2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (4/20)

Аз. Мехди (aс) Дын Чыгуу Алааматтары (Белгилери) (2/3)

17) Чыгыш Тараптан Бир От Көрүлүшү

"İkdiddurer" (Икдиддурер) аттуу китепте Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарында мындай деп айтылат: Чыгышта асманда үч түн көрүнгөн чоң бир оттун чыгышы. Мутад (кадимки) күн чыгышынын кызылдыгы сыяктуу болбогон бир кызылдын асманда көрүнүп горизонтто жайылышы. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 32-б.)

Чыгыштан үч же жети күн катары менен чоң бир от чыгат, асманда караңгылык көрүнөт, асманда көнүмүш (кадимки) кызылдан такыр башкача бир кызыл жайылат. Дүйнө жүзү угуп түшүнө ала турган бир тилде кайрылуу болот (Кыямат алааматтары, Берзенжи, 166-б.)

Ант ичем, бир от силерди курчайт. Ал от бүгүн Берехут деген өрөөндө өчүк абалда. Ал от ичинде күчтүү азабы бар абалда адамдарды курчайт. Ал от адамдарды, мал-мүлктөрдү өрттөп түгөтөт. Сегиз күн ичинде шамал менен булут сыяктуу учуп дүйнөнүн бардык тарабына жайылат. Түндөгү ысыгы күндүзгү ысыгынан күчтүү. Ал от адамдардын башынын үстүнөн арштын астына чейин жакындашып, жер бети менен асман арасында чагылган сыяктуу коркунучтуу добушу болот, деп айтты. (Өлүм-Кыямат-Акырет жана Акыр Заман Алааматтары, 461-бет) (Кыямат Алааматтары, Берзенжи 289-бет)

Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурдакы алааматтардан болгон бул от жөнүндө кыска бир түшүндүрмө жасай кетүү туура болот.

Кээ бир адамдар бул отту себепсиз эле кокустан чыккан, өчүүнү билбеген, ал тургай бүт адамдар турган жеринен сөзсүз көрө турган бир алаамат катары күтүүдө. Чындыгында болсо, кыямат алааматтары чыккан учурда сыноо улангандыктан аларды түшүнүү бүт адамдар мажбур кабыл ала турганчалык ачык болбойт. Натыйжада адамдар акылын, абийирин, эркин колдонуп бүтүм чыгарат. Эгер кыямат алааматтары жөнүндөгү хадистер эң майда-баратына чейин (мисалы, кайсы шаарда, канчанчы жылы, кандайча болоору) айтылган болгондо, мурда да айтып кеткендей, бүт адамдар мажбурлуу түрдө кабыл алмак жана адамдар арасында даража айырмасы калмак эмес. Ушул себептен кыямат алааматтары жөнүндөгү хадистер атайылап жарым жашыруун абалда билдирилген.

От алааматын да ушул негизде баалоо керек. Бир от себепсиз эле чыкпайт, же бир кырсык, же бир жарылуу сыяктуу атайын же кетирилген ката натыйжасында чыгат. Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматы катары айтылышы анын өтө кызыктай же укмуштуу бир алаамат болуп чыгышын талап кылбайт. Эң негизгиси ал оттун хадисте сүрөттөлгөн оттун өзгөчөлүктөрүнө туура келиши болуп саналат. Бул отту таанып, аныктоо үчүн алгач анын өзгөчөлүктөрүн түшүнүү керек.

Белгилүү болгондой, 1991-жылы июльда Ирак Кувейтти басып алган соң Кувейтке тиешелүү мунайзат скважиналарын атышы натыйжасында Кувейт менен персия булуңун өтө чоң бир от каптаган.

◉ Кувейтте күйгөн мунайзат адам менен жаныбарлар арасында өлүмгө себеп болууда. Адистердин айтуусу боюнча, күнүнө жарым миллион тонна мунайзат түтүнгө айланып атмосферага аралашууда. Күн сайын 10 миң тоннадан ашык күкүрт, көмүр кычкыл газы жана көп санда ракка себеп боло турган углеводороддор булут сымал булуңдун үстүн каптап турат... Бир эле булуң эмес, анын атында дүйнө күйүп жатат.

(Kurtlar Sofrasında Ortadoğu (Бөрүлөр дасторконунда Ортоңку Чыгыш), M. Necati Özfatura (М. Нежати Өзфатура), 175-б.)

◉ Окко тутулган эки скважина Түркия бир күндө чыгара ала тургандай мунайзат берет жана түтүндөр 55 км алыстыктагы Сауд Арабиядан да көрүнүүдө. (Hürriyet (Хүррийет гезити), 1991-ж. 23-январь)

◉ Булуңда өчпөгөн балээ кабарлары: Кувейтте окко тутулган жүздөгөн мунайзат скважинасы жалын жалын күйүп жатат. Адистер «өчүрүү өтө кыйын» деген мунайзат скважиналарындагы оттун Түркиядан Индияга чейинки кеңири бир аймакка эң аз 10 жыл мөөнөт бою таасир тийгизээри айтылууда.

Körfez savaşı

One of the portents of the End Times is "the rise of a fire in the East". During the Gulf War the fire started in oil wells.

Отко тутулган мунайзат скважиналарынан чыккан от менен түтүндөр абаны тынымсыз булгоодо. Кувейт күндүзү түндөй көрүнүүдө. Оттор менен бирге көтөрүлгөн кара түтүн Кувейт асманында күздөн кыш мезгилине өтүүнү эске салууда... Кувейт толугу менен жашоого мүмкүн абалга келиши үчүн эң бир жыл убакыт керек. Бир топ километр алыстан көрүнгөн оттор менен бирге көтөрүлгөн түтүндөр Кувейт асманын толук каптап өлкөнү адам жашагыс кылууда жана бардар адамдар Кувейтти таштап кетишүүдө.

Дахрандагы изилдөө борбору мүдүрү Абдуллах Даббагдын NewYork Times'да чыккан сөзү боюнча, персия булуңундагы булгануу натыйжасында 106 түр балык, 180 түр моллюска жана аймакта жашаган 450 түр жаныбар жашоо үчүн күрөшүүдө. 600 мунайзат скважинасынан көтөрүлгөн түтүндөрдүн кошуна өлкөлөргө таркап жатканы, мындан тышкары, күкүрт сыяктуу канцерогендүү заттарды камтыган түтүндөрдүн кислота жамгырына айланып айыл-чарбада өндүрүмдүүлүктү азайтканы айтылууда. (Kurtlar Sofrasında Ortadoğu, M. Necati Özfatura, 171-б.)

Ант ичем, бир от силерди каптайт. Ал от бүгүн Берехут деп аталган өрөөндө өчүк абалда. (Kamus Tercemesi (Камус котормосу), 1-т., 550-б.)
Берехут: бир өрөөндүн же бир кудуктун (скважина) аты.

Куттуу хадистин баш жагында от жөнүндө «өчүк абалда» деп айтылууда. От күйүүчү бир заттын күйүшү натыйжасында чыккандыктан, бул жерде өчүк абалда күтүп жаткан нерсе оттун өзү эмес, от күйгүзө турган чийки зат.

