Куранда Сүрөттөлгөн Ыймандуу Адам

Ыймандуулар бир гана ушундай адамдар, Аллах эскерилгенде жүрөктөрү титирейт, Анын аяттары окулганда ыймандарын көбөйтөт жана бир гана Раббилерине тобокел кылышат (таянышат).
(Энфал Сүрөсү, 2)

... Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерге (ашыкча) оорчулук жүктөгөн жок, атаңар Ибрахимдин дини(ндеги сыяктуу). Ал (Аллах) мындан мурда да, мында (Куранда) да силерди «мусулмандар» деп атады...
(Хаж Сүрөсү, 78)

Аллахка үндөгөн, чын ыкластуу (чын ниеттүү) иштерди жасаган жана: «Чындыгында мен мусулмандарданмын» дегенден кимдин сөзү жакшыраак?
(Фуссилет Сүрөсү, 33)

Мусулмандыктын биринчи шарты – бул, жалгыз Кудай Аллахка ибадат кылуу. Ислам негизи ушул шарттын ар кандай жолдор менен турмушка ашырылышынан түзүлөт. Бул принципке таянбаган нерселердин баары Исламга туура келбейт, «караңгы коомго» тиешелүү. Бирок бир сүйлөм менен айтылган бул акыйкат адамдар ойлогондон алда канча терең маанилерди камтыйт. Себеби «караңгы коомдо» жашап, бирок өзүн ыймандуумун деп эсептегендердин бирөөсү дагы өзүн «Аллахтан башкага кулчулук кылып жатам» деп ойлобойт. Албетте, эч кимиси намаз окуп жатканда, маңдайына бир айкел коюп алып, ошого сыйынбайт. Мындай кылбаганы үчүн, «Аллахка ибадат кылып жатабыз» дешет.

Бирок чыныгы абал такыр башка. Бул парадоксалдуу абалдын себеби, адамдар «ибадат (кулчулук) кылуу» дегенде «бир заттын алдында сажда кылууну» гана түшүнүшөт. «Ибадат кылуу» деген сөздүн маанисин «караңгы коомдун» туура эмес сүрөттөөсүнө карап эмес, Курандын аяттарына карап түшүнүү керек:

Мен жиндерди жана адамдарды бир гана Мага ибадат кылышсын деп жараттым. (Зарият Сүрөсү, 56)

Бул аятта Аллахтын жиндер менен адамдарды «бир гана Өзүнө ибадат кылышы үчүн» жараткандыгы кабар берилген. Албетте, ушул аныктамага туура келген, б.а. Аллахтын жаратуу максатына ылайык «Ага ибадат кылган» жана аятта айтылгандай, Ага ибадат кылуудан башка эч нерсе кылбаган адам ыймандуу адам болот.

Аллахка ибадат кылуунун кандай мааниге келээри, Аллахка кантип кулчулук кылынаары төмөнкү аятта чечмеленген:

Айткын: «Эч күмөнсүз, менин намазым, ибадаттарым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Рабби Аллах үчүн». (Энъам Сүрөсү, 162)

Аятта кабар берилгендей, Аллахка ибадат кылуу адамдын бир гана 5 убак намазын же башка ибадаттарын эмес, бүт өмүрүн, ал тургай, өлүмүн да камтыйт. Ыймандуу адам – бул, бүт өмүрүн Аллахка ибадат кылуу менен өткөргөн адам. Бул аракети үчүн Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана түбөлүк бейишине жетет.

Өмүрүн Аллахтын ыраазылыгынан башка максаттарга арноо болсо, Куранда Аллах билдиргендей, «ширк», б.а. Аллахка шерик кошуу болуп саналат. Пайгамбарлар тарых бою адамдарды Аллахка шерик кошууну токтотууга үндөшкөн. Куранда айтылгандай, бүт «караңгы» коомдор – Улуу Аллахка шерик кошкон коомдор. Ошондуктан бүгүнкү күндө дүйнөнүн көпчүлүгү ширкке таянган бир динди карманып келүүдө. Бул дүйнөдө ыймандуу коомдор гана жалгыз Аллахка ибадат кылып, акыйкат динде болушат. Ыймандуулар, аятта билдирилгендей, бир гана мындай деп айтышат:

Айткын: «Эй адамдар, эгер менин диним жөнүндө күмөн санап жатсаңар, мен силердин Аллахтан башка ибадат кылганыңарга ибадат кылбаймын, мен силердин жаныңарды ала турган Аллахка гана ибадат кылам. Мага ыймандуулардан бол деп буйрук берилди.» (Йунус Сүрөсү, 104)

Адам Аллахка кантип ибадат кылат? Бир гана ушул куттуу ишке арналган өмүрүн кантип өткөрөт? Караңгы коомдордогу адамдар ойлогондой, бүт күндөрүн «кыйналуу» менен өткөрөбү? Кыймылсыз, түнт мүнөздөгү адамга айланабы?

Тескерисинче, чын ниеттүү бир мусулман Аллахка чын көңүлдөн моюн сунганы үчүн, коопсуз, бейпил жана комфорттуу өмүр сүрүп, бактылуу болот. Колундагы жана айланасындагы нерселердин баарынын Аллахтын берешендиги экенин билип, бул сый-жакшылыктарга кубанып, толкунданат. Кыскасы, ыймандуу адам шайыр, ачык көңүл, санаасыз, чечкиндүү, сапаттуу адам болот. Бир гана Аллах үчүн жашап, Аллах үчүн иштейт жана Аллахты ыраазы кылуу үчүн ага берилген бүт мүмкүнчүлүктөрдү колдонот.

Чыныгы Исламды билбегендердин ойлогонунун тескерисинче, динден, Аллах сүйүүсүнөн жана Аллах коркуусунан алыс жашаган адам чындап кыйналып жашайт. Бир гана Аллахка кулчулук кылган киши болсо болушунча эркин, бейпил, кубанычтуу жана бактылуу өмүр сүрөт. Аны байлаган «жасалма кудайлардын» моюнтуругунан кутулат. «Адамдар мен жөнүндө эмне деп ойлойт?», «баланча мени жакшы көрбөсө, эмне кылам?», «жумуштан айдалсам эмне болот?» деген сыяктуу миллиондогон кооптонуулары жоголот. Алсыз, залим, акылсыз жана эч нерсеге күчү жетпеген миллиондогон жасалма «кудайларга» кулчулук кылуунун басымынан кутулуп, бүт нерсеге кудуреттүү, чексиз акыл жана сулуулук ээси, бүт нерсени башкарган, чексиз боорукер жана адилеттүү Аллахка моюн сунат. Эми ал, Куранда айтылгандай, «абдан бекем бир тутканы» кармаган болот. Аятта мындай деп айтылат:

Динде мажбурлоо (жана басым жасоо) жок. Эч күмөнсүз, туура жол (рүшд) адашуучулуктан апачык ажыратылган. Эми ким таагуттан (туура эмес ишенимден) баш тартып, Аллахка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, абдан бекем бир тутканы кармаган болот. Аллах – угуучу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 256)

Куранда жалгыз Аллахка ибадат кылууга үндөгөн пайгамбарлардын адамдарды эркиндештирип, «чынжырлардан куткаруучу» өзгөчөлүгү төмөнкүчө кабар берилген:

Ал адамдар сабатсыз (үмми) кабар алып келүүчү (неби) элчиге (расул) баш ийишет (ээрчишет). Ал ушундай элчи: (иудейлер менен христиандар) аны өздөрүндөгү Тоорот, Инжилдерде (келээри) жазылуу экенин көрүшөт. Ал аларды жакшылыктарга чакырып, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза, пакиза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн машакаттарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ага (элчиге) ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (тозоктон) кутулуучулар. (Аьраф Сүрөсү, 157)

Башка бир аятта болсо Аллах ыймандуулардын кулк-мүнөзүн төмөнкүчө билдирген:

Эч күмөнсүз, мусулман эркектер жана мусулман аялдар, ыймандуу эркектер жана ыймандуу аялдар, чын көңүлдөн (Аллахка) баш ийген эркектер жана чын көңүлдөн (Аллахка) баш ийген аялдар, чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар, сабыр кылган эркектер жана сабыр кылган аялдар, урмат менен (Аллахтан) корккон эркектер жана урмат менен (Аллахтан) корккон аялдар, садака берген эркектер жана садака берген аялдар, орозо кармаган эркектер жана орозо кармаган аялдар, намыстарын коргогон эркектер жана (намыстарын) коргогон аялдар, Аллахты көп зикир кылган (эстеген) эркектер жана (Аллахты көп) зикир кылган аялдар; (мына) ушулар үчүн Аллах бир кечирим жана улуу бир сыйлык даярдаган. (Ахзаб Сүрөсү, 35)

Ыймандуу адам Аллах менен чын жүрөгүнөн, жакын байланышта болот. Аллах анын жалгыз досу, жалгыз жардамчысы. Куранда Аз. Ибрахимдин (ас) Аллах менен болгон жакын байланышы мусулмандарга өрнөк болушу үчүн төмөнкүчө кабар берилген:

(Ибрахим мындай) Деди: «Эми эмнеге сыйынып жатканыңарды көрдүңөрбү? Силер жана мурдакы ата-бабаларыңар? Мына ушулар чындыгында менин душмандарым; бир гана ааламдардын Раббинен тышкары. Мени жараткан жана мага хидаят (туура жол) берген – Ал; мени тамактандырган жана ичирген – Ал; ооруганда мага шыпаа берген – Ал; мени өлтүрө турган, кийин тирилте турган да – Ал, дин (жаза) күнү каталарымды кечирээрин үмүт кылганым да – Ал. Раббим, мага өкүм (жана даанышмандык) бер жана мени чын ыкластуулардын арасына кош. Кийин келе тургандардын арасында мага бир чынчылдык тилин бер. Мени сый-жакшылыктарга толтурулган бейиштин мураскорлорунан кыл, атамды да кечир, себеби ал жаңылып, жолдон адашкандардан. Жана мени (адамдар) тирилтиле турган күнү уят кылба; мал-мүлктүн да, балдардын да пайдасы тийбей турган күнү.» (Шуара Сүрөсү, 75-88)

Куранда жалгыз Аллахка ибадат кылган ыймандуунун бейпилдиги менен Аллахка сансыз шериктерди кошуп, сансыз кудайларга кулчулук кылган адамдын мисалы болсо төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

Аллах бир мисал берди: өз ара ынтымаксыз жана пикир келишпес, аны талашкан көп ээлери бар бир адам менен жалгыз бир адамга баш ийген бир адам. Бул экөөсүнүн абалы бирдей болмок беле? Мактоолор Аллахка тиешелүү. Жок, алардын көпчүлүгү билишпейт. (Зүмер Сүрөсү, 29)

Ыймандуунун эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул, анын текебердиктен, бой көтөрүүдөн, башкача айтканда, өзүн кандайдыр бир мааниде «кудайлаштыруудан» алыс болушу. Аллахка чын көңүлдөн моюн сунган бир мусулман ар дайым өзүнүн кемчилигин издеп, өзүн тынымсыз өстүрөт. Куранда кабар берилген ыймандуунун өзгөчөлүктөрүнүн күн сайын көбүрөөгүнө жетүүгө аракет кылат. Кичипейилдиги бүт кыймыл-аракеттеринен көрүнүп турат. Аллах кичипейил, жөнөкөй пенделерин бир аятында төмөнкүчө мисал келтирген:

Алар Рахман (Аллах)тын пенделери, жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт жана наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «салам» дешет. (Фуркан Сүрөсү, 63)

Аллахтан жүз бургандардын эң чоң жаңылыштыгы болсо, алар өздөрүн абдан акылдуу сезип, текеберленип, өздөрүн «кудайлаштырып» алышат (Аллахты аруулайбыз). Куранда абийири (жүрөгү) акыйкаттарды көрүп, кабыл алганына карабастан, текебердигинен улам бой көтөрүп, чындыктан качкан адамдар жөнүндө мындай деп айтылган:

Абийирлери кабыл алганына карабастан, зулумдук жана текебердиктин себебинен аларды четке кагышты. Эми сен бузукулардын кандай натыйжага туш кылынганын бир кара. (Немл Сүрөсү, 14)

Текебер адамдар динди танып, туура жолдон адашса, ыймандуулар болсо өмүрүн Аллах билдирген жоопкерчиликтерди орундатуу аракети менен өткөрүшөт. Ыймандуулар тынымсыз өздөрүнүн напсилери менен күрөшүшөт. Куранда напсинин жамандыкка үндөөчү өзгөчөлүгү төмөнкүчө кабар берилген:

Мен напсимди актабайм. Себеби чындыгында напси, Раббим аны коргобосо, болгон күчү менен жамандыкка чакырат. Эч күмөнсүз, менин Раббим кечиримдүү, коргоочу. (Йусуф Сүрөсү, 53)

Ыймандуулар дайыма напсисинен этият болуп, ар дайым, ар кандай шартта абийиринин үнүн угат. Дайыма Аллахтын ыраазылыгына туура келген жолду тандайт. Аны коркуу, тажоо, үмүтсүздүк, камырабастык сыяктуу тоскоолдуктарды колдонуу аркылуу жолунан тосууга аракет кылган напсисин чечкиндүүлүк, эр жүрөктүк жана сабырдуулук менен жеңет. Жолунан эч качан кайтпайт, себеби бул жол – анын жалгыз досу, жалгыз жардамчысы жана жалгыз таянычы болгон Аллахтын жолу. Албетте, ыймандуунун күрөшү өзүнүн напсиси менен эле чектелбейт. Куранда Раббибиз ыймандууларга билдирген дагы бир жоопкерчилик бар: жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу.

Ыймандуу адам – Курандын аяттарында айтылгандай, Аллахтын жер жүзүндөгү өкүлү (халифасы). Адамдарды Аллахтын жолунан тоскондорго, аларга кысымчылык жана зулумдук кылгандарга каршы күчтүү илимий-пикирдик күрөш жүргүзөт, себеби бул ага Куранда кабар берилген бир жоопкерчилик.

Куран адеп-ахлагы менен жашаган адамдар багыт берген бир коомдо гана чыныгы адилеттүүлүк жана чыныгы акыйкат орношу мүмкүн. Ыймандуу адам – бул, Аллахтын ыраазылыгы үчүн жашаган, адамдардын арасында адилеттүүлүктү сактаган, аларды туура жолго баштаган инсан. Ыймандуулар канчалык чоң жоопкерчилик жүктөлбөсүн, эч качан Аллах үйрөткөн адеп-ахлактан алысташпайт. Алардын бул өзгөчөлүгү Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Аларды жер жүзүндө бекем орноштуруп, бийлик берсек, намаздарын толук окушат, зекет беришет, жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарышат. Иштердин акыбети Аллахтын колунда. (Хаж Сүрөсү, 41)

Аллахтан коркпогон адамдар болсо кандай гана кызмат берилбесин, жеке кызыкчылыктарын көздөп, кызматтык даража, атак-даңк жана мал-мүлккө жетүү үчүн жарышып башташат. Ошондуктан мындай адамдар башкарган бир коомдо эч качан чыныгы бейпилдик жана бакубаттык болбойт.

Ыймандуулар болсо кандай гана шартта болбосун, адамдарды жамандыктардан тосууга, аларды жакшы иштерге үндөөгө, аларга өрнөк болууга жана жакшылыкка чакырууга болгон аракетин жумшашат. Эч качан камырабастык, жалкоолук кылышпайт. Куранда ыймандуулардын чечкиндүү мүнөзү төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

Канчалаган пайгамбар менен бирге көптөгөн раббанилер (билимдүүлөр) согушка кирип, Аллах жолунда аларга келген (кыйынчылык жана мээнет)тен улам алсыздык да көрсөтүшкөн жок, моюн да сунушкан жок. Аллах сабыр кылгандарды жакшы көрөт. Алар: «Раббибиз, күнөөлөрүбүздү жана ишибиздеги чектен чыгууларыбызды кечир, бизди жолдон адаштырба жана бизге каапырлар коомуна каршы жардам бер» деген сөздү гана айтышты. Ошентип Аллах бул дүйнөнүн жана акыреттин кооз сообун аларга берди. Аллах жакшылык кылгандарды жакшы көрөт. (Али Имран Сүрөсү, 146-149)

Чын ыкластуу ыймандууну жасалма динчилдерден айырмалаган эң негизги өзгөчөлүктөрдүн бири, чыныгы мусулман динди айтып бергенде адамдардан эч кандай кызыкчылык күтпөйт. Акча, байлык, кызматтык даража же адамдарга жакшы көрүнүүнү эмес, бир гана Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү көздөйт. Ал сыйлыгын (белегин) бир гана Аллах Кабатынан күтөт. Куранда бул жөнүндө пайгамбарлардын мүнөздөрүнөн мисал келтирген көптөгөн аяттар бар. Алардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

(Нух:) Эгер жүз бурсаңар, мен силерден бир акы сураган жокмун. Менин сыйлыгымды бир гана Аллах берет. Жана мен мусулмандардан болууга буюрулдум. (Йунус Сүрөсү, 72)

Аллах хидаят бергендер (туура жолгон салгандар) мына ушулар; демек сен да алардын ушул хидаятын ээрчи. Айткын: «Мен бул үчүн силердин бир акы сураган жокмун. Ал (Куран) ааламдарга бир насаат жана эскертүү гана.» (Энъам Сүрөсү, 90)

Мусулмандын, ошондой эле, адеп-ахлагы да абдан жогору болот. Дүнүйөлүк, майда нерселердин артынан чуркабагандыктан, түшүнүктүү, боорукер жана кечиримдүү болот. Сезимдерин укпастан, акылын угат жана ачууланбайт. Жардамын аябаган, кайрымдуу жана сылык болот. Ыймандуулардын бул кулк-мүнөздөрү Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Жана алар Раббилеринин жүзүн (ыраазылыгын) каалап сабыр кылышат, намазды туптуура кылышат, аларга ырыскы катары бергендерибизден жашыруун жана ачык садака кылышат жана жамандыкты жакшылык менен токтотушат. Мына ошолор, бул мекендин (дүйнөнүн сонун) акыбети (акырет бакыты) ошолор үчүн. (Рад Сүрөсү, 22)

Алар - барчылыкта да, жокчулукта да садака бергендер, ачууларын жеңгендер жана адамдарды кечиргендер. Аллах жакшылык кылгандарды сүйөт. (Али Имран Сүрөсү, 134)

Сен кечирим жолун танда, (Исламга) ылайык болгонду буйрук кыл жана караңгы-сабатсыздардан жүзүңдү бур. (Аьраф Сүрөсү, 199)

Жамандыктын жообу ошого тең (окшош) жамандык. Бирок ким кечирип, оңдосо (бейпилдикти орнотсо), анын сыйлыгын Аллах берет. Чындыгында Ал залимдерди сүйбөйт. (Шура Сүрөсү, 40)

Алар жалган күбөгө өтүшпөйт, бош жана пайдасыз нерсеге жолукканда, кадыр-баркы менен өтүп кетишет. (Фуркан Сүрөсү, 72)

Өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамакты жакырларга, жетимдерге жана туткундарга жедиришет. (Инсан Сүрөсү, 8)

Бирок айта кетчү нерсе, албетте, мусулмандын да каталары болот. Бул адам баласынын табиятында бар. Бирок чын ыкластуу мусулман ошол замат каталары үчүн Аллахтан кечирим тилеп, каталарын толук оңдойт. Эч бир ката аны үмүтсүздүккө салбайт, себеби ал Аллахтын чексиз мээримине корголойт. Куранда бул жагдай төмөнкүчө кабар берилген:

Жана жаман бир күнөө кылышканда же өздөрүнө зулумдук кылышканда, Аллахты эстеп ошол замат күнөөлөрүнүн кечирилишин тилешет. Аллахтан башка күнөөлөрдү ким кечирет? Ошондой эле, алар кылган (жаман иштерин) билип туруп кайталай беришпейт. (Али Имран Сүрөсү, 135)

Ыймандуунун досу Аллах жана Аллахты дос туткан башка ыймандуулар. Эгер Аллахка душман болсо, эң жакынын да дос тутпайт. Аллахка моюн сунган бир ыймандуу болсо, ортолорунда туугандык, социалдык статус, материалдык мүмкүнчүлүктөр сыяктуу, эч кандай орток байланыш болбосо да, анын бир тууганы болот. Аллах үчүн сүйгөндү үйрөнүп, Аллах ыраазы болгон адамдарды сүйөт.

Мусулмандын акылы да тунук болот. Аллахка ишенип, өзүн Ага тапшырганы үчүн, оюн алагды кылган керексиз коркуулардан, тынчсыздануулардан жана кайгы-капалардан кутулат. Жана акылман болот. Ошондуктан кеңири, терең ойлонуп, окуялардын татаал тараптарын түшүнөт. Илимдүү, даанышман жана акылдуу болот.

Бул дүйнөдө убактылуу жашайт. Тарбияланып, руху күн сайын асылданып (арууланып), чыныгы мекенине, акыретке даярданат. Бул дүйнөдө ага жазылган тарых болсо Аллахтын чын ыкластуу пенделерине жараша тургандай атак-даңктарга толо болот.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Жаңы Бир Дүйнө
  • Негизги Суроолор...
  • Куран Жөнүндө Ойлонуу
  • Курандагы Дин Жана Ата-Бабалардын Дини
  • Чыныгы Динчилдер Жана Жасалма Динчилдер
  • Куранда Сүрөттөлгөн Ыймандуу Адам
  • Өзүбүздү Өзүбүз Суракка Алуу
  • Диндин Насааттарын Укпаган Адам Моделинин Зыяндары
  • Динден Алыс Коомдон Курандын Насааттарына Өтүү
  • Дүйнө Жана Акырет Жашоосу
  • Бейиш: Ыймандуулардын Чыныгы Мекени
  • Ыймансыздарды Күткөн Тозок
  • Жаңы Бир Чен-Өлчөм
  • Көз Алдыбыздагы Кереметтер
  • Куранда Сөздөрдүн Кайталанышы
  • Куранда 19 Саны