Балырлар: Кычкылтек Берүүчү Кереметтүү Бир Клеткалуулар

Кээ бир жандыктарда ичинде шакекчелер жайгашкан пигменттер болот. Ал шакекчелердин өзгөчөлүгү, айланасындагы электрондор эркин кыймылдай алышат. Ошондуктан шакекче эч кыйынчылыксыз электрон алып бере алат. Мындан улам бул шакекче айланасындагы жарык менен энергияны заматта кармай алат. Жер бетине келген күндүн нуру да бул пигмент өзүнө тарта алчу энергиялардын бири. Күндүн энергиясын кармап, ичине киргизе алган бул пигментти «хлорофилл» деп атайбыз. Эгер бир жандыкта хлорофилл бар болсо, анда ал фотосинтез жасай алат.

alg_photosynthesis

Fotosentez esnasında görülen bu alg, canlılığın en önemli ihtiyaçlarını karşılamaktadır: Oksijen ve besin.

Фотосинтезди адамдар да, жаныбарлар да жасай алышпайт. Бул жандыктарда хлорофилл жок. Фотосинтезди лабораторияларда да жасалма жол менен жасаганга болбойт. Хлорофиллде ишке ашкан процесстер жана бул пигменттин механизми укмуш татаал жана ушул кезге чейин толук чечмелене элек. Жер бетинде жашыл өсүмдүктөрдөн тышкары, жогоруда айтылган фотосинтездөөчү бактериялар менен балырлар гана фотосинтез жасай алышат. Бул микроскопиялык жандыктар фотосинтез аркылуу өздөрүн энергия менен камсыз кылып, дүйнөнүн чоң бир муктаждыгына да жооп беришет. Көмүр кычкыл газынын 30%ын жутуп, планетанын 70%дык кычкылтек муктаждыгын камсыз кылышат. Мындан тышкары, организмдердин түрлөрүнүн 70%ына азык беришет.67 Бул жандыктардын фотосинтез жасай турган механизминен тышкары, денелерине кирген күндүн нурларын денелеринин жарык тийбеген бөлүктөрүнө жеткирүүчү атайын бөлмөлөрү менен механизмдери да бар.68

Бул микроорганизмдердин адамдардагы сыяктуу бир мээси жок, адамдар сыяктуу ойлоно алышпайт жана акыл жүгүртө алышпайт. Денелери микроскоптон араң көрүнгөн бир же бир канча клетка жыйындысынан гана турат. Бирок денелеринде алар үчүн жаратылган микроскопиялык бир завод аркылуу экологиялык системанын эң негизги муктаждыгын камсыз кылышат: кычкылтек жана азык. Эми микро дүйнөнүн бул мүчөлөрүнүн эң негизгисин, б.а. балырларды тереңирээк карайлы.

panorama

Algler, şimdiye kadar hiçbir insanın özel koşullarda geliştiremediği mükemmel bir mekanizmaya sahiptirler. Tek hücreli bedenlerindeki kimyasal fabrika sayesinde fotosentez gibi karmaşık bir işlemi gerçekleştirirler. Bu gerçek, Allah'ın büyüklüğünü görüp anlamamız için tek başına yeterli bir sebeptir.

Балырлар тайыз сууларда кеңири кездешкен микроорганизмдер жана жылуу суу булактарынан муз жана кардын беттерине чейин күндүн нуру тийген бүт суу беттеринде жашай алышат. Балырдын клеткасы түстүү жана түссүз болуп эки бөлүктөн турат. Түссүз бөлүгүндө ДНК жана кээ бир балырларда ядро орун алса, ал бөлүктү ороп турган түстүү бөлүктө болсо РНК менен түс берүүчү ар кандай пигменттер жайгашат.

Белгилүү балыр топтору пигмент түрүнө, клетка дубалына жана кыймылдуулугуна жараша бири-биринен айырмаланышат. Балырлар хлорофиллди камтыган жашыл же көк-жашыл түстө же болбосо күрөң же кызыл түстө да болушу мүмкүн. Күрөң жана кызыл түстөгүлөрдө хлорофилл болбойт жана, мындан тышкары, жашыл түстү жашыруучу каротин сыяктуу пигменттер болот.69 Балырларда клетка мембранасы ичке жана катуу болот. Кээ бир балырлар «камчы» (flagellum) аттуу түкчөлөр аркылуу кыймылдашат. Клетканын ичинде комплекстүү бир ядро жайгашкан. Хлорофилл болсо фотосинтездин күн нуру реакцияларын ишке ашыруучу атайын бир кабыкча менен оролгон, тагыраагы корголгон.

Балырлардын фотосинтезден башка дагы бир маанилүү жумушу болсо – бул суунун органикалык заттарын олуттуу өлчөмгө көбөйтүү. Натыйжада сууда жашаган организмдердин азыктарын көбөйтүшөт. Ошондуктан балырлар жашаган суулар өтө түшүмдүү жана башка жандыктардын жашашына абдан ыңгайлуу болуп эсептелет. Балырлар, ошондой эле, суулардын тазаланып жаңыланышында да роль ойношот. Толтуруучу, ал тургай, кайрадан түзүүчү өзгөчөлүгү бар балырлар суулардын жээги менен түбүнүн формасын жана сыпатын өзгөртүшөт. Сууда жашаган организмдерге азык болуп, аларга азык өндүрүшөт жана бул жагынан океандагы азык чынжырынын негизин түзүшөт.

Кээ бир балырлар негизги энергия катары күндүн нуру менен көмүр кычкыл газын (CO2) колдонушат. Кээ бирлери болсо жөнөкөй органикалык заттардан татаал органикалык заттарды өндүрүп, ошолор менен азыктанышат. Балырлар колдонгон жана өндүргөн энергиянын көлөмүн түшүнүү үчүн төмөнкү мисалды келтирүүгө болот.

alg_chlorophyl alg_chlorophyl

1. 4. Hücre Duvarı
2. Merkezi Vaküol
3. 7. Kloroplast
5. Mitokondri
6. Çekirdek

Sol: Algler, klorofil içeren yeşil ve mavi-yeşil renkte ya da kahverengi ve kırmızı olabilmektedirler.

Sağ: Algler ince ve katı bir hücre zarına ve kompleks bir çekirdeğe sahiptirler. Klorofil, fotosentezin ışık reaksiyonlarını gerçekleştiren özel bir zarla korunmuştur.

Атлантика океанындагы бир күндүк энергия чынжырында жайдын күнү океандын бетине күндөн келген энергиянын көлөмү 2 миллиард калорияны түзөт. Ал энергиянын 99,5%ы чагылтылат жана калган 0,5%дык бөлүгү 1670000 грамм азык өндүрүү максатында бир клеткалуу балырлар тарабынан колдонулат. Балырлар анын 32%ын көмүр кычкыл газы катары алып, 8%ын болсо органикалык зат катары өндүрүп, сыртка чыгарышат.70 Бул 8%дык көлөм планетага керектүү органикалык заттын өлчөмүнө барабар. Ушул айлампа аркылуу бул органикалык зат башка жандыктарга өткөрүлөт.

flowers

Algler, kendi besinlerini sağlarken, aynı zamanda enerji üretirler. Ürettikleri enerji, yaşamın devamı için gerekli olan miktardadır.

Балырлар өзгөчө касиеттеринен улам башка тармактарда да колдонулууда. Ар кандай тамак-аштарды, дарыларды жана башка өнөр-жай продукцияларын колдонууда түздөн-түз пайдаланылууда жана ар кандай продукцияларды жасоодо да роль ойноодо. Бул продукциялар ар кандай тамак-аштарды, медицина жана косметика буюмдарын жасоодо да колдонулууда.71 Аллах бул кичинекей жандыкты көп тараптан пайдалуу кылып жараткан. Албетте, бул кудуреттүү жаратуучубуз Аллахтын улуулугун көрсөткөн дагы бир далил.

alg_energy_cycle

1. 13. Azot Dönüşümü
2. Buharlaşma Dönüşümü
3. Güneş Enerjisi
4. H2O Yağış
5. Solunum
6. Fotosentez
7. Mineraller
8. Yakıtların Yanması

9. Denitrifikasyon
10. Nitratlar
11. Atıklar
12. Mavi Yeşil Algler
14. Ayrışan Maddeler
15. Çözünmez Mineraller
16. Nitratlar

17. Atıklar
18. Denitrifikasyon
19. Buharlaşma
20. Kireçtaşı
21. Çözünmüş Karbonatlar
22. Kabuklardaki Karbonatlar
23. Çözünür Mineraller

Algler, gerçekleştirdikleri kimyasal işlemler sayesinde, yeryüzündeki enerji dönüşümlerinin ve ısı sabitliğinin en önemli sebebidirler. Sahip oldukları yetenekler, Allah'ın bu canlılarda sergilediği ve insanlara sunduğu güzelliklerdendir.

Балырлар Климатты Туруктуу Сактоо Касиетине Ээ

panorama

Denizi de sizin emrinize veren O'dur, ondan taze et yemektesiniz ve giyiminizde ondan süs-eşyaları çıkarmaktasınız. Gemilerin onda (suları) yara yara akıp gittiğini görüyorsun. (Bütün bunlar) O'nun fazlından aramanız ve şükretmeniz içindir.(Nahl Suresi, 14)

Okyanuslara Güneş'ten gelen enerjinin büyük bir bölümü yansıtılırken, çok küçük bir bölümü de algler tarafından kullanılır. Alglerin bu enerjiyi kullanarak ürettikleri besin ile, tüm canlıların ihtiyacı olan organik maddeler sağlanmış olur.

Балырлардын көпчүлүгү диметил сульфит (DMS) аттуу бир газ бөлүп чыгарат. Бул газ, жогоруда да кыскача айтылгандай, суунун бетиндеги абада кычкылтек менен реакцияга кирип, катуу бөлүкчөлөргө айланат. Ошентип булуттар пайда болот. Башкача айтканда, балырлар өз аймагында булуттардын пайда болушунан да жооптуу. Ал булуттар күндөн келген радиацияны артка чагылтып, планетаны салкыныраак, б.а. азыркыдай температурада кармайт. Ошондуктан балырлардын планетанын температурасын тең салмакка сала турганчалык таасири жана мааниси чоң.

Албетте, эволюционист биологдордун мындай системаны түшүнүшү жана эволюция аркылуу түшүндүрүшү мүмкүн эмес. Ааламдын эч бир этабында байкалбаган жана ойлоп табылган калптардан гана турган эволюция теориясы бир клеткалуу бир организмдин атмосфера шарттарына жана жер жүзүнүн температурасына кантип таасир тийгизээрин да түшүндүрө албайт. Бул организмдин сөз болуп жаткан системаны ишке ашырууда колдонгон механизми болсо эволюционисттерди ансайын ойго салат.

Атмосфера ысып баштаганда балырлардын активдүүлүгү жогорулайт жана DMS, б.а. диметил сульфит газын бөлүп чыгара башташат. Балырлардын бул затты кантип жана эмне үчүн бөлүп чыгараары алигече толук аныктала элек. Бир көз-караш боюнча, диметил сульфит – клетка бөлүп чыгарган бир калдык зат. Башка бир көз-караш боюнча, клеткалар жабыр тартканда душмандарынан коргонуу үчүн уулуу бир кислота бөлүп чыгарышат. Вирус же планктондор кол салган бир балыр мына ушул себептен көп өлчөмдө диметил сульфит бөлүп чыгарат. Бул гипотеза тастыкталганы менен, бир балырдын бул затты эмне үчүн кээде көп, кээде болсо аз санда бөлүп чыгараары азырынча түшүнүксүз бойдон калууда. Бул организм бул затты негизинен муктаждыкка жараша бөлүп чыгарууда. Балырлар өндүрүш көлөмүн температурага жараша өзгөртүшүүдө. Максат жер жүзүн салкындатуу болгондуктан, балырлар тропикалык аймактарда көбүрөөк, суугураак аймактарда болсо азыраак диметил сульфит иштеп чыгышууда.

sky, clouds

Bulutları üzerinize gölge kıldık ...(Bakara Suresi, 57)

Бул организмдер болбогондо, дүйнө алда канча ысык болмок. Бул заттын бөлүп чыгарылышынын натыйжасында планетабыз 400C'ге чейин сууйт. Бул балырларга да пайда алып келет. Эгер жер салкындабаса, океандын катуу ысып кеткен үстүңкү кабаттары астыңкы суук кабаттан бөлүнүп, суу бетиндеги балырлар тереңдеги азыктарга жете албай калат. Ошондуктан балырлар антифризге окшош таасир көрсөтүүчү ушул затты бөлүп чыгарышат. Кызыгы, тропикалык океандарда жашаган бул жандыктар эмне үчүн антифриз иштеп чыгууга муктаж болушат? Бул суроонун жообу организмдин бул процесстен башка пайдаларды да алаарын көрсөтөт:

clouds

Alglerin meydana getirdikleri DMS gazı denizin hemen üstündeki oksijenle reaksiyona girerek bulutları meydana getirir.

Балырлардын антифриз иштеп чыгышынын себеби, алар бул зат аркылуу суунун бууланышына шарт түзүп, абага өтө алышат. Аба агымдары бул кичинекей организмдер үчүн бүт планетаны айлануунун эң натыйжалуу жолу болуп саналат. Ушул себептен асмандын бул организмдерге толо болушу эч таң калыштуу эмес. Жер жүзүнүн бетиндеги аба катмарынын бир метр кубунда ар кандай түрлөрдөн 10000дин тегерегинде микроорганизм табылган. Атмосферада 50 км бийиктикке чейин балырлардыкындай ыкманы колдонгон жандуу бактерия жана козу карын түрлөрү кездешет. Бул организмдер жер жүзүндөгү балырлардын фотосинтез процессин ылдамдатышат. Фотосинтездин натыйжасында суунун бети жылыйт жана бул абал суунун бетинде көбүкчөлөрдү пайда кылат. Балырлар болсо кийинки этапта көбүкчөлөрдүн жарылаарын жана ал аркылуу абага көтөрүлө алышаарын билгендей болуп, көбүкчөнүн үстүнө жайгашышат. Көбүкчөнүн жарылышы балырлардын планын ишке ашырат. Ошентип балырлар суудан абага көтөрүлүп, каалагандай башка тараптарга көчө алышат.

Диметил сульфит пайда болуп жатып айланасына жылуулук формасында энергия чыгарат. Ал энергия айланадагы абаны жылытат жана ысыган аба жогору көтөрүлөт. Ылдыйдагы аба пайда болгон агым аркылуу жогору көтөрүлүп, булуттарды пайда кылат. Ошентип суунун бетиндеги балырлар аба агымы аркылуу бийикке көтөрүлөт жана жогору көтөрүлгөн аба кыймылдарынан пайда болгон шамал аркылуу башка жактарга тарай алышат. Абага тараган балырлардын көпчүлүгүнүн кызыл түстө болушу да маанилүү бир жагдай. Кызыл түс атмосферанын үстүңкү кабаттарына чыкканда аларды ультра кызгылт-көк нурлардан коргойт.72

Бул системанын баары ушунчалык кичинекей бир жандыктын планетабыздын ар тарабына таралуу үчүн керектүү бүт механизмдер менен жабдылганын көрсөтүүдө. Бир организмдин атмосферанын температурасына таасир тийгизе турганчалык күчтүү бир газды бөлүп чыгарышы жана ал аркылуу дүйнөнү бүт жандыктар жашай ала турган орточо бир температурада кармашы белгилүү бир пландын бар экенин далилдейт. Бул процесс газдын бөлүп чыгарылышы менен эле бүтпөйт; ал газ белгилүү жолдор менен үстүңкү кабаттарга көтөрүлүп, булуттун пайда болушуна себеп болот жана эң негизгиси, бул процесстер бир микроорганизмге кызмат кылат. Жогоруда айтылгандай, эволюционисттер бул процесстерди түшүндүрө алышпайт. Бул табигый көрүнүш, себеби бир микроорганизмдин өтө уюшкандык менен бүт дүйнөнүн экосистемасына таасир тийгизиши – эволюциянын жөнөкөй жана ойдон чыгарылган механизмдерин толугу менен четке кага турган өтө маанилүү бир далил.

Өзгөчө Бир Балыр Түрү: Диатомейлер

diatom

Silisyum ile kaplı olan diatomlar, olağanüstü bir simetri ve estetik sergilerler. Bir mikro canlıda böylesine hatasız ve geometrik bir sanatın sergilenmesi, Allah'ın sonsuz kudretini tüm ihtişamı ile gösterir.

Диатомейлер – бул көбүнчө сууда жашоочу жана фотосинтез жасоо жөндөмү бар балырлар. Бул жандыктар океандардагы тирүү организмдердин 90%ын түзүшөт. Ошондой эле, тузсуз сууда жашоочу диатомей түрлөрү да бар.

Диатомейлердин кабыгы жуп болот. Кабыгынын курамында кремний бар болгондуктан, катуу болот. Ошондуктан укмуш кооз жасалган формага ээ. Денелери ортодон өткөн бир сызык аркылуу өтө симметриялуу эки бөлүккө бөлүнгөн. Симметриялуу бөлүктөрдүн экөөсүндө тең бири-бирине симметриялуу кереметтүү формалар жайгашкан. Булардагы симметрия кемчиликсиз геометрияны көрсөтөт жана кереметтүү бир долбоор болуп эсептелет. Ар түркүн формаларынын өлчөмдөрү өтө кылдаттык менен эсептелген, жана бул жандыктардын улуу бир долбоорчунун теңдешсиз чыгармасы экенин айгинелеп турат. Диатомейлер бул жагынан микроорганизмдердин арасындагы эң кемчиликсиз жана эң симметриялуу түзүлүштөгү бир искусство чыгармасы болуп саналат.

10000 жашап жаткан жана 15000дей тукум курут болгон диатомей түрү аныкталган. Булар менен башка фотосинтетикалык балырлар тропикалык океандардын азык чынжырын түзүшөт. Жыл сайын 130000 тонна өлчөмүндө органикалык көмүртек, б.а. жандыктар муктаж болгон негизги азык затын өндүрүшөт. Бул өндүрүш дүйнөнүн экологиясы үчүн өтө зор мааниге ээ. Диатомейлер фотосинтез иш-аракетинин натыйжасында көмүр кычкыл газынын да эң негизги керектөөчүлөрүнөн болуп саналат.

unicellulars

Sadece bir hücre zarı ve kloroplasttan oluşan tek hücreli bir canlının adeta bir kimya laboratuvarı gibi çalışması ve müthiş bir sanat sergilemesi inananları hayran, evrimcileri ise çaresiz bırakan çok önemli bir gerçektir.

Дүйнөнүн экологиясына салым кошкон, фотосинтез жасап өзүнө азык иштеп чыккан жана ошондой эле, кычкылтек бөлүп чыгарган бул организмдин көлөмү болжол менен 25 микрон болгон микроскопиялык бир жандык экенин эске сала кетүү туура болот. Бул микроорганизмдин башка пайдалары да бар. Диатомейлер көптөгөн балык жана кит сыяктуу сууда жашоочу организмдер үчүн негизги азык булагы болуп саналышат. Ошондой эле, балыктын майындагы D витаминин да камсыз кылышат. Аллах бул кичинекей жандыкты балыкка ырыскы кылып жаратып, андан соң аны балыкка жана балыкты азык катары колдонгон адамга пайдалуу кылып койгон. Белгилүү болгондой, балыктын майы адамдын өсүп жетилишинде өтө баалуу бир азык болуп саналат.

Мындан тышкары, диатомейлер өнөр-жайда ар кандай заттарды фильтрлөөдө жана изоляциялоодо да колдонулууда. Бул организмдер өзгөчө кремнийди, нитратты жана фосфатты организмдер колдоно ала турган абалга алып келүүдө өтө натыйжалуу. Ал тургай, белгилүү шарттарда кир сууларды тазалоо функциясын да аткара алышат.73

Бул процесстердин көпчүлүгүн учурдагы лаборатория шарттарында да жасоо мүмкүнчүлүгүбүз жок; демек бир клетка мембранасы менен хлоропласттан гана турган бир клеткалуу бир организмдин химия лабораториясындай иштеши, албетте, анын өзүнө тиешелүү бир жөндөм эмес. Анын сырттагы көмүр кычкыл газынан, иштеп чыккан кычкылтектен, көмүртектин организмдерге канчалык маанилүү экенинен, балыктын майындагы D витамининен кабары да жок. Ал болгону жогорку жөндөмдөрү аркылуу өзүнө жүктөлгөн милдеттерди гана орундатат. Ошондуктан илхамды угат. Ага ал илхамды берген, аны жараткан, аны башка организмдерге пайдалуу кылган улуу күч – жерди, асманды жана алардын арасындагылардын баарын «Бол» деген буйругу менен жараткан Аллах.

Кандайдыр бир нерсени каалаганыбызда ага «Бол» деп гана айтабыз; ал ошол замат болуп калат. (Нахл Сүрөсү, 40)

Балырлар Башка Организмдер Менен Бирге Жашашат

Кораллдар Балырлардын Көмөгү Менен Өмүр Сүрүшөт

Кораллдар жашоосун улантуу үчүн балырлар менен бирге жашашат. Кораллдардын үстүнө жайгашкан бир клеткалуу балырлар кораллдарга кооз түс беришет жана, ошондой эле, алардын азыктанышына да шарт түзүшөт. Балырлар маржан таштардын пайда болушу үчүн керектүү акиташтардын калыптанышын ылдамдатат жана ошол эле учурда бул организмдердин үстүңкү бетин туздуу суунун эскиртүүчү таасиринен коргойт.

Кораллдар менен балырлардын мындай биргелешкен жашоосунун эң ачык мисалын Кызыл деңизден көрүүгө болот. Кызыл деңизге түс берген кооз кораллдардын бүт функциялары ушундай биргелешкен жашоонун натыйжасында келип чыгат. Эки чөлдүн ортосунда жайгашкан Кызыл деңиз өтө түшүмсүз бир аймак болуп саналат. Климаты кургак жана бул деңизди азыктандыра турган бир дагы дарыя же тузсуз суу булагы жок. Ошондуктан бул деңиздин бир кычкылтек же азот булагы жок. Кадимки шарттарда Кызыл деңиз түшүмсүз жана ичинде көп организм жашабаган бир деңиз болушу керек эле. Бирок кораллдар мындай түшүмсүз шарттарда эч кыйналбай жашашат. Кораллдардын бул деңизде жашашы башка организмдердин да жашашына шарт түзүүдө.

greenalg_corals

Mercanların yaşayabilmelerini sağlayan ana unsur, yeşil alglerdir. Mercanın üzerinde barınak bulan algler, yaptıkları fotosentez sayesinde mercanlara kolay bir besin sağlamaktadırlar.

Эч бир тараптан азык албаган бул суунун ичинде кораллдардын жашашына шарт түзгөн бирден-бир нерсе – бул жашыл балырлар. Коралл өз денесинен балырга жашай турган бир орун берет, балыр болсо фотосинтез аркылуу кораллды азык жана энергия менен камсыз кылат. Балырлар энергия булагы болгон күндүн нуруна жетиши үчүн кораллдар болгон аракетин жумшашат. Ал үчүн кораллдар көбүнчө күндүз жабылып, сыртта сөңгөгүн гана калтырышат. Натыйжада балырлар күн нуруна оңой жетип, фотосинтез жасай алышат. Ошентип коралл да керектүү азыкка жете алат.

Коралл бүт азык муктаждыгын өзгөчө бир система аркылуу камсыз кылат. Бул организмдер өз клеткаларынан балырлардын терилерин алсыздаткан сиңиртүүчү бир аралашма бөлүп чыгарышат. Бул ыкма аркылуу балырлар тарабынан фотосинтезделген бүт азыктардын 80%ы сыртка чыгып, кораллдын клеткаларына кирет.74 Коралл колдонгон бул ыкма негизи абдан акылдуу бир ыкма. Коралл өзү үчүн балырдын өтө баалуу бир азык булагы экенин билет. Ошондуктан өзүнө керектүү азыкты алуу үчүн ээриткич бир зат бөлүп чыгарганда, балырдын толугу менен өлүп калышына жол бербейт. Керектүү энергиянын сыртка чыгышына жете турганчалык көлөмдө гана бөлүп чыгарылат.

alg_photosynthesis

Mercanlar, üzerlerinde barındırdıkları alglerin güneşten yararlanabilmeleri için gündüz içlerine kapanarak algleri dışarıda bırakırlar. Böylelikle fotosentez işlemi kolaylaşır.

Балырлардын фотосинтез иш-аракети, ошондой эле, сууну кычкылтекке да байытат. Кычкылтекке байыган суу жашоо чынжырын кеңейтет. Жаныбарлардын калдыктары менен бактериялар себептүү азоттун деңгээли да жогорулайт. Бул болсо түшүмдүүлүктүн жана жашоонун көбөйүшү деген мааниге келет. Кызыл деңизде жашоонун болушунун себеби мына ушунда.

Бул мамиледен, албетте, балырларга да пайда бар. Кораллдар кадимки шарттарда CO2 жана аммиак бөлүп чыгарышат. Бул заттар балырлар үчүн мыкты азык жана жер семирткич болуп саналат. Ошондой эле, балырлар жашаш үчүн нитрат менен фосфатка да муктаж. Кораллдардын калдыктарында бул заттар да бар.75 Кораллдар калдык чыгарышат, себеби, белгилүү болгондой, коралл – өсүмдүк эмес, жаныбар. Ошондуктан кораллдын кыртыштарында балырлардын жашоосуна керектүү бүт чийки заттар бар. Башкача айтканда, балыр ушул жандыктын ичинде жашап, андан эч кыйынчылыксыз азык ала алат. Мындан тышкары, аны башпаанек кылып душмандарынан да коргоно алат.

corals

İki deniz bir değildir. Şu, tatlı, susuzluğu keser ve içimi kolay; şu da, tuzlu ve acıdır. Ancak her birinden taze et yersiniz ve takınmakta olduğunuz süs eşyalarını çıkarırsınız. (Fatır Suresi, 12)

Кораллдын балырды күндүн нуруна жеткирүү үчүн колдонгон ыкмалары болсо теңдешсиз акылдын көрсөткүчү. Кораллдар көбүнчө суунун ичинде күндүн нуру жыш тийген жерлерде жана өзгөчө тайыз сууларда бир жерге чогулушат. Күндүн нуру азыраак тийген терең сууларда болсо туурасынан жайылып, жашаган чөйрөсүндө күндүн нурунан максимум пайдаланышат. Ошентип кораллдар үчүн жашоонун булагы болгон балырлар эң негизги энергия булагына жете алышат. Буларга карап коралл балырды абдан жакшы тааныйт жана анын эмнеге муктаж экенин билет го деген ойго келебиз. Бирок бул жерде сөз болуп жаткан организмдер – бир деңиз жаныбары коралл менен бир клеткалуу микроорганизм балыр. Эгер «булар бири-бирин тааныйт» десек, анда «бул организмдердин акылы бар» деген болобуз. Бул, албетте, мүмкүн эмес. Коралл эч качан балырдын бүт энергиясын күндөн алып азыктанаарын биле албайт. Анын үстүнө, коралл бул нерсени өзүмдүн пайдама колдоноюн деп да ойлоно албайт. Мындан тышкары, коралл көбүрөөк пайда алуу үчүн балырдын кабыкчасын ээритейин деп ойлоно албайт жана балыр күндөн көбүрөөк пайдалансын деп суунун астында ыңгайлуу бир жерди кадимки шарттарда тандай албайт. Анткен менен, бул эки организм ушинтип биргелешип жашашат жана бири-бирин эң жакшы таанышат. Ошондуктан эч ыктымалсыз нерсени өзүнөн-өзү ишке ашат жана бул эки организм тең акылдуу дешибиз керек болот. Албетте, эч ким мындай дей албайт. Демек, мында да кайра эле Аллахтын чексиз акылынын көрүнүштөрүн көрөбүз жана «булардын баары кокустан пайда болгон» деген көз-караштын канчалык чоң алдамчылык экенин түшүнөбүз.

germ_corals

Andolsun, biz Ademoğlunu yücelttik; onları karada ve denizde (çeşitli araçlarla) taşıdık, temiz, güzel şeylerden rızıklandırdık ve yarattıklarımızın bir çoğundan üstün kıldık. (İsra Suresi ,70)

Балырлардын кораллдарга берген пайдалары муну менен эле чектелбейт. Балырлар азырынча белгисиз болгон бир ыкма менен кораллдардын скелетин түзүшөт жана ал скелетти чоңойтушат. Бул олуттуу бир жардам, себеби кораллдар өз скелетин түзүп, чоңойто алганда гана жашай алышат.

Балырлар, мындан тышкары, өздөрүн жана ичинде жашаган кораллдарды зыяндуу ультра-кызгылт көк нурлардан коргоо үчүн жогорку факторлуу күндөн коргоочу кремдей таасир көрсөткөн бир химиялык зат бөлүп чыгарышат. Өзгөчө күндүн нурлары өтө күчтүү болгон тропикалык аймактарда бөлүп чыгарылгандыктан, бул заттын мааниси абдан чоң.76 Кичинекей бир балыр клеткасы ысыктын зыяндуу таасирин болжоп билгендей болуп, ага карата чара көрүүдө. Болгондо да, мында химиялык ыкмаларды колдонууда. Булардын баарын эске алганда, бул биргелешкен жашоону дүйнөдөгү эң мыкты жана эң алдыңкы симбиоз деп айтууга болот.

Максимум 29 градустук ысыкта жашай алган кораллдар суунун температурасы 34 градуска көтөрүлгөндө андан тынчсызданып, реакция көрсөтүшөт жана балырларды үстүнөн түшүрүп салышат. Мындай реакция кораллдарды өлүмгө алып барчу биринчи кадам болуп саналат. Андан соң бошогон коралл катмарларына болпоктор (Porifera) менен чоочун балырлар жайгашышат. Биргелешип жашап жаткан кораллдардан бөлүнүп чыккан балырлар кораллдардын кооз түстөрүн да алып кетишет. Натыйжада кораллдардын түсү жашыл жана күрөңгө айланат. Чоочун заттар менен оролуп, кооз өңүн жоготкон кораллдар балырлардын коргоочу касиеттеринен да ажырап калган болот. Ошондуктан туздуу суунун эскиртүүчү таасиринен да коргоно албай калышат. Аягында кораллдардан акиташ менен органикалык эмес альбуминдер гана калат. Жылдардын өтүшү жана суунун кыймылы менен алар дагы эрозияга туш болуп, кумга айланат. Температуранын жогорулашы 4 жумага созулса, кораллдар жашоого керектүү балырларды таба албай калышат жана ошондуктан жашай алышпайт.77

Балырлар Медузаларга Жашоо Берет

jellyfish

Denizanaları normal şartlarda küçük balıklarla beslenirler. Ancak verimsiz denizlerde besin kaynaklarını sadece algler sağlar. Denizanalarının, bu canlıları bir besin deposu olarak tanıyıp bünyelerinde barındırmaları, adeta şuurlu bir davranıştır.

Кээ бир аймактарда деңиздер же деңиздин бир бөлүгүн түзгөн көлчүктөр азыкка өтө жакыр болот. Дал кораллдар сыяктуу, мындай аймактарда жашаган медузалар дагы керектүү азыкты кайдан табаарын билгендей болуп, денелерине киргизүүгө бир балыр издешет. Медузалар кадимки шарттарда суулардан тинтүүрлөрү аркылуу майда балыктарды жана башка жандыктарды кармап азыктанышат. Бирок түшүмсүз деңиздерде мындай мүмкүнчүлүк жок, ошондуктан балырлар менен биргелешип жашашат. Тинтүүрлөрү аркылуу балырларды таанып, аларды сездирбестен өз ичине киргизишет.

Керектүү энергияны алуу үчүн медузалар таң эрте менен күндүн энергиясы эң көп тийген аймакта суунун бетине жакын барышат. Күн асманда чыгыштан батышты көздөй жылган сайын медузалар ал кыймылды ээрчип, күндүн багытын көздөй тизилишет. Жоон топ медузалар суунун астында 700 сантиметрдей тереңдикке созулган тик бир дубалды пайда кылышат. Ал тик дубал күндүн нуру сууга тийген аймакта пайда болот. Эгер караңгы суулардын ичинде дарактардын арасынан өткөн бир күн нурунун сызыгы пайда болсо, медузалар бул мүмкүнчүлүктү да койо беришпейт жана ар бирине күн тийиши үчүн күндүн нурунан пайда болгон бул сызыкты бойлой тизилишет. Кыскасы, күн кайсы тарапта болсо, медузалар ошол жерде болушат. Мындагы максат бирөө гана: аларды азыктандыра турган фотосинтетикалык организмдерди керектүү энергия менен камсыз кылуу. Ушул эле аймактагы күн тийбеген караңгы сууларда болсо бир дагы медуза жашабайт. Күн толук батканда медузалар суунун борборуна келишет. Караңгы басканда балырларды өздөрү өндүргөн же суунун ичиндеги нитраттар менен азыктандырышат.

Медузаларда бул кереметтүү жана толугу менен акылдуу иш-аракеттерди жасоого керектүү өзгөчө долбоор да бар. Бул жандыктар тыгыздыгы жогору жана төмөн нурду айырмалоочу сезүү органдары менен жабдылган.78 Бул алардын суунун ичиндеги «жарыгыраак нурду» көздөй күнүмдүк көчтөрүн аныктайт. Бир медузада «күндүн нурун сезүүчү» өтө сезгич бир системанын болушу жана анын «ыктымалдуу» бир симбиотикалык жашоого пайдасын тийгизиши, албетте, ойлонбой эле окуп койо турган бир маалымат эмес. Эң биринчиден, медузалар аларга азык бере турган жандыкты таанышат. Бул абдан маанилүү, себеби медуза эч качан жаңылыштык менен суунун ичиндеги башка бир организмди же башка түрдөгү бир балырды өз денесине киргизбейт. Өзүнө кайсы жандыктын пайдалуу болоорун билет. Медузанын көздөрү жок, мээси да жок. Өтө көп бөлүгү суудан турат. Тинтүүрлөрү аркылуу жалгыз бир клетканы гана сезет. Ал жандыкта бир хлоропласт бар экенин аныкташы керек болот. Аны айланадагы калдыктар же химиялык заттар менен азыктандыруунун ордуна, аны түздөн-түз күнгө алып барышы ал клетканын эмне менен азыктанаарын билет деген мааниге келет. Адамдар 19-кылымда гана араң түшүнө алган балырлардын өзгөчөлүктөрүн медузалардын миллиондогон жылдан бери билип, өз пайдасына колдонуп келиши мунун кемчиликсиз бир тартип менен жаратылгандыгын жана Улуу Раббибиз Аллахтын жогорку чеберчилигин көрсөтүүдө.

Балырлар Жержелимдерди Коргошот

slug_corals_alg

Mercanlarla beslenen sümüklüböcekler, mercanı sindirirken, üzerindeki algi ayırarak onu canlı tutar. Alg sayesinde rengi değişir ve avcılar tarafından tanınması zorlaşır.

Деңизде жашаган кабыксыз жержелимдер (слизни) кораллдардын жана ошол сыяктуу башка организмдердин үстүндө жашашат. Бул жандыктардын кабыгы жок болгондуктан, балыктардан коргонуу мүмкүнчүлүгү өтө чектүү. Бирок душмандарынан өзгөчө бир ыкма менен коргонушат. Жержелимдер үстүндө жашаган кораллдардын түсүнө киргендиктен, байкалбай калышат. Бул организмдердин кораллдар менен бирдей түстө болушунун бирден бир себеби – бул балырлар.

Кораллдар менен азыктанган бул жандыктар кораллды сиңиргенде анын кыртышындагы балырды бөлүп алып, аны тирүү калтырышат. Жержелимде муну кыла турган атайын бир механизм бар. Денесине киргизген балырды курсагынын сырткы жагында жайгашкан тинтүүрлөрүнүн ичин көздөй жылдырып, ал жерде тирүү кармайт. Бул ыкма аркылуу коргоосуз жержелим мыкты камуфляждуу болот.79 Денесине кирген балыр себептүү жержелимдин түсү өзгөрүп, айланадагы аңчылар аны жакшы тааныбай калышат.

Жержелим «түстү» көрө алабы? Кораллдын түсүнүн кандай экенин биле алабы жана «анын түсүнө кирсем душмандарым мени байкабай калышат» деп ойлоно алабы? Кораллдарга ал түстү балырлардын берээрин кайдан биле алат жана жеген тамагынын арасынан балырды бөлүп алуу керек экенин кантип билет? Балырды денесинде кантип тирүү сактай алат жана тинтүүрлөрүнө чейин кантип жылдырат? Бул коргонуу ыкмасына жетүү үчүн алгач коркунучтан кантип качам деп ойлонуп, анан кораллдын ичиндеги түстүү заттын булагын изилдеп, өзүнүн ичинде балырдын сиңирилишине жолтоо боло турган ферменттерди иштеп чыгышы керек жана балырды тинтүүрлөрүнө чейин жеткире турган бир механизм жасашы зарыл. Бул айтылгандар өтө татаал жана илим-билимди талап кылган иштер болуп саналат. Адамдан көп изилдөөлөрдү жана көп эмгекти талап кылган бул иш-аракеттерди өзүнөн жана айланасындагы башка жашоодон эч кабарсыз бир жержелим эч кыйынчылыксыз, өмүрүнүн ар бир «көз ирмеминде» жасай алууда жана буларды бүт жержелимдер жасай алышат. Адамдын колунан келбеген бүт бул кереметтүү иш-аракеттерди бул кичинекей жандык таап алган жана аларды өтө ийгиликтүү жасап келүүдө. Бул ийгилигинин себеби – ал дагы Аллахтын бар экендигинин бир далили. Аллахты таанып Анын кудуретин түшүнгөн адамдарды ансайын Аллахка жакындатат. Аллахтын бар экенин адамдардан жашырууга аракет кылып, кокустуктарды кудай туткан дарвинизм үчүн болсо чоң бир сокку.

slug_coral_alg

Neredeyse tamamı mercan dokusu ile kaplanmış olan sümüklüböcek kabuğu.

Балырлардын Пайдасы Тийген Башка Организмдер

flamingo

Flamingolar da renklerini yedikleri alglerden alırlar.

Демейде кызгылт түстө болгон фламинголор дагы негизи түстөрүн белгилүү бир булактан алышат. Алар – балырлар. Фламинголор жеген балырлар алардын ошондой түстө болушуна шарт түзөт. Канаттуунун денесине кирген балырлар анын бүт жагына тарап, түктөрүнө да түс беришет.80

Мындан тышкары, балырлар чоң моллюскалардын азыктанышына да көмөкчү болушат. Кичинекей бир балыр түрү болгон зооксантеллдер башка жандыктардын денелеринде гана жашай алган бир микроорганизм болуп саналат. Моллюскалардын денесин өздөрүнө эң ишенимдүү орун катары көрүшөт. Чоң моллюскалар бул жандыктарга жакшы башпаанек болуп, бул кичинекей жашыл жандыктарды душмандардан коргойт. Мындан тышкары, биргелешип жашаган бул жандыкка көмүр кычкыл газы, азот жана фосфор сыяктуу азыктарды берет. Албетте, булардын акысы катары зооксантелл тарабынан даярдалган заттар болсо моллюскалардын негизги азык булагын түзөт.81

Эволюция теориясын жактагандар балырлар жөнүндө ар кандай сценарийлерди ойлоп чыгарышкан. Алардын арасындагы эң кеңири тараган бир көз-караш боюнча, балыр примитивдүү бир жашоо формасы болуп саналат жана эволюциялашып өсүмдүктөрдү пайда кылган. Кыскача «мурдараак жашагандар жана кичинекейлер примитивдүү» деп сүрөттөөгө боло турган эволюционисттик жаңылыштыкты бул жерден да көрүүгө болот. Мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, эволюционисттер примитивдүү деп атаган бактериялар менен вирустарда таң калыштуу өзгөчөлүктөр жана комплекстүү механизмдер бар. Бул жагдай жер жүзүндө жашоонун уланышы үчүн өтө маанилүү милдеттер жүктөлгөн балырларга да тиешелүү. Бул жерде эволюционисттик сценарийлерде эмнегедир үстүртөн гана айтылып өткөн же эч сөз кылынбаган суроолор туулат.

zooxanthellae

Zooxanthellae

Эволюция теориясын жактагандар так жооп бериши керек болгон негизги суроолор бар. Илимий изилдөөлөр боюнча, балырлар мындан болжол менен 3,5 миллиард жыл мурда Түштүк Африкадагы таштарда, бүгүнкүдөй формада, бир заматта пайда болушкан. Ошол доордо бир заматта пайда болгон бактериялар сыяктуу балырлар да бүгүнкүдөй өзгөчөлүктө болушкан. Бул организмдердин «атасы» катары көрсөтүүгө боло турган примитивдүү бир организм такыр болгон эмес. Бул организмдердин миллиарддаган жыл өтсө да, бүгүнкү күнгө чейин эч өзгөрбөй келиши алардын ошончо убакыт бою эч эволюция өткөрбөгөнүн далилдейт.

Жер жүзүнүн кычкылтек жана азык булагы болгон балырлар – деңиздеги эң майда организмден кургактыкта жашаган эң чоң жаныбарга, ал тургай, адамдарга чейин бүт баарына ар кандай пайдаларды алып келген улуу бир керемет. Өз жашоосун улантып жатып, башка организмдердин денелерине кирип аларга да пайда алып келет. Булардын баары Аллахтын бар экенин көргүсү келгендер үчүн өтө чоң жана теңдешсиз далилдер. Аллах Куранда бул жөнүндө мындай деп билдирет:

Айткын: «Асмандар менен жердин Рабби ким?» Айткын: «Аллах.» Айткын: «Андай болсо, Аны таштап өздөрүнө да пайда да, зыян да бере албаган бир катар досторду (кудайларды) тутунуп алдыңарбы?» Айткын: «Эч көрбөгөн (сокур) менен көргөн (парасаттуу адам) тең боло алабы? Же караңгылыктар менен нур тең боло алабы?» Же Аллахка Ал жараткан сыяктуу жаратуучу ортоктор табышып, бул жаратуу өз ойлорунда бир-бирине окшоштубу? Айткын: «Аллах бүт нерсенин жаратуучусу жана Ал жалгыз, каардуу (Каххар).» (Рад Сүрөсү, 16)

alg_oxygen_nutritioncycle

Yeryüzünün oksijen ve besin kaynağı olan algler, en küçüğünden en büyüğüne kadar her canlıya fayda sağlayan üstün bir yaratılış harikasıdır.

Булактар

67- Nathaly Nicolas, Le Placton, L'océan et Les Hommes, Ça M'Intéresse, No. 205, Mart 1998, sf. 86

68- Bilim ve Teknik, Şubat 1995, sf. 69

69- http://cwx.prenhall.com/bookbind/pubbooks/brock/chapter18/objectives/deluxe-content.html

70- The Ocean World of Jacques Cousteau, Quest For Food, World Publishing Company, ABD, 1973, sf: 52

71- http://www.nmnh.si.edu/botany/projects/algae/AlgIntro.htm

72- Lynn Hunt, Send in the clouds, New Scientist, vol 158, 30 Mayıs 1998, sf.28

73- Mark Armitage - Richard D. Lumsen, http://www.icr.org/pubs/imp/imp-266.htm

74- David Attenbourgh,The Private Life of Plants, Princeton University Press, Princeton, New Jersey, sf.200

75- David Attenbourgh,The Private Life of Plants, Princeton University Press, Princeton, New Jersey, sf.200

76- David Attenbourgh,The Private Life of Plants, Princeton University Press, Princeton, New Jersey, sf.201

77- http://arsiv.hurriyetim.com.tr/tekno/turk/98/12/20/internet/04int.htm , http://www.sprl.umich.edu/GCL/paper_to_html/coral.html

78- David Attenbourgh, The Private Life of Plants, Princeton University Press, Princeton, New Jersey, sf.202-203

79- David Attenbourgh, The Private Life of Plants, Princeton University Press, Princeton, New Jersey, sf.204

80- http://www.pbs.org/wnet/nature/firebird/html/body_facts.html

81- http://www.darwinsplayground.com/tridacna/symbiosis.htm