22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш

Нейрондор (нерв клеткалары) арасындагы байланыш электрдик импульстар аркылуу да, химиялык байланыш аркылуу да ишке ашат. Бул эки байланыш түрү да маанилүү кереметтерди камтыйт. Бул бөлүмдө химиялык байланыштын кээ бир кереметтүү өзгөчөлүктөрүнө токтолобуз.

Химиялык байланыштын бел сөөгүн «нейротрансмиттер» деп аталган кабарчы молекулалар түзөт. Булар нерв клеткасынын денесинде өндүрүлөт, аксон (нейрондордун узун колдору) боюнча ташылат жана аксон терминалдарында кичинекей көбүкчөлөр ичинде кампаланышат. Ар бир көбүкчөнүн ичинде орточо 5 миң кабарчы молекула болот.19 Акыркы убактардагы изилдөөлөр ар бир нейрондун ар башка химиялык кабарчыларды өндүрөөрүн көрсөтүүдө.20Б.а. ар бир нейрон – байланыш курууда колдоно турган кабарчыларды өндүргөн бир химия заводу сыяктуу. (Figure 89)

hipotalamus

a. Chemical messenger
b. Neuron

Figure 89: Every neuron produces a different chemical messenger, unique to itself. To state that another way, every neuron works like a factory producing chemical messengers to be used in communication.

Сигналды (импульсту) жеткирген нейронду «жөнөтүүчү», алган нейронду болсо «кабылдоочу» нейрон деп атоого болот. Жөнөтүүчү менен кабылдоочу нейрон синапс чекиттеринде жолугушат. Араларындагы аралык орточо 0.00003 миллиметр.21 Электрдик импульс нерв клеткасынын аксондорунун аягында орун алган кабарчыларды кыймылдатат. Химиялык кабарчыларга толо көбүкчөлөр клетканын кабыкчасы менен аралашат жана ичиндеги молекулаларды нерв клеткаларынын арасындагы синапс деп аталган боштукка ташташат. Кабарчылар ташыган кабарды кабылдоочу нейрондун кабыкчасынын үстүндө орун алган рецепторлорго жеткиришет. Ар бир кабарчы молекула байланыш курган атайын бир рецептор бар. Химиялык кабарчы молекулалар ташыган кабар ушундайча кабылдоочу нейрон тарабынан кабылданган болот (Figure 90).

Бул нерсени да айта кетүү керек, бул жерде абдан кыскача баяндалган байланыштын ар бир баскычы толук түшүнүлө албаган процесстерге толо. Илимпоздор да бул кабардашууга байланыштуу маалыматтарынын бозомук (толук эмес) экендигин айтышууда.22

Мисалы, көбүкчөлөрдүн клетка кабыкчасы менен аралашышын карап көрөлү. Аралашуу деген сөз менен баяндалган кубулуш чындыгында абдан өзгөчө бир биригүүнү сүрөттөөдө. Бул абдан өнүккөн бир компьютерге кошумча бир бөлүкчө кошууга окшошот.

Бул жерде акылыбызга төмөнкүлөр келет: бир компьютерге бир бөлүкчөнүн кошулушу татаал инженериялык эсептерге таянат. Антпесе, бөлүкчөнүн компьютерге туура келбеши, ал тургай компьютерди бузушу толук мүмкүн. Албетте, бир компьютерден бир топ комплекстүү болгон клетка кабыкчасына туура келе турган бир аралашуу кокустук эмес. Албетте, мындай татаал процесстердин баары дайыма аларды жараткан жана жөнгө салган Улуу Аллахтын көзөмөлүндө ишке ашууда.

hipotalamus

a. Chemical messenger
b. Neuron

Figure 90: A chemical messenger molecule establishes a link with a different receptor. The message conveyed by the messenger molecule is thus perceived by the receptor neuron.

 

Footnotes

19- E. Kandel, J.H. Schwartz, T.M. Jessell, Principles of Neural Science, New York: McGraw-Hill, 2000, p. 277.

20- Eric H. Chudler, “Making Connections—The Synapse,” 2001, http://faculty.washington.edu/chudler/synapse.html

21- E. Kandel, J.H. Schwartz, T.M. Jessell, Principles of Neural Science, p.176.

22- Axel Brunger, “Neurotransmission Machinery Visualized for the First Time,” 1998, http://www.hhmi.org/ news/brunger.html

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР