ЭСКЕРТҮҮ

Сиз азыр окуй турган бул бөлүм жашоонун ӨТӨ МААНИЛҮҮ бир сырын камтыйт. Заттык дүйнөгө болгон көз-карашыңызды тамырынан өзгөртө турган бул теманы өтө кунт коюп, жакшылап түшүнүп окушуңуз зарыл. Бул жерде айтылгандар бир көз-караш, башкача бир подход же кандайдыр бир философиялык көз-караш эмес; динге ишенип-ишенбегендердин баары кабыл ала турган, учурда илим да далилдеген анык бир чындык.

Жаңы Бир Чен-Өлчөм

Маанилүү Эскертме: Заттын Артындагы Сыр Темасы – «Вахдат Аль-Вужуд» Эмес

Заттын артындагы сыр темасына кээ бир адамдар сын-пикир айтышууда. Бул адамдар бул теманын маңызын туура эмес түшүнгөндүктөн, бул теманы «вахдат аль вужуд» көз-карашы менен бир деп айтышууда.

Эң биринчиден айта кетчү нерсе, бул чыгармалардын автору ахли сунна ишенимине абдан бекем жана вахдат аль-вужуд көз-карашын жактабайт. Мындан тышкары, вахдат аль-вужуд пикирин Мухйиддин Ибн Араби сыяктуу улуу Ислам ааламдарынын да жактаганын да унутпоо керек.

Важдат аль-вужуд көз-карашын түшүндүргөн көптөгөн белгилүү Ислам аалымдарынын илгери бул китептерде орун алган кээ бир темаларды тафаккур кылып (терең ойлонуп), баяндап бергени анык. Бирок бул китепте түшүндүрүлгөндөр вахдат аль-вужуд көз-карашы менен бир эмес.

Мисалы, вахдат аль-вужуд көз-карашын жактагандардын кээ бирлери туура эмес жыйынтыкка барып, Куранга жана ахли сунна ишенимине карама-каршы кээ бир ойлорду айтышкан. Мисалы, Аллах жараткан нерселерди толугу менен жок дешкен. Ал эми, заттын артындагы сыр темасын түшүндүрүүдө мындай көз-караш такыр айтылбайт. Заттын артындагы сыр темасы «Аллах бүт нерселерди жараткан, бирок жараткан нерселеринин оригиналын Аллах көрөт, адамдар болсо ал нерселердин мээлеринде пайда болгон сүрөттөлүштөрүн гана көрө алышат» деп айтат.

Биз көргөн бардык нерселер, тоолор, чуңкурлар, гүлдөр, адамдар, деңиздер, кыскача айтканда, биз көргөндөрдүн баары, Аллах Куранда бар деп билдирген, жоктон жараткандыгын айткан бүт нерселер, жандыктар жаратылган жана бар. Бирок, адамдар бул жандыктардын оригиналын сезүү органдары аркылуу көрүп, сезе алышпайт жана уга да алышпайт. Адамдардын бул нерселердин мээлериндеги копияларын көрүп, сезишет. Бул илимий бир чындык жана бүгүнкү күндө бардык окуу жайлардын медицина жана башка факультеттеринде окутулган бир тема. Мисалы, азыр бул текстти окуган бир адам бул тексттин оригиналын көрө албайт, бул тексттин оригиналына тийе албайт. Бул тексттин оригиналынан келген жарык адамдын көзүндөгү кээ бир клеткалар тарабынан электрдик импульска айландырылат. Бул электрдик импульс мээнин арт жагындагы көрүү борборуна барып, бул борборду стимулдайт. Жана адамдын мээсинин артында бул тексттин сүрөттөлүшү пайда болот. Башкача айтканда, сиз азыр көзүңүз менен көзүңүздүн алдындагы бир текстти окуп жаткан жоксуз. Бул текст сиздин мээңиздин арт жагындагы көрүү борборунда пайда болуп жатат. Сиз мээңиздин арт жагындагы «копия текстти» окуп жатасыз. Бул тексттин оригиналын болсо Аллах көрөт.

Жыйынтыктасак, заттын мээбизде пайда болгон бир элесин көрүшүбүз «зат жок» деген мааниге келбейт. Бул бизге заттын табияты жөнүндө маалымат берет, т.а. заттын оригиналын эч бир адам көрүп, угуп же колу менен сезе албайт.

Сыртта зат бар, бирок биз заттын өзүнө (чыныгысына) эч качан жете албайбыз!

«Зат элес» деп айтуу «зат жок» деген мааниге келбейт. Тескерисинче, биз көрсөк да, көрбөсөк да заттык бир дүйнө бар. Бирок биз бул дүйнөнү мээбиздин ичиндеги бир копия, башкача айтканда, сезүү органдарыбыздын жоромолу катары көрөбүз. Ошондуктан, зат – биз үчүн элес. Дагы бир айта кетчү жагдай, заттын бар экенин бизден башка көргөн жандыктар да бар. Аллахтын периштелери, катчы катары милдеттендирген элчилери да бул дүйнөгө күбө болушууда:

Анын оң жана сол тарабында отурган эки жазуучу жазып жатканда, ал (кандай гана) сөз айтпасын, жанында сөзсүз бир көзөмөлчү даяр турат. (Каф Сүрөсү, 17-18)

Эң негизгиси, Аллах бүт нерсени көрүп турат. Бул дүйнөнү бардык майда-чүйдөлөрү менен бирге Аллах жараткан жана Аллах бүт баарын көрүп турат. Курандын аяттарында мындай деп айтылат:

... Аллахтан коркуп (күнөөдөн) тартынгыла жана билип койгула, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Бакара Сүрөсү, 233)

Айткын: «Мени менен араңарда күбө катары Аллах жетиштүү; эч күмөнсүз, Ал пенделеринен толук кабардар, көрүүчү.» (Исра Сүрөсү, 96)

Мындан тышкары, Аллахтын бүт окуяларды «Лавхи Махфуз» аттуу китепте жазылуу абалда сактап койгонун унутпаш керек. Биз көрбөсөк да булардын баары Лавхи Махфузда бар. Бүт нерсенин Аллах Кабатында «Лавхи Махфуз» аттуу «Негизги Китепте» сакталуу экени мындайча кабар берилген:

Эч күмөнсүз, ал – Биздин Кабатыбыздагы Негизги Китепте; абдан улук, өкүм жана даанышмандыктарга толо. (Зухруф Сүрөсү, 4)

...Кабатыбызда (булардын баарын) сактап-коргоочу бир китеп бар. (Каф Сүрөсү, 4)

Асманда жана жерде апачык китепке (Лавхи Махфузга) жазылбаган, жашыруун эч нерсе жок. (Немл Сүрөсү, 75)

Заттын Чыныгы Жүзүн Билүү

Айланасына акылы жана абийири (жүрөгү) менен көз жүгүрткөн киши ааламдагы жандуу-жансыз бүт нерсенин жаратылганын байкайт. Булардын баарын ким жараткан?

Ааламдын бүт тарабында көрүнүп турган «жаратылгандык» ааламдын өзүнүн бир «эмгеги» болушу мүмкүн эмес. Мисалы, бир чиркей өзүн-өзү жараткан эмес. Күн системасы, өсүмдүктөр, адамдар, бактериялар, эритроциттер, көпөлөктөр өздөрүн өздөрүн жараткан эмес. Булардын баарынын «кокустан» пайда болушу да эч мүмкүн эмес.

Ошондуктан төмөнкүдөй жыйынтыкка барсак болот: көзүбүз менен көргөндөрүбүздүн баары жаратылган... Бирок көзүбүз менен көргөн нерселердин эч кайсынысы «Жаратуучу» эмес. Демек, Жаратуучубуз көзүбүз менен көргөн нерселердин баарынан башка, жогору бир Зат. Өзү көрүнбөгөн, бирок жараткан нерселеринин баарында Өзүнүн бар экенин жана сыпаттарын көрсөткөн улуу бир кудурет.

Аллахтын бар экенин тааныбагандар мына ушул жерде жолдон чыгышат. Ал кишилер «Аллахты көзүбүз менен көрмөйүнчө, Анын бар экенине ишенбейбиз» деп шарт коюп алышкан өздөрүнө. Бирок, анда, ааламдын бүт тарабынан көрүнүп турган «жаратылгандык» чындыгын жашырууга, «аалам менен жандыктар жаратылган эмес» деген пикирди жактаганга мажбур болушат. Бул үчүн жалгандарды токушат. Эволюция теориясы менен материалисттик философия – бул багытта колдонулган жалгандардын жана натыйжасыз аракеттердин эң белгилүү эки мисалы.

Жаратуучуну тангандардын эң негизги жаңылыштыгын негизи Аллахтын бар экенин танбаган, бирок Аллах жөнүндө туура эмес бир ишенимде жүргөн көп адамдар да кабыл алышат. Кээ бир өлкөлөрдө коомдун көпчүлүгүн түзгөн мындай кишилер Жаратуучуну апачык жокко чыгарышпайт, бирок Аллахтын «каерде» экени жөнүндө кызыктай негизсиз бир ишенимде болушат: көпчүлүгү Аллах «асманда» деп ойлойт. Ичинен Аллах өтө алыстардагы бир планетанын артында турат жана кээ-кээде гана «дүйнө иштерине» кийлигишет деп ишенет. Же болбосо, эч кийлигишпейт; ааламды жаратып, таштап койгон, адамдар өз тагдырларын аныкташат... (Аллахты аруулайбыз)

Кээ бирлер болсо Раббибиз Куранда кабар берген, Аллахтын «бүт тарапта» экенин билет, бирок мунун маанисин толук түшүнө албайт. Ичинен Аллахты радио толкундар сыяктуу же көрүнбөс, сезилбес бир газ сыяктуу, заттарды ороп турат деп ойлойт. (Аллахты аруулайбыз)

Чындыгында болсо бул көз-караш жана жогоруда саналган, Аллахтын «каерде» экенин эч түшүнө албаган (балким ушул себептен апачык көрүнүп турса да, Аллахтын бар экенин акылсыздык менен жокко чыгарган) көз-караштар орток бир жаңылыштыкка таянат: алар эч негизсиз бир түшүнүктү кабыл алып, анан Аллах жөнүндө ар кандай күмөндөрдү чыгарышат.

Бул кайсы түшүнүк?

Бул түшүнүк заттын маңызы жана сыпаты менен байланыштуу. Кээ бир адамдар заттын чыныгы маңызы жөнүндөгү жаңылыш түшүнүктөргө ушунчалык алданып калгандыктан, бул темада балким эч терең ойлонушкан эмес. Чындыгында болсо, заманбап илим заттын маңызы жөнүндөгү бул түшүнүктү кулатып, өтө маанилүү жана таасирдүү бир акыйкатты көрсөттү. Алдыда Куранда да ишарат кылынган бул улуу чындыкты түшүндүрүүгө аракет кылабыз.

Электрдик Сигналдардан Турган Аалам

Жашап жаткан дүйнөбүз жөнүндөгү бүт маалыматтар бизге беш сезимибиз аркылуу келет. Б.а. биз көзүбүз көргөн, колубуз тийген, мурдубуз жыттаган, тилибиз даамын таткан, кулагыбыз уккан бир дүйнөнү тааныйбыз. Төрөлгөндөн бери ушул сезүү органдарыбыздан көз-каранды болгонубуз үчүн, «тышкы дүйнө» сезүү органдарыбыз бизге тааныткандан башкача болушу мүмкүн деп эч ойлонгон эмес болушубуз керек.

Бирок бүгүнкү күндө көптөгөн илим тармактарында жасалган изилдөөлөр такыр башка бир түшүнүктү алып келип, сезимдерибиз жана биз кабылдаган дүйнө жөнүндө олуттуу күмөндөрдүн жаралышына себеп болду.

Бул жаңы түшүнүк төмөнкү чындыктан келип чыкты: биз «тышкы дүйнө» катары кабылдап-сезгендерибиз – электрдик сигналдардын мээде пайда кылган таасирлери гана. Алманын кызылдыгы, тактайдын катуулугу, ал тургай, апаңыз, атаңыз, үй-бүлөңүз, менчигиңиздеги бүт мал-мүлктөр, үйүңүз, жумушуңуз жана бул китептин саптары жөнүндө алган маалыматыңыз – баары электрдик сигналдар гана. Б.а. биз эч качан тышкы дүйнөдөгү алманын чыныгы түсүн, сырттагы тактайдын чыныгы түзүлүшүн, апабыздын, атабыздын, сүйгөндөрүбүздүн чыныгы абалдарын биле албайбыз. Булардын баары сыртта Аллах жараткан көрүнүштө бар, бирок биз өмүр бою мээбиздеги копияларын гана көрүп-сезебиз.

Муну тереңирээк түшүнүү үчүн алгач тышкы дүйнө жөнүндө бизге маалымат берген сезүү органдарыбызга токтололу.

Кантип Көрөбүз, Сезебиз, Даамын Сезебиз?

Көрүү процесси бир канча этаптан турат. Көрүү учурунда кандайдыр бир телодон келген фотондор көздүн алды жагындагы линзанын ичинен сынып өтүп, көздүн арт жагындагы тордомо челге тескери болуп түшөт. Ал жердеги клеткалар тарабынан электрдик сигналга айландырылган көрүү импульстары нервдер аркылуу мээнин арткы тарабындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир аймакка жетишет. Ал электрдик сигнал бир катар процесстен соң мээдеги ал борбордо сүрөттөлүш катары кабылданат. Б.а. көрүү кубулушу чындыгында мээнин артындагы кичинекей жарык эч кире албаган, капкараңгы бир аймакта ишке ашат.

Эми көбүнчө элдин баары билген бул маалымат жөнүндө дагы бир жолу жакшылап ойлонолу: биз «көрүп жатам» дегенде чындыгында көзүбүзгө келген импульстардын электрдик сигналга айланып мээбизде пайда кылган «таасирин» көргөн болобуз. Б.а. «көрүп жатам» дегенде чындыгында мээбиздеги электрдик сигналдарды көрөбүз.

Өмүр бою биз көргөн сүрөттөлүштөрдүн баары бир канча см3дук көрүү борборунда жаралат. Сиз окуп жаткан бул саптар да, айланага караганыңызда көргөн учу-кыйырсыз аалам да ушул кичинекей жерде пайда болот. Бул жерде айта кетчү дагы бир жагдай бар. Бир аз мурда айтып кеткендей, баш сөөгү жарыкты киргизбейт, б.а. мээнин ичи капкараңгы. Ошондуктан мээ сырттагы жарыктын өзү менен эч качан байланыш кура албайт.

Бул жердеги кызыктай жагдайды бир мисал менен түшүндүрөлү. Маңдайыбызда бир шам бар дейли. Ал шамдын маңдайына туруп аны көпкө чейин карап тура алабыз. Бирок бул убакыт бою мээбиз шамга тиешелүү жарыктын өзү менен эч качан байланышта болбойт. Шамдын жарыгын көрүп жаткан кезибизде да башыбыздын жана мээбиздин ичи капкараңгы болот. Капкараңгы мээбиздин ичинде жапжарык, түркүн-түстүү, кооз бир дүйнөнү көрөбүз.

