16. Тестостерон Гормонунун Башка Өзгөчөлүктөрү

hipotalamus

a. Testosterone
b. Medicine

Figure 72: Testosterone is able to locate the few "letters" it seeks from among information consisting of 3 billion letters, enough to fill an encyclopedia thousands of volumes in size. This is another miracle of the countless miracles in God's creation.

Тестостерон гормонунун жаратылышындагы план муну менен эле чектелбейт. Бул гормондун таасир механизминде да ачык бир жаратылуу керемети бар. Тестостерон жогоруда саналган таасирлерди ишке ашыруу үчүн максат кыртышка (эркектин жыныстык органдарына) жеткенде клеткалардын ичине кирет. Клетканын ичинде атайын тестостерон үчүн жаратылган бир энзим менен биригет жана натыйжада тестостерон бир топ таасирдүү бир абалга келет.

Долбоорлоо жана пландоо али бүтө элек. Бул жаңы пайда болгон гормон да ал үчүн атайын долбоорлонгон атайын бир кабылдагыч менен биригет. Пайда болгон молекулярдык комбинация клетканын ДНКсына байланат жана ДНКдан алынган маалыматтардын негизинде жаңы бир протеин синтезин пайда кылат. Бул кубулуш эркек жана аялдын денеси арасындагы айырманын аныкталышын жана жыныстык функциялардын уланышын камсыздайт.

Бул жерде ушунчалык кемчиликсиз бир система бар; тестостерон-энзим-кабылдагыч үчилтигинен турган механизм ДНКдагы миллиарддаган маалыматтын арасынан алар үчүн жазылган аймакты табышат жана ал жердеги маалыматтарга ылайык өндүрүш жасалышын камсыздашат. Мисалы, сакал чыгышы үчүн сакалдын тамыр клеткаларынын ДНКларында кайсы аймакка таасир бериши керек экендигин билишет. Үндүн жоондошу үчүн үн байламта клеткаларынын ДНКларындагы кайсы аймакка таасир бериши керек болсо, ошол аймакка таасир беришет.
Бул маалыматтар абдан маанилүү. Тестостерон (C19H28O2) – бул көмүртек, суутек жана кычкылтек атомдорунун ар кандай санда биригишинен пайда болгон бир молекула. Бул жансыз, аң-сезимсиз жандык ДНКда анын ишине жарай турган маалымат бар экенин кайдан билиши мүмкүн? Эң негизгиси, 3 миллиард тамгадан турган, миңдеген томдук энциклопедияны толтура турган көп маалыматтын арасынан өзү издеген бир канча тамганы кандайча эч жаңылбастан жана абдан бат таба алууда? Бул албетте Андан башка Кудай жок болгон Улуу Аллахтын илхамы менен ишке ашууда(Figure 72).

Учурда Адамдын геному проектинде 10 жылдан бери иштеген жүздөгөн илимпоз дүйнөнүн эң алдыңкы технологиясын колдонуу менен ДНКны окууну араң үйрөнө алышты. Бирок ДНКнын кайсы аймагынын адамдын денесинин кайсы органы, протеини же гормону менен байланышта экендиги али белгисиз бойдон калууда. Бирок C18H24O2 формуласына ээ эстроген жана C19H28O2 формуласына ээ тестостерон гормондору муну абдан жакшы билишет, миллиондогон жылдар бою, миллиарддаган адамдын денесинде адашпастан өз ишин аткарышууда.

Албетте, бир ушул система дагы асмандарды, жерди жана ал экөөсү арасындагыларды жараткан Улуу Аллахтын чеберчилигин көз алдыбызга тарткан бир жаратылуу керемети.

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР