2. Денедеги Кемчиликсиз Коргонуу Системасы

Вазопрессин гормонунун дагы бир өзгөчөлүгү бар; ал кан тамырларын кысат жана натыйжада кандын басымын көбөйтө алат. Бул да абдан кылдат пландалган бир коопсуздук-камсыздоо системасы жана адамдын өзгөчө бир жаратылуу менен жаратылгандыгынын дагы бир далили. Бул коопсуздук-камсыздоо системасынын иштей алышы үчүн кеңири масштабдуу бир пландоо жасалган. Жүрөктүн көңдөйчө (предсердие) аймагынын жана жүрөккө келген тамырлардын ичине кан басымын өлчөөчү атайын кабылдагычтар жайгаштырылган.

Белгилүү болгондой, бир адамдын кан басымын өлчөө үчүн технологиялык бир аппарат колдонуу керек. Мындай аппараттар көптөгөн ар кайсы тармактагы адистердин биргелешкен аракети менен иштеп чыгылган жана алдыңкы технологиялар менен өндүрүлүүдө. Ал эми жүрөгүбүздө болсо ушул эле кызматты куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон, абдан кичинекей молекулалар аркалашууда. Бул кабылдагычтар кан басымын кантип өлчөшөт, басымдагы айырмаларды кантип кабылдашат? Булар – сезими, сезүү органдары жана ал тургай сезгендерин кабылдай турган аң-сезимдери жок атомдор. Мындан тышкары, бул кабылдагычтар жүрөккө, дал керектүү жерге кантип жайгашышкан? Бүт мындай суроолордун жооптору адамга Аллахтын бар экендигин жана Анын илиминин улуулугун көрсөтүүдө.

Бул кабылдагычтардан чыккан нервдер болсо бир кабель байланышы сыяктуу, гипофиз безине байланышкан. Нормалдуу кан басымында бул кабылдагычтарга тынымсыз сигнал барып турат жана бул кабельдер аркылуу гипофиз безине тынымсыз бир электрдик агым жөнөтүп турушат. Гипофиз бези болсо бул сигналдардын келиши токтоп калмайынча, вазопрессин гормонунун койо берилишине тоскоол болот. Бул бир коопсуздук фирмасынын иштөө системасына окшойт. Коопсуздук фирмасынын дайыма даяр болуп күтүп турган кызматкерлери коңгуроо (сигнализация) системасы курулган үйдөн оң кабарлардын келиши уланып турганда, эч чара көрүшпөйт.1

Коопсуздук фирмасы, т.а. гипофиз бези качан чара көрүп баштайт? Олуттуу бир кан жоготуу болгондо, адамдын кан-тамырларында кандын көлөмү азайат. Бул болсо кан басымынын төмөндөшү дегенди билдирет, кан басымынын төмөндөшү болсо оорулуу үчүн абдан кооптуу.

Кан басымы төмөндөгөндө, тамырлардын жана жүрөктүн ичинде жайгашкан кабылдагычтар гипофизге жөнөткөн сигнал да токтойт. Бул болсо гипофиздин «сигнализациясынын иштешине» жана вазопрессин гормонун коюп жиберишине себеп болот(Figure 12). Гипофиздин сигналдын токтогонун ылдам байкап, чара көрүшү болсо абдан аң-сезимдүү, акылдуу бир кыймыл-аракет. Бирок мындай аң-сезимдүү, акылдуу кыймыл-аракеттердин баары кээ бир атомдордун биригишинен пайда болгон кичинекей молекулаларга тиешелүү.

Вазопрессин гормону ылдам кан-тамырлардын айланасында жайгашкан булчуңдардын кысылышына себеп болот жана бул процесс кан басымынын көтөрүлүшүнө шарт түзөт. Абдан комплекстүү, бири-биринен көз-каранды иштеген жана бир канча бөлүктөн турган бул системанын ойлонуу керек болгон көптөгөн майда-бараттары бар.

hipotalamus

Figure 11: Nerves connect the pituitary gland to sensors in the heart. Under conditions of normal blood pressure, these sensors are constantly stimulated and send a constant electrical current to the pituitary gland.

Figure 12: When blood pressure falls, the sensors in the heart cease sending signals to the pituitary gland. This leads to the pituitary gland going into emergency mode and releasing vasopressin.

Вазопрессин гормонун өндүргөн гипоталамус клеткалары өздөрүнөн абдан алыста жайгашкан тамырлардын айланасындагы булчуң клеткаларынын түзүлүшүн кайдан билишет?

Кан басымынын көтөрүлүшү үчүн бул тамырлардын кысылышы керек экенин кайдан билишет?

Бул клеткалардын кысылышын камсыз кылган химиялык формуланы кантип өндүрө алышууда?

Жүрөк жана гипофиз арасындагы байланыш тармагынын кабельдери төшөлүп мындай кемчиликсиз бир сигнализация системасы кантип пайда болгон?

Эч шексиз, бул кемчиликсиз бир жаратылуу мисалы. Жана бул адамдын аң-сезимсиз кокустуктар натыйжасында эмес, Аллахтын жаратуусу менен пайда болгонун көрсөтүүдө. Эволюционисттердин денедеги байланыш (кабар алышуу) жана сигнализация системасынын кокусунан пайда болгонун, клеткалардын өз башынча бул системаны ойлоп чыгарышканын, пландашканын жана жасашканын айтышы болсо эч логикага сыйбайт. Мындай пикир, «бир талаада чогулган цемент, кирпич, электрдик кабель сыяктуу нерселер бир бороон натыйжасында алгач кокустан бир бийик мунара салышты, кийин дагы бир бороон менен бул мунаранын ичине электрдик система курушту, үчүнчү бир бороондо болсо бул имараттын ичине кемчиликсиз бир коопсуздук системасын жасашты» деген догмага окшошот. Акылдуу жана абийирдүү эч бир адам мындай логикага сыйбаган бир догманы кабыл албайт. Бирок эволюционисттердин догмасы мындан бир топ эсе акылсыз. Улуу Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу үчүн (Аллахты аруулайбыз) болгон аракетин кылган эволюционисттер айткан сөздөрүнүн канчалык акылга, логикага сыйбас экенин ойлонбостон, эволюция теориясын жакташат. Чындыгында болсо, Улуу Аллахтын бар экендиги жана асмандан жерге чейин бүт нерселерди кемчиликсиз бир жаратуу менен жараткандыгы апачык бир чындык.

hipotalamus

a. Anterior pituitary gland
b. Pituitary gland
c. Central section

 

Footnotes

1- Terzioglu Meliha, Oruc Tulin, Yigit Gunnur, Fizyoloji Ders Kitabi (“Physiology Course Book”), Istanbul, I. U. Basimevi ve Film Merkezi, 1997, p. 399.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР