Биз Көрө Алган Дүйнөдөн Башкача Бир Аалам: Микро Дүйнө

Үйүңүздө Жалгыз Отурасыз.

Чындап Эле Жалгыз Болдуңуз Бекен?

«Өзүм жалгызмын» деген учурларыңызда да негизи жаныңызда өтө көп жандык бар болот. Денеңизде сиз менен бирге жашаган жана сизди дайыма коргоп турган, кээде болсо ооруп калышыңызга себепчи болгон бактериялар, отурган креслоңуздан килемиңизге, дем алган абаңызга чейин бүт тарапка тараган чаң кенелери, ашканаңызда бир канча күн туруп калган тамак-аштарда көбөйүп баштаган көк дат жана козу карындар... Булардын баары өзүнүн жашоо формасы, тамактануу системалары жана ар кандай өзгөчөлүктөрү менен таптакыр башка бир ааламды түзүшөт.

house, decoration

Yalnız olduğunuzu zannettiğiniz anlarda aslında yalnız değilsiniz. Çevrenizde sizinle birlikte yaşayan, bulunduğunuz ortamı ve bedeninizi sizinle paylaşan koskoca bir alem var.

Балким ушул күнгө чейин тирүү организмдер айланаңыздагы адам-жаныбар-өсүмдүк үчилтигинен гана турат деп ойлоп келген чыгаарсыз. Бирок жер жүзүнүн бүт жагына тараган бул жашыруун дүйнөнүн мүчөлөрү, микроорганизмдер башка жандыктарга караганда алда канча чоң популяцияга ээ. Сан менен айта турган болсок, бул кичинекей жандыктар жер жүзүндөгү жаныбарлардан 20 эсе көп.1 Жер жүзүнүн бүт жагына тарашкан жана адам жашоосунда өтө маанилүү роль ойношот.

Бул микроорганизмдер тобун эмнелер түзөт?

Биз бул китепте бактерияларды, вирустарды, козу карындарды, балырларды жана чаң кенелерин карайбыз. Бул жандыктардын аттары сизге, албетте, тааныш болушу керек, бирок сизге канчалык жакын экенин көбүнчө жакшы биле бербейсиз. Мисалы, жер бетинде жашоонун пайда болушун камсыз кылган негизги элементтердин бири болгон азоттун айланышын бактериялар камсыздашат. Өсүмдүктөрдүн топурактан минералдарды алышында тамыр козу карындары эң негизги рольду ойношот. Салат же эт сыяктуу ичинде нитраты бар тамак-аштардан ууланышыңызга тилиңиздеги бактериялар бөгөт болушат. Ошондой эле, бактериялар менен балырлар жер бетиндеги жашоонун негизги элементи болгон фотосинтезди жасай алышат жана өсүмдүктөр менен бирге бул функцияны да аткарышат. Кээ бир чаң кенесинин түрлөрү органикалык заттарды майдалап, азыктарды өсүмдүктөр колдоно ала турган формага алып келишет. Кыскасы, бул микро жандыктар жер жүзүндөгү жашоо тең салмактуулугунун маанилүү бир бөлүгү болуп саналат. Бул жандыктардын кээ бирлери ооруларга себеп болушат. Денебиздеги иммундук система ушул жандыктар менен согушуу үчүн жаратылган. Кээ бирлери медицина али ача албаган ыкмаларды иштеп чыгып денебизге тездик менен тараса, кээ бирлери адамды бир заматта же акырындап өлүмгө алып барууда. Кээ бирлери башка бир жандыктан пайдаланып, ага да пайдасын тийгизет, башкача айтканда, симбиотикалык өмүр (орток өмүр) сүрөт. Кээ бирлери болсо биригип алып, чечим чыгарышат, план түзүшөт, уюшуп алып, абдан татаал иштерди жасашат. Булардын баарын жасагандар көзгө көрүнбөгөн жана көбүнчө бир клеткадан турган микро жандыктар.

Бул микро жандыктардын айланабызга канчалык ыкчам тараарын билүү адамды таң калтырууга жетиштүү. Муну түшүнүү үчүн төмөнкү мисалды карайлы: бир изилдөөдө бир айдоо жердин 0,5 гектарлык аянтында болжол менен бир канча тонна тирүү бактерия, болжол менен 1 тонна козу карын, 100 кг бир клеткалуу жөнөкөй (протозоан) жандык, болжол менен 50 кг ачыткы жана ушунчалык көлөмдө балыр бар экени эсептелип чыккан.2

Бул жандыктардын өзгөчөлүктөрүн билүү жана бул ааламдын ичине кирүү негизи абдан маанилүү. Кээ бир адамдар көзгө көрүнбөгөн бул жандыктарды өтө жөнөкөй жандыктар деп ойлошот. Ошондуктан булардын жөндөмдөрүн жана күчтөрүн эч билишпейт.

Толугу менен алдамчылыкка таянган эволюция теориясынын жактоочулары адамдардын бул сабатсыздыгынан пайдаланып, бул жандыктардын комплекстүү өзгөчөлүктөрүн көп айтышпайт. Кээде бактериялар жасаган укмуш акылдуу бир иш-аракетти көрмөксөн болуп, бир вирустун адамдын денесин кандай план менен басып алаарын эч айтышпайт.

Бул китепте микро дүйнөдөгү жандыктарды Аллахтын канчалык улуу акыл, чеберчилик жана кудурет менен жаратканын, тирүү организмдерди аң-сезимсиз кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылган эволюция жактоочуларынын болсо канчалык чоң туюкка кабылганын апачык далилдер менен карайбыз.

agriculture

0,5 hektarlık bir çiftlik toprağında, yaklaşık olarak birkaç ton bakteri ve 1 ton mantar, 100 kg tek hücreli protozoan hayvanı, yaklaşık 50 kg maya ve aynı miktarda alg (su yosunu) bulunmaktadır. Bu varlıkların her biri yaşadıkları topraklara oldukça büyük faydalar sağlarlar.

Akıllı Tasarım Yani Yaratılış

Allah'ın yaratmak için tasarım yapmaya ihtiyacı yoktur.

Kitap boyunca yer yer kullanılan 'tasarım' ifadesinin doğru anlaşılması önemlidir. Allah'ın kusursuz bir tasarım yaratmış olması, Rabbimiz’in önce plan yaptığı daha sonra yarattığı anlamına gelmez. Bilinmelidir ki, yerlerin ve göklerin Rabbi olan Allah’ın yaratmak için herhangi bir 'tasarım' yapmaya ihtiyacı yoktur. Allah'ın tasarlaması ve yaratması aynı anda olur. Allah bu tür eksikliklerden münezzehtir.

Allah'ın, bir şeyin ya da bir işin olmasını dilediğinde, onun olması için yalnızca "Ol!" demesi yeterlidir. Ayetlerde şöyle buyurulmaktadır:

Bir şeyi dilediği zaman, O'nun emri yalnızca: "Ol" demesidir; o da hemen oluverir. (Yasin Suresi, 82)

Gökleri ve yeri (bir örnek edinmeksizin) yaratandır. O, bir işin olmasına karar verirse, ona yalnızca "Ol" der, o da hemen oluverir. (Bakara Suresi, 117)

Булактар

1- Guy Murchie, The Seven Mysteries of Life, Houghton Mifflin Company, Boston, 1978, sf. 85

2-http://www.icr.org /pubs/imp/imp-144.htm.