өтө кызыктырды, себеби атеизмге “илимий” бир негиз түзгөн эле.

Бирок өнүккөн технология, заманбап медицина менен биология адам денесиндеги сырларды ачкан сайын эволюция туңгуюк бир алдамчылыкка айланды. Дарвин ойлорун айткандан бери 130 жыл өттү. Ал кезде биоматематика, микробиология сыяктуу илим тармактары жок эле. Ал тургай, Дарвин жандыктардын клеткаларындагы ДНКны да билчү эмес. Ал чыгарган гипотезалар аталган илим тармактары өнүккөн сайын чоң туюктарга туш болду.

Эволюция теориясынын күн сайын жаңылары чыгып жаткан бул туюктардан чыга албашынын негизги себеби мындай: жашоо анын негизги курулуш материалы болгон протеинден баштап анын эң жогорку деңгээли болгон адам денесине чейин сансыз кылдат тең салмактуулуктарга таянган. Аң-сезимдүү бир Жаратуучунун бар экенин кабыл албаган эволюция теориясы болсо “бүт мындай тең салмактуулуктар бир аң-сезим болбостон, кантип жасалган жана кантип сакталып турат” деген суроого “кокустуктан” башка эч нерсе айтышпайт.

Бирок сөз болуп жаткан тең салмактуулуктар ушунчалык кылдат жана саны да ушунчалык көп болгондуктан, аларды “кокустан” пайда болгон деп айтуу акыл менен логикага такыр сыйбайт. Жашоону түзгөн миллиондогон фактордун бирөөсүнүн гана, мисалы жандыктардын клеткаларынын негизги материалы болгон протеиндин “кокустан” пайда болуу ыктымалдыгы нөлгө барабар.

Бир Протеин Кантип Пайда Болот?

hemoglobin, protein

Proteinin üç boyutlu yapısı o denli komplekstir ki, bu yapı ancak çok usta bir tasarımı sonucunda ortaya çıkabilir.

Sadece yukardaki gibi bir Sitokrom-C molekülünün tesadüfen oluşma ihtimali bile, evrim teorisini çökertmek için yeterlidir.

Протеиндер – эволюция теориясын башынан кыйраткан жана жаратууну далилдеген чоң далилдердин бири.

Алгач протеиндин эмне экенин кыскача айта кетели. Протеин биз көбүнчө элестеткенден бир топ терең маанини түшүндүрөт. Денебизди түзгөн заттардын көпчүлүгү протеиндер. Бирок бир-биринен өтө айырмалуу протеиндер бар. Мисалы, жеген шекерибизди дене колдоно ала турган энергияга айлаткан нерсе “гексокиназа” аттуу бир протеин. Тери “коллаген” аттуу көп сандагы протеинден турат. Бир жарык нуру көзүңүздүн торчо катмарына тийгенде эң алгач “родопсин” аттуу бир протеин менен реакцияга кирет. Байкалгандай, протеиндердин денеде өтө көп түрдүү кызматтары бар жана алар өз кызматтарын гана жасай алышат. Мисалы, родопсин терини түзө албайт же коллаген жарыкка сезимтал эмес. Ушул себептен бир даана клеткада дагы клетка ичиндеги иш-аракеттерди аткаруу үчүн жүз миңдеген протеин болот.

Протеин эмнеге окшошот? Протеин молекулярдык бир түзүлүш. Амино-кислота деп аталган андан да бир топ кичинекей түзүлүштөгү молекулалардын тизмектүү биригишинен пайда болот. Протеиндердин эң аз 50 амино-кислотадан турган түрлөрүнөн баштап миңдеген амино-кислотадан турган түрлөрүнө чейин өтө көп түрү бар. Мындан тышкары, бул амино-кислоталар 20 түрдүү амино-кислотанын арасынан тандалат.

