Көз Алдыбыздагы Кереметтер

Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды акыйкат (хак) менен гана жараттык. Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт.
(Духан Сүрөсү, 38-39)

Китебибиздин башында «бир заматта» пайда болуп калган бир адам жөнүндө мисал келтирген элек. Ал адамдын өзүнө жана айлана-чөйрөсүнө абдан таң калаарын айткан элек. Жана сиз менен мисалдагы бул адамдын ортосунда эч кандай айырма жоктугун, болгону көнүп калганыңыз үчүн гана таң калбай, айланадагы кереметтерди сезбей калган болушуңуз мүмкүн экенин айтканбыз. Башкача айтканда, көп адамдардын көз алдындагы кереметтерди байкай албай калаарын айткан элек.

Курандын аяттарында адамдардын ушундай ойлонуу жалкоолугунан жана көздөрү көнүп калганы үчүн кайдыгер болуп калуудан кутулуу зарылдыгына эң көп басым жасалган. Куранда ыйман кылуу үчүн кереметтерди күткөн жана ошентип туура жолдон адашкан коомдор сүрөттөлгөндө, ансыз да айланабыздын жалаң «кереметтүү» кубулуштарга толо экендиги кабар берилет.

Курандын көптөгөн аяттары адамдарды табиятты изилдеп, «Аллахтын аяттарын» (далилдерин) көрүүгө үндөйт. Себеби бүт табиятта, бүт ааламда «өздөрүнүн жаратылгандыгын» көрсөткөн далилдер толтура жана жараткан Улуу Аллахтын күч-кудуретин, илимин жана чеберчилигин көрсөтүү үчүн айланабызда турушат. Адам акылын колдонуп, бул белгилерди (ишараттарды) көрүүгө жана Аллахты таанып-билүүгө милдеттүү.

Биз бул бөлүмдө Аллах жараткан жандыктардын арасынан Куранда аттары аталып, көңүл бурулган бир канча мисалга токтолобуз.

Чиркей

Күмөнсүз, Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ошентип ыймандуулар, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет; каапырлар болсо «Аллах бул мисал менен эмне максат кылган?» дешет. Муну менен бир тобун адаштырат, бир тобун болсо туура жолго (хидаятка) жеткирет. Бирок Ал бузукулардан башкасын адаштырбайт. (Бакара Сүрөсү, 26)

Чиркей – дээрлик бүт адамдар «жөнөкөй» бир нерсе катары көргөн, эч маани бербеген жана кереметтүүлүгүн ойлонбогон бир жандык. Бирок бул кичинекей жандыкка Аллах Курандын аяттарында көңүл бурган.

Чиркейдин Кереметтүү Окуялары

Чиркейлер жөнүндө адамдар көбүнчө «алар кан менен азыктанат» деген маалыматты гана билишет. Бирок бул маалымат көп деле туура эмес. Себеби чиркейлердин баары эмес, ургаачылары гана кан сорот. Мындан тышкары, ургаачы чиркейлер курсагын тойгузуу максатында кан сорушпайт. Негизи ургаачылар да, эркектер да гүлдөрдүн маңыздары менен азыктанышат. Ургаачылардагы жумурткалар жетилүү үчүн кандагы белокторго муктаж болгону үчүн гана алар, эркектерден айырмаланып, кан сорушат. Башкача айтканда, ургаачы чиркей тукумун улантуу үчүн кан сорот.

Чиркейдин эң кереметтүү жана таң калыштуу өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул, өрчүү процесси. Бул жандык кичинекей бир курттан ар кандай этаптардан өтүү аркылуу чиркейге айланат. Анын өрчүү икаясы кыскача төмөнкүдөй:

Ургаачы чиркей кан менен азыктанып, жетилген жумурткаларын жай же күз айларында нымдуу жалбырактардын бетине же кургаган көлчүктөргө таштайт. Эне чиркей алгач курсагынын астындагы өтө сезгич сенсорлору менен жумурткаларга ыңгайлуу жер издейт. Ыңгайлуу жер тапканда жумурткаларын тууп баштайт. Узундугу 1 миллиметрге да жетпеген жумурткалар бир-бирден же топ-топ болуп тизилет. Кээ бир түрлөр болсо жумурткаларын бири-бирине жабышкан абалда, топ бойдон ташташат. Мындай жумуртка топторунун кээ бирлеринде 300дөй жумуртка болот.

Эне чиркей кылдаттык менен жайгаштырган ак түстөгү жумурткалар ошол замат карарып баштайт жана эки сааттын ичинде толук капкара болуп калат. Бул кара түс курт-кумурскалардын жана канаттуулардын аларды байкашына тоскоол болуп, жумурткаларды коргойт.

Инкубация периоду бүтүшү үчүн бир кыш өтүшү керек. Жумурткалар узун жана суук кышка чыдай ала тургандай бир түзүлүштө жаратылгандыктан, жаз келип инкубация периоду бүткөнгө чейин зыян көрбөстөн, тирүү бойдон калышат.

Жумурткадан Чыгуу

Инкубация периоду бүткөндө, чиркей курттары дээрлик бир учурда жумурткадан чыгып башташат. Биринчи жумуртканын артынан ошол замат башкалары чыгат. Андан соң бүт курттар сууда сүзүп башташат. Курттар тынымсыз азыктанып, тездик менен чоңоюшат. Кыска убакыт ичинде терилери курттардын андан ары чоңоюшуна жолтоо боло турганчалык тар болуп калат. Бул биринчи тери алмашуусуна убакыт келгенин көрсөтөт. Абдан катуу жана чытыраган тери оңой гана сынат. Чиркей куртунун териси ал өрчүп бүткөнгө чейин дагы эки жолу алмашат.

Курттардын азыктанышы үчүн жаратылган ыкма абдан кызыктуу. Курттар түкчөлөрдөн турган желдеткичке окшогон эки бутакча аркылуу суунун ичинде кичинекей айлампаларды пайда кылышып, бактерия жана башка микроорганизмдерди ооздорун көздөй тартышат. Курттардын дем алуусун болсо водолаздар колдонгон «шноркельге» окшогон бир аба түтүкчөсү камсыз кылат. Суунун ичинде башы ылдый жайгашышат. Денелеринен бөлүнүп чыккан жабышчаак бир зат суунун дем алуучу тешиктерге кирип кетишине да бөгөт койот. Кыскасы, бул жандык көптөгөн кылдат тең салмактуулуктардын иштеши аркылуу өмүр сүрөт. Аба түтүкчөсү болбосо, бул жандык жашай албайт, жабышчаак зат бөлүнүп чыгарылбаса, аба түтүкчөсү тосулуп калат.

Белгилүү убакыт өткөн соң курттардын терилери дагы бир жолу алмашат. Акыркы тери алмашуусу мурдакылардан айырмалуу болот. Курттар эми чыныгы чиркейге айлануу үчүн «куурчакча» дооруна кирет. Теринин ичинде куурчакча толук жетилген соң, эми бул тондон (кабыктан) чыгышы керек болот.

Тондун ичинен такыр башка бир жандык чыккандыктан, булардын бир жандыктын өрчүү этаптары экендигине ишенүү кыйын. Жана бул өзгөрүү ушунчалык комплекстүү жана кылдат бир процесс болгондуктан, муну курт да, анын энеси да же башка бир жандык да долбоорлой албайт.

Бул акыркы өзгөрүү учурунда бир түтүкчө аркылуу суунун бетине чыгып турган дем алуучу тешиктер жабылып калгандыктан, чиркей дем ала албай калуу коркунучуна туш болот. Бирок жаңы чыккан жандык эми бул канал аркылуу эмес, баш тарабында пайда болгон эки түтүк аркылуу дем алат. Ошондуктан тондун алмашуу процессинен мурда бул түтүктөр суу бетине чыгат. Үч-төрт күнгө созулган куурчакча доорунда жандык эч азыктанбайт.

Куурчакча пилласынын (кокон) ичиндеги чиркей толук жетилип, акыркы формасына келет. Антенна формасындагы тинтүүрлөрү, шлангдары, буттары, көкүрөгү, канаттары, курсагы жана башынын көп бөлүгүн ээлеген көздөрү менен эми жандык учканга даяр чиркейге айланат.

Куурчакчанын пилласы баш жагынан айрылат. Чыныгы чиркей пайда боло турган бул этапта өлүм коркунучу эң жогорку деңгээлге жетет. Пилланын ичине суу кирип кетиши бул этаптагы эң чоң коркунуч болуп саналат. Бирок пилланын айрылган тарабы чиркейдин башынын сууга тийип калышына бөгөт боло турган бир жабышчаак суюктук менен капталган.

Чиркей тонунан (кабыгынан) сууга тийбей чыгышы керек. Суунун бетине буттары гана тийет. Бул учур абдан маанилүү, анткени кандайдыр бир шамал анын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн. Куурчакчадан чыккан чиркей жарым саат эс алган соң, алгачкы учууга чыгат.

Ошентип бул жандык сууга тийбестен, суунун ичинен чыгат...

Көрүнүп тургандай, өтө кылдат пландалган бир долбоор себептүү чиркей жумурткалары чиркейге айлана алышат. Бул процесстин ар бир этабы өтө пландуу жаратылган. Курттардын дем алышын камсыз кылган аба шлангдары, суунун ичкери кирип кетишине бөгөт койгон жабышчаак суюктук жана дагы көптөгөн жагдайлар чиркейлердеги кемчиликсиз жаратуу мисалдарын көрсөтөт. Булардын баары кантип пайда болгон? Эволюционисттердин ою боюнча, чиркейлер кокустуктар аркылуу пайда болгон. Бул көз-карашка карата сөзсүз түрдө төмөнкүдөй суроолор туулат: эң алгачкы чиркейде мындай өзгөрүүлөрдөн басып өтө турган бир «жөндөм» кантип пайда болгон? Бир курт өз алдынча кантип «үч жолу теримди алмаштырып, бир чиркейге айланайын» деген «чечимге» келиши мүмкүн? Чиркейде мунун баарын ойлоно ала турган бир акыл болушу мүмкүнбү?

Албетте, жок. Чиркейлер минтип ойлоно алышпайт. Апачык көрүнүп тургандай, Аллах Куранда мисал келтирген бул жандык атайын ушундай өзгөчөлүктөрү менен жаратылган.

Чиркейдин Жылуулук Сенсорлору

Чиркейлер укмуш сезгич жылуулук сенсорлору менен жабдылган. Айланасындагы жандыктарды температурасына карап ар кандай түстө кабылдай алышат. Бул кабылдоо (сезүү) жарыктан көз-каранды болбогондуктан, караңгы бир бөлмөдө да кан тамырларын оңой эле табышат.

Чиркейдин жылуулук сенсорлору абдан сезгич болгондуктан, температурадагы 1/1000 градустук бир өзгөрүүнү да сезе алат.

Чиркейдин «Кан Соруу» Ыкмасы

Олжонун үстүнө конгон чиркей шлангындагы эринчелери аркылуу алгач бир чекит тандайт. Анын шприцке окшогон ийнеси атайын бир кабык менен оролгон. Кан соруу процесси учурунда ийне бул кабыктан чыгат.

Тери, биз ойлогондой, ийнени сайуу аркылуу тешилбейт. Мында негизги милдет бычактай курч үстүңкү жаак менен артты көздөй ийилген тиштери бар астыңкы жаакка жүктөлгөн. Астыңкы жаак араадай алдыга-артка кыймылдап, тери үстүңкү жаактын көмөгү менен кандайдыр бир мааниде «тилинет». Тилинген жерден ичкери киргизилген ийне кан тамырга жеткенде, тешүү процесси токтотулат. Андан соң кан соруу башталат.

Бирок, белгилүү болгондой, адамдын денесинде тамырлар кичине эле жабыркаганда да, канды заматта уютуп, ал аймактан кандын чыгышын токтото турган бир фермент болот. Бул чиркейге чоң көйгөй жаратышы керек. Анткени, анын тешкен кичинекей тешигине да дене ошол замат жооп көрсөтүп, заматта кан уюп, ал жер оңдолуп баштайт. Албетте, бул чиркейдин эч кан соро албай калышына себеп болот.

Бирок чиркей үчүн бул маселе чечилген. Ал кан соруп баштаардан мурда денесинен бөлүнүп чыккан атайын бир суюктукту адамдын тамырындагы тешиктин ичине киргизет. Бул суюктук канды уюта турган ферментти нейтралдаштырат. Ошентип, чиркей эч көйгөйсүз азыгына жете алат. Чиркей чаккан жердин кычышып, шишүүсүнө ушул суюктук себеп болот.

Бул, албетте, кереметтүү бир процесс жана төмөнкүдөй суроолорду пайда кылат:

1) Чиркей адамдын денесинде ушундай канды уютуучу бир фермент бар экенин кайдан билет?

2) Бул ферментке каршы өзүнүн денесинде бир секреция иштеп чыгышы үчүн, анын курамын (химиясын) билиши зарыл. Аны кайдан билиши мүмкүн?

3) Бул маалыматты билген күндө да, кантип өзүнүн денесинде мындай секрецияны иштеп чыгып, аны ийнесине өткөрүп бере турган «техникалык жабдыкты» жасай алсын?

Негизи бул суроолордун жообу жөнөкөй эле: чиркей булардын бирөөсүн да жасай албайт. Буларды кыла ала турган акылы да, химиялык илими да, секрецияны иштеп чыга турган «лабораториялык» жабдыктары да жок. Бул көлөмү бир канча миллиметрден ашпаган, эч бир аң-сезими жок чиркей, болгону ошол!...

Чиркейге мындай кереметтүү жана таң калаарлык бир системаны «асмандардын, жердин жана ал экөөнүн арасындагылардын Рабби» Аллах тартуулаган.

Бал Аары

Раббиң бал аарыга вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Эч күмөнсүз, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)

Аарылар жасаган, «бал» деп аталган заттын адам денеси үчүн канчалык мыкты бир азык экенин бүгүнкү күндө элдин баары билет. Бирок, бул баалуу азыкты иштеп чыккан аарынын жашоо икаясы жөнүндө ойлонуп көргөн белеңиз?

Аарылардын азык булагы – бул, белгилүү болгондой, гүлдөрдүн ширелери. Бирок кыш айларында гүлдөрдүн ширесин табууга болбойт. Ошондуктан бал аарылар гүлдөрдүн ширелерин чогултуп, денелеринен бөлүнүп чыккан атайын заттарга аралаштырат да, жаңы бир азык затын, б.а. балды иштеп чыгышат жана аны кышка сактап коюшат.

Бирок, кызыгы, аарылар муктаждыгынан алда канча көп бал чогултушат. Албетте, бул жерде төмөнкүдөй суроо жаралат: бал аарылар алар үчүн керексиз убакыт жана энергия коромжусундай көрүнгөн мындай «ашыкча өндүрүштөн» эмне үчүн баш тартышпайт? Бул суроонун жообу жогоруда орун берилген Нахл Сүрөсүнүн 68- жана 69-аяттарында айтылган бал аарыга келген «вахийде» жашырылган. Аарылар да, бүт жандыктар сыяктуу, Аллахтын вахийине (илхамына) моюн сунушат.

Аарылар, табиятына ылайык бир гана өздөрүнө эмес, адамдарга да бал даярдайт. Жер жүзүндөгү көптөгөн жандыктар сыяктуу, бал аарылар да адамдардын кызматына берилген. Өзүнө көп пайдасы тийбесе деле, күн сайын жок дегенде бирден жумуртка тууган тоок же музоосунун муктаждыгынан алда канча көп сүт берген уй сыяктуу...

Уюктун (Бал Челектин) Ичиндеги Кемчиликсиз Уюшкандык

Аарылардын уюктун ичиндеги жашоосунда жана бал иштеп чыгышында да таң калаарлык жагдайлар көп. Аарылардын уюктун ичинде жасай турган көптөгөн «жумуштары» бар жана мыкты уюшкандык менен бул иштердин баарын аткарышат:

Нымдуулукту жөнгө салуу жана желдетүү: балга коргоочу касиет берүүчү уюктун ичиндеги нымдуулук деңгээли дайыма белгилүү бир чекте болушу зарыл. Уюктун ичиндеги нымдуулук нормадан төмөн же жогору болуп кетсе, бал азыктык касиетин да, коргоочу касиетин да жоготот, б.а. бузулат. Ошондой эле, уюктун температурасы да 10 ай бою так 32°С болушу шарт. Уюктагы температура менен нымдуулукту ар дайым керектүү деңгээлде кармоо үчүн атайын бир «желдеткич топ» түзүлөт.

Ысык күндөрү аарылардын уюктарын желдетип жатканын оңой эле байкоого болот. Аарылар уюктун босогосуна чогулуп, бири-бирине жакын жайгашат да, канаттары менен уюкту шамалдатышат. Ошентип аарылар уюктагы абаны бир тараптан экинчи тарапты көздөй айдашат. Уюктун ичиндеги кошумча желдеткич аарылар болсо абаны төрт тарапка сүрүшөт.

Уюктун ичиндеги жетдеткич системанын дагы бир пайдасы болсо, ал уюкту түтүн жана абадагы булганычтардан коргойт.

Саламаттыкты сактоо системасы: аарылар балдын сапаты бузулбашы үчүн бир гана жылуулук менен нымдуулукту карашпайт. Уюкта бактериялардын көбөйүшүнө себеп болуучу бүт процесстерди көзөмөлдөп туруу үчүн кемчиликсиз саламаттыкты сактоо системасы каралган. Бул система, эң биринчиден, бактерияларды көбөйтүү ыктымалдыгы болгон заттарды жок кылууну көздөйт. Аарылардын саламаттыкты сактоо системасынын негизги принциби – бул, чоочун заттардын уюкка киришине бөгөт коюу. Ошондуктан уюктун босогосунда дайыма эки күзөтчү турат. Ошого карабай, уюкка чоочун бир чымын-чиркей, курт-кумурска же кандайдыр бир буюм кирип кетсе, аарылар аны тездик менен уюктан чыгарууга аттанышат.

Уюктан сыртка чыгарууга болбой турган көлөмдөгү чоочун заттарга болсо башка бир коргонуу механизми колдонулат. Аарылар мындай учурлар үчүн «прополис» (аары чайыры) деп аталган бир затты иштеп чыгышат. Аны кызыл карагай, терек, акация сыяктуу дарактардан чогулткан чайырларга өздөрүнүн кээ бир секрецияларын кошуу аркылуу даярдашат. Прополистин өзгөчөлүгү – анын ичинде бактерия жашай албайт. Сырттан уюкка кирген жандыктар прополис менен ороп коюлат. Бул кандайдыр бир мааниде анын мумияланып, уюктан изоляция кылынышы деген мааниге келет.

Аарылардын бул иш-аракетинде, эң биринчиден, төмөнкү жагдайга көңүл буруу керек: аарылар бир жандык өлгөндө денесинин бузулаарын жана андан чыккан заттардын уюктагы жандыктарга зыян тийгизиши мүмкүн экендигин билишет. Ошондой эле, бузулуунун алдын алуу үчүн өлгөн жандыкты белгилүү бир химиялык процесстен өткөрүү керек экенин да билишет. Мумиялоо үчүн болсо ичинде бактерия жашай албай турган прополисти колдонушат.

Бул маалыматтардын негизинде төмөнкү суроолорду узаталы: аарылар бир жандыкта келип чыга турган бузулууларды жана анын зыяндуу таасирлерин кантип токтотууга болоорун кайдан билишет? Болгондо да, буларды билүү менен эле чектелбестен, прополис затын колдонууну кантип ойлоп тапкан болушу мүмкүн? Аарыларга муну ким үйрөткөн? Бул затты аарылар кантип ойлоп табышкан? Формуласын кантип таап, кантип өндүрүп башташкан? Бул формуланы колониянын башка мүчөлөрүнө жана келечектеги урпактарга кантип өткөрүп беришкен?

Мумиялоо процесси, антисептик заттын курамы жана иштелип чыгылышы же кайсы жерлерде колдонулаары сыяктуу нерселерди аарылардын биле албашы жана денелеринде буларды иштеп чыга турган бир системаны өздөрүнүн жасай албашы анык. Булардын бирөөсүнө да аарылардын акылы жетпейт. Ар бир этабы белгилүү бир акыл жана илимди талап кылган бул процесстерди аарылар кокусунан билип калган да эмес. Себеби, кокустуктардан аң-сезимдүү жана акылдуу иш-аракеттер келип чыкпайт.

Демек, бул иш-аракеттердин баары аарыларга башка бирөө тарабынан үйрөтүлгөн. Бул маалыматтардын баарын аарыларга Жаратуучу Аллах илхам кылууда. Жер жүзүндөгү бүт нерселер сыяктуу, аарылар да Малик (бүт ааламдын кожоюну жана толук өкүмдары) Аллахка моюн сунушкан:

Чыныгы Малик (кожоюн) Аллах өтө Улуу, Андан башка кудай жок; (Ал) Керим (берешен), Арштын Рабби. (Мүминун Сүрөсү, 116)

Эң Аз Материал Менен Эң Көп Сактоо

Бал аарылар кичинекей бал мому бөлүкчөлөрүн колдонуп, 30000 аары чогуу жашап, чогуу иштей ала турган уюктарды кура алышат.

Уюк (бал челек) ар биринин бетинде жүздөгөн майда клеткалар жайгашкан, капталдары бал момунан жасалган уялардан (соты) турат. Уялардагы клеткалардын баарынын өлчөмү тептең болот. Бул инженерия керемети миңдеген аарынын биргелешип эмгектенүүсүнөн келип чыгат. Аарылар бул клеткаларды азык сактоого жана жаш аарыларды багууга пайдаланышат.

Бал аарылар уялардын клеткаларын миллиондогон жылдан бери (мындан 100 миллион жыл мурдакы доорго тиешелүү аары фоссили (калдыгы) табылган) алты бурчтук формасында куруп келе жатышат. Эмне үчүн сегиз бурчтук же беш бурчтук сыяктуу геометриялык формалардын ордуна, атайын алты бурчтук тандалган? Бул суроонун жообун математиктер берет: белгилүү аймакты максимум колдонуу үчүн эң ылайыктуу геометриялык форма катары алты бурчтукту тандоо керек. Уялар алты бурчтуктун ордуна башка бир формада курулганда, колдонулбаган аймактар келип чыкмак жана натыйжада азыраак бал сакталмак, ошондой эле, уюктан азыраак аары пайдалана алмак.