Р. Л. Грегори көрүү кубулушундагы кереметтүү абал жөнүндө мындай дейт:

Көрүү кубулушуна ушунчалык көнүп калгандыгыбыз үчүн, жооп берүү зарыл болгон суроолор бар экенин байкоо да терең кыялдануу күчүн талап кылат. Бирок элестетип көрүңүз. Көздөрүбүзгө кичинекей, башаламан сүрөттөлүштөр берилүүдө жана биз чөйрөбүздө аларды толук кандуу буюмдар, заттар катары көрүп жатабыз. Тордомо челдердеги сигналдардын натыйжасында заттар дүйнөсүн кабылдап жатабыз жана бул чындыгында бир керемет, негизи. (R. L. Gregory, Eye and Brain: The Psychology of Seeing, Oxford University Press Inc. New York, 1990, p. 9)

Бул жагдай башка сезимдерге да тиешелүү. Үн, тийүү, даам жана жыт электрдик сигналдар абалында мээге жетет жана ал жердеги тиешелүү борборлордо кабылданат.

Угуу да ушул сыяктуу ишке ашат: сырткы кулак айланадагы үн толкундарын кулак лакатору аркылуу топтоп ортоңку кулакка өткөрөт; ортоңку кулак алган үн толкундарын күчөтүп ички кулакка өткөрөт; ички кулак болсо ал толкундарды электрдик сигналдарга айлантып мээге жиберет. Көрүү процесси сыяктуу, угуу процесси да мээдеги угуу борборунда ишке ашат. Баш сөөгү жарыкты өткөрбөгөн сыяктуу, үндү да өткөрбөйт. Ошондуктан бир адам уккан үндөр канчалык күчтүү жана ызы-чуулуу болсо да, мээсинин ичи бүтүндөй жыржырт болот.

Анткен менен, мээде үндөрдү абдан тунук кабылдайбыз. Ушунчалык тунук болгондуктан, ден-соолугу жайындагы бир адамдын кулагы эч кандай шуулдаксыз, бүт нерсени туптунук угат. Үн өткөрбөгөн мээңизде бир оркестрдин симфониясын тыңдап, топтолгон элдин бүт ызы-чуусун уга аласыз жана бир жалбырактын шуулдаганынан реактивдүү учактардын катуу үнүнө чейин кеңири жыштыктагы бүт үндөрдү кабылдай аласыз. Бирок ошол учурда өтө сезгич бир аппарат менен мээңиздин ичиндеги үндүн деңгээли өлчөнсө, ал жерде толук тымтырстык орун алган болот.

Жыт сезүү сезимибиздин пайда болушу да ушуга окшош: ванильдин жыты, розанын жыты сыяктуу учуучу молекулалар мурундун эпителий деп аталган аймагындагы кыймылдуу түкчөлөрдөгү кабылдагычтарга келишет жана ал кабылдагычтарда реакцияга киришет. Ал реакция мээбизге электрдик сигнал катары жиберилет жана жыт катары кабылданат. Биз сонун же жаман деген жыттардын баары – учуучу молекулалардын реакциясынын электрдик сигналга айландырылган соң мээдеги кабылданышы гана. Бир атырды, бир гүлдү, жактырган бир тамагыңызды, деңиздин жытын, жаккан же жакпаган жыттардын баарын мээңизде сезесиз. Бирок жыт молекулалары мээге эч качан жете алышпайт. Үн менен сүрөттөлүштөгү сыяктуу мээңизге электрдик сигналдар гана жетет. Жыйынтыктасак, төрөлгөндөн бери сырттагы нерселерге тиешелүү деп ойлоп келген жыттардын баары – сезүү органдарыңыз аркылуу келген электрдик импульстар гана. Бир жыттын сырттагы чыныгысын (оригиналын) эч качан жыттап сезе албайсыз.

Ошол сыяктуу, адамдын тилинин алдыңкы тарабында төрт типтеги химиялык кабылдагычтар болот. Алар туздуу, таттуу, кычкыл жана ачуу даамдарына туура келет. Даам сезгичтерибиз бир катар химиялык процесстен соң ал сезимдерди электрдик сигналга айландырып, мээге жөнөтөт. Ал сигналдар болсо мээ тарабынан даам катары кабылданат. Бир шоколадды же сизге жаккан бир мөмөнү жегениңизде электрдик сигналдардын мээ тарабынан жоромолдонушу аркылуу алардын даамын сезесиз. Сырттагы нерсеге болсо эч качан жете албайсыз; шоколаддын өзүн көрүп, жыттап жана даамын тата албайсыз. Мисалы, мээңизге барчу даам сезүү нервдери үзүлүп коюлса, ал учурда жеген нерсеңиздин даамы мээңизге барбай калат; жана даам сезүү сезимиңизден толук ажырап каласыз.

Бул жерде дагы бир чындыкты көрөбүз: бир тамакты жегенде башка бирөөнүн ал тамактан сезген даамы же бир үндү укканда башка бирөөнүн андан уккан үнү меники менен бирдей деп кесе айта албайбыз. Бул чындык жөнүндө Линкольн Барнетт мындай дейт:

Эч ким өзүнүн кызыл деп көргөн өңүнүн же «до» нотасынын угулушун башка бир адамдыкы менен бирдей же бирдей эмес экендигин биле албайт. (Lincoln Barnett, Evren ve Einstein, Varlık Yayınları, Çev: Nail Bezel, s.20)

Тийүү сезимин караганыбызда да эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрөбүз. Бир нерсеге тийгенибизде тышкы дүйнөнү жана буюмдарды таанышыбызга көмөкчү боло турган маалыматтар теридеги сезүү нервдери аркылуу мээге жиберилет. Тийүү сезими мээбизде пайда болот. Көп адамдар ойлогондой, тийүү сезимин сезген жерибиз – манжабыздын учу же терибиз эмес, мээбиздеги тийүү борбору. Биз заттардан келген электрдик сигналдардын мээбизде чечмеленишинин натыйжасында катуулук же жумшактык, ысыктык же муздактык сыяктуу буюмдарды сыпаттаган ар кандай сезимдерди сезебиз. Ал тургай, буюмдардын биз билген сыпаттарынын баарын ушул сигналдар аркылуу алабыз. Бул маанилүү чындык жөнүндө Б. Рассел жана Л. Витгенштейн сыяктуу философтордун пикири мындай:

... Бир лимондун чындыгында бар же жок экенин жана кандай процесстин натыйжасында бар болгонун сураганга жана анализдегенге болбойт. Лимон тил менен сезилген даам, мурун менен сезилген жыт, көз менен көрүлгөн түс жана формадан гана турат жана ушул сыпаттары гана илимий бир изилдөөнүн жана жыйынтыктын темасы болушу мүмкүн. Илим заттык дүйнөнү эч качан биле албайт. (Orhan Hançerlioglu, Düşünce Tarihi, İstanbul: Remzi Kitabevi, 1987, s. 447)

Б.а. заттык дүйнөнүн өзүн эч качан көрүп сезе албайбыз. Биз көрүп сезген зат-буюмдардын баары чындыгында көрүү, угуу, тийүү сыяктуу сезимдердин жыйындысы гана. Сезүү борборлорундагы маалыматтарды анализдеген мээбиз өмүр бою заттын биздин сыртыбыздагы «өзүн» эмес, мээбиздеги копияларын көрүп сезет. Биз болсо ал копиялардын чыныгысынын кандайлыгын эч качан биле албайбыз.

Мээбиздин Ичинде Пайда Болгон «Тышкы Дүйнө»

Бул жерге чейин каралган илимий чындыктар бизди талашсыз бир жыйынтыкка алып барат: биз көргөн, тийген, уккан жана атын «зат», «дүйнө» же «аалам» деп атаган түшүнүктөрдүн өздөрүн эч качан көрүп сезе албайбыз, биз булардын мээбиздеги копияларын гана билебиз.

