6. Бөлүм Мехдилик Окуясы Күчтүү Далилдерге Таянат

Азрети Мехди (aс) Жөнүндөгү Риваяттар «Мүтеватир»

«Мүтеватир» Деген Эмне?

Аз. Мехди (ас) жөнүндө риваят кылынган хадистердин мүтеватир экени дээрлик бүт Ислам аалымдары тарабынан кабыл алынган бир чындык. Бирок алгач «мүтеватир хадистин» эмне мааниге келээрин түшүндүрүп кетүү керек. «Кириш» бөлүмүндө да кыскача түшүндүрүп кеткендей, хадис изилдөөчүлөр боюнча, бир кабар бир канча киши тарабынан риваят кылынган болсо жана ал риваят кылуучулардын чогулуп аны ойдон чыгарышы алардын абалында мүмкүн эмес болгон болсо, ал «мүтеватир» кабар деп аталат. Мүтеватир кабар болсо «теватүр» деп аталат.

Бир булакта «теватүр» түшүнүгүнө мындай аныктама берилет:

«Теватүр» сөздүк мааниси жагынан «күчтүү кабар, ичинде калп ыктымалы жок жана бир жамаатка таянган күчтүү кабар» дегенди билдирет. (Büyük Lugat-Tür-Dav, 3003)

Башка ар кайсы булактарда болсо мүтеватир сөзүнүн мааниси мындайча түшүндүрүлөт:

«Калпты ойлоп табуу үчүн биригиши акыл менен караганда мүмкүн эмес көрүнгөн топтордун бир-биринен жана алгачкы топтун түздөн-түз Расулуллах (сав)дан риваят кылган куттуу хадис. Йакин (эч күмөн саналбас) бир маанини билдирет. Андан соң ал хадис жөнүндө «Бул хадис чындап Расулуллах (сав) тарабынан айтылган болду бекен?» деген күмөн жок болуп калат.» (Ömer Nasuhi Bilmen, "Muvazzah İlm-i Kelam", б: 53)

«МҮТЕВАТИР КАБАР»: Сезимдер менен сезилген бир нерсе жөнүндө калпты ойлоп табуу үчүн биригиши акыл менен караганда мүмкүн болбогон бир топтун айткан бир кабары болуп, түздөн-түз (йакини) илимди түшүндүрөт.

«МҮТЕВАТИР ХАДИС»: Калпты ойлоп табуу үчүн биригиши дээрлик мүмкүн болбогон риваят кылуучулар тобунун («жемм-и гафир») ар урпакта өздөрү сыяктуу бир топтон алып өткөргөн, угуу же көрүүгө («махсусат») таянган хадис. Анык маалыматты түшүндүрөт, амал кылуу важип, тануу каапырдык болот, изилдөө жана сындоого болбойт.

Лафзен (сөз жагынан) мүтеватир: бүт риваят кылгандардын сөздөрү бирдей болгон хадис; мындай хадис «жок дегенге боло турганчалык» аз. «Мен кезебе алеййе...» мисалы. Шарт кошпостон «мүтеватир хадис» дегенде «лафзен мүтеватирди» түшүнөбүз.

Манен (мааниси жагынан) мүтеватир: араларында орток мааниси болгон ар кандай сөздөр менен айтылган өкүмдөрдүн, теватүр шарттарына ээ болгон риваят кылуучулар тарабынан риваят кылынышынан келип чыккан «орток маани». Мисалы, 100дөй ар кандай сөздөр менен айтылган хадистен чыккан бир мүтеватир маани – бул Расулуллах Алейхиссалату весъселамдын «колдорун көтөрүп дуба кылганы». (İsmail Lütfi Çakan, "Hadis Usulü", İFAV, İstanbul 1993, б: 105-150)

Мехдилик Хадистеринин Мүтеватир Экендиги Жөнүндө Аалымдардын Сөздөрү

Бул жөнүндөгү көптөгөн аалымдардын пикирлери төмөндө берилди:

Мухаммед Б. Ресул Берзенжи

Аз. Мехди (ас)дын бар экени жана акыр заманда чыгаары, Пайгамбар (сав) бүлөсүнөн жана Фатыма (ра) урпактарынан болушу теватүр көрсөткүчүнө жеткен хадистерде айтылган жана ал хадистерди тануунун (жокко чыгаруунун) эч кандай мааниси жок... Теватүр көрсөткүчүн ашкан, туура жана ачык хадистерде Аз. Мехди (ас)дын Фатыма урпактарынан болуп, дүйнө аяктабастан мурда чыгаары, зулумдук менен адилетсиздикке толгон дүйнөгө адилеттик менен акыйкатты алып келээри, анын заманында Иса Месихтин асмандан түшөөрү жана анын башчылыгында намаз кылаары далилденген. (Muhammed b. Resul Berzenci, "el-İşaetü li Eşrat'is-Saeti", б: 305)

Алаеддин Али Б. Хишам Муттаки Хинди

Аллахтын мээрими сага болсун, билгин, убада кылынган Аз. Мехди (ас)дын бар экендигинде эч күмөн жок. Үч жүз хадис жана эмгек менен, ал тургай, андан да көбү менен бул далилденген. (Casim Mühelhil, "el-Burhan", т: 1, б: 339)

Абдулмухсин Бин Хамд Эль-Аббад

Ар бир Мусулмандын Пайгамбар (сав) берген кайып кабарларына, өзгөчө Аз. Мехди (ас) жана дажжалдын чыгаары жөнүндө алдын ала айткан кабарларга ишениши, тастыкташы важип. Мехдилик жөнүндөгү кабарлардын көптүгү сөздөрдүн тууралыгына карабастан, аларды ойдон чыгарылган деп ойлоо мүмкүн эмес. Сабатсыздар, акыйкат менен күрөшкөндөр же алардын сөздөрүн изилдөөдөн алсыз болгондор гана бул кабарларды танышат. Чындыгында болсо, ал хадистерди тастыктоо Пайгамбар Азретине ишенүүнүн бир бөлүгү. Себеби анын сөздөрүн кабыл алуу – ага ишенүүнүн бир талабы. Жана Аллах Куранда (Бакара Сүрөсү, 2-4) ыймандууларды мактаган кайыпка ишенүүнүн дал өзү. (Dr. Abdulmuhsin bin Hamd el-Abbad, "Mecellet'ül-Camiat-ül-İslamiyye", жыл 1, саны 3, б: 624-627)

Мухаммед Насреддин Албани

Сөздүн маңызы мындай; Аз. Мехди (ас)га ишенүү – Пайгамбар (сав)дан алып жеткирилген теватүр хадистерге таянган бекем бир ишеним жана ага ишенүү важип. Себеби Аллахтын буйругунда (Бакара Сүрөсү, 2-4) такыбалардын өзгөчөлүктөрүнүн бири катары айтылган кайыпка ишенүү ыймандын бир бөлүгү. Жахилдерден (караңгы, сабатсыз) башкасы муну танбайт. Бул ишеним китеп менен сүннөттө туура кабыл алынган ишенимдер менен өлүүнү Аллахтан тилейм. (Muhammed Nasreddin Albani, "Mecellet'üt-Temeddün'il-İslami", сан: 22, б: 646)

Шемседдин Мухаммед Бин Ахмед Сефарейни

Кыямат күнүнүн эң чоң алааматтарынын бири – ал жөнүндө теватүр даражасын аша турган даражада хадис болгон бир кишинин чыгышы. Имамдардын акыркысы. Аз. Пайгамбар (сав)дан кийин пайгамбар болбогон сыяктуу, андан кийин имам болбойт. Бул имам Фатыма урпактарынан.

Көптөгөн хадис хафыздары (жаттоочу) Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбар урпактарынан экенин кабыл алышкан, мындай мүтеватир бир нерседен жүз буруу туура болбойт. Акыйкат жолдогулардын ишеними боюнча, Аз. Мехди (ас) Иса Месихтен башка. Аз. Мехди (ас) Месихтен мурда чыгат. Бул нерсе Сунни аалымдары арасында алардын ишениминен санала турганчалык кеңири тараган. (Şemseddin Muhammed bin Ahmed Sefareyni, "Levaih'ül-Envar'ül-Behiyye", т: 2, б: 74, 76, 86)

Эбу Абдуллах Мухаммед Б. Жафер Идриси Кетани

... Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү хадистер ушунчалык көп; теватүр өлчөмүнө жетет жана аларды жокко чыгаруу (тануу) туура болбойт... Эгер узун болуп кетээринен тынчсызданбасам, бул темада билген хадистеримдин баарын бул жерге жазам. (Ebu Abdullah Muhammed b. Cafer İdrisi Ketani, "Nezm'ül Mütenasir min ahadis'il-Mütevatır", б: 145 жана 146)

Шехабеддин Ахмед Б. Мухаммед Гумари

... Аз. Мехди (ас)дын чыгаарына ишенүү важип, ага ишенүү Пайгамбар (сав)дын буйругун тастыктоо үчүн зарыл. Бул тема ахли сүннөт ишеним китептеринде жазылган жана далилденген. (Şehabeddin Ahmed b. Muhammed Gumari, "İbraz'ül-Vehm'ül Meknun", б: 3 жана 4)

Хасанейн Мухаммед Махлуф Эль-Мысри

Мусулмандарга сахих (ишенимдүү) хадистерге ишенип Аз. Мехди (ас)дын акыр заманда чыгаарына толук ишенишин кеңеш кылабыз. Себеби буга терс сөздөрдү айткандардын диний илими да жок, чындыгында бул хадистерге ишенишпейт дагы. (Hasaneyn Muhammed Mahluf el-Mısri, "Seyyid'ül Beşer Yetaheddesü An'il-Mehdiyyi-Müntazar", китептин баш сөзү)

Эбъул-Хасан Мухаммед Б. Хүсейин Абури

Аз. Мехди (ас)дын чыгаары жөнүндө көптөгөн равиден (риваят кылуучудан) мүтеватир хадистер риваят кылынган. Ал хадистер Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбардын Эхли Бейтинен экенин, жети жыл өкүм сүрүп дүйнөнү адилеттикке толтураарын, Месихтин чыгып дажжалды (фитнасын) жок кылышында ага жардам берээрин жана Аз. Мехди (ас) намаз кылдырып жатканда Аз. Исанын анын артында намаз кылаарын айтат. (Şemseddin Muhammed Kurtibi, "Tezkire", б: 710)

Эбу Мухаммед Хасан Б. Али Эль-Бербехари Ханбели

... Жана Мерйем уулу Исанын асмандан түшөөрүнө, дажжалды (фитнасын) жок кылаарына жана Мухаммед урпактарынан Каимдин артында намаз кылаарына ишенүү... (Casim Mühelhil, "El-Burhan", т: 1, б: 426)

Саид Хавва

Изилдөөчүлөр акыр заманда Эхли Бейттен бир халифанын (руханий лидердин) болооруна пикир келишпестик кылышкан эмес. Бир добуштан кабыл алынган бул лидер бүт баары тарабынан Аз. Мехди (ас) деп билинген инсандан башка бирөө эмес. Бул боюнча, биз да келээри билдирилген ошол өзгөчөлүктөрдөгү халифага (руханий лидерге) ишенебиз жана ал чыкканда анын тараптарларынан болууга ниеттүүбүз. Аллахтан бул ниетибизде бизге жардамчы болушун тилейбиз. (Prof. Said Havva, "El-Akaid'ül-İslamiyye", т: 2, б: 1021-1026)

Мухаммед Б. Али Шевкани

... Булар эч күмөнсүз мүтеватир хадистер, пайгамбардын буйругу өкүмүндө. Себеби бул темада ичтихат кылууга болбойт жана жеке өкүмдөр жараксыз... Бул боюнча, дажжал жана Месих жөнүндөгү риваяттар мүтеватир болгон сыяктуу Аз. Мехди (ас) жөнүндөгүлөр да мүтеватир. (Muhib b. Salih el'Bureyni, "Ikd'üd'Dürer Fi Ahbaril'Muntazar", б: 14- 15)

Шейх Хасан Адви Хамзави

Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү хадистер маанилик теватүр өлчөмүнөн ашып, аларды тануунун бир мааниси жок. ("Meşarik'ül-Envar", f. 2, б: 115)

М. Сыддык Б. Хасан Кунужи

Фатыма урпактарынан болгон Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү хадистер теватүр өлчөмүнөн көп. «Сүнен», «Мүснед» жана «Муъжем» китептеринде бар. (Kunuci, "el-İzaetü...", б: 94)

Ибн Теймийе

Расулуллах (сав)дан акыр заманда урпактарынан ысмы ысмына, ысымдыгы ысымдыгына туура келген, жер жүзүн адилеттикке толтура турган бирөөнүн чыгаарын кабар берген Аз. Мехди (ас) хадистеринин баары сахих. (İbn Teymiye, "Minhacü's-Sünne", т: IV, б: 291)

Захидуъл-Кевсери

Аз. Мехди, Дажжал жана Месих жөнүндөгү хадистердин теватүр даражасына жеткени жөнүндөгү риваяттарда хадис илимдери жөнүндө илими бар адамдар тарабынан күмөн саналган бир жагдай эмес. Бирок кээ бир калемгерлер кыямат алааматтарына итикаддын, б.а. ыйман кылуунун важип экенин кабыл алса дагы, алар бул темага тиешелүү кээ бир хадистер жөнүндө күмөн санашууда. Бирок бул алардын хадис илиминде терең илимдүү болбогондугунун натыйжасы, башка себеби жок. (Muhammed Zahidul'l Kevseri, "Nazratun abire fi Mezaimi Men Yünkirü Nüzule İsa Kable'l Ahire", б: 49)

Мухаммед Б. Хасан Эль-Эсневи

Мухаммед б. Хасан Эль-Эсневи (Менакибиш-Шафии) эмгегинде айтат; Аз. Мехди (ас) жөнүндө Расулуллах (сав)дан риваят кылынган кабарлар теватүр абалына жеткен... Анын Эхли Бейтинен болоору кабар берилген... (Muhammed B. Resul Al - Hüseyni El Berzenci, "Kıyamet Alametleri", Pamuk Yanıları, Trc. Naim Erdoğan)

Ахли-Сүннөт (Ахли-Суннада) Мүтеватир Хадистерге Ишенүүнүн Зарылдыгы

Мүтеватир хадистерге ишенүүнүн зарылдыгына жана мүтеватир кабарлардын диндеги маанисине көптөгөн Ислам аалымы өз эмгектеринде басым жасашкан. Төмөндө көптөгөн Ислам аалымынын бул жөнүндөгү пикирлеринен мисалдар берилди:

Шехабеттин Ибни Хажер Аскелани

«Теватүр иснад илиминин ичине кирбейт. Себеби иснад илими бир хадистин туура же туура эмес экенин риваят кылгандардын кулк-мүнөз, өзгөчөлүктөрүн изилдөө аркылуу аныктайт. Ал эми мүтеватир бир кабардын болсо риваят кылуучулары изилденбейт, мүтеватир хадиске эч күмөн кылбастан амал кылуу важип.» (Dr. Subhi Salih, "Ulum'il-Hadis", б: 151 жана 152)

Мухаммед Жемаледдин Эль-Касими Эль-Дымышки

«Билгин, тууралыгы илимий жактан далилденген бир топ адам риваят кылган хадис – «мүтеватир». Б.а. ал кишилердин бүт риваят топторунда калпычылыкта кызматташуу ыктымалы жок... Риваят кылуучулары жөнүндө эч талаш-тартышка кирбестен бул хадистерге ишенүү важип.» (Muhammed Cemaleddin el-Kasimi el-Dımışki, "Kavaid'üt-Tahdis, min Fununi Mustah'il-Hadis", б: 151)

Нуреддин Атер

«Сахих же Хасен хадистердин риваят кылуучуларында талап кылынган чынчылдык сыяктуу шарттар «мүтеватир» хадис риваят кылуучуларында талап кылынбайт. Себеби бул хадистерди риваят кылгандардын саны ушунчалык көп болгондуктан, акыл менен караганда, алардын биригип хадис ойлоп чыгышы мүмкүн эмес. Ушул себептен хадис изилдөөчүлөр мүтеватир хадистерди изилдешпейт. Алардын ою боюнча, бир хадистин тууралыгы же жарактуулугу гана изилденет. Ал эми мүтеватир хадистин болсо мындай нерсеге муктаждыгы жок... Бул риваят кылуучулардын йакин (ишеним) бере турганчалык көп болушу себептүү. Бул да табигый жана зарыл бир жагдай.» (Nureddin Ater, "Menhac'ün-Nakd fi Ulum'il-Hadis", б: 405)

Эбу Абдуллах Мухаммед Б. Жафер Идриси Кетани

«Бүт риваят кылуучулары башында, ортосунда жана аягында демейде калпычылыкта кызматташышы мүмкүн эмес даражада көп болгон кабар «мүтеватир»... Хадис изилдөөчүлөр мүтеватир риваятчылардын адилеттүү болушун, ал тургай, Мусулман болушун да шарт кошушпайт... Жетик, адилеттүү жана Мусулман саналышы, ошол эле учурда жашап жаткан болушу шарт эмес. Каапыр, фасык (бузуку), жетик эмес болушу жаиз (шариятка ылайык, ошондой болсо да кабыл алына берет). Кандайдыр бир өзгөчө сыпатта болуу шарты да кошулган эмес.» (Ebu Abdullah Muhammed b. Cafer İdrisi Ketani, "Nezm'ül-Mütenasir min ahadis'il-Mütevatır", б: 5-6-9)

Эбуъс-Садат Мухаммед Б. Мухаммед Эбу Шохбе

«Мүтеватир хадистерде риваят кылуучунун адилеттүү жана ал тургай Мусулман болушу шарт эмес. Себеби мүтеватирдин кабыл алынуу шарты аны айтуучулардын көп болушу. Бир шаар калкы бир окуянын болгонун айтышса, алардын сөзү анык маалымат болгон болот.» (Dr. Ebu's-Sadat Muhammed b. Muhammed Ebu Şohbe, "el-Vesit fi Ulumi ve Mustalah'il-Hadis", б: 190)

Эн-Невеви

«Кабар эки бөлүктөн турат: мүтеватир жана ахад... Мүтеватир кабар калпты ойлоп табуу үчүн биригиши мүмкүн эмес болгон бир топтун кайра эле ошол сыяктуу бир топтон алып баяндаган бир кабар болуп эки тарап (биринчи катмар менен экинчи катмар) жана ортодогулар (бул экөөнүн арасындагылар) тең. Бул топ күмөндүү болбостон сезимдер менен кабыл алына турган бир нерсени кабар беришет жана ал кабар берүүдөн йакини (күмөнсүз, ишенимдүү) илим келип чыгат. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгүнүн акылга сыярлык деп кабыл алган пикири боюнча, теватүрдү белгилүү бир сан менен чектөөгө болбойт.» (El-Cezairi, "Tevcihu'n-Nazar", б: 33)

Мүтеватир Риваяттарды Тануунун Каапырчылык Экенине Өкүм Кылган Ахли-Сүннөт Аалымдары

Бул жерге чейин кээ бирлерин карап өткөн ахли-сүннөт аалымдарынын сөздөрүнөн акыр заманда Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын урпактарынан Аз. Мехди (ас) аттуу куттуу бир заттын чыгаары жөнүндөгү риваяттардын мүтеватир экенин көрдүк. Негизсиз жана калп болушу акыл менен логикалык жактан мүмкүн эмес болгон мындай риваяттарга ишенүүнүн зарылдыгын карадык.

Натыйжада кээ бир Ислам аалымдары да, анык ишенимдүү болгону үчүн, мүтеватир хадистерди тануунун түздөн-түз Азрети Пайгамбар (сав)ды тануу маанисине келээрин айтып, мунун болсо каапырдык болоору жөнүндө анык бир өкүмгө барышкан. Бул аалымдардын кээ бир сөздөрү төмөнкүчө:

Желаледдин Суйути

Билгиле: ким болбосун сөзү менен же кыймыл-аракети менен –фыкыхта айтылгандай- (мүтеватир хадистерди) танып (жокко чыгарып) далил катары көрбөсө каапыр болот, Ислам чегинен чыгат; еврейлер менен, христиандар менен жана Аллах каалаган топ менен тирилтилет (кыяматта). (Abdulgani Abdulhak, "Hücciyet'üs Sünnet", б: 270, Miftah'ül Cennet'ten naklen)

Эбуъл-Фазл Абдуллах Б. Мухаммед Эль-Идриси

«...Себеби аалымдар алган чечими боюнча, ким болбосун Пайгамбар (сав)дан риваят кылынган хадистерди, мүтеватир экени далилденген соң, жокко чыгаруу боюнча кабыл алаарлык бир аргумент көрсөтпөстөн жокко чыгарса, каапыр болот.» (Ebu'l-Fazl Abdullah b. Muhammed el-İdrisi, "El-Mehdi-ül Muntazar", б: 94-95)

Мухаммед Эль-Мекки

Ишенимдүү равилер (риваят кылуучулар) баяндаган хадистерде Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас)дын акыр заманда чыгаарын сүйүнчүлөп, анын сыпаттарын жана чыгуу белгилерин айтып берген... Ким болбосун убада кылынган Аз. Мехди (ас)ды жокко чыгарып, калп деп ойлосо, каапыр болот деп айтылган. (Alaaddin Ali b. Hişam Muttaki Hindi, "El-Burhan fi Alamati Mehdiyyi Ahir Zaman", т: 2, б: 865-876)

Төмөндөгү эки хадис дагы бул аалымдар барган өкүмдү тастыктайт:
«Аз. Мехди (ас)дын чыгышын калпка чыгарган Аз. Мухаммед (сав)га түшүрүлгөндү калпка чыгарган болот...»
«... Аз. Мехди (ас)ды калпка чыгарган күмөнсүз каапыр.»

Бул хадистерди алып өткөргөн ахли-сүннөт булактары катары менен төмөнкүлөр:

1- "Fevaid-ul Ahbar", Ebu Bekir Ahmed b. Muhammed İskafi (ölm: H. 260)
2- "Cem'ul Ahadis-il Varide fi-l Mehdi", Hafız Ebu Bekir b. Hayseme, (ölm: H. 279)
3- "Maani-l Ahbar", Ebu-l Bekir Muhammed b. İbrahim Kelabazi Buhari (ölm: 380)
4- "Ravd-ul Enf ve Şerh-us Sire", Ebu Kasım Abdurrahman Süheyli (ölm: 581), т: 2, б: 431. (Малик б. Энес Мухаммед б. Мүнкедирден, ал болсо Жабирден риваят кылган)
5- "İkd-ud Durer fi Ahbar-il Mehdi-il Muntazar", Yusuf b. Yahya Makdisi eş-Şafii (ölm: 685), б: 157. "Fevaid-ul Ahbar", İskafi ve "Şerhu-s Sire", Эбуъл Касым Сүхейлиден алынган.
6- "Feraid-us Simtayn", Şeyh İbrahim b. Muhammed Hamvini (ölm: 730), т: 2, б: 337, № 585, "Maani-l Ahbar" Эбу Бекир Мухаммед б. Ибрахимден алынган.
7- "Lisan-ul Mizan", İbn-i Hacer Askalani (ölm: 852), т: 4, б: 147, Mısır Baskısı; б: 130, Haydarabad Baskısı, "Maan-il Ahbar"дан алынган.
8- "el-Orfu-l Verdi Fi Ahbari-l Mehdi", Celaleddin Suyuti (ölm: 911), б: 161, "Fevaid-ul Ahbar"дан алынган.
9- "el-Kavl-ul Muhtasar fi Alamât-il Mehdi-il Muntazar", İbn-i Hacer eş-Şafii el-Mekki (ölm: 974) б: 56, Şam (Сирия), Zahiriye китепканасындагы кол жазмасынан алынган копия, Кумдагы Ayetullah Mar'aşi китепканасында бар, (Феваид-ул Ахбар жана Шерх-ус Сирадан алынган...)
10- "el-Fetave-l Hadise", İbn-i Hacer-i Mekki б: 37
11- "el-Burhan Fi Alâmât-i Mehdi-i Ahir-iz Zaman", Muttaki Hindi (ölm: 975).
12- "Levaih-ul Envar-il ilahiye..." , Şeyh Muhammed b. Ahmet Sefarini el-Hanbeli (ölm: 1188), т: 2, Hz. Mehdi (as) konulu "el-Faidet-ul Hamise" adlı bölümü; Хафиз Искафиден алынган. (Бул булакта рави Жабир б. Абдуллахтын ишенимдүүлүгү жөнүндө мактоо менен сөз кылынган.)
13- "Yenâbi-ul Mevedde", Süleyman b. İbrahim Kunduzi (ölm: 1294), 78. Babın başları, Жабир б. Абдуллах Энсариден алынган.
14- "el-İzae Li Ma Kâne ve Mâ Yekunu Beyne Yedey-is Sa'eh", Seyyid Muhammed Sıddık Kanuci Buhari (ölm: 1307) б: 137, "Cem-ul Ahadis-il Varide Fi-l Mehdi" İbn-i Hayseme жана "Fevaid-ul Ahbar" İskafi'ден алынган.
15- "El-Mehdiyyu'l Muntazar", Ebulfazl Abdullah b. Muhammed Sıddık (ölm: 1308), б: 94 "Fevaid-ul Ahbar" дан алынган.

Мехдилик Жөнүндө Берилген Кээ Бир Фатва Мисалдары

Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, Мехдилик жөнүндөгү хадистер теватүр даражасында болуп, эч күмөн санабастан ага ишенүү зарыл экенин көрсөтүүдө. Бул темада дүйнөдө фатва макамы катары кабыл алынган, улуу Ислам аалымдары тарабынан түзүлгөн «Rabitat'ül-Alem'il-İslami (Рабитатъүл-Алемъил-Ислами)» тобунун Шейх Мухаммед Мунтасыр эль-Кетани башчылыгындагы Ислами Фыкых Кеңеши тарабынан берилген жана Шейх Мухаммед эль-Каззаз кол койгон 23 Шавваль 1396 (17.10.1976) датасындагы фатвасы мындай:

«...Көп санда сахаба пайгамбардан Аз. Мехди (ас) жөнүндө хадис риваят кылышкан. Мисалы, Осман б. Аффан, Али б. Эбу Талиб, Үммү Селеме сыяктуу жыйырмасын мен билем жана алардан башка дагы көптөгөн риваят кылышкан. Мындан тышкары, Пайгамбар сөзү өкүмүндө болгон сахабанын буйругу да бар. Бул темада ичтихад кылууга болбойт жана карама-каршы пикир айтууга болбойт. Бул темадагы пайгамбар хадистери Сүнени Эбу Давуд, Тирмизи, Ибн-и Маже жана Ибни Асакирдин Тарихъи Дымышки жана башка китептерде жазууга алынган.

Аз. Мехди (ас) жөнүндө атайын китептер да жазылган: «Ахбаръүл-Мехди», «Эбу Нуайм китабы», «эль-Вехмъүл-Мекнун» жана башкалар сыяктуу... Мурдакы жана учурдагы улуктар Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү хадистердин теватүр экенин эскертишкен: эс-Сехави «Фетхъүл-Мугыйс»да; Ибни Теймиййе «Фетава»да жана Эбъул-Аббас Магрыби «эль-Вехмъүл-Мекнун»да айткандай...

Хафыздар менен мухаддистер Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү хадистердин теватүр экенине йакин этишкен. Натыйжада Аз. Мехди (ас)дын чыгаарына ишенүү важип. Ахли-сүннөт ва жамаат ишенимдеринен саналат. Сүннөттөн кабарсыз болгон жана бидъат (кошумча) кошуучулардан тышкары эч бир Мусулман бул ишенимди танбайт (калпка чыгарбайт).» (Muhammed Mehdi el-Horasan, "el-Beyan fi Ahbar-ı Sahibüzzaman Mukaddimesi", б: 76-79)

Ошол сыяктуу, дүйнөлүк масштабда Исламдык темаларда сөзү өткөн «Илим жана фатва темаларынын туруктуу курултайы»нын Шейх Абдүлазиз б. Баз, Шейх Абдүрреззак Афиши, Шейх Абдуллах б. Сууд жана Шейх Абдуллах б. Гадйан да араларында болгон аалымдар тарабынан берилген 2844 номерлүү Мехдилик жөнүндөгү фатвасы мындай:

«Аз. Мехди (ас)дын чыгаарын далилдеген риваяттар көп, хадис алдыңкылары көптөгөн далил менен буларды риваят кылышкан. Эбуъл-Хасан эль-Абури, Алламе Сефарейни жана Алламе Шевкани сыяктуу улуктар бул хадистердин маанилик теватүр экенин айтышкан. Улуу Пайгамбар (сав) буйруктарында өзгөчөлүктөрүн айтып берген кишиден башканы Аз. Мехди (ас) деп кабыл алуу жаиз (туура, шариятка ылайык) эмес.»

Аз. Мехди (aс) Жөнүндөгү Куттуу Хадистердин Булактары

Аз. Мехди (ас)дын келүү алааматтары, өзгөчөлүктөрү жана Аз. Мехди (ас) доорунда боло турган окуялар жөнүндөгү куттуу хадистер көптөгөн ишенимдүү хадис булагында орун алган. Бул булактардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

1.
Тирмизинин Сүнен'инде
3
даана,
2.
Эбу Давуддун Сүнен'инде
8
даана,
3.
Ибни Маженин Сүнен'инде
8
даана,
4.
Ахмед бин Ханбелдин Мүснед'инде
12
даана,
5.
Абдүлреззак б. Хеммамдын эль-Мусаннеф'инде
8
даана,
6.
Ибн Эби Шейхенин эль-Мусаннеф'инде
14
даана,
7.
Ибн Хиббандын Сахих'инде
7
даана,
8.
Хейсеминин Зеваид'инде
20
даана,
9.
Суйутинин Жамиъус Сагыр'ында
8
даана,
10.
Эль-Муттаки эль-Хиндинин Кензүл Уммаль'инде
59
даана,
11.
Хакимдин Мүстедрек'инде
12
даана,
12.
Дейлеминин эль-Фирдевс'инде
7
даана,
13.
Дарекутнинин Сүнен'инде
1
даана

Дарекутнинин Сүнен'инде 1 даана болуп, жалпысы бул булактарда Аз. Мехди (ас) жөнүндө 159 ишенимдүү куттуу хадис орун алган.

Мындан тышкары, улуу Ислам аалымдарынан,

Ибн Кесир →3 , Хафыз Бусури →2 , Зехеби →5 , Мунзири →1 , Азимабади →6 , Элбани→6 ишенимдүү куттуу хадиске эмгектеринен орун беришкен.

Булар Аз. Мехди (ас) менен байланыштуу хадистер орун алган ишенимдүү булактардын бир бөлүгү гана. Булардан тышкары да дагы көптөгөн ишенимдүү булактарда Аз. Мехди (ас) темасындагы хадистер менен баяндар бар.

Аз. Мехди (aс) Жөнүндө Жарык Көргөн Ахли-Сүннөт Булактары

Көптөгөн Ислам аалымы, хадис имамы, мезхеп имамы жана Ислам тарыхчысы Азрети Мехди (ас) жөнүндө ондогон китеп жана рисале (трактат) жазышкан. Ал заттар ал эмгектеринде Аз. Мехди (ас)га ишенүүнүн Ислам ишениминин шарттарынын бири экенин далилдери менен көрсөтүшкөн. Кээ бир аалымдар болсо жазган эмгектеринде Мехдилик темасына атайын бөлүмдөрдү арнап, ал тургай, булардын кээ бирлеринде Аз. Мехди (ас) темасында жазылган китептерден да кеңири орун беришкен. Булардын көпчүлүгү китеп болуп басылган жана бир тобу болсо али басыла элек.

Төмөндө Аз. Мехди (ас) темасын караган кээ бир ахли сүннөт булактары жөнүндө кыска маалыматтарды камтыган бир тизме берилген. Эмгектер автордук укук жылдарына карата тизилген. Бир эле ушул тизме дагы Мехдилик темасынын Ислам дининде канчалык бекем жана тамырлуу негиздерге, барктуу жана ишенимдүү далилдерге таянганын көрсөтүшү жагынан жетиштүү:

Эль-Мусаннеф

Белгилүү хадис аалымы жана хадис хафыздарынан (жаттоочу); Йемен-Санъалык. 17 миң хадис жаттаган, Бухари дагы андан хадис алган.

Зехеби бул эмгек жөнүндө мындай дейт: «көптөгөн хадис аалымы ишенимдүүлүгүн кабыл алган, сахих хадис китептеринде андан хадис алынган, белгилүү илим булактарынын бири.»

Ибн-и Халликан болсо мындай дейт: «убагында Суфйан б. Уйейне, Ахмед Ибн-и Ханбел жана көптөгөн Ислам аалымы андан хадис алып жазышкан.»

Сүнени Ибни Маже

Мухаммед б. Йезид б. Мажеи эр-Реби-и эль-Газвини (209-273-жж. хижрий)

Ысымдыгы: Эбу Абдуллах

Эң белгилүү китеби эки томдук Сүненүъл-Мустафа; бул Сүнен-и Ибн-и Маже деген ат менен белгилүү. Ахли сүннөттүн Кутуби Ситте деп аталган хадис булактарынын бири. Бул китебинин «эль-Фитен» бабынын бир бөлүмүндө Имам Мехди алейхис-салам жөнүндөгү хадистерди риваят кылган.

Сүнени Эбу Давуд

Эбу Давуд, Сүлейман б. Эшъас б. Исхак эль-Эзди, эль-Сежистани (202-275-жж. хижрий)

Эмгектери арасында белгилүүсү – Кутуби Ситтеден болгон, «Сүнен-и Эбу Давуд» деген ат менен билинген, Сүнени.

Автор бул китебинде Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү бабынын «Китабуъл-Мехди» бөлүмүндө Аз. Мехди (ас)дын өзгөчөлүктөрү, чыгуу алааматтары, чыккан соң эмнелерди кылаары менен байланыштуу он үч хадис риваят кылган.

Сүнени Тирмизи

Эбу Иса, Мухаммед б. Иса б. Савре б. Муса б. эз-Заххак эс-Селеми эз-Зерир эль-Буги эт-Тирмизи (209-297-жж. хижрий)

Белгилүү хадис аалымдары жана имамдарынан; хадис жаттоодо даңкы чыккан. Түбү Жейхан дарыясынын чыгышындагы «Тирмиз» шаарынын Буг айылында төрөлүп, хадис үйрөнүү үчүн Хорасан, Ирак, Хижаз сыяктуу жерлерге саякат кылып, Мухаммед б. Исмаил эль-Бухариден сабак алган жана ошол эле учурда чогуу кээ бир хадис аалымдарынан илим алышкан, Ахмед б. Ханбел, эд-Дареми жана үчүнчү кылымдын хадис аалымдарынан пайдаланган.

Ошондой эле, Рижал илими, тарых жана хадис тармактарында да эмгектери бар. Эш-Шемаил, эль-Илел, эт-Тарих жана эль-Жамиуъс-Сахих аттуу китептери алардын арасында. Өзгөчө анын бул акыркы китеби ахли сүннөттө өтө баалуу жана барктуу. Ошол эле учурда Кутуби Ситтенин да бирөөсү. Бул китеби жөнүндө көптөгөн чечмелөөлөр жазылган. Сүнендин төртүнчү томунда Имам Мехди алейхис-салам жөнүндө бир катар хадистерди алып өткөргөн.

Китабул Бедъу Веът-Тарих

Эбу Зейд Ахмед б. Сах эль-Белхи

Бул китеп Стамбулда Дамат Ибрахим Пашанын китепканасындагы нускасында жана Ибнүъл Вердинин «Харидат-үд Ажаиб» китебинде да ушул авторго тиешелүү экени айтылган. Ажы Халифа да Кешфүъз-Зүнун'дун 1-томунун 227-бетинде бул эмгектин авторунун Эбу Зейд экенин айткан. Эбу Зейд рижал жана биография китептеринде да тарыхчылардын алдыңкыларынан деп саналган; дин, шарият, философия, адабият жана башка илимдерде да белгилүү бир ысым катары кабыл алынган. Бирок француз мүстешрик (шарк (чыгыш) илимдерин изилдөөчү) Cloman Hewar изилдөөлөрү натыйжасында бул китептин авторунун тарыхчы Мутаххар б. Тахир эль-Мукаддес экенин айтат. Себеби Эбу Зейд кээ бир биография булактары боюнча, хижрий 322-ж. же хижрий 340-жылы көз жумган. Ал эми китептин автордук укук жылынын болсо хижрий 355-ж. экени жазылган. Ажы Халифа да «Кешф үз-Зүнун» аттуу эмгегинде Эбу Зейддин өлүм тарыхын ушундай деп жазган.

Бирок эль-Мукаддестин биографиясы биз үчүн да белгисиз. Бул китеп 1899-1919-жылдар арасында мүстешрик Clamon Hewar'дын эмгеги менен алты томдо, чечмелөөлөрү менен Францияда басылып чыккан; андан соң Багдадда офсет болуп басылган. Бир бөлүгү болсо дагы эле басылып чыга элек.

Бул эмгектин автору ким болсо дагы, китептин көп бөлүгүн Имам Мехди алейхис-салам темасына арнаган.

Эль-Муъжемуъл-Кебир

Эбуъл Касым Сүлейман б. Ахмед б. Эййуб б. Мутаййир эль-Лахми эт-Таберани (260-360-жж. хижрий)

Атактуу хадис аалымы жана хафыздарынан. Дамасктын (Сирия) Табер аймагында төрөлүп, хадис үйрөнүү үчүн Дамаск, Хижаз, Ирак, Египет, Йеменге саякаттар кылган жана андан соң Исфаханда кылым башында көз жумган.

Эң негизги эмгектеринен болгон бул китеп Ирак фонддор министрлиги тарабынан он том болуп басылып чыккан. Мужем-и Эвсат жана Сагир'иде, Делиде жана эки том абалында Египетте басылган. Онунчу томунда Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу хадистерди караган. Башка томдордо да Аз. Мехди (ас) менен байланыштуу хадистер бар.

Меалимуъс Сүнен Фи Шерхи Китаби Сүнени Эби Давуд

Эбу Сүлейман Хамд б. Мухаммед эль-Хаттаби эль-Бести (319-388-жж. хижрий)

Афганистандын Кабулга караштуу Бест аймагында төрөлүп кайра ошол жерде көз жумган. Хадис, фыкых, адабият, лексикография тармактарында илим алган. Зехеби аны ишенимдүү илимий кишилердин бири деп айткан. Ал дагы китебинин бир бөлүмүндө Имам Мехди алейхиссалам менен байланыштуу хадистерди алып жазган.

Месабихуъс Сүнне

Хүсейин б. Месъуд Шафии (436-510- же 516-жж. хижрий)

«Мухйис Сүнне (сүннөттү жандантуучу) деген атка ээ болгон».

Түбү Афганистандын Герат шаарына караштуу Баг айылынан. Хорасандын Рей шаарында көз жумган.

Ибн-и Халликан аны илим деңизи деп атаган. Хижрий 1318-жылы Египетте басылып чыккан китебинин бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу хадистерге арнаган.

Жамиуъл Усул Мин Э-хадис Сир Ресул

Эбу Саадет Мубарек б. Мухаммед Ибн-и Эсир эль-Жезири катары белгилүү (544-606-жж. хижрий)

Белгилүү тарыхчы, Ибн-и Эсирдин бир тууганы; Куран тафсири, фыкых, хадис, грамматика жана лексикография тармагында илим алган; Ибн-и Өмер аралында төрөлүп, Мосул шаарына отурукташкан жана Мосулда көз жумган. Эң негизги эмгеги болгон бул эмгегин Кутуби Ситтеден топтогон жана 13 том болуп Бейрутта басылып чыккан бул эмгегинин бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам темасына арнаган.

Эль-Фүтухат ул- Меккиййе

Мухйиддин б. Араби жана Шейх-и Экбер катары белгилүү болгон Мухаммед б. Али б. Мухаммед б. Ахмед б. Абдуллах эт-Таи эль-Хатеми (560-638-жж. хижрий)

Арифтердин (олуя киши) эң белгилүүсү. Философия, теология, тафсир, адабият, акындык сыяктуу көптөгөн тармакта төрт жүзгө жакын рисале (трактат) жана китеби бар деп айтылат. Андалусиянын Мурс шаарында төрөлүп, Димешкте жашаган жана ошол жерде көз жумган.

Бул эмгектин үчүнчү томунун Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу бөлүмүндө акылдык жана риваят кылынган далилдер менен буга далилдер көрсөткөн.

Металибуъс Сеул Фи Менакыб-и ал-ир Ресул

Muhammad ibn Talhah, ash-Shafii (Hijri 582-652)

Мухаддистердин атактууларынан; фыкых усулу, адабият багыттарында атагы чыккан. Түбү Нусайбиндик болуп, кийинчерээк Димешк жана Халебге жайгашып ошол жерде көз жумган. Бул китепти алгач Ибн-и Жевзинин «Тезкиретү Хавассиъл Умме» аттуу китеби менен чогуу, хижрий 1287-жылы 91 бет абалында таш басылмасы (литография) менен жарык көрүп, кийинчерээк Нежефте басылып чыккан.

Бул китептин 12-бабынын темасы «Он экинчи Имам Мухаммед ибн-и Хасан эль-Аскери эль-Мехди».

Тезкиретү Хавассиъл Үмме

Сибт б. Жевзи Хане-фи Йусуф б. Кызоглу б. Абдуллах эль-Баг-дади эд-Димешки (581-654-жж. Хижрий)

Фыкых, тафсир, тарых жана хадис илимдерине салым кошкон; хадис хафызы; белгилүү хатиптерден (үгүттөөчү). Багдадда төрөлүп, Димешкте көз жумган. Эмгектеринен бири болгон эль-Фыкху Алеъл-Меза-хибиъл-Эрбаа (чыныгы аты: Исаръул Инсаф Фи Асаръил-Хилаф) китеби түркчөгө которулган жана бир канча жолу басылган.

Жогоруда аты аталган эмгеги 12 Имамдын пазилет менен өзгөчөлүктөрүн камтыйт. Китептин акыркы бөлүмү болсо Аз. Мехди (ас) жөнүндө.

Шерху Нехжиъл Белага

Ибн-и Эбиъл Хадид эль-Мутези-ли (586-655-жж. хижрий)

Тарых жана адабият жана дагы көптөгөн илим тармагында аты чыккан киши. Мадайда төрөлүп, Багдадда жашаган жана Аббаси халифаларынын кеңеш катчылыгын кылган.

Эң белгилүү эмгеги болгон Нехжиъл-Белага чечмелөөсү Алламе Хоинин 22 томдун Нехжиъл Белага чечмелөөсүнөн кийинки, бул темадагы эң кеңири чечмелөөлөрдүн бирөөсү деп саналат. Египет, Бейрут жана Иранда көп жолу басылып чыккан.

Бул китепте Аз. Али алейхис-саламдын акыр заман жөнүндөгү сөздөрү бөлүмүндө жана башка бөлүмдөрдө Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу темаларга кеңири орун берилген.

Мухтасару Сүнени Эбу Давуд

Абдулазим эль-Мунзири эш-Шафии (581-656-жж. хижрий)

Жазуучу, тарыхчы, хафыз, адабиятчы жана хадис илиминин алдыңкы аалымдарынан. Эмгектери арасында маанилүү орунду ээлеген бул китептин 6-томунда Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу темаларга орун берген.

Тезкиретуъл-Куртуби

Мухаммед б. Ахмед б. Эбубекр б. Фарах эль-Энсари Эбу Абдуллах Куртуби (көз жумушу: 671-ж. хижрий)

Малики мезхебинин белгилүү муфассирлеринен. Эз-Зерек бул инсан жөнүндө мындай дейт: Ал салихтерден, Куртубда төрөлгөн, ал жерден чыгышка көчүп, Египеттин Эсйуут шаарынын түндүгүндөгү Ибн-и Хасип аймагына жайгашкан жана ал жерде көз жумган.

Эмгектеринен болгон «эль-Жамиу Ли Ахкамъил-Куран» 20 том болуп басылган жана Куртуби Тафсири деген ат менен белгилүү. Жогоруда ишарат кылынган эмгеги Тезкиретун Би Ахвалиъи Мевта ва Ахвалиъл Ахире деген ат менен Египетте эки том болуп басылган. Китептин экинчи томунда бир бөлүмдү Имам Мехди алейхис-саламга арнаган.

Вефайетуъл-Аъйан

Ибн-и Халликан-ы Ша-фии (608-681-жж. хижрий)

Түбү Эрбилдик болуп, Египетке барган, ал жердер Дамаскка жайгашып белгилүү убакыт казылык кылган. Өзү атактуу тарыхчы жана адабиятчылардан.

Бул китеп аалымдардын жана изилдөөчүлөрдүн пикиринде, тартиптүү, ишенимдүү жана эң белгилүү биография китептеринин бири деп кабыл алынат. Бул китебинин 4-томунда Имам Мехди алейхис-саламга арналган кыска бир бөлүм орун алган.

Захуируъл Укба

Мухибиддин Ахмет б. Абдуллах б. Мухаммед эт-Табери эль-Мекки эш-Шафии (615-694-жж. хижрий)

Меккеде төрөлүп, ошол жерде көз жумган. Мухаддистердин атактууларынан, Шафии мезхебинин шейхтеринен жана Хижаз муфтийлеринен. Хадис менен фыкыхта баалуу эмгектери бар.

Хижрий 1350-жылы Египетте басылган жана Эхли Бейт алейхис-саламдын баалуулуктарын камтыган бул китептин бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам түзөт.

Фераидуъс-Симтайн

Ибрахим б. Саадеттин-и Хорасани (644-732-жж. хижрий)

Хадис хафызы жана ахли сүннөт аалымдарынан. Зехеби «Тезкире» аттуу эмгегинин 4-томунда ал жөнүндө мындай дейт: «Ал мухаддистердин имамы, Исламдын мактанычтарынан жана олуялардын алдыңкыларынан. Газан Падышасы анын себепчи болушу менен Мусулман болгон.»

Ибн-и Хажер эль-Асгалани да «эд-Дүрерүъл-Камине» аттуу эмгегинде Зехебинин сөздөрүн тастыктайт жана ага кошумча, ахли сүннөт аалымдарынын көпчүлүгүнүн андан хадис риваяты үчүн уруксат алганын айтат.

Бул эмгеги хижрий 1398-жылы Бейрутта, андан мурда Лахордо басылган.

Жогоруда аты аталган китебин Аз. Зехра (с.а), Аз. Али алейхис-салам менен урпактарынын баалуулуктары темасына арнап, бир бөлүмүн болсо Имам Мехди алейхис-саламдын чыгышы жана кыямы жөнүндөгү жагдайларга арнаган.

hile one chapter is devoted to the appearance and struggle of Hazrat Mahdi (as).

Мишкатуъл-Месабих

Велийуддин Мухаммед б. Абдуллах эль-Хатиб-и Тебризи (көз жумушу: 741-ж. хижрий)

Белгилүү мухаддистерден. Бул китебинин 3-томунун бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам темасына арнаган.

Харидатүъл-Ажаиб ве Феридатүъл Гараиб

Сиражуддин Өмер б. Музаффер эш-Шафии Ибн-и Верди (көз жумушу: 749-ж. хижрий)

Сириянын Нуман аймагында төрөлүп, фыкых, адабият, акындык, лексикография, грамматика жана тарых темаларында эмгектер жасап, казылык да кылган.

Сириянын Халеб шаарында көз жумган. Эмгектеринин бири – кыямат алааматтарын караган жана Имам Мехди алейхис-салам жөнүндө бир бөлүмдү да камтыган жогорудагы китеби.

Эль-Менаруъл-Муниф Фиъс-Сахихи Веъз-Заиф

Мүэллиф: Шемсуддин Мухаммед б. Эби Бекр; Ибн-и Каййым эль-Жевзи катары белгилүү. (691-751-жж. хижрий)

Ханбели мезхебинин белгилүү аалымдарынан, Ибн-и Теймийеден фыкых илимин алып, бир көз-карашта болгону үчүн, Димешк мунарасында зынданга ташталып, Ибн-и Теймийе көз жумган соң койо берилген.

Эмгектеринин бири болгон бул китебинин 50-бөлүмүндө Имам Мехди алейхис-салам темасын караган.

Китабуън-Нихайе (эль-Фитен веъл Мелахим)

Эбуъл Фида Исмаил б. Өмер; Ибн-и Кесир катары белгилүү (701-774-жж. хижрий)

Мухаддис, тарыхчы, муфассир жана жазуучу. Дамасктын Басра аймагында төрөлүп, хижрий 706-жылы Димешкке жайгашкан жана ал жерде илим алган. Бул китеби Египет менен Бейрутта басылган. Бул китептин 1-томунда Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу хадистерди «Акыр заманда чыга турган Мехди» темасы менен караган.

Меведдетүъл-Курба

Сеййид Али б. Шахаб б. Мухаммед эль-Хүсейни (714-786-жж. хижрий)

Хорасан аалымдарынан. Кашмирге жайгашкан жана үзүрлүү аракеттери натыйжасында аймактагы адамдардын көпчүлүгүн Исламга киргизген. Арапча жана фарсча көптөгөн эмгектери бар. Эң белгилүү китеби – ушул китеп. Кундузинин Йенабиуъл-Меведде аттуу эмгеги менен бирге биринчи жолу Стамбулда «Ахтар» басма үйү тарабынан хижрий 1301-жылы басылган жана бул китебинде Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу бөлүмдү «Имамдардын саны жана алардын бири Мехди» деп караган.

Шерхуъл-Мекасид

Месъуд б. Өмер б. Абдуллах Саадеттин Тафтазан (712-793-жж. хижрий)

Түбү Хорасандын Несага караштуу Тафтазан айылында төрөлүп, ал жерден Серакска жайгашкан, кийинчерээк Тимурлан тарабынан Самаркандга сүргүн кылынган жана ошол жерде дүйнөдөн кайткан, жаназасы алып барылып Серакска коюлган.

Теология илими, логика, баян жана арап адабияты тармактарында эң белгилүү инсандардын бири; теология илиминде булак катары белгилүү болгон эки томдук эмгегинин акыркы бөлүмүнүн Имамдык жөнүндөгү бөлүгүндө Имам Мехди алейхис-саламдын кыямы жагдайына орун берген.

Бул эмгеги хижрий 1277-жылы Стамбул «Олмандешер» басмаканасында басылып, кийинчерээк болсо Египетте басылып чыккан.

Эль-Фусусуъл-мүхимме

Нуреддин Али б. Мухаммед (Ибн-и Себбаг эль-Малики катары белгилүү) (784-855-жж. хижрий)

Түбү Африканын Сефагас аймагынан. Меккеде төрөлүп, ошол жерде көз жумган. Малики мезхебинин жазуучу жана мухаддистеринен; ахли сүннөт аалымдарынан, Халеби, Семхуди, Хамзави жана Шебленжи сыяктуу көптөгөн аалымдар андан хадис риваяты үчүн уруксат алышкан.

Көптөгөн биография жазуучулар да андан сөз кылышкан.

Бул китебинде он эки Имамды тааныштырган жана бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-саламга арнаган.

Эль-ОрфУъл-вЕрди Фи Ахбариъл-Мехди

Желалуддин Абдуррахман б. Кемалуддин Мухаммед-и Суйути эш-Шафии (849-911-жж. хижрий)

Адабиятчы, тарыхчы, муфассир жана мухаддис. Каирде жетим болуп чоңойгон, ал жердин мухаддис жана аалымдарынан илим алган. Биографиясы көптөгөн рижал жана тарых китептеринде бар. Ислам ааламында эмгектери болбогон китепкана дээрлик жокко эсе.

Аты аталган бул рисалеси (трактаты) «эль-Хавилиъл-фетава» аттуу эки томдук эмгегинен орун алып, бул эмгекте Имам Мехди алейхис-салам жөнүндөгү хадистерди караган.

Эль-Эимметуъл-Исна Ашер

Шемседдин Мухаммед б. Тулун (880-953-жж. хижрий)

Мухаддис, жазуучу, тарыхчы, адабиятчы, медицина жана түш жоруу илимдерине ээ. Димешкте жашап, ал жерде көз жумган. Негизги эмгектеринин бири болгон бул китепте он эки Имамдын өмүрү каралып, бир бөлүмүндө Имам Мехди алейхис-салам жөнүндөгү жагдайларга орун берилген.

Китеби 1958-жылы Бейрут «Даруъс-садр» басма үйү тарабынан басылган.

Эль-Йевагыту вел-Жевахир

IИмам Абдулваххаб эш-Шарани эш-Шафии (898-973-жж. хижрий)

Египетте дүйнөгө келген жана Каирде көз жумган. Жазуучу, мухаддис, мутасаввыф жана башка илимдерде да атагы чыккан белгилүү инсандардан.

Акаид темасы менен байланыштуу бул эки томдук эмгегинин экинчи томунун бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам темасына арнаган.

Эс-Саваикуъл-мухрика

Ахмед б. Хажер Хейтеми эль-Мекки эш-Шафии (909-974-жж. хижрий)

Мухаддис, жазуучу жана белгилүү инсандардын бири; «эль-Фетавеъл-хадисе» аттуу эмгеги менен жогорудагы эмгегинин бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу темаларга арнаган.

Кензуъл-уммал

Муттаки Хинди (885-975-жж. хижрий)

Жазуучу, мухаддис, хатип (үгүттөөчү) жана көп багытта илимий наамы бар бир инсан. Индиянын Бурханпур шаарында төрөлүп, белгилүү убакыт илим алган соң, Мекке менен Мединага жайгашып, ал жерде да илим алууну уланткан. Көптөгөн аалымдан хадис, тасаввуф (мистика), фыкых (шарият) тармактарында илим алган соң, кайра Индияга кайтып Исламдык агартуу кызматын өтөгөн жана Меккеде көз жумган.

Аты аталган 14 томдук энциклопедиялык эмгеги хадис булактарынын бири катары белгилүү. Эмгегинин 14-томунун бир бөлүмүн «Акыр заманда чыга турган Мехди» деген тема менен караган. Мындан тышкары, башка бир «Телхисуъл-бейан веъл-Бурхан Фи аламатиъл-Мехди» аттуу эмгегин болсо атайын Имам Мехди алейхис-салам темасына арнаган.

Ахбаруъд-дувел ве Ас-аруъл-увел

Ахмед б. Йусуф б. Ахмед эд-Димешки (939-1019-жж. Хижрий)

Карамани деген ат менен белгилүү.

Атактуу тарыхчылардан. «Кешф-үз-зүнун» аттуу эмгектин автору бул китеп жөнүндө «Ислам ааламында мамлекеттер жөнүндө мындай бир китеп көргөн жокмун» деп айткан.

Бул эмгек Исламдан мурдакы жана кийинки мамлекет тарыхтарын, түзүлүштөрүн караган. Китептин кеңири бир бөлүмүн болсо он эки Имам жана Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу темалар түзөт. Бул китеп хижрий 1282-жылы чоң көлөмдө 500 беттик таш басылма (литография) абалында Багдадда басып чыгарылган.

Али б. Султан Мухаммеди Хиреви

(көз жумушу- 1014-ж. хижрий)

Көптөгөн илим тармагында адис белгилүү аалымдардан. Афганистандын Герат шаарында төрөлүп, кийин Меккеге жайгашып ошол жерде көз жумган. Бул беш томдук эмгегинин 5-томунда Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу хадистерди караган. Башка бир эмгеги «эль-Мешребуъл-верди» аттуу китебин болсо жалаң Имам Мехди алейхис-салам темасына арнаган.

Эль-ишаретү Фи Эшратүъс-сае

Мухаммед б. Абдур-расул эш-Шафии (1040-1103-жж. Хижрий)

Муфассир, мухаддис, илимий усулчу, адабиятчы жана лексикограф. Илим алуу үчүн Багдад, Стамбул, Дамаск жана Египетке барып, анан Мединага жайгашып сабак берген жана ал жерде көз жумган. Бул китеби хижрий 1370-жылы Египетте үч жүз бет болуп басылган. Бул эмгек, атынан да көрүнүп тургандай, акыр заман алааматтары менен Имам Мехди алейхис-саламдын чыгышын колго алган.

Фетхуъл-менан, Шерхуъл-февзи веъл-Эман

Ахмед б. Али Эбуън Нежах эль-Ханефи (1089-1173-жж. хижрий)

Сириянын Триполи шаарынын айылдарынын бирөөсүндө төрөлгөн. Белгилүү аалымдардан, акын, адабиятчы жана мухаддис. Негизги эмгектеринин бири болгон бул китебинин бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам темасына арнаган.

Леваихуъл-энвариъл-Илахиййе

Шемседдин Мухаммед б. Ахмед эн-Наблуси (1114-1188-жж. Хижрий)

Ханбели мезхебинин белгилүү жазуучуларынан, мутасаввыф (мистик) жана тарыхчы. Палестинанын Наблус шаарынын айылдарынын бирөөсүндө төрөлүп, кийинчерээк Дамаскка жайгашкан жана ошол жерде көз жумган.

Аты аталган бул баалуу эмгеги эки том болуп хижрий 1324-жылы Египетте басылган. Экинчи томунун бир бөлүмүндө Имам Мехди алейхис-салам темасынан сөз кылат.

Исъафур-Рагибин

Мухаммед б. Али эс-Себбан эль-Мысри эш-Шафии

Египеттин белгилүү илим инсандарынан; лексикография, грамматика, ыр түзүү, риторика, логика, сыйер, хадис, астрономия жана дагы көп тармактарда жогору билим деңгээлине жеткен.

Египеттин Каир шаарында төрөлүп, ошол жерде көз жумган. Аты аталган бул эмгекте Улуу Пайгамбар саллаллаху алейхи ва алихтин сыратын (жолун) жана Эхли Бейттин баалуулуктарын ыр саптары менен жазып, бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам темасына арнаган. Бул китеби «Нуруъл-эбсар» аттуу эмгеги менен бирге Египетте таш басылма (литография) абалында басылып чыккан.

Нуруъл-Эбсар

Сеййид Мүмин б. Хасан Шебленжи (көз жумушу: 1290-ж. хижрий)

Мухаддис, адабиятчы жана тарыхчы. Негизги эмгектеринен болгон бул китеби Улуу Пайгамбар саллаллаху алейхи ва алих жана Эхли Бейтинин өмүр баяндарын карап, Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу бөлүмүнө «Мухаммед б. Хасан алейхис-саламдын өмүр баяндары» деген тема коюлган. Каирде таш басылма абалында басылган.

Февзуъл-кадир, Шерхи Жамиуъс-сагир

Мухаммед Абдуррауф эль-Менави эш-Шафии (952-1031-жж. хижрий)

Белгилүү, алдыңкы мухаддистерден; хадис, теология, фыкых (шарият), тарых сыяктуу көп багыттарда илим алган жана эмгектер жазган. Аты аталган бул китептин алтынчы бөлүмүндө Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу бир бөлүм бар, экинчи жолу 1972-жылы «Даруъл-маариф» басма үйү тарабынан Бейрутта басылган.

Мешарикуъл-Энвар

Шейх Хасан эль-Адви эль-Мысри (1221-1303-жж. хижрий)

Теолог, мухаддис, Малики мезхебинин жазуучуларынан, эль-Эзхерде илим алып, устаттык да кылган жана Каирде көз жумган. Аты аталган баалуу эмгектин бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам темасына арнаган. Китеп хижрий 1307-жылы Осмон империясы басмаканасы тарабынан басылган.

Эль-Изае Лима Кане Ве Ма Йекуну

Сеййид Мухаммед Сыддык Хан б. Хасан (1248-1307-жж. хижрий)

Индиянын Кенуч шаарында төрөлүп, Делиде илим алган, Ислам илимдери тармагында индусча, фарсча жана арапча көп эмгектер жазган; арапча китептери Каир жана Бейрутта басылган. Аты аталган бул китеби «Кыяматтан мурда фитналар жана кыямат алааматтары» темасын камтып, бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу темага арнаган.

Бул китеби хижрий 1293-жылы Индияда, экинчи чыгарылышы болсо хижрий 1379-жылы Египетте «эс-Сууди» басмаканасында басылган.

Гайетүъл-Меваиз

Хайреддин Нуман эль-Алуси эль-Ханефи (1252-1217-жж. хижрий)

Үгүттөөчү, теолог жана казы; Ханефи мезхебинин жазуучуларынан. Ишенимдүү биографтар автор жөнүндө: «Акылы илиминен көп, илими жазганынан сулуураак, жазганы ыр сабынан бекемирээктей» деген сөздөр менен аны макташкан.

Аты аталган бул китеп алгач хижрий 1301-жылы Египетте басылган жана биринчи томунун бир бөлүмү Имам Мехди алейхис-салам темасына арналган.

Авнуъл-Маъбуд

Мухаммед Шемс үлхак эль-Хинди (1273-1329-жж. хижрий)

Белгилүү мухаддистерден кабыл алынган бул инсан бул китебин Эбу Давуддун Сүненине чечмелөө катары калемге алып, он биринчи томунун бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам темасына арнаган.

Назмуъл-мүтенасир Мин Хадисиъл-Мүтеватир

Автор: Эбу Абдуллах Мухаммед б. Жафер б. Ибрис б. Мухаммед эль-Фаси эль-Малики (1274-1345-жж. хижрий)

Тарыхчы, жазуучу жана мухаддис. Мароккодо төрөлүп, ошол жерде каза болгон. Негизги эмгектеринен болгон бул китеп хижрий 1328-жылы Мароккодо басылган. Бул китепте да Имам Мехди менен байланыштуу хадистердин мүтеватир экени айтылат.

Тухфетуъл-Ахвези

Автор: Эбуъл-Ала Мухаммед эль-Мүбарекфури (1283-1353-жж. хижрий)

Индиянын Мүбарекфур шаарында төрөлүп, арапча, логика, философия, астрономия, фыкых (шарият) жана фыкых усулу тармактарында илимдүү белгилүү аалымдардан.

Аты аталган бул китепти Сүнен-и Тирмизинин чечмелөөсү катары жазып; Индия, Каир жана Арабистанда басылып чыккан. Бул эмгегинин алтынчы томунун бир бөлүмүн Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу темаларга арнаган.

Назретун Фи Ахадисиъл-Мехди

Мухаммед эль-Хызр эль-Хүсейин эль-Мысри (1292-1377-жж. хижрий)

Түбү Алжирлик болуп, Тунисте төрөлгөн. Илим алууну Тунис Зейтунийе Илим комплексинде улантып, кийинчерээк Египет аль-Азхарда мугалимдик кылган жана ошол жерде көз жумган. Көптөгөн эмгек, макалалары бар; Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу аты аталган бул макаласы «Темеддүн-и Ислами» журналында хижрий 1370-жылы Сирияда жарыяланган.

Тажуъл-Жамиуъл-Усул

Шейх Мансур Али Насиф (көз жумушу: хижрий 1373-жылдардан кийин)

Шейх Мансур Али Насиф (көз жумушу: хижрий 1373-жылдардан кийин)

Ибразуъл-Вехм Мекнун Мин Келами Ибни Халдун

Ахмед б. Мухаммед б. эс-Садык эш-Шафии эль-Магриби (көз жум.: 1380-ж. хижрий)

Марракештин алдыңкы мухаддис, хафыз жана аалымдарынан. Аты аталган бул китепти Ибн-и Халдундун Имам Мехди алейхис-салам жөнүндөгү күмөнүн жок кылуу үчүн жазган. Китеп хижрий 1347-жылы Дамаскта «эт-Теракки» басма үйү тарабынан басылган.

Хувеъл-Мехди

Устат, Шейх Насреддин эль-Албани (Албаниялык)

Учурдагы аалымдардан; ар кандай темаларда эмгек, макалалары бар. Аты аталган бул макаласын Дамаскта чыккан «Темеддүн-и Ислам» журналында Имам Мехди алейхис-салам жөнүндөгү суроолорго жооп катары жазган.

Акидетү Эхлиъс-Сүнне Фиъл Мехди

Шейх Абдулмухсин б. Хамд

Медина Ислам университетинин устаттарынан. Аты аталган бул макалада «Ахли сүннөт ишениминде Имам Мехди алейхис-салам» темасын караган жана хижрий 1388-жылы «Жамиатүъл-Ислами» аттуу журналда Сауд Арабия муфтийи Бин Баздын тастыктоосу менен чогуу жарыяланган. Ал жерде ахли сүннөттүн Имам Мехди алейхис-салам жөнүндөгү ишенимин көрсөткөн. Башка бир макаласында болсо Имам Мехди алейхис-салам менен байланыштуу хадистерди жокко чыгаргандарга жооп берген. Бул макаласы хижрий 1400-жылы ошол эле журналда жарыяланган.

Аз. Мехди (aс) Жөнүндө Жазылып Калынган Хадис Жана Риваяттардын Статистикасы

◉ Аз. Мехди (ас)дын чыгаарын сүйүнчүлөгөн хадистердин саны: 657

◉ «Аз. Мехди (ас) Эхли Бейттен; Аз. Мехди (ас)дын ысмы Расулуллахтын ысмынын жана ысымдыгы болсо анын ысымдыгынын өзүндөй» деген хадистердин саны: 389

◉ «Аз. Мехди (ас) адамдар арасында Расулуллахка эң көп окшогон киши» деген хадистердин саны: 48

◉ Аз. Мехди (ас)дын келбети менен боюн сүрөттөгөн хадистердин саны: 21

◉ «Аз. Мехди (ас) Аз. Али (ас)дын урпактарынан» деген хадистердин саны: 214

◉ «Аз. Мехди (ас) Аз. Фатыманын урпактарынан» деген хадистердин саны: 192

◉ «Аз. Мехди (ас) жер жүзүн адилеттикке толтурат» деген хадистердин саны: 123

◉ «Аз. Мехди (ас)дын эки жолу көздөн кайымы болот» деген хадистердин саны: 10

◉ «Аз. Мехди (ас) көпкө көздөн кайым болот» деген хадистердин саны: 91

◉ Көздөн кайымынын себебин түшүндүргөн хадистердин саны: 7

◉ Көздөн кайым кезде элдин Аз. Мехди (ас)дан пайдаланаары жөнүндөгү хадистердин саны: 7

◉ «Аз. Мехди (ас) узун өмүрлүү» деген хадистердин саны: 318

◉ «Аз. Мехди (ас) жаш көрүнөт» деген хадистердин саны: 8

◉ «Аз. Мехди (ас)дын төрөлүшү жашыруун болот» деген хадистердин саны: 14

◉ «Аз. Мехди (ас)да эч кимдин биаты болбойт (бир халифага же башка бирөөгө моюн сунган болбойт; эч бир пикирдин, топтун, тарикаттын же кандайдыр бир саясий көз-караштын таасири астында болбойт)» деген хадистердин саны: 10

◉ Каапырларды пикирдик жактан жеңет, жер жүзүн ширктен тазалайт» деген хадистердин саны: 19

◉ Аз. Мехди (ас) Аллахтын буйругун ачыкка чыгарат, Ислам ахлагын дүйнө жүзүнө жайат жана дүйнөнү (руханий) өзүнө каратат...» деген хадистердин саны: 47

◉ «Аз. Мехди (ас) адамдарды Куранга жана сүннөткө баштайт» деген хадистердин саны: 15

◉ «Аз. Мехди (ас) Аллахтын душмандарын илим менен пикирдик жактан таасирсиз кылат» деген хадистердин саны: 4

◉ «Аз. Мехди (ас)да Пайгамбарлардан бир катар сүннөттөр бар» деген хадистердин саны: 23

◉ «Аз. Мехди (ас) Пайгамбарыбыз (сав)дын кылычы менен кыям этет (б.а. Пайгамбарыбыз (сав)дын ыйык аманаттары болгон куттуу желеги, кылычы жана көйнөгү Аз. Мехди (ас)дын жанында болот)» деген хадистердин саны: 7

◉ Аз. Мехди (ас)дын мүнөзү жана тышкы көрүнүшү жөнүндөгү хадистердин саны: 30

◉ Аз. Мехди (ас)дын зүхдү (адеп-ахлагы жана такыбалыгы) жөнүндөгү хадистердин саны: 4

◉ Аз. Мехди (ас)дын адилеттиги жана анын доорунда коопсуздуктун орношу жөнүндөгү хадистердин саны: 7

◉ Аз. Мехди (ас)дын илими жөнүндөгү хадистердин саны: 5

◉ Аз. Мехди (ас)дын жоомарттыгы жана берешендиги жөнүндөгү хадистердин саны: 13

◉ «Аллах Таала Аз. Мехди (ас)дын колу менен пайгамбарлардын кереметтерин ачыкка чыгарат жана алардын мурастары анын жанында» деген хадистердин саны: 5

◉ «Аз. Мехди (ас) күчтүү бир сыноодон кийин чыгат» деген хадистердин саны: 24

◉ «Аз. Мехди (ас) Иса бин Мерйем (а.с)га намазда имамдык кылат» деген хадистердин саны: 25

◉ Аз. Мехди (ас)дын чыгышынын өзгөчөлүгүн баяндаган риваяттардын саны: 12

◉ Аз. Мехди (ас)дын чыгаарынан мурдакы абал, фитна жана күнөөлөрдүн көптүгү жөнүндөгү хадистердин саны: 37

◉ Аз. Мехди (ас)дын кээ бир чыгуу алааматтары жөнүндөгү хадистердин саны: 29

◉ Асмандан Аз. Мехди (ас)дын жана атасынын ысмы менен угула турган үн жөнүндөгү хадистердин саны: 27

◉ Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурдакы доордо баалардын өтө жогору болушу, оорулардын көбөйүшү ж.б. жөнүндөгү хадистердин саны: 23

◉ Сүфйанинин чыгышы, ай тутулушу ж.б. жөнүндөгү хадистердин саны: 38

◉ Дажжалдын чыгышы жөнүндөгү хадистердин саны: 12

◉ Аз. Мехди (ас)дын чыга турган жери менен байланыштуу хадистердин саны: 17

◉ Аз. Мехди (ас)дын жер жүзүнүн чыгыш менен батышын руханий каратышы жөнүндөгү хадистердин саны: 12

◉ Аз. Мехди (ас) доорунда бүт элдердин Ислам ахлагынын негизинде топтолушу жөнүндөгү хадистердин саны: 7

◉ Аз. Мехди (ас) доорунда жердин байлык менен кендерин тышка чыгараары жөнүндөгү хадистердин саны: 10

◉ Аз. Мехди (ас) доорунда асман менен жер бетинин берекелерин тышка чыгараары жөнүндөгү хадистердин саны: 12

◉ 313 кишинин Аз. Мехди (ас)дын жанында болоору жөнүндөгү хадистердин саны: 25

◉ Аз. Мехди (ас) чыкканда жер жүзүнүн адилеттикке толоору жөнүндөгү хадистердин саны: 129

◉ Аз. Исанын экинчи жолу жер жүзүнө түшүшү жана Аз. Мехди (ас)дын артында намаз кылаары жөнүндөгү хадистердин саны: 29

◉ Аз. Мехди (ас)дын дажжалды (руханий жана пикир менен) таасирсиз кылаары жөнүндөгү хадистердин саны: 6

◉ Аз. Мехди (ас)дын Сүфйани менен пикирдик күрөш жүргүзүп, (руханий жана пикирдик) таасирсиз кылаары жөнүндөгү хадистердин саны: 2

◉ Аз. Мехди (ас) доорунда жер жүзүнүн гүлдөшү жөнүндөгү хадистердин саны: 5

◉ Аз. Мехди (ас) кылымында иштердин жеңилдеши жана акылдардын өсөөрү жөнүндөгү хадистердин саны: 7

◉ Аз. Мехди (ас)дын тобунун баалуулуктары жөнүндөгү хадистердин саны: 14

◉ Аз. Мехди (ас)дын тобунун күч-кубаты жөнүндөгү хадистердин саны: 5

◉ Чыккандан кийин Аз. Мехди (ас)дын халифалыгынын (руханий лидерлигинин) мөөнөтү жөнүндөгү хадистердин саны: 18

◉ Аз. Мехди (ас)дын тамагы, ичкен суусундугу жана кийими жөнүндөгү хадистердин саны: 4

◉ Аз. Мехди (ас)дын элди чакырган нерселери жөнүндөгү хадистердин саны: 7

◉ Кутулууну күтүүнүн баалуулугу жөнүндөгү хадистердин саны: 23

◉ Аз. Мехди (ас)ды ээрчигендердин кээ бир кызматтары жөнүндөгү хадистердин саны: 54

◉ Аз. Мехди (ас)ды көрүү жана аны имам (руханий лидер) тутунуу жөнүндөгү хадистердин саны: 10

◉ Көздөн кайым кезинде Аз. Мехди (ас)га ишенгендердин баалуулугу жөнүндөгү хадистердин саны: 23

(Safî-i Gulpayganî, Müntahab'ul-Eser, б: 15-19)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР