Өзүбүздү Өзүбүз Суракка Алуу

Эй ыйман келтиргендер, Аллахтан корккула. Ар бир адам эртең үчүн эмне даярдаганын карасын. Аллахтан корккула. Эч шексиз, Аллах кылгандарыңардан кабардар. Алар Аллахты унутуп, натыйжада Ал (Аллах) да аларга өз напсилерин унуттурган адамдар сыяктуу болбогула. Мына ошолор бузукунун (фасыктын) дал өзү.
(Хашр Сүрөсү, 18-19)

Куранда билдирилген ыймандуулардын өзгөчөлүктөрүн мурдакы бөлүмдө карадык. Аллах ыраазы болуп, бейишине киргизе тургандыгын кабар берген адамдарда мына ушундай өзгөчөлүктөр болушу керек. Биз буга канчалык окшошобуз деп өзүбүздөн өзүбүз сурап көрдүкпү?

Куранда кабар берилген ыймандуунун өзгөчөлүктөрүнөн апачык көрүнүп тургандай, сураганга «алхамдулиллах мусулманмын» деп жооп берип, кээ-кээде кээ бир ибадаттарды аткаруу Аллах Кабатында жетиштүү болбошу мүмкүн. Ыймандуу мусулман колунан келишинче Куранда кабар берилген бүт өзгөчөлүктөргө жетүүгө аракет кылышы зарыл. Антпесе, анын кылгандары «бир учунан ибадат кылуу» деген мааниге келиши мүмкүн жана Куранда «Аллахка бир учунан ибадат кылгандардын» абалы төмөнкүчө баяндалган:

Адамдардын кээ бирлери Аллахка бир учунан ибадат кылат, эгер ага бир жакшылык жетсе, буга ыраазы болот жана эгер ага бир фитна (сыноо, кыйынчылык) келсе, жүзү терс бурулат. Ал дүйнөнү жоготту, акыретти да. Мына ушул апачык бир жоготуу. (Хаж Сүрөсү, 11)

Өздөрүн жетиштүү көргөн адамдардын дагы бир жаңылыштыгы – бул, алардын кээ-кээде кээ бирлерге жакшылык кылып же жакырларга жардам берип койгонду жетиштүү деп ойлошу. Ал эми Куранда болсо Аллах Кабатында эмнелердин баалуу, эмнелердин чыныгы жакшылык экендиги төмөнкүчө кабар берилген:

Жүзүңөрдү чыгышка жана батышка бурушуңар жакшылык эмес. Жакшылык – Аллахка, акырет күнүнө, периштелерге, Китепке жана пайгамбарларга ыйман кылган; мал-мүлктү жакшы көргөнүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, жакырларга, жолдо калганга, тилемчиге жана кулдарга (эркиндиги үчүн) берген; намазды туптуура окуган, зекетти берген жана убадалашканда убадаларына тургандар менен кыйынчылыкта, ооруганда жана согуш күчөгөн учурларда сабыр кылгандар(дын иш-аракеттери). Мына ошолор – чынчылдар, жана такыбалар (Аллахтан корккондор) да ошолор. (Бакара Сүрөсү, 177)

Куранда ыймандуунун өзгөчөлүктөрү апачык сүрөттөлгөнүнө карабастан, «менин жүрөгүм таза, эч кимге жамандыгым жок, Аллах албетте мени жакшы көрөт болушу керек» деген сыяктуу ойлор менен өзүн-өзү алдоо эч туура болбойт. Аллах адамдардан Өзүнө ибадат (кулчулук) кылууларын каалайт, бир гана «эч кимге зыяны тийбеген, жүрөгү таза адам» болууларын эмес. Албетте, ар бир адам жүрөгү таза болуп, эч кимге зыян тийгизбегенге милдеттүү, бирок мунун өзү эле жетиштүү эмес. Ошондой эле, Аллахка кулчулук кылбаган, ыймандан алыс бир адамдын жүрөгү толугу менен «таза» боло албайт. Аллах Куранда билдирген бүт өкүмдөрдү аткарып, Аллах койгон чектерден чыкпаганда гана жүрөк таза боло алат.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Жаңы Бир Дүйнө
  • Негизги Суроолор...
  • Куран Жөнүндө Ойлонуу
  • Курандагы Дин Жана Ата-Бабалардын Дини
  • Чыныгы Динчилдер Жана Жасалма Динчилдер
  • Куранда Сүрөттөлгөн Ыймандуу Адам
  • Өзүбүздү Өзүбүз Суракка Алуу
  • Диндин Насааттарын Укпаган Адам Моделинин Зыяндары
  • Динден Алыс Коомдон Курандын Насааттарына Өтүү
  • Дүйнө Жана Акырет Жашоосу
  • Бейиш: Ыймандуулардын Чыныгы Мекени
  • Ыймансыздарды Күткөн Тозок
  • Жаңы Бир Чен-Өлчөм
  • Көз Алдыбыздагы Кереметтер
  • Куранда Сөздөрдүн Кайталанышы
  • Куранда 19 Саны