Тереңдиги бирдей болсо, үч бурчтуу жана төрт бурчтуу клеткаларда да алты бурчтуу клеткалар менен бирдей көлөмдө бал сакталмак. Бирок бул формалардын арасынан айланасы эң кыска болгон форма – бул, алты бурчтук. Көлөмү бирдей болгону менен, алты бурчтуу клеткаларга үч бурчтуу же төрт бурчтууга караганда азыраак материал коротулат.

Мындан төмөнкүдөй жыйынтык келип чыгат: алты бурчтуу клетка сыйымдуулугу жагынан эң алдыда турат жана ошол эле учурда, аны куруу үчүн эң аз бал мому коротулат. Татаал геометриялык эсептөөлөрдөн алынган бул жыйынтыкты, албетте, аарылар эсептеп чыккан эмес. Бул кичинекей жандыктар алты бурчтукту табиятынан аларга үйрөтүлгөнү, башкача айтканда, «вахий (илхам) кылынганы» үчүн гана колдонуп келишүүдө.

Аарылардын алты бурчтуу клеткалары бүт жагынан колдонууга ыңгайлуу бир долбоор. Клеткалар бири-бирине шайкеш келип, капталдары бир болот. Бул да кайра эле эң аз бал мому менен эң көп бал сактаганга шарт түзөт. Клетканын капталдары абдан ичке болгону менен, өз салмагынан бир канча эсе оор салмакты көтөрө алат.

Аарылар клеткалардын каптал беттеринен тышкары, түптөрүн жасап жатканда да, үнөмдүүлүк принцибине эң көп көңүл бурушат.

Уялар бири-бирине таянган, эки катарлуу бир тилке формасында жасалат. Натыйжада эки клетканын бириккен жерлеринде көйгөй пайда болот. Бул маселе клеткалардын түбүн үч ромбду бириктирип куруу аркылуу чечилген. Уянын бир бетинде үч клетка жасалганда, экинчи беттеги бир клетканын түбү да өзүнөн-өзү пайда болуп калат.

Клетканын түбү ромб формасындагы бал мому плиталарынан тургандыктан, клеткалардын түбү терең сүңгүп кетет. Бул клетканын көлөмүн жана натыйжада анын сыйымдуулугун жогорулатат.

Көрүнүп тургандай, алты бурчтук аары уялары үчүн эң идеалдуу форма болуп саналат. Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат. Аарылар алты бурчтуктун эң идеалдуу экендигин кайдан билишет?

Аары уяларындагы бул кемчиликсиз долбоордун аарылар тарабынан, эволюционисттер ойлоп тапкан «эволюция процессинде», акырындап иштелип чыгышынын мүмкүн эместигин түшүнүү үчүн бир аз акыл жүгүртүү жетиштүү болот. «Бир аары бир күнү беш бурчтуу уя жасап, эртеси күнү үч бурчтуу кылып көргөн. Анан белгилүү убакыт ошол бойдон уланткан соң, көп күндөрдөн же көп жылдардан же болбосо көп кылымдардан соң, уя жасоодо алты бурчтуктун эң үнөмдүү болоорун түшүнүп, мындан ары ушундай кылайын деп чечкен» деген сыяктуу бир сценарий эч акылга сыйбайт. Мындай ойду айткан киши «аарыларда жок дегенде адамдарчалык акыл жана аң-сезим бар» деп айткан болот. Бирок муну адамдын акылы жана абийири кабыл албайт.

Аарыларды Аллах жараткан. Алар эч кандай эволюциялык процесстен өткөн эмес. Эч кандай өзгөрүүгө дуушар болушкан эмес. Эң алгач жаратылган кездеги өзгөчөлүктөрү кандай болсо, бүгүнкү күндөгү өзгөчөлүктөрү да дал ошондой.

Уядагы Клеткалардын Башка Касиеттери

Бал аарылар уя жасап жатканда клеткалардын жантайуусуна да көңүл бөлүшөт. Клеткалар эки тарапка бирдей 13 градустан көтөрүлүп, жерге параллельдүү жасалбайт. Бул балдын клетканын оозунан агып кетишине бөгөт койот.

Жумушчу бал аарылар иштеп жатканда үймөлөктөшүп, бири-бирине шакекчелер формасында асылышат. Мындагы максат бал момун жасоо үчүн талап кылынган 35ºС температураны камсыз кылуу болуп саналат. Аарылар курсактарындагы баштыкчалардан тунук бир суюктук бөлүп чыгарышат. Ал суюктук сыртка чыгып, ак, ичке бал мому катмарларын катытат. Бал момун болсо буттарындагы кичинекей илмектери менен чогултушат. Андан соң бал момун ооздоруна салып, жумшарганга чейин ооздорунда иштетип, формага салып уя жасашат. Бал мому жумшак жана иштетүүгө ыңгайлуу абалда сакталышы үчүн, бир топ аары керектүү температураны камсыз кылат.

Уя жасоодо дагы бир кызыктуу жагдай бар: уя бал челектин (уюктун) жогору жагынан жасалып башталат жана бир учурда эки-үч тилке төмөн көздөй токула баштайт. Бир уя тилкеси эки тарапты көздөй кеңейтилип барып, алгач андагы эки катардын түптөрү биригет. Мында эч кандай дал келбестик болбойт. Натыйжада, аягында уянын эки же үч бөлүктөн куралганы эч байкалбай калат. Бир учурда ар кайсы учунан жасалып баштаган уя тилкелери ушунчалык тегиз, мыкты жасалгандыктан, уялар жүздөгөн бурчтан турганына карабастан, аягында бир бүтүн түзүлүштөй көрүнүп калат.

Мындай натыйжага жетүү үчүн, аарылар уянын башталгыч чекити менен биригүү чекиттеринин ортосундагы аралыктарды алдын ала эсептеп, клеткалардын өлчөмүн ошого жараша пландашы керек. Миңдеген аарынын ушунчалык так эсептөөлөрдө эч жаңылыштык кетирбеши илимпоздорду абдан таң калтырууда.

Көрүнүп тургандай, уялардын жасалышында абдан көп кереметтер бар. Аары уясынын атайын пландалган бир долбоор экендиги апачык көрүнүп турат. Мындай түзүлүштү «кокустук ыктымалдыгы» менен байланыштыруу эч акылга сыйбайт. Аарылардын жашоосунун ар бир баскычы Аллахтын чексиз кудуретин жана жаратуу күчүн көрсөтөт.

Аарылар Багытын Кантип Аныкташат?

Аарылар көбүнчө азык табуу үчүн алыс жактарга учуп, көп жерди кыдырууга мажбур болушат. Уюктарынан 800 метр алыстыкка чейин созулган аянтты кыдырып, талаа гүлдөрүнөн бал ширесин жана гүл чаңчаларын чогултушат. Бир аары гүлдөрдү тапканда, анын дарегин башкаларга кабар берүү үчүн уюгуна кайтып келет. Бирок, ал аары уюктагы курдаштарына гүлдөрдүн дарегин кантип сүрөттөп берет?

Бий аркылуу!... Уюкка кайтып келген аары кандайдыр бир мааниде «бийлеп» баштайт. Бул бий гүлдөрдүн дарегин айтып берүү ыкмасы болуп саналат. Аарынын кайталанма бийи башка аарыларга ал даректин багыты, алыстыгы сыяктуу бүт маалыматтарын толугу менен сүрөттөп берет.

Аарылар «8» формасында бийлешет. Аары сегиздин ортосун куйрук бөлүгүн дирилдетүү аркылуу зигзаг формасында «чийип» көрсөтөт. Зигзаг жолунун күн менен уюктун ортосундагы сызыкка карата бурчу гүлдүн дарегинин багытын көрсөтөт.

Даректин бир гана багытын билүү жетиштүү болбойт. Жумушчу аарылар бал ширесин чогултуу үчүн канчалык аралыкка бараарын да «билиши» зарыл. Даректи сүрөттөп жаткан аары башкаларга кайра эле белгилүү дене кыймылдары менен гүлдөргө чейинки аралыкты да «айтып берет». Муну денесинин астыңкы бөлүгүн чайпап, күтүүсүз аба агымдарын пайда кылуу аркылуу түшүндүрөт. Башка аарылар болсо антенналары аркылуу ал агымдарды кабылдап, азык булагына чейинки аралыкты аныкташат. Мисалы, 250 метр аралыктагы даректи «сүрөттөө» үчүн жарым мүнөттүн ичинде денесинин астыңкы бөлүгүн 5 жолу чайпайт. Ошентип даректин багыты жана ага чейинки аралык толук сүрөттөлүп берилет.

Бирок азык булагына барып-келүү учушу көпкө созулган учурда аары башка бир көйгөйгө туш болот: аарылар азык булагын бир гана күнгө карап сүрөттөй алышат, бирок күндүн орду 4 мүнөт сайын 1 градустан жылып отурат. Ошондуктан аары жолдо өткөргөн ар бир 4 мүнөтүндө курдаштарына сүрөттөп берген багытта бир градустан ката кетириши керек болот; анткен менен мындай маселе жаралбайт. Себеби аарынын көзү жүздөгөн кичинекей, алты бурчтуу объективден (линзадан) турат. Ар бир объектив бир телескопко окшоп, абдан тар бир аймакты көрөт. Аары күндүз күн тарапты карап, учкан багытын ар дайым аныктай алат. Илимпоздор аары убакытка жараша күндөн келген жарыктын өзгөрүүсүн пайдалануу аркылуу муну аныктай алат дешүүдө. Кыскасы, аары күн жылган сайын даректин багытын да ошого жараша оңдоп, эч катасыз сүрөттөп берет.

Гүлдү Белгилеп Коюу Ыкмасы

Бал аарылар бир гүлдүн ширесинин андан мурда башка аарылар тарабынан соруп алынганын коноор замат түшүнүп, ошол замат ал гүлдөн учуп кетишет. Бул убакытты жана энергияны үнөмдөйт. Бирок, аары гүлдү изилдебей туруп, анын ширесинин түгөнгөнүн кантип билет?

Себеби, гүлдү пайдаланып, анын ширесин түгөткөн курдашы ал гүлдү белгилүү жыттан бир тамчы тамызып, белгилеп койот. Андан соң келген аарылардын баары ал гүлгө коноор замат ал жытты сезип, гүлдүн ишке жараксыз экенин түшүнөт да, ошол замат башка гүлгө жөнөйт. Бул канчалаган аарынын убактысын үнөмдөйт.

Балдагы Кереметтер

Аллах кичинекей бир жандык аркылуу адамдарга тартуу кылган балдын канчалык баалуу бир азык булагы экендигин билесизби?

Балда фруктоза жана глюкоза сыяктуу канттардан тышкары, магний, калий, кальций, натрий хлор, күкүрт, темир жана фосфор сыяктуу минералдар да бар. Шире жана чаңча булактарынын сыпатына жараша өзгөрүү менен бирге, балда B1, B2, C, B6, B5 жана B3 витаминдери да кездешет. Мындан тышкары, аз өлчөмдө жез, йод, темир жана цинк да бар. Балдын курамында, мындан тышкары, кээ бир гормондор да болот.

Курандын аятында айтылгандай, балдын «адамдарга шыпаа» касиети бар. 1993-жылдын 20-26-сентябрь күндөрү Кытайда өткөн «Дүйнөлүк бал челекчилик конференциясындагы» илимпоздордун бал жөнүндөгү пикирлери да муну тастыктайт:

Конференцияда аары продукциялары менен дарылоо темасына көп басым жасалды. Өзгөчө АКШлык илимпоздор бал, аары сүтү (энелик сүт), чаңча жана аары чайырынын (прополис) көптөгөн ооруларды айыктыраарын айтышты. Румыниялык бир врач балды катаракта бейтаптарына сынап көргөнүн жана 2094 бейтаптын 2002синин (95%) бал аркылуу толук айыкканын айтты. Польшалык врачтар болсо аары чайырынын геморрой, тери оорулары, гинекология оорулары сыяктуу көптөгөн ооруларга пайдалуу экендигин айтышты. (Түркиянын «Хүррийет» (Hürriyet) гезити, 1993-ж. 19-октябрь)

Илимде алдыңкы орундарды ээлеген өлкөлөрдө бал челекчилик жана аары продукциялары азыркы учурда өзүнчө бир изилдөө тармагына айланды. Балдын мындан башка негизги пайдалары төмөнкүдөй:

Оңой сиңет: курамындагы канттар башка бир кант түрүнө (фруктоза глюкозага) айлануу касиетине ээ болгондуктан, бал жогору кислоталуу болгонуна карабастан, эң сезгич ашказандар тарабынан да оңой сиңирилет. Ошондой эле, ичеги жана бөйрөктөрдүн жакшыраак иштешине көмөкчү болот.

Төмөн калориялуу: бирдей өлчөмдөгү кантка салыштырылганда, абдан таттуу болгонуна карабастан, бал денеге болжол менен 40%га азыраак калория берет. Денеге көп энергия бергенине карабастан, адамды семиртпеши балды жогорку сыпаттуу бир азык булагына айлантат.

Канга тез аралашат: бал жылуу сууга ээритилгенде, 7 мүнөттүн ичинде канга аралашат. Курамындагы эркин канттардан улам мээнин иштөөсүн жеңилдетет.

Кандын жасалышына көмөк көрсөтөт: бал кан жасоодо денеге талап кылынган энергиянын бир топ бөлүгүн камсыз кылат. Ошондой эле, кандын тазаланышына да көмөкчү болот. Кан айланууга жөнгө салуучу жана жеңилдетүүчү багытта таасир көрсөтөт. Артериосклероздон сактайт.

Ичинде бактерия жашай албайт: балдын бул касиети «тоскоол болуучу (ингибитордук) таасир» деп аталат. Эксперименттер сууланган балдын бактерия өлтүрүүчү касиетинин таза балга караганда эки эсе өсөөрүн көрсөткөн. Эң кызыгы, аары колониясына жаңы кошулган аары куртчаларын аларды баккан кызматкер аарылар, балдын бул касиетин билгендей болуп, сууланган бал менен азыктандырышат.

Аары сүтү (энелик сүт): аары сүтү – уюктагы жумушчу аарылар тарабынан иштелип чыккан бир зат. Азыктык баалуулугу абдан жогору болуп саналган аары сүтүндө кант, белок, май жана көптөгөн витаминдер бар. Дене алсыз болуп калган кездерде жана кыртыштардын (тканьдардын) улгайышынан келип чыккан оору-сыркоолордо колдонулат.

Төө

Карашпайбы ал төөнү; кантип жаратылганын? Асманды, кантип көтөрүлгөнүн? Тоолорду; кантип отургузулуп-курулганын? Жерди; кантип жайылып-төшөлгөнүн? Эми сен насаат берип, эскерт. Сен болгону насаат берип, эскертүүчүсүң. (Гашия Сүрөсү, 17-21)

Бүт жандыктар бүт ааламды жана ал жандыктарды жараткан Аллахтын чексиз кудуретин жана чексиз илимин көрсөтөт. Аллах муну көптөгөн аятта кабар берген жана ар бир жараткан нерсесинин бир аят, б.а. далил, сабак экендигине көңүл бурган.

Гашия сүрөсүнүн 17-аятында болсо дагы бир ойлонуп, сабак алуу керек болгон жаныбар, тагыраак айтканда, «төө» жөнүндө сөз кылынган.

Аллах Куранда «Карашпайбы ал төөнү; кантип жаратылганын?» деп бизди ой жүгүртүүгө чакырган бул жаныбардын кээ бир өзгөчөлүктөрү төмөнкүдөй.

1. Ачкалыкка жана суусуз жашоого абдан чыдамкайлыгы: төө 50°С ысыкта 8 күн ачка жана суусуз чыдай алат. Бул убакытта жалпы салмагынын 22%ын жоготот. Адам денесиндеги суунун 12%ын жоготкондо каза болсо, төө денесиндеги суунун 40%ын жоготкондо да өлбөйт. Төөнүн суусуз жашоого чыдамкайлыгынын дагы бир себеби, анын денесинде күндүз дене температурасын 41°Сге чейин жогорулатуучу бир механизм бар. Бул механизм күндүз чөлдүн ысыгында организмдин суу жоготуусун минималдаштырат. Чөлдүн суук түндөрүндө болсо денесинин температурасын 30°Сге чейин төмөндөтө алат.

2. Кемчиликсиз суу колдонуу бөлүгү: төөлөр 10 мүнөттө салмагынын үчтөн биринчелик көлөмдөгү сууну иче алышат. Бул кээде 130 литрге чейин жетет. Мындан тышкары, төөнүн мурун былжыры адамга салыштырмалуу 100 эсе чоң аймакты ээлейт. Мындай чоң жана ийри-буйру мурун былжырынын жардамы менен, абадагы нымдуулуктун 66%ын кармап кала алат.

3. Азыктардан жана суудан максимум пайдалануу өзгөчөлүгү: жаныбарлардын көпчүлүгү бөйрөктөрдө чогулган заарасы (сийдиги) канына аралашканда, андан ууланып өлүшөт. Ал эми төө болсо денесинде пайда болгон заараны кайра кайра боордон өткөрүп, сууну жана азыктарды максималдуу деңгээлде пайдалана алат.

Төөнүн кан жана клетка түзүлүшү да чөл шарттарында көпкө суусуз жашай алышына шарт түзөт. Клетканын капталдары клеткалардын ашыкча суу жоготуусуна бөгөт койо тургандай бир түзүлүшкө ээ. Кан түзүлүшү болсо төөнүн денесиндеги суунун көлөмү минималдуу деңгээлге түшкөндө да, кан агымынын оордошушуна жол бербейт. Ошондой эле, канында суусуздукка чыдамкайлыкты көбөйтүүчү альбумин ферменти башка жандыктарга караганда көбүрөөк көлөмдө кездешет.

Төөнүн дагы бир көмөкчүсү – бул, анын өркөчү. Өркөчтөрдө төөнүн дене салмагынын бештен биринчелик көлөмдө май сакталат. Төөдө майдын бир жерге чогулушу, майдын негизинде, дененин бүт тарабынан суунун көп бөлүнүп чыгарылышына бөгөт койот. Бул дагы төөнүн сууну эң аз колдонушуна шарт түзөт.

Өркөчтүү төө кадимки шарттарда бир күндө 30-50 килограмм азык жесе, оор шарттарда күнүнө болгону 2 килограмм кургак чөп менен, бир ай бою жашай алат. Төөнүн ооз жана эрин түзүлүшү, бут кийимдин булгаарысын теше турганчалык, учтуу тикендерди да эч кыйынчылыксыз жей алышына мүмкүнчүлүк берет. Төрт тараптуу ашказаны жана тамак сиңирүү системасы болсо алдынан чыккан бүт нерсени сиңире ала турганчалык күчтүү. Төө кадимки шарттарда тамак-аш группасына кирбеген каучук сыяктуу заттарды да пайдаланганды билет. Кургакчылык шарттарында бул өзгөчөлүктүн канчалык баалуу экендиги талашсыз.

4. Бороон чапкындарга карата көрүлгөн чаралар: төөнүн көздөрүндө эки кабат кирпик болот. Кирпиктер капкандай бири-биринин арасынан өтүп, көздү катуу кум бороондорунан коргойт. Төөлөр, мындан тышкары, кум кирбеши үчүн мурун тешиктерин да жаба алышат.

5. Күйгүзүүчү ысыкка жана тоңдуруучу суукка карата көрүлгөн чаралар: бүт денесин каптаган жыш жүндөр чөлдөгү куйкалаган күндүн төөнүн терисине өтүшүнө бөгөт болот. Ошондой эле, бул жүндөр суукта аны жылытат. Чөл төөлөрү +70°Слик ысыкты сезбесе, кош өркөчтүү төөлөр -52°Слик сууктарда жашай алышат. Мындай төөлөр 4000 метр бийиктиктеги жайлоолордо да жашай алышат.

6. Ысык кумдарга карата көрүлгөн чаралар: буттарына салыштырмалуу өтө чоң көрүнгөн туяктары да атайын ушундай жаратылып, жаныбар кумга кирип кетпей бассын деп жайык кылынган. Кызыган чөл кумдарынан коргосун деп тамандарынын териси калың кылынган.

Эми бул маалыматтардын негизинде ойлонуп көрөлү:

Төө өзүнүн денесин чөлдөгү шарттарга ыңгайлаштырып чыкканбы? Мурун былжырын өзү жасап, жонундагы өркөчтү да өзү пайда кылганбы? Же болбосо, бороон чапкындарга карап, көзүнүн жана мурдунун долбоорун өзү түзгөнбү? Кан жана клетка түзүлүшүн сууну үнөмдөө үчүн өзү пландап чыкканбы? Денесиндеги жүндөрдүн кыртышын төө өзү тандаганбы? Төө өзүн-өзү «чөл кемесине» айландырганбы?

Бүт башка жандыктар сыяктуу эле, төө да, албетте, бул нерселерди кыла албайт жана өзүн-өзү адамдарга пайдалуу бир жандыкка айландыра албайт.

«Карашпайбы ал төөнү; кантип жаратылганын?» деген аят чындап эле бул кереметтүү жаныбардын пайда болушун эң мыкты түшүндүрөт. Төө дагы бүт нерселер сыяктуу жаратылып, ар кандай өзгөчөлүктөр менен жабдылган жана Аллахтын теңдешсиз жаратуусунун бир далили катары жер жүзүнө жайгаштырылган.

Төөгө ушундай чыдамкайлык өзгөчөлүктөрү берилип, адамзатка кызмат кылуу милдети жүктөлгөн. Адамга болсо бүт ааламдагы ушул сыяктуу Жаратуучунун кереметтерин көрүп, бүт ааламды жараткан Аллахты таанып, билүү милдети жүктөлгөн...

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Жаңы Бир Дүйнө
  • Негизги Суроолор...
  • Куран Жөнүндө Ойлонуу
  • Курандагы Дин Жана Ата-Бабалардын Дини
  • Чыныгы Динчилдер Жана Жасалма Динчилдер
  • Куранда Сүрөттөлгөн Ыймандуу Адам
  • Өзүбүздү Өзүбүз Суракка Алуу
  • Диндин Насааттарын Укпаган Адам Моделинин Зыяндары
  • Динден Алыс Коомдон Курандын Насааттарына Өтүү
  • Дүйнө Жана Акырет Жашоосу
  • Бейиш: Ыймандуулардын Чыныгы Мекени
  • Ыймансыздарды Күткөн Тозок
  • Жаңы Бир Чен-Өлчөм
  • Көз Алдыбыздагы Кереметтер
  • Куранда Сөздөрдүн Кайталанышы
  • Куранда 19 Саны