Бирок бул жерде өтө маанилүү бир жагдай бар: амино-кислоталар протеиндерди түзгөндө туш келди тизилишпейт. Тескерисинче, ар бир протеиндин белгилүү бир амино-кислота тизмеги бар жана бул тизмекте бир даана амино-кислотанын эле орду алмашса, протеин ишке жараксыз бир жыйындыга айланат.

Протеиндерди текстке окшотууга болот. Эгер амино-кислоталарды тамгаларга салыштырсак, бир протеинди бир канча жүз тамгадан турган бир абзац деп элестетүүгө болот. Биз 36 тамганы катарга тизип, бир маанини билдирген сүйлөмдөрдү түзөбүз, ошол сыяктуу 20 түрдүү амино-кислота ар кандай катарда биригүү менен ар түрдүү протеиндерди пайда кылышат. Бирок көңүл бурулган болсо ал тизилүү сөзсүз түрдө аң-сезимдүү бир “тизүүчүнү” талап кылат. Себеби бир маанини билдирген бир текст пайда болушу үчүн сөзсүз текстти түзгөн тамгалар пландуу тандалып, катарга тизилиши керек.

Кааласаңыз бул багытта жөнөкөй бир эксперимент жасап көрсөңүз болот. Алдыңызга бир компьютер койуңуз жана көзүңүздү жумуп, клавиатуранын баскычтарын толук 500 жолу туш келди басыңыз. Көзүңүздү ачканда сөзсүз мааниси жок бир башаламан тамга жыйындысын көрөсүз. Мисалы, төмөнкүгө окшош бир жыйынтыкты аласыз:

...yğtmkçczçüakmtazibeyüyzgckühgfhğıtaçaöiylzeküpğtgçalmcyizitfğmgh teçbilthçimenaçgieaçmet1mkekketkakğektkınğhpzpkannmğncmaeneyky elghpıtazlmilaklsmğatmkatküküzemaelmvzüemehaütççzesölthğtaüçmelhl nescçcttziöijöbvzcçcçatikihgpğhrütcçeilinyesüçaüzmkctçüzazdçmvmelğhğ ratüçzilğhpüpglybiölbjypghlugmekvsvzczkümcszcçiafhnğıhpodüzvsbjöyri kcdolsslypphkgtiöaüğzcögiğüzlhdaüiıotogfiükhpxynglhkktçcveöiffieüdtzk rtoeükmhrıeatmlmteeaütkmlğıodrnhszçciğıodrnmeıodrnhlmkçöceğrnhmç kmkçaüotkmnmroğtmndüdkhnhdvhüağpncbıdbnvh...

Мындай ыкма менен эч качан бир мааниси бар бир текстти, ал тургай мааниси бар жана узун бир сөздү дагы пайда кыла албайсыз. Бул экспериментти кааласаңыз бир миллион жолу кайталаңыз, натыйжа өзгөрбөйт. Кааласаңыз миллиарддаган жыл бою баскычтарды басууну улантыңыз, триллиондогон бет маанисиз тамга жыйындысын гана алган болосуз. Эч качан бир маанини билдирген бир абзацты ала албайсыз.

Жана мындай жол менен мааниси бар бир текст пайда болбогон сыяктуу, амино-кислоталар дагы туш келди тизилип протеин пайда кыла алышпайт.

Протеиндер мынчалык татаал түзүлүштөр болсо, анда кантип пайда болушат?

Жандыктардын денелеринде протеиндер клетканын ичиндеги ДНКда жазылган коддорго карап жасалышат. Бирок негизги маселе – бул механизм пайда боло электен мурда, алгачкы протеиндер кантип пайда болгон деген суроо. (Албетте ДНКдагы бул код ким тарабынан жазылган деген суроо өзүнчө бир маселе.) Протеиндердин жогоруда айтылган укмуш комплекстүү түзүлүшү, албетте, алардын аң-сезимдүү бир эрк тарабынан жаратылганын далилдейт. Бул эрк эч бир жандык болушу мүмкүн эмес болгондуктан, бүт жандыктарды жараткан жогорку бир Жаратуучу, б.а. Аллах. Бул анык жана тануу мүмкүн эмес бир чындык.

Эволюцияны жактаган илимпоздор бул жөнүндө абдан кызыктуу жоопторду, моюнга алууларды айтышат. Түркиянын эволюция темасындагы алдыңкы авторитеттеринин бири проф. Али Демирсой жашоо үчүн эң керектүү протеиндердин бирөөсү гана болгон Цитохром-С'нин кокустан пайда болуу ыктымалдыгы жөнүндө мындай дейт:

Негизи бир Цитохром-С'нин тизилишин жасоо үчүн ыктымалдык нөл дей турганчалык аз. Б.а. жашоо эгер белгилүү бир тизилүүнү талап кылса, бул бүт ааламда бир жолу боло турганчалык аз бир ыктымалдыкка ээ дегенге болот. Же болбосо анын пайда болушунда биз түшүндүрө албаган табияттан жогорку күчтөр кызмат кылган. Муну кабыл алуу илимий максатка туура келбейт. Демек биринчи гипотезаны изилдеш керек.1

sitokrom-c, protein

Sadece yandaki gibi bir Sitokrom- C molekülünün tesadüfen oluşma ihtimali bile, evrim teorisini çökertmek için yeterlidir.

Демирсой бул сөздөрүнөн соң “илимий максатка ылайыктуураак” болгону үчүн кабыл алган бул ыктымалдыктын канчалык чындыкка сыйбас экенин мындайча мойнуна алат:

... Цитохром-С'нин белгилүү амино-кислота тизмегин камсыздоо бир маймылдын текст терүүчү машинада эч ката кетирбестен адамзат тарыхын жазуу ыктымалдыгындай аз – маймыл баскычтарды туш келди басат деп кабыл алынганда.2

Бул саптардан апачык көрүнүп тургандай, протеиндер же энзимдер кантип пайда болгон деген суроонун өзү эле кокустук менен түшүндүрүү мүмкүн болбогон жана Аллахтын бар экенин жана жашоону жаратып тартипке салганын көрсөткөн бир далил. Бирок эволюцияны бир динге айланткандар бул чындыкты кабыл алууну өздөрү үчүн “максатка ылайыксыз” дешүүдө. Ушул себептен “бир маймылдын текст терүүчү машинада эч ката кетирбестен адамзат тарыхын жазуу ыктымалдыгындай” тантык бир альтернативаны кабыл алууну тандашууда.

Негизи протеиндин пайда болушу мындан бир топ татаал процесс. Себеби буга чейин каралган мисалдардын баары эки өлчөмдөгү мисалдар. Ал эми амино-кислота тизмеги болсо үч өлчөмдүү бир мейкиндикте пайда болот. Ал биригүү сөздөрдөгү сыяктуу “түптүз” болбойт, амино-кислоталар бир-бирине ар кайсы туташуучу жерлерден туташкандыктан, бүт түзүлүш кабатталган бир үч өлчөмдүү түзүлүш абалына келет. Бул болсо ансыз да мүмкүн эмес болгон кокус тизилүү көз-карашын андан да ыктымалсыз кылат.

Кыскасы, бүт нерсенин жаратылганы анык. Жашоону, жандыктарды акыл жана абийир менен караган ар бир адам муну оңой гана түшүнө алат. Ошого карабастан, көп санда атеист илимпоздун дагы эле бар болушунун себеби болсо – ал кишилердин атеизмди бир дин тутунгандай тутунушунда. Алар өздөрүн кандай далил көрсөк дагы Жаратуучунун бар экенине ишенбейбиз деп шарттап алышкан.

Dipnotlar

1. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Ankara: Meteksan Yayınları, 1984, s. 61.

2. Ibid.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • Жаратуу Чындыгы Жана Эволюциянын Бүтүшү
  • Жаратуунун Ачык Далилдери
  • Адам Денесинен Жаратуу Мисалдары
  • Жандыктардан Кээ Бир Системалар
  • Клеткадагы Керемет
  • Жыйынтык