Мисалы, кандайдыр бир мөмөнү жеп жаткан бир адам чындыгында мөмөнүн мээсиндеги сезимин көрүп сезет, өзүн эмес. Киши «мөмө» деп сыпаттаган нерсе – бул мөмөнүн формасы, даамы, жыты жана катуулугу жөнүндөгү электрдик маалыматтын мээдеги кабылданышы (сезилиши) гана. Эгер мээге барчу көрүү нервин үзүп койсоңуз, мөмөнүн сүрөттөлүшү ошол замат жоголот. Же мурундагы кабылдагычтардан мээге уланган нерв үзүлсө, жыт сезимиңиз толугу менен жок болот. Себеби мөмө – бул, бир катар электрдик сигналдардын мээ тарабынан жоромолдонушу гана.

Ой жүгүртүү керек болгон дагы бир жагдай – бул алыстык сезими. Алыстык, мисалы бул китеп менен сиздин араңыздагы аралык, мээңизде пайда болгон бир боштук сезими гана. Бир адам «менден өтө алыста» деп ойлогон заттар да чындыгында анын мээсинин ичинде. Мисалы, адам асманга карап жылдыздарды көрөт жана аларды миллиондогон жарык жылы алыстыкта деп ойлойт. Чындыгында болсо, жылдыздар анын ичинде, мээсиндеги көрүү борборунда. Буларды окуп жатканда ичинде отурам деп ойлогон бөлмөнүн да негизи ичинде эмессиз; тескерисинче бөлмө сиздин ичиңизде. Денеңизди көрүшүңүз сизди бөлмөнүн ичинде отурганыңызга ишендирет. Бирок муну унутпаңыз: денеңиздин өзүн да эч качан көргөн эмессиз, дайыма мээңизде пайда болгон копиясын көрүп-сезип келе жатасыз.

Бул нерсе бүт башка сезимдериңизге да тиешелүү. Мисалы, сиз кошуна бөлмөдөгү телевизордун үнүн угуп жатам деп ойлогонуңузда, чындыгында мээңиздин ичиндеги үндү угуп жаткан болосуз. Бир канча метр алыстан келип жатат деп ойлогон үн да, жаныңыздагы кишинин сүйлөгөнү да чындыгында мээңиздеги бир качан см3дук угуу борборунда кабылданат (сезилет). Бул кабылдоо борборунун сыртында оң, сол, алды, арты деген сыяктуу бир түшүнүк жок. Б.а. үн оңдон, солдон же абадан сизге келбейт; үндүн келген бир багыты жок.

Сиз сезген жыттар да ушундай; эч бири алыс бир аралыктан сизге келбейт. Жыт сезүү борборуңузда пайда болгон таасирлерди сырттагы заттардын чыныгы жыты деп ойлойсуз. Бирок, бир гүлдүн сүрөттөлүшү көрүү борборунун ичинде пайда болгон сыяктуу, ал гүлдүн жыты да жыт сезүү борборуңуздун ичинде пайда болот; сырттагы гүлдүн өзүн жана жытын эч качан биле албайсыз.

Себеби сезимдерибиз бизге тааныткан «тышкы дүйнө» - бул бир убакта мээбизге жеткен «электрдик сигналдардын жыйындысы». Мээбиз өмүр бою бул сигналдарды анализдейт. Биз болсо аларды заттын сырттагы «чыныгысы» деп ойлоп, жаңылып жатканыбызды билбестен өмүр сүрөбүз. Жаңылган болобуз, себеби сезүү органдарыбыз менен заттын өзүнө эч качан жете албайбыз.

Өзүн көрүп-сезип жатам деп ойлогон «тышкы дүйнө» жөнүндөгү сигналдарды чечмелеп, кандайдыр бир маанини билдире турган абалга да мээбиз алып келет. Мисалы, угуу сезимин карайлы. Кулагыбыздын ичине келген үн толкундарын жоромолдоп (чечмелеп), аны бир симфонияга айланткан негизи мээбиз болот. Б.а. биз музыканын мээбиздин жоромолдогон абалын билебиз, сырттагы чыныгысын эмес. Түстөрдү көргөндө да чындыгында көзүбүзгө жарыктын ар кандай толкун узундуктары жеткен болот. Ал толкун узундуктарын түстөргө кайра эле мээбиз айландырат. Тышкы дүйнөдөгү түстөрдүн кандайлыгы биз үчүн белгисиз. Биз алманын чыныгы кызылын, асмандын чыныгы көгүн, дарактардын чыныгы жашылдыгын эч качан көрө албайбыз. Тышкы дүйнө толугу менен сезген кишиден көз-каранды.

Мисалы, көздүн тордомо челинин кичине эле жабыркашы түс сокурдугуна себеп болот. Кээ бир адамдар көктү жашыл, кээ бирлери кызылды көк, кээ бирлер болсо түстөрдү боздун ар кандай түрлөрү (б.а. ачык-боз, коюу-боз сыяктуу) көрөт. Андан соң сырттагы заттын түстүү болуп-болбошу маанисиз болуп калат.

Тышкы Дүйнөсүз Эле, Кабылдоолор Дүйнөсү Пайда Болушу Мүмкүн

Мээбизде кабылдоолор (сезимдер) пайда болушу үчүн тышкы дүйнөгө муктаждыктын жок экендиги да көргөн жана сезген нерселерибиздин баарынын мээбизде пайда болоорун жана сырттагы заттын өзүн эч качан билбешибизди далилдейт. Бүгүнкү күндөгү симуляторлор сыяктуу көптөгөн технологиялык ачылыштар жана, ошондой эле, көргөн түштөрүбүз бул чындыктын эң негизги далилдеринен.

Илимпоз Рита Картер Mapping The Mind (Мээни картага түшүрүү) аттуу китебинде «көрүү үчүн көз керек эмес» деп, илимпоздор тарабынан жасалган маанилүү бир экспериментке токтолгон:

Ал экспериментте көзү көрбөгөн адамдарга видео сүрөттөрдү толкундарга айландыруучу бир аппарат туташтырылган. Ал адамдардын көздөрүнүн жанына тагылган бир камера болсо сигналдарды ал адамдын мээсине жөнөтүп турган. Ошентип ал адамга көрүү дүйнөсүнөн тынымсыз сигнал жиберилип турган. Оорулуулар белгилүү бир убакыттан кийин чындап эле көрүп жаткан сыяктуу аракет кыла башташкан. Мисалы, аппараттардын биринде сүрөттөлүштү жакындаштыруучу бир линза бар эле. Ал линза оорулууга эскертилбестен, кыймылдатылганда оорулуу сүрөттөлүш чоңойуп анын үстүнө келе жаткандай көргөндүктөн, эки колу менен өзүн коргонгонго аракет кылган. (Rita Carter, Mapping The Mind, p. 113)

Бул эксперименттен да көрүнүп тургандай, кабылдоолорубуз (көрүү, угуу, тийүү, жыт сезүү, даам сезүү сезимдерибиз) пайда болушу үчүн анын тышкы дүйнөдө материалдык бир оригиналынын болушу шарт эмес. Бүт сигналдарды жасалма жол менен да жасоого болот.

Түштөрдөгү «Кабылдоолор (Сезимдер) Дүйнөсү»

Адам тышкы дүйнө болбостон да, бүт кабылдоолорду толук кандуу сезе алат жана буга эң жакшы мисал – жогоруда да айтылгандай, түштөр. Бир адам түш көргөн учурда көздөрү жумук абалда төшөгүндө жатат. Бирок, түшүндө чыныгы жашоосундагы окуялардын, сезген сезимдеринин, сигналдардын баарын чыныгы жашоосундагыдай реалдуу сезип-кабылдайт. Буга бул китепти окуган адамдардын баары түздөн-түз өз уйкуларында көп жолу күбө болушат. Мисалы, түнкүсүн төшөгүндө жымжырт жана тынч жерде, жанында башка эч ким жок, жалгыз жаткан бир адам түшүндө өзүн толтура кишинин арасында, коркунучтуу жерде көрүшү мүмкүн. Жан алакетке түшүп ал коркунучтан качып, бир дубалдын артына жашынганын чындап көрүп сезет. Ал тургай, түшүндө көргөндөрү ушунчалык реалдуу болгондуктан, коркуу жана паника сезимин чындап коркунуч бардай толугу менен сезет. Ар бир добуш чыккан сайын жүрөгү тамагына келип, корккондон титиреп, жүрөгү бат-бат согуп, тердеп, адам денеси корккон учурда эмнелерди сезсе, кандай болсо, баарын дал ошондой сезип, башынан өткөрөт.

Түшүндө бийик жерден ылдый кулаган бир адам да муну бүт денеси менен сезет. Бирок, ал кезде төшөгүндө эч кыймылдабастан жаткан болот. Же түшүндө буту тайып көлмөнүн ичине түшкөн бир адам бүт кийимдери суу болуп, шамалдан улам үшүшү мүмкүн. Бирок жаткан жеринде суу да, шамал да жок. Ал тургай, өтө ысык бир бөлмөдө уктап жатса да, суу болгонун жана үшүгөнүн кадимкидей сезет.

Же түшүндө заттын өзүн көрүп-сезип жатам деген бир киши өзүнө аябай ишениши мүмкүн. Ага «тышкы дүйнөнүн өзүн көрүп-сезүү мүмкүн эмес» деген досунун далысына колун коюп, «сен менин колумдун далыңда турганын сезбей жатасыңбы? Демек, кантип заттын өзүн көрө албайбыз деп айта аласың? Кайдан алдың мындай сөздөрдү? Кел сени менен бир Босфордо кеме менен айланып келели, муну да бир сүйлөшөлү, буга кайдан ишенээриңди да айтып бересиң» деши мүмкүн. Катуу уктап жатып көргөн бул түшү ушунчалык чындыктай болгондуктан, ырахаттануу менен машинанын ачкычын бурап, моторго акырын-акырын газ берип, анан педальды катуу басып машинасын учуртуп жөнөйт. Жолдо катуу баратканда дарактар менен жол сызыктары катуу ылдамдыктан улам бир бүтүндөй көрүнөт. Бир тараптан таза деңиздин абасынан дем алат. Досуна эми каршы чыгып, «мына заттын өзүн көрүп жатам» деп айтайын деп даярданып жатканда, саатынын коңгуроосунан ойгонот. Бирок, эң кызыгы, түшүндө «заттын өзүн көрүп-сезбейбиз» деген чындыкка каршы чыккан бул киши ойгоо кезинде «көргөндөрүбүздүн баары – мээде пайда болгон копия сүрөттөлүштөр» деп айтып берген бир досуна да, дал ошондой каршы чыгат.

Адамдар түшүнөн ойгонгондо ал кезге чейин көрүп жаткандарынын элес экенин түшүнүшөт, бирок «ойгонуу» сүрөттөлүшү (кадры) менен башталган жана «чыныгы жашоо» деп аталган жашоонун чыныгы жүзү жөнүндө эмнегедир эч күмөн санашпайт. Чындыгында болсо, «чыныгы жашообуз» деп атаган сүрөттөлүштөрдү көрүп-сезүү жолубуз менен түштөрүбүздү көрүп-сезүү жолубуздун ортосунда эч айырма жок. Экөөсүн тең мээбизде көрөбүз. Жана түшүбүздөн ойготулмайынча, алардын бир элес экенин билбейбиз. Ойгонгондо гана «демек көргөндөрүм бир түш экен» дейбиз. Андай болсо, азыр көрүп жаткандарыбыздын бир түш эмес экенин кантип далилдей алабыз? Али ойготула элек болгонубуз үчүн гана азыркы жашап жаткандарыбызды чындык деп ойлошубуз мүмкүн. Күн сайын көргөн түштөрүбүздөн көбүрөөккө созулган бул «түштөн» бир күнү ойготулганда, бул чындыкты түшүнүшүбүз ыктымал. Жана «бул мындай эмес» деп, далилдей ала турган колубузда эч кандай далилибиз жок.

Дүйнө жашоосунун бир түш сыяктуу экендигин, бул түштөн «улуу бир ойгонуу» менен ойгонгондо гана адамдардын түш сыяктуу бир ааламда жашап келгенин түшүнөөрүн Ислам аалымдары да айтышкан. Илиминин тереңдигинен улам Шейхи Акбар (Эң улуу шейх) деп эскерилген улуу Ислам аалымы Мухйиддин Араби бир сөзүндө Пайгамбар Мырзабыздын (сав) бир хадисине таянып, дүйнө жашоосун түшүбүзгө төмөнкүчө окшоткон:

Азрети Мухаммед Алейхиссалам «адамдар уйкуда, өлгөндө ойгонушат» деген. Демек, дүйнө жашоосунда көргөн нерселер уктап жаткан кишинин түшүндө көргөн нерселерине окшош... (Muhyiddin Arabi, Fusus-ül Hikem, çev. Nuri Gencosman, İstanbul, 1990, s.220)

Бир аятта болсо Аллах адамдардын кыямат күнү кайрадан тирилтилгенде мындай деп айтаарын кабар берет:

«Оо шорубуз, бизди уйкубуздан ким тирилтип-тургузду? Бул – Рахман (Аллах)тын убадасы, (демек) жөнөтүлгөн (элчи)лер туура айтышкан экен» дешти. (Йасин Сүрөсү, 52)

Аяттан да көрүнүп тургандай, адамдар кыямат күнү бир түштөн ойгонгондой ойгонушат. Бир адамдын катуу уктап, түш көрүп жаткан кезде кокусунан ойготулса, «мени ким ойготту» деп сураганы сыяктуу, бул адамдар да «бизди ким ойготту» деп сурашууда. Аллах бул аятта да кабар бергендей, бул дүйнө жашоосу бир түш сыяктуу, жана ар бир адам бул түштөн ойготулуп, чыныгы жашоосу болгон акырет жашоосунун сүрөттөлүштөрүн (кадрларын) көрүп баштайт.

Кабылдаган (Сезген) Ким?

Бул жерге чейин айтылгандардан түшүнүктүү болгондой, биз «ичинде жашап жатам» деп ойлогон жана «тышкы дүйнө» деп атаган заттык дүйнөнүн өзүн эч качан көрүп-сезе албайбыз. Бирок эң маанилүү суроо ушул жерде туулат: биз билген эч бир заттык нерсенин өзүнө жете албасак, анда мээбиз кандай? Мээбиз да колубуз, бутубуз же башка кандайдыр бир нерсе сыяктуу заттык дүйнөнүн бир бөлүгү болгондуктан, анын да тышкы дүйнөдөгү чыныгысына эч качан жете албайбыз.

Мээни анализ кылганда, анын да, башка органдар сыяктуу, белок жана май молекулаларынан тураарын көрөбүз. Башкача айтканда, «мээ» деп аталган бир кесим этте сүрөттөлүштөрдү карап жоромолдой турган, аң-сезимди түзө турган, кыскасы, «мен» деген нерсени пайда кыла турган эч нерсе жок.

Р.Л. Грегори мээнин ичинде сүрөттөлүштөрдү көрөбүз деген адамдардын жаңылыштыгын төмөнкүчө айткан:

«Көздөр мээде сүрөттөлүштөрдү пайда кылат» деген пикирден качынуу керек. Мээде бир сүрөттөлүш пайда болот десек, аны көрүү үчүн ичте дагы бир көз болушу керек, бирок ал көздүн сүрөтүн көрүү үчүн дагы бир көзгө муктаждык бар... жана бул болсо чексиз көздөр жана сүрөттөр деген мааниге келет. Мындай нерсе мүмкүн эмес. (R. L. Gregory, Eye and Brain: The Psychology of Seeing, Oxford University Press Inc. New York, 1990, p. 9)

«Заттан башка эч нерсе жок» деген материалисттер ушул жерде туюкка кабылышат: көргөн, көргөнүн кабылдаган жана ага жооп берген «ичтеги көз» кимге тиешелүү?

Карл Прибрам да илим жана философия дүйнөсүндө кабылдоону сезгендин ким экендиги менен байланыштуу бул маанилүү изденүүгө мындайча көңүл бурган:

Гректерден бери философтор «машинанын ичиндеги элес», «кичинекей адамдын ичиндеги кичинекей адам» деген сыяктууларды ойлонуп келишүүдө. «Мен», б.а. мээни колдонгон нерсе каерде? Аң-сезимдин ээси ким? Ассиздик Ыйык Франциск да айткандай: «Издегенибиз – карагандын эмне экендиги.» (Karl Pribram, David Bohm, Marilyn Ferguson, Fritjof Capra, Holografik Evren I, Çev: Ali Çakıroğlu, İstanbul: Kuraldılı Yayınları, 1996, s. 37)

Эми муну ойлоп көрүңүз: колуңуздагы китепти, ичинде отурган бөлмөңүздү, кыскасы, алдыңыздагы бүт сүрөттөлүштөрдү мээңиздин ичинде көрүп жатасыз. Анда, бул сүрөттөлүштөрдү атомдор көрүп жатабы? Болгондо да, сокур, дүлөй, аң-сезими жок атомдор... Эмне үчүн атомдордун бир бөлүгүнүн мындай касиети бар болуп, башкаларыныкы жок болсун?... Ойлонушубуз, түшүнүшүбүз, эстешибиз, сүйүнүшүбүз, кайгырышыбыз, булардын баары ошол атомдордун арасындагы химиялык реакциялар элеби?

Бул суроолорду терең ойлонгонубузда, атомдордон бир «эркти» издөөнүн туура эмес болоорун көрөбүз. Көргөн, уккан жана сезген «нерсенин» заттан тышкары, башка бир нерсе экендиги анык. Андай болсо бул сүрөттөлүштөрдү мээңиздин ичинде ким көрүп жатат? Мээңиздин ичинде бир көзгө муктаж болбостон бул китептин сүрөттөлүшүн көргөн, көргөндөрүн түшүнгөн, окугандарынан таасирленген, алар жөнүндө ойлонгон ким? Мээге жеткен электрдик сигналдарды бир кулакка муктаж болбостон бир досунун үнү же эң жактырган ыры катары уккан, уккандарынан ырахат алган ким?

Бул нерсе – «рух».

Сырттагы заттын мээдеги копияларын көргөн, уккан, сезген, кабылдаган, чечмелеген – бул, рух. Бул саптарды жазган жана окуган акылдуу нерселер – атом менен молекулалардын жыйындысы жана алардын арасындагы химиялык реакциялар эмес, «рухтар».

Чыныгы Абсолюттук Зат

Бул чындыктардын баары бизди өтө маанилүү дагы бир суроого алып барат: заттык дүйнөнүн чыныгысы жөнүндө эч нерсе билбесек жана мээбиздеги копия сүрөттөлүштөрдү гана көрүп-сезип жаткан болсок, анда бул сүрөттөлүштөрдүн булагы эмне?...

Биздин рухубузга жылдыздарды, дүйнөнү, өсүмдүктөрдү, адамдарды, денебизди жана көргөн башка нерселерибиздин баарын тынымсыз көрсөтүп жаткан ким?

Биз жашап жаткан бүт заттык ааламды жараткан жана тынымсыз жаратып турган улуу бир Жаратуучунун бар экендиги апачык көрүнүп турат. Ал Жаратуучу чексиз кудуреттүү жана илимдүү.

Ал Жаратуучу – ааламдардын Рабби Аллах.

Асмандардын жана жердин, б.а. ааламдын туруктуу жана бекем эместиги, Аллахтын жаратышы менен гана тураары жана жаратууну токтоткондо жок болоору бир аятта төмөнкүчө айтылат:

Күмөнсүз, Аллах асмандарды жана жерди талкаланышат деп (дайыма кудурети менен) кармап турат. Ант болсун, эгер талкаланышса, Андан башка аларды эч ким кармай албайт. Чындыгында, Ал Халим (абдан жумшак), кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 41)

Мурда да айтып кеткендей, көп адамдар Аллахтын кудуретин түшүнө албагандыктан, өтө караңгылык менен Улуу Аллахты асмандардын бир жеринде турган жана дүйнө иштерине кийлигишпеген бир зат деп ойлошот (Аллахты аруулайбыз). Мындай туура эмес логика «аалам заттардын гана жыйындысы, Аллах болсо ал заттардын «сыртында» бир жерлерде» деген жаңылыш көз-караштан келип чыгат (Аллахты аруулайбыз).

Чыныгы абсолюттук зат – Аллах. Башкача айтканда, Аллах гана бар, зат абсолюттук (өз алдынча бар болгон) бир нерсе эмес. Сырттагы заттык дүйнө – Аллахтын жараткан нерсеси, Аллах «бүт жерде» жана бүт жерди ороп-курчап турат. Бул чындык Куранда төмөнкүдөй кабар берилет:

Аллах... Андан башка кудай (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – Хайй (тирүү), Кайуум (башкарып кармап туруучу). Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

Аллахтын мейкиндиктен көз-карандысыз экендиги жана бүт тарапты курчап тураары башка бир аятта төмөнкүчө кабар берилет:

Чыгыш да Аллахтыкы, батыш да. Каякка бурулсаңар, Аллахтын жүзү (кыбыласы) ошол жакта. Күмөнсүз, Аллах курчоочу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 115)

Бул чындыкты түшүнүү Аллахка шерик кошпогон, Аллахты жалгыз деп билген чыныгы ыймандын калыптанышына себепчи болот. Себеби Аллахтан башка бүт нерселердин көлөкө (элес) нерселер экендигин билген бир адам чыныгы бир ыйман менен (хаккуль йакин даражасында) «бир гана Аллах бар, Андан башка кудай (кудуреттүү нерсе) жок» дейт.

Аллахты көзү менен көрбөгөнү үчүн Аллахтын бар экенине ишенбегендердин материалист пикирлери да заттын чыныгы жүзүн түшүнгөндө толугу менен кулайт. Себеби бул чындыкты түшүнгөн киши өзүнүн бир элес сыпатында экенин түшүнөт. Элес бир жандыктын абсолюттук бир Затты көрө албашын түшүнөт. Куранда адамдардын Аны көрө албашын, бирок Өзүнүн болсо аларды көрөөрүн Раббибиз мындайча баяндайт:

Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрүп турат... (Энъам Сүрөсү, 103)

Албетте, биз адамдар Аллахтын затын көздөрүбүз менен көрө албайбыз. Бирок, Аллахтын биздин ичибизди, сыртыбызды, көздөрүбүздү, ойлорубузду толугу менен курчап тураарын билебиз. Ушул себептен Аллах Куранда Өзүнүн «кулактардын жана көздөрдүн кожоюну» (Йунус Сүрөсү, 31) экендигин кабар берет. Аллахтын кабары болбостон, биз бир сөз да сүйлөй албайбыз, ал тургай, бир жолу да дем ала албайбыз. Аллах биздин кылгандарыбыздын баарын билет, бул Куранда мындайча белгиленет:

Күмөнсүз, жерде жана асманда Аллахтан эч нерсе жашыруун калбайт. (Али Имран Сүрөсү, 5)

Заттын тышкы дүйнөдөгү чыныгысын көрүп-сезип жатам деп ойлоп, мээбиздеги копия дүйнөнү көрүп жатканда да, б.а. өмүр сүрүп жатканыбызда да, бизге эң жакын зат Аллахтын Өзү болот. Аллах Куранда кабар берген «Ант болсун, адамды Биз жараттык жана напсисинин ага кандай азгырыктарды берип жатканын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакыныраакпыз» (Каф Сүрөсү, 16) деген аяттын сыры да ушул чындыкта жашырылган. Аллах адамды бүт тарабынан курчап турат жана ага «чексиз жакын».

Аллах адамдарга «чексиз жакын» экендигин «Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан жакынмын...» (Бакара Сүрөсү, 186) аяты аркылуу да кабар берет. Башка бир аятта «Раббиң, албетте, адамдарды толук курчап турат» (Исра Сүрөсү, 60) деп да ушул чындык кабар берилген.

Адам «өзүмө эң жакын нерсе өзүммүн» деп ойлоп жаңылат. Чындыгында болсо, Аллах бизге өзүбүздөн да жакыныраак. «Жан тамакка келип тыгылганда, ал убакта силер карап-турасыңар, Биз ага силерден жакыныраакпыз; бирок көрбөйсүңөр.» (Вакыа Сүрөсү, 83-85) аяттары аркылуу да Раббибиз Куранда бул чындыкты кабар берген. Бирок, аятта да айтылгандай, кээ бир адамдар көздөрү менен көрбөгөнү үчүн бул кереметтүү чындыкты билбей жашашат.

Аларды Аллах жаратканын кабыл алышат, бирок кылган иштерин өзүбүз жасап жатабыз деп ойлошот. Чындыгында болсо, адамдын ар бир кыймылы Аллахтын уруксаты менен жаратылат. Мисалы, бир китеп жазган адам Аллахтын уруксаты менен ал китепти жазат. Ал китептеги ар бир сүйлөм, ар бир пикир, ар бир абзац, Аллахтын уруксаты менен, куралат. Аллах бул өтө маанилүү чындыкты көп аяттары аркылуу кабар берет. Бул аяттардын бири «... силерди да, кылып жаткандарыңарды да Аллах жараткан» деген аят (Саффат Сүрөсү, 96). Аллах «... ыргыткан кезде сен ыргыткан жоксуң, Аллах ыргытты...» (Энфал Сүрөсү, 17) аяты аркылуу болсо кылгандарыбыздын баарынын Өзүнө тиешелүү экендигин кабар берген.

Чындык ушундай. Кээ бир адамдар муну кабыл алгысы келбеши мүмкүн, бирок ал эч нерсени өзгөртпөйт.

Заттын Чыныгы Жүзүн Билүү Дүйнөгө Болгон Ач Көздүктү Жок Кылат

Бул жерге чейин айтылгандар өмүрүңүздө сизге айтып берилген эң улуу чындыктардын бири. Себеби бүт заттык дүйнөнүн чындыгында бир «элес» экендигин көрсөткөн бул далилдер – Аллахтын бар экендигин жана бүт ааламды жараткандыгын, ошондой эле, Анын жалгыз абсолюттук зат экендигин чындап түшүнүүнүн ачкычы. Ошол эле учурда, адамдын канчалык алсыз экендигинин илимий жана четке кагылгыс бир далили жана Аллахтын кереметтүү чеберчилигинин бир көрүнүшү. Ушул себептен бул илим адамдарды ыйман кылууга мажбурлап, ыймансыздыктын жолун тосууда. Кээ бир адамдардын бул чындыктан качышынын негизги себеби мына ушунда.

Бул жерде айтылгандар бир физика мыйзамы же бир химия формуласындай анык чындыктар. Адамдар керек болгондо эң татаал математика маселелерин да чыгара алышат, түшүнүү кыйын болгон көп теманы түшүнө алышат. Бирок ушул эле кишилерге «зат адамдардын мээсинде пайда болгон бир сүрөттөлүш гана, заттын өзүн эч качан көрө албайбыз» деп түшүндүрүлгөндө, муну эч түшүнбөй калышат. Муну өтө «апыртмалуу» бир «аңкоолук» дегенге болот. Себеби бул жерде айтылгандарды түшүнүү бир адамдын «эки жерде эки канча болот?», «канча жаштасың?» деген сыяктуу суроолорго бере турган жоопторундай оңой. «Дүйнөнү каерде көрөсүң» деп кайсы илимпоздон, кайсы неврология профессорунан сурабаңыз, сизге «албетте, мээмде» деп жооп берет. Ал тургай, бул чындыкты жогорку класстын биология китептеринен да таба аласыз. Бирок ушунчалык ачык болсо да, заттык дүйнөнү мээбизде кабылдашыбыз жөнүндөгү маалыматты жана ал маалыматтан келип чыккан жыйынтыктарды көп адамдар түшүнмөксөн болушууда. Илим тарабынан далилденген эң маанилүү чындыктардын биринин адамдардан мынчалык жашырылышы, албетте, өтө чоң окуя.

Адамдардын бүт илимий чындыктарды оңой гана кабыл алып, бул чындыктан мынчалык коркуп качышынын негизги себеби болсо – бул, заттын чыныгы жүзүн түшүнүүнүн бүт адамдардын жашоого болгон көз-карашын түп-тамырынан өзгөртүшү. Затты жана өздөрүн абсолюттук нерсе деп кабыл алгандар жана бүт жашоосун ушунун негизинде кургандар бир заматта өздөрүнүн, жубайларынын, балдарынын, колундагы бүт байлыгынын элес экенин түшүнүшөт. Адамдар дүнүйөлүк амбицияларынан ажырап калуудан корккондугу үчүн гана бул чындыктан ушунчалык качып, түшүнүп туруп түшүнмөксөн болушууда жана башталгыч класстагы бала да оңой эле түшүнө ала турган бир чындыкты өтө негизсиз сөздөр менен жок кылууга аракеттенишүүдө.

Байлыгына, балдарына, дүйнөнүн убактылуу кооздуктарына ач көздүк менен ээ чыккан бирөө үчүн бул чындап эле чоң бир коркууга себеп болот. Себеби бул чындыкты түшүнгөндө, өлө элек туруп «өлгөн», б.а. мал-мүлкү менен жанын тапшырган болот. Аллах «Эгер силерден аларды(н баарын) талап кылып силерди жылаңач калтырса, сараңдык кыласыңар жана силердин ачууңарды да ачыкка чыгарган болот.» (Мухаммед Сүрөсү, 37) аяты аркылуу адамдардан бүт мал-мүлкүн талап кылганда, алардын кандайча тырышып, сараңдык кылаарын жана ачууланаарын кабар берет. Бир адам заттын чыныгы жүзүн түшүнгөндө болсо ансыз да мал-мүлкүнүн, жанынын Аллахка тиешелүү экендигин, бере турган же бербей тырыша турган бир нерсеси жоктугун түшүнүп, өлбөстөн туруп бүт нерсеси менен Аллахка өзүн тапшырат. Чын ниеттен ыйман кылгандар үчүн бул бир жакшылык, кадыр-барк жана Аллахка жакындоого бир себепчи болот. Ыймансыз же ыйманы алсыз адамдар болсо бул жакшылыкты түшүнө албаганы үчүн бул чындыкты болгон күчү менен четке кагышат.

Заттын Маңызы Жашырылбаганда, Жарала Турган Чөйрө

Заттын оригиналын көрбөгөнүн, Аллах аларга көрсөткөн сүрөттөлүштөр менен гана аралашып жашаганын билген адамдардын бүт жашоосу, жашоого көз-карашы жана баалуулуктары өзгөрөт. Бул адамдар үчүн да, коом үчүн да пайдалуу өзгөрүү болот. Себеби бул чындыкты көргөн адам Аллах Куранда билдирген ыймандуунун мыкты кулк-мүнөзүнө эч кыйынчылыксыз жете алат.

Дүнүйөгө маани бербеген, заттын элес экенин түшүнгөн адамдар руханий баалуулуктарга гана маани берип калышат. Аллахтын дайыма аны угуп, көрүп тураарын билген, кылган ар бир иши үчүн акыретте эсеп берээрин түшүнгөн бир адам сөзсүз жакшы адеп-ахлактуу болот, Аллахтын буйрук жана тыюуларынын негизинде жашоого абдан көңүл бурат. Натыйжада коомдо бүт адамдар бири-бирин сүйүп, урматтап, жакшы иштерде бири-бири менен жарышышат. Адамдардын арасындагы баалуулуктар өзгөрөт, материалдык нерелер маанисин жоготот, натыйжада адамдардын арасындагы кадыр-барк бийлик жана байлыкка карап эмес, адеп-ахлакка жана такыбалыкка (Аллах коркуусуна) карап аныкталат. Эч ким «элес» сыпатындагы материалдык кызыкчылыктардын артынан чуркабайт, бүт адамдар чындыктын артынан жүрөт. Адамдар «ким эмне деп ойлойт?» деп ойлонбойт, «Аллах эмне кылсам, менден ыраазы болот?» деген ойдо болот. Байлык, мал-мүлк, кызматтык орун жана бийликтен пайда болгон бой көтөрүү, көбүү, өзүмчүлдүк сезимдеринин ордун жөнөкөйлүк жана алсыздыгын толук түшүнүү сезимдери ээлейт. Натыйжада адамдар өз каалоосу менен Куранда айтылган мыкты адеп-ахлакты тандашат. Мындай өзгөрүүлөр болсо бүгүнкү күндөгү коомдордун көптөгөн маселелерин чечет.

Кичинекей кызыкчылык үчүн да ачууланган, мушташка жулунган адамдар көргөндөрүнүн баарынын элес экенин билген, ошондуктан ачуулануу, кыйкырып өкүрүү сыяктуу мамилелердин аны уят кылаарын түшүнгөн адамдарга айланат. Мунун натыйжасында адамдарда жана коомдордо бейпилдик менен ишенимдүүлүк орноп, бүт адамдар жашоосунан жана колундагы нерселеринен ыраазы болот. Адамдардан жашырылган бул чындыктын адамдарга жана коомдорго тартуулай турган сый-жакшылыктарынын кээ бирлери мына ушулар. Бул чындыкты билүү, ойлонуу жана турмушка ашыруу менен бирге адамдар дагы көптөгөн жакшылыктарга жетишет. Мындай сулуулуктарга жетүүнү каалагандар болсо бул улуу чындыкты жакшылап ойлонуп, жакшылап түшүнүүгө аракет кылышы зарыл. Аллах бир аятында мындай деп билдирет:

Чындыгында, силерге Раббиңерден баам-парасат (терең акыл) келди. Ким баам-парасат менен байкаса өзүнө пайда, ким көр болсо (көргүсү келбесе) өзүнө зыян... (Энъам Сүрөсү, 104)

Жыйынтык

Бул жерге чейин айтылгандар өмүрүңүздө сизге айтып берилген эң чоң чындыктардын бири. Заттын өзүн эч качан көрө албашыбызды көрсөткөн бул далилдер – Аллахтын бар экендигин жана бүт нерсени Анын жараткандыгын, ошондой эле, Анын жалгыз абсолюттук зат экендигин түшүнүүнүн ачкычы.

Бул теманы түшүнгөн адам дүйнөнүн көп адамдар ойлогондой бир жер эместигин түшүнөт. Дүйнө көчөлөрдө максатсыз басып жүргөндөр, кафелерде урушкандар, люкс ресторандарда бири-бирине көрүнгөндөр, байлыгына мактангандар, өмүрлөрүн бош максатка арнагандар ойлогондой, биз чыныгысын (өзүн) билген, абсолюттук бир жер эмес. Биздин дүйнө жөнүндө билгендерибиздин баары мээбизде көргөн копия сүрөттөлүштөрдөн гана турат. Жогоруда саналган адамдардын баары – ушул копия сүрөттөлүштөрдү мээлеринин ичинде көргөн көлөкө (элес) жандыктар; бирок муну билишпейт.

Бул тема өтө маанилүү жана Аллахты жокко чыгарган материалисттик философияны түп-тамырынан кыйратат. Маркс, Энгельс, Ленин сыяктуу материалисттердин бул теманы укканда паникага түшүп, ачууланышынын жана жолдошторун «эч ойлоно көрбөгүлө» деп эскертишинин себеби мына ушунда. Негизи мындай кишилер кабылдоолордун мээде пайда болоорун да түшүнө албай турганчалык аңкоо болушат. Мээлеринин ичинде көргөн дүйнөнү «тышкы дүйнөнүн өзү (чыныгысы)» деп ойлоп, мунун мындай эместигин көрсөткөн апачык далилдерди болсо эч түшүнө алышпайт.

Мындай капылеттик (аңкоолук) – Аллах ыймансыздарга берген акылсыздыктын бир натыйжасы. Себеби Аллах Куранда кабар бергендей, ыймансыздардын «жүрөктөрү бар, аны менен аңдап-түшүнө алышпайт; көздөрү бар, аны менен көрө алышпайт; кулактары бар, аны менен уга алышпайт. Булар – айбандар сыяктуу, ал тургай андан да төмөн. Дал ушулар – капылет калгандар.» (Аьраф Сүрөсү, 179)

Биз жашап жаткан заманда бул чындык илимий далилдер менен анык далилдене турган даражага келди. Ааламдын өзүн көрүп-сезе албашыбыз жөнүндөгү чындык дүйнө тарыхында биринчи жолу ушунчалык так, ачык жана түшүнүктүү түшүндүрүлүп жатат. Ушул себептен, 21-кылым көп адамдар чындыкты түшүнүп, жалгыз абсолюттук Зат Аллахка топ-топ болуп багыттала турган тарыхый бурулуш кылымы болот. 21-кылымда 19-кылымдын материалисттик, туура эмес ишенимдери тарыхтын таштандысына ташталып, адамдар Улуу Раббибиз Аллахтын бар экендигин жана бүт ааламды жараткандыгын, ошондой эле, мейкинсиздик, убакыттын жоктугу сыяктуу чындыктарды түшүнөт. Жана адамзат кылымдардан бери көз алдына тосулган пардалардан, калптардан жана негизсиз ишенимдерден кутулат.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Жаңы Бир Дүйнө
  • Негизги Суроолор...
  • Куран Жөнүндө Ойлонуу
  • Курандагы Дин Жана Ата-Бабалардын Дини
  • Чыныгы Динчилдер Жана Жасалма Динчилдер
  • Куранда Сүрөттөлгөн Ыймандуу Адам
  • Өзүбүздү Өзүбүз Суракка Алуу
  • Диндин Насааттарын Укпаган Адам Моделинин Зыяндары
  • Динден Алыс Коомдон Курандын Насааттарына Өтүү
  • Дүйнө Жана Акырет Жашоосу
  • Бейиш: Ыймандуулардын Чыныгы Мекени
  • Ыймансыздарды Күткөн Тозок
  • Жаңы Бир Чен-Өлчөм
  • Көз Алдыбыздагы Кереметтер
  • Куранда Сөздөрдүн Кайталанышы
  • Куранда 19 Саны