Микро Жандыктар Жана Эволюция Туюгу

Учу-кыйырсыз ааламды элестетиңиз! Миңдеген километрлик планеталарды, ысыгы миллиондогон градуска жеткен күндөрдү, триллиондогон жылдыздардан турган галактикаларды, миллиарддаган галактикадан турган космосту, орбиталарды, спутниктерди, магниттик талааларды жана кереметтүү тартылуу күчтөрүн... Булардын баары эмне себептен бар? Мунун жообу апачык. Аллахтын бар экенин жана улуулугун түшүнүшүбүз үчүн.

space

Uçsuz bucaksız uzay, gezegenler, güneşler, yıldızlar, tüm makro alem Allah'ın varlığını görüp takdir edebilmemiz için yaratılmıştır.

Бул кереметтүү жаратуунун чеги эбегейсиз чоң: бүт нерсени Аллахтын жаратканын көрүүгө бир эле атомдун болушу дагы жетиштүү болсо да, Аллах кемчиликсиздиктин үстүнө кемчиликсиздик, татаалдыктын үстүнө татаалдыктарды жараткан. Аллах укмуш кылдат тең салмактуулуктар, абдан татаал, кемчиликсиз системалар менен чегине биз жете албай турган эбегейсиз чоң бир макро ааламды жаратып, ошол эле учурда технологиялык микроскоптор менен гана көрүүгө мүмкүн болгон, бирок өтө кылдат тең салмактуулуктардан, комплекстүү, татаал жана кемчиликсиз системалардан турган бир микро ааламды да жараткан. Бул Аллахтын Өзүнүн чеберчилигин учу-кыйырсыз космосто да, бир клетканын ичинде да көрсөтөөрүнүн теңдешсиз бир далили. Аллах, эч күмөнсүз, жердеги жана асмандагылардын баарынын кожоюну. Аллах Куранда мындай деп билдирген:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз (Улуу), Хаким (Кожоюн, Башчы).(Хашр Сүрөсү, 24)

Бул улуу чеберчилик эволюция теориясы өтө албай турган тоскоолдуктарды пайда кылат. Ар бир аалам сансыз татаал бөлүктөрдөн турат. Кокустуктарды бир жаратуучу күч катары көргөн эволюция теориясы бул бөлүктөрдүн бирөөсүн дагы түшүндүрө албайт. Бул китептин темасы болгон микроорганизмдер болсо, башында да айтылгандай, эволюция теориясы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Эволюция теориясы боюнча, жер жүзүндө пайда болуп, бара бара эволюциялашкан алгачкы организм (!) бир микроорганизм болгон. Ойдон чыгарылган эволюция теориясы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү бир канча класстарга бөлөт. Ар бир класс башка бир класстан эволюциялашкан деп айтылат. Азыркы дүйнө жүзүндөгү эбегейсиз көп түрдүү жандыктар ааламы болсо, бул теория боюнча «эволюция дарагынын» акыркы бутактары болуп саналат. Бир клеткалуу бир микроорганизм болсо бул класстардын баарынын атасы. Эми бул микроорганизмди бул дарактан чыгаралы! Анда жаныбар да, өсүмдүк да, адам да, түр да, түркүм да, кыскасы, эч нерсе калбайт. Бул китепте каралган бүт өзгөчөлүктөр жана ушул сыяктуу дагы жүздөгөн өзгөчөлүк микроорганизмдердин өзүнөн-өзү, кокустан пайда боло албашын ар тараптан далилдөөдө. Демек, эволюцияны баштай турган «алгачкы организм» өзүнөн-өзү пайда боло албайт.

DNA

Bilim adamları ancak 20. yüzyılın ortalarında mikroorganizmaların da bir genetik yapılarının olduğunu keşfettiler. Karşılaştıkları DNA yapısı ise oldukça büyük bir komplekslik sergiliyordu.

Миллиондогон жылдан бери биз менен бирге жашап, жер жүзүндөгү жашоого түздөн-түз таасир тийгизип келгени менен, биз бир кылым мурда гана байкай алган бул жандыктар бир канча органелли бар бир же бир канча клеткадан турушат жана өтө пландуу иш-аракет жүргүзүшөт. Бир адистей тактикаларды иштеп чыгып, бир химиктей формулаларды колдонуп, бир лабораториядай иштей алышат жана бир адамдай ойлоно алышат. Негизи мындай салыштыруулар да жетиштүү эмес. Себеби адам ката кетириши, унутуп калышы мүмкүн, бул организмдер болсо дээрлик эч ката кетиришпейт. Ошондой эле, жөндөмдөрү жагынан лабораториядан жогору турушат. Бул микроорганизмдер жасаган процесстердин көпчүлүгүн ушул кезге чейин лабораторияда жасаганга болбойт.

Эволюционисттер өжөрдүк менен «жөнөкөй (примитивдүү) организм» категориясына киргизгиси келген жандыктар мына ушулар. Дарвин жана аны ээрчиген дарвинисттер көп жылдар бою буларды ушундай категорияга киргизип келишкен. Бирок 1940-жылдары микроорганизмдердин дагы генетикалык түзүлүшү бар экенин көрүштү. 1944-жылы бактериядан баштап бүт организмдердин ДНКсы бар экени аныкталды. Генетика илими эволюционисттер эч эске албаган, эч күтпөгөн жаңы бир дүйнөнүн эшигин ачты. Алардын теориясы түшүндүрө албаган жандыктар ааламына дагы бирөө кошулду. Болгондо да өтө масштабдуусу!

Кийинчерээк жүргүзүлгөн изилдөөлөр бул организмдердин бир бөлүгүнүн дүйнөдөгү кычкылтектин 70%ын камсыз кылаарын, дагы бир бөлүгүнүн органикалык молекулаларды бөлүштүрөөрүн, бир бөлүгүнүн азот айлануусун камсыз кылаарын, көпчүлүгүнүн дүйнөнү тазалаарын жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн олуттуу механизмдердин негизги мүчөлөрү катары кызмат кылаарын көрсөттү. Башкача айтканда, Дарвин «жөнөкөй» деп эсептеген бул организмдер болбосо, жашоо болбойт.

palm_tree

Zamanla yapılan araştırmalar, mikro canlıların bir kısmının Dünya'nın oksijeninin %70'ini sağladığını, bir diğer bölümünün organik molekülleri ayrıştırdıklarını, bir kısmının azot döngüsünü gerçekleştirdiklerini ortaya çıkardı. Bu durum, evrimciler için gerçek anlamda bir şoktu.

Дарвинисттер генетика илиминен келип чыккан бул чындыктарды көрмөксөн болуу аркылуу бул маселеден кутулууну чечишти. Чындап эле кайсы гана эволюционист китепти карабаңыз, микроорганизмдердин өзгөчөлүктөрүнө өтө аз токтолгон болот, ал тургай, кээде эч сөз кылынбайт. Булар жөнүндө сөз кылган бир канча эволюционист болсо эволюция теориясынын бул чындыктардан улам чоң бир туюкка кабылганын моюнга алууга мажбур болушкан:

Теңдешсиз тизмек 102000000 альтернативанын бирөөсү гана. Алгачкы жашоонун булагынын теңдешсиз бир окуя экенин жана ыктымалдык жөнүндө талашып-тартышуу мүмкүн эмес экенин кабыл алууга мажбурбуз.109

Дагы бир мисал болсо төмөнкүдөй:

Вирус деңгээлинин үстүндө жашаган эң жөнөкөй бирдик укмуш комплекстүү. Амеба жөнөкөй бир башталгыч процессинен пайда болгон сыяктуу, амебадан адамга болгон эволюция жөнүндө көп айтылат. Тескерисинче, эгер жашоонун жөнөкөй молекулярдык бир системадан келип чыкканы туура болсо, бул абалдан амеба абалына чейин келген система жок дегенде амеба-адам арасындагычалык чоң.110

Дарвинисттер бул организмдердин өтө комплекстүү түзүлүшкө ээ экенин моюнга алганы менен, баары бир аларды Аллах жараткан бир керемет жана искусство чыгармасы катары көрүшпөйт, жана өздөрү да ишенбегенине карабастан «булар кокустан пайда болушкан» дешет. Эволюция бир идеология. Аллахтын бар экенине ишенүүнүн ордуна, эч ыктымалсыз нерсени кабыл алуу, болбой турган нерселерге адамдарды ишендирүү максатына таянат. Колдо илимий далилдер же илимий жыйынтыктар жок. Филипп Е. Джонсон (Phillip E. Johnson) айткандай, «бактериядан комплекстүү өсүмдүктөр менен жаныбарлар пайда болгон деп айтуу эксперименталдык бир доктринага караганда көбүрөөк философиялык бир доктрина.»111

Бул чындыкты жакшыраак түшүнүү үчүн эволюционисттик көз-караштар менен микроорганизмдердин түзүлүшүнүн арасындагы карама-каршылыктарды кыскача карайлы.

Микроорганизмдер Эволюцияны Жокко Чыгарат

algae_photosynthesis

Üç milyar yıldan daha uzun bir geçmişi olduğu anlaşılan algler, fotosentez gibi olağanüstü bir işlemi gerçekleştirmektedirler. Tek hücreli bir canlının böyle bir mekanizmaya sahip olması evrim teorisini bütünüyle geçersiz kılar.

Эволюционисттик көз-караштар алгачкы бактериянын алгачкы өзгөчөлүгү өз азыгын иштеп чыгуу болгон дешет. Аны болсо фотосинтез дешет. Чындыгында болсо, фотосинтездин ушул күнгө чейин изилденген бөлүгүндө ишке ашкан процесстердин баары өтө татаал химиялык процесстер. Мындай процессти ишке ашыруу үчүн алгач бул процессти жасай турган системаны куруп, анан аны клетканын ичиндеги кичинекей бир органеллге батыруу керек болот. Бирок мындай лабораторияны жасоо биздин колубуздан келбейт. Демек, ушунчалык татаал бир лабораторияны «кокустан пайда болгон» жана «миллиондогон жылдан бери бул организмдердин баарында эч кемчиликсиз кокустан пайда болуп келе жатат» деп айтуу, албетте, толугу менен акылсыздык болот.

Немис эволюционист биолог Хоймар фон Дитфурт (Hoimar Von Ditfurth) фотосинтездин эң негизги булагы болгон жана ошондуктан эволюционисттер өтө маани берген балырлардагы комплекстүүлүк жөнүндө мындай дейт:

Бүгүнкү күнгө чейин табылган эң байыркы фоссилдер (калдыктар) – бул ядросуз балырлар түрүнөн минералдардын ичинде катып калган бөлүктөр, жана алардын тарыхы үч миллиард жылдан ашат. Канчалык примитивдүү (жөнөкөй) болбосун, булар дагы абдан татаал жана мыкты уюштурулган жашоо формасын чагылдырышат.112

Бул организмдердин эволюция теориясын кайсы тараптардан туюкка салаарын кыска кыска дагы бир жолу карап өтөлү:

Yeryüzünün canlanması, yağmurun yağması, sarsılmayan ekolojik denge kuşkusuz ki tesadüfen olamaz. Bu dengenin en önemli mimarları mikroskobik boyutlarına rağmen durmadan faaliyet gösteren mikroorganizmalardır.

◉ микроорганизмдер темасында дарвинисттерди кыйнаган нерселердин бири – бул организмдердин миллиондогон жылдан бери өзгөрбөй, бүгүнкү күнгө чейин келиши. Ойдон чыгарылган «эволюция процесси» боюнча, бул организмдер бара бара өзгөрүп отуруп азыркы татаал организмдерди пайда кылмак жана «жөнөкөй» формалары болсо жок болуп кетмек. Бирок абал андай эмес. Байыртан калган фоссилдер менен илгертен келген тирүү споралар эч качан эволюция болбогонун далилдеген эң чоң далилдерден. 400 миллион жылдык чаң кенеси фоссилдери (калдыктары) бүгүнкү күндөгү чаң кенелеринен эч айырмаланбайт. 25 миллион жылдык бактерия споралары ошол бойдон сакталып калган жана бүгүнкү күндөгү бактериялар менен бирге көбөйүүнү улантышкан. Учурда табылган балыр фоссилдери болжол менен 3 миллиард жыл мурдакы фоссилдер менен бирдей. Мындай «окшоштук (бирдейлик)» эволюция теориясын жактагандарды тынчсыздандырат, себеби арадан миллиарддаган жыл өтсө да, эволюцияга дуушар болбогон бир организмдин себебин түшүндүрүүгө мажбур болушат. Болгондо да, бул организмдеги миллиарддаган жыл мурдакы комплекстүү системалар ошол бойдон сакталып келген. Албетте, башка нерселердин баарын түшүндүрө албаган сыяктуу буга да жооп бере алышпайт.

◉ бир же бир канча клеткадан турса да, бул микроорганизмдерде тирүү жандыктын жашоосуна керектүү бүт системалар болушу зарыл. Ал системалардын ар биринин өтө маанилүү экенин унутпаш керек. Алардын бирөөсүн эле алып койсоңуз, организм жашай албай калат. Ошондуктан болгону бир канча органеллден турса да, бактерия бир заматта бүт бөлүктөрү менен бирге пайда болгонго мажбур. Башкача айтканда, акырындап этап этабы менен пайда болуу мүмкүнчүлүгү жок. Ансыз да, фотосинтез жана азот айлануусун камсыз кылуучу «нитрификация» сыяктуу өтө комплекстүү химиялык процесстер мындай этаптуу пайда болуунун мүмкүн эместигин далилдейт. Бир клетканын ичинде бул химиялык процесстерди жасай турган механизмдер акырындап пайда боло албайт. Бактерия бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге, бир заматта пайда болушу керек. Аны түзгөн белоктордун бир эле даанасы кем болсо да, бактерия жашай албайт. Мындай бир заматта пайда болуу кубулушу Дарвиндин эволюция теориясына толугу менен карама-каршы келет.

diyatome

Günümüz diatomlarından (altta) hiçbir farkı olmayan yaklaşık 65 milyon yıl önceki Cenozoik döneme ait diatom fosili (solda).

Yaklaşık 850 milyon yıl önce Geç Proterozoik döneme ait siyanobakteri fosili ve günümüz siyanobakterisi (üstte).
Yaklaşık 65 milyon senelik alg fosili ve günümüz algi (altta).

◉ дарвинисттердин ою боюнча, эволюция микроорганизмдерден башталган жана сууда жашаган бир клеткалуу балырлар өзгөрүүгө дуушар болуп, кийинчерээк кургактыкка чыгып кургактыктагы өсүмдүктөрдү пайда кылышкан. Эң биринчиден, прокариоттук клетка касиеттерине ээ болгон бир организмдин, б.а. бир балырдын бир заматта өзгөрүүгө дуушар болуп эукариоттук клетка касиеттерине ээ болуп калышы, б.а. бир өсүмдүккө айланышы мүмкүн эмес. Бул эки клетка тибинин түзүлүшү бири-бирине айлана албай турганчалык айырмалуу. Экинчиден, бир организм сууда жашай алышы үчүн зат алмашуусу жана башка системалары ошого ылайыкташтырылган болушу керек. Кургактыкта жашай алышы үчүн бүт зат алмашуусу толугу менен өзгөрүшү, б.а. кургактыкка ыңгайлашышы зарыл. Мындай өзгөрүү бир клеткалуу бир балырда да мүмкүн эмес.

1. Prokaryot hücre
2. Ökaryotik bitki hücresi
3. Ökaryotik hayvan hücresi

Tek hücreli canlılar (prokaryot hücreler) çok hücreli, yani ökaryotik hücrelerden oldukça büyük farklılık gösterirler. Ökaryot hücreler de birbirleri içinde son derece farklıdırlar. Birbirinden farklı bu hücre tiplerine sahip canlıların birbirine dönüşümü kuşkusuz ki imkansızdır.

◉ эволюция теориясы балырлардын суудан кургактыкка өтүшүнө далил катары кургактыктагы балырларды көрсөтөт. Чындыгында болсо, бул бир далил эмес, бир көз бойомочулук гана. Кургактыктагы балырлар менен суу балырлары бир түргө киргизилгени менен, өзгөчөлүктөрү жагынан бири-бирине такыр окшошпойт. Кургактыкта жашаган балырлардын зат алмашуусу толугу менен кургактыктагы жашоого ыңгайлашкан. Ошол сыяктуу, суу балырлары да суунун ичинде гана жашай алышат. Жогоруда да айтылгандай, бул организмдердин зат алмашуусу өзгөрүп кургактыкка ыңгайлаша албайт. Бул организмдер бири-бири менен байланышы жок, эки башка жандыктар.

Kara algleri ve su algleri aynı türden canlılar olmalarına rağmen, birbirlerinden tamamen farklı özellikler gösterirler. Bu durum, alglerin sudan karaya geçtiklerini öne süren evrimci iddiayı tümüyle ortadan kaldırır.

◉ эволюция теориясы бул микроскопиялык жандыктардын өз ара жан аябас мамилелерин да эч түшүндүрө албайт. Кээде эки тарапка тең пайда алып келген мындай мамилелер кээде бир тараптын өз каалоосу менен аракет кылып, экинчи тарапка пайда алып келүү негизине таянат. Мындай мамиледе эки организмдин бири-бири менен атаандашпастан, ынтымактуу жашашы, ал тургай, бири-биринин жашоосу үчүн жан аябастыктарга барышы эволюциянын «жашоо үчүн күрөш» механизмин толугу менен жокко чыгарат.

◉ түзүлүшү, өзгөчөлүктөрү жана фоссил калдыктары сыяктуу себептерден улам микро дүйнөнү түшүндүрүүдө чоң бир туюкка кабылган дарвинисттерди түйшөлткөн суроолордун дагы бири төмөнкүчө: бул организмдер жер бетиндеги жашоого «эмне үчүн» мынча күч жумшашат? Бактерия эмне үчүн дүйнөнү кычкылтек менен камсыз кылууну чечкен, чаң кенеси эмне үчүн дүйнөнү тазалоого аракет кылат, балыр эмне үчүн башка организмдердин ичине жайгашып, аларга азык берет? Же тескерисинче, бактериядан алда канча кичинекей болгон бир вирус эмне үчүн тирүү клеткаларды басып алып, аларга согуш ачат жана өзүнөн миллиарддаган эсе чоң бир организмди ооруга чалдыктырып, ал тургай, аны өлүмгө түртөт? Же болбосо, эмне үчүн кээ бир процесстер сөзсүз микроорганизмдерди талап кылат, эмне үчүн алар жөнөкөйүрөөк шарттардан же оңоюраак себептерден көз-каранды эмес? Мисалы, K витаминин эмнеге тамак-аштардан түздөн-түз ала албайбыз, бул муктаждыгыбызды эмне үчүн бактериялар камсыз кылышат? Же эмнеге өсүмдүктөр атмосферанын 80%ын түзгөн жана негизги муктаждыгы болгон азотту түздөн-түз атмосферадан эмес, топурактагы микроорганизмдердин жардамы менен алышат?

Ойдон чыгарылган эволюция теориясы бул жерде айтылган процесстердин бир этабын дагы түшүндүрө албайт. Эволюционисттер эч качан жооп бере албай турган бул суроолордон дагы бир жолу «эволюция деген бир процесс эч качан болгон эмес» деген жыйынтык келип чыгат.

Булактар

109- W. R. Bird, The Origin of Species Revisited, Regency,USA,1991, sf. 303

110- W. R. Bird, The Origin of Species Revisited, Regency,USA,1991, sf. 298

111- http://id-www.ucsb.edu/fscf/LIBRARY/JOHNSON/AAUP.html – What (if Anything) Hath God Wrought? Academic Freedom and the Religious, Proffessor by Phillip E. Johnson

112- Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi I, Alan Yayıncılık, Kasım 1996, İstanbul, Çev: Veysel Atayman, sf.199