32. Угуу Учурунда Кандай Процесстер Жүрөт?

Жолдо сизге кезиккен бир досуңуз сизге «салам» дегенде, досуңуздан келген үн толкундары кулак лакатору тарабынан топтолот. Үн жолоочулугу учурунда секунданын элүүдө биринде 6 метр жол басып өтөт.

Эки кулактын ичинде дирилдеген аба абдан бат ортоңку кулакка чейинки аралыкты басып өтөт. 7,6 мм чоңдугунда болгон кулак кабыкчасы дирилдеп баштайт. Бул дирилдөө кыймылы үч кичинекей кемикке жеткирилет. Үн толкундары ушундайча механикалык толкундарга айланат. Андан соң болсо бул кемиктердеги толкундар ички кулакка жеткирилет жана ал жердеги үлүлгө окшогон «үлүл» (улитка, коклеа) деп аталган түзүлүштүн ичиндеги өзгөчө суюктукту кыймылдатат (Figure 111).

Үлүлдүн ичинде ар башка үн тондору бири-биринен бөлүштүрүлөт. Үлүлдүн ичинде, бир музыкалык аспап арфадагы кылдар сыяктуу, ар түрдүү калыңдыктардагы ичке кылдар өсүп турат. Досуңуздун үнү азыр бул кылдарды чертип жаткан сыяктуу. «Салам» үнү башында ылдыйкы пардадан башталып, аягын көздөй көтөрүлдү. Алгач жоон кылдар дирилдейт, андан соң ичкелери. Аягында ички кулактагы он миңдеген чыбыкка окшош нерселер өз толкундарын угуу нервдерине жөнөтөт (Figure 113).

hipotalamus

a. Hello

Figures 111 and 112: When friends say "Hello," the sound waves quickly reach your middle ear and cause the ear membrane to vibrate. This vibration is transmitted to three small bones. Their vibration is transmitted to the inner ear, where a special fluid inside the cochlea is set in motion. Inside the cochlea, there are fine threads of differing thicknesses just like the strings of a harp.

Figure 113: The thickest strings vibrate first, followed by the thinner ones. Finally, tens of thousands of rod-shaped bodies in the inner ear transmit their own vibrations to the hearing nerves. The sound of your friends’ “Hello” is now only an electrical signal.

Эми «салам» деген үн – электрдик импульс (сигнал) гана. Бул импульс угуу нервдеринин ичинде мээни көздөй абдан бат кыймылдайт. Нервдердеги мындай сапар импульстар мээдеги угуу борборуна жеткенге чейин уланат. Бул жолоочулуктун аягында мээдеги миллондогон нейрондун көпчүлүгү алынган угуу маалыматтарын баалоо менен алек болушат. Ушундайча досуңуздун саламын уккан болосуз (Figure 114).

Бул жерде абдан үстүртөн сүрөттөлгөн бул процесстер чындыгында бир топ татаал жана секундадан да кыска бир мөөнөттө ишке ашат. Ар күнү жүз миңдеген жолу көрөбүз жана угабыз. Бирок көбүнчө буларды кантип жасай алып жаткандыгыбызды ойлонбойбуз. Чынында болсо, көргөн жана уккан нерселерибиздин баарын Рахман жана Рахим болгон Аллахтын мээрими менен көрүп жана угуп жатабыз. Ошондуктан булардын баары момундардын шүгүр кылышына себепчи болушу керек.

Аллах Куранда адамдарга бул чындык жөнүндө ой жүгүртүүлөрүн жана шүгүр кылуучу болууларын мындайча билдирген:
Аллах силерди энеңердин курсагынан эч нерсе билбеген абалыңарда чыгарды жана шүгүр кылышаар деп угуу, көрүү (сезүү органдарын) жана көңүлдөр берди. (Нахл Сүрөсү, 78)

hipotalamus

a. Hello
b. Hearing Center
c. Sensing Center

Figure 114: The electrical signals reaching the brain are analyzed by neurons and perceived as sounds, thanks to which you are able to hear your friends greeting.

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР