Баш Сөз

Бир темада маалыматы аз же ал жөнүндө көп ойлонбогон адамдар ал темада көп жаңылыш ойлордо болушу мүмкүн. Же башкалар тарабынан атайылап жаңылыш ойлорго салынышы мүмкүн. Мисалы, бир телевизордун кантип иштээри, механизминин кайсы бөлүктөрдөн тураары жөнүндө көп маалыматы болбогон же ал тема менен алектенбеген бир адам үчүн телевизор кино көрчү, жаңылыктарды укчу бир каражат гана болуп саналат. Телевизорго сүрөттөлүш менен үндүн кантип келээри, сүрөттөлүштүн экранда кантип пайда кылынаары, спутник байланыштарынын кантип түзүлөөрү, башка бир өлкөдөн жолго чыккан бир сүрөттөлүштүн алгач космоско чыгып, анан үйүндөгү телевизорунун ичине эч тоскоолдуксуз, үнү жана түсү менен бирге кантип жетээри, ичиндеги каражаттардын, колдонулган материалдардын эмне ишке жарашы, пульттук башкаруунун кантип иштеши сыяктууларды билбегенде жана алар жөнүндө ойлонбогондо ал каражаттагы технологиялык кереметти да түшүнүп, ага суктана албайт. Телевизорду каалаган программаларын көрө алчу электрондук бир каражат катары гана көрөт.

three-dimensional protein

Белоктор жөнүндөгү бир китептин кириш сөзүндө “телевизор жөнүндөгү мисалдын кандай максаты бар?” деп ойлогондор болушу мүмкүн. Бул жердеги максат – адамдардын кээ бир темалардагы маалыматынын аз болушу же көп ойлонбошунун маанилүү жаңылыштыктарга же үстүртөн кароого себеп болушу мүмкүн экенине, адамдардын кээ бир темалар жөнүндө ойлонбогондо эң маанилүү темалардан да кабарсыз жашашы мүмкүн экенине басым жасоо. Балким телевизордун кантип иштеши жөнүндө маалыматсыз болуу же бул темада көп ойлонбоо адамга көп жоготуу алып келбеши мүмкүн. Бирок жер бетинде жашоо кантип башталган жана кантип уланган деген суроо жөнүндө ойлонбоо, бул жөнүндө айтылган жалгандарга аңкоолук менен ишенүү бир адамдын эң чоң жоготуусу жана жаңылыштыктарынын бири болушу мүмкүн. Ушул себептен адамдар жашоо кантип башталган деген суроо жөнүндө ойлонушу керек.

Бул китепте жашоонун негизги курулуш материалы болгон белоктордун (протеин) кээ бир өзгөчөлүктөрү каралып, адамдарга “жашоо кантип башталган” деген суроонун жалгыз туура жообу берилет. Бул жооп мындай: жашоо улуу жана кудуреттүү бир Жаратуучу Аллахтын жаратуусу менен башталган.

Бул ачык чындыктан кабарсыздарга Куранда мындай кайрылуу жасалат:

Адам мурда эч нерсе эмес кезде чындап Биздин аны
жаратканыбызды (эч) ойлонбойбу?
(Мерйем Сүрөсү, 67)