2. Бөлүм Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Өзгөчөлүктөрү (8/20)

Аз. Мехди (aс) Ды Башында Адамдардын Көпчүлүгү Байкашпайт

Адамдар Аз. Мехди (aс) Ды Үйлөрүндө, Көчөлөрдө Көрүшүп, Аны Көп Карашат; Бирок «Аз. Мехди (aс) » Экенин Билишпейт

Седири Сейрефи мындай дейт: Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссаламдан уктум: «... Акысы тартып алынган жана өзү танылган байкуш имамыбыз жана бул (көздөн кайымдын) ээси (АЗ. МЕХДИ (АС)) АЛАРДЫН АРАСЫНДА ЖҮРӨТ, БАЗАРЛАРЫН КЫДЫРАТ, АЛАР БАСКАН ЖЕРЛЕРДЕН ӨТӨТ. БИРОК АЛАР АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) ТААНЫШПАЙТ, аягында Аллах өзүн аларга таанытышы үчүн Аз. Йусуф (ас)га уруксат бергендей ага уруксат берет.» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, 189-б.)

Амр бин Саъд Эмирүлмүминин Али бин Эби Талиб алейхиссаламдан алып айтат: «... Алинин Раббисине ант болсун, хүжжет (АЗ. МЕХДИ (АС)) ТИК ТУРАТ, ДҮЙНӨНҮН ЖОЛДОРУНДА БАСАТ, ҮЙЛӨРГӨ ЖАНА САРАЙЛАРГА КИРЕТ, БУЛ ЖЕРДИН ЧЫГЫШЫ МЕНЕН БАТЫШЫНДА КЫДЫРАТ, СӨЗДӨРҮ УГУЛАТ, ЖАМААТКА САЛАМ БЕРЕТ, КӨРӨТ, бирок убада кылынган убакытка жана асмандан төмөнкү үн келгенге чейин билинбейт (таанылбайт).» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 167-б.)

Пайгамбарыбыз (сав), чыгаардан мурдакы убакта, Аз. Мехди (ас)дын адамдар арасында көп көрүнөөрүн, адамдар аны үйлөрүндө отурган кезде, көчөлөрдө жүргөн кезде көрүшөөрүн, телевизорлордон, интернеттен үнүн угуп өзүн көрүшөөрүн, атын угушаарын, бирок ошого карабастан анын Аз. Мехди (ас) экенин таанып билишпешин айткан. Ошол сыяктуу, Аз. Мехди (ас)дын адамдар арасында, базарларда жүрөөрү, бирок анын Аз. Мехди (ас) болушун күтпөгөндүктөн адамдардын аны катардагы бир адамдай көрүп тааныбай турганы да кабар берилген. Хадистерде берилген бул маалыматтар Аз. Мехди (ас)дын адамдар арасында таанымал, белгилүү; атак-даңкы чыккан, бүт адамдар билген, бирок «А. Мехди (ас) сыпаты менен таанылбаган» бир адам болоорун көрсөтүүдө.

Аз. Мехди (aс) «Мен Аз. Мехди (aс) Мын» Дебейт; Бирок Адамдардын Көзүндөгү Капылеттик Пардаларын Алып Салып, «Мехди Чындыгын» Түшүнүшүнө Шарт Түзөт

Аз. Мехди (ас) эч качан адамдарга «мен Мехдимин» дебейт. Аллах Пайгамбарыбыз (сав) оозунан кабар берген алааматтар (белгилер) аркылуу аны адамдарга таанытат. Бул алааматтардын бири болсо – «АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ АДАМДАРГА ЭҢ ЖАКШЫ АЙТЫП БЕРЕ ТУРГАН АДАМДЫН КАЙРА ЭЛЕ БИР ГАНА АЗ. МЕХДИ (АС) БОЛУШУ». Аз. Мехди (ас) кылган эмгектери менен; Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистерин жана Ислам аалымдарынын Аз. Мехди (ас) жөнүндөгү сөздөрүн эң туура жана эң хикматтуу жоромолдошу менен адамдарга Аз. Мехди (ас)ды эч кемчиликсиз таанытат. Бир хадисте Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбарыбыз (сав)дын акыр заман жөнүндө берген маалыматтарынын маңызын түздөн-түз билген киши болоору, ушул себептен Пайгамбарыбыз (сав)дын акыр заман жөнүндөгү хадистерин эң туура түшүндүрө турган кишинин да кайра эле бир гана Аз. Мехди (ас) болоору мындайча айтылган:

Эбу Басир мындай дейт: Имам Мухаммед Бакыр алейхиссаламдын мындай дегенин уктум: «... Мындай деди: Аз. Мехди (ас) кыям эткенде Расулуллахтын жолунан жүрөт. БИР ГАНА АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) РАСУЛУЛЛАХ (САВ)ДЫН ЭМГЕКТЕРИН ТҮШҮНДҮРӨТ...» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 191-б.)

Аз. Мехди (ас) хикматтуу түшүндүрүп берүүлөрү аркылуу адамдардын парасаттарын ачат. Апачык «мен Аз. Мехди (ас)мын» дебейт, бирок руханий Аз. Мехди (ас)дын бар экенине жана күчүнө ишарат кылуу менен адамдардын көздөрүндөгү капылеттик пардасын ачып, «Мехди чындыгын» түшүнүүлөрүнө шарт түзөт. Аз. Мехди (ас) Аз. Мехди (ас)дан сөз кылган сайын адамдар барган сайын анын Аз. Мехди (ас) экенине чындап ишенишет жана ага руханий моюн сунгулары келет.

Адамдардын Аз. Мехди (aс) Ды Тааный Албашынын Бир Сыры – Бул Аллахтын Аз. Мехди (aс) Ды Коргошу

БИРОК АЛЛАХ КАЛКТЫН НАПСИЛЕРИНЕ (НАФС) БОЛГОН ЗУЛУМДУГУ, АЗАБЫ ЖАНА ЫСЫРАПКОРЛУГУ СЕБЕБИНЕН АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) КАЛКТАН ЖАШЫРАТ. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 162-б.)

Аз. Мехди (aс) Башында Атынын Жайылышынан Качынат

Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде берилген маалыматтардан чыгаардан мурдакы убактарда Аз. Мехди (ас)дын ысмынын көп жайылтылбашы түшүнүктүү болууда. Аз. Мехди (ас)дын ысмы жайылбашы үчүн бирден-бир жол – бул псевдоним (башка бир ат) колдонуу. Ушул себептен Аз. Мехди (ас) иш-аракеттеринин алгачкы убактарында өз ысмын жашырып, өз атынын ордуна башка бир ысым колдонот.

Муфаззал бин Өмер мындай дейт: Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссаламдын алдында элем жана мени менен бирге башкалар да бар эле. Имам алейхиссалам бизге мындай деди: «ЭЧ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АТЫН ЖАЙЫЛТА КӨРБӨГҮЛӨ»... (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 174-б.)

Ушул эле хадисти шейхибиз Мухаммед бин Йакубу Кулейни (ра) да алып өткөргөн: «Аллах силердин хидаятыңарды көбөйтсүн көрдүңөрбү? АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АТЫНЫН ЖАЙЫЛТЫЛБАШЫ ЖӨНҮНДӨГҮ ХАДИСТЕРДЕ ИМАМ ЭМНЕ ДЕЙТ: «АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) АТЫН ЖАЙЫЛТПАГЫЛА»...» (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani 175-б.)

Аз. Мехди (aс) Адамдарга Көрүнөт, Бирок Аллах Анын Аз. Мехди (aс) Экенин Белгилүү Мөөнөткө Чейин Адамдардан Жашырат

Аллах Таала аны менен (Аз. Мехди (ас) менен) адамдар арасына бир парда тартат, алар аны көрүшөт бирок таанышпайт. (Kemalu'd-din, 2-т., 351-б.)

Чын Ыкластуу Мусулмандар Аз. Мехди (aс) Менен Шакирттерин Акырындап Сүйүп, Баркташат

... Аз. Пайгамбар... мындай деди: «Жебраил мага кабар берди; Эхли Бейтим менден соң зулумдукка кабылат. Бул зулумдук алардын арасынан Аз. Мехди (ас) чыкканга, АЛАРДЫН (АЗ. МЕХДИ (АС) МЕНЕН ШАКИРТТЕРИ) АТАК-ДАҢКЫ КӨТӨРҮЛГӨНГӨ ЖАНА ИСЛАМ ҮММӨТҮ АЛАРДЫ СҮЙҮҮДӨ БИРИККЕНГЕ ЧЕЙИН УЛАНАТ. АЛ КЕЗДЕ АЛАРДЫ ЖАМАНДАГАНДАР АЗАЙАТ, СҮЙБӨГӨНДӨРДҮН БАШЫ ЖЕРГЕ САЛЫНАТ ЖАНА МАКТАГАНДАРЫ КӨБӨЙӨТ.» (Hidayet Önderleri (Хидаят башчылары), Hz. Muhammed Mustafa, 1-том, 314-б.)

Акыр заманда Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда мусулмандарга күчтүү кысымчылык, зомбулуктар жасалат. Бирок адамдар Аз. Мехди (ас)дын чыкканын катары менен болуп жаткан акыр заман алааматтарынан түшүнүшөт. Бул кезде Аз. Мехди (ас) менен чын ыкластан Аллахка моюн сунган шакирттеринин аттары өтө көп айтыла баштайт. Атак-даңкы дүйнөгө тарайт. Андан соң ыйман келтиргендер Аз. Мехди (ас) менен шакирттерин акырындап баары сүйүп баштайт. Бирок бул учур келгенге чейин Аз. Мехди (ас) менен шакирттерине карата зулумдук, кысымчылык уланып, аны жамандагандар болот. Бирок акырындап андай адамдар азайат, тообо кылып, ниеттерин оңдогондордон тышкары, ал кишилер уят болуп, басмырланган абалга түшүшөт. Аз. Мехди (ас)ды сүйгөн, мактаган адамдардын саны акырындап абдан көбөйөт.

Чыгаардан Мурда Аз. Мехди (aс) Дын Атак-Даңкы Тынымсыз Жайылат

Аз. Мехди (ас)ды таанууда көмөкчү болгон маанилүү маалыматтардын бири – бул «Аз. Мехди (ас) аты менен атак-даңкынын дүйнө жүзүндө тынымсыз жайылышы». Адамдар Аз. Мехди (ас) экенин билишпесе дагы, хадистерде айтылган ар кандай жол менен Аз. Мехди (ас)ды көп көп көрүп, үнү угушат, пикирлерин угуп, анын эмгектерин окушат жана көп көп ал жөнүндө сөз кылышат. Хадистерде бул доордо бүт адамдардын өтө көп Аз. Мехди (ас)дан сөз кылаары, анын атын эстеп, ал жөнүндө сүйлөшөөрү, аны өтө сүйүп, жакшы көрүшөөрү мындайча билдирилген:

АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫГАТ, БААРЫ АЛ ЖӨНҮНДӨ ГАНА СҮЙЛӨШӨТ, АНЫН СҮЙҮҮСҮН ИЧИШЕТ ЖАНА АНДАН БАШКА ЭЧ НЕРСЕДЕН СӨЗ КЫЛЫШПАЙТ. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 33-б.)

Аз. Мехди (ас) келгенде, АДАМДАР АНЫ ӨТӨ ЖАКШЫ КӨРҮП КУЧАКТАШАТ. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 37-б.)

Аз. Мехди (ас) (доорундагы) адамдардын эң жакшысы. Анын жардамчылары жана ага моюн сунгандар... Жебраил алардын алдында, Микаил болсо аркаларында болот. АНЫ (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ) АДАМДАР, БҮТ ЖАН-ЖАНЫБАР СҮЙӨТ. (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 58-б.)

Селеме б. Зүфер мындай дейт: «... АЗ. МЕХДИ (АС) АДАМДАР ЖАМАНДЫК, ЗӨӨКҮРДҮК ЖАНА ЗУЛУМДУКТАН ТАЖАГАН ЖАНА ЭЧ БИР КӨЗДӨН КАЙЫМ БИРӨӨ (ЖАШЫРУУН ЖАШАГАН) АЛ АДАМДАЙ УЛУК ЖАНА СҮЙҮКТҮҮ БОЛБОГОН БИР КЕЗДЕ КЫЯМ ЭТЕТ (ЧЫГАТ).» (El-Havi, 2-т., 159-б.)

Сөзсүз ал (Аз. Мехди (ас)), адамдар көргөн жамандыктары себебинен, АЗ. МЕХДИ (АС) АЛАРГА ЭҢ СҮЙҮКТҮҮ БОЛМОЮНЧА, ЧЫКПАЙТ. (Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Желаледдин Суйутинин жыйнагынан хадистер, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri, Kahraman Neşriyat, 27-б.)

АЛЛАХ (БҮТ) АДАМДАРДЫН ЖҮРӨКТӨРҮН АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) СҮЙҮҮСҮ МЕНЕН ТОЛТУРАТ. (Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki (Heytemi), Beklenen Mehdinin Alametleri, El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 42-б.)

Аз. Мехди (aс) Кыйынчылык, Азаптарга Кабылат

Аз. Мехди (aс) Дын Кыйынчылык, Азаптарга Кабылышы

Каапыр (Аллахты, акыретти танган) коомдорду эскертүү жана аларды туура жолго чакыруу үчүн жөнөтүлгөн бүт элчилер жөнөтүлгөн коомдору тарабынан жалганчы аталып, алардын ар кандай жалган жалааларына туш болушкан. Эхли Бейттен (Пайгамбарыбыз (сав)дын урпактарынан) келе турган Аз. Мехди (ас)дын да ушул сыяктуу кыйынчылык, азаптарга кабылаары хадистерде кабар берилген.

Аз. Мехди (ас) бизден, Эхли Бейттен... Биз ушундай бир адамдарбыз, Аллах биз үчүн акыретти дүйнөнүн ордуна тандаган. Менин Эхли Бейтим сөзсүз менден кийин балээ, уурдалуу жана сүргүнгө кабылат. Менден кийин Эхли Бейтим балээ жана мээнеттерге кабылат жана аларга кол салуу болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 14-б.)

Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын төмөндөгү хадиси да ушундай бир абалды, «Аз. Мехди (ас)га моюн сунуу учурунда өзүнүн көптөгөн азап жана адилетсиздикке туш болгонун адамдарга айтаарын» кабар берүүдө:

... Аз. Мехди (ас) Расулуллахтын желеги менен адамдардын баштарына балээ үстүнө балээ жааган жана чыгышынан үмүт үзүлгөн бир кезде чыгат. Эки рекет намаз кылат (окуйт). Намаздан кайтканда мындай дейт: «Эй адамдар! Мухаммед үммөтү жана өзгөчө анын Эхли Бейти көп балээлерди көрдү жана биз азап менен адилетсиздикке кабылдык.» (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 55-б.)

Төмөнкү куттуу хадисте болсо Стамбулду руханий ээлей турган Аз. Мехди (ас) менен жардамчыларына ээлөөдөн мурдакы доордо ар кандай кыйынчылыктар келээри жана кийин болсо бул кыйынчылыктардын алынаары айтылууда.

Аллах Константинопольду (Стамбулду) абдан сүйгөн досторунун элине ээлейт... Алардан ооруну жана кайгыны алып салат. (Kıyamet Alametleri (Кыямат алааматтары), Berzenci (Берзенжи), 181-б.)

Аллах Куранда көптөгөн пайгамбардын коомдору тарабынан жалганчы аталып, «акылынан адашкан» жана «сыйкырчы» деген жалааларга кабылганын жана дагы көптөгөн зомбулук, азаптарга туш болгонун билдирген. Элчилер бүт мындай зомбулуктарга сабыр кылып, аларга эң сылык жооп беришкен:

Ант болсун, сенден мурда да элчилер жалганчы аталышты... (Энъам Сүрөсү, 34)

... Жана албетте бизге кылган кыйноолоруңарга сабыр кылабыз... (Ибрахим Сүрөсү, 12)

Анан андан жүз бурушту жана: «(Бул) Үйрөтүлгөн, бир жинди» дешти. (Духан Сүрөсү, 14)

Мына ушундай; алардан мурдакылар да бир элчи (пайгамбар) келсе эле сөзсүз: «Сыйкырчы жана жин тийген» дешкен. (Зарият Сүрөсү, 52)

Бирок ал «бүт жеке жана аскердик күчү менен» жүз бурду жана: «(Бул) Же бир сыйкырчы же бир жинди» деди. (Зарият Сүрөсү, 39)

(Фараон) айтты: «Ант болсун, менден башка бир кудай тутуна турган болсоң, сени сөзсүз түрмөгө камайм.» (Шуара Сүрөсү, 29)

Эй ыйман кылгандар, Мусага азап көрсөткөндөрдөй болбогула... (Ахзаб Сүрөсү, 69)

Айтышты: «Ал үчүн (бийик) бир имарат куруп, аны алоолоп күйгөн оттун ичине таштагыла.» (Саффат Сүрөсү, 97)

Анан аларда (Йусуфтун күнөөсүздүгү жөнүндө) далилдерди көргөн соң, сөзсүз аны белгилүү бир убакытка чейин зынданга таштоо (пикири) үстөм келди. (Йусуф Сүрөсү, 35)

... Ал акыйкатты тануучулар зикирди (Куранды) укканда сени жек көргөн көздөрү менен карашты. «Ал чындап бир жинди» дешүүдө. (Калем Сүрөсү, 50-51)

Бүт Пайгамбарлар Менен Ыкластуу Мусулмандар Сыяктуу, Аз. Мехди (aс) Да Каапырлардын Тузак Жана Жалааларына Кабылат

Кээ бир адамдар Аз. Мехди (ас)ды укмуштуу өзгөчөлүктөргө ээ бир адам болот; ага танка, ок, курал, ал тургай, атом бомбасы да таасир эте албайт деп ойлогондуктан, хадистерде айтылган Аз. Мехди (ас)дын башына келиши ыктымал болгон ар кандай кыйынчылыктарды да көрмөксөн болушууда. Чындыгында болсо, Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде Аз. Мехди (ас)дын пайгамбарларга ар кандай жагынан окшошоорун жана алар сыяктуу ар кандай кыйынчылыктар менен күрөшөөрүн айткан. Аз. Мехди (ас) да пайгамбарлар сыяктуу жалааларга кабылат, ар кандай кыйынчылык, жалган жалаа жана балээлер менен сыналат, жана каапырлар курган тузактарга көкүрөк тосот. Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистер төмөнкүдөй:

Имам Зейнул Абидин алейхис-салам мындай деген:
«БИЗДИН КАИМИБИЗ (АЗ. МЕХДИ (АС)) МЕНЕН АЛЛАХТЫН ЭЛЧИЛЕРИ АРАСЫНДА БИР КАТАР ОКШОШТУКТАР БАР. НУХ, ИБРАХИМ, МУСА, ИСА, АЙЙУБ ЖАНА МУХАММЕД САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА АЛИХ ПАЙГАМБАРЛАРДЫН АР БИРИ МЕНЕН БИР ОКШОШТУГУ БАР. Нух менен узун өмүрлүү болушунда, Ибрахим менен жашыруун төрөлүшүндө жана калктан алыс болушунда; Муса менен корккон абалы (Аз. Мехди (ас)га багытталган коркунучтардын көптүгү; өлтүрүү, тузак куруу, камакка алуу, көзөмөлгө алуу, сүргүн сыяктуу ар кандай кооптуулуктардын көп болушу) жана көздөрдөн алыс жашашында (дайыма жашырынып жашашында); Иса менен элдин ал жөнүндө талаш-тартышка түшүшүндө (кээ бир адамдардын «Аз. Мехди (ас) келет», кээ бирлеринин болсо «келбейт» дешинде); Аййуб менен балээден соң кутулуунун келишинде (Аз. Мехди (ас)га да көптөгөн кыйынчылык, оору, дарттардын келиши, бирок Аз. Аййуб сыяктуу Аллахтын мээрими менен баарынан кутулушунда); Мухаммед (сав) менен болсо кылыч менен кыям этишинде (Пайгамбарыбыз (сав)дын ыйык аманаттары болгон куттуу желеги, кылычы жана көйнөгүнүн (жемпер) Аз. Мехди (ас)дын жанында болушунда) окшоштугу бар.» (Kemal'ud-Din 322-б., 31-бап 3-хадис)

Имам Мехди (Аз. Мехди (ас)) ДАВУД ПАЙГАМБАР (АС)ДЫН САКТАНЫШЫНА (КАРМАНЫШЫНА) жана АЙЙУБ ПАЙГАМБАР (АС)ДЫН САБЫРЫНА ээ. (Kefaayah al-Asar, 43-бет)

Пайгамбарлардын баары ар кандай кыйынчылык, жалган жалаалар жана оорулар менен сыналышкан. Пайгамбарлардын баары каапырлардын кысымына жана тузактарына кабылып, каапырлар аларды өлтүрүүнү каалашкан, жана аларды «сыйкырчы», ал тургай, «акылынан адашкан (жинди)» дешкен. Аларга Куранды окуганда Пайгамбарыбыз (сав)ды «Ал чындап бир жинди» дешкен (Калем Сүрөсү, 51), Аз. Худ (ас)га «акылы кем жана жалганчы»деген жалаа жабылган (Араф Сүрөсү, 66). Аз. Йусуф (ас) эч кандай кылмыш кылбаганына карабастан, көп жылдар камакта жаткан, Аз. Муса (ас)ды «сыйкырчы жана жинди» дешкен (Зарият Сүрөсү, 39), Аз. Ибрахим (ас) коомунун алдыңкылары тарабынан отко ташталган (Анбия Сүрөсү, 68). Аз. Мехди (ас) да, Пайгамбарыбыз (сав) риваятында айткандай, пайгамбарлар жана бүт ыкластуу Мусулмандар туш болгон кыйынчылыктарга кабылып, каапырлардын тузак, фитна жана жалган жалаалары менен күрөшөт, жана татаал, азап толо бир өмүр сүрөт.

Пайгамбарыбыз (сав) хадистерде айткан «Мехди» сүрөттөөсү мына ушундай. Раббибиздин бир Кутб-у азам катары милдеттендирген Аз. Мехди (ас)ды адамдардан жогору жана периштелерге тиешелүү өзгөчөлүктөр менен жаратышы эч мүмкүн эмес. Мындай сөз эч бир сахих (ишенимдүү) хадисте жок, тескерисинче Аз. Мехди (ас) менен жанындагы шакирттеринин кыйынчылык, азаптарга толо бир өмүр сүрөөрү, Мусулман болгону жана дин ахлагында жашаганы үчүн көп адамдардын аларга терс мамиле кылаары көптөгөн хадистер менен кабар берилген.

Аз. Мехди (aс) Дын Артынан Түшүп, Көзөмөлдөшөт Жана Кысымга Алууну Каалашат

Эбу Саид Эль-Худринин (ра) риваятында Расулуллах (сав) мындай деген: «Дажжал чыкканда, ага каршы ыймандуулардан бир адам (Аз. Мехди (ас)) багытталат. БИР ЗАМАТТА АЛ ЫЙМАНДУУ КИШИГЕ БИР КАНЧА КУРАЛЧАНДАР, ДАЖЖАЛДЫН БОРБОРЛОРДО КӨЗӨМӨЛ ЖАСАГАН КУРАЛЧАНДАРЫ КАРШЫ ЧЫГЫШАТ.» (Mehdilik ve İmamiye 37, (Сахихи Мүслим, 11/393'ден алынган)

Пайгамбарыбыз (сав)дын бул хадисинде Аз. Мехди (ас)ды дажжалдын куралчан адамдарынын көзөмөлдөп, изине түшөөрү жана ушундайча аны таасирсиз кылууга аракет кылаары айтылууда. Куранда да акыйкат динге чакырган элчилерге өз доорлорунда ушул сыяктуу изине түшүп, тоскоол болууга аракет кылынганы мындайча кабар берилген:

Ал бир жинди адам гана, аны белгилүү бир мөөнөт акмалап тургула. (Мүминун Сүрөсү, 25)

Бирок Пайгамбарыбыз (сав) да айткандай, дажжалдын мындай иш-аракеттеринен майнап чыкпайт; ал тургай, тескерисинче Аз. Мехди (ас)дын таасири менен күчүнүн андан да өсүшүнө, дүйнө жүзүнө атак-даңкынын андан да жайылышына себеп болот.

Аз. Мехди (aс) Дын Көздөрдөн Алыс Болушу

...Түндөлөрүн ибадат менен өткөрүп, күндүздөрү жашыруун болот... (Ukayli "En-Necmu's-sakıb fi Beyanı Enne'l Mehdi min Evladı Ali b. Ebi Talib Ale't-Temam ve'l kamal")

Аз. Мехди (aс) Жөнүндө Терс Пропаганда Жасалышы

Момун (ыймандуу) киши (Аз. Мехди (ас)) дажжалды көргөндө: «Эй адамдар! Расулуллах (сав) айткан дажжал мына ушул» дейт. Дажжал ошол замат ага тиешелүү буйругун берип, ал зат (киши) курсагы үстүнө жаткырылат жана артынан: «аны алып, жаралагыла» дейт. Анан ал заттын аркасы менен курсагы уруп уруп кеңейтилет... (Mehdilik ve İmamiye, İbrahim Süleymanoğlu, 40-б.)

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын «аркасы менен курсагына уруп уруп кеңейтилиши» мүтешабих (салыштырмалуу) мааниде айтылган. Mehdilik ve İmamiye (Мехдилик жана имамдык) китебинин автору бул бөлүм жөнүндө «Аз. Мехди (ас)дын атак-даңкы тынымсыз айлана-чөйрөгө жарыяланып жайылууда» дейт. Бирок муну дажжал тараптарлары жасагандыктан, бул пропаганданын Аз. Мехди (ас)ды жамандоо аркылуу болоорун айтууга болот.

Пайгамбарыбыз (сав) доорунда Исламга каршы чыккандар өз ойлорунда аны жамандоо үчүн ал доордун маалымат каражаты болгон акындарды колдонушкан. Акындар көргөзмөлөрдө, базарларда Пайгамбар (сав)га караңгылык менен жинди, сыйкырчы, көзү ачык сыяктуу жалааларды жабышкан. Акыр заманда болсо Исламга каршы болгон дажжал тараптарлары Аз. Мехди (ас)ды өз ойлорунда жамандашып, өз ойлорунда элдин алдында абройун түшүрүүгө аракеттенишет.

Хадистерде Аз. Мехди (ас)дын башталгыч жылдарынын азап, кыйынчылыктарга толо күрөш жылдары болоору айтылат. «Алтын кылым» болсо Аз. Мехди (ас)дын жер бетиндеги акыркы жылдарына тиешелүү. Аз. Мехди (ас) менен Мусулмандар ушул доордо гана бейпилдикке, молчулукка жетишет жана сүйүүгө, тынчтыкка, бир туугандыкка таянган бир өмүрдү ушул доордо сүрүшөт.

Аз. Мехди (aс) Эки Жолу Кайып (Көздөн Кайым) Болот

Эбу Абдуллах Хүсейин бин Али алейхис-саламдан мындай дегени риваят кылынат: Бул ишти кыла тургандын (б.а. Аз. Мехди (ас)дын) эки көздөн кайым болуусу бар. Бул эки кайым болуунун бири ушунчалык көпкө созулгандыктан, кээ бирлер: «ал өлдү», кээ бирлер болсо: «ал кетти» дешет. Аны сүйгөндөр да, башкалар да анын ордун биле алышпайт, анын жакын кызматчысы гана анын ордун (турган жерин) билет. ("el-Saa Fi Eşrat-is Saa" 93-б. Египет басм.)

Аз. Мехди (aс) Дын Колу Да, Буту Да Өз-Өзүнчө Чынжыр Менен Байланат

Момун (ыймандуу) киши (Аз. Мехди (ас)) дажжалды көргөндө: «Эй адамдар! Расулуллах (сав) айткан дажжал мына ушул» дейт. ДАЖЖАЛ ОШОЛ ЗАМАТ АГА ТИЕШЕЛҮҮ БУЙРУГУН БЕРИП, ал зат (киши) курсагы үстүнө жаткырылат жана артынан: «аны алып, жаралагыла» дейт. Анан ал заттын аркасы менен курсагы уруп уруп кеңейтилет. Бул жолу ДАЖЖАЛ АНЫ (Аз. Мехди (ас)ды) ЭКИ КОЛУНАН ЖАНА ЭКИ БУТУНАН КАРМАП УЧУРУП ЫРГЫТАТ. Адамдар дажжал аны бир оттун ичине таштады деп ойлошот. Бирок ал бир бейиш ичине ташталган болот. (Mehdilik ve İmamiye, İbrahim Süleymanoğlu, 40-б.)

Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде акыр заманда дажжалдын Аз. Мехди (ас)дын колуна жана бутуна чынжыр салаарына көңүл бурган. Хадисте берилген бул маалыматтардан Аз. Мехди (ас)дын колдору менен буттарынан чынжыр менен байланып ошол доордун түрмөлөрүнө жана жиндиканаларына ташталаары түшүнүктүү болууда.

Аз. Мехди (aс) Өтө Оор Шарттарда Ислам Ахлагын Дүйнөгө Жайат

Абдуррахман б. Селиттен; Имам Хүсейин б. Али б. Эбу Талиб алейхис-салам мындай деди: «... АКЫЙКАТ ҮЧҮН КЫЯМ ЭТЕ ТУРГАН АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)). ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ ӨЛГӨН СОҢ АЛЛАХ АНЫ СЕБЕПЧИ КЫЛЫП КАЙРА АНЫ ЖАНДАНТАТ ЖАНА МУШРИКТЕР КААЛАБАСА ДА АЛЛАХ АКЫЙКАТ ДИНДИ БАШКА ДИНДЕРДЕН ҮСТӨМ КЫЛАТ... АЛАРГА КЫСЫМЧЫЛЫКТАР БОЛОТ ЖАНА АЛАРГА АЙТЫЛАТ: «ЭГЕР ЧЫН СҮЙЛӨП ЖАТСАҢАР, БУЛ УБАДА КАЧАН ИШКЕ АШАТ.» Билип койгула, АЛ КӨЗДӨН КАЙЫМ КЕЗДЕГИ КЫСЫМДАРГА ЖАНА ЖАЛГАНЧЫГА ЧЫГАРУУЛАРГА САБЫР КЫЛУУ РАСУЛУЛЛАХ МЕНЕН БИРГЕ КЫЛЫЧТАП ЖИХАД КЫЛГАНГА БАРАБАР.» (Uyun-ul Ahbar, 1-т., 68-б.)

КУТТУУ ХАДИСТЕРДЕ АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН АКЫР ЗАМАНДЫН ДАЖЖАЛИЯТ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН БОЛГОН ПИКИРДИК КҮРӨШҮ ДАЖЖАЛ ЧЫККАНДА, АГА КАРШЫ ЫЙМАНДУУЛАРДАН БИР АДАМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БАГЫТТАЛАТ. Бир заматта АЛ ЫЙМАНДУУ КИШИГЕ БИР КАНЧА КУРАЛЧАНДАР, ДАЖЖАЛДЫН БОРБОРЛОРДО КӨЗӨМӨЛ ЖАСАГАН КУРАЛЧАНДАРЫ КАРШЫ ЧЫГЫШАТ. (Mehdilik ve İmamiye 37-б., Сахихи Мүслим, 11/393'төн алынган)

Момун (ыймандуу) киши (Аз. Мехди (ас)) дажжалды көргөндө: «Эй адамдар! Расулуллах (сав) айткан дажжал мына ушул» дейт. Дажжал ошол замат ага тиешелүү буйругун берип, ал зат (киши) курсагы үстүнө жаткырылат жана артынан: «аны алып, жаралагыла» дейт. Анан ал заттын аркасы менен курсагы уруп уруп кеңейтилет. Бул жолу дажжал аны (Аз. Мехди (ас)ды) эки колунан жана эки бутунан кармап учуруп ыргытат. Адамдар дажжал аны бир оттун ичине таштады деп ойлошот. Бирок ал бир бейиш ичине ташталган болот. (Mehdilik ve İmamiye, 40-б.)

ҮММӨТҮМДӨН БИР ТОП АЛАРГА ДУШМАНДЫК КЫЛГАНДАРДЫ ЖЕҢГЕН АБАЛДА АКЫЙКАТ ҮЧҮН КҮРӨШТҮ УЛАНТЫШАТ. АЛ ТУРГАЙ АЛАРДЫН АКЫРКЫСЫ МЕСИХҮД ДАЖЖАЛ МЕНЕН СОГУШАТ. (ПИКИРДИК КҮРӨШ ЖҮРГҮЗӨТ) (Ramuz El-Ahadis, 472-б.) (Hanbelin Müsnedi -Ebu Davud-Tabarani -Hakim)

... Биз ушундай бир адамдарбыз; Аллах биз үчүн акыретти дүйнө ордуна тандаган. Менин Эхли Бейтим сөзсүз менден кийин балээ, уурдалуу жана сүргүнгө туш болот. Менден соң Эхли Бейтим балээ жана мээнеттерге туш болушат жана аларга кол салуу болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 14-б.)

... Аз. Мехди (ас) Расулуллахтын желеги менен адамдардын баштарына балээ үстүнө балээ жааган жана чыгышынан үмүт үзүлгөн бир кезде чыгат. Эки рекет намаз кылат (окуйт). Намаздан кайтканда мындай дейт: «Эй адамдар! Мухаммед үммөтү жана өзгөчө анын Эхли Бейти көп балээлерди көрдү жана биз азап менен адилетсиздикке кабылдык.» (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 55-б.)

Кыяматка (дажжал менен күрөшкөнгө) чейин МЕНИН ҮММӨТҮМДӨН БИР ТОП акыйкат үчүн жеңген абалда күрөшүшөт. (пикирдик күрөш жүргүзүшөт) (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 80-б.)

ЖАНЫНДА ШОРПОДОН БИР ТОО, СУУБАГАН ЫСЫК ЭТ АККАН БИР ДАРЫЯ, ЖАПЖАШЫЛ БАКЧАЛАРДАН ТУРГАН ТОКОЙ, ТҮТҮН ЖАНА ОТ ТООСУ БАР... Адамдарга мына ушул бейишим, бул болсо тозогум... МЫНА ТАМАК, МЫНА СУУСУНДУКТАРЫ ДЕЙТ... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El- Hüseyni El Berzenci (Эль-Хүсейин Эль Берзенжи), Pamuk Yayıncılık, 214-б.)

«БИР КАТАР АДАМДАР ДАЖЖАЛ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮШӨТ. Жана мындай дешет: БИЗ АНЫН КААПЫР ЭКЕНИН БИЛЕБИЗ; ТАМАГЫНАН ЖЕШ, ДАРАГЫНАН ПАЙДАЛАНЫШ ҮЧҮН АНЫ МЕНЕН ДОСТОШУУДАБЫЗ. Аллахтын азабы келгенде, дажжал менен бирге баарына келет... (Nuaym b. Hammad; Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed B. Resul El- Hüseyni El Berzenci (Эль-Хүсейин Эль Берзенжи), Pamuk Yayıncılık, 9-чыгарылыш, 231-б.)

Аз. Мехди (aс) Кээ Бир Адамдардын Терс Пикирлеринен Таасирленбейт, Дайыма Куранга Карап Мамиле Кылат

Аз. Али (ас) Аз. Мехди (ас)дын кыямы алып келе тургандар жөнүндө мындай дейт:
АДАМДАРДЫН ЖЕКЕ ПИКИРЛЕРИНЕ, ЖОРОМОЛДОРУНА МААНИ БЕРБЕЙТ; КУРАНДЫН ӨКҮМҮН АТКАРЫП БАШТАЙТ. (Mikyalu'l Mekarim 1-т., 81-б.)

Аз. Али (ра) Аз. Мехди (ас)дын чыгышы менен бирге боло турган окуялар жөнүндө: «Аз. Мехди (ас)дын адамдардын жеке пикирлерине, ал жөнүндөгү жоромолдоруна маани бербешин жана алардан таасирленбешин билдирүүдө. Аз. Мехди (ас) өзү жөнүндөгү кээ бир адамдардын тескери сөздөрүнөн, пикирлеринен таасирленбейт. Жалгыз критерий катары Курандын өкүмдөрүн жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүн негиз алат жана ал өкүмдөрдү аткарып баштайт.

Аллах Аз. Мехди (aс) Ды Ага Жабылган Жалаалардан Тазалайт

Аз. Мухаммед (сав) бүлөсүнөн Эль-Мехди (Аз. Мехди (ас)) ... кең курсактуу, каштары жакын, буттары өтө энергиялуу, далылары кең, ... анын түнү Аллахка моюн сунуу менен жана сажда кылуу менен жылдыздарга кезекчилик кылуу менен өтөт, аны айыптагандардын жапкан айыптары ага Аллахтын алдында таасир бербейт, ал нур чачуучу бир шам чырак. (Bihar-ül Envar: 86-81)

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбарыбыз (сав)дын урпагынан болоору айтылуда. Аз. Мехди (ас)дын тышкы көрүнүштөрүнөн кең курсактуу болоору, каштарынын бир-биринен бөлүнгөн эмес, жакын болоору, буттарынын энергиялуу жана далыларынын кең болушу кабар берилүүдө. Хадисте Аз. Мехди (ас)дын түндөрдү ибадат кылуу менен жана Аллах ыраазылыгы үчүн илимий иш-аракеттер менен өткөрөөрүнө көңүл бурулууда. Ошондой эле, хадисте Аз. Мехди (ас)га калп айып тагып, күнөөлөөчүлөрдүн да болоору айтылууда. Бирок иншаАллах Аллах Аз. Мехди (ас)ды ага жабылган жалаалардан тазага чыгарат. Аз. Мехди (ас) коомдун караңгы адеп-ахлак өзгөчөлүктөрү арасында даана өзгөчөлөнүп турган, таза Ислам ахлагы менен нур чачуучу бир шам чырак сыяктуу болот.

Аллах Аз. Ибрахим (aс) Сыяктуу Аз. Мехди (aс) Ды Да Каапырлардын Бүт Тузактарынан Аман-Эсен Куткарат

Пайгамбар Ибрахим (ас) сыяктуу Имам Мехди (ас) да ЖАЛЫНДАГАН ОТТОН КООПСУЗДУКТА ЖАНА ИШЕНИМДЕ чыгат. (Mikyaal al-Makaarem, 1-том, 181-бет)

Бүт пайгамбарлар, чын ыкластуу Мусулмандар дүйнө жашоосундагы сыноонун бир талабы катары жана Аллахка болгон сүйүүлөрүнө, бекемдигине, ыйман тереңдигине өздөрү күбө болушу үчүн каапырлардын кысымдарына, кыйынчылык менен азаптарга туш болушкан. Аз. Нух (ас)дын, Аз. Муса (ас)дын, Аз. Йусуф (ас)дын, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын жана башка пайгамбарлардын жашоолорун караганыбызда Аллах жолунда каапырлардын тузактарына, жалааларына, айыптоолоруна, өлтүрүү жана сүргүн кылуу коркутууларына жолукканын көрөбүз. Бул Аллах Ага чын көңүлдөн шерик кошпостон ыйман келтирген, тобокел кылган чын ыкластуу Мусулмандар менен жалганчы, жүрөгүндө «оорусу» бар ыйманы алсыз, мүнафык мүнөздүү (эки жүздүү) адамдарды бир-биринен айырмалоо үчүн жараткан сыноонун бир сыры.

Аллах Аны чын жүрөктөн сүйгөн жана бир гана Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн жашаган адамдарга «... чындап кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. Чындап кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.» (Инширах Сүрөсү, 5-6) аяттарына ылайык дайыма жеңилдик жаратып, алар жолуккан ар кыйынчылыкта аларга жардам берүү менен, аларга болгон сүйүүсүн, коргоосун, мээримин дайыма сездирет.

Мисалы, Аз. Ибрахим (ас) ичинде жашап жаткан коомду адашкан ишенимдеринен куткаруу каалаганы жана аларды Аллахтын динине, сонун ахлакка чакырганы үчүн коомунун катуу кысымчылыгына туш болгон. Ал тургай, коомунун душмандыгы ушундай бир даражага жетип, Аз. Ибрахим (ас)ды отко таштап аны күйгүзүүгө аракет кылышкан. Бирок Аллах «Эй от Ибрахимге карата муздак жана эсендик бол.» (Анбия Сүрөсү, 69) деп буйрук берүү менен Аз. Ибрахим (ас)ды коомунун бул таш боор тузагынан куткарган.

Пайгамбар Мырзабыз (сав) бул хадисинде «Пайгамбар Ибрахим (ас) сыяктуу Имам Мехди (ас) да ЖАЛЫНДАГАН ОТТОН КООПСУЗДУКТА ЖАНА ИШЕНИМДЕ чыгат» деп бир салыштыруу жасоо менен Аз. Мехди (ас)дын да Аз. Ибрахим (ас)дагы сыяктуу ага курулган ЭҢ КООПТУУ ТУЗАКТАРДАН, ЖАБЫЛГАН ЭҢ ООР АЙЫПТООЛОРДОН, ЖАЛААЛАРДАН ЖАНА ЖАМАНДООЛОРДОН АЛЛАХТЫН ЖАРДАМЫ АРКЫЛУУ ИШЕНИМДҮҮЛҮК МЕНЕН КООПСУЗДУККА ЧЫГААРЫН айткан.

Аз. Мехди (aс) Кайып Кезде Да Иш-Аракеттерин Улантат

Хадисте Аз. Мехди (ас)дын көздөн кайым кезде да иш-аракеттерин улантаарына ишарат кылынууда. Аз. Мехди (ас)га Ислам ахлагына чакырганы жана ийгиликтүү иш-аракеттери себебинен ыймансыздар күчтүү кысымчылык көрсөтүшөт. Ушул себептен кээ бир доорлордо Аз. Мехди (ас) камалат же адамдардын көзүнөн жашырынат. Пайгамбарыбыз (сав) мына ушул көздөн кайым кездеринде да Аз. Мехди (ас)дын адамдардын ыйманын бекемдей турган, Аллахтын бар экенин баяндай турган иш-аракеттерин улантаарын кабар берген.

Аз. Расулуллах (сав) «Көздөн кайым доорунда Аз. Мехди (ас)дын бар болушунун кандай пайдасы болот?» деген бир суроого мындайча жооп берди: «Мени пайгамбар кылып жөнөткөн Аллахка ант болсун, адамдар көздөн кайым кезинде булуттардын артында калган күндөн пайдалангандай андан пайдаланышат.» (Bihar'ül-Envar, 52-том, 93-бет)

Аз. Мехди (aс) Жөнүндө Бир Дагы Жаман Маалымат Табыла Албайт Жана Аз. Мехди (aс) Га Курулган Тузактардан Эч Натыйжа Чыкпайт

Нечүл Белагадан ыймандуулардын Мырзасы (сав) мындай деди: «Ал (Аз. Мехди (ас)) адамдардан жашырынган кезде АРТЫНАН ТҮШКӨНДӨР ИЗДЕШСЕ ДА АНЫН БУТ ИЗДЕРИН КӨРҮШПӨЙТ...» (Kitab-ül Gaybet, [Bihar-ul Envar, 51-т.], Ansariyan Yayıncılık, Derleyen: Muhammed Bakır el-Meclisi, İran-Kum, 2003, 186-б.)

Хадисте «буудайды ичинен бузууга аракеттенген курт сыяктуу жийиркеничтүү жана зыянкеч жандыктар» деп аталган МҮНАФЫКТАР ЖЕТКИРГЕН МААЛЫМАТТАР МЕНЕН АЗ. МЕХДИ (АС) ТУЗАК КУРУУГА АРАКЕТ КЫЛЫНААРЫ кабар берилген. Бирок артынан түшкөндөр туткундоо, сүргүн кылуу же түрмөгө камоо сыяктуу максаттар менен Аз. Мехди (ас) жөнүндө маалымат чогулткулары келсе да, мындан эч майнап чыкпайт, АЛ ЖӨНҮНДӨ ЭЧ АНЫН ЗЫЯНЫНА МААЛЫМАТ ТАБА АЛЫШПАЙТ ЖАНА КУРГАН ТУЗАКТАРЫНДА ЭЧ МАКСАТТАРЫНА ЖЕТЕ АЛЫШПАЙТ.

Бүт Кысым Менен Чабуулдар Аз. Мехди (aс) Ды Андан Да Күчтөнтөт

Момун (ыймандуу) киши (Аз. Мехди (ас)) дажжалды көргөндө: «Эй адамдар! Расулуллах (сав) айткан дажжал мына ушул» дейт. Дажжал ошол замат ага тиешелүү буйругун берип, ал зат (киши) курсагы үстүнө жаткырылат жана артынан: «аны алып, жаралагыла» дейт. АНАН АЛ ЗАТТЫН АРКАСЫ МЕНЕН КУРСАГЫ УРУП УРУП КЕҢЕЙТИЛЕТ. Бул жолу дажжал аны (Аз. Мехди (ас)ды) эки колунан жана эки бутунан кармап учуруп ыргытат. АДАМДАР ДАЖЖАЛ АНЫ БИР ОТТУН ИЧИНЕ ТАШТАДЫ ДЕП ОЙЛОШОТ. БИРОК АЛ БИР БЕЙИШ ИЧИНЕ ТАШТАЛГАН БОЛОТ. (Mehdilik ve İmamiye, İbrahim Süleymanoğlu, 40-б.)

Хадисте салыштырмалуу мааниде колдонулган Аз. Мехди (ас)дын «аркасы менен курсагынын уруп уруп кеңейтилиши» Аз. Мехди (ас)га жасалган кысымчылык жана чабуулдар менен Аз. Мехди (ас)дын атак-даңкынын андан да жайылаарын жана риваятта ишарат кылынгандай таасиринин дүйнөлүк масштабда барган сайын кеңейээрин көрсөтүүдө.

Ошондой эле хадисте «дажжалдын Аз. Мехди (ас)ды бир оттун ичине ташташы» болсо дажжалдын жамандык кылам деп жатып Аз. Мехди (ас)дын күчүн көбөйтөөрүн көрсөтүүдө. Дажжалияттын жактоочулары Аз. Ибрахим (ас) сыяктуу Аз. Мехди (ас)ды да руханий бир отто күйгүзөөрүн айтышат, бирок Аллах ал отту муздак жана эсендик кылып, каапырлардын тузактарын бузат жана бул багыттагы алардын ар бир аракетин Аз. Мехди (ас)дын атак-даңкы менен таасиринин көбөйүшүнө себепчи кылат.

Аз. Мехди (aс) Өтө Оор Шарттарда Ислам Ахлагын Дүйнөгө Жайат Куттуу Хадистерде Аз. Мехди (aс) Дын Акыр Замандын Дажжалият Системасы Менен Болгон Пикирдик Күрөшү

ДАЖЖАЛ ЧЫККАНДА, АГА КАРШЫ ЫЙМАНДУУЛАРДАН БИР АДАМ (АЗ. МЕХДИ (АС)) БАГЫТТАЛАТ. Бир заматта АЛ ЫЙМАНДУУ КИШИГЕ БИР КАНЧА КУРАЛЧАНДАР, ДАЖЖАЛДЫН БОРБОРЛОРДО КӨЗӨМӨЛ ЖАСАГАН КУРАЛЧАНДАРЫ КАРШЫ ЧЫГЫШАТ. (Mehdilik ve İmamiye 37-б., Сахихи Мүслим, 11/393'төн алынган)

Абдуррахман б. Селиттен; Имам Хүсейин б. Али б. Эбу Талиб алейхис-салам мындай деди: «... АКЫЙКАТ ҮЧҮН КЫЯМ ЭТЕ ТУРГАН АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)). ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ ӨЛГӨН СОҢ АЛЛАХ АНЫ СЕБЕПЧИ КЫЛЫП КАЙРА АНЫ ЖАНДАНТАТ ЖАНА МУШРИКТЕР КААЛАБАСА ДА АЛЛАХ АКЫЙКАТ ДИНДИ БАШКА ДИНДЕРДЕН ҮСТӨМ КЫЛАТ... АЛАРГА КЫСЫМЧЫЛЫКТАР БОЛОТ ЖАНА АЛАРГА АЙТЫЛАТ: «ЭГЕР ЧЫН СҮЙЛӨП ЖАТСАҢАР, БУЛ УБАДА КАЧАН ИШКЕ АШАТ.» Билип койгула, АЛ КӨЗДӨН КАЙЫМ КЕЗДЕГИ КЫСЫМДАРГА ЖАНА ЖАЛГАНЧЫГА ЧЫГАРУУЛАРГА САБЫР КЫЛУУ РАСУЛУЛЛАХ МЕНЕН БИРГЕ КЫЛЫЧТАП ЖИХАД КЫЛГАНГА БАРАБАР.» (Uyun-ul Ahbar, 1-т., 68-б.)

Куран аяттарында Аз. Мехди (ас)га ишараттар бар. Пайгамбарыбыз (сав)дын Аз. Хүсейин (ра) тарабынан жеткирилген бир риваятында Хадид Сүрөсүнүн 17-аяты Аз. Мехди (ас)га карата бир ишарат деп айтылган. Хадисте «Билгиле, чындап Аллах өлүмүнөн кийин жер бетине жашоо берет. Күмөнсүз, Биз акылыңарды колдоноорсуңар деп силерге аяттарды түшүндүрдүк.» аятындагы «... Аллах өлүмүнөн кийин жер бетине жашоо берет...» сөзүнүн Аз. Мехди (ас)га ишарат экени айтылган.

Чындап эле акыр заманда чыга турган Аз. Мехди (ас) себепчи болуу менен Ислам дини кайрадан жанданып, мусулмандар Куран ахлагы жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнө ылайык жашап башташат. Мусулмандардын саны көбөйөт жана дүйнө жүзүндө Ислам ахлагы орнойт. Хадистин уландысында Аз. Хүсейин (ра) Тообо Сүрөсүнүн 33-аятынын да Аз. Мехди (ас)га ишарат кылаарын айткан жана Аз. Мехди (ас) доорунда мушриктер (Аллахка шерик кошкондор) каалабаса да Ислам дининин үстөм болоорун, б.а. Ислам ахлагынын дүйнөгө орноорун айткан.

Мындан тышкары, ошол эле куттуу хадисте Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин каапырлар тарабынан кыйноого алынаары, камалаары, жалган жалаа жана жаман сөздөргө кабылаары, жаман мамиле көрөөрү, башка жагынан болсо мүнафыктардын Аз. Мехди (ас)га шектенүү менен мамиле кылаары, андан дүнүйөлүк бир кызыкчылык күтүшөөрү жана Ислам ахлагынын дүйнөгө орношунда сабыр кыла албашы айтылган.

Аз. Мехди (ас)дын өзүнө жана шакирттерине жабылган ушул сыяктуу жалаа менен кыйноолорго карата тынымсыз төгүндөөлөрдү жасаары, б.а. чындыктарды калкка тынымсыз угузаары да ушул куттуу хадистен көрүнүп турат. Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас) менен шакирттерине жабылган жалаалар менен жана аларга жасалган ар кандай кыйынчылыктар менен күрөшүүнүн, бул чабуулдарга карата пикирдик бир күрөш жүргүзүүнүн Пайгамбарыбыз (сав) менен бирге кылычтап согушуудай кыйын бир иш болоорун да кабар берген. Хадистин бул бөлүгүнөн Аз. Мехди (ас) менен шакирттеринин өтө оор жана татаал шарттарда Ислам ахлагын жайаары жана ар кандай кооптуулуктар курчаган абалда жашашаары да түшүнүктүү болууда.

Аз. Мехди (aс) Эч Качан Жеңилбейт; Эч Ким Аз. Мехди (aс) Га Зыян Тийгизе Албайт

Аз. Мехди (ас) Аллахтын уруксаты менен бүт дүйнө жүзүнө Ислам ахлагын орнотот, чоң жана укмуштуу бир илимий күрөш жүргүзөт жана теңдешсиз бир ийгиликке жетет. Адамдарды дин ахлагынан алыстаткан жана динди танышына себеп болгон дарвинизм менен материализм сыяктуу идеологияларды пикирдик жактан жер менен жексен кылат жана адамдар топ топ болуп динге багытталышат. Бул чоң күрөшү учурунда дажжалият Аз. Мехди (ас)га каршы сансыз тузак куруп, аны акыйкатсыздык менен түрмөгө камайт, жалаалар менен бут тосууга аракет кылат, ал тургай, өмүрүнө да кол салат. Бирок Аз. Мехди (ас) Аллахтын коргоосунда жана Аллахтын уруксаты менен эч бир тузак ага зыян тийгизе албайт. Сырттан караганда кыйынчылык жана азаптай көрүнгөн абалдар дагы Аз. Мехди (ас)дын андан да күчтөнүшүнө, дүйнө жүзүндө таасиринин андан да артышына себеп болот. АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫ ЭЧ ЖЕҢЕ АЛЫШПАЙТ, АЛЛАХТЫН УРУКСАТЫ МЕНЕН АЛ ДАЙЫМА ЖЕҢЕТ. Аз. Мехди (ас)ды жеңе албашына ишарат кылган аяттардын бири төмөнкүдөй:

ЭГЕР АЛЛАХ СИЛЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРСЕ, СИЛЕРДИ ЭЧ КИМ ЖЕҢЕ АЛБАЙТ жана эгер силерди жападан жалгыз жана жардамсыз калтырган болсо, андан соң силерге ким жардам берет? Демек момундар бир гана Аллахка тобокел кылышсын. (Али Имран Сүрөсү, 160)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР