Электр Энергиясы Менен Иштеген Булчуң Системасы

Окуп жаткан бул китеп саптарын көздөрүңүз менен кыдыруу үчүн, манжаларыңыз менен китептин беттерин барактоо үчүн, креслоңузга сүйөнүү үчүн, ал тургай буттарыңызды турган жериңизге коюу үчүн да күч коротосуз. Бул күчтү өндүргөн жана керектүү жерлерде колдонгон болсо – бул кыймыл системаңызды түзгөн булчуңдар. Жумшарып узарган жана дененин бүт тарабына жайылган булчуңдар дене салмагынын болжол менен 45%ын түзүшөт. Ар бир булчуң кеңдиги 0,5-14 см арасында өзгөргөн жана орточо көлөмү 0,1 мм болгон көп сандагы булчуң жипчесинен турат. Булчуң кыртышынын эң маанилүү өзгөчөлүгү – бул жыйрыла алуу жөндөмү. Бир булчуңдун жумуш кыла алуу күчү да ушул өзгөчөлүгүнө жараша түз байланышта өсүүдө. Ушунун урматында суу ичесиз, машина айдайсыз, басасыз, сүйлөйсүз, көзүңүздү жумуп, моюнуңузду бурасыз.

spor, çocuk

Адам денесиндеги булчуңдар башкарууга мүмкүн болгон булчуңдар (эрктен көз-каранды) жана башкарууга мүмкүн болбогон булчуңдар (эрктен тышкаркы) деп экиге бөлүнөт. Башкарууга мүмкүн болгон булчуңдарды кыймылдатуу үчүн ойлонуу жана чечим алуу керек болот. Мисалы, тепкичтен чыккыңыз келгенде, мээңизден келген буйрукка ылайык булчуңдарыңыз белгилүү өлчөмдө жыйрылат жана бутуңузду жогору көтөрүү кыймылы ишке ашат. Эрктен тышкары кыймылдоочу булчуңдардын башкарылышы болсо биздин каалообуздан көз-каранды эмес. Эрктен тышкаркы булчуңдардын кызматтары абдан маанилүү болгондуктан, бул булчуңдардын жыйрылышы жана жумшарышы Аллахтын мээрими менен өзгөчө бир система (автономдуу бир система) тарабынан башкарылат. Ошондуктан жүрөгүңүз, ашказаныңыз жана ичегилериңиз өз кызматтарын сиздин эркиңизден тышкары жасашат. Бул адам жашоосу үчүн алынган абдан маанилүү бир чара. Эгер бул милдет адамдын өзүнө берилген болгондо, муну аткаруу албетте мүмкүн болмок эмес. Бул болсо адамдын өлүмү менен жыйынтыкталмак.

Эрктен тышкары кыймылдаган түз булчуңдардын кыймылдары жай, бирок жыйрылышы узун мөөнөттүү болот жана чарчашпайт. Натыйжада денедеги абдан маанилүү системалар өз иш-аракеттерин узун мөөнөткө чейин уланта алышат. Мисалы, кан тамырлардын, тамак сиңирүү каналынын, бөлүп чыгаруу жолдорунун капталдары ушундай булчуңдар менен төшөлгөн. Түз булчуңдар скелеттен көз-каранды абалда иштебегендиктен, ички органдардын кыймылдарына гана жооптуу.

Эрктен тышкаркы булчуңдардын сиздин башкарууңузга берилгенин элестетип көрөлү. Тамак сиңирүү ишке ашышы үчүн ашказаныңызды кысышыңыз же жүрөгүңүз кан насостошу үчүн кысылышын камсыз кылышыңыз керек болгонун... Анда бир эле ушул иш менен алек болсоңуз да, муну кыла алмак эмессиз. Себеби бул булчуңдар сиз уктаганда да бул ишин жасашат жана өз кызматын өмүр бою эс албастан аткарышат. Ошондуктан сиз уктагыңыз же эс алгыңыз келгенде, жүрөгүңүздүн жыйрылышы (кысылышы) токтомок жана жашооңуз да бүтмөк. Көрүнүп тургандай, бир эле жүрөктүн согушу денебиздеги кемчиликсиз системанын Аллахтын бизге болгон мээрими экенин түшүнүү үчүн жетиштүү бир мисал.

Электр энергиясы менен ишке ашкан кыймылдар

el, kas

A great many bones have been created to support the body and between the bones, joints have been created to let them move. However, none of these joints possesses the ability to move on its own. In the same way that a door or window, no matter how perfect it may be, can open or close without a force to push or pull it, so no joint can move without a force behind it. The force that causes the joints to move is produced by the muscles created by Allah.

Бир манжаны кыймылдатууну каалаганыбызда, мээнин ичинде сансыз нерв клеткасы бири-бирине абдан кичине электрдик заряддарды жөнөтүп башташат. Бул заряддар андан соң жүлүн томукчасы жана жүлүн аркылуу мээден денеге жана анан нерв системасынын көптөгөн бутагынын бири болгон колго жеткирилет. Мээден чыккан бул кичинекей электрдик заряд тиешелүү манжага жеткенде, ал аймактагы булчуң клеткаларынын жыйрылышына жана натыйжада манжанын кыймылдашына себеп болот.

Бул окуялардын баары дээрлик бир учурда ишке ашып жатканда, көздөрдөн да, манжадан да мээге маалымат агымы болот жана мунун урматында мээ манжаны кыймылдатуу ишинин чындап буйрук берилгендей болуп болбогонун көзөмөлдөйт. Манжанын кыймыл багытында бир тоскоолдук бар болсо жана манжа талап кылынган ишти жасай албай жатса, анда мээ окуяны жаңы буйруктар менен башкара алууда. Джеральд Л. Шредердин (Gerald L. Schroeder) булчуңдар менен мээ арасындагы көзөмөлдү түшүндүргөн бир мисалы төмөнкүдөй:

Булчуңдардын денелерибиздеги жайылышы да абдан акылдуу. Колуңузду жогору көтөрүп, манжаларыңызды ийиңиз. Манжаларыңызды ийип уучуңуздун ичине тийишиңизге мүмкүндүк берген булчуңдардын манжаларыңызда эмес экенин байкаңыз. Колуңузду муштум кылып түйүп колуңуздун чыканактын ич тарабында пайда болгон түйүлүүнү сезиңиз. Ал жердеги булчуңдардын түйүлгөнүн сезиңиз.

kas, hareket

Ал жердеги булчуңдар манжаларыңызга тендондор менен туташкан жана манжаларыңызды кыймылдатат. Булчуңдардын манжаларда эмес колдо болушу урматында манжалар клавиатура баскычтарын колдонуу сыяктуу назик иштерди жасай ала тургандай ичке жана назик боло алууда. Бирок колуңузду алдыга ийгениңизде кыймыл тизмегинин толукталышын камсыздоочу дагы бир байланыш чекити бар; билек. Эми колуңуздун чыканактын үстүндөгү сырткы тарабын сезиңиз. Ал жердеги булчуңдардын кыймылдаганын сезесиз. Ал жердеги булчуңдар мээңиз бир гана «манжаларды ий» дегенде, билекти туруктуу кармоо үчүн керектүү болгон күчтү беришет, мээ «билекти да кыймылдат» дегенде болсо билектин алдын көздөй ийилишине мүмкүндүк беришет. Бирок биз буларды эч ойлонбойбуз, себеби булардын баары мээ тарабынан биздин билишибиз керек болбогон бир деңгээлде башкарылышат.52

Басуудан чуркоого, тепкичтен чыгуудан эшик ачууга чейин бүт кыймылдардын гармониялуу жана координациялуу болушу булчуңдардагы чыңалуу кабылдагычтары урматында мүмкүн болот. Булар дайыма нерв системасын кабардар кылышып, булчуңдардын абалы, жыйрылуу ылдамдыгы жана даражасы жөнүндө мээге маалымат беришет. Ошентип булчуң кыймылдары жакшылап көзөмөлдөнүп, координацияланат. Мунун натыйжасында болсо жолдо темтеңдебестен баса аласыз, тепкичтен жыгылбастан түшүп-чыга аласыз, сумкаңызды колуңуздан түшүрбөй көтөрө аласыз, тамак жеп жатканыңызда колдоруңуз титиребестен кашыкты оозуңузга жеткире аласыз. Булардын баары Аллахтын каалоосу менен денедеги системанын кемчиликсиз иштеши урматында мүмкүн болууда.

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) Жаратуучу. Ал бир иштин болушун кааласа, ага бир гана «БОЛ» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Булчуңдардын жыйрылышы кантип ишке ашууда?

Кандайдыр бир жыйрылуу кыймылы башталышы үчүн тиешелүү булчуң жипчелери стимулданышы керек. Булчуң жыйрылышы натыйжасында пайда болгон механикалык энергия булчуңдун химиялык энергия булактарынан камсыздалат. Ошондуктан булчуңдун кызматы химиялык энергиянын механикалык энергияга айланышынан көз-каранды.

el, sinir sitemi

1. Dual myosin part
2. Myosin myofilament
3. Actin
4. Troponin

5. Tropomyosin
6. Miyosin
7. Bridges

Minute rods made by two kinds of protein molecules, actin and myosin, give the muscle fiber the ability to contract. As these protein molecules contract, they entwine with one another like the teeth of two combs, shortening the length of the muscle fiber. Thus the muscle's expansion and contraction come about. The flawless electrical order created in the muscle cells by Allah starts these reactions.

Булчуңдар химиялык энергияны күчкө жана механикалык ишке айлантуучу бир биологиялык машина. Бирок бул машиналардын иштеши, башкача айтканда кыймылдай алышыңыз үчүн энергия керек. Кандагы глюкоза бир машинаны иштетүүчү мунайзат сыяктуу керек болгон энергияны камсыздайт.

el, kas

1. Brain
2. Bicep
3. Arm-bending muscle
4. Spinal cord

5. Upper arm bone
6. Muscle before ezercise
7. Myofibril
8. Muscle growth after exercise

Muscle cells can alter their dimensions to a considerable extent and apply a mechanical force by so doing. With this capacity, muscle tissue plays a role in movement, a vital feature of every living thing.

A muscle cells thickens proportionate to exercise. This increase in mass comes about through the thickening of the muscle fiber, which results from an increase in the number of myofibrils. As a muscle cell thickens, so does the force it will produce.

Булчуң кыймылы үчүн керектүү бул энергия биз алган азыктардан алынат. Тамак сиңирүү системасында углевод, май жана протеин камтыган азыктар боор аркылуу булчуңдарга жетишет. Протеиндер аминокислота деңгээлине түшүрүлүп, кыртыштардын өрчүү жана оңдолушунда кызмат кылышса, углеводдор жана майлар болсо биохимиялык майдалануулар натыйжасында керектүү энергияны камсыздашат. Бул процесс учурунда ачыкка чыккан энергия булчуң протеиндери тарабынан жыйрылуу максатында колдонулат. Бул химиялык реакция көп санда кычкылтек талап кылат. Бирок бул кычкылтекти камсыз кылуу оңой эмес. Булчуңдар бул көйгөйдү чечүү үчүн глюкозаны кычкылтектин жардамы болбостон сүт (лактоза) кислотасына айлантуу жөндөмүн колдонушат. Керек болгон энергия да ушул процесс учурунда ачыкка чыгат.

el, sinir sitemi

1. Upper wall region
2. Image of body
3. Motor corteks
4. Lower wall region
5. Target
6. Tahmin

7. Control of ''movement plan''
8. Cerebellum
9. Estimating ''the image of the organ''
10. Movement commands
11. Feedback for learning and determining errors

There are more than 650 skeletal muscles in the body, which contract in order to close the joints and cause the bones to move. However, all these movements take place as the result of an extraordinary co-ordination in the body.

When you decide to lift your glass to your lips, the brain immediately sends a contraction signal to your bicep, contracting the arm. At the same time, the tricep muscles at the back of the arm must expand to let the arm bend. The bicep is sent a command to contract! and the cells that straighten the arm are commanded to halt! Thus the arm approaches the mouth. These systems, over which we have no control at all, are a reminder that we live in need of our Lord. “Allah is rich beyond need” (Surah Luqman:12) and the One Who “has power over all things” (Surat al-Baqara:20).

Булчуңдун жыйрылышы үчүн керектүү болгон глюкоза менен кычкылтек булчуңдарда чектүү санда болот. Ошондуктан, эки зат тең булчуң системасына кан аркылуу жеткирилет. Ушул себептен иштеп жаткан булчуңга жеткен кандын көлөмү маанилүү. Иштөө учурунда булчуңдар муктаж болгон кандын көлөмү 10-20 эсе өсүшү мүмкүн. Мындай муктаждык жүрөк согуусун көбөйтөт жана булчуңдарга барган кан тамырларынын кеңейишине себеп болот.

Булчуң клеткасынын долбоору абдан өзгөчө. Бул клеткалар шекер молекуласынын ичиндеги энергияны ачыкка чыгарып, бул энергияны жыйрылуу учурунда колдоно ала турган түзүлүшкө ээ. Башкача айтканда, бир молекуладан энергиянын ачыкка чыгышы да, энергиянын физикалык күчкө айлантылышы да булчуң клеткасында ишке ашат. Булчуң клеткасында өндүрүлгөн бул энергия булчуңду түзгөн протеиндерге таасир берет. Мунун натыйжасында протеиндер бири-бирин тартат жана клетка кысылып кыскарат. Миңдеген клетка чогулуп бул кыймылды жасаганда, бүт булчуң кыртышы кысылган жана кыскарган болот. Тендондор менен (булчуң чемирчектери) сөөктөргө туташкан булчуңдар мындай кыскаруу урматында сөөктү тартышат. Кыймылдоо үчүн колдонгон булчуңдарыбыздын баарынын иштеши ушул механизм менен болот. Ушундай жол менен бир нерсеге жантайуу үчүн чыканагыбызды каалагандай бурчта бүгөбүз, тамак жегибиз келгенде жаак булчуңдарыбызды иштетебиз, бир жерге ылдам чуркаганыбызда буттарыбыздын булчуңдарын кыймылдатабыз. Мындай кыймылдын арткы планында болсо клеткалардын микроскопиялык деңгээлдеги электрдик иш-аракеттери турат.

Кысылуу (жыйрылуу) деп аталган кыймылдын пайда болушу үчүн мотор нейрондордон (кыймыл нервдеринен) чыккан электрдик сигнал булчуң клеткасынын кабыкчасы менен нерв клеткасынын кабыкчасынын арасындагы аймакка өтүшү керек. Бул электрдик сигнал менен пайда болгон химиялык реакция натыйжасында абдан кыска мөөнөт ичинде булчуң жипчеси ичиндеги актин жана миозин протеиндери бир-бири үстүнө жылышат жана ошентип бул булчуң жипчесинин бою кыскарат. Бул реакция учурунда белгилүү көлөмдө температура ортого чыгат; бүт булчуңдар бөлүп чыгарган температуранын суммасы болсо денебиздин кадимки температурасын аныктайт. Ушул себептен күн суукта булчуңдар титиреп, көбүрөөк жылуулук чыгаруу менен дененин температурасын туруктуу кармоого аракет кылышат.

Бир булчуң жипчесине нерв жипчесинен биринин артынан экинчиси келген электрдик сигналдар натыйжасында жасатылган жыйрылуу кыймылдары белгилүү мөөнөттөн соң бул булчуң жипчесин чарчатат жана булчуң эс алуу муктаждыгын сезет. Бул учурда мурда жыйрылбаган башка жипчелер ишке аралашат жана ал ишти жасашат. Бирок нервдер келген электрдик сигналдар абдан бат келе берсе жана булчуң жипчелери эс алуу мүмкүнчүлүгүн таба алышпаса, анда кыймылга тоскоол боло турган абалда жыйрылуу абалы пайда болот.

Сиз колуңуз менен эшикти ачкыңыз келгенде мээңизден манжаларыңызды көздөй бир электрдик сигнал жолго чыгат. Бул сапар учурунда сигнал алгач жүлүнгө барат. Ал жерден болсо кабар жеткирилиши керек болгон органды көздөй ылдам жөнөйт. Электрдик заряд булчуңдун үстүңкү бетинен өтөт жана булчуңду түзгөн миллиондогон булчуң жипчесин стимулдайт. Сигналды алаар замат жипчелер жооп берип, жыйрылышат. Натыйжада кол булчуңу чогуу жыйрылат жана кол чыканактан бүгүлөт. Бул процесстердин баары көз ачып жумганча бүтөт. Ошентип булчуңдардан өткөн электрдик заряд секунданын миңде биринчелик (1 миллисекунда) бат ылдамдык менен кыймылдап булчуң жипчелерин кыймылдатат.

Булчуңдарга жеткен буйруктар нерв системасында өндүрүлгөн жана кайра эле нерв системасында жеткирилген болот. Ошондуктан булчуң системасы бир жагынан нерв системасынын буйругу менен иштейт. Булчуңдардын гармонияда иштеши да денедеги ушул координация урматында ишке ашат.

Булчуң клеткалары биздин ойлонушубузду да талап кылбастан, миллисекундалар ичинде мындай аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди ишке ашырышууда. Мындай аң-сезим клеткалардын өзүнө тиешелүү эмес, анда алардын качан, эмне өндүрөөрүн аларга ким билдирүүдө? Гормондордун, молекулалардын туура адреске барышы үчүн аларга жол көрсөткөн, максатка жеткенде даректин туура экенин билдирген, кыскача айтканда, булардын баарын башкарган акыл жана аң-сезим кимге тиешелүү? Булчуңдардын кыймылында көрүнгөн улуу акыл – клетканы, молекулаларды жараткан, кандайча кыймылдашы керек экенин аларга илхам кылган Аллахка тиешелүү.

ALS оорусу ойлонткон нерселер

ALS hastalığı, Stephen Hawking

Stephen Hawking, an ALS sufferer, uses an electrically-operated wheelchair to move about and a speech device controlled by his jaw muscles to communicate. At the cellular level, even the slightest damage can lead to serious disorders affecting the entire body. There is no doubt that this disease is an example of our Lord’s mercy on us.

Нерв системасынын булчуң системасына болгон таасирин көрсөткөн оорулардын бири – бул ALS оорусу. Себеби алигече белгисиз болгон ALS (amyotrophic lateral sclerosis) оорусу дүйнөгө таанымал англиялык илимпоз Стивен Хокингдин (Stephen Hawking) оорусу катары белгилүү. Бул оору бир нерв системасынын оорусу. Мээден жүлүнгө, ал жерден булчуңдарга барып, кыймылдарды жөнгө салган мотор нейрондор (кыймыл нервдери) оору себебинен бузулууда. Булчуңдарды кыймылдатуучу бул нервдердин зыян көрүшү натыйжасында булчуңдарга сигнал жетпей калууда. Натыйжада оорулуулар кыска убакыт ичинде сүйлөө жана кыймылдоо функцияларын жоготуп коюшууда. Кол жана бут булчуңдарындагы алсыздоо менен башталган; бара бара сүйлөө, чайноо жана дем алуу функцияларына таасир берген бул оору дем алуу булчуңдарына таасир беришине жараша өлүмгө себеп болчу даражага жетиши мүмкүн.

ALS оорусунун себеби али белгисиз. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө илимпоздор нервдердин туташкан чекиттеринде «глутамат» деп аталган нейротрансмиттердин (нерв өткөргүчтүн) көп санда кезиккенин жана мунун кадимки өткөрүүгө тоскоол болгонун байкашкан.

Бул ооруга чалдыккандардын бири Стивен Хокинг учурда кыймылдоо үчүн бир электр энергиясы менен башкарылуучу дөңгөлөктүү отургуч жана байланыш (сүйлөө) үчүн жаак булчуңдары менен башкарылуучу бир сүйлөө шайманын колдонууда. Башка бир оорулуу болсо булчуңдары менен болгон бардык байланыштарын жоготуп, бир гана көз булчуңдары али таасирленбегендиктен, тышкы дүйнө менен болгон байланышын көз кыймылдарынан турган бир алфавит менен жасоодо.

Албетте, бир эле ALS оорусу нервдердин кыймыл системабызга болгон маанисин көрсөтүүгө жетиштүү. Мындай бир ооруга чалдыкканга чейин биз көп ойлонбогон жана бизден эч бир эмгек талап кылбастан кемчиликсиз иштеген нерв системабыз Аллахтын бизге болгон мээриминин сансыз мисалдарынын бири. Биздин милдетибиз болсо – Улуу Раббибизди жакшылап таанып, Анын Улуулугун түшүнүү жана жараткан немат-жакшылыктарына шүгүр кылуу:

Шексиз, сенин Раббиң адамдарга көп берешендик (жакшылык) кылуучу, бирок адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт. (Намл Сүрөсү, 73)

Булчуң клеткаларындагы электрдик система

The Desıgn in The Muscles is Just One of The Proofs of Our Lord
el, sinir sitemi

a. Actin
b. Miyosin head

c. ADP
d. ATP

Myosin varies from a low-energy equilibrium to high-energy equilibri- um by using ATP. When myosin is charged with high- energy equilibrium, it com- bines with the actin thread and changes towards high- energy equilibrium. This allows actin and myosin fibers to combine with one another; and the myosin later attaches to the actin thread.

e. Spherical heads

f. Myosin molecule

The body’s ability to move depends upon sufficient electrical force being established in the muscles, and equi- librium in the ligaments and tendons. If the body’s nervous system cannot obtain sufficient elec- trical energy, it be- comes impossible to produce signals, and the flow of information to set the muscles into motion does not take place.

Электрдик заряд булчуң клеткасына жеткирилгенде, ал чыңалуунун өзгөрүшүнө себеп болот. Мындай өзгөрүү абдан сезгич кальций каналдарынын үстүндөгү чөйчөкчөлөргө таасир берет жана клетканын ичин көздөй кальций иондору койо берилет. Чөйчөкчөлөрдөн сыртка кальцийдин чыгарылышы тропомиозиндердин орун которушуна жана актиндер миозиндер менен реакцияга кирүүчү аймактын ачылышына себеп болот. Бул абдан маанилүү бир процесс; себеби булчуң клеткаларынын жыйрылышы протеиндердин бир-бири үстүндө жылуучу плиталар абалында кыймылдашы аркылуу ишке ашууда. Бирок кадимки абалында актин жипчелери тропомиозин аттуу протеиндер менен оролгон.53 Ушул себептен кальций ионунун эркин калышы, башкача айтканда, булчуң клеткаларындагы электрдик таасирлешүү, кыймылдай алышыңыз үчүн абдан маанилүү.

Бир нерв сигналынын булчуң жипчелерине жетиши клетка ичинде тизмектелген жана татаал биохимиялык кубулуштардын башталышына себеп болот. Ошентип булчуң жипчелери жыйрылышы үчүн керектүү болгон энергия пайда болот. Электрдик заряд бир булчуң клеткасына келгенде жана кальций атомдору эркин калганда, бул бир система менен ДНКга жеткирилет. Керектүү энзимдер өндүрүлө турган ДНКнын тиешелүү бөлүктөрүндө РНК синтези жүрөт. Дал талап кылынгандай жооп берилиши үчүн энзим синтези, ДНКнын активдүү абалга келиши, РНК өндүрүшүнүн башталышы жана РНКнын ядронун сыртына чыгарылуу баскычтары кайра эле энзимдер тарабынан көзөмөлдөнүшү керек.54 Аягында өндүрүлгөн энзимдердин бирөөсү гана болгон АТФаз АТФлардын колдонулушун ишке ашырууда, башкасы АТФаздардын туура жерге келишин камсыз кылууда. Андан соң АТФ деп аталган энергия пакетчелеринин миллиондогону миллиондогон протеин менен биригет жана АТФнын колдонулушу менен жыйрылуу ишке ашат. Жыйрылуудан соң кайрадан АТФ коротулуп, клетка ичине таркаган абалдагы кальций чөйчөкчөлөргө толтурулат, тропомиозиндер актиндерди кайрадан каптайт жана миллиондогон булчуң клеткасы жаңы бир жыйрылуу кыймылы үчүн даярдалган болот.

Клетканын ичиндеги АТФ заты бир фосфорду чыгарып, ADP'га айланат жана маанилүү көлөмдө энергия чыгарат. Бирок бул энергия булагы бат эле түгөнгөндүктөн, пайда болгон бат ADP АТФга айлантылышы керек болот. АТФнын пайда болушунун негизги булагы – бул углевод менен майлардын кычкылтек аркылуу майдаланып энергиянын ачыкка чыгышы. Кычкылтек жетишсиз болгондо, клетканын ичинде калдык зат катары сүт (лактоза) кислотасы пайда болот. Чогулган сүт кислотасы жана ADP сыяктуу заттар чарчоо заттары катары кабыл алынат. Бат жана оор иштерди жасоо, ушул себептен, жумуштун оордугуна жараша булчуң кыртышы ичинде чарчоо заттарынын чогулушуна себеп болот.

Ал жерде ишке ашкан химиялык реакциялар көптөгөн китеп беттерин толтура тургандай көп татаал процесстерден турат. Бул жерде кыскача каралган бул процесстердин баарын денебиз бири-бирине адаштырбастан, абдан бат жана үзгүлтүксүз ишке ашырат. Мээбизде манжабыздын булчуңуна бара турган буйруктун пайда болушу, мунун жеткирилиши жана манжанын тартылышы (жыйрылышы) учурунда миллиондогон клетка кызмат аткарат. Ар бир клеткада миңдеген реакциянын ишке ашканын ойлосок, анда манжабызды кыймылдатуу сыяктуу оңой көрүнгөн бир иш үчүн канчалаган терең бир инфраструктуранын керек экенин жакшыраак көрүп элестете алабыз. Болгондо да ушул эле учурда денебиздеги башка иш-аракеттер да үзгүлтүксүз улана берет. Ушул эле учурда жүрөк согот, жаңы кан клеткалары өндүрүлөт, көздөр айлана-чөйрөнүн сүрөттөлүшүн мээге жиберет, бөйрөктөр канды сүзүп тазалайт, өпкөлөр булганган абаны тазасы менен алмаштырат, тамак сиңирүү системасы бизге энергия бере турган азыктарды канга өткөрөт жана ушул сыяктуу ар бири абдан маанилүү болгон сансыз кызмат ишке ашырылат. Аллах биздин денебизде курган мындай кереметтүү системаны түшүнүү жакынкы эле жылдары мүмкүн болду. Илимпоздор денебиз ичиндеги кереметтүү системаны ачууну (түшүнүүнү) дагы эле улантышууда.

Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат, кудай) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

Паркинсон оорусу натыйжасында маанилүүлүгү түшүнүлгөн молекулалар

Химиялык кабарчылардын синапс боштугунда туруу мөөнөтү жана тыгыздыгы эки нейрон арасындагы байланышка түздөн-түз таасир берет. Ар бир химиялык кабарчы үчүн ар түрдүү механизмдер бар. Кээ бир кабарчылар алып жүргөн кабарын жеткирген соң айланага таркашат. Кээ бирлери болсо кызматын бүтүргөн соң атайын энзимдер тарабынан бөлүштүрүлүшөт. Мисалы, «ацетилхолин» аттуу кабарчы молекула атайын бир энзим аркылуу холин жана ацетатка айлантылат.

Ошондой эле, нерв клеткаларында дагы бир кереметтүү механизм бар. Кабылдоочу клеткага кабарды жеткирген кабарчылар кайрадан кабар жөнөтүүчү клеткага жыйналышып, кийинки кабарлашууда колдонулуу үчүн ал жерде кампаланышат. Бул иш кээ бир атайын молекулалар тарабынан ишке ашырылат. Мисалы, дофамин жана серотонин молекулаларынын иш-аракеттери ушул ыкма менен жөнгө салынат. Бүгүнкү күндө колдонулган продукттарды кайрадан иштетип колдонууга мүмкүн болгон абалга келтирүү үчүн канчалык көп эмгек сарпталганын эске алсак, нерв клеткаларындагы «кайрадан колдонуу механизминин» канчалык натыйжалуу бир система экенин жакшыраак түшүнүүгө болот.

el, sinir sitemi

1. Synapse
2. Nucleus
3. Nerve cell
4. Electrical impulse
5. Dendrite
6. Brain shell
7. Serotonin Circle

8. Brain
9. Raphe nuelei
10. Serotonin
11. Receptor
12. Synapse
13. Nerve impulse
14. Collecting Carrier

Serotonin is produced in the Raphe nuclei of special nerve cells in the brain stem, and is subsequently transported to the nerve endings in the brain and spinal cord.

A. Serotonin is stored in tiny sacs at the ends of nerve cells.

B. The electrical impulse sets into motion the membrane at the nerve ending and causes these sacs to release the neurotransmitter—serotonin.

C. The serotonin molecules released into the intracellular gaps, or synapses, bind to receptors on the surface of the other cell.

D. When the serotonin’s task is completed, the receptors release the molecules, which are either broken down or stored for use later.

Химиялык кабар алышуунун ар бир баскычы абдан аяр тең салмактуулуктар менен курулган. Ар бир байланыш үчүн колдонула турган кабарчы молекулалар, бул байланыштын ар бир баскычында кызмат кылуучу протеин жана энзимдер белгилүү. Кабарчы молекулалардын кампалануу сандары, кабылдоочу клетканы стимулдоо мөөнөттөрү, бөлүнүү же кайра топтолуу убакыттары байланыш үчүн зарыл болгон тең салмактуулуктардын кээ бирлери. Болгондо да байланыштагы тең салмактуулуктарга байланыштуу детальдардын маанилүү бөлүгү али белгисиз бойдон калууда.

Паркинсон булчуңдар арасындагы координацияны бузуучу, кыймылдоону татаалдаштырган жана титирөөгө себеп болгон бир оору. Мына ушул оорунун себеби – бул дофамин жана ацетилхолин кабарчы молекулалары арасындагы тең салмактуулуктун бузулушу. Мээдеги кээ бир клеткалардын талап кылынгандан азыраак дофамин өндүрүшү булчуңдарды башкаруунун жоголушуна жол ачууда. Бул чындык жакында эле аныкталды жана бул ачылыш профессор Арвид Карлссондун (Arvid Carlsson) 2000-жылы медицина боюнча Нобель сыйлыгына ээ болушуна себеп болду.

Бул ооруну дарылоо үчүн колдонулган бир ыкма – бул мээге электрдик сигналдарды жөнөтүү жана оорулууга жайгаштырылган батареялар жардамы менен бул клеткалардын уктоосун жоготуп, аларды ойготуу. «Терең мээ стимулдоосу» (Deep Brain Stimulation – DBS) деп аталган бул ыкмада батарея сыяктуу аппарат мээнин 100 миллиард нейронунун бирөөсү аркылуу электрдик сигналдарды жөнөтүүдө жана серотонин же дофамин сыяктуу химикаттардын чыгарылышын стимулдоодо. Бул коңшу клеткаларды башка нейрондорго жаңы электрдик сигналдарды жөнөтүшү үчүн «стимулдаган болот».

Бирок аталган DBS аппаратын жайгаштырып жатканда докторлор абдан этият болушу керек. Себеби бир канча миллиметрдик жылып кетүү жыйынтыгы жагынан абдан чоң айырма жаратышы мүмкүн, мисалы туура эмес жайгаштырылган бир электрод депрессияга себеп болушу мүмкүн.

Ден-соолугу жайында болгон бир адамда бул система –кайсы заттын, качан, канча көлөмдө чыгарылаары- биздин эч бир кийлигишүүбүз болбостон, кемчиликсиз иштейт. Нерв клеткасындагы байланыш системасы апачык бир чындыкты дагы бир жолу тастыктоодо. Сөз болгон аяр тең салмактуулуктар жана татаал механизмдер кокустук окуялардын биринин артынан экинчиси болушу натыйжасында пайда боло албайт. Буларды жараткан, адамдын кызматына берген жана каалаган убакта кайра алган – бул чексиз кудурет жана илим ээси Аллах.

Денедеги кабар алуу тармагы

tenis, çocuk

ALS hastalarından biri olan Stephen Hawking, hareket edebilmek için elektrikle kumanda edilen tekerlekli sandalye ve iletişim için çene kasları ile idare edilen konuşma cihazı kullanmaktadır. Görüldüğü gibi hücreler seviyesinde en ufak bir hasar bile, vücudun tamamını etkileyen ciddi rahatsızlıklara sebep olmaktadır. Hiç şüphesiz bu hastalık, Rabbimiz'in üzerimizdeki rahmetini düşündüren hikmetli bir örnektir.

Булчуңдар туура иштеши үчүн денеде кереметтүү бир кабар алуу тармагы орун алган. Координация талап кылган бир кыймылды жасай алуу үчүн баарынан мурда ал кыймылга тиешелүү дене органдарынын абалы жана бир-бири менен байланышын билүү керек. Бул маалымат көздөрдөн, ички кулактагы тең салмактуулук механизмдеринен, булчуңдардан, муундардан жана териден келет. Секунда сайын миллиарддаган маалымат иштетилет, бааланат жана ошого жараша жаңы чечимдер алынат.

Булчуңдардын жана байламталардын ичинде миллиарддаган кичинекей микро кабылдагыч бар. Бул кабылдагычтардан келген кабарлар борбордук нерв системасына жетет жана ал жерде анализ кылынган соң булчуңдарга жаңы буйруктар жиберилет. Колуңузду көтөрүп досуңузга кол булгалагыңыз келгенде да, көптөгөн эсептөөлөр, салыштыруулар жана көптөгөн байланыштар жасалат. Алдыңкы жана арткы кол булчуңдарыңыздын катары менен жыйрылып жумшарышы, чыканагыңыз менен билегиңиздин арасындагы булчуңдардын билегиңизди айлантышы, колду жана манжаларды башкарган булчуңдардын ишке аралашып, колуңузга керектүү форманы бериши зарыл. Кыймылдын ар бир баскычында булчуңдардын ичиндеги миллиондогон кабылдагыч тынымсыз булчуңдардын абалын борборго билдирип турат. Борбордон болсо булчуңдарга бир аздан соң эмне кылышы керек экени билдирилет.

Денебиздеги жашоого көмөкчү системаларыбызды кыймылдаткан мээче менен бирге мээ устуну бир катар түз булчуңдардын жыйрылышын да жөнгө салат. Бул эки орган урматында биз байкабастан булчуңдарыбызды башкарабыз. Жаагыбызды канчалык күч менен кысаарыбызды, басып баратканда бутубузду жерге канчалык койоорубузду же бир жумуртканы канчалык күч менен кармаарыбызды оңой гана жана кемчиликсиз тактыкта жөнгө салабыз. Эртеден кечке эсептеп отурбастан кылган сансыз кыймылыбызды ойлосок, канчалык өзгөчө бир система менен курчалганыбызды жакшыраак түшүнөбүз. Эрте менен туруп жүзүңүздү чайкооңуз, чачыңызды тарашыңыз, үй чокойуңузду кийишиңиз, вилка-бычак колдонууңуз, ачкычты бурооңуз, чырактын баскычын басышыңыз, калем кармашыңыз, телефон менен сүйлөшүү үчүн оозуңузду ачып жабышыңыз, жылмайууңуз, уктоо үчүн көзүңүздү жумууңуз сыяктуу көптөгөн кагаз бетине сыйгыс, сансыз кыймыл-аракеттердин баары денеңизде электрдик долбоор урматында кемчиликсиз ишке ашат.

Тамак жеп жаткан кашыгыңызды оозуңузга алпаргыңыз келди дейли. Бул үчүн кол оозду көздөй бүгүлүшү зарыл. Бул чечимди мээңизде алаар замат мээден колду бүгө турган пазу булчуңдарын көздөй бир жыйрылуу сигналы жөнөтүлөт. Бирок бул сигнал колго келүүдөн мурда жүлүндөгү нерв клеткаларына берилет. Ал жердеги, б.а. жүлүндөгү электрдик фазалар бул сигналды алып, бир канча жумушту жасашат. Эң биринчиден пазу булчуңдарына бир сигнал жөнөтүшөт. Бирок ал ортодо кол бүгүлүшү үчүн колду ача турган арткы кол булчуңдары да жумшарышы керек. Жүлүндөгү фазалар пазу булчуңдарына «жыйрыл» буйругун жөнөтүп жатып, ошол эле учурда колду ачуучу булчуңдарга жыйрылуу буйругун берген жүлүн клеткаларына «токто» буйругун беришет. Ошентип кол оозду көздөй жакындатылган болот. Биздин эркибизден толук көз-карандысыз болгон бул системалар биздин Раббибизге муктаж болуп жашап жатканыбыздын бир эске салуучусу. Аллах болсо «Гани (эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес)» (Локман Сүрөсү, 12) жана «бүт нерсеге кудуреттүү» (Бакара Сүрөсү, 20).

Раббибиз «Биз аларга анын акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзүп койобуз...» (Фуссилат Сүрөсү, 53) аяты менен билдиргендей, таза акыл ээлери карашканда, ар бир детальда Аллахтын кудуретин, илимин, чеберчилигин көрүшөт.

«Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган.» (Таха Сүрөсү, 98)

Денебиздеги координация пландуу жаратуунун бир мисалы

Мээ дененин бүт тарабындагы кабылдагычтардан кабарлар алат. Булар мээге колдордун, буттардын жана бүт байламталардын абалын билдирет. Мээ жөнөтүлгөн маалыматты анализ кылып, бул маалыматтарды кыймылдарды жөнгө салуу үчүн колдонот. Ошентип адам тең салмактуулугун жоготпостон, ийилип баратып, бир тараптан колу менен чачтарын көзүнүн алдынан тарта алат.

el, sinir sitemi

1. Main motor cortex
2. Asistant motor cortex
3. Thalamus
4. Lumbar system
5. Nuclei
6. Cerebellum
7. Balance organ

8. Spinal cord
9. Brain stem
10. Data regarding movement
11. Data regarding senses
12. Muscle fiber
13. Ligaments

In order for any movement to take place, complex communications take place between the brain and muscles. The fact that cells can recognize and communicate with one another is a sign of intelligent creation.

Булчуңдардын жана тарамыштардын ич тараптарында да кабылдагычтар бар. Булар болсо мээге булчуңдардын узундугу жана тарамыштардагы чыңалуу жөнүндө кабарларды жөнөтөт. Мээ бул маалыматты колдонуп бир колдун же буттун бүгүлүү экенин же түз турганын түшүнөт. Кээде болсо мээ булчуңдарга жөнөтүлгөн буйруктарды карап, дененин абалын аныктайт. Мисалы, көрүү учурунда да ушул система колдонулат. Көз булчуңдары тынымсыз кыймылдагандыктан, торчо катмарында пайда болгон сүрөттөлүш да тынымсыз орун которот. Бирок бизге келген сүрөттөлүш андай болбойт. Мунун себеби – мээнин торчо катмарындагы сүрөттөлүштү жоромолдоп жатканда, көз булчуңдарына жөнөткөн буйруктарды да эске алгандыгында. Бул система Аллах денебизде жараткан долбоордун кемчиликсиздигин ортого койгон мисалдардын бирөөсү гана.

Булчуң кыймылы жана ацетилхолин каналдарындагы тартип

Бир булчуң туташып турган нервине сигнал келгенде жыйрылат. Бул нервдердин бутактары боюнча кыймылдаган сигнал нерв учтарына жеткенде «ацетилхолин» деп аталган кабарчы молекуланын чыгарылышын стимулдайт. Ацетилхолин нерв менен булчуң клеткалары арасындагы боштукта жайылат жана булчуң клеткасынын кабыкчасындагы ацетилхолин кабылдагычтарына туташат.

el, sinir sitemi

1. Synapse
2. Nerve cell body
3. Axon
4. Insulating sheat
5. Dendrite
6. Unopened sacs

7. Flow of positice ion
8. Sacs releasing messenger molecules
9. Receptor
10. Rceptor neuron
11. Synaptic gap

The electrical signal sets in motion the small sacs at the nerve endings. The messenger molecules in these sacs are released into the gaps between the nerves.

Бул байланыш түйүнү ар бир кабылдагычтын ичиндеги ион каналынын ачылышына, натыйжада электрдик заряддын булчуң клеткасы кабыкчаларын бойлой жолун улантышына себеп болот. Бул агым булчуңдун жыйрылышы менен жыйынтыкталат. Бул окуялар тизмегин токтотуунун бир жолу – бул ацетилхолин кабылдагычтарын тосо турган бир затты колдонуу. Бул ыкма шалдыкка себеп болуучу кээ бир уулуу жандыктар тарабынан да колдонулат.

Дененин электрдик системасы үчүн керектүү минералдардын бири: кальций

Кальцийдин денебизде көптөгөн абдан маанилүү функциялары бар. Мисалы, жүрөк, нерв жана булчуң клеткалары баш болуп денебиздеги клеткалардын баары жакшы иштөө үчүн кальцийге муктаж.

kalsiyum, gençler

Өзгөчө нерв байланышы жана жүрөк согууларынын жөнгө салынышы үчүн кальций денеде болушу шарт. Кальций түз булчуңдардын жыйрылышында жана кандын карттанышында (коюлушунда) да маанилүү кызмат аткарат. Кальций болбосо сигналдар нервдерге жете албайт. Сырттан келген бир сигнал нервге жеткирилбегендиктен, мээ кабылдабайт жана натыйжада сезүү жок болуп калат. Бул болсо адамдын толугу менен шал болушу жана ички органдардын иштебеши деген мааниге келет, мунун натыйжасы, албетте, өлүм. Кальций болбогондо, абдан маанилүү болгон карттануу механизми иштемек эмес; дем алуу функциялары олуттуу булчуң жыйрылууларынан улам токтоп калмак жана жүрөктүн согуу ритминин бузулушуна жол ачмак. Ушунчалык маанилүү бир минералга дененин муктаж болуп болбогонун көбүнчө ойлонбойбуз дагы. Ал тургай, күнүмдүк жашоодо эч качан денедеги кальцийдин көлөмү билинбейт жана кальций муктаждыгы эсептелбейт. Себеби клеткалар бул татаал процесстерди адамдын ордуна жасай ала турган жөндөм менен бирге жаратылышкан.

Адамдын денесинде болжол менен 2 килограммдай кальций болот. Бирок мунун 1%ы гана керектүү процесстерде колдонулат, калганы болсо сөөктөрүбүздө сакталат. Биздин кабарыбыз болбостон, муктаждыктарыбызды камсыздоочу, ашыкчасын кампалоочу жана керектүү жерлерде колдонуучу бул система – адамдын денесин эң майда детальдарына чейин өзгөчө бир план (долбоор) менен жараткан Раббибиздин мээриминин көрсөткүчтөрүнүн бирөөсү гана.

Тамак сиңирүү системасынын булчуңдарындагы электрдик тартип

Адамдын денесиндеги жалгыз бир клеткадан чыгарылган гормондорго чейинки майда-бараттардын баары Аллахтын кемчиликсиз жаратуу далилдерин ортого койууда. Мисалы, тамак сиңирүү системабызга тиешелүү өзгөчөлүктөрдү изилдегенибизде азыктардын сиңирилиши үчүн керектүү болгон бөлүктөрдүн баарынын абдан комплекстүү түзүлүштөргө ээ экенин көрөбүз. Ошол эле учурда бул бөлүктөр бири-бири менен байланыш абалында, качан кийлигишүүсү керек экенин билишүүдө жана азыктын денеге пайдалуу боло алышы жана зыяндуу заттардын бөлүп алынышы сыяктуу процесстердин баарын кемчиликсиз аткарышууда.

bebek

Денеде азыктардын тамак сиңирүү каналын бойлой кыймылдашын камсыз кылган көп механизмдер бар. Булардын бири – бул ичегилердеги түз булчуңдардын эрктен тышкары жыйрылышы. Бул булчуңдардын ритмикалык жыйрылышы урматында азыктар алдын көздөй бир багытта жылышат. Бирок бул жерде азыктардын эмне үчүн бир багытты көздөй гана кыймылдаары таң калтырат. Бул темада изилдөөлөрдү жасаган Канададагы McMaster университетинин изилдөөчүлөрүнөн Ян Хейзинга (Jan Huizinga) башчылык кылган бир топ мындай бир багыттуу кыймылды камсыз кылган клеткаларды изилдешти. Эмгектеринде тамак сиңирүү каналын бойлой жайгаштырган микро электроддорду колдонушкан. Бул микро электроддор «интерстициалдык (кыртыш же орган арасындагы боштуктар менен байланыштуу) Kajal клеткалары» деп аталган клеткалардын тынымсыз жана бир калыптуу бир электрдик заряд пайда кылганын аныкташкан. Ичеги капталдарындагы айлана формасындагы булчуңдардын арты-артынан жыйрылышын камсыз кылган – ушул Kajal клеткалары пайда кылган электрдик агым. Бирок бул механизм кемчиликсиз иштеши үчүн электрдик заряддын пайда кылынышы эле жетиштүү эмес. Ошол эле учурда катасыз бир ритм менен пайда кылынышы да зарыл. Kajal клеткалары ушул себептен ичегилерде бир тор пайда кылышкан. Бул тор алардын бирдей ритм менен электрдик агымын чыгарышын камсыз кылат (Science et Vie, 1998-ж. сентябрь).

Мына ушул кемчиликсиз механизм урматында ашказанга барган азыктар тамак сиңирүү системасын бойлой саякат кылышып, дене үчүн пайдалуу абалга айландырылышат. Эгер Kajal клеткалар пайда кылган ритмикалык электрдик агымдар болбогондо, ичегилердеги булчуңдар гармониялуу абалда жыйрылмак эмес. Бул болсо желген азыктардын алдын көздөй кыймылдоонун ордуна кайрадан оозго кайтып келишине себеп болушу мүмкүн эле. Бирок ооруган учурлардан тышкары, мындай көйгөй эч жаралбайт. Ал тургай, мындай бир ыктымалдуулук оюбузга да келбейт. Бул мисалдан да көрүнүп тургандай, Аллах адамдын денесинде жараткан система бүт тараптан кемчиликсиз.

Дипноттор

52. Gerald L. Schroeder, Tanrının Saklı Yüzü, Gelenek Yayınları, çev: Ahmet Ergenç, İstanbul, 2003, s. 214.

53. Harvey Lodish, Molecular Cell Biology, W. H Freeman & Co., 1995, ss. 1027-1029.

54. Benjamin Lewin, Genes - VI, Oxford, 1997, s. 847.