25. Денебиздеги Мунайзат (Нефть) Тазалоочу (Иштетүүчү) Борбор

hipotalamus

a. Energy

Figure 95: Many different enzymes work in just about every stage of the cell's production of energy. In a most conscious manner, enzymes that complete their tasks at a later stage take over from other enzymes in an earlier stage. This change of enzymes happens with no confusion.

Figure 96: The power station in our cells, just 1/100 millimeter in size, is far more complex than any oil refinery or hydroelectric station.

Отурган ордубуздан туруп басышыбыз, тик турушубуз, дем алышыбыз, көздөрүбүздү ачып жумушубуз, кыскача айтканда, өмүр сүрүшүбүз үчүн керектүү энергия клеткаларыбыздагы митохондрия деп аталган станцияларда жасалат. Бул жердеги станцияга окшоштуруунун канчалык туура экенин митохондрияда ишке ашкан процесстерди анализ кылганыбызда апачык көрөбүз.

Клеткада энергия өндүрүлүшүндө башкы ролду кычкылтек ойнойт. Кычкылтектин көптөгөн жардамчылары бар. Энергия өндүрүшүнүн дээрлик ар бир баскычында көптөгөн ар башка энзимдер милдет аркалашат. Бир баскычта милдетин аткарган энзимдер абдан аң-сезимдүү кыймылдашып, кийинки баскычта ордуларын башкаларга өткөрүшөт. Ушундайча ондогон ортоңку процесстер, бул процесстерде кызмат кылган жүздөгөн ар түрдүү энзим жана сансыз химиялык реакциялар урматында тамак-аштарда кампаланган энергия клетканын ишине жарай турган абалга алып келинет. Мындай энзим алмашуулары убагында эч башаламандык чыкпайт, катарында эч жаңылыштык болбойт; бүт жумушчулар абдан тартиптүү бир топ абалында иштерин жасашат(Figure 95).
Мындай абалдагы, миллиметрдин 100дө биринчелик болгон клеткаларыбыздын ичиндеги «энергия станциясын» бир мунайзат иштетүүчү борбордон же болбосо бир ГЭСтен (гидроэлектрдик станциядан) да комплекстүү (татаал) деп айтууга болот(Figure 96).

Бир мунайзат иштетүүчү борбор мунайзаттын эмне экенин билген, чийки мунайзатты лаборатория шарттарында анализ кылган жана бул техникалык маалыматтардын негизинде иш-аракет жасаган инженерлер тарабынан курулат жана иштетилет. Мунайзаттын эмне экенин билбеген адамдар бир мунайзат иштетүүчү борбор кура алат деп гипотеза жасоо да эч мүмкүн эмес(Figure 97).

Мунайзат өндүрүшүнөн бир топ комплекстүү болгон жандуунун клеткасындагы энергия өндүрүшү да ушул сыяктуу маалымат талап кылат. Бирок бир клетканын үйрөнүү мүмкүнчүлүгү (мээси) бар деп айтуу албетте күлкүмүштүү болмокчу. Анда, мындай өндүрүштү клетка кантип ишке ашырууда?

Албетте, эч бир клетка биологиялык бир функцияны, сөздүн чыныгы маанисинде, «үйрөнүү» мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Эгер клетка, эволюционисттер жактагандай, алгач пайда болгондо мындай бир функцияны аткара албаса, кийинчерээк муну кыла алуу талантына ээ болушу мүмкүн эмес. Себеби энергия өндүрүүдө башка ролду аткарган «кычкылтектин» клеткага кыйратуучу таасири бар. Клетка мындай өзгөчөлүктөрү менен бирге пайда болушу керек. Бул абал клеткалардын кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес экендигинин, булардын баарын Улуу Аллахтын бир көз ирмемде жараткандыгынын далилдеринин бирөөсү гана.

Аллах миллиметрдин 100дө биринчелик кичинекей бир жерге батырган бул чеберчилиги аркылуу бизге күч-кудуретинин чексиздигин көрсөтүүдө.

hipotalamus

a. Enzyme

Figure 97: Enzymes work just like expert chemical engineers in their chosen fields to produce the energy needed by the human body.

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР