Электрдик Токтун Денебиздеги Сапары: Нерв Системасы

Адамдын борбордук нерв системасы эң татаал биологиялык түзүлүшкө ээ. Миллиарддаган нерв клеткасы жана булардын арасындагы триллиондогон байланыш нерв системасынын негизги түзүлүшүн түзөт. Борбордук нерв системасы 100 миллиарддан ашык нейрондон (нерв клеткасы) турат. Мындан тышкары, нерв клеткаларынан он эсе көп сандагы жардамчы клеткалар (нейроглиа) бар.

Everything in the heavens and Earth belongs to Allah. Allah is the Rich Beyond Need, the Praiseworthy. If all the trees on Earth were pens and all the sea, with seven more seas besides, was ink Allah's words still would not run dry. Allah is Almighty, All-Wise. (Surah Luqman:26-27)

Денебиз миллиондогон метр узундуктагы «нерв» деп аталган био-электрдик кабельдер менен жабдылган. Бул кабельдерде дээрлик жарык ылдамдыгына жакын бир ылдамдык менен маалыматтар ташылат. Таң калыштуу бир система жайгашкан денебизде нервдердин денебиздин ар бир чекитине жетиши жана бул кабельдер аркылуу буйруктардын, маалыматтардын ташылышы улуу бир керемет. Абдан көп «жолоочу» болгонуна карабастан, эч бир башаламандык чыкпайт, ар бир кабар барышы керек болгон жерге аярдык менен жеткирилет. Дагы бир таң калыштуу жагдай болсо – бул жөнөтүлгөн маалыматтардын абдан көп түрү болсо да, бир эле байланыш системасынын колдонулушу. Бул – колуңуз тийген клавиатуранын баскычтары, жеген таттууңуздун даамы, мештен чыккан нандын жыты, телефондун үнү же көзүңүздү алган күндүн нуруна тиешелүү бир маалымат болушу мүмкүн. Сезимдерибиз же ойлорубуз менен байланыштуу бардык маалыматтар нервдердин бутактары ичинде, электрдик импульстар абалында коддолуп, толкундар абалында саякат кылышат. Дененин ичинде тынымсыз жана абдан көп санда барып-келген мындай электрдик импульстар баары бирдей (окшош) болсо да, бизге түркүн түстүү, абдан көп детальдарга толо бир дүйнө тартуулашат.3

Нервдер ошол эле учурда айланаңыздагы дүйнө жөнүндө маалымат алышыңызды, өзгөрүүлөргө ыкчам жооп беришиңизди жана денеңиздин ар кайсы бөлүктөрүнүн жалгыз бир дене сыяктуу иштешин камсыздашат. Мындан тышкары, дененин буйрук борбору катары иштеген мээден буйруктарды жеткирүү кызматын аркалашат. Башкача айтканда, нервдер – дененин маалымат ташуучу унаа жолдору. Мээден жана жүлүндөн чыгып, тери, булчуңдар, сезүү органдары, тиш жана сөөктөрдүн ичи да кошо дененин бүт тарабына барышат.

Мындай бир ойлонуп көрөлү, нервдер оң колуңуздан башка денеңиздин бүт тарабына жетип жатканда, кандай болмок? Нервдер колуңузду каптап, бирок кыска болуп, колуңузга жете албаган бир учурда... Эң биринчиден, колуңуз жөнүндө эч нерсе сезмек эмессиз; манжаңызды бир нерсе кессе сезбей калмаксыз, колуңузду колдонуп бир иштерди жасай алмак эмессиз. Мисалы, колуңузду чыныны кармай ала турган формага келтире алмак эмессиз, калем кармай алмак эмессиз, эшикти ача албай, чачыңызды тарай алмак эмессиз. Кыскача айтканда, колуңуз бир эт жана сөөк жыйындысы гана болуп калмак. Нормалдуу жашаш үчүн нервдердин бар болушу гана жетиштүү эмес. Ошол эле учурда булар денеңиздин бүт тарабына жетиши, бири-бири менен байланыш кура алышы да зарыл. Нервдердин денени бир тармак сыяктуу капташынын жана денедеги бири-биринен көз-карандысыз системаларды башкарышынын кокустуктар натыйжасында пайда болушу мүмкүн эмес.

el, sinir sitemi

1. Motor cortex
2. Motor nerve cell
3. Main nerve nodes
(responsible for complex movements)
4. White matter

5. Thalamus
6. Grey matter
7. Cerebellum
8. Brain stem

A. Purple: The cortex of the brain sends messages for the muscles to go into action.
B. Blue: The sensory cells that direct movement in the muscle send signals to the cerebellum.
C. Red: The cerebellum sends signals to the cortex, by way of the thalamus, in order for the movement to take place.
D. Green: The cerebellum sends messages directly to the muscles by way of the spinal cord.

One reason why you can use your hands to do things is that your nervous system has a flawless structure. Even picking up a marble is actually a very complex movement. Delicate adjustments are required, such as how far the fingers need to be opened and how much force should be applied. If the nerves did not reach your hand, or if there were no link between the nerves and the brain, your hand would be a merely an assemblage of flesh and bone.

Учурда ар кандай технологиялык мүмкүнчүлүктөргө карабастан, илимпоздор бир клетка да жасай алышкан жок. Эволюционисттер жактагандай, бир клетка адам да аткара албаган милдеттерди, өз башынча, кемчиликсиз жасайт деп айтуу акылга жана логикага сыйбайт. Денебизди курчаган, башкарган, аң-сезимдүү, пландуу иш-аракеттерди жасаган бир системанын бар экени апачык көрүнүп турат. Бирок илимпоздорду абдан таң калтырган мындай жогорку аң-сезимдин аң-сезимсиз, акылсыз атомдордун чогулушу менен пайда болгон клеткалардын, органдардын өзүнө тиешелүү болушу мүмкүн эмес. Бул аң-сезим бүт нерсени «кемчиликсиз жараткан» Аллахка тиешелүү (Бакара Сүрөсү, 54).

Нервдер: денебиздин электрдик кабельдери

Электрдик кабельдердин эки бөлүктөн тураарын баарыбыз билебиз: ич тарапта көбүнчө электрдик ток өтүүчү жез бир зым жана сыртында каучук же пластиктен жасалган жана электрдик зымдын кыска биригүү (короткое замыкание) жасашын алдын алуучу бир изоляция заты болот. Нерв клеткасы бир электрдик кабель менен бирдей түзүлүшкө ээ: ич тарапта адамдын денесине тиешелүү электрдик ток өтүүчү абдан ичке жипчелер, сыртта болсо Schwann кабыгы деп аталган жана кыска биригүүлөрдүн алдын алуучу бир изоляция заты бар. Schwann кабыгы, мисалы бир вирус себебинен жабыр тартканда (электрдик кабельдин каучук сыртынын жарылып же күйүп жабыр тартышы сыяктуу), адамдын денесине тиешелүү электр энергиясы кыртыштарга жайылат жана адам жарым-жартылай же толугу менен шал болот.

beyin, omirilik, sinirler

Our bodies' electrical system consists of three regions:

1) The brain, which functions like a perfect computer,
2) The spinal cord, which serves like a bundle of electrical cables, one end of which goes to the brain, and,
3) The nerves, which function like electrical wires and establish connections between the spinal cord and the whole body.

Nerves depart from the brain and spinal cord and extend to all parts of the body, including the skin, muscles, sense organs, even the teeth and bone marrow. In short, the nerves are like roads that carry the body's information.

Nerves permit us to obtain information about the world around us, and enable different parts of the body to function as an integral whole. They also undertake the transmission of commands from the brain, the body's command center.

This system, which functions without our being aware of it, is one of the examples of our Almighty Lord's mercy on human beings.

Бардык нерв жипчелери электрдик зарядга ээ. Сырттагы электр оң, ич тараптагы болсо терс заряддуу. Нервге тийгенде, заматта электрдик бир аттоо ишке ашат. Оң заряддуу электр тогу нерв жипчесинин ичине кирсе, терс заряддуу электрдик ток нерв жипчесинин сыртын көздөй кыймылдайт. Терс заряддуу электрдик ток нерв жипчеси менен кыймылдап, бир электрдик ток агымын пайда кылат. Мунун натыйжасында бир булчуң же орган иштейт. Электрдик ток жеткирилген соң бүт нерсе кадимки абалына кайтат. Оң заряддуу электрдик энергия кайрадан нерв жипчесинин сыртына кайтат жана терс заряддуу электрдик энергия ич тарапка кайтат. Натыйжада нерв жипчеси кайрадан башка бир тийүү же сигналга даяр абалга келет.

Ушундай электрдик система урматында жашообузду камсыз кылган иш-аракеттер уланат. Бирок бул система бул жерде кыскача баяндалгандан бир топ детальдуу, абдан назик бир долбоорго ээ. Электрондук микроскоптун көрүү күчү өскөн сайын, илимпоздорду таң калтырган комплекстүү, татаал системалар ачыкка чыгат. Нервдерди түзгөн нерв клеткалары да теңдешсиз долбоорлорунда таң калыштуу детальдарга толо жана Раббибиздин чексиз кудуретин көрсөтүүдө:

Асмандардын, жердин жана (экөөсү) арасындагылардын баарынын мүлкү Аллахтыкы. Ал бүт нерсеге кудуреттүү. (Маида Сүрөсү, 120)

The structure of a nerve fiber is similar to like of an electrical cable. The nerves inside that allow the transmission of electricity, and the insulating sheath on the outside, are both examples of creation.

sinir lifleri, elektrik kablosu

1. Ganglion (clump of nerve cells)
2. Epineurium (tissue surrounding nerve-fiber bundles)
3. Myelin sheath
4. Axon
5. Small nerve bundle
6. Perineurium (nerve-fiber bundle sheath)

Дипноттор

3. Gerald L. Schroeder, The Hidden Face of God: How Science Reveals the Ultimate Truth, The Free Press, New York, 2001, s. 89.