Динден Алыс Коомдон Курандын Насааттарына Өтүү

Бирок зулумдук кылган башка; анан жамандыктын артынан жакшылыкка айландырса, Мен, эч күмөнсүз, кечиримдүүмүн, боорукермин.
(Немл Сүрөсү, 11)

Сен китеп эмне, ыйман эмне билчү эмессиң. Бирок Биз аны бир нур кылдык; аны менен кулдарыбыздан каалагандарыбызды туура жолго салабыз (хидаят беребиз).
(Шура Сүрөсү, 52)

Алар сөздүн эң сонунуна жеткирилишкен жана макталган туура жолго жеткирилишкен (салынышкан).
(Хаж Сүрөсү, 24)

Ар бир адамда бул дүйнөдөн өткөнгө чейин «караңгы» коомдун туура эмес көз-караштарынан кутулуп, ыйманга бурулуу мүмкүнчүлүгү бар. Пайгамбар Мырзабыз (сав) бир хадисинде Куран жана сүннөттүн жолуна түшүү жөнүндө мындай деген:

Албетте, эң жакшы сөз – Аллахтын китеби. Эң жакшы жол – Мухаммеддин (алейхиссалату вассаламдын) жолу. Иштердин эң жаманы болсо кийин чыгарылган динге карама-каршы нерселер. (Бухари, Итисам 2, Адаб 70)

Улуу Раббибиз Аллах бүт коомдорго эскертүү берилээрин бир аятында төмөнкүчө кабар берген:

Ким хидаятка жетсе (туура жолго түшсө), өзү үчүн хидаятка жетет; ким адашса өз зыянына адашат. Эч бир күнөөкөр башка бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйт. Биз бир элчи (пайгамбар) жибермейинче, (эч бир коомго) азап бербейбиз. (Исра Сүрөсү, 15)

Бул чакырыкка адамдар ар кандай жооп көрсөтүшөт. Куранда адамдардын жооптору терең сүрөттөлгөн. Бул жооптордун эң мыктысы болсо – чыныгы ыймандуу айта турган «уктук жана моюн сундук» деген жооп. Аятта мындай деп айтылат:

Алардын арасында өкүмдарлык кылышы үчүн Аллахка жана элчисине (пайгамбарына) чакырылганда, ыймандуулар: «уктук жана моюн сундук» дешет. Кутулууга (бактылуулукка) жеткендер мына ушулар. (Нур Сүрөсү, 51)

Куранда динге чакырылганда, текеберденип каршы чыккандар, ал тургай, душмандык кылгандар жөнүндө мындай деп айтылат:

Чындыкты ар дайым бурмалаган, күнөөгө берилгендердин абалы оор. Ага Аллахтын аяттары окулганда угат, анан (өжөрлүк менен текеберленип) укпамыш болуп кежирленет. Эми сен аны оор бир азап менен сүйүнчүлө. Аяттарыбыздан бир нерсе укканда шылдың кылат. Мына ошолор үчүн басмырлоочу бир азап бар. (Жасия Сүрөсү, 7-9)

Кээ бирлер болсо башкачараак жооп көрсөтүшөт. Абийири (жүрөгү) ага туура жолду көрсөтөт, бирок ичиндеги башка бир добуш тынымсыз аны караңгы коомдун жалганчы системасынан баш тартпоого чакырат. Бул чакырыктар абийирине карама-каршы келгени үчүн, кээ бир коргонуу механизмдерин колдонуу аркылуу аны кадыресе көрсөткөнгө аракет кылат. Чындыктан качуу үчүн ар кандай жолдорду жасап көрөт. «Алар мага туура нерсени айтып жатышат, бирок мен эрксиз болгонум үчүн же намысымдан улам аны кыла албайм» деп өзүнүн абалын ачык айта албаганы үчүн, акылсыздык менен же ага айтылган акыйкаттардан, же болбосо аларды айтып берген ыймандуулардан кемчилик издей баштайт.

Бирок бир нерсени сөзсүз айта кетүү керек: мындай туура эмес түшүнүк жана мамилелер тарых бою бүт караңгы коомдордо дал ушундай көрүнүштө болуп келген. Ал тургай, тарых бою бүт коомдордо динге чакырган элчилерге, б.а. пайгамбарларга жана чын ыкластуу ыймандууларга окшош жалаалар жабылып, окшош айыптар тагылган. Аяттарда мындай деп айтылат:

Анан коомунун ыймансыз алдыңкылары (лидерлери) мындай дешти: «Бул болгону силерге окшогон бир адам. Силерге үстөм (башчы) болгусу келип жатат. Эгер Аллах (анын айткандарын) каалаганда, сөзсүз периштелерди түшүрмөк. Биз мурдакы ата-бабаларыбыздан да мындайды уккан эмеспиз.» (Мүминун Сүрөсү, 24)

... Ата-бабаларыбыз сыйынган нерселерге сыйынуудан сен бизди тососуңбу? Чындыгында сен бизди чакырган нерседен күмөн санап жатабыз. (Худ Сүрөсү, 62)

Мындай адам бир заматта толугу менен өзгөрүп, ошол күнгө чейин сырттан көрүп, сындап келген туура эмес дин түшүнүгүн эми болгон күчү менен жактап баштайт. «Элдин баары туура эмес кылып, силер эле туура жолдосуңарбы» деген сыяктуу адатка айланган сөздөрдү айтат. Бирок бул түшүнүктүн Куранга такыр туура келбей тургандыгын билиши зарыл. Себеби Куранда кабар берилгендей, чындык аны кабыл алган адамдардын саны менен өлчөнбөйт. Ансыз да, «адамдардын көпчүлүгүнүн» туура эмес жолдо болоору Куранда билдирилген:

Алиф, Лам, Мим, Ра. Булар – Китептин аяттары. Жана сага Раббиңден түшүрүлгөн чындык. Бирок адамдардын көбү ыйман кылышпайт. (Рад Сүрөсү, 1)

Тарых бою бүт пайгамбарлар өз милдетин кемчиликсиз аткарып, Аллах билдирген динди адамдарга жеткиришкен. Аллах тапшырган жоопкерчиликти толук аткарып, Аллах Кабатында өз сыйлыктарын алышкан.

Ыймансыздардын Айткан Шылтоолору Жараксыз

«Караңгы» түшүнүктүн таасиринен кутулууну каалабаган адам акыйкат дин айтып берилгенде, чын ниети менен аларды тыңдап, абийиринин үнүн угуунун ордуна, өз оюнда айтылгандардан кемчилик тапканга аракет кылат. Эч нерсе билбей туруп, өз оюнан ар кандай мисалдарды чыгарып, чындыкты уккусу келбейт. Куранда каапырлардын мындай «мисалдарынын» эч бир негизсиз, туура эмес жоромолдор экендиги айтылган:

Кара, сен жөнүндө кандай мисалдарды берип, жолдон адашышты. Эми алар эч кандай жол таба алышпайт. (Фуркан Сүрөсү, 9)

Мындай мисалдардын эң белгилүүлөрү 4-5 мисалдан ашпайт. Мисалы, «чочконун эти эмне үчүн арам?» деген суроону көп беришет. Чочко өзү ыпылас бир жаныбар жана «трихина» аттуу ооруга себеп болот. Бул суроону сураган адамдар өздөрү да демейде чочконун этинин адамдын ден-соолугуна канчалык зыяндуу экенин билишет. Ошондуктан, бул суроону жообун билүү максатында сурашпайт. Өз ойлорунда ыймандууларга кыйынчылык чыгарганга аракет кылышат. Бирок мындай аракеттеринен эч майнап чыкпайт. Бул чындык Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Аяттарыбыз жөнүндө (аларды) алсыздатууга аракет кылгандар, алар жалындаган отко (тозокко) киришет. (Хаж Сүрөсү, 51)

Булар Аллахтын жолунан тоскондор жана андан кемчилик издегендер. Алар акыретти да таанышпайт (ишенишпейт). (Худ Сүрөсү, 19)

Мындай адамдарга айткан мисалынын жараксыздыгы түшүндүрүлүп берилсе да, максаты чын жүрөктөн маалымат алып, күмөндөрүн жоюу болбогондуктан, дагы башка мисалдарды чыгара беришет. Берилген жооп жана насааттарды түз ниети менен ойлонуп көрсө, алардын тууралыгына көзү жетет. Бирок караңгы коомдун көз-караштары менен ойлонгондуктан, акыйкаттарды түшүнө албайт. Ошондуктан, Аллах Куранда билдиргендей, «кулактарын жаап», ал жерден качуунун жолун издеп баштайт. Куранда караңгы коомдун мындай мамилеси төмөнкүчө кабар берилген:

Чындыгында мен аларды кечиришиң үчүн ар бир чакырышымда алар манжаларын кулактарына тыгып алышты, кийимдерин баштарына жабышты жана текеберленгенден текеберленишти. (Нух Сүрөсү, 7)

Насааттан качкан мындай адамдардын абалы жапайы эшектерге салыштырылган:

Ошого карабастан, буларга эмне болгон, насааттан жүз бура (кача) беришет? Алар үрккөн жапайы эшектер сыяктуу; арстандан коркуп качкан. (Мүдессир Сүрөсү, 49-51)

Исламга үндөгөндө, ушул сыяктуу начар мамиле менен жооп берип, өзүн туура көрсөтүүгө аракет кылган кишинин «абдан чоң залим экендиги» да Куранда айтылган:

Исламга чакырылганына карабастан, Аллахка карата жалгандарды ойлоп тапкандардан да залимирээк ким бар? Аллах залим бир коомго хидаят бербейт (аларды туура жолго салбайт). (Сафф Сүрөсү, 7)

Мындай кишилер, бүт адамдарды өзүндөй ойлогондуктан, ыймандуулардын бир гана Аллахтын ыраазылыгын көздөп, ынтымак жана биримдикте болушуна да «караңгы» түшүнүктөрдүн негизинде бир жооп табууга аракет кылат. «Мында бир пайда бар», «азыркы заманда эч ким эч кимге жөн эле жакшылык кыла бербейт» деген сыяктуу «караңгы» системанын ыпылас жүзүн көрсөткөн логикасыз сөздөр менен өзүнүн куулугун алдыңкы планга чыгарууну көздөйт. Кээде болсо текебердик менен шылдыңдагандай сөздөрдү сүйлөп, кулк-мүнөзүнүн начардыгын көрсөтөт. Мындай мамилелеринде өзүнө окшогон караңгы түшүнүктөгү жакын чөйрөсү ага эң чоң колдоо болуп берет. Куранда мындай адамдардын ыймандууларга карата мамилеси жана аны жолдон азгырган жакын чөйрөсү менен болгон мамилеси төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

Ыймандууларга жолукканда: «Ыйман келтирдик» дешет. Шайтандары менен жалгыз калганда болсо: «Күмөнсүз, силер менен биргебиз. Биз болгону (аларды) шылдыңдап жатабыз» дешет. (Чындыгында) Аллах аларды шылдың кылат жана чектен чыгып, адашып жүрүүлөрү үчүн (белгилүү бир) убакыт берет. (Бакара Сүрөсү, 14-15)

Негизи Куранга каршы ар кандай мисалдарды ойлоп чыгаруу, ыймандууларга калп айтып, кара ниет менен мамиле кылуу, аларга шылдыңдагандай сөздөрдү сүйлөө бир гана ушундай кишилерге тиешелүү жаман мүнөздөрдөн эмес. Андан канчалаган доор мурда жашап өткөн динге каршы адамдар да кылымдардан бери дал ушундай акылсыз тактикаларды колдонуп келишкен. Доорлор алмашканы менен, түшүнүктөр, колдонулган ыкмалар жана берилген мисалдар ошол бойдон өзгөрбөй келе жатат. Чындыктарды билип туруп жаап-жашыруу үчүн бул ыкманы колдонгондордун түшүнүгү тарых бою эч өзгөрбөй, ушул күнгө чейин уланып келди:

Жок, алар илгеркилердин (мурда жашап өткөндөрдүн) айткандарына окшош нерселерди айтышты. (Мүминун Сүрөсү, 81)

Дагы бир топтогу адамдар болсо динди бурмалап, өздөрүнүн кызыкчылыктарына тууралаганга аракет кылышат. Динди минтип бурмалаганга аракет кылгандар жөнүндө Куранда төмөнкүдөй өкүм айтылган:

Силерге эмне болуп жатат? Кандай өкүм чыгарып жатасыңар? Же (колуңарда) сабак алган бир китебиңер барбы? Ичинде, эмнени тандап-жактырсаңар, сөзсүз силердики болот деген. Же болбосо силер үчүн (Биздин) үстүбүздө кыяматка чейин уланган бир ант барбы, силер кандай өкүм чыгарсаңар, сөзсүз силердики бойдон калат деген. (Калем Сүрөсү, 36-39)

Куран менен жашаган чын ыкластуу бир мусулманды көргөндө, ичиндеги күнөөкөрлүк сезимин жана басынуу комплексин жашыруу үчүн, өзүн актаганга аракет кылуу ыкмасы да «караңгы» коомдордо көп кездешет. Мындай адамдар көбүнчө белгилүү сөздөрдү колдонушат. Ичиндеги бул сезимдерин «алхамдулилла, биз да мусулманбыз», «менин атам ажы», «чоң энем да башын жамынаар эле», «үй-бүлөм абдан динчил», «мен ансыз да айт намаздарынан калбайм» деген сыяктуу сөздөр менен билдиришет. Мындай кишилерге дин жөнүндө насаат айтылса, эскертүү берилсе, акыл үйрөтүлсө, туура нерселер насаат кылынса, жаман көрүшөт.

Ошондой эле, «мен баарыңардан динчилмин, баарыңардан намыстуумун, кимдин кимден жогору экенин бир гана Аллах билет» деген сыяктуу сөздөр менен өзүн өйдө көрсөткөнгө аракет кылгандар да болот. Албетте, кимдин жогору экенин бир гана Аллах билет. Бирок Аллах жогорулуктун бир гана Аллахка болгон жакындыктан жана Куранда айтылган ыймандуунун касиеттерине ээ болуудан келип чыгаарын апачык билдирген. Куранда айтылган критерийлер апачык жана түшүнүктүү болгондуктан, Курандан такыр кабары жок бир кишинин өзүн амалкөйлүк менен жогору көрсөтүүгө аракет кылышы анын аңкоолугун гана көрсөтөт.

Мындай түшүнүктөгү адамдын эң чоң катачылыктарынын бири – бул, анын ыймандууларды алдап койдум деп ойлошу. Ыймандуулар, Аллах берген көрөгөчтүккө жана Курандагы чен-өлчөмдөргө таянып, маңдайындагы адамдардын ички дүйнөсүн эң мыкты «окуй» алышат. «Жүрөктөрдүн түбүндө жашыруун турганды билүүчү» (Али Имран Сүрөсү, 119) Аллах ансыз да ал кишини өзүнөн да жакшы тааныйт. Бул адам ушул сыяктуу амалкөйлүктөр менен башка адамдарды жана өзүнүн абийирин алдаган күндө да, Аллах Кабатында анын бул шылтоолору эч нерсеге жарабайт.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Жаңы Бир Дүйнө
  • Негизги Суроолор...
  • Куран Жөнүндө Ойлонуу
  • Курандагы Дин Жана Ата-Бабалардын Дини
  • Чыныгы Динчилдер Жана Жасалма Динчилдер
  • Куранда Сүрөттөлгөн Ыймандуу Адам
  • Өзүбүздү Өзүбүз Суракка Алуу
  • Диндин Насааттарын Укпаган Адам Моделинин Зыяндары
  • Динден Алыс Коомдон Курандын Насааттарына Өтүү
  • Дүйнө Жана Акырет Жашоосу
  • Бейиш: Ыймандуулардын Чыныгы Мекени
  • Ыймансыздарды Күткөн Тозок
  • Жаңы Бир Чен-Өлчөм
  • Көз Алдыбыздагы Кереметтер
  • Куранда Сөздөрдүн Кайталанышы
  • Куранда 19 Саны