Бул жерде жердин астынан чыгарылчу мунайзатка ишарат кылынууда. Чындап эле, хадистеги Берехут деп аталган жер бир кудуктун (скважинанын) аты. Бул кудук мунайзат скважинасы. Убактысы келгенде ал скважиналардан чыгарылган мунайзат күйүүгө даяр бир от абалына келет.

«Ал от ичинде күчтүү азабы бар абалда адамдарды курчайт.» Ал от жөн эле күйгөн бир от эмес, ошол эле учурда адамдарды жанынан, мал-мүлкүнөн айырып азапка, кайгыга сала турган жана бүт табиятты булгай турган бир от.

«Ал от адамдарды, мал-мүлктөрдү өрттөп түгөтөт.» Ал от кээ бир адамдардын өлүмүнө себеп болууда. Мындан тышкары, мал-мүлктөрдү күйгүзүп, материалдык зыян алып келүүдө жана бүт айлана-чөйрөнү, табиятты булгап адамдардын киреше булактарын жок кылууда.

«Сегиз күн ичинде шамал менен булут сыяктуу учуп дүйнөнүн бардык тарабына жайылат.» Ал оттун «шамал менен булут сыяктуу учканы» өзү эмес, түтүнү. Бул жерде салыштыруу жасалып түтүндүн булуттарга чейин көтөрүлөөрү айтылган. Ал түтүн шамалдын таасири менен бүт тарапка жайылат.


Gulf War, 1991

«Түндөгү ысыгы күндүзгү ысыгынан күчтүү.» Ал оттун күнү-түнү тынымсыз күйөөрү түшүнүктүү болууда.

«Ал от адамдардын башынын үстүнөн арштын астына чейин жакындашып, жер бети менен асман арасында чагылган сыяктуу коркунучтуу добушу болот.» Ал оттун өтө бийиктерге чейин чыгаарына жана ал оттон чагылган сыяктуу өтө күчтүү бир добуш менен жарылуулар болооруна ишарат кылынууда.

«Асманда көнүмүш (кадимки) кызылдан такыр башкача бир кызыл жайылат.» Хадистин бул бөлүгүндө окуянын түнкүсүн болооруна ишарат кылынууда. Түнкүсүн пайда болгон чоң жарылуунун жалындары өтө күчтүү бир жаркыроого себеп болот. Ал кызыл жалындар пайда кылган кызыл жарык адамдар билген кызыл «таң» жарыгынан такыр башкача болот. Себеби түнкүсүн мындай күндүз сыяктуу бир жарык болушу керемет окуя. (Таң: күн чыгып жатканда жана батып баратканда пайда болгон жана күндүн жарык чачуу күчү алсыздап, ак нурдан кызыл нур чача турган абалга келген убактардагы абалы.)

18) 1979-Жылы Стамбулда Кеменин Жарылышы

Хүсейин б. Али (ра)дан мындай риваят кылынган:
«АСМАНДА ЧЫГЫШ ТАРАБЫНАН ТҮНДҮ ЖАРЫК КЫЛГАН ЧОҢ БИР ОТ КӨРГӨНҮҢӨРДӨ, МЫНА ОШОЛ КЕЗ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КЕЛҮҮ УБАКТЫСЫ БОЛОТ.» (Mer'iy b. Yusuf b. Ebi bekir b. Ahmet b. Yusuf el-Makdi'si "Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)

Эбу Жафер б. Мухаммед б. Али (ра)дан риваят кылынды:
«Силер үч же жети күн чыгыштан бир отту көргөнүңөрдө Ал-и Мухаммеддин (Аз. Мехди (ас)дын) чыгышын күткүлө, иншаАллах-ү Таала, бир жарчы (асмандан бир периште) Аз. Мехди (ас)дын аты менен асмандан жар салат, чыгыш, батыштагылардын баары бул үндү угат. Коркуудан уктап жаткандар ойгонот, тургандар отуруп калат, отургандар болсо ордунан атып турат.» (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 32-б.)

Independenta gemi kazası
Hürriyet, 16.11.1979 - Istanbul became like day at midnight
Tercüman, 17.11.1979 - Allah saved
Hürriyet, 16.11.1979 - Sea is burning
Tercüman, 17.11.1979 -Black Clouds over the city

Хадисте Пайгамбарыбыз (сав) билдирген бул чоң жарылуу жана анын артынан чыккан чоң от 1979-жылы, б.а. Хижрий 1400-жылы Түркиядагы Кадыкөй тарапта болгон Independenta (Индепендента) аттуу мунайзат алып бараткан танкердин жарылуусун кабар берүүдө. 1979-жылы 15-ноябрьда дүйнөнүн төртүнчү чоң танкери болгон 150 миң гросстонналык Independenta аттуу 95 530 тонна чийки мунайзат алып бараткан бир Рим танкери Ислам ааламынын акыркы борбору болгон Стамбулга келе жатканда бир Греция жүк ташуучу кемеси менен сүзүшүп кетиши натыйжасында мунайзат күйүп кеткен жана деңизде көп күнгө созулган чоң бир от чыккан. Пайгамбарыбыз (сав) Стамбулда болгон бул окуя учурунун Аз. Мехди (ас)дын Стамбулга келүү убактысы экенин; «... МЫНА ОШОЛ КЕЗ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КЕЛҮҮ УБАКТЫСЫ БОЛОТ.» деп ачык билдирген.

Хадисте билдирилген маалыматтар боюнча, бул Аз. Мехди (ас) Стамбулга жаңы келген күндөр ичинде боло турган бир окуя. Бул окуя аркылуу Аз. Мехди (ас)дын Стамбулга келиши бир сүйүнчү катары бүт баары уга турган абалда бүт дүйнөгө жана жин ааламына да, адамзат ааламына да жарыя кылынган. Ошентип чагылган сыяктуу күчтүү бир үн аркылуу жана көп күнгө созулган чоң от, түтүн булуту аркылуу жана маал-маалы менен болуп турган жарылуулар аркылуу Аз. Мехди (ас)дын Стамбулга келгени Аллах тарабынан адамдарга кабар берилген.

Ошондой эле, акыркы 1000 жылдын эң чоң мужеддиди болгон Устад Саид Нурси Азрети эмгек жыйнагында да Аз. Мехди (ас)дын Хижрий 1400-жылы, Христиан жыл санагы боюнча 1979-жылы чыгаарын мындайча кабар берген:

«ИСТИКБАЛ-И ДҮНЙЕВИЙЕДЕ (дүйнөнүн келечегинде) 1400 ЖЫЛДАН КИЙИН КЕЛЕ ТУРГАН БИР АКЫЙКАТТЫ...» (Sözler, 318-б.)

19) Жалган Пайгамбарлардын Көбөйүшү

Жалган пайгамбарлардын чыгышы хадистерде кабар берилген Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынын бири. Акыркы убактарда өзүн Аз. Иса (ас)мын деп атаган көп киши чыкты.

Ар бири өзүн Аллахтын пайгамбарымын деп атаган отузга жакын жалганчы жөнөтүлгөнгө чейин кыямат келбейт. (Тирмизи, Фитен 43; Эбу Давуд, Мелахим 16)

Ар бири өзүн Жалгыз Мабуд (сыйынылуучу зат) болгон Аллахтан пайгамбар катары жөнөтүлдүм деп айткан алтымыш жалганчынын чыгышы. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйути хадис жыйнактары – Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 36-б.)

Sahte peygamber

Time, 03.May.1993
Takvim, 06.April.2002 - False Prophet

20) Диндин Жеке Кызыкчылыктарга Пайдаланылышы

Алимдер илимди акча табуу үчүн гана үйрөнгөндө... динди дүйнө (мал-мүлк) үчүн сатканда... өкүмдү (чечимди) сатышканда... кыямат жакындаган болот. (Ölüm Kıyamet ve Diriliş, 480-б.)

Акыр заманда ушундай адамдар чыгышат, алар диндерин дүйнөлүк максатта сатышат. (Тирмизи, Зүхд, 60)

Ким Куран окуса (сыйлыгын) Аллахтан сурасын. Себеби акыркы замандарда Куран окуп (сыйлыгын) адамдардан сураган бир топ адамдар чыгат. (Акыркы Замандар менен байланыштуу хадистер, 9-бет)

21) Чоң Окуялардын Жана Таң Калыштуу Нерселердин Болушу

Анын учурунда чоң окуялар болот. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 27-б.)

Анын заманында канчалаган таң калыштуу нерселер болот. (Мектубат-ы Раббани, 2/258)

Анын чыгуу мебделери жана мукаддимелери (чыгуу алааматтары) Расулуллах Мырзабыздын ирхасатына* окшош. (Мектубат-ы Раббани, 2/258)

* Ирхасат: Аз. Мухаммед (сав)дын пайгамбарлыгынан мурда ишке ашкан таң калыштуу окуялар, булар анын пайгамбарлыгын далилдеген окуялар.

Аз. Мухаммед (сав) төрөлгөндөн мурун чоң жана таң калыштуу окуялар болгон. Ал туулган түнү жаңы бир жылдыз пайда болгон, отко сыйынган Иран падышаларынын сарайынын 14 мунарасы жыгылган, Иранда 1000 жылдан бери күйүп турган мажуси оту өчкөн, Семави Өрөөнүн сел баскан, Саве Көлү куруп калган.

Жогорудагы риваятта ишарат кылынгандай, Аз. Мехди (ас)дын чыгышы да Пайгамбар Мырзабыз (сав)дыкына окшошот. Анын чыгышында да чоң, таң калыштуу окуялар болот.

Риваяттардын ишараты боюнча Аз. Мехди (ас) чыга турган жыл болгон Хижрий 1400-жылдын (1979-жылдын) баштарында болгон чоң окуялар:

Каабага чабуул болду жана көптөгөн Мусулмандын каны төгүлдү.

◉ 2500 жылдык Иран шахтыгы жыгылды жана Иран Шахы Рыза Пехлеви өлдү.

Индиянын Бомбей шаарында заводдон чыккан газ 20000 адамдын өлүмүнө себепчи болду.

◉ Эки Мусулман өлкө болгон Иран жана Ирак арасында 8 жыл боло турган бир согуш башталды.

Орустар Афганистанды басып алды.

Азербайжан басып алынды, 1990-ж.

◉ Мехико шаары күчтүү бир жер титирөө натыйжасында кыйрады.

Түндүк Колумбиядагы Невада Дел Руиз вулканы 400 жылдан бери биринчи жолу атылды. Ээриген кар жана муздан пайда болгон ылай себебинен Армеро шаары картадан жоголду. 20000 адам өлдү.

◉ Бангладештеги сел 25000 адамдын өлүмүнө себеп болду.

Христиандыктын борбору Римди суу басты.

◉ 1986-жылы Кытайда тарыхтын эң ири токой өртү болду.

Индия Президенти Ганди, Египет Президенти Энвер Седат, Швеция Премьер-министри Олоф Палме өлтүрүлдү.

◉ Папа II. Жан Поль атылды.

1980-жылдын башында алгачкы жолу СПИД аныкталды. Бүгүнкү күнгө чейин он миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келген бул оору «Доордун чумасы» деп аталды. СПИД 1960-жылдары Америкада башталган жана ар кандай жыныстык эркиндикти алып келген «Секс революциясын» токтотту.

◉ 1986-жылы космос ракетасы Challenger учурулгандан кийин жарылып кетти.

Mekke'nin işgali

1 - Mecca was invaded, 2 - Iran invaded Iraq
3 - The Persian Empire of 2500 years was demolished. Reza Shah Pahlavi passed away
4 - A war broke out between two Muslim countries, Iran and Iraq, 5 - Pope Jean Paul II was shot by Mehmet Ali Agca

Meksiko city deprem
1 - Russians invaded Afghanistan, 2 - Mexico City is laid waste by an earthquake,
3 - The President of Egypt Anwar al Sadat, the President of Sweden Olof Palme, and Indian Prime Minister Indira Gandhi were assassinated

1986-жылы 26-апрельде Украинадагы Чернобль атомдук станциясында буга чейин кездешкен эң ири атомдук авария болду. Көптөгөн Европа өлкөсү радиацияга кабылды.

◉ Озон катмарынын тешилиши Дүйнө климатына көптөгөн тескери таасирлер берди.

СССР кулады жана көз-карандысыз өлкөлөр түзүлдү.

◉ Ирак Кувейтти өзүнө кошуп алган соң булуңдагы согуш башталды.

Армениядагы жер титирөө натыйжасында жер кабырга айланды. 500000 адам үйүн таштады, 40000ден ашык өлдү.

◉ 1989-жылы Кытайда коммунисттик топ танкалар менен студенттерди тебеледи. Тиананмен майданында 2000 студент өлдү.

Кансыз согуштун символу болгон Берлин дубалы курулгандан 28 жылдан кийин жыгылды.

◉ 1990-жылы Каабадагы туннельде болгон түртүшүүдө 1400дөн ашык ажы көз жумду.

1991-жылы Бангладеште болгон селдер натыйжасында 120000ден ашык адам өлдү, миллиондогон адам үйсүз калды.

◉ Босниа жана Косоводогу кыргында жүз миңдеген Мусулман өлтүрүлдү жана жүз миңдегени мекенинен куулду.

Эбола вирусу он миңдеген адамдын өлүмүнө себеп болду.

◉ Эль Нино бүт дүйнө өлкөлөрүнө чоң балакеттер алып келди.

◉ Адам геному долбоору деп аталган 13 жылдык бир изилдөөнүн натыйжасында адам ДНКсынын тизмеги 2003-жылы апрель айында жыйынтыкталды. Натыйжада адам ДНКсындагы болжол менен 30000 ген аныкталып, адамдын ген картасы чыгарылды.

◉ 60000 жылда бир болчу бир окуя болду жана Марс планетасы дүйнөгө эң жакын абалга келди.

◉ 2007-жылы август айында Америка Кошмо Штаттарында финансылык рыноктордогу кризис башталды жана экономикалык кризис барган сайын күчөп бүт дүйнөгө жайылып баштады.

Challenger uzay mekiği

1. Shock and sorrow in the world "Disaster of the Age"
2. The space shuttle Challenger exploded soon after it was launched in 1986. (above)
2. In 1986 the greatest nuclear disaster in history occurred in Chernobyl, Ukraine. (below)
3. The hole in the ozone layer negatively affected the seasons 4. Great student upheavals occurred in China
5. After Iraq's annexation of Kuwait the Gulf War that would last for years started.

National Geographic, world press, time

1. USSR collapsed, 2. Independent states appeared, 3. Al-Nino caused great climate changes around the world

Kasırgalar, İstanbul, Avrupa felaketler, 1985, 1987

1. 100 million tons of snow fell on Istanbul in only 6 days, 2. We have not seen such for a century, 3. Istanbul under flood,
4. China burning, 5. Murderous cyclone, 6. 4 thousands dead, thousands of wounded, 7. Hurricane disaster, 8. The most arid winter,
9. The Hell of Greece: 1100 dead, 10. Scary landslip, 11. 1985 became a year of disasters, 12. The severest rains of the century, 13. Flood in Europe

ivan kasırgası

1. Tercüman, 08.09.2004: Ivan laid to waste
2. Cumhuriyet, 20.01.2007: Europe is laid waste
3. This century has been the one in which great disasters and events took place and the events narrated by our Prophet (saas) occurred one after another. The pain and disasters people went through in this century are important portents of the coming of Hazrat Mahdi (as), which is heralded by our Prophet (saas). Our Prophet (saas) told that these portents would occur one after another, like the dots on a prayer beads. Indeed, starting from the beginning of Hijri 1400, all these evets occurred one after another.

22) Күндөн Бир Алааматтын Болушу

Аз. Мехди (ас) күндөн бир алаамат көрүнгөнгө чейин келбейт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 49-б.)

Күн бир алаамат болуп чыкканга чейин Аз. Мехди (ас) чыкпайт (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 33-б.)

Güneş patlaması

The Sun will explode

Күндө мындай чоң бир жарылуу окуясы биринчи жолу биз жашап жаткан кылымда болду.

Güneş patlaması

They caught the explosion of the age like this

Күн Тутулуу

1999-жылы 11-августта болгон күн тутулуу кылымдын акыркы толук күн тутулуусу эле. Биринчи жолу ушунча көп адам күн тутулуусун болгондо да ушунча көп убакытка көрүп, изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал тутулууда көңүл бурган бир жагдай болсо – бул Түркиянын ал толук тутулууну эң жакшы көрө алган өлкөлөрдүн бири болушу эле. Бартындан Силопиге чейин болжол менен 12 шаар менен 100 район тутулууну көрө алган.

Мынча көп ишараттын чогуу жана өтө кыска убакыт аралыгында катары менен ишке ашышы кокустук эмес. Бул ишараттар ишенген кулдар үчүн сүйүнүчтүү кабарлар.

Güneş tutulması

The eclipse of the Sun could be seen along the line shown in the picture.
Turkey is one of the countries in which the eclipse of the Sun could be seen for longest.

23) Чоң Шаарлардын Жок Болушу

Чоң шаарлар кечээ эч болбогон сыяктуу жок болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 38-б.)

Хадисте кээ бир чоң шаарлардын согуштар жана ар кандай табигый кырсыктар натыйжасында жок болооруна ишарат кылынууда. Көптөгөн чоң шаарлар бүт ушул кылым (Хижрий 1300-1400) ичинде жок болду же чоң кыйроого кабылды. Бул окуялар Аз. Мехди (ас)дын чыгышынан мурдакы алаамат катары өтө маанилүү далилдер болууда. Американын 1945-жылы Хиросима менен Нагасакиге таштаган атом бомбасы ал жерде жашаган адамдардын өлүмүнө себеп болуп, шаарды бүтүндөй жер менен жексен кылган.

Nagazaki_Atom_Bombasi

Nagasaki before and after the atomic bomb.

Биз жашап жаткан кылымда болгон согуштарда көп шаарлар (Берлин, Гамбург, Варшава, Ленинград, Бухарест, Лондон...) толук кыйраган. Ал шаарлар бир топ убакыт өткөн соң гана кайра калыптандырылып бүткөн.

Hiroshima

Hiroshima before and after the atomic bomb explosion.

2.DunyaSavasi

1. Like many other cities of Italy, Anzio was also laid waste after the World War II.
2. The Swedish Embassy in Berlin which was ruined by a bombing.

katrina kasırgası

1.Katrina left the perished city, and the corruption started. 2. Hurricane disaster in USA
3. Hurricanes, cyclones and floods that occurred during the last 20 years in USA caused great disasters.

24) Жер Титирөөлөрдүн Көбөйүшү

…Жер титирөөлөр көбөймөйүнчө, фитналар ачык болмойунча, кылмыштар көбөймөйүнчө кыямат келбейт. (Кыямат алааматтары, 109-бет)

Пайгамбарыбыз (сав) жогорудагы хадисинде «жер титирөөлөрдүн көбөйүшүн» акыр заман алдында боло турган алааматтардын бири катары айткан. Чындап эле 20-кылым он миңдеген адамдар өмүрүнөн ажыраган жер титирөөлөр менен тарыхта калды. Кобедеги күчтүү жер титирөө, Түркияда, Тайваньда, Грецияда жана Мексикада биринин артынан бири болгон жер титирөөлөр акыр заман жөнүндө абдан маанилүү ишараттарды камтыйт.

San Francisco depremi

Thousands of people lost their lives during the earthquakes occurred
in 1989 in San Fransisco and thousands of others were left homeless.
Damage is worth billions of dollars.

Depremler, San Francisco, Romanya, Alaska

1. A 7.6 earthquake struck Taiwan 2. 7.4 earthquake shook Mexico
3. In 1977 thousands of buildings in Romania were reduced to pieces.
4. San Fransisco earthquake occurred at 05:04 am, ruining thousands of buildings in only 15 seconds.
5. 9.2 magnitude earthquake in Alaska caused huge cracks on earth

«Үммөтүмө зилзалалар болот. Бул зилзалаларда он миң, жыйырма миң, отуз миң адам өлөт. Аллах бул өлүмдү муттакилерге (такыбаларга) кеңеш, каапырларга болсо азап кылат.» (İbni Asakır, Geleceğin Tarihi (Келечектин тарыхы) 1, Orhan Baytan, Mevsim Yayıncılık, 81-б.)

Kobe depremi

1. 7.7 magnitude earthquake in Peru became effective on an area of 1000 km.
2. The earthquake that happened in China in 1976 was the greatest of the 20th century. The death toll was 240,000 and the number of wounded was 164,000.
3. In 1995, an earthquake reduced Kobe to rubble even though it lasted only 12 seconds. The Kobe earthquake caused a damage of 147 billion dollars.

Жашай турган үй, силерди ташый турган жаныбарларды таппай кала турган убак жакындады. Себеби үйлөрүңөдү жер титирөөлөр бузат, жаныбарларыңарды чагылгандар күйгүзүп көмүргө айлантат. (Nuaym bin Hammad, Geleceğin Tarihi (Келечектин тарыхы) 1, 82-б.)

Илим жоголмойунча, жер титирөөлөр көбөймөйүнчө, убакыт кыскармайынча, фитналар ачык болмойунча, кылмыштар көбөймөйүнчө кыямат болбойт. (Бухари, Ибни Маже, Кыямат алааматтары,108-бет)

Kaliforniya depremi

1. The 10-magnitude earthquake in Sicily reduced some cities into rubble.
2. The financial worth of the 6.7 magnitude earthquake that hit California on January 17, 1994 exceeded 40 billion dollars.
3. The severe earthquake that occurred in Mexico in 1985 left 1 million homeless, 9000 dead and 30,000 wounded behind. (Right) Harap olan Benito Juarez Hospital

Tayvan depremi

1. Everywhere became flat, 2. The world is rocked - The world is shaking, 3. Not one day passes without an earthquake,
4. And now Taiwan: Earthquake 7.6, 5. Turkey, Thailand, Mexico and now America shook The three o'clock syndrome,
6. One disaster after another, 7. First a 8.3 earthquake, then a tsunami struck.

Бул үммөттүн кийинки келген урпактары мурда жашап өткөндөрдү (ар кандай айып, шылтоолор менен) жамандаганда, ошондо кызыл шамалдарды, (зилзаланы) жерге чөгүүнү (хасфты) же келбет өзгөртүүнү (месхти) (же асмандан таш жаашын (казфти)) күткүлө. (Тирмизи, Фитен 39, 2211-б., Күтүби Ситте, 14-том, 341-б.)

İtalya depremi, 2009

1. The number of lost people in China: 100 thousand,
2. The great earthquake in China in 2008 led to tens of thousands losing their lives and many being crippled.
3. Earthquakes became increasingly frequent and intense in the 1990s and 2000s. The great earthquake in Kobe was followed by others in Turkey, Athens, Taiwan and Mexico.
4. PAIN becomes more severe in Italy, 5. Chile collapsed with 8.8, 6. Disaster of 60 seconds
7. The successive great earthquakes that occurred in Haiti and Chile in 2010

25) Чоң Бир Окуянын Болушу

«(1) Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда (2) мединада (3) капкара таштар дагы (4) кан ичине булана турган (5) чоң бир окуя болот. Бул окуяда бир аялдын өлтүрүлүшү (6) бир камчынын шилтенишиндей оңой болот. Жана бул окуя 2 километрдейге созулат.» (EI-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-iI Muntazar, 41)

(1) Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда ... Куттуу хадистин минтип башталышы бул окуянын ошол эле учурда Аз. Мехди (ас)дын чыгаарынан мурдакы алааматтардан экенин көрсөтүүдө. Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы куттуу хадистер жана белгилүү Ислам аалымдарынын айтуусу боюнча, Хижрий 1400-жылдын (1979-1980-жж.) баштарында болушу керек. Хадистеги «Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда» деген сөз Аз. Мехди (ас) чыгаардан бир аз мурдараак бул чоң окуянын болооруна ишарат кылууда.

(2) ... Мединада ... Арап тилинде «Медина» сөзү ошол эле учурда чоң шаар маанисинде да колдонулат. Төмөндөгү хадис буга мисал.

(3) ... Капкара таштар дагы кан ичине булана турган ... Куттуу хадистин бул бөлүгүндө болсо кандуу окуя боло турган жердин бети сүрөттөлүүдө. Кара таш, б.а. асфальт жол бетинде кандай бир окуя болооруна ишарат кылынууда.

◉ 1-майдагы (1977-жыл) Таксимде (Стамбулда) болгон окуяда 34 өлүм жана 200 кишинин жаракат алышынан аккан кандар кара таштар (б.а. асфальт жол) бетине төгүлгөн жана ал кандар көчөгө жайылган.

Асфальт жол: Майда шагыл таштардын асфальт заты менен аралаштырылышынан пайда болот. Бул аралашма жолго төгүлгөндө сом кара таш болуп калат.

(4) ... кан ичине булана турган ... Кагылышуулар натыйжасында аккан кан кээ бир жерлерде асфальтты бир жапкычтай жаап калган жана асфальт кээ бир жерлерде көрүнбөй калган.

Kanlı 1 Mayıs, Taksim

1. Milli Gazete, 02.05.1977: DISK's meeting in Taksim is smeared with blood,
2. Cumhuriyet, 02.05.1977: Bloody May the 1st

Аз. Ибни Амрдан риваят кылынган. Расулуллах (сав) мындай деди:

Эй Үммөт! Алты нерсе бар; алар болмоюнча кыямат болбойт... Алтынчысы болсо мединанын алынышы (Мындай деп) айтылды: Кайсы медина? (Ал) Айтты: Константинополь (Стамбул) (Бул Стамбулдун Аз. Мехди (ас) тарабынан руханий ээлениши.)

5) ... чоң бир окуя болот ... 1-май Таксим окуясы анархия доорунда көп адам өлтүрүлгөн жана өтө көп кан төгүлгөн чоң бир окуя.

(6) ... Бир камчынын шилтенишиндей оңой болот ... Бул жерде бир салыштыруу аркылуу адам өлтүрүүнүн өтө оңой жасалаарына көңүл бурулууда. Бир камчыны ар тарапка кол менен оңой гана шилтөө мүмкүн болгон сыяктуу, камчыдай сабынан тутулган жана ар тарапка багыттоо мүмкүн болгон тапанча дагы машаасын (курок) басып коюу менен эле алдындагы адамды өлтүрө алат.

26) «Эки Тиштүү» Куйруктуу Жылдыздын Көрүнүшү

Улуу, белгилүү Ахли Сүннөт аалымы Имам Раббани Азрети Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндө Мектубат-ы Раббани аттуу эмгегинде эки өтө маанилүү критерийди айткан.

1- Критерий

Бул критерийлердин биринчиси Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбарыбыз (сав)дан миң жыл өткөндөн кийин чыгаары.

Раббани Азрети Мектубат-ы Раббанинин 1/569-бетинде мындай дейт:

Бирок күтүлгөн абал мындай; АРАДАН МИҢ ЖЫЛ ӨТКӨН СОҢ ал жашыруун мамлекет жаңыланат. Ага бир артыкчылык берилип сууну табышы арттырылат... Ошентип кемалаттын (кемчиликсиздиктердин) чыныгысы чыгып анын азабын жабат... Жана улуу моюн сунуучулукту барктаган АЗ. МЕХДИ (ас) КЕЛСИН. Аллах андан ыраазы болсун. (Мектубат-ы Раббани, 1/569)

Учурда Хижрий 1430-жылдардабыз. Бул Пайгамбарыбыз (сав)дан бери 1000 жыл өткөнүн көрсөтүүдө. Бул болсо Раббани Азрети Аз. Мехди (ас) чыгышы үчүн керектүү деп айткан биринчи критерийдин ишке ашканын далилдөөдө.

2- Критерий

Раббани Азрети Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндө берген экинчи чоң критерий болсо «эки тиштүү жаркыраган бир жылдыздын» дүйнөнүн жакынынан өтүү шарты болгон.

Lulin kuyruklu yıldız

Gaste, 25.02.2009 'Lulin' approaches to the Earth

«Убада кылынган Мехдинин чыгаар алдындагы окуялардан болгон Аббаси Мелик (өкүмдар) Хорасанга барганда, ШАРК (ЧЫГЫШ) ТАРАПТА ЭКИ ТИШТҮҮ (1) МҮНЕВВЕР (ЖАРКЫРАГАН) (2) БИР МҮЙҮЗ (3) ЧЫГАТ.»
«ШАРК (ЧЫГЫШ) ТАРАПТА БИР КУЙРУКТУУ ЖЫЛДЫЗ ЧЫГЫП ЖАРЫК ЧАЧАТ.»
Бул жылдыз да чыкты. Бирок ошолбу, же ошого окшошпу?
Ал жылдыздын:
-Куйруктуу жылдыз деп аталышы, ыктымал, төмөнкү негиздерге таянат:
- Туруктуулардын кыймылы МАГРИБДЕН (БАТЫШТАН) МЕШРИККЕ (ЧЫГЫШКА) (4)...
Бул жылдыздын абалы да ошонун кыймылына жараша. Б.а. жүзү мешрик жанын көздөй, аркасы болсо магриб тарабына. Бул узун актык дагы анын арткы тарабына. Ушул мааниге карап, ага:
-Куйрук... ысмынын берилиши туура болот.
АНЫН АР КҮНКҮ ӨТҮҮ БАГЫТЫ БОЛСО МЕШРИКТЕН МАГРИБГЕ. (5) Бирок ал кысри (өзүнө тиешелүү мааниси бар) кыймылы менен улуу тагдырдын кыймылынан көз-каранды.
Сүбхан Аллах бүт нерсени эң жакшы билүүчү. (İmam-ı Rabbani (Имам Раббани), Mektubat-ı Rabbani (Мектубат-ы Раббани), 381. Mektup, 1184-б.)

(1) ... эки тиштүү...:

2009-жылы 24-февральда жерге эң жакын жерден көрүнүп өткөн Люлин куйруктуу жылдызынын (комета) арткы тарабындагы куйруктун эки ача болушу хадистеги эки тиштүү сөзүнө толук дал келүүдө.

(2) ... мүневвер (жаркыраган)...:

Хадисте айтылган мүневвер (жаркыраган) сыпаты Люлин куйруктуу жылдызынын дүйнөгө жакындаганда 6 жылдыздын жарык чачышындай жаркырашына ишарат кылууда.

(3) ... бир мүйүз...:

Люлин куйруктуу жылдызын башка куйруктуу жылдыздардан айырмалаган эң негизги өзгөчөлүгү – бул жылдыздын ядросунун арткы тарабында жайгашкан куйругунун маңдайында, ядросунун алдыңкы тарабында, б.а. баш жагында да бир куйругунун болушу эле. Люлин куйруктуу жылдызынын тартылып алынган сүрөттөрүн караганыбызда эки тараптагы эки куйруктун көрүнүшү жагынан бир мүйүздү эске салаарын бир караганда байкайбыз.

Lulin kuyruklu yıldız

1. ntvmsnbc.com, 11.02.2009: The comet Lulin entering the Solar System,
2. Dokuzsütun, 03.04.2009: The Green comet was very close to the world,
3. Güneş, 23.02.2009: Comet of the Last Day approaching fast

(4) Туруктуулардын кыймылы магрибден (батыштан) мешрикке (чыгышка)...:

Хадистин уландысындагы «Туруктуулардын кыймылы магрибден (батыштан) мешрикке (чыгышка)...» сөзү асман телолорунун айлануу багытына ишарат кылууда; бул маалымат 20-кылымда алынган астрономия маалыматтарына толук дал келет. Чындап эле бүт асман телолору МАГРИБДЕН (батыштан) МЕШРИККЕ (чыгышты көздөй) кыймылдашат.

(5) Анын ар күнкү өтүү багыты болсо мешриктен (чыгыштан) магрибге (батышка)...:

Бул жерде болсо «Анын ар күнкү өтүү багыты болсо...» деп, Люлин куйруктуу жылдызынын башка асман телолорунан айырмаланып чыгыштан батышты көздөй кыймылдаары билдирилген.

Пайгамбар Мырзабыз (сав) хадисинде акыр заманда келиши күтүлгөн Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматы катары айткан жана Имам Раббани да терең чечмелеген (тафсир кылган) «эки тиштүү мүневвер (жаркыраган) бир мүйүз чыгат» сөзү 2009-жылы 24-февральда, б.а. Хижрий 1430-жылы дүйнөгө эң жакын жерден өткөн Люлин куйруктуу жылдызына ишарат кылууда.

Бул куйруктуу жылдыздын эң негизги дагы бир өзгөчөлүгү мындай: илимпоздор бул куйруктуу жылдыздын эми эң аз 1000 ЖЫЛДАН КИЙИН кайрадан жердин (дүйнөнүн) жакынынан өтүшү мүмкүн экенин айтышууда.

Илимпоздор берген бул мөөнөт болсо, ахли сүннөт аалымдарынын; -Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистерине таянып- дүйнөнүн өмүрү жана кыямат күнү менен байланыштуу берген жылдары боюнча, бул жылдыздын дагы бир жолу өтүшүнүн мүмкүн эмес экенин көрсөтүүдө. Себеби Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени билдирилген.

Энес Маликтен алып айтты. Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айтты: ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ АКЫРЕТ КҮНДӨРҮНӨН ЖЕТИ КҮН. Аллах Таала мындай буюрду: Раббиң кабатында бир күн силер санагандан миң жыл сыяктуу.
Энес бин Маликтен: «Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда муктаждыгын камсыздаса, Аллах ал үчүн күндүздөрүн орозо менен, түндөрүн болсо ибадат менен өткөргөндөй, УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮ БОЮ сооп жазат.» (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir zaman, 88-б.)

Ханбели Мазхабынын түзүүчүсү Ахмет Ибни Ханбелдин эмгегинде орун алган жана Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бир хадисте болсо Пайгамбарыбыз (сав)га чейин дүйнөнүн өмүрүнөн 5600 жыл өткөнү билдирилген:

Ахмет Ибни Ханбел Илелинде алып жазган. ДҮЙНӨДӨН БЕШ МИҢ АЛТЫ ЖҮЗ ЖЫЛ ӨТКӨН. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Ahir zaman, 89)

Белгилүү, улуу ахли сүннөт аалымдарынан Суйути Азрети болсо үммөттүн өмүрү жөнүндө мындай деп билдирген:

«МЕНИН ҮММӨТҮМДҮН ӨМҮРҮ 1500 ЖЫЛДАН КӨП АШПАЙТ.» (Suyuti (Суйути), el-Keşfu an Mücavezeti Hazihil Ümmeti el-Elfu, el-havi lil Fetavi, Suyuti. 2/248, tefsiri Ruhul Beyan. Bursevi. (Арап тилинде) 4/262, Ahmed bin Hanbel, Kitâbu'l-İlel, sh. 89.)

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бүт бул маалыматтар каралганда, дүйнөнүн өмүрүнүн Хижрий 1500-жылдардан ашпашы тастыкталууда. Ушул себептен Люлин куйруктуу жылдызынын дүйнөгө жакын жерден дагы бир жолу 1000 жылдан кийин өтүшү сахих (ишенимдүү) хадистер жана ахли сүннөт аалымдарынын орток пикири боюнча мүмкүн эмес. (Туурасын Аллах билет.)

Бул, бир жагынан, Раббани Азрети Мектубатында берген «эки тиштүү мүневвер жылдыз» жөнүндөгү маалыматтын Хижрий 1430-жылы дүйнөбүзгө жакын жерден өткөн Люлин куйруктуу жылдызына тиешелүү экендигинин бир далили жана, экинчи жагынан, Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндө берген бул акыркы критерийдин да ишке ашкандыгынын анык бир көрсөткүчү.

27) Космосто Адам Колуна Окшогон Бир Көрүнүштүн Пайда Болушу

... Эсма бинти Умейс мындай деди: «АЛ КҮНДҮН (Аз. Мехди (ас)дын ЧЫГЫШЫНЫН) АЛААМАТЫ АСМАНДАН СОЗУЛГАН ЖАНА АДАМДАР АНЫ КАРАП ТУРГАН БИР КОЛ.» (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri (Акыр заман Мехдисинин алааматтары), Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, 69-б.)

... МЫНА ОШОНДО (Аз. Мехди (ас) ЧЫГААР УБАКТЫСЫНДА) АСМАНДАН ӨЗҮН ТААНЫТКАН БИР КОЛ КӨРҮНӨТ... (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri (Акыр заман Мехдисинин алааматтары), Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, 51-б.)

АСМАНДАН ЧЫККАН БИР КОЛ жана «амириңер Мехди» деген бир кайрылуу угулганга чейин бөлүнүүлөр жана талаштар уланат. АЛ КҮНДҮН АЛААМАТЫ: АСМАНДАН БИР КОЛ СОЗУЛАТ жана адамдар аны карашат жана көрүшөт. (Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki (Heytemi), Beklenen Mehdinin Alametleri (Күтүлгөн Мехдинин алааматтары), El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 53-б.)

Nasa, Allah'ın eli, pulsar
NASA described the image as the 'Hand of God'

Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган бул хадистерде асманда бир «колдун» көрүнөөрү жана ал колдун Аз. Мехди (ас)дын келүү алааматтарынан экени билдирилүүдө. Ал кезге чейин талаш-тартыштардын уланаары жана Аз. Мехди (ас)дын асмандан, б.а. радио, телевизор жана интернет сыяктуу маалымат каражаттары аркылуу тынымсыз сөз болоору хадистерден түшүнүктүү болууда.

Америка Улуттук аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө башкармалыгынын (NASA) алдындагы Chandra рентгендик обсерваториясы тарабынан тартылган бир космос фотосунда кол сыяктуу бир нейтрон жылдыздары тобу башка бир жылдыз тобун кармап жаткандай көрүнүүдө. Хадистерде айтылган «кол» сөзү NASA тарабынан «Теңирдин колу» деп аталган жана космостогу бир асман окуясы себеп болгон ушул көрүнүшкө ишарат кылган болушу мүмкүн. (Туурасын Аллах билет.)

Бул жылдыз тобу пайда кылган кол формасынын турушу хадистеги «созуу» сыпатына да толук дал келет. NASA тарабынан тартылган сүрөттөгү кол формасы бир жерге созулуп жаткандай көрүнүүдө. Мындан тышкары, адамдардын Аз. Мехди (ас) доорундагы өнүккөн алдыңкы космос жана астрономия технологиясы урматында космостогу бул асман окуясын телескоптор аркылуу карап көрө алышы да хадистеги баянга толук дал келүүдө.

Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтары «... эскирген жиби үзүлгөн бир шурунун мончоктору сыяктуу катары менен келүүчү алааматтарды күтүшсүн.» (Эбу Хурейре радыйаллаху анх. Тирмизи) хадисинде айтылгандай, акыркы 30 жылдык убакыт аралыгында катары менен болуп өттү жана болуп жатат. Эң акыркы 2009-жылы 24-февральда дүйнөгө эң жакын жерден өткөн кош куйруктуу Люлин куйруктуу жылдызынын Имам Раббани тарабынан чечмеленген «шарк тарабынан эки тиштүү мүневвер бир мүйүз чыгат» хадисине ишарат кылышынан соң, эми болсо «асмандан бир кол созулат» хадиси ишарат кылган космостогу бул «кол көрүнүшү» Аз. Мехди (ас)дын чыкканына, иш-аракеттерин баштаганына, адамдар тарабынан таанылышынын да өтө жакын калганына далил болууда. (Туурасын Аллах билет.)

Nasa, insan eli şeklinde gök cismi
Nasa, insan eli şeklinde gök cismi

A photograph taken by NASA's Chandra X-ray Observatory. It is seen as if a pulsar in the shape of a hand, referred by NASA as "God's Hand," grasps another pulsar.
1. Mysterious hand in the sky 2. The mysterious hand that shocked scientists! NASA discovered a celestial body in the shape of a hand

28) Чоң Селдердин Болушу

Жамгырдын көп жаашынан улам сел кырсыктарынын көбөйүшү кыяматтан мурда боло турган акыр замандын ишараттарынын бири. Жакынкы күндөрү дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген сел кырсыгы жөнүндөгү кабарлар да биз жашап жаткан доордун акыр заман экенин тастыктоодо.

Пайгамбар Мырзабыз (сав) мындан 1400 жыл мурда биз жашап жаткан акыр заманда көбөйгөн жамгырлардын олуттуу кырсыктарга себеп болоорун хадистеринде билдирген.

Тарыхтын эч бир доорунда болбогондой көп санда кырсык кабарларын күн сайын телевизорлордон көрүп, гезиттерден окуп жатабыз. Табигый кырсыктардын акыркы жылдары сан жагынан да, масштабы жагынан да өскөнү статистикалык чындык. Биз жашап жаткан доордо болуп жаткан табигый кырсыктар дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө миллиондогон адамга таасирин тийгизип, эсеп жеткис чоңдуктагы материалдык жоготууларга жол ачты. Акыркы жылдары селдер себебинен пайда болгон жоготууларды анализдей турган болсок акыр замандын маанилүү ишараттарынын биринин ишке ашып жатканын апачык көрө алабыз.

2008-жылы Индияда июнь менен сентябрь айлары арасындагы жамгырлар себебинен келип чыккан сел кырсыгында миңден ашык киши өлдү. Пакистанда күчтүү жамгырлар себеп болгон селдерде 32 киши өмүрүнөн ажырады. Кытайда 2008-жылы май айында болгон күчтүү жер титирөөнүн борбору Сичуан шаары күчтүү жамгырлар астында калды. Кээ бир аймактарда олуттуу сел кырсыгы жана топурак жылышы болду. Болжол менен 1 миллион 880 миң кишинин жашоосуна таасир берген бул кырсыктарда 8 киши каза болду.

Кытайда өткөн ай күчтүү жамгырлар себебинен болгон сел кырсыгында 7 киши өлүп, 22 киши жоголду. Вьетнамдын түндүгүндөгү аймактарда ушул ай башында күчтүү жамгырлар себеп болгон сел менен топурак жылуулары натыйжасында 22 адам өмүрүнөн ажырап, 14 адамдын жоголгону билдирилди. Кээ бир Европа өлкөлөрүнө да сел кырсыгы таасир берди. Англиянын түндүк тарабында өткөн ай жана ушул ай болгон күчтүү жамгыр менен суу баскындары жашоого терс таасир берди. Чехияда өткөн айдын акыркы жумасында күчтүү жамгырлар себеп болгон селдерде 13 адам өлдү. Күчтүү жамгыр өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагына көп таасир берди.

2000-жылы Мозамбикте 1 миллион адам сел себебинен үйсүз калган.

2002-жылы Индия, Непал жана Бангладеште мезгилдин мусон жамгырлары себеп болгон кырсыктарда болжол менен 1000 адам өлдү. Кытайда 2003-жылы күчтүү жаз жамгырларынан 2000 адам өлдү, 300 миң адам үйсүз калды. 1991-жылы Бангладеште болгон селдер натыйжасында 120000ден көп адам өлүп, миллиондогон адам үйсүз калды.

2007-жылы Азияда селдер себебинен 216 адам өлдү, 20 миллион адам үйсүз калды. 2007-жылы Түндүк Кореяда ашыкча жамгырлар себеп болгон сел кырсыгында 214 адам өлүп, 80 адам жоголду.

2007-жылы Мексикада сел кырсыгы себебинен үйлөрү бузулган 500 миң адам үйсүз калды.

Çin'de sel

Tercüman, 16.06.2008: This time China is under flood
Yeniçağ, 23.06.2008: Philipines go down water, 155 dead

Үй менен там калтырбаган күчтүү бир жамгыр жааганга чейин кыямат болбойт. (Кыямат алааматтары, 253-б.)

Асмандан күчтүү жамгыр жаап таш имараттардан тышкары бүт кирпич үйлөр бузулмайынча кыямат болбойт. (Ahmed b. Hanbel (Ахмед б. Ханбел), Müsned (Мүснед) 13/291, хадис №: 7554)

Адамдарга ЖАМГЫРДЫН МОЛЧУЛУГУ, бирок түшүмдүн аздыгы менен алдамчы жылдар келет. Ал кезде калпычы адам туурага чыгарылып, ЧЫНЧЫЛ АДАМ КАЛПЫЧЫГА ЧЫГАРЫЛАТ; ЧЫККЫНЧЫГА ИШЕНИЛЕТ, ИШЕНИМДҮҮ АДАМДЫ ЧЫККЫНЧЫЛЫК МЕНЕН АЙЫПТАШАТ ... (İbn-i Mace (Ибни Маже): 4036)

Жетишпестик жана фитналар жылы; жамгырдын жаабашы эмес, ЖАМГЫРДЫН ЖААП ЖААП, БИРОК ӨСҮМДҮК ӨСТҮРБӨШҮ. (Мүслим)

... АНАН АЛЛАХ ЧИЙКИ СЫЯКТУУ ЖЕ КӨЛӨКӨ СЫЯКТУУ БИР ЖАМГЫР ЖӨНӨТӨТ, же жамгыр түшүрөт. Андан адамдардын сөөктөрү (өлүү денелери) өсөт... (Мүслим: 7023)

Кош Куйруктуу Жылдыз Көрүнүшүнөн 3 Жыл Мурда Кургактык Болушу Жана Андан Кийин Сел Окуяларынын Болушу:

Аз. Мехди (ас) чыгаарда кош куйруктуу бир куйруктуу жылдыз чыгат жана ушунчалык жаркыраган болгондуктан, толгон айдай жаркырайт. Бул жылдыз чыккан соң ушунчалык көп жамгыр жаап, көп зыян алып келет. Бирок адамдар ал жамгырларды кубануу менен тосуп алышат. Себеби андан мурдакы 3 жылда эч жамгыр жаабаган болот. (Murtaza Lakha, R &K Tyrell Basımevi, Londra, 1993)

Kanada, Fransa, sel

1. Günaydın, 28.05.2004: Death toll is more than 1000, 2. Yeni Mesaj, 05.08.2002: More than 600 dead, millions of homeless,
3. Tercüman, 16.04.2009: Canada under flood 4. Şok, 07.08.2006: Ethiopia under flood: 72 dead,
5. Vatan, 05.12.2003: France under flood, 6. Türkiye, 2007: World under flood,
7. 20.05.2003: The greatest flood disaster of the last 6 decades: 200 dead, 200 lost, 8. Kibris Gazetesi, 07.07.2009: Flood disaster in China: 75 dead,
9. Yeni Şafak, 09.07.2009: Giresun is again hit by flood, 10. Türkiye, 22.07.2009: 3 thousand houses under water!
11. Türkiye, 17.07.2009: The flood took hostage

  1. «Люлин» куйруктуу жылдызы 2009-жылы 24-февральда дүйнөгө эң жакын жерден өттү.
  2. Дал хадисте билдирилгендей, башка жылдыздардан айырмаланып эки куйрукка ээ жана нуру башка жылдыздардан 6 эсе көп.
  3. Хадисте билдирилгендей, жылдыз көрүнөөрдөн мурдакы 3 жыл бою жамгырлар дүйнөлүк масштабда өтө азайып, көп аймакта олуттуу бир кургакчылык башталган эле. Өкмөттөр арасы климат өзгөрүүсү боюнча панельде «Климат өзгөрүүсү 2007» отчету боюнча, 2007- жана кийинки бир канча жылда жамгыр жаабаган аймактарда кургакчылык күчөп, ал жерлерде ачарчылык менен оорулардын көбөйөөрү айтылган.
  4. Ушул эле хадисте айтылгандай, 2009-жылдын март айында Дим (Dim) дамбасынын эшиктери ашыкча суу толуусунан сынып, миңдеген адам үйүнөн эвакуация болууга мажбур болушкан. Учурда болуп жаткан сел кырсыктары да ушул жамгырлардын көбөйүшүнүн бир натыйжасы.
Nasa, insan eli şeklinde gök cismi
Nasa, insan eli şeklinde gök cismi

1. The Day of Judgment is very close UN's shocking climate report,
2. The flood in Mecca in 2009

Кош Куйруктуу Жылдыз Көрүнөөрдөн 3 Жыл Мурда Болгон Кургакчылык

Kuraklık

1. The highest temperatures of the last 400 years, 2. The scary melting in Greenland,
3. Winter without water, 4. Drought Everywhere, 5. The Earth is getting warm, disasters are close,
6. Turkey drying, 7. Dams are in such a condition, 8. Dams drying up, 9. This is a dam

Кош Куйруктуу Жылдыз 2009-Жылы 24-Февральда Көрүнгөн Соң Жамгырлардын Көбөйүшү

Yağış, barajlar doldu

1. Occupancy rate in dams reached 95.5 percent, 2. Dry lakes of last year revived with rain showers,
3. 6-year-old dam gates are broken, 250 million cubic meters of water flows to the Mediterranean,
4. Dams break the record of the decade, 5. According to the Minister we have water until 2020,
6. Turkey is full with water, 7. Blessings showered on our country

1979-Ж. 9-Сентябрь: Стамбулда Чоң Бир Сел Болгон

Аз. Мехди (ас)дын, хадистерде айтылгандай Хижрий 1400-ж., б.а. 1979-жылдагы, чыгышына туура келүүдө.

«Адамдар 1400-жылы Аз. Мехди айланасында чогулушат.» (Risaletül Huruc-ül Mehdi, 108-б.)

2009-Ж. 9-Сентябрь: Учурда Болгон Сел Кырсыгы

Tsunami gibi felaket, İstanbul, Selimpaşa, Silivri

1. Bugün, 10.09.2009: Mega disaster, 2. Yeni Şafak, 10.09.2009: 31 dead,
3. Vatan, 09.09.200: Like Noah's Flood, 4. Bugün, 09.09.2009: Like a tsunami

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР