Жыйынтык

Жогоруда да айтылгандай, бул китептин жазылуу максаты белгилүү болгон биология, биохимия же генетика аттуу китептерден өтө айырмалуу. Бул китепте биологиядан физикага, анатомиядан астрологияга чейин бүт илимдерден жогору бир илимге, акылга ээ, бүт илимдердин темасын түзгөн нерселерди, системаларды, жандыктарды, тартиптерди бир-бирден жараткан Аллахтын улуу кудуретин, акылын, теңдешсиз жаратуусун жана илимин адамдарга көрсөтүү максатталган.

Бир нерсени унутпаш керек: бүгүн дүйнөдө жүз миңдеген илимпоз белок темасында адистешип, күнү-түнү, тынымсыз белокторду изилдөөдө жана жыйынтыгында белоктор жөнүндө томдогон энциклопедияны толтура турган маалыматтарды алышууда. Бирок бүт ал маалыматтар алардын бир бөлүгүнүн туура эмес, ойдон чыгарылган пикирлерден кутулушуна эч салым кошкон жок. Белоктун канчалык комплекстүү жана кемчиликсиз бир долбоорго ээ экенин билип туруп, ал илимпоздор миңдеген атом кокустан эң керектүү шарттарда биригип, мисалы канда кычкылтекти ташуу чечимин алышкан деп ишенишүүдө.

Өздөрү бул акылга сыйбас пикирлерге ишенгени аз келгенсип, илимпоз деген атын колдонуп көп адамдарды артынан ээрчитишүүдө. Бул китепте жазылгандар аркылуу, бир жагынан, “кокустук” жалганына ишенгендерге чындыктарды көрсөтүү, экинчи жагынан болсо, Аллахтын жаратканына ишенгендерге айланасындагыларга Жаратуу чындыгын айтып бере турган бир маалыматты берүү максатталган.

21-кылым адамдар Жаратуу чындыгын түшүнүп, жалгандардан тазалана турган бир кылым болот. Ушул себептен чын ыкластан ыйман келтиргендер аларга түшкөн милдетти кемчиликсиз орундатышы жана эң акылдуу ыкмалар менен акылды, илимди колдонуп жана эң негизгиси Куранда билдирилген чындыктардын негизинде адамдарды төмөнкү аятта суралган суроо жөнүндө ойлонууга чакырышы зарыл.

“Эй инсан, “улуу берешендик ээси” Раббиңе карата сени алдап-жаңылткан эмне? Ал сени жаратты, “сага бир тартип ичинде келбет берди” жана сени келбеттүү кылды. Каалаган келбетинде сени калыптандырды.”
(Инфитар Сүрөсү, 6-8)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн
башка биздин эч кандай илимибиз жок.
Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүм жана хикмат (терең акыл) ээсисиң.»
(Бакара Сүрөсү, 32)