Жыйынтык

Surat Al Rahman 5_6

Дарвинисттер ушул себептерден улам жогорку сыпаттуу организмдерди көргүлөрү келбейт. Бул организмдер жана алардагы бүт өзгөчөлүктөр эволюциянын болбогонун далилдейт. Эң негизгиси, алар дарвинисттер көрүүнү каалабаган жаратылуу чындыгын, б.а. Жаратуучунун бар экенин көз алдыга тартуулайт. Албетте, биз муктаж болгон нерселердин баары өтө жөнөкөй себептерден көз-каранды болушу, ал тургай, биз байкабаган булактардан келиши да мүмкүн эле. Өсүмдүктүн өзүндө абадагы азотту түздөн-түз ала турган бир система болушу мүмкүн эле же биз бир апельсинден С витаминин алган сыяктуу, К витаминин да жеген тамак-аштарыбыздан алышыбыз мүмкүн эле. Дүйнөгө кычкылтек белгилүү бир булактан же космостон келип турушу да мүмкүн болчу жана анда кычкылтек үчүн бир канча клеткадан турган кичинекей организмдерге муктаж болмок эмеспиз. Аллах каалаганда, бүт жер жүзүндөгү тартип мына ушундай болушу мүмкүн эле.

Бирок Аллах тартипти өтө так жана кылдат тең салмактуулуктар менен орнотуп, кичинекей бир микроорганизмди эбегейсиз чоң бир жашоонун себепчиси кылып койгон.

Адам баласы көз алдында апачык көрүнүп турган бул кереметтерди көрүп, айланасындагы ага тартууланган жана күчү жетпеген нерселердин алдындагы өзүнүн алсыздыгын жана Аллахка муктаждыгын байкап, Аллахтын кудуретин түшүнүшү керек. Аллах Куранда мындай деп билдирген:

Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 102)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)