Эволюционисттердин Эң Чоң Туюктарынын Бири: Чымын-Чиркей, Курт-Кумурскалар

bug

Мурдакы бөлүмдөрдө көзгө көрүнбөгөн микроорганизмдердин кереметтүү жөндөмдөрүн, комплекстүү түзүлүштөрүн жана алардын негизинде эволюционисттик көз-караштардын логикасыздыгын терең карап чыктык. Бул бөлүмдө болсо микроорганизмдердей эле кызыктуу, эволюция теориясы үчүн чоң бир маселе болгон чымын-чиркей, курт-кумурскаларды карайбыз.

Башка жандыктарга салыштырганда, булардын өзгөчө бир орду бар. Фоссил калдыктары көрсөткөндөй, чымын-чиркей, курт-кумурскалар жок дегенде 400 миллион жылдан бери жашап келишүүдө. Бул убакыт аралыгында ар кандай кырсыктар болуп, дүйнөдөгү жаныбар түрлөрүнүн көп бөлүгү жок болгон. Ал окуялардын эч таасири тийбеген жандыктар балким чымын-чиркей, курт-кумурскалар болсо керек. Улуу долбоор менен жаратылганы үчүн ар кандай чөйрөдө көбөйүп, тарашкан. Чөлдөн, токойдон, көлдөрдөн, вулкандардан, ысык суулардан, муздардан, кыскасы, бүт тараптан бул жандыктарды көрүүгө болот. Мисалы, кээ бир чымын-чиркей, курт-кумурскалар бир «антифриз» иштеп чыгып, денелериндеги суюктуктун тоңуп калышынын алдын алышат. Ошентип Гималай тоолорунун бийик чокуларында же кээ бирлери Сахара чөлүндө 47°Сден жогору температурада жашай алышат.

bug

Bugün bilinen hayvanların dörtte üçünü böcekler oluşturmaktadır. Bu canlılar, nüfusları, tasarımları ve besin zincirine olan önemli etkileriyle evrimcileri oldukça zor bir duruma sokmaktadırlar.

Бул жандыктардын түрү менен саны ушунчалык көп болгондуктан, илимпоздор так санын аныктай алышкан жок. Акыркы жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча, чымын-чиркей, курт-кумурска түрлөрүнүн болжолдуу саны 2 миллиондон 30 миллионго чейин. Ал түрлөрдүн арасынан 370 миңине гана мүнөздөмө берилген. Мындан тышкары, 15 миңдей фоссилге айланган чымын-чиркей, курт-кумурска түрлөрү табылган. Учурда белгилүү болгон жаныбар түрлөрүнүн төрттөн үчүн чымын-чиркей, курт-кумурскалар түзөт жана болжолдуу саны 1 триллиондон ашат, жалпы салмагы болсо 2,7 миллиард тонна деп болжолдонууда. Бул 45 миллиард адамдын жалпы салмагына барабар. Башкача айтканда, жашап жаткан ар бир адамга 170 миллиондон ашуун чымын-чиркей, курт-кумурска туура келет.113Бул мисалдардан да көрүнүп тургандай, чымын-чиркей, курт-кумурскалардын санында, жаратылган долбоорунда, азык тизмегинин эң негизги бөлүктөрүнүн бирин түзүшүндө биз сабак ала турган көп нерселер бар.

Эмки бөлүмдөрдө каралгандай, эволюционисттер чымын-чиркей, курт-кумурскаларсыз бир дүйнөнү абдан каалашмак. Себеби эволюция теориясы логикалуу жооп табууда абдан кыйналган бул жандыктар менен байланыштуу төмөнкүдөй жагдайлар бар: фоссил калдыктары боюнча бул жандыктар бир заматта пайда болушкан, алардын эч кандай «эволюциялык атасы» жок, органдары өтө комплекстүү жана, эң негизгиси, түрлөрү абдан көп.

Чымын-Чиркей, Курт-Кумурскалардагы Долбоор

bug

Миллиондогон чымын-чиркей, курт-кумурска түрлөрүн бир-бирден карай турган болсок, ар биринин түзүлүшүнүн ар кандай экенин көрөбүз. Бир эле канаттардын дагы бири-бирине окшобогон канчалаган түрү бар. Мисалы, көпөлөктүн канаттары менен чымындын канаттарынын долбоору бири-бирине такыр окшобойт; ошол сыяктуу ийнелик менен чегиртке, таракан менен кумурска, аары менен бүргө сыяктуу, бир түркүмгө киргенине карабастан, долбоору жагынан бири-бирине эч окшобогон, алигече саны толук аныктала элек миллиондогон чымын-чиркей, курт-кумурскалар бар. Бул жандыктардын ар биринин өзгөчөлүктөрүн бул жерде бир-бирден карай албайбыз, бирок алардын түзүлүшүндөгү кээ бир орток долбоорлорду карап өтсөк болот.

Сырткы Кабык

bug

Жогоруда да айтылгандай, чымын-чиркей, курт-кумурскалардын ар кандай климат шарттарында жашай ала турган өзгөчөлүктөрү бар. Ал өзгөчөлүктөрдүн негизгиси – бул денелеринин сырткы бетин каптап турган хитин катмары. Бул жандыктардын скелети болбойт. Анын ордуна бир сырткы скелет денелерин соот сыяктуу ороп турат. Ушул сооттун негизги материалы – бул хитин. Хитин абдан жеңил жана жука болот. Ошондуктан чымын-чиркей, курт-кумурскалар аны көтөрүп жүрүүдө эч кыйналбайт. Денени сыртынан орогону менен, скелет функциясын аткара ала турганчалык бекем болот. Бирок ошол эле учурда өтө ийкемдүү. Учу ага туташып турган дененин ичиндеги булчуңдардын жыйрылышы аркылуу кыймылдай алат. Бул чымын-чиркей, курт-кумурскалардын кыймылын тездетет жана сырттан келчү соккулардын таасирин азайтат. Бетин өзгөчө бир зат каптап тургандыктан, сырттан суу өткөрбөйт. Дененин ичиндеги суюктукту да сыртка чыгарбайт. Ысык, ал тургай, радиация да таасир тийгизбейт. Көбүнчө айлана-чөйрөсүнө эң ыңгайлуу түстө болот. Кээде чочута турганчалык жаркырак болушу мүмкүн. Хитин заты – илимпоздор менен дизайнерлер жасалма жол менен иштеп чыгууну кыялданган бир зат. Өзгөчө Биринчи дүйнөлүк согуштан бери хитинди колдонуп өндүрүүгө боло турган материалдардын жана каражаттардын дизайны долбоорлонуп келе жатат.

Учуу Системалары

bug

Колдогу фоссилдерге караганда, чымын-чиркей, курт-кумурскалар жок дегенде 350 миллион жылдан бери учуп келе жатышат, болгондо да, түк жана булчуңсуз эле. Албетте, канаттуулардын кантип учканын түшүндүрө албаган эволюционист илимпоздор үчүн чымын-чиркей, курт-кумурскалардын кантип учканын түшүндүрүү мындан да татаал бир маселеге айланууда. Фоссил калдыктары боюнча, чымын-чиркей, курт-кумурскалар мындан болжол менен 350-400 миллион жыл мурда, азыркыдай көрүнүштө, бир заматта пайда болушкан. Эволюция теориясынын дагы бир маселеси болсо; бул жандыктар эч бир өзгөрүүгө жана эволюцияга дуушар болбостон, бүгүнкү күнгө чейин келишкен. Башкача айтканда, 400 миллион жыл мурда жашаган бир таракан же ийнелик менен бүгүнкү күндө жашап жаткандарынын арасында эч бир айырма жок.

bug

Чымын-чиркей, курт-кумурскалардын өзгөчө учуу системасы болсо жаратуунун дагы бир далили. Көптөгөн чымын-чиркейлердин учуу жөндөмү канаттуулардыкынан да жогору. Падыша көпөлөгү Түндүк Америкадан Борбордук Американын ичине чейин уча алат. Чымындар менен ийнеликтер болсо абада кыймылсыз тура алышат. Чымын-чиркей, курт-кумурскалардын канаттары да ар кандай долбоордо болот. Кээ бирлеринде эки, кээ бирлеринде төрт канат бар. Кээ бирлеринин канаттары ичине бүгүлөт жана бетинде коргогуч бир катмар бар; кээ бирлери тордомо канаттуу, көпөлөк сыяктуу түрлөр болсо кабырчык канаттуу болушат. Бүт канат түрлөрү өзүнчө бир кемчиликсиз долбоор менен жаратылган. Чымын-чиркей, курт-кумурскалардын канат мууну укмуш ийкемдүү резилин аттуу өзгөчө бир белоктон турат. Өзгөчөлүктөрү жагынан табигый каучуктан да, жасалмасынан да жогору турган бул затты лабораторияларда химия инженерлери ушул кезге чейин өндүрүүгө аракет кылышууда. Резилин – чоюлуп-ийилүү аркылуу үстүнө жүктөлгөн бүт энергияны сактап коюучу жана үстүнө таасир тийгизүүчү күч алып салынганда ал энергияны толугу менен кайра бере алуучу бир зат. Бул жагынан караганда резилиндин натыйжалуулугу 96%дай өтө чоң бир көрсөткүчкө жетет. Мунун урматында канат жогору көтөрүлгөн учурда коротулган энергиянын болжол менен 85%ы сактап коюлуп, канаттын төмөн көздөй кыймылында ушул энергия кайрадан колдонулат. Көкүрөк тосмолору менен булчуңдар дагы атайын энергия үнөмдөөгө ыңгайлуу түзүлүштө жаратылган. Натыйжада укмуш күчтүү бир энергия пайда болуп, канаттар секундасына 200 (бал аары), ал тургай, 1000 (майда чиркей) жолу дирилдей алат.114

bug

Sinek kanadı (sağda).
Böceklerin kanat eklemlerinde bulunan resilin, esneme-bükülme ile sağlanan enerjiyi depo eder. Bunun sonucunda ortaya, saniyede 1.000 defa kanat çırpabilen böcekler çıkmaktadır.

Эволюционисттер «тулку бойдогу кээ бир тери катмарлары эволюцияга дуушар болуп канатка айланган болушу мүмкүн» гана дешет. Бул көз-караштын чындыктан алыстыгын билгени үчүн болсо керек, муну тастыктай турган фоссил мисалдарынын жетишсиз экенин да сөзсүз белгилешет. Бул этапта чымын-чиркей, курт-кумурскалардын учуусунун кантип эволюциялашканы жөнүндө ар кандай сценарийлер ойлоп табылган. «Трахеалдык теория» деп аталган биринчи сценарий боюнча, сууда жашаган чымын-чиркей, курт-кумурскалар кургактыкка чыкканда көкүрөк трахеяларынан канаттар пайда болгон. Бул теория чыгарылаар замат жараксыз экендиги аныкталган, себеби бакалоорлордо кездешкен булчуңдар канаттарда жок. Мындан тышкары, чымын-чиркей, курт-кумурскалардын канатсыз этаптан канаттуу этапка өткөнүн көрсөткөн бир далил же ортоңку өткөөл формага тиешелүү фоссилдер жок. Тескерисинче, фоссилдер примитивдүү чымын-чиркей, курт-кумурскалардын эч качан болбогондугун, эң байыркы чымын-чиркей, курт-кумурскалардын учуу системасынын дагы бүгүнкү күндөгүдөй кемчиликсиз болгондугун көрсөтүүдө. Экинчи сценарий, б.а. «параноталдык теория» болсо дененин кээ бир аймактары кеңейип, түздөлүп, бара бара канатка айланган дейт. Бул көз-караш боюнча, бул жандыктардын көкүрөк аймагындагы үч бөлүктүн экөөсү гана, эволюционисттер да билбеген бир себептен улам, мындай өзгөрүүгө дуушар болуп, натыйжада канаттар келип чыккан.

Ушул сыяктуу эле бир сценарийди эволюционисттердин канаттуулардын учушун түшүндүрүүгө аракет кылган сценарийинен да көрүүгө болот. Бирок бул эки сценарийди тең жокко чыгарган орток жагдайлар бар. Алардын арасында эң негизгиси фоссилдер, жогоруда да айтылгандай, бул көз-караштардын толугу менен тескерисин ырастаган далилдерди көрсөтүүдө. Экинчиден, канаттар «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүккө» ээ, б.а. бүтүн (бүт мүчөлөрү бар) болгондо гана ишке жарайт. Бул жагдай да эволюционисттер айткан «жарым канат» же «жаңыдан пайда болуп жаткан канат» теорияларын четке кагат. Үчүнчүдөн, генетикалык жактан бир организмге жаңы өзгөчөлүктөрдү кошо турган же бар болгон өзгөчөлүктөрдү жакшырта турган пайдалуу мутациялар жок. Ошондуктан эгер бир жандыктын ДНКсына учуу системасы башында жазылган эмес болсо, анын ДНКсына туш келди мутациялар аркылуу жаңы пайдалуу бир маалымат кошууга болбойт. Башкача айтканда, табиятта сокур кокустуктар аркылуу маалымат иштеп чыга турган бир акыл жана аң-сезим жок. Канат же көз сыяктуу бир орган пайда болушу үчүн улуу кудуреттүү бир Жаратуучу керек. Бирок табиятта мындай аң-сезим жок. Ансыз да, эволюционисттик сценарийлерди мындай маанилүү жагдайлар эмес, сценарийди даярдаган кишинин фантазиялары калыптандырат. Сценарийди иштеп чыгарууда илимий маалыматтар эмес, идеологиялык максаттар үстөмдүк кылат. Белгилүү француз зоолог Пьер-Поль Грассе (Pierre Paul Grassé) «чымын-чиркей, курт-кумурскалардын келип чыгышы толугу менен белгисиз бойдон калууда»115 деп негизи ушул чындыкты мойнуна алган.

bug

400 milyon yıl önce yaşayan böcekler günümüzdekilerden farksızdır. Bu canlılar, tüylere de kaslara da ihtiyaç duymadan bundan milyonlarca sene önce de uçmaktadırlar. Elbette bu gerçek, evrimciler için büyük bir sorundur.

Чымындын канаттарындагы кемчиликсиз түзүлүш ар кандай «кокустук» көз-карашын четке кагат. Эксетер университетинен Робин Дж. Вуттон (Robin J. Wootton) «Scientific American» журналында жарыяланган макаласында чымын-чиркей, курт-кумурскалардын учуу жөндөмү жөнүндө мындай дейт:

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар бүт учуучу машиналардын арасында шамдагайлык жана маневр жөндөмдүүлүгү жагынан эң жогоруда тургандардан... кээ бир чымын-чиркей, курт-кумурскалар массасынын аздыгы, нерв-сезүү системаларынын өнүккөндүгү жана комплекстүү булчуң түзүлүшү себептүү таң калыштуу аэробатика мисалдарын көрсөтө алышат. Мисалы, кара чымындар ылдам учуп бараткан жеринен ылдамдыгын азайтып абада бир орунда токтоп калат, анан артка бурулуп учуп, тигинен бурулуп, айланып, шыпка конот; булардын баары бир секундадан азыраак убакыт ичинде болуп өтөт... Чымын-чиркейлердин канаттарынын функцияларын канчалык изилдесек, долбоорлору бизге ошончолук мыкты жана кооз көрүнүүдө. Мурдакы паруска окшоштурулган салыштыруулар учурда өтө маанисиз болуп калды. Канаттар инженерлер түшүнгөн терминдер менен айтканда түзүлүштөр менен механизмдердин арасында ортомчулук кылып, ийилчээк үстүңкү беттерден турат. Түзүлүштөр адат катары мүмкүн болушунча аз деформацияга алып келе тургандай, механизмдер болсо бүт тетиктери алдын ала болжолдоп кыймылдатууга ыңгайлуу кылып долбоорлонот. Чымын-чиркейлердин канаттары абаны эң мыкты колдонууга жана белгилүү күчтөрдүн себебинен келип чыгуучу белгилүү деформацияларга мүмкүнчүлүк бере тургандай кылдат бириктирилген, ар кандай ийкемдүүлүк касиеттери бар тетиктерден турат. Чымындын канаттарына теңеле ала турган технологиялык бир түзүлүш жок сыяктуу.116

bug, flower

Эволюционисттер башка чымын-чиркейлерге салыштырмалуу примитивдүүрөөк деген ийнеликти карап көргөнүбүздө, бул көз-караштардын канчалык илимден алыс жана идеологиялык максатта айтылганын жакшыраак түшүнөбүз. Ийнеликтер канаттарын өздөрүнүн үстүнө бүктөп койо алышпайт жана учуу булчуңдарынын канаттарды кыймылдатуу ыкмасы башкалардан айырмаланат. Мына ушул өзгөчөлүктөрү үчүн гана эволюционисттер ийнеликтерди «примитивдүү», б.а. «жөнөкөй» дешет. Чындыгында болсо, «примитивдүү» аталган ийнеликтердин учуу системасы өзүнчө бир керемет. Дүйнөнүн алдыңкы вертолет фирмалары бул учуу системасын туураган модельдерди иштеп чыгышкан. Табият сүрөтчүсү Джиллиан Мартин болсо ийнеликтерди изилдөө максатында 2 жыл эмгектенген. Андан алынган маалыматтар бул жандыктардын учуу системасынын өтө комплекстүү экенин көрсөтүүдө.

Ийнеликтин дене түзүлүшү металл менен капталгандай көрүнгөн шакекчелерден турат. Көк муз өңүнөн кочкул кызылга чейинки ар кандай түстөгү дененин үстүндө кайчылаш жайгашкан эки жуп канат болот. Бул ийнеликке өтө мыкты бир маневр жөндөмдүүлүгүн берет. Кандай ылдамдыкта жана кайсы багытта учпасын, капыстан токтоп артты көздөй учуп жөнөй алат же абада бир ордунда туруп олжосуна кол салуу үчүн ыңгайлуу бир позицияны күтө алат. Ошол турушунда ийкемдүү бурулуп олжосуна жөнөй алат. Өтө кыска убакыттын ичинде чымын-чиркейлер үчүн таң калыштуу дегенге боло турган бир ылдамдыкка, саатына 40 километрге жетип, ошол ылдамдык менен олжосун сүзөт.117 Мындай сүзүү катуу шокко алып келет. Ийнеликтин сооту абдан бекем жана өтө ийкемдүү. Сооттун ийкемдүү түзүлүшү сүзүүдөн келип чыккан энергияны сиңирип, ийнеликти сактайт, бирок олжонун мындай мүмкүнчүлүгү жок. Ийнеликтин олжосу сүзүүнүн шогунан же толугу менен өзүн жоготот же өлөт. Сүзгөн соң ийнеликтин эң күчтүү куралы болгон арткы буттары ишке киришет. Учуп баратканда артты көздөй бүгүлгөн буттар ыкчам түрдө алга сунулуп, өзүн жоготкон олжону абада кармайт. Эми кезек болоттой болгон астыңкы жаакка келет. Олжону кыска убакытта майдалап жейт.

 Hac Suresi, 73

Өтө тез учуп баратып шамдагай маневрларды жасай алган ийнеликтин көрүү жөндөмү да кемчиликсиз. Ийнеликтин көзү дүйнөдөгү чымын-чиркей, курт-кумурскалардын арасынан эң мыкты көз деп кабыл алынат. Ар бири 30 миңдей каректен (линзадан) турган бир жуп көзү бар.118 Эки жарым шарга окшошуп, башынын жарымындай жерди ээлеген көздөр ийнеликтин өтө чоң аянтты көрүшүнө мүмкүндүк берет. Ийнелик бул көздөрү аркылуу дээрлик артындагы нерселерди да көрө алат.

dragonfly dragonfly

Бул мисалдардан да көрүнүп тургандай, эволюция теориясын жактагандар тарабынан айтылган мисалдардын эч негизи жок. Ийнелик да, башка чымын-чиркей, курт-кумурскалар сыяктуу, кереметтүү системалар менен жабдылган. Алардын бирөөсүн эле примитивдүү деп айтуу үчүн же акылы кем болуш керек же болбосо башка кытмыр максатты көздөгөн болуш керек. Колубуздагы эң байыркы ийнелик фоссилдери (калдыктары) менен азыр жашап жаткандарынын арасында бир дагы айырма жок. Ал эң байыркы фоссилдерден мурда жашап өткөн бир дагы «жарым ийнелик» же «канаттары жаңы гана пайда болуп жаткан ийнелик» калдыгы жок. Бул жандыктар да, башка түрлөр сыяктуу, бир заматта пайда болгон жана ушул күнгө чейин өзгөрбөй келе жатат. Чымын-чиркей, курт-кумурскалардагы кемчиликсиз учуу системалары ойдон чыгарылган сценарийлердин эмес, улуу бир акылдын долбоору менен пайда болгон комплекстүү системалар. Бул жандыктардын баарын Аллах жараткан жана алар эч кандай «эволюциядан» өтүшкөн эмес.

dragonfly dragonfly

Yusufçuk, sahip olduğu özel yapı sayesinde oldukça ilginç bir uçuş tekniğine sahiptir. Aniden durup ters yönde uçabilir, havada sabit asılı kalabilir. Evrimcileri şaşırtan bu yapı, üstün bir yaratılış harikasıdır.

Yusufçukların uçuş sistemi müthiş bir komplekslik içerir. Dünyanın önde gelen helikopter firmaları, bu uçuş sistemini taklit eden modeller üretmişlerdir.

dragonfly eye

Yusufçuğun gözleri, dünyanın en kompleks böcek gözü olarak kabul edilir.

Yusufçuk, üstün uçuş tekniği sayesinde avını havada yakalar. Çelik gibi güçlü olan alt çene ise parçalama görevini üstlenir

Буттар

Чымын-чиркей, курт-кумурскаларда учуу жана көрүү системаларынан тышкары, бир-бирден караганда ар биринде кереметтүү долбоорлонгон сансыз орган жана системалар бар. Жакында эле өтө жөнөкөй бир организм деп кабыл алынган кумурскалардын буттарын изилдеген илимпоздор кемчиликсиз бир долбоорду жана робот өндүрүүчүлөрүнө илхам бере турган бир системаны көрүштү. Массачусетс университетинин биологдорунан Элизабет Брейнерд (Elizabeth Brainerd) менен командасы Гарвард жана Вюрцбург университеттери менен биргелешип кумурскалардын жана аарылардын кантип шып сыяктуу жерлерде тескерисинен, тигинен баса алаарын изилдеп, кызыктуу жыйынтыктарды алышкан. Айнек бетинде зымылдап баскан аарылар менен кумурскалар камерага тартып алынган жана булардын буттарындагы жабышчаак органдардын башка жандыктардан айырмаланаары аныкталган. Мисал катары бир кескелдирик түрү геккон берилген. Геккондордун буттарындагы жабышчаак жаздыктар ар бир кадамдын аягында жабышкан жеринен сыйырылып чыгат. Бул болсо жай жана статикалык бир кыймылга себеп болот. Кумурска, аарылардагы система болсо мындан алда канча динамикалуу. Брейнерд бул жөнүндө мындай дейт:

Кумурскалар менен аарылардын буттарынын түзүлүшү таң калаарлык комплекстүү. Микроскоп менен караганда, ар бир бут буканын мүйүздөрүнө окшогон бир жуп чеңгелден турат, ал чеңгелдердин арасында «аролиум» аттуу жабышчаак бут жаздыктары жайгашкан. Бул жандык бир тегиздикте чуркаганда чеңгелдер аны кармаганга аракет кылышат. Эгер чеңгелдер ал бетти кармай албаса, артка тартылып, жабышчаак жаздыктар ишке киришет. Бут жаздыгы тездик менен ачылып, канга толуп шишийт жана чеңгелдердин арасынан чыгып жабышчаак жаздыкты ал жерге жабыштырат. Андан соң соолуп, кайра бүктөлөт. Бул процесстердин баары секунданын он же жүздөн бириндей кыска убакыт ичинде болуп бүтөт жана жандык зымылдап баратканда чагылгандай ар бир кадамда кайталанат. Мындан тышкары, бут жаздыгы, нымдуу бир кагаздын айнекке жабышышы сыяктуу, кумурска, аарыларды жумшак беттерге жабыштыра турган бир суюктук бөлүп чыгарат. Аролиумдун динамикалуу түзүлүшү басып бараткан жерге жараша ар кандай жабышчаактык деңгээлин бөлүп чыгарат.119

Robot üreticileri, canlıların üstün tasarımlarını örnek almaktadırlar. Günümüzde, karıncalar taklit edilerek yapılmış robotlar mevcuttur.

Ал тургай, изилдөөчүлөр чеңгелдердин кыймылын башкарган тарамыштардын чеңгелдерди артка тартуудан тышкары, бут жаздыгын кыймылдатуу милдетин да аткараарын аныкташкан. Бул система механикалык жана гидравликалык системалардын биригишинен пайда болгон кемчиликсиз бир долбоор. Робот өндүрүүчүлөрү бул системаны туурап медицина тармагында колдонула турган кичинекей роботторду өндүрүү үстүндө иштешүүдө.

Gekolar, ayaklarında özel yapışkan yastıklara sahiptirler. Bu sayede söz konusu canlılar, tavan ve duvar yüzeylerinde rahatlıkla yürüyebilmektedir.

Антенна

Böcekler, haberleşmek için kimyasalları kullanır ve bunları antenleri sayesinde analiz ederler.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалардын антенналарынын долбоору да өзгөчө. Бул жандыктар айланасындагы окуялардан антенналары аркылуу кабар алышат. Байланышта колдонулган химиялык заттар антенналар тарабынан кармалып, анализ кылынат. Антенналар кээде тинтүүр катары кабыл алынса да, негизги милдети жыт сезүү болуп саналат. Антеннанын бетинде көп санда жыт нервдери жайгашкан, алар аркылуу тамактарын жыттап, карама-каршы жыныска тиешелүү «феромон» аттуу химиялык кабарчыларды же жыт ташуучу молекулаларды аныкташат. Бул антенналар кумурска, бал аары сыяктуу жандыктарда өздүгүн тактоо (идентификация) жана химиялык байланыш максатында да колдонулат. Бул жандыктар башкаларга антенналары менен тийип көрүү аркылуу химиялык сигналдарды алып анализ кылышат жана анын дос же душман экенин аныкташат. Чиркейлер антенналары аркылуу үндөрдү да кармай алышат. Мындан тышкары, антенналар сырткы келбеттин кооздугунда да маанилүү роль ойношот.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалардын өтө сезгич антенналары, байланышта колдонгон химиялык заттары, бир робот сыяктуу долбоорлонгон денелери, ар кандай шартка чыдамкай түзүлүштөрү, коргонуу жана кол салуу максатында колдонгон уулары, башка жандыктар менен биргелешип жашоосу, көпөлөк сыяктуу кээ бир жандыктардын кооз денеси, метаморфоз, аңчылык кылуу жана камуфляж тактикалары сыяктуу сансыз өзгөчөлүктөрүн бир-бирден караганыбызда, өтө көлөмдүү жана татаал бир көрүнүш келип чыгат. Канчалаган китептерди толтурган бул өзгөчөлүктөр негизи чымын-чиркей, курт-кумурскалар жөнүндө биз билген чектүү маалыматтардан гана турат. Дагы изилденип, ачыла элек миллиондогон чымын-чиркей, курт-кумурскалар бар жана алардын ар бири өзүнчө бир долбоор менен жаратылган. Белгилүү болгон жана эң көп изилденген чымын-чиркей, курт-кумурскаларда болсо адамды таң калтырууга жете турган сансыз өзгөчөлүктөр бар.

Arılar, antenleri sayesinde birbirleriyle kimyasal bir iletişim kurabilmektedirler.

Мисалы, эң көп изилденген аары, кумурска жана термит сыяктуу жандыктар супер-организм деп аталышууда. Бул жандыктарда социалдык система абдан өнүккөн. Ар түрдүү секрециялар аркылуу химиялык байланыш системасын колдонушат. Колониялар мыкты уюштурулуп, иштер өз ара бөлүштүрүлөт. Көк тиреген имараттарга салыштырууга боло турган уяларды, кемчиликсиз уюктарды жасашат. Кээ бир кумурска түрлөрү айыл-чарба менен, тигүүчүлүк менен, кээ бир аарылар карапа өндүрүшү менен алектенишет. Аарылар бал жана бал момун өндүрүшөт. Кээ бирлер метаморфоздон өтүшөт. Мурдакы этабында дарак жалбырактарын жеген бир курт, экинчи этапта түркүн түстүү бир көпөлөк болуп чыга келет. Жибек курттар эң баалуу жиптерди өндүрүшөт. Чегирткелер, бүргөлөр секирүү жагынан эч кимди алдыга салбайт. Жылдыз курттар (жаркырак коңуздар) өз жарыгын эң үнөмдүү жол менен өндүрүшөт. Кээ бирлер өсүмдүктөр менен же башка жандыктар менен биргелешип жашашат. Чымын-чиркей, курт-кумурскалар ылдамдык, учуу, секирүү, чуркоо жагынан рекорд койо алышат. Бул жерде өтө аз бөлүгү гана каралган чымын-чиркей, курт-кумурскалардын ар түрдүү өзгөчөлүктөрү, кемчиликсиз формалары жана өтө көп түрдүүлүгүнөн улам булардын келип чыгышын жалпысынан да түшүндүрө албаган эволюционисттер «бул өзгөчө долбоорлор кантип пайда болгон» деген суроодо да мурдакы, белгилүү сөздөрүн гана кайталап тим болушууда.

Чымын-Чиркей, Курт-Кумурскалардын Кызыктуу Кыймыл-Аракеттери

ant, home

Canlıların arasındaki kusursuz iş bölümü, kullandıkları salgılar sayesinde geliştirdikleri sosyal sistem ile oluşmuştur. Hatasız işleyen bu sistemle termitler dev yuvalar inşa etmekte, arılar son derece geometrik petekler oluşturmakta, karıncalar hiç yorulmadan yuvalarına yaprak taşımaktadırlar.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалардын кыймыл-аракеттерин эволюция механизмдери жагынан талдоо максатка ылайык болот. Себеби алардын иш-аракеттери жана өзгөчөлүктөрү эволюциянын негизги механизмдерин жокко чыгарууда. Мындай кыймыл-аракеттердин эң алдыңкысын, мурдакы бөлүмдө кыскача каралгандай, коомдошуп жашаган чымын-чиркей, курт-кумурскалардан көрүүгө болот. Эволюционисттер бул кыймыл-аракеттердин арасында белгилүү бир байланыш түзө алышпайт. Ошондуктан ар бир кыймыл-аракет өз-өзүнчө каралат жана эволюция теориясына таянып логикалуу бир жооп табууга аракет кылынат. Натыйжада ар бир кыймыл-аракет үчүн өзүнчө бир эволюция жомогу ойлоп чыгарылат. Белгилүү эволюционисттердин бири профессор Али Демирсой бул жомок ыкмасы жөнүндө мындай дейт:

Организмдин жашоо процессинин ар бир этабынан табият шарттары жана жашаган чөйрөсүндөгү башка организмдер менен байланыштуу өзүнүн түрүнө гана тиешелүү көптөгөн кыймыл-аракеттерди көрүүгө болот... Ал кыймыл-аракеттердин баарын белгилүү физикалык жана биологиялык эрежелерге таяганга болот. Бирок учурдагы биология билимибиз менен баарын толук түшүндүрө албайбыз.120

Жаныбарлардын кыймыл-аракеттерин илимий жол менен изилдөө, ал кыймыл-аракеттерге себеп болгон ар түрдүү физикалык, химиялык, биологиялык факторлорду аныктоо жана аларды конкреттүү далилдер менен негиздөө – илимдин максаты. Бирок бул кыймыл-аракеттерди конкреттүү далилдерге таянбастан, эволюция схемасынын бир жерине кошуп коюуга аракет кылуу – илимдин эмес, эволюция ишениминин жана идеологиясынын бир натыйжасы.

Бирок мисалдарды карап көргөнүбүздө, чымын-чиркей, курт-кумурскалардын кыймыл-аракеттеринин, башка организмдердеги сыяктуу эле, кокустукка таянган бир механизмдин, этаптуу бир эволюциянын натыйжасында эмес, улуу бир Жаратуучу тарабынан, бир бүтүн бойдон жаратылганын түшүнөбүз.

at

Karıncalar, yuvalarının belli bölgelerinde mantar yetiştirmek için tarım faaliyeti yaparlar, terzilik yaparak yapraklardan yuva dikerler ve birbirleri ile tüm haberleşmelerini antenleri sayesinde gerçekleştirirler.

Бул организмдердин кыймыл-аракеттеринин эң кызыктуулары супер-организм колонияларында кездешет. Чоң бир кумурска колониясы бир денедей иштей алат. Колониянын ичинде тартип жана дисциплина толук сакталат. Кумурскалар «феромон» аттуу химиялык заттарды колдонуп антенналары аркылуу байланыш түзүшөт. Илимпоздор эки түрдүү феромон бар деп болжолдошууда. Биринчиси жалпылай таасир тийгизсе, экинчиси коңгуроо сыяктуу кыска мөөнөттүү таасир тийгизет. Бир колония экинчисинен өзүнө гана тиешелүү жыты менен өзгөчөлөнөт.

Колониянын ичинде ар бир кумурскага белгилүү бир милдет жүктөлөт. Туулгандан баштап баары өз милдетин толук аткарууга аракет кылат. Мындагы эң кызыктуу өзгөчөлүктөрдүн бири – бул кумурскалардын жан аябастыгы. Кандайдыр бир коркунуч же согуш учурунда ар бир кумурска эч ойлонбостон жанын курмандыкка чалууга даяр болот. Жаракат алган же денесинин бир бөлүгү жулунуп калган кумурскалар дагы артка бурулуп качышпайт. Кээ бир кумурскалар кислота баштыгын көптүрүп, тирүү бомбага айланышат жана душмандын ортосунда өздөрүн жардырышат. Мындан тышкары, кээ бир кумурскалар башка колониялардын куурчакча абалындагы балдарын уурдап, аларды кул катары пайдаланышат. Уюктардын белгилүү аймактарында козу карын өстүрүп айыл-чарба иштерин жүргүзүшөт, ширесин ичүү үчүн кээ бир майда жандыктарды багып мал чарбачылык менен алектенишет. Өсүмдүктөр же башка организмдер менен биргелешип (симбиоз) жашашат. Тигүүчүлүк менен алектенип жалбырактардан уя тигишет.

Аары жана термит колонияларынын да өзгөчө кыймыл-аракеттери бар. Бал аарылар жөндөмдүү архитектордой болуп кемчиликсиз уюктарды жасашат. Химиялык байланыштан тышкары, «аары бийи» деп аталган бир ыкманы колдонуу аркылуу да байланыш түзүшөт. Кумурскалардагы коргонуу жана жан аябастык аарыларда да бар. Чымын-чиркей, курт-кумурскалардын татаал мамилелери булар менен эле чектелбейт. Кайсы гана түрдү карабайлы, өзгөчө бир кыймыл-аракетке же өзгөчө бир системага күбө болобуз. Кумурскалар башкаларды туткунга алса, кээ бир жандыктар колония болуп жашаган жандыктарды же алардын жыттарын туурап, уюкта паразит катары жашашат. Кээ бир жандыктар башкалардын азыктарын уурдап жашашат.

Буга окшогон мисалдар көп. Бул мисалдардан бир акыйкатты даана байкайбыз. Жүз миллиондогон жылдан бери жашап келе жаткан, эң алгач жаратылган форма жана өзгөчөлүктөрү менен, эч өзгөрбөстөн ушул күнгө чейин келген чымын-чиркей, курт-кумурскалар эволюция теориясын жокко чыгарууда. Бул чындыкты жакшыраак түшүнүү үчүн чымын-чиркей, курт-кумурскалардын кыймыл-аракеттерин эволюция теориясынын механизмдери менен салыштыруу зарыл.

Примитивдүү Чымын-Чиркей Жалганы

mantis

Çok eski dönemlerden kalmış olan fosil örnekleri, son derece kompleks yapılar sergilerler. Günümüzdeki örneklerinden farksız özellikler gösteren bu fosiller, evrimciler için büyük bir sıkıntı sebebidir. Çünkü böcekler tek başlarına, evrimin gerçekleşmediğini ispatlarlar.

Ийнелик мисалындагы сыяктуу, эволюционисттер өтө байыркы доорлордон фоссилдери (калдыктары) калган чымын-чиркей, курт-кумурскаларды «примитивдүү» деп көрсөткөнгө аракет кылышат. Бул калптардын негизги максаты – комплекстүү түзүлүшүнөн улам эволюция схемасына туура келбеген жана түрү абдан көп болгондуктан, кантип пайда болгонун түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон чымын-чиркей, курт-кумурскаларды эволюция таблицасынын ыңгайлуу бир жерине жайгаштыруу. Мына ушул көз-караштан улам тараканды да эволюционисттер ийнелик сыяктуу примитивдүү (жөнөкөй) бир жандык деп эсептешет.

Негизи эволюция теориясынын далили катары көрсөтүлгөн тараканды тереңирээк изилдегенибизде, ийнелик сыяктуу, комплекстүү түзүлүштөрдү көрөбүз. Таракандын өтө байыркы доорлордо жашаганы анык. 350 миллион жыл мурдакы калдыктары (фоссилдери) табылган. Бирок ал фоссилдер таракандардын эволюциялашканын эмес, тескерисинче эч эволюциялашпаганын, кемчиликсиз бойдон жаратылганын далилдейт. Ошол доорлордон калган фоссилдер менен бүгүнкү күндө жашаган таракандардын арасында эч бир айырма жок. Башкача айтканда, бул 350 миллион жылдын ичинде таракандар эч өзгөргөн эмес. Эволюционисттердин бул жандыкты примитивдүү деп сыпатташынын себеби анын түзүлүшүнүн жөнөкөй болушунда эмес. Тескерисинче, бул жандык ушунчалык кемчиликсиз долбоор менен жаратылгандыктан, дүйнөдө көп организм чыдай албаган табият шарттарына чыдамкайлык көрсөтүп, ушул күнгө чейин жашап келе алган. Мындан тышкары, таракандарда башка чымын-чиркей, курт-кумурскаларда кездешкен комплекстүү органдар бар. Мурдакы бөлүмдө каралган күчтүү антенналар, денени ороп турган хитин, кемчиликсиз канаттар бул жандыктарда да бар. Болжол менен 2000 каректен турган көздөрү, ар кандай азыкты жегенге ыңгайлуу, өтө күчтүү кайчыга окшогон оозу, жаак түзүлүшү жана ага байланыштүү тинтүүрлөрү, ар кандай жерде баса алган бут жана бут жаздыгы механизмдери, феромон, температура, дирилдөө, жарыктын күчү сыяктуу ар кандай тышкы факторду мыкты сезүүчү органеллдери бар таракандар, бул долбоору менен, примитивдүү бир түр катары эволюцияны эмес, өтө комплекстүү бир долбоор катары теңдешсиз бир жаратууну далилдейт.121 Бул жандыктын органдарынын баары белгилүү бир максат үчүн жаратылган. Антенна, көз, бут жаздыктары, канат сыяктуу органдар «кемитүүгө болбогон комплекстүүлүккө» ээ. Башкача айтканда, толук бойдон, бир заматта пайда болмоюнча, эч бир ишке жарабайт. Жарым антенна же бир тегиздикке бир аз жабыша алган бут таракандын жок болушуна алып келет. Ошондуктан органдар же толук бар болушу керек же эч болбошу керек. Бул эреже бүт организмдерге тиешелүү. Эволюция теориясынын механизмдеринде максат жана план жок. Башкача айтканда, топуракты, сууну, абаны түзгөн минералдар жана кошулмалар, убакыт жана ар түрдүү табият кубулуштары биригип алышып, кандайдыр бир жандыкты жасап чыгалы деп пландай алышпайт. Ал жандыкка мурда эч болбогон органдарды, органикалык системаларды, ДНК сыяктуу маалымат базаларын орното алышпайт, мындай комплекстүү системаларды пайда кыла турган шарттарды пландай алышпайт. Жансыз нерселерди жандууга айландыруу табиятты түзгөн жансыз, аң-сезимсиз заттардын колунда эмес.

bug,wings

Tesadüfler, bir böceğin harika kanatlarını, üstün yapısı ile antenlerini, mükemmel renk ve parlaklıktaki kabuğunu asla açıklayamazlar. Cansız nesnelerin canlı hale gelmesi ve mükemmel bir düzenin oluşması, doğayı oluşturan cansız, şuursuz maddelerin elinde değildir. Bütün bunları yaratan Yüce Allah'tır.

Мындай кемчиликсиз механизмдер менен жабдылган чымын-чиркей, курт-кумурскалар илими жана акылы чексиз бир Жаратуучу тарабынан гана жаратылышы мүмкүн.

Ушундай эле долбоор эң байыркы чымын-чиркей, курт-кумурска фоссили болуп эсептелген «Rhyniella praecursor» жандыгына да тиешелүү. Куйрук менен секирүүчүлөр тобуна кирген бул жандыктын фоссилине (калдыгына) 396 миллион жыл болгон.122 Бирок бүгүнкү күндө 3500дөн ашуун түрү жашаган бул жандыктар эч эволюционисттер кыялдангандай примитивдүү, жөнөкөй бир организмдер эмес. Тескерисинче, мыкты долбоору бул жандыктарды бүт чөйрөдө жашай алган, өнүккөн бир машинага айландырууда. Бул топтогулардын куйругунун учунда атайын бир механизм жайгашканы үчүн «куйрук менен секирүүчүлөр» деп аталышат. Айрыга (вилка) окшоп кеткен бул түзүлүш кадимки шартта алдын көздөй дененин үстүндө жатат жана айрынын түбүн башка бир органелл кармап турат. Булчуңдар бул айрыны артты көздөй катуу түрткөндө, ал жерге тийет жана ошентип бул жандык коркунуч учурунда жаа формасында алыс жерге секирип, кутулуп кете алат. Бул жандыктар суунун үстүнөн да секире алышат. Куйрук менен секирүүчүлөр дүйнөнүн бүт тарабында, уюлдарда, суунун бетинде жана жердин астында да жашашат. Топурактын майдаланып, чириндиге (гумуска) айланышына чоң салым кошушат. Комплекстүү ооз жана жаак түзүлүшү майдалоо, чайноо, соруу функцияларын аткара алат. Денесинин бетинде «pseudocel» аттуу, коркунуч учурунда дене суюктугун сыртка чачыратуучу түзүлүштөр жайгашкан. Башка чымын-чиркей, курт-кумурскаларда кездешкен, өнүккөн антенналарга кошумча «postantenal» аттуу бир орган да бар. Илимпоздор бул орган нымдуулукту сезүү милдетин аткарат деп ойлошууда жана бир гана ушул жандыкка тиешелүү. Тери түктөрүнүн арасындагы аба жаздыктары суулуу шарттарда дем алуу үчүн пайдаланылат. Кээ бир түрлөр болсо денелеринен жарык чыгара алышат. Жупталуу үчүн өзгөчө бир бий бийлешет.123

Эң примитивдүү жана эң жөнөкөй деп аталган бул жандыктагы долбоордун, органдардын жана механизмдердин дагы өтө татаал жана кемчиликсиз болушу эволюционисттерди туюкка салууда. Rhyniella praecursor – примитивдүү бир организм эмес, бүгүнкү күндө жашап жаткан түрлөрүнөн эч айырмасыз, кемчиликсиз бир жандык. Бул жандык дагы, жогоруда айтылган жана эволюционисттер бурмалап, примитивдүү деп атаган башка мисалдар сыяктуу, ойдон чыгарылган кокустуктардан эмес, бир Жаратуучу тарабынан жаратылган, б.а. бул жандыктарды да, асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды да Аллах жараткан.

roach

320 milyon yıllık bu hamamböceği fosili, böceklerin hayali evrimi izahlarının bir safsatadan ibaret olduğunu göstermek için yeterlidir.

Чымын-Чиркей, Курт-Кумурскалар Эволюцияга Каршы

bugs

Эволюция теориясында чымын-чиркей, курт-кумурскалардын келип чыгышы чоң бир маселеге айланган. Бул жандыктардын калдыктарынын (фоссилдеринин) изилдениши булардын Девон жана Карбон деп аталган доорлордо бир заматта, бүгүнкүдөй формада пайда болгонун көрсөтүүдө. Эволюция теориясынын негизги ишеними боюнча, бүт чымын-чиркей, курт-кумурскалардын «атасы» болушу керек болгон примитивдүү жандык болсо жок. Башкача айтканда, чымын-чиркей, курт-кумурскалар жөнөкөйүрөөк бир жандыктын эволюцияга дуушар болушунан келип чыккан эмес. Жогорудагы мисалдардан да көрүнүп тургандай, 350-400 миллион жыл мурда, азыркыдай көрүнүштө, азыркыдай комплекстүү органдары менен пайда болушкан. Чымын-чиркей, курт-кумурскалардын ошончо убакыт бою эч өзгөрбөгөндүгү алардын эч эволюциядан өтпөгөнүн далилдейт. Белгилүү болгон 1087 чымын-чиркей, курт-кумурска түркүмүнүн 69%ынын фоссили (калдыгы) табылган. Бул калдыктар менен бүгүнкүлөрүнүн өзгөчөлүктөрү бирдей. Эволюция теориясы чече албаган көйгөйлөрдүн бири ушул.124

Экинчи чоң маселе болсо чымын-чиркей, курт-кумурскалардын көп түрдүүлүгү. Эволюция сценарийлери боюнча, бир атадан эволюциялашкан чымын-чиркей, курт-кумурскалардын саны чектелүү эле болушу керек. Бирок учурда бул жандыктардын 30 миллиондон ашуун түрү бар деп болжолдонууда. Булардын саны болсо болжолдуу эсептөөлөр боюнча, квадрильондон (миң триллиондон) ашат. Бир жандыктын түрлөрүнүн ушунчалык көп болушу жана алардагы өзгөчөлүктөрдүн ар түрдүүлүгү эволюция теориясы үчүн дагы бир жоопсуз суроого айланууда. Ойдон чыгарылган «эволюция» процессинин ишке ашышына мынчалык көп түрдү пайда кыла турган мутация да, убакыт да жетишсиз. Калифорния Беркли университетинен профессор R. W. Merrit жана K. W. Cummins «An Introduction to the Aquatic Insects of North America» (Түндүк Америкадагы суу курт-кумурскалары темасына киришүү) аттуу китепте мындай дешет:

Фоссилдер (калдыктар) жөнүндө пикир билдирүүдө өтө кылдат болуу зарыл. Мисалы, жакында эле курт-кумурскалардын кургактык/суудагы келип чыгуусун түшүндүрүүдө колдонулган фоссилдердин эч примитивдүү курт-кумурскалар эместиги, моллюскалардын фоссилдешкен бөлүктөрү экендиги аныкталды!125

Чымын-чиркей, курт-кумурскалардын келип чыгышын кооз сүйлөмдөр менен түшүндүргөн көптөгөн эволюция сценарийлери болгону менен, бул темага жакын байланышы бар илимпоздордун изилдөөлөрү мына ушундай жыйынтыктарды берүүдө. Чындыгында эволюция теориясын жактагандар, башка организмдердеги сыяктуу, чымын-чиркей, курт-кумурскалар темасында да конкреттүү далилдерге таянышпайт. Беркли жана Оксфорд университеттеринде жүргүзгөн изилдөөлөрү менен таанымал H. V. Daly жана J. T. Doyen аттуу окумуштуулардын сөздөрү да муну тастыктайт:

butterfly, fossil

1. Gizli kanatlar
2. Asfalt kumu
3. Baş kısım
4. Göğüs kısmı

5. Yaklaşık 2 milyon yıllık Pleistocene dönemine ait su böceği fosili, günümüzdeki türdeşlerinden farksızdır.

6. Anten
7. Baş kısmı
8. Göğüs kısmı
9. Kanatlar
10. Karın bölgesi
11. Bundan 195 milyon yıl önceki Jurassic döneme ait böcek fosili (slender) ve günümüzdeki hali.

12. Kuyruk

13. Yanda günümüzdeki hali görülen bu böcek fosili, 140 milyon yıl önceki Cretaceous dönemine aittir.

140 milyon yıllık kelebek fosili (üstte) ve gerçeği (solda).

Тилекке каршы, чымын-чиркей, курт-кумурскалардын келип чыгышында жол көрсөтө турган негизги этаптардын далилдери алигече фоссилдерден табыла алган жок... Канаттар чымын-чиркей, курт-кумурскалардын ийгилигине башка органдарга караганда бир топ зор салым кошкон, бирок канаттардын тарыхый теги (тамыры) дагы эле көп жагынан сыр бойдон калууда. Пенсильвания доорунан калган алгачкы чымын-чиркей, курт-кумурска фоссилдери ансыз да канаттуу... Ошондуктан канатка айланган дене бөлүктөрү, эволюция этаптары жана канаттын пайда болушуна шарт түзгөн экологиялык шарттар күмөндүү.126

Америка Табият тарыхы музейинен Уорд Уилер (Ward Wheeler) да көпкө созулган изилдөөлөрүнөн соң «Nature» журналында жарыяланган макаласында далил жетишсиздигине басым жасап, изилдөөлөрдүн күтүлгөн жыйынтыкты бербегенин айткан:

Туура жооп бердим деп эч качан ишенимдүү айта албайсың, себеби ар бир топтун теги (келип чыгышы) убакыттын туманы ичинде жоголуп кеткен.127

Эволюционисттер үчүн дагы бир чоң маселе болсо – бул чымын-чиркей, курт-кумурскалардын кемчиликсиз долбоорлору. Канат, химиялык байланыш, коомдук уюштуруу, архитекторлук сыяктуу өтө жогорку жөндөмдөрдү табиятта эч кездешпеген «пайдалуу мутация» же «этаптуу эволюция» сыяктуу ойлоп табылган эволюция механизмдери менен түшүндүрүүгө болбойт.

Бул мисалдардан да көрүнүп тургандай, чымын-чиркей, курт-кумурскалар жер жүзүндөгү жашоо үчүн өтө маанилүү милдеттерди аркалап, атайын ошол кызматтар үчүн жаратылган жана жогорку жөндөмдөр менен жабдылган.

Чогуу Эволюциялашуу Сценарийи

gecko

Gekonun da yıllar boyunca evrim geçirmemiş olduğu, bir amber içinde bulunan geko fosili ile kanıtlanmış olmaktadır. Amber içindeki fosilin, günümüz gekolarından hiçbir farkı yoktur.

Эволюция теориясын жактагандар чымын-чиркей, курт-кумурскалар менен өсүмдүктөрдүн арасындагы тыгыз мамилени, бул эки түркүмдүн арасындагы өтө маанилүү байланыштарды, алардын биргелешкен жашоосун жана өсүмдүктөр менен бул жандыктардын көп түрдүүлүгүн түшүндүрө албай абдан кыйналышкан. Жана бүгүнкү күндө да кыйналышууда. Жогоруда да айтылгандай, фоссилдер чымын-чиркей, курт-кумурскалардын эч кандай примитивдүү атасыз эле, бир заматта, оригиналдуу көрүнүшү жана органдары менен пайда болушканын көрсөтүүдө. Бул нерсе өсүмдүктөргө да тиешелүү. Фоссилдерди караганыбызда өзгөчө чымын-чиркей, курт-кумурскалар көп пайдаланган гүлдүү өсүмдүктөрдүн 43 түрүнүн бир заматта пайда болгонун көрөбүз. Бир ортоңку-өткөөл форма да, примитивдүү бир «ата» да жок. Бирок эволюция теориясынын механизмдери боюнча, түрү ушунчалык көп болгон өсүмдүк жана чымын-чиркей, курт-кумурскалардын ортоңку-өткөөл формаларына же примитивдүү аталарына тиешелүү миллиондогон фоссилдер болушу керек эле. Бирок жашап жаткан жандыктардын көпчүлүгүнүн фоссилдери табылганына карабастан, мындай примитивдүү же өткөөл фоссилдер эч качан табылган жок.

Эволюция теориясы үчүн далилдин жоктугу кадимки көрүнүш. Эволюция теориясын жактагандар буга даяр болушкандыктан, спекуляция жана сценарий ыкмасын көнүмүш адатка айландырышкан. Бул илимге сыйбаган ыкмада далилдин болушу маанилүү эмес. Темага тиешелүү кишилер эволюция механизмдерин негиз тутуп, окуялардын кандай болгонун эмес, алардын ою боюнча кандай болушу керек экенин илимий терминдер менен, жомок айткандай айтып беришет. Андан соң колдогу далилдердин баарын, эволюцияны тастыктабаса да, ал жомоктун бир жерине жайгаштырганга аракет кылышат. Анткен менен, бул жомоктордун сыйкырын бузуу оңой. Жөнөкөй суроолордун алдында коргоосуз жана жоопсуз калган бул сценарийлердин жалган экенин түшүнүү үчүн туура суроолорду узатуу жетиштүү болот.

butterfly, bug

«Чогуу эволюциялашуу» көз-карашында эң көп коңуздар тобу айтылат. Коңуздар саны жагынан өтө чоң бир топ жана чымын-чиркей, курт-кумурскалар классынын болжол менен үчтөн бирин түзүшөт. Булардын орток өзгөчөлүгү эки жуп канаттуу болушат. Алдыңкы канаттар катуу жана курамында хитин бар. Бул заттан улам коргоочу касиетке ээ. Мындан тышкары, бийиктен түшүүдө жана учуу учурунда тең салмактуулукка көмөкчү болот. Арткы канаттар болсо учууну камсыз кылышат. Коңуз бир жерге конгон соң канаттарын жаап алат. Канаттар жабылганда арткы канаттар алдыңкы канаттардын астына кирет. Коргоочу канаттардын арткы канаттарды жабышы Жараткан тарабынан жаратылган дагы бир инженерия керемети. Мунун урматында коңуздар кичинекей тешиктерге да кире алышат жана чел кабыктай болгон учуучу канаттарга сырткы факторлордун зыяны тийбейт. Бул жандыктардын эң аз 350 миллион жыл мурда, азыркыдай кемчиликсиз долбоордо, бир заматта пайда болгонун айтып өттүк. Гүлдөр менен чогуу жашаган же гүлдөрдү чаңдаштырган аары, көпөлөк сыяктуу жандыктар да, фоссил калдыктары боюнча, бир заматта пайда болушкан. Башкача айтканда, биринчи жаратылган күнүнөн бери эч бир өзгөрүүгө дуушар болбостон, бүгүнкү күнгө чейин келишкен. 150 миллион жыл мурда жашаган аары дагы дал азыркыдай кемчиликсиз уюктарды куруп, бал жасачу.

Бул боюнча эволюция теориясынын эки негизги көз-карашы бар. Алардын ою боюнча, мындан болжол менен 150 миллион жыл мурда алгачкы гүлдүү өсүмдүктөр пайда болуп, көбөйүшкөн жана анын натыйжасында бул өсүмдүктөр менен биргелешип жашаган чымын-чиркей, курт-кумурска түрлөрү пайда болуп, көбөйгөн.

Бул сценарий бир караганда чымын-чиркей, курт-кумурскалар менен гүлдөрдүн келип чыгышын түшүндүргөн сыяктуу көрүнөт. Бирок чындыктар эволюционисттердин сценарийлериндей жөнөкөй эмес. Бул жомок төмөнкү негизги суроолордун бирөөсүнө да жооп бербейт:

bug, fossil

Evrimciler, böceklerle bitkilerin yoğun ilişkilerini ve bunların nasıl birlikte evrimleşmiş olabileceklerini açıklayamazlar. Tıpkı böcekler gibi, bitkilerin de 43 familyası fosil kayıtlarında aniden ortaya çıkmaktadır. Bu da, bu canlıları Allah’ın yaratmış olduğunun apaçık bir delilidir.

Гүлдүү өсүмдүк түрлөрү жана алар менен мамиледе жашаган чымын-чиркей, курт-кумурскалар фоссил калдыктарында бир заматта пайда болушат. Эволюция теориясы боюнча, бул түрлөрдүн орток бир «атасы», ал примитивдүү «атадан» ал организм толук калыптанганга чейин ортодо жашап өткөн сансыз өткөөл формалар болушу керек эле. Миллиондогон фоссилдердин арасында эмне үчүн бир дагы өткөөл форма жок?

Эволюция теориясын жактагандар бүт өсүмдүк жана чымын-чиркей, курт-кумурска түрлөрүн жалпылай карашат, жана бүт өсүмдүктөр менен бүт чымын-чиркей, курт-кумурскаларды бирдей өзгөчөлүктө сыяктуу көрүшөт. Чындыгында болсо, ар бир чымын-чиркей, курт-кумурсканын жана ар бир өсүмдүктүн жеке өзүнө тиешелүү, аны башкалардан өзгөчөлөнткөн касиеттери, өзгөчө түзүлүштөрү бар. Мисалы, аары, көпөлөк, кумурска, жалбырак бити, чегиртке, таракан, жылдыз курт, күбө (майда көпөлөк), бүргө сыяктуу ар биринин өзгөчөлүктөрү ар кандай болгон чымын-чиркей, курт-кумурскалар менен бири-биринен толук айырмаланган өсүмдүктөрдүн ар бири эволюция үчүн өзүнчө бир жоопсуз суроо. Эволюция теориясын жактагандар бул жандыктардын эч биринин келип чыгышын, бул жандыктардагы комплекстүү түзүлүштөрдү, алардын коомдук жашоосун түшүндүрө албай туруп, эптеп алдоо максатында жалпы бир сценарий ойлоп таап коюшкан. Бирок эволюционисттер, эң алгач, саны да толук билинбеген чымын-чиркей, курт-кумурскалардын жана алардагы ар бир долбоордун келип чыгышын түшүндүрүшү керек. Жана буларды түшүндүрүүдө чириген идеологияларга, жомокторго же божомолдорго эмес, илимий маалыматтарга таянышы керек.

wingcover

Kınkanatlılar, kitin gibi sağlam bir malzeme içeren dış kanatlarının içinde uçmayı sağlayan diğer kanatlarını koruma altına alırlar. Üst kanat aynı zamanda bir denge unsurudur.

Эволюция теориясын жактагандар бир түрдүн ичиндеги өзгөрүүлөрдү (вариацияларды) жаңы бир түр катары көрүшүүдө. Эволюция жөнүндөгү эң чоң бурмалоолордун бири ушул. Бул көз-караш боюнча, мутациялар же айлана-чөйрөнүн шарттары жаңы түрлөрдүн пайда болушуна себеп болот. Алардын айтуусу боюнча, гүлдүү өсүмдүктөр пайда болгондо, бул ыңгайлуу шарттар жаңы түрлөрдүн келип чыгышына себеп болгон. Бул көз-караштын ичинде бурмалоолор жана карама-каршылыктар толтура. Аларга өтөөрдөн мурда алгач «түр» деген түшүнүктүн эмне мааниге келээрин билишибиз керек. «Түр» дегенде адамдардын оюна көбүнчө «ат, төө, бака, жөргөмүш, дельфин» сыяктуу «организм типтери» келет. Эволюция теориясынын «түрлөрдүн келип чыгышы» деген сөзүн укканда адамдар ушундай типтерди элестетишет. Бирок биологдор түр түшүнүгүнө бир аз башкачараак аныктама беришет. Заманбап биология боюнча, бир организм түрү – бул өз ичинде жупталып, көбөйө алган жандыктар. Бул аныктама биз күнүмдүк жашоодо бир «түр» сыяктуу сөз кылган организм типтерин бир топ көп түрлөргө бөлөт. Мисалы, аарылардын болжол менен 40 миң түрү аныкталган. 128 Башкача айтканда, негизи бул 40 миң түрдүү аарынын баары «аары түрүнүн» ичиндеги ар кандай суб-түрлөр болуп саналат. Аары түрүнө тиешелүү генетикалык маалымат бул түрдүн ичинде ар кандай өзгөрүүлөрдүн келип чыгышына жол берет, бирок эч качан бир аары бир көпөлөккө айлана албайт, себеби түрлөрдүн арасында өтүлгүс (өтүүгө болбой турган) чектер бар. Биологияда бул эреже «генетикалык гомеостаз» (genetik homoestatis) деп белгиленген. Бул эреже бир организм түрүн өзгөртүү үчүн жасалган бүт асыл тукум аракеттеринин белгилүү бир чектен өтө албашын, жандык түрлөрүнүн арасында өтүлгүс дубалдар бар экенин көрсөтөт. Бир түрдүн ичиндеги өзгөрүүлөр болсо «вариация» (өзгөрүү) деп аталат. Бул эреже өсүмдүктөргө да тиешелүү. Кылымдарга созулган асыл тукум аракеттеринде эч качан жаңы бир өсүмдүк түрү алынган жок, болгону ал өсүмдүктүн генетикалык маалыматтарына тийишилип, ар кандай вариациялар пайда кылынды. Даниялык илимпоз У.Л. Йоханнсен муну кыскача минтип айткан:

Дарвин болгон басымын жасаган вариациялар чындыгында белгилүү бир чекиттен ары өтө албайт жана ошондуктан вариациялар «тынымсыз өзгөрүүнүн» (эволюциянын) себеби боло албайт.129

bee, fossil

Milyonlarca yıllık arı fosili, günümüzdeki arılarla aynı kompleks özellikleri göstermektedir.

Бул жагынан караганда эволюционисттердин бурмалоолорун даана байкоого болот. Өсүмдүктөр менен чымын-чиркей, курт-кумурскалар бири-бирине таасир тийгизип жаңы түрлөрдүн келип чыгышына себеп болгон эмес жана учурдагы сансыз түрлөр мындан келип чыккан эмес. Мындай эволюция механизми жок. Эволюционисттер негизи аары же роза сыяктуу бир түр башында кантип пайда болгон деген суроого жооп бериши керек. Түрлөрдүн жогорураак категориялары болгон класстар, түркүмдөр, бүлөлөр, топтор (мисалы, сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, омурткалуулар, моллюскалар сыяктуу негизги категориялар) эң башында кантип пайда болушкан? Бул суроолорго эволюция жагынан илимий жооп берүү жомокторду ойлоп табуучалык оңой эмес.

bee

Arı familyası içinde çeşitli varyasyonlar meydana gelmiştir. Evrimciler bu varyasyonları, farklı türler olarak tanımlamaya çalışırlar. Oysa ne kadar çeşitlense de arı, kendi özel genetik bilgisine sahip tek bir türdür. Yeni varyasyonlar, farklı görünseler de, aynı genetik bilgiyi paylaşırlar.

Негизи чындык апачык көрүнүп турат. Биз билген чымын-чиркей, курт-кумурскалардын жана өсүмдүктөрдүн баары өзгөчө келбетте, бир заматта, улуу бир акыл жана чеберчилик менен жаратылган. Ар бир түрдүн өзүнүн ичинде бир генофонду бар. Бул даяр маалыматтын жана программанын чегинде бир түрдүн ичинде көрүнүшү башка башка болгон көп санда вариациялар келип чыккан. Бирок эч качан бир таракан бир аарыга же бир алма дарагы ашкабакка айланган эмес. Табиятта муну кыла ала турган, жаңы типтердин долбоорун түзүп, алар үчүн жаңы органдарды, системаларды, дене түзүлүштөрүн пландай ала турган бир табигый механизм жок. Ар бир тип өзүнө тиешелүү, өзгөчө түзүлүшү менен жаратылган жана Аллах ар бир типти вариация потенциалына бай кылып жараткандыктан, ар бир типтин ичинде бай, бирок белгилүү чектен чыкпаган бир көп түрдүүлүк келип чыгууда.

Чымын-чиркей, курт-кумурскалар менен өсүмдүктөрдүн арасындагы мамилелерди түшүндүрүү да эволюция теориясы үчүн бир маселеге айланган. Экөө толугу менен эки башка түр, бирок бирге болгондо гана жашай алышат. Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, өсүмдүктөр менен чымын-чиркей, курт-кумурскалар өз-өзүнчө, бир заматта пайда болушкан. Кээ бир түрлөрдүн арасында өтө так тең салмактуулуктарга таянган мамилелер бар. Мисалы, аары сыяктуу жандыктар гүлдөрдү уруктандырып, анын акысына алардан азыктанышат. Эутроп жана гемитроп деп аталган бул чымын-чиркей түрлөрү атайын гүлдөрдү чаңдаштырууга ыңгайлуу түзүлүштөр менен жабдылган. Узун түзүлүштүү ооздору жана чаңчалар жабыша турган түктөрү бар. Кумурскалар акация сыяктуу кээ бир өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоп, анын акысына өсүмдүктөн шире алышат. «Xanthopan morgani praedicta» аттуу көпөлөк түрү узундугу 28 см болгон шлангын Мадагаскар орхидеясынын 28-30 см тереңиндеги гүлүнүн ичин көздөй созуп, анын уруктанышына көмөкчү болот. Кээ бир өсүмдүктөрдүн чымын-чиркейлер үчүн атайын тузактары бар, кээ бир чымын-чиркей, курт-кумурскалар болсо өсүмдүктөрдү жешет. Эволюционисттердин мындай мамилелер 120-200 миллион жыл менен чектелет деген көз-карашы жакында эле жасалган бир ачылыш менен жокко чыкты. Өсүмдүктөр менен чымын-чиркей, курт-кумурскалардын арасындагы эң негизги мамилелердин бири болгон жана «гал» деп аталган түзүлүштөргө тиешелүү фоссилдер бул мамиленин 300 миллиондон ашуун убакыттан бери бар экенин көрсөтүүдө.130 Кээ бир чымын-чиркей, курт-кумурскалар өрчүү этабында кээ бир өсүмдүктөрдүн жалбырактарында пайда болгон жана «гал» деп аталган уяларда коргонуп, азыктанышат. «Гал» түзүлүшү кереметтүү бир система. Мындан улам өсүмдүктөр чымын-чиркей, курт-кумурскалардын зыянынан кутулса, чымын-чиркей, курт-кумурскалар жашап, азыктана турган бир уялуу болушат. Өсүмдүк чымын-чиркей, курт-кумурскалардын личинкасын пилла сыяктуу орой турган бир ткань өндүрөт. Кандайдыр бир мааниде өсүмдүк ал жандыкты камап койот. Бул этапта ал жандык кээ бир секрецияларды (бета-индол кислотасын) колдонгон башка бир паразиттин ал жерге киришине бөгөт койот. Эми ал аймак иммунитеттүү болуп калат. Өсүмдүк куурап калса да, «гал» жайгашкан аймак белгилүү мөөнөткө чейин жандуу турат. Өсүмдүктөр менен чымын-чиркей, курт-кумурскалардын ортосундагы бир мамиле химиялык заттар аркылуу түзүлөт. Кээ бир өсүмдүктөр чымын-чиркей, курт-кумурскаларды чакыруу үчүн ар кандай жыттарды бөлүп чыгарышат. Мисалы, тамеки өсүмдүгү жалбырактарын жеген паразиттерден кутулуу үчүн бир жыт бөлүп чыгарып аарыларды жардамга чакырат. Кээ бир өсүмдүктөр келбети менен жытын ургаачы аарыга окшоштуруп алышса, көптөгөн чымын-чиркей, курт-кумурскалар камуфляж ыкмасын колдонуп өсүмдүккө окшошуп алышат.

butterfly, Xanthopan

Xanthopan adı verilen kelebek türü, 28 cm uzunluğundaki hortumunu, Madagaskar orkidesinin 30 cm derinlikteki çiçeğine uzatarak onun döllenmesini sağlar.

Өсүмдүктөр менен чымын-чиркей, курт-кумурскалардын арасындагы бул мамилелер Жаратуучу тарабынан жаратылган. Эч бир өсүмдүк аары аттуу бир жандыкты таанып биле албайт. Мындан тышкары, белгилүү бир жытты бөлүп чыгарганда, аарыларда ал жытты кабыл ала турган органдар бар экенин да биле албайт. Ошондой эле, кайсы жыттардын аарыларды өзүнө тартаарын да билбеген өсүмдүк аарыларды аны жеп жаткан паразиттерди өлтүрө алаарын да билбейт. Бул системалардын көп убакытка созулган жай өзгөрүүлөр менен, эволюциянын аң-сезимсиз механизмдери аркылуу келип чыгуу ыктымалдыгы жок. Паразиттер өсүмдүктүн аарынын зат алмашуусун изилдеп чыгып, ылайыктуу химиялык кошулманы чыгара турган заводду курушуна жол бербейт жана натыйжада өсүмдүк эң башында өлүп жок болот. Бул эки тараптуу кызыкчылыкка таянган системаларга да тиешелүү. Система толугу менен, эки тараптуу тең салмактуулукка ылайык жаратылмайынча, эч бир ишке жарабай, жок болот. Мисалы, 28 см тереңдиктеги энелик клеткасы уруктанышы үчүн ал гүл биринчи жаратылган күндөн баштап узундугу 28 см шлангы бар бир жандыкка муктаж болот. Гүлдүн ал жандыктын эволюция аркылуу пайда болушун күтүп отура турган убактысы жок. Экөө тең бир учурда жаратылбаса, гүл кыска убакытта жок болот. Айтып өтүлгөн бүт механизмдер менен тең салмактуулуктар сыяктуу, бул эки түрдү да, белгилүү бир планга ылайык, чексиз илимдүү Раббибиз улуу бир сулуулук, гармония жана кемчиликсиз бир тартип менен жараткан.

Жер жүзүндөгү айбанаттардын жана эки канаты менен учкан канаттуулардын баары силер сыяктуу үммөттөр. Биз Китепте эч нерсени кем калтырган жокпуз. Андан соң алар Раббилеринин алдында чогулушат. (Энъам Сүрөсү, 38)

Булактар

113- Zuhal Özer, Böcekler, Bilim ve Teknik, ?ubat 2000, sf.92

114- Kanatlı Böceklerin Uçuş Becerileri, Bilim ve Teknik Görsel Bilim ve Teknik Ansiklopedisi, sf. 2678

115- Pierre Grasse, Evolution of Living Organisms, Academic Press, New York, 1977, sf.30

116- Robin J. Wootton , The Mechanical Design of Insect Wings, Scientific American, vol.263, Kasım 1990, sf.114-120

117- http://www.southwestgardening.com/bugs/dragonfly.htm

118- Gillian Martin, Helikopter Böceği Acımasız ve Yırtıcı, Hürriyet Star Eki, 16 Ağustos 1984. sf.32-33

119- http://www.sciencedaily.com/releases/2001/09/010928071138.htm

120- Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları Omurgasızlar -Böcekler Entomoloji, Cilt 2 /Kısım 2, Meteksan Yayınları, Ankara, 1984, sf.217

121- http://roachcom.net/inside

122- Encyclopedia of Life Sciences , "Insecta (Insects)", http://www.els.net/?sessionid=1061953ed85edf71

123- Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları Omurgasızlar -Böcekler Entomoloji, Cilt 2 /Kısım 2, s.323-24

124- http://www.icr.org/newsletters/impact/impactnov00.html

125- http://www-acs.ucsd.edu/~idea/fossquotes.htm#insects

126- H.V.Daly, J.T. Doyen, and P.R. Ehrlich, Introduction to Insect Biology and Diversity, McGraw Hill, New York, 1978, sf. 274, 308

127- G..Giribet, G. D. Edgecombe & W. C. Wheeler, Arthropod Phylogeny Based on Eight Molecular Loci and Morphology. Nature, vol.413, 13 September 2001, sf.157 – 161

128- Zuhal Özer, Böcekler, Bilim ve Teknik, Şubat 2000, sf.95

129- Loren Eiseley, The Immense Journey, Vintage Books, 1958. sf. 227

130- Evolution, Proc. Natl. Acad. Sci. USA, Vol. 93, August 1996, sf.8